Еврей эл жомогу: Наавайчы менен ээсиз күч

Наавайчы түндөсү камырын жууруп коюп, камыр ачыганга чейин тук этип алмай болот. Уктап калары оюна да келбейт. Бирок ушундай катуу уктаган экен, таң атканда ойгонот. Заманы куурулат: камырым нанга жарабай калып, оңбогондой чыгымга учурадым го деп ойлойт. – Өлдүм, өлдүм! Камырдан да, акчадан да кол жуудум! Эртең эми кайсы акчама ун алам? Карбаластап камырга жүгүрүп жетсе, кудай мындай бербеспи – оозу ачылды: нандары таптатынакай бышып, сатыкка дапдаяр болуп калыптыр. Ушунчалык сонун бышкан экен, кардарлар нанды бир заматта талап кетишти! Кийинки […]

Радьярд Киплинг: Үч мушкетёр

АҢГЕМЕ Афгандыкка согуш ач деп буйрук келди, Афгандыктар чыдай албай качып берди. Чабуул жасап Кабулду алдык, Балар-Хисар багынып берди, Британдык аскерлер баарын жеңди. Казарманын ыры Малвени, Ортерис, Лиройд – англис полкунун “Б” ротасынын катардагы жоокерлери — менин жакшы тааныштарым. Үчөө бириккенде, менин оюмча, балким мен жаңылышып аткандырмын,  чуулгандуу бир нерселерди уюштуруп жиберүү жагынан бүт полк боюнча алдына адам салбаган эргулдар. Бул окуяны алар жакында эле, биз Амбал вокзалынын буфетинде поезд күтүп  отурганда айтып беришти. Мен аларга пиво коюп бердим. Аңгеме […]

Качкынбай Артыкбаев: Куйкум сөздүн чебери[1]

Райкан! Бул ысымды укпаган, билбеген кыргыз аз чыгар. Кимде-ким концерт, радио угууга, театр көрүүгө ышкыбоз болсо, ал Райкандын куйкум сөздүү ырларын, жүрөк термелткен термелерин, күлкү менен мыскылга жык толгон интермедияларын эстебей койбойт. Чыгарманы эстөө анын авторун эстөө дегендикке жатат. Ал эми көңүлгө уюп, сезимге орноп, эстен кетпей калган чыгарманы чыныгы таланттар гана жарата алат. Маркум Райкан Шүкүрбеков мына ошондой нукура элдик таланттардан болгон. *      *      * Таланттуу сатирик акын, драматург жана чебер котормочу Райкан Шүкүрбеков 1913-жылы Талас өрөөнүндөгү Ак-Чий деген жерде […]

Залкар Назарматов: Бала. Күн. Кара куюн.

АҢГЕМЕ Тээ дүйнөнүн түндүгүн кезип бараткан Күн жөнүндө ойлоно берет бала. Бала дайым коркот: «Күн батып, кайра чыгат… Күн аябагандай баатыр. Болбосо, дайым караңгылыкка сүңгүп кирип, кайра калкып чыкмак эмес! Ооба, ал тээ батыштан – жердин кыйырынан кайдадыр – караңгылыкка чөгүп кетет дайым. Бирок дайым күлүп батып, чыгыштан күлүп чыгат. Күн күн сайын ошентет. Ал караңгыны жарытканды сүйөт! Дүйнөнүн караңгы бетин жарык кылмакка кечте жөнөйт. Бирок Күн кеткенде бизди кайра караңгылык каптайт… Ал бизди көөдөй түн чүмкөп алды деп, санаасы […]