Наавайчы түндөсү камырын жууруп коюп, камыр ачыганга чейин тук этип алмай болот. Уктап калары оюна да келбейт. Бирок ушундай катуу уктаган экен, таң атканда ойгонот. Заманы куурулат: камырым нанга жарабай калып, оңбогондой чыгымга учурадым го деп ойлойт.

– Өлдүм, өлдүм! Камырдан да, акчадан да кол жуудум! Эртең эми кайсы акчама ун алам?

Карбаластап камырга жүгүрүп жетсе, кудай мындай бербеспи – оозу ачылды: нандары таптатынакай бышып, сатыкка дапдаяр болуп калыптыр. Ушунчалык сонун бышкан экен, кардарлар нанды бир заматта талап кетишти!

Кийинки түнү да наавайчы камырын даярдап, уктап калды. Бу жолу да наны шумдук бышыптыр. Наавайчы түн сайын ошентчү болду, байып да кетти.

Бир күнү ал колуктусуна айтты:

– Кел, жашынабыз да, биз үчүн ким ушунча берилип нан бышырганын тешиктен шыкаалайбыз.

Экөө түн оокумда каалганын ачкыч салган тешигинен нан бышырган көңкө жакты шыкаалашты эле, үстү жыртык, бою пекене немис костюмун чечти да, шымаланып ишке киришти. Нанды бышырган соң, кийинип, кетип калды.

Эрди-катындын боору ооруду тиги немиске. Кийинки күнү алар ага жаңы костюм сатып келип, көңкөнүн жанына коюшту эле, бирок ал кандай жатса ошол бойдон жатты. Кол тийбеди, немис жер жуткандай жок болду. А эрди-катын муну: демек ал немис эмей эле, ээсиз күч турбайбы деп түшүнүп калышты.

Которгон Олжобай ШАКИР

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.