Райкан! Бул ысымды укпаган, билбеген кыргыз аз чыгар. Кимде-ким концерт, радио угууга, театр көрүүгө ышкыбоз болсо, ал Райкандын куйкум сөздүү ырларын, жүрөк термелткен термелерин, күлкү менен мыскылга жык толгон интермедияларын эстебей койбойт. Чыгарманы эстөө анын авторун эстөө дегендикке жатат. Ал эми көңүлгө уюп, сезимге орноп, эстен кетпей калган чыгарманы чыныгы таланттар гана жарата алат. Маркум Райкан Шүкүрбеков мына ошондой нукура элдик таланттардан болгон.

*      *      *

Таланттуу сатирик акын, драматург жана чебер котормочу Райкан Шүкүрбеков 1913-жылы Талас өрөөнүндөгү Ак-Чий деген жерде туулган. Октябрь революциясы, Совет бийлиги окууга, жашоого кеңири шарт түзгөн мезгилде өспүрүм болуп калган Райкан ошол кездеги башка кыргыз жаштары сыяктуу эле окууга, билим алууга умтулган.

Бирок, ага окуу оңой-олтоң эле келе койгон жок. Райкан адегенде Таластагы өзү туулган Ак-Чий деген жерден ата-энесине көрүнбөй качып чыгып, Олуя-Атага (азыркы Жамбул шаары) чейин жөө келип интернатка кирет.

Бул жөнүндө акын кийин жазган «Мен да солдат» деген ырында мындайча элестеткен:

Күн батты, жылдыз чыкты, түштүм жолго,
Солкулдак узун чыбык алып колго.
Ит үнү алыстады бара-бара,
Тоо калды ойлогондой карап мага.
Бир бурулсам түбөлүк жибербейсиң,
Коркомун, кайрылуу жок эми сага.

Таң атты, чоочун талаа, торгой сайрап,
Казактар көчүп жүрөт малын айдап.
Көрүндү дал ошондо Олуя-Ата,
Дүпүйүп калың багы, тамдар жайнап.

Шаарда тоодон келген эликке окшоп,
Элеңдеп, коркуп-үркүп басам токтоп.
«Кайда интернат, кайда?» — деп сурай-сурай,
Таап алдым акыры, койгонум жок.

Кулагым коңгуроонун үнүн укту,
Короого жетимчелер жайнап чыкты.
Бардыгы таза, окшош кийинишкен,
Мен жаман шемирейип, булар мыкты.
Чаң болуп жылаңайлак, чоң тебетей,
Мен дагы издеп келдим жакшылыкты.

Райкан 1928-жылы Фрунзеге келип, 1929-жылы Фрунзедеги педтехникумга кирет. Ошол жылдары педтехникумда кыргыздын эң бир шыктуу, ышкыбоз, жөндөмдүү жаштары окушчу. Алардын бири Райкан болгон. Мына ушул жерден ал башка бир катар кыргыз жазуучулары сыяктуу эле өзүнүн алгачкы калемин шилтеген. Бирок, ал жазганын эч кимге керсөтпөй, өзү жакшы көргөн айрым гана жолдошторуна окуп берип, анан катып коюучу. «Ошондой эң жакшы көргөн калемдеш, сырдаш жолдошторумдун бири маркум Алыкул Осмонов болучу. Жазгандарымды биринчи жолу ага окутчумун» — деп эскерер эле Райкан.

Мына ошол педтехникумда окуп жүргөн жылдары Райкан Касымалы Жантөшев, Кубанычбек Маликов, Молдогазы Токобаев сыяктуу тунгуч драматургдардын пьесаларын коюуга активдүү катышып, башкы ролдорду аткарып жүргөн жана өзү да пьеса жазууга дилгирленген.

Анын биринчи «Күрөш» деген үч көшөгөлүү пьесасы 1935-жылы кыргыз театр студиясында артист болуп жүргөндө жазылып, сахнага коюлган. Анда жаш драматург басмачылар менен болгон элдик күрөштү көрсөткөн. Албетте, бул пьеса өз учуру үчүн актуалдуу кабыл алынып, көрүүчүлөрдүн кызыгуусун туудура алган. Ошого удаалаш 1935-36-жылдары Райкан «Бейит арасында», «Жапалак Жатпасов» деген пьесаларды жазып, драматург катары каттала баштаган.

1936-жылы Райкандын 16-жылкы көтөрүлүш жөнүндө жазган «Тоо элинин баатыры» деген кара сөз менен жазылган поэмасы Самарканд шаарында басылып чыккан. Мына ушундан баштап 1944-жылга чейин Райкандын чыгармачылыгында орчундуу жаңылыктар болгон эмес. Бирин-серин ырлар, макалалар жазган менен көзгө уруна турган урунтуктуу чыгармалар бере албаган. Бирок, ал жылдары Райкан артист катары Гоголдун «Текшерүүчү», Фурмановдун «Козголоң», Киршондун «Нан», Ж.Турусбековдун «Ажал ордуна», Бөкөнбаевдин «Алтын кыз» аттуу пьесаларында белгилүү ролдорду аткарып жүргөн.

1944-жылы «Кек» деген пьесаны жазып, бир жылдан кийин Грибоедовдун атактуу «Акылдан азабын» которуп, кыргыз окуучуларына тартуу кылган. Бул котормо Райкандын чыгармачылыгыгындагы сатиралык белгилердин өнүгүшүнө чоң таасир эткен. Анткени курч сатирага, уюткулуу учкул сөздөргө тунган «Акылдан азапты» которуп жатканда Райкан ошондой курч сөздөрдү кыргыз тилинен да издөөгө мажбур болду. Ал эми андай изденүү жазуучунун оригиналдуу пьесалары үчүн да чоң сабак катары кызмат аткарды.

1947-жылы «Менин айлым», 1948-жылы «Жашыл токой» деген пьесаларды жазгандан кийин Райкан чыгармачылык жактан кескин түрдө төмөндөп кетти. Бир канча жылга чейин ал эч кандай жаңы чыгарма бере алган жок. Акын өзү айткан «жинди суу» анын чыгармачылык арымын өксүтүп келген…

1957-жылы гана Райкан күтпөгөн жерден чыгармачылыктын бийик чокусунан жылдыздай жарк этип көрүнө түштү. Бул жылы анын чыгармачылык жүзүн ачкан «Ырлар жана тамсилдери» жарык көрдү. Райкан Шүкүрбеков 1958-жылы Москвада болуп өткөн кыргыз адабияты менен искусствосунун экинчи декадасына куйкум сөздүү сатирик акын жана такшалган драматург катары катышты. Бул учурда анын «Тянь-Шань жаңырыгы» аттуу ырлар жыйнагы Москвадагы «Молодая гвардия» басмасынан орус тилинде жарыкка чыкты. Декададагы талкууларда Райкандын ырлары жогорку бааны алды.

Мындан тышкары анын «Өрөөндөгү нур» деген пьесасы Крупская атындагы мамлекеттик орус драма театрынын декадалык спектакли катары Москванын көрүүчүлөрүнө көрсөтүлдү. Драматургия жагында да жигердүү иштеп, Райкан декада өткөндөн кийин да «Жакшынын шарапаты», «Акындын үмүтү» аттуу пьсеаларды жазды.

Райкан Шүкүрбеков узак жылдар бою филармонияда иштөө менен бирге, артисттер үчүн репертуарларды көп жазды. Чынында да анын чыгармачылыгы башынан эле театр, филармония менен, артисттер менен тыгыз байланышта болуп келген. Токтогул, Мураталы, Калык, Алымкул, Осмонкул, Атай, Ыбырай, Карамолдо, Токтоналы, Ысмайыл өңдүү элдик ырчылардын, комузчулардын чыгармаларын пропагандалоо ишинде да эбегейсиз чоң эмгек сиңирди. Сабатсыздыгы жоюла элек карыя ырчыларга, комузчуларга алиппени үйрөтүп, сабаттуу кылган алгачкы мугалим да ушул Райкан болгон. Ошону менен бирге, ал атактуу ырчы, комузчулардан өзү да көп нерселерди үйрөнгөн.

Мына ошентип, дайыма эл ырчылары, комузчулары менен аралаш жүрүү Райкандын чыгармачылыгына өзүнүн өчпөс изин калтырды. Ал эл ырчыларынын насаат, терме ырларына өзүнчө чыгармачылык менен мамиле кылып, аны ыктуу өздөштүрүп, өзүнүн насаат, терме ырларын жазды. Бул ырларда акын элдик оозеки адабияттагы үгүт-насыят айтуунун идеясын жаңы турмуштун мазмунуна багындырды. Натыйжада, Райкандын термелери жаңы турмуштун мазмунуна каныктырылган, конкреттүү, элестүү термелер болуп чыга келди.

Акындардын «Беттешүү», «Аралаш төкмө», «Кайым айтыш», «Декада жөнүндө сөз», «Жер жөнүндө», «Насыят терме», «Жинди суу», «Кыз менен жигит» сыяктуу термелери, какшыктуу үгүт-насыяттары таасирдүү чыгармалардан болуп эсептелет. Бул чыгармаларында да акын өзүнө таандык куйкум сөздөрдү өз орду менен ыктуу пайдалана алган. Натыйжада, Райкандын термелери таасирдүү, уккулуктуу, күлкүлүү, кызыктуу жана аны кайра-кайра угуудан кулак да тажабайт.

Райкан Шүкүрбеков кыргыздын балдар адабиятын өнүктүрүүдө да жигердүү эмгектенген. Анын «Эки бөжөк», «Карга», «Иттин жомогу», «Кыргыз тоосунда», «Түлкү менен теке» сыяктуу китепчелери бөбөктөрдүн сүйгөн чыгармалары болуп калды.

Райкандын балдарга арналган чыгармаларынын башкы ийгилиги анын балдардын психологиясын даана сезип, ошого жараша образ түзө билгендигин баса белгилеп көрсөтүүтө болот.

Райкан Шүкүрбеков котормо ишинде да кыргыз адабиятына белгилүү салым киргизген. Ал Крыловдун «Тамсилдерин», Шиллердин «Жүзү каралык жана сүйүү» пьесасын, чыгыштын алп акыны Фирдоусинин атактуу «Шахнамасын», Афган акындарынын, Түштүк-Чыгыш Азия акындарынын ырларын которгон.

*      *      *

Ырас, биз жогоруда эскерткендей, Райкан кыргыз адабиятына 30-жылдары келип кошулду. Бул жөнүндө ал өзүнүн эскерүүсүндө[2] да ачык айткан. 1929-жылы «Жаңы маданият жолунда» аттуу журналга жарыяланган «Жаркынай» деген аңгемесинен бери эсептегенде чыгармачылык ишке 30 жылдан ашуун убакыт жумшагандыгын түшүнүү анчалык кыйындыкка турбас эле. Бирок, Райкан үчүн чыныгы чыгармачылык мезгил болуп кийинки жети-сегиз жыл гана эсептелет десек, адилеттүүлүк кылган болор элек. Анткени, анын чыныгы акындык жүзү, индивидуалдуу өзгөчөлүктөрү, кыргыз адабиятына калтырган изи да негизинен мына ушул акыркы жылдардагы жемиштүү чыгармачылык эмгектеринин натыйжасында калыптанды.

Албетте, ар бир жазуучунун өз алдынча, өз дараметине жараша эмгеги болорун танууга болбос, бирок, чолпон жылдыздай кашкайып алда-кайдан белгилүү болуп көрүнүп турган жазуучу анча көп боло койбосо керек. Андай жазуучулар адатта өз адабиятына башкага окшошпогон өз өрнөгүн, өз жолун, өз белгисин калтырып кетүүгө жарамдуу болушат.

Райкан жөнүндө, анын чыгармачылык жүзү жөнүндө кеп кылганда биз кандайдыр бир жок нерсени издегенсип кыйналып-кысталбайбыз. Акындын чыгармаларына кылдат көз жүгүрткөндө эле аны башка акындардан айырмалап турган башкы бир белги кашкайып чыга келет. Баштатан айтылып келе жаткандай, Райканды «кыргыз адабиятындагы чоң сатирик» деп аныкташтын өзү деле анын индивидуалдуу жүзү бар экендигине толук күбө боло алар эле. Бирок, бул өтө үстүртөн айтылган аныктама болгондуктан, акындын белгилүү бир жанрдагы эмгегин гана элестетип, ал эми анын жеке өзгөчөлүктөрүн көмүскөдө калтырып коёт. Анын үстүнө кыргыз адабиятында сатира жазган жалгыз гана Р.Шүкүрбеков болгон эмес. Сатира жанрын биздин көпчүлүк акындарыбыздан табууга болот. Бирок, Райкандын сатиралары башкалардан күйдүргүлүү, мыскылдуу, күлкүлүү куйкум сөздөргө жык толгондугу менен кескин түрдө айырмаланып турат. Райкан-сатириктин эң негизги өзгөчөлүгү мына ушунда жатат.

Чынында да Райкан Шүкүрбеков кыргыз адабиятында куйкум сөздүн чебери — чоң юморист катары көрүндү. Юмор — сатиранын өңүн ачкан, ага күйдүргүлүү, күлкүлүү сөздүн жардамы менен курч багыт берген эң башкы көркөм каражат болуп эсептелет.

Райкандын юморлоруна ар түрдүү турмуштук кырдаалга карата күлкүлүү, күйдүргүлүү сөздөрдү чукугандай тез табуу жана ал сөздөрдү типтүү турмуштук көрүнүштөргө карата өз орду менен колдоно билүү мүнөздүү. Акындын куйкум сөздүү курч сатираларын, тамсилдерин, какшыктарын, пародияларын, учкул сөздөрүн, термелерин, интермедияларын, пьесаларын окуган, уккан, же көргөн адам аргасыз мыйыгынан жылмаюуга, кээде көзүнөн жаш чыкканча каткырууга мажбур болот. Мына ушунун өзү эле адамды тигил же бул терс көрүнүшкө карата мыскылдоо, жек көрүү менен мамиле кылууга аргасыз кылат. Райкандын юморлорунун тарбиялык күчү, коомдук мааниси дал мына ушунда жатат.

Күтүлбөгөн жерден күлкүлүү, күйдүргүлүү сөз табуу чоң искусствону, чоң талантты талап кылат. Райкандын куйкум сөздөрү кандайдыр бир жеңил күлкүнүн жылт этип кайра жоголо калчу эпкиндеринен эмес, анын куйкум сөздөрдү биздин коомго жат терс көрүнүштөрдүн сай-сөөгүн сыздатып, чучугуна жеткен курч күлкүнүн уюуткусу болуп эсептелет.

Мына ушундан улам кыргыз адабиятында Райканга чейин юмор-куйкум сөз болгонбу, же болгон эмеспи? — деген закондуу суроо туулган. Чынын айтсак юмор, күлкү, мыскыл кыргыз адабиятында Райканга чейин мынчалык ар түрдүү жанрда өзүнүн толук ажарын ача алган эмес. Эл куудулу Шаршен Термечиковдун өчпөс талантын эч ким тана албайт. Ал кыргыз адабиятына эстрадалык күлкүнүн кайталангыс үлгүлөрүн калтырып кетти. Бирок, Шаршен Термичиковдун эстен кетпес күлкүлүү сатиралык мурастары кадимкидей уланып кетпестен, өзүнүн илебин суута баштаган эле. Мына ушул кырдаалда Шаршен менен бирге жүрүп таалим алган Райкан эстрадалык концерттин репертуарларын жазууга киришти. Аны биринчилерден болуп кыргыз совет адабиятында сатиралык интермедияларды («Ашка жүк, башка жүк», «Бир көрүнүш», «Эки дос» сыяктуу) жазды десек да болот. Акын өзүнүн ырлары сыяктуу эле интермедияларында да куйкум сөзгө, күлкүгө, мыскылга кеңири орун берип, ошол каражаттар аркылуу терс көрүнүштөрдүн бетин биротоло ашкерелеп, эл алдында мазактайт.

Ырлардын композициялык түзүлүштөрүн ар түрдүү жаңы юмордук табылгалардын кырдаалдарына карата түзүү өзгөчөлүгүн Р. Шүкүрбековдун башкы жетишкендиги деп кароого толук негиз бар. Акындын мунусу өзүнүн жолун табууга, жүзүн көрсөтүүгө умтулган аракетин даана айкындай алат. Сөзүбүз үстүртөн болбос үчүн Р.Шүкүрбековдун адамды кытыгылап күлдүргөн юморлорунан бир аз окуп көрүүгө туура келет.

Биздин көз алдыбызда жигиттин курагына келген, бирок өзүн-өзү билген кежир бала менен анын Энеси кайым айтышып жатат. Энеси баласынын жалкоолугун, жатып ичерлигин айтып: «Качанкыга чейин сени багып жүрөм, жумуш иштесең боло»,— деди эле, аялын коё берген баласы корс этип койду:

«Ырас айтасың, эне,
Көйнөккө деген акчаңды келе!

Өзү тууп алат да, өзү кейийт,
Сени мен төрө дедим беле».

Акын айткандай эми:
«Айтар сөздүн келди оңу,
Мындай баланын барынан жогу!»

Чыныгы юмордун күчү мына ушунда турат. Анткени, Р.Шүкүрбековдун «Барынан жогу» деген ырын окуганда эрксизден жылмайып туруп ошол эле учурдун өзүндө шооласыз жигитти жек көрүп жатпайбызбы… Акын бул жерде юморду каармандын речтик эмоциясында («Өзү тууп алат да, өзү кейийт, сени мен төрө дедим беле») берүү ыкмасын ийгиликтүү колдонду. Ал эми «Халтурщик досума кат» деген ырында акын юморду берүүнүн башка ыкмасын тапкан. Мында акын юморду жеткиликтүү берүү үчүн өзүнүн автордук баяндамасын биринчи планга коёт. Мисалы, халтурщик акын:

«…Тоо дегенди жазат,
Баштады болду, калеми өзүн ала качат.
Көлүң сонун Ала-Тоо
Өзүң сонун Ала-Тоо.
Сөзүң сонун Ала-Тоо,
Элиң сонун Ала-Тоо.
Демиң сонун Ала-Тоо,
Карагайың жаркылдап,
Кайнар булак Ала-Тоо.
Ала-ала-ала-Тоо,
Тоо-тоо-тооо.
Оо-оо-оо-о»… — деп таппай туруп калат.

Мындай жеткире иштелген таамай автордук баяндама албетте, окуучуну жылмайта ала турган күчкө ээ болот. Күчтүү чыккан автордук баяндаманын жардамы менен биз акындын бул ырынан чыгармалары наспай оролгондон башкага жарабаган халтурщик «акынга» күлүп өттүк. Акындын «Балдар адабияты», «Акча качан жагат», «Сен эмеспи», «Лирика», «Өзүбүздүн Мишка», «Сулайман» сыяктуу көңүлгө бөтөнчө таасир калтыра турган юморлуу ырлары да ар түрдүү ыкмаларда жазылган.

Бир сөз менен айтканда Р.Шүкүрбеков өзүнүн ырларына ар түрдүү юмордук ыкмаларды колдонуу жагынан да жогорку чеберчиликке жетишкен.

Райкандын сатираларын кунт коюп окуган адам тескери образдардын өзүнчө эле бир галереясын көрүп, аларды жек көрүү сезимин күлкү аркылуу акындын өзү менен бөлүшөт. Андан да акындын тапкан күйдүргүлүү, күлкүлүү сөздөрүн окуган, уккан адамдын көңүлүнөн кеткис болуп, көкүрөккө сиңип жатталып калганычы?! Акындагы юмордун касиети дал ошол сезимди тез уялап алма таасирдүүлүгүндө болсо керек. Болбосо Райкандын күлкүлүү сөздөрү, ыр саптары, а түгүл айрым бир куплеттери эл оозуна алынып, кээси лакап болуп, кээси күйдүргүлүү тамаша иретинде колдонулуп жүрбөйт эле.

Коньякты таштап ичпеске,
Карыялардан бата алат.
Бирок пивону согот чакалап.

Ит каппайт сени адам деп,
Кыз сүйбөйт сени жаман деп.
(«Жинди суу»)

Түшүнсөң түшүнөөрсүң,
Түшүнбөсөң дагы бир кыздын мээсин бүтүрөөрсүң.
(«Кыз-жигит»)

Котормоң элдин тилин сүйлөсө элге жетет,
Тили бузулса, эмгегиң желге кетет.
«Вольная девушка» дегенди «эркин кыз» дебей,
«Өгүздөй кыз» деп которуп сеники өтөт.
(«Кечириңиз секет»)

Айылда бош нары-бериге басып,
Атасына бактырат жумуштан качып.
Чачты сеңселте коюп, саат тагынып,
Жайында иттен көлөкө талашып.
(«Туугандык каттар»)

Тизесин бүкпөй шымын аяп,
Казыктай басып келет.
Көп турбайт ойлоп,
(Анын ою да бойдок.)
«Эй, карындаш ай,
Акыры өлөсүң, жыргап өт ойноп!» — деген өңдүү тарпы чыккан «философиясын» согот.

Катуу соккуну карындаштан алат,
«Вот албарсты!»- деп карап калат.
……………………………..
Кечиресиз,
Сизби? Сиз жөн эле шапке кийген табак!
(«Аялдар жөнүндө сөз»)

Жакшы кийинип, чачыңды тарап,
Отура бер асманды карап.
Жолдош-жороңду төмөн көрүп,
Маданият, адабияттан берип «сабак».
«Алга көтөрүү керек, жүргүлө» дей бер,
Бирөөгө болбосо бирөөгө жагат.

Бирдемени дегенсиң, демексиң, дейсиң,
Сөз менен бүтпөйт турмуш иши.
Сен акыры бир ачуу нерсе жейсиң,

Мен сенин кайда бара жатканыңды көрүп турам,
Кетенчиктеп эле бара жатасың уламдан-улам.
(«Ырдабай турбайт»)

Талабынан адашкан тайкы жигит
Айылда бакма тоокко ызы-чуу салат.
Жүн тыткан кемпирлерге мактанып,
Өнөрүн өз үйүндө чыгарат.

Акыл ар кимге эле керек,
Бирок, кээ бирөө
Күндүз эле чырак жагып жиберет.
(«Куплеттер»)

Райкан Шүкүрбеков

Жакында билбей залга кире калып,
Отурууга туура келди капаланып.
Эл сурданып калган экен,
Качан бүтөт деп кабагын салып.
Ал «чечен» алка-шалка терге түшүп,
Шапкесин колуна алып,
Жаагын жанып…
Отургандар шыбырашат,
Жөтөлөт, кыбырашат,
«өлдүк» — деп тыбырашат.
Муздай көрүнөт анын көзү,
Мына негизги сөзү:
— Ошентип,
Антип-минтип,
Жолдоштор,
Милдет зор!
Чамда,
Алга!
Милдет зор, жолдоштор!
Милдет зор!
Чамда,
Алга!
Милдет зор, жолдоштор!
Анан чачын колу менен тарап,
Залга карап,
Графинден суу жутуп,
Мурдунун үстүн чукуп
Шашпайт
Баштайт:
— Милдет, демек
Иштөө керек
Эң башкы милдет!..
— Ырас,
Эң башкы милдет,
Жоголсо боло келжирек — илдет,
— Деп залдагылар чуулдады,
Андан кийинкиси угулбады.
Мен чыкканча шаштым,
Бул ушундай дайыма
(Канча алат болду экен айына?)
(«Тим койсо экен жайына»)

 

Райкандын сезимди кытыгылап туруучу жогорку сыяктуу татынакай юморлорунун тизмесин дагы узарта берүүгө болор эле. Бирок, мында биздин айталы дегенибиз — ушул анча көп эмес үзүндүлөрдөгү таамай айтылган курч сөздөргө, күлкүлүү, мыскылдуу фразаларга окуучулардын көңүлүн дагы бир жолу буруп, акындын куйкум сөздөрүнүн мол запасын белгилей кетүүдө болуп турат.

Аталган ырларды толук окуп, же атайы талдоого албай, жогорку келтирилген үзүндүлөр боюнча ой жүгүрткөнүбүздө деле коомго жат кээ бир тескери адамдардын образдары биздин көз алдыбызга даана тартыла калып жатат. Аракечтиктен киши санынан чыккан алкоголик, акчанын артынан түшкөн халтурщик котормочу, «иттен көлөкө талашкан» бекерпоз, дардаңкү, аялга тескери мамиле кылган жел таман, өзүнүн өөдөлөнүп көтөрүм болуп калганын билбей, башканы жактырбаган кызыл кекиртек жазгыч сөрөй, «күндүз чырак жагууга» чейин барган эси жок «акылман», «милдет зор, жолдоштор», «иштөө керек» деп куру кыйкырыктан башканы билбеген келжирек жетекчи, айтор, күндөлүк турмушубуздан бирин-сериндеп болсо да кездеше калуучу жат элементтердин элестери биздин алдыбызга куйкум сөздө уугуп жаткандай болот.

Биз аларды жөн гана карап тим болбостон, акындын аларга карата айткан күйдүргүлүү сөздөрүнө маашыр болуп, аны менен кошо тигил терс аяктарды шылдыңдап жүрүп отурабыз. Райкандын юморунун активдүүлүгү жана керектүүлүгү дал мына ушунда турат.

Райкандын күлкүлүү, мыскылдуу, куйкумдуу калеми анын пьесаларынын да негизги өзөгүн түзөт. Драматург комедиограф Райкандын пьесасын көрүү үчүн театрга барган көрүүчүлөрдүн дуу-дуу күлүп, залды удаа-удаа жаңыртып отурушкандарын өзүбүз да көрүп жүргөнбүз. Кээде кай бир адабиятчылар Райкандын пьесаларынан жалаң гана жеңил күлкүнү көрүп, кандайдыр бир чоң проблемаларды көрө албай жатабыз деген пикирлерди айтып калышат. Албетте, андай пикирлерге кошулуу кыйын. Анткени, сахнада көрүнүп жаткан кээ бир терс адамдардын мүнөзүнө, кыймыл-аракетине күлүп, аларды ичтен мыскылдап отуруунун өзү да чоң проблема.

Райкандын пьесаларын көрүп отурганда биз көбүн эсе мына ушундай абалга келип, терс аяктарга күлөбүз. Ал эми бул болсо, Карл Маркс айткандай, «өткөндөгү эскилери менен адамзаттын көңүлдүү түрдө коштошуп жатканы эмеспи». Мисалы, Райкандын «Жапалак Жатпасовун» көрүп отуруп, биз анын эки жүздүү, туруксуз, адамгерчиликтен кеткен алдамчы жүзүн экинчи карагысыз болобуз. Бирок, биз аны кандайдыр бир сурданып, муштум түйүп, кабак бүркөө менен жек көрбөйбүз, тескерисинче жыргап, күлүп, мыскылдап отуруп жек көрөбүз. Пьесанын комедиялык күчү дал мына ошондо. Аны автордун куйкумдуу калеминин ийгилиги катары баалообуз керек.

*      *      *

Р.Шүкүрбеков юморду өзүнүн тамсилдеринин басымдуу көпчүлүгүнө ыктуу колдоно алган. Муну акындын жакшы ийгиликтеринен деп эсептөөгө болот.

Тамсил кыргыз адабиятында кийинчерээк өнүккөн жанр. Бул жанрды өнүктүрүүдө күч жумшагандардын катарына Райкан Шүкүрбековдон башка маркум Мидин Алыбаев жана М.Борбугулов менен М.Турсуналиевди кошууга болот. Мурун кыргыз адабиятында тамсил жанрынын толук иштелген классикалык үлгүлөрү жокко эсе болгондуктан (Тоголок Молдонун бирин-эки тамсилдери, албетте, жеткиликтүү үлгү боло албайт эле) тамсил жазуунун бир топ кыйынчылыктарга турары да табигый көрүнүш. Мындай татаалдыктарды жеңүү үчүн тамсил жазууга шыктанган акындар эң биринчи иретте тамсилдин классикалык үлгүлөрү бар орус адабиятына кайрылышты.

Райкан Шүкүрбековдун Крыловдун тамсилдерин которуп жүрүшү, албетте, бекеринен болгон иш эмес. Орус адабиятындагы тамсилди жазуунун тематикалык багыттарынын ар кандай көркөм ыкмаларынан үйрөнүү – бул бүт бойдон аны көчүрүп алуу, кайталоо дегендикке жатпайт. Биздин тамсилчи акындарыбыз бул милдетти ачык түшүнүшкөн жана чыгармачылык менен үйрөнүү жолунда иштеп келишкен.

Социалисттик коомдун түзүлүшү менен биздин өлкөдө антагонисттик карама-каршылыктар биротоло жоюлду. Бирок бизде антагонисттик эмес карама-каршылыктар жашап жатат. Алар, мисалы, феодалдык-патриархалдык уруучулук коомдун али да болсо жашап жаткан калдыктары, адамдардын мамилелеринен учурай калуучу ар кандай терс көрүнүштөр: бюрократтык, кошоматчылык, өзүмчүлдүк, жанбактылык, аракечтик өңдүү толуп жаткан адаттар. Биздин турмуштун алга карай жылышына булардын аябагандай чоң тоскоолдуктары бар.

Роман, повесть, поэмаларда, аңгемелерде жат көрүнүштөрдү ашкерелөө кадимки эле турмуштагы конкреттүү терс образдарды түзүү аркылуу ишке ашат. Ал эми тамсилдерде, бул башка жанрларга окшошпогон спецификалык өзгөчөлүккө ээ болот. Мында көрсөтүлгөн айбанаттар, куштар, жансыз жаратылыштын ар түркүн көрүнүштөрү, предметтери өздөрүнүн кулк-мүнөзүнө, кылык-жоругуна, көрүнүшүнө, мамилесине ылайык каймана (аллегориялык) образдар катары көрүнүп, алардын ар түркүн кыймыл-аракеттери аркылуу коомдогу ар кандай жат көрүнүштөрдү түшүнөбүз.

Аллегориялык ыкма тамсилде типтүү образды түзүү үчүн гана колдонулган башкы каражат катары кызмат кылат. Кээ бир жолдоштор тамсил дегенде эле ал аллегория деп түшүнүшөт. Андай адамдарга В.Г.Белинскийдин тамсил жөнүндөгү төмөнкү сөзүн эскертсек толук түшүнүктүү болот. «Жакшы жазылган поэтикалык тамсилди,- дейт Белинский, — аллегория деп айтууга болбойт жана ал андай болууга да тийиш эмес, тамсил поэтикалык тил менен жазылган, каармандары жана мүнөздөрү бар кичинекей драма же повесть болуу керек..»[3]

Тамсилдин мындай касиеттерин Р.Шүкүрбековдун чыгармаларынан толук байкоого болот.

«Карга менен чыйырчык» деген тамсилинде акын кышты өткөрүп суук жакка кетип бара жаткан карганы жылуу тарапка келе жаткан чыйырчык менен жолуктурат. Эми карга менен чыйырчыктын ал-абал сурашуу диалогу башталат… Диалогду окуп бүткөндөн кийин окуучуларга карганын даяр тамакты издеген пайдакеч, жалкоо, ачкөз экендиги, ошондой эле чыйырчыктын ак ниеттүүлүгү, эмгекчилдиги дайын болуп чыгат. Ошентип, карга менен чыйырчыктын каймана образдары аркылуу адамдардын арасындагы эки башка тескери тип түзүлүп отурат.

Тамсилдин күчү мына ушунда. Анткени, адам жөнүндө кыпындай эч нерсе айтылбай туруп эле, биз алкы жаман жалкоо адамды жек көрүп калдык. Р.Шүкүрбековдун мындай чыныгы айбанаттардын, канаттуулардын кыймыл-аракеттерин, кулк-мүнөздөрүн, адаттарын көрсөтүү аркылуу адамдардын ар түркүн образдарын элестеткен тамсилдерине «Коёндун арманы», «Малга мал», «Үкүнүн кызы», «Түлкү менен арстан», «Коён менен кундуз», «Секретарь мышык», «Карышкыр менен чымын», «Бөрүбасар», «Бейажал өлүм», «Короз», «Коркок жолборс» өңдүү тамсилдерин айтууга болот.

Акындын ушул эле багытта жазылган «Апендинин эшеги», «Түлкү менен теке», «Ит», «Сагызган менен түлкү», «Ат менен эшек», «Эки эчки» деген тамсилдери элдик оозеки адабиятта айтылып жүргөн жомоктордун, нуска сөздөрдүн таасиринен келип чыккан. Алар эсте каларлык болуп дурус жазылган.

Р.Шүкүрбековдун тамсилдеринен биз жогоруда айткандай, тамсилдин талаптарына жооп бере албаган, мааниси тайкы, солгун жазылгандарын да кезиктиребиз. Буга анын «Кара теке» деген тамсили далил боло алат.

Улак өтө сулуу. Күйөөсү кара теке. «Победасы» бар, кожоюн. Машинасы подъездде турат. Өкмөткө кадыры бар неме. Ал бир күнү районго кетти, аялы театрга барды. Кара теке телефон чалды: улак жок экен. Анан ал келгенде сабады. «Окуймун дейсиң, казан-аяктан бош болсоң укта», — деди кара теке улакка. Анан «таяк жебесеңер тайраңдайсыңар, чачыңар узун, акылыңар, кыска»,- деп жемелеп-жемелеп алып, өзү керме кашына кетти. Тамсил мына ушундай.

Бир минутага улактын ордуна бир аялдын атын, ал эми кара текенин ордуна эркек кишинин атын коюп окуп көрүңүздөрчү, эмне болор экен? Эч кандай тамсил эмес эле жөнөкөй ыр болуп чыгат. Ал эми «Карышкыр менен уйлар» деген тамсилдин катышуучуларын адамдардын аттарына которуштуруп окуп көргүлөчү. Кептин баары мына ошондо түшүнүктүү болуп чыгат. Анткени, «Кара теке» деген тамсилде улак менен текенин малга ылайыктуу кыймыл-аракеттери, кулк-мүнөздөрү көрсөтүлбөй эле адамдардын кулк-мүнөздөрү көрсөтүлүп калды.

Муну менен тамсил өзүнүн тамсилдик касиетине толук жете албай, кадимки эле сатиралык ырдын деңгээлине түнгүп калып жатат. Демек, атын гана айбандын, же канаттуунун атына буруп коюу менен нукура тамсилдин түзүлбөстүгү эчактан бери белгилүү чындык.

Бизде бир кезде тамсил жазат десе эле «Окумуштуу коңуз», «Момолой жазуучу», «Ылаачын башкарма» деген сыяктуу темалар көбөйүп кеткен эле. «Ылаачын башкарма» дегенден кийин ылаачынды айтып эмне кереги бар? Бир башкарманы алып эле ошонун адамга жакпас кылыктарын жазып койбойбу.

Демек, тамсилди жазуудагы милдет башкарма менен анын атын бир ооз атабай туруп, ылаачындын орунсуз ойт берип жаткандыгын, анын ошол жаратылышына ылайык аракетин көрсөтүү менен, «ушундай башкарманын барынан жогу» деген корутундуну окуучунун сезимине пайда кылууда турат. Ал үчүн тамсилчи акын ылаачындын башка канаттуулардан айырмаланган бардык өзгөчөлүгүн толук үйрөнүп жазуусу керек. Ошентип, тамсил жазуунун кыйындыгы баарыдан мурда темага ылайык алынган айбанаттын, канаттуунун, же предметтин жашоо шартындагы өзгөчөлүгүн үйрөнө билүүдө турат.

Р.Шүкүрбековдун тамсилдери айрым бир мүчүлүштөрүнө карабастан негизинен тамсилдик талаптарга жооп бере алат деп айтууга толук татыктуу.

*      *      *

Райкан жалаң гана юморист болбостон, философиялык ырлардын да, жүрөктү толкуткан назик лирикалардын да, курч сөздөргө ширелген өткүр сатиралардын да автору. Анын басымдуу көпчүлүк ырларына изденүү, жаңы ой айтуу мүнөздүү. Ошол үчүн Райканды жалаң гана куйкум сөздүн чебери катары чектебестен, ага тиешелүү терең ойчулдукту да эскерте кетүүгө тийишпиз.

Туткасын кара жердин колуна алган,
Тээтиги, ай караган кайсы балбан?
Күнү-түн кирпик какпай аалам кезип,
Бийиктен бүткүл элге көзүн салган?

Биринен бири сулуу тиги кимдер?
Агасынан иниси артылган эр.
Тарыхтын дөңгөлөгүн ылдамдатып,
Дүңкүлдөп өтүп жаткан биздин күндөр.

Ушул «Биздин күндөр» аттуу эки сабак ырга канчалык залкар ойлор батырылган!

Ал эми «Араба» деген ырында акын кадимки эле биз көрүп жүргөн арабаны символикалык образ катары колдонуп, эски нерсенин жаңыга орун бошото тургандыгы жөнүндөгү философиялык жыйынтыкты конкреттүү түрдө көз алдыга элестетет.

Түбөлүк калам го деп калдырадың,
Катуу чыккан бир кезде шалдырагың.
Тепселесиң, машина коюп кетет,
Жол талашып бекерге алжыбагын.

Жол ачык сени тарткан семиз атка,
Ал өлбөйт, кең өмүрү алды жакта.
Турмушта бардык нерсе өлө бербейт.
Аксакал, көкүрөккө муну сакта.

Акын айткандай, «турмушта бардык эле нерсе өлө бербейт». Мындагы араба тарткан семиз ат да символикалык образ катары эскинин жакшы, пайдалуу жактарын элестетип, бирде андай нерселердин жаңы нерсенин калыптанышы, өсүшү үчүн керек болорун эске түшүрсө, бирде Ломоносов айткандай, ар кандай кубулуштун бир түрдөн экинчи түргө өтүп, дайыма жоголбой жашай бере тургандыгын эске түшүрөт. Мына ушунун өзү эле акындын ырынын чоң философиялык багытын далилдей алат. Р.Шүкүрбековдун мындай философиялык ой жүгүртүүгө толгон ырлары бир кыйла. Окуучуларга бир аз элестетүү максатында биз бир гана «Араба» деген ырды мисалга келтирүү менен чектелдик.

Биздин күндөлүк турмушубузга сиңип жаткан жаңылыктарды, турмуштук жаңы мамилелерди кылдат сезе билип, анын артыкчылыгын окуучуларга жеткире билүүдө поэзиянын жаңы ыкмаларын таба билүү Райкандын ьрларындагы негизги ийгиликтердин биринен болуп саналат.

Жайыгың нан, тоолоруң алтын,
Көтөрдү эмгек жериңдин баркын.
Оңолуп турмуш, жаңырып кыргыз,
Жаңы киши, жаңырды салтың.

Алтын, алтын дейбиз,
Мына ушул анык алтын.
Адамдардын аттары оңолду,
Итибай, Кушубайлар жоголду.

Бул кокус иш эмес, туугандар,
Салтанат, Жеңиш, Жеңшбек болду.
Мунун да себеби бар,
Көзгө көрүнүп турат алар,
Чыбыктан ат кылып ойногон балдар илгери
Машина, самолёт болуп ойношот эми…»

Бул ырдагы («Элибиздин багы») ойдун берилишине колдонулган лаконизм жөнүндө айткыбыз келгенде алды менен акындын саналуу гана саптарда эпизоддорду ичине камтыган жандуу элестерди түзө билүүсүн эскерип өтүшүбүз зарыл. Ал мына мындан ачык көрүнөт. Мурда балдар оюнун мүнөздөөчү белгилердин бири албетте, чыбыкты ат кылып ойноо болор эле. Ал эми азыркы мезгилде балдар ойнуна эмнелер мүнөздүү? Ушуга жооп иретинде Р.Шүкүрбеков тарабынан көрсөтүлгөн балдар оюнунун жаңыча көнүмүштөрү (машина, самолёт менен ойноо сыяктуу) окуучуларга турмуштук жаңы салттын артыкчылыгын ачып берип отурат.

Мурунку айтылган темаларды кайталабай, жаңы темаларды табуу окуучуларга алда канча жаңы сезилери баарыга маалим. Р.Шүкүрбековдун мына ушул принципти колдонууга аракет кылгандыгын анын ырларынан ачык көрүүгө болот. Ал бир ырына «Ысык-Көлдүн куму» деп, мындан мурун кулак укпаган теманы коёт. Анан минтип баштайт:

«Акындар мурун барыптыр,
Айтып ырдап салыптыр.
Тоо, суусу тегиз макталып,
Мага куму калыптыр…»

Ушул строфаны окуу менен окуучу «кум жөнүндө акын кандай жаңы ойду айтты болду эмне деген ойго түшөт. Бирок, акын жогоруда өзү айткандай, жалаң кумду ырдоо менен чектелбейт. Акындын бул ырынан кымыздай берекеси көлкүгөн көл жээгинин ток пейил турмушу көрүнөт. «Алтын ден соолукту оңобойт, кум өмүрдү узартууга жардам берет. Ысык-Көлдүн куму мына ушундай»,- деген негизги ойду Р.Шүкүрбеков кыргыз жеринин касиеттүү белгиси катары айтып, аны көлдүн кумуна тиешелүү пейзаждын көрүнүштөрү аркылуу ачкан.

Албетте, Р.Шүкүрбеков ар дайым эле акын, жазуучуларга мурун белгисиз болгон темаларды таап отурган эмес. Турмуш жашоо-шарт бир болгондон кийин тематикалык жакындыктардын болушу да толук ыктымал. Бирок, Р.Шүкүрбековдогу көзгө даана көрүнгөн бир өзгөчөлүктү бөтөнчө белгилеп кетүүгө милдеттүүбүз.

Акын мурун белгилүү болгон темалардын аймагында жазган учурда анын мазмундук масштабын эбегейсиз кеңейтип (сөз ырдын көлөмү эмес, ойдун көлөмүнүн кеңейиши жөнүндө бара жатат) айтайын деген ойду таптакыр жаңы ыкмада берүүгө умтулган. Р.Шүкүрбековдун ырларындагы негизги өзгөчөлүктөрдүн бири дал мына ушунда. Оюбуз так болсун үчүн бир нече мисалдарды келтирели.

Орто-Токой суу сактагычы жөнүндө кыргыз поэзиясында бир нече ырлар жазылды. Алардын ичинен К.Маликовдун «Таш жана ыр» деген көлөмдүү ырлар цикли эске тутууга арзырлык. Ушул эле Орто-Токойго арнап Р.Шүкүрбеков да бир ыр жазган. Ал «Алты каз» деп аталат. Ырдын композициялык түзүлүшү эң эле кызык. Оболоп учкан алты каз жылда учуп өтүп жүрүүчү жеринен жаңы көлдүн пайда болуп калганын көрүп, «бул кайсы көл» деп таң калышат. Анда көлдө сүзүп жүргөн көк ала моюн өрдөк:

«Артындасың турмуштун,
Чоңунансың суу куштун.
Орто-Токой дал ушул,
Жаңы көлү кыргыздын.
Калкылдабай түшкүлө,
Каркылдап мында сүзгүлө», —

деп жооп берет. Р.Шүкүрбеков бул ырга риторикалык кайрылуу ыкмасын ыктуу колдонгон. Өрдөк менен каздын бири бирине кайрылуулары акындын фантазиясынан чыккан нерсе. Бул биз үчүн чоң мааниге ээ болот. Окуучулар эч убакта чын эле өрдөк менен каз сүйлөшүп жатат деп кабыл алышайт. Алардын көңүлүнө биринчи иретте Орто-Токойдой кыргыз турмушундагы жаңы көлдүн курулуп бүткөндүгү кылт дей түшөт. Ошентип, өрдөк менен каздын ырдагы риторикалык кайрылуулары Орто-Токой жөнүндөгү түшүнүктү жеткиликтүү кылып бериш үчүн колдонулган автордук табылга болуп саналат.

Көкүрөгү караңгы шордууларга тулпарды тааныткан Толубай

Айга жетүү жөнүндөгү оптимисттик идеянын көркөм адабиятта өркүндөп келатканына Г.Уэльстен баштап бир топ жылдар болуп калды. Ал жөнүндө балдарга арналган ырлардан тартып, көлөмдүү илимий-фантастикалык повесттерге чейин нечен ирет жазылды. Ушул эле мурунтан белгилүү темага Р.Шүкүрбеков өзүнүн «Айга» деген кичинекей ырын арнаган.

«Адамдан качып кутулбайт амал-айла,
Саякат башталганы турат айга».

Мына бул эң жөнөкөй жана жеткире айтылган эки сап менен башталган ырдын аягы мындайча бүтөт:

«Жылат, турбайт турмуш,
Жыгат, жыгылбайт турмуш,
Айга да жетсе, андан кийин жылдыз».

Турмуштун өнүгүп-өзгөрүп тура тургандыгын, анын бардык нерседен күчтүү экендигин материалист катары биринчи планга койгон акын адамдын колунун айга эмес, бара-бара жылдызга да жете тургандыгын алдын-ала айтпаганда, анан эмнени айтат эле?! Кыскасы, мурда белгилүү болгон темаларга кайрылганда Р.Шүкүрбеков оригиналдуулукка ээ боло турган жаңы ой-пикирлерди берип, дайыма жаңы ыкмаларды табууга аракеттенген.

Кыргыз адабиятында 20-жылдардан бери жашап келе жаткан эски жана жаңы доорду салыштыруу ыкмасын колдонуп, жаңы доордун артыкчылыгын көрсөткөн кезде да акын көңүлдү дароо өзүнө тартып ала коюучу эң конкреттүү майда деталдарды сюжеттик өзөк катары киргизген. Ырдын композициялык түзүлүшүн мындай түзүү ырдын сапатын жогорулатып, окууга татыктуулутун арттырат. Биздин бул пикирибизге акындын «Эки келин», «Дайым жагат», «Мен да солдат», «Келечек күтөт», «Дөңдө карыялар олтурат» деген сыяктуу ырларын окуган адамдын көзү жетет.

Ошондой болсо да мисал катары акындын «Келечек күтөт» деген ырынан бир кичинекей үзүндүнү окуп көрүүгө туура келет:

Сөзүмдү ук
Күрпүлдөбөй, тентек Нарын.
Дүйнөгө эми угулду тунук шарың,
Кулак сал,
Көк тиреген Тянь-Шаным,
Түк өчпөс шамы болдуң Азиянын.
«Нарындын суусу тереңдеп,
Өтө албай турам элеңдеп.
Өткөрүп алсаң болбойбу
Көпүрө салып белендеп»,
Бул ырды жаштар ырдаган,
Бирок суу ырайым кылбаган.

Анткени менен токтогон эмес сүйүү,
Ого бетер күчөгөн күйүү.
Өтө албай Нарын суусун бойлогон,
Канат жөнүндө ойлогон.
«Канатым болсо калдайган,
Учуп келсем маңдайдан»,- деп созолонгон.
Ал кезде чоң Нарын жолтоо болгон.
Азыр ушул ырда чындык барбы?
Тарых болуп калды…

Бул ырга кошумча түшүндүрүүнүн зарылдыгы жок. Акын Чоң Нарындын мурдагы абалын жаштардын сүйүү жөнүндө чыгарган ырларын эскерүү менен гана түшүнүктүү кылып койду. Ал эми Нарындын бүгүнкү абалы Райкан айткандай жер дүңгүрөтүп, ааламга кетти. Жети жылдыктын жана келечектин кеңири курулуштарынан болгон Нарын суусундагы ГЭСтердин мааниси анын өткөндөгүсүн эстегенде ого бетер зор күчкө ээ болорун билген акын бул ырда эски менен жаңыны салыштыруунун эң сонун ыкмасын өз орду менен таба алган.

Акырында айтарыбыз, акындын ыр түзүлүшү жөнүндө. Акын мейли ырларында болсун, мейли тамсилдеринде болсун, бир катар учурларда кыргыздын кадимки эле традициялуу ыр түзүлүштөрүн колдонгон. Ошого карабастан Р.Шүкүрбековдун эркин ыр түзүлүшүнүн элементтерин пайдаланууга көбүрөк аракет кылгандыгын байкайбыз. Муну Райкандын ырларын сүйүп окуган адам сезбей койбойт. Анткени Р.Шүкүрбековдун ырларында муундун бирдейлиги көп убакта сакталбайт. Ырдагы кыска жана узун саптардын ритмикалык түзүлүштөрү речтик интонациянын жардамы менен окууга көбүрөк ылайыкталган.

Ырды мындай өлчөм менен жазууда Райкандын өзүнө тиешелүү көп ийгиликтери бар экендигин танууга болбойт. Ошону менен бирге Р.Шүкүрбековдун ырларынан кээде чектен ашкан прозаизмдин, башкача айтканда, же ыр эмес, же кара сөз эмес жаңы ырдык түзүлүштөрдүн болгондугун да кездештиребиз. Бул биздин оюбузча акындын этибарсыздыкка жол бергендиги болуп эсептелет. Алсак, акындын бир ырындагы рифма төмөндөгүдөй чубалжыган кара сөзгө баш ийдирилген:

«…Жолдо келе жатып, машина тегиздеп жаткан жерди көрдү,
Эски убактагы жаман коргонуна көңүл бөлдү!..
(«Бир чал» деген ырда).

Бирок, мындай прозаизм акындын ырларына мүнөздүү кемчилик боло албайт. Райкандын ырларындагы өлчөм маселеси өзүнчө изилдөөгө татыктуу иш. Андыктан биз акындын ырларына мүнөздүү болгон ыр түзүлүштү үстүртөн гана эскертип өттүк.

Райкан Шүкүрбеков өзүнүн бир ырында:

Акын ырын турмуштан айрып болбойт,
Ыр катасын ар дайым турмуш оңдойт.
Ажыраган турмуштан сулуу сөздөр,
Эл жек көргөн сулуудай өзүн кордойт, — деп айткан. Ушул төрт сап ырында айткандай, акын өзүнүн чыгармаларын бүтүндөй эл турмушунун бай казынасынан сузуп алып, кайра аны асемдеп, адемилеп туруп элдин өзүнө тартуулаган. Бирок, ал элдин көңүлүн жалган кооздук менен алагды кылбастан, таасирдүү, ички дүйнөсү терең чыгармалар менен ыраазы кыла алган. Ал ошол үчүн элдин эсинен чыккыс акын катары адабият тарыхына биротоло кирди.

Райкан Шүкүрбеков: Толубай сынчы

P.S. КРУИАнын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту тарабынан даярдалган “Классикалык изилдөөлөр” аттуу китептен алынган макала.

[1] Китептен: Артыкбаев К. Артүрдүү издер. — Фрунзе, 1968. — 95-115-б.

[2] «Советтик Кыргызстандын жазуучулары» аттуу био-библиографиялык справочниктин 465-бетин караңыз. Кыргызманбас, 1962-жыл.

[3] В.Г.Белинский. Чыгармаларынын, толук жыйнагы, том VI. СССР Илимдер Академиясынын басмасы, М., 1954-ж. 149-бет.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.