АҢГЕМЕ

Афгандыкка согуш ач деп буйрук келди,
Афгандыктар чыдай албай качып берди.
Чабуул жасап Кабулду алдык,
Балар-Хисар багынып берди,
Британдык аскерлер баарын жеңди.

Казарманын ыры

Малвени, Ортерис, Лиройд – англис полкунун “Б” ротасынын катардагы жоокерлери — менин жакшы тааныштарым. Үчөө бириккенде, менин оюмча, балким мен жаңылышып аткандырмын,  чуулгандуу бир нерселерди уюштуруп жиберүү жагынан бүт полк боюнча алдына адам салбаган эргулдар.

Бул окуяны алар жакында эле, биз Амбал вокзалынын буфетинде поезд күтүп  отурганда айтып беришти. Мен аларга пиво коюп бердим. Аңгеме арзанга эле — болгону бир жарым галлон[1] пивого түштү.

Силер лорд Бенира Тригди билесиңер да. Ал герцогбу же графпы, айтор армияга тиешеси  болбосо да, бир чоң; анын үстүнө пэр, анан турист. Ушул үч себептен улам Ортерис айткандай анын “жинди” жоруктарына “көңүл бурбай койсо да болот”. Ал Индияга үч айга “Биздин Чышыштагы маселелерибиз” деген аталыштагы китепке негиз болуучу мисалдарды топтогону келиптир, анан эле көрүнгөнгө жабыша берет, фрак кийген казактай болуп.

Анын өзүнө гана тиешелүү адаты, — ал радикал болгондон окшойт, — гарнизондук кароо өткөрө берген  жаман адаты бар эле. Кароодон кийин командир менен бирге тамактанып, анан офицерлердин жыйналышында отуруп алып, бирдеме билген кишидей болуп, аскерлериң абдан жаман абалда экен деп, командирге опурула берчү. Бениранын бул адаты баарын тажатып бүттү.

Акыркы кезде ал дембе-дем эле кароо өткөрүп туруп алды. Хелантхама аскер гарнизонуна шейшембиде келди. Шаршембиде базарларды кыдырарын, а бейшембиде аскерлерге кароо өткөзөрүн каалап турганын айтты. Өзүңүздөр ойлоп көрүңүздөр…бей-шем-би-де! Гарнизондун командачысы баш тарта албайт эле, канткен менен Бенира лорд эле да. Офицерлердин жыйналышында, кыжырданган кенже офицерлер арасында митинг болуп,  полковникти бир кыйла “жакшы” сөздөр менен эскерип да алышты.

— Бирок анык демонстрация “Б” ротасынын казармасында болуп өттү,- дейт Малвени, — биз үчөөбүз башында турдук.

Малвени пивого жакын, буфеттин алдындагы отургучка жайгашып алып сөзүн улады:

— Биринин сөзүн бири укпай, ажылдак күчөп, “Б” ротасынын солдаттары Тригди плацта “жайламай” болуп жатканда, Лиройд шлемун башынан алып… айтты… Эмне дедиң эле?

— Тыйын чогулткула дедим, — дейт Лиройд, — парадды болтурбай койгонго кол топтогула, эгер болбой эле парад өтүп калса, тыйыныңарды кайтарып берем. Ушуну эле айттым.  Ротанын жоокерлери колдоп кетишти. Көп кол топтолду – төрт рупий, сегиз ан. Аларды алып ишти баштаганы жөнөп калдым. Малвени менен Ортерис мени менен болушту.

— Биз адатта, мындай иштерде дайыма чогу болобуз, — деп түшүндүрө кетти Малвени.

Ортерис анын сөзүн бөлүп:

— Сиз гезит окуйсузбу?- деп менден сурады.

— Кээде.

— Биз да анча-мынча окуп калабыз, анан биз калп эле дакайти (каракчылык) кылалы э… эмне эле… кордоо беле?

— Уурдоо, келесоо, — деди Малвини.

— Уурдообу, кордообу айырмасы жок, кыскасы биз мистер Бенираны бейшемби өтүп кеткиче “жок кыла” турууну чечтик, андан кийин парад менен алпурушканга  чамасы деле келбейт. Мен: “Бул иштен биз бир нече рупий өндүрүп калабыз”, -дедим.

— Биз аскер кеңешин түздүк, — деп сөзүн улады Малвени, артилерия казармасын тегеренип жүрүп кеңеш өткөрүп аттык. Мен төрагасы болдум, Лиройд — каржы министри, а кыска Ортерис болсо…

— Каргыш тийген Бисмарк[2] болдум! Иштин бардыгын мен эптештирбедимби.

— Бул макоо Бенира, биз ишке ашыруучу маселелердин бардыгын өзү эле аткарып койду, — деди Малвени, — а биз болсо… калп айтсам кудай урсун, кийинки мүнөттө дагы кандай келесоолук кылып жиберерин боолголой албадык. Жөө, базар аралап жүрөт. Иңир кире баштады, а биздин кодообуз бир күркөдөн экинчи күркөгө чуркап, караларга өзүнүн бат (сөзүн) малум (түшүндүргөндүн) аракетинде. Бир маалда бизге келди, колдорунда сатып алган толтура буюм-терим, кардын чердейтип, ыңгыранып деле болбойт: -“Туугандар, — дейт – полковниктин коляскасын көргөн жоксуңарбы?” – “Коляскабы?- дейт Лиройд, — Бул жерде эч кандай коляска жок; бир эле икка (бир ат чегилген кош дөңгөлөктүү араба) турат”. “Ал эмне? – дейт – Триг. Лиройд ага көчөдө турган икканы көрсөттү эле, ал сүйүнүп кетип: — “Мына, анык Чышыш деген ушул, мен ушул икка менен кетем”, — десе болобу. Мен ошондо биздин полктун колдоочу пири Тригдин колу-бутун матап, бизге салып бергенин түшүндүм. Мен икканын маңыроо арбекечине чуркап барып: — “Эй кап-кара, бир сахиб (мырза) сенин иккаңа түшкүсү келип жатат. Ал мындан эки миллдей[3] аралыктагы Падишахтын джахилине (көлмөсүнө) джалди (тез) барып, өрдөк… чирия (канаттуу) уулагысы келет. Джаханнам ке муафик (тозокко бараткандай) тез жеткир, малум (түшүндүңбү)?” – дедим. “Анан файда бакна (кошумча пайда көздөп) сахибге сүйлөбөй эле кой, анткени ал барыбир сенин бат (тилиңди) самджхао (түшүнбөйт). Эгер ал боло (сүйлөсө, бирдеме десе) сен чуп (унчукпай) чал (айдай бер). Дехка? (түшүндүңбү?) Айылдан чыккандан кийин, жарым милдей ахиста (шашпай) айда, андан кийин чал шайтан ке муафик (шайтан тозокко шашкандай айда). Сен канчалык чул (унчукпай), джалди чал (тез айдасаң) сахиб ошончолук хуш (ыраазы) болот, мына сага рупий”, — дедим. Арабакеч бир нерсенин жытын сезип калды көрүнөт, ырсайып: “Бахут аччха! (жакшы болот). Куюндаткан бойдон жеткирем”, — деди. Мен болсо биздин сүйүктүү Банирабыз барчу жерине жеткичекти полковниктин коляскасы келбей турса экен деп, жаратканга жалынып атам. Биздин кодообуз өзүнүн сатып алган буюмдарын иккага салып, анан чочконун торопоюндай болуп өзү отурду, үйүнө жеткенге жардам бергенибиз үчүн, чайга деп тыйын таштоо оюна да келген жок. Падишах джахилине кетти дедим досторума.

Андан кийинки сөздү Ортерис улантты:

— Аңгыча артилериялык саистердин (ат багаардын) бирөөнүн уулу Бхалду келип калыптыр, – Лондондо болгондо андан жакшы гезитчи чыкмак, — ушунчалык шумпай, көзүнөн шайтаны куюлган бала эле. Биздин мистер Бенираны коляскага отургузуп жатканыбызды көрүп калган экен, -“Сахибди эмне кылып атасыңар?”- деп коёт. Лиройд аны кулактан алып…

— Мен, — дейт Лиройд, — аны кулактан алып, “угуп тур, куу такым, бул галдирбай бейшембиде – каль (эртең) замбиректерди чыгаргыла деп атат, андай болсо сага деле ашыкча иш кылууга туура келет. Сен тат (атка) ситх (мин) да лакри (союл) алып Падишахтын джахилин көздөй чап. Жанагы икканы кармап, өз тилиңде арабакечке сени алмаштырганы келдим де. Сахиб силердин бат (тилди) түшүнбөйт, анын үстүнө ал кичине келесоо чалыш неме. Сен икканы джахилге – туура эле сууга айдап кир. Сахибди ошол сууга калтыр да үйүңө карай чурка; мына сага рупий”, — дедим.

Ушул жеринен Малвини менен Ортерис биринин сөзүн бири бөлүп айта башташты. Малвини биринчи баштады. (Кимиси эмне айтканын өзүңүздөр боолгологонго туура келет).

— Бул Бхалду чынында эле анык куу такым экен… “Бахут аччха” деп туруп эле жөнөп калды… андан да, көзүн кысып коёт… Мен болсом, бул иштен тыйын өндүрүп алса болот дедим… А мен бул иш эмне менен бүтөрүн көрөлү дедим… А мен: “Падишахтын джахилине кеттик!… Кодоону Бхалду каракчы союп салбасын, куткарып калалы… Королева Виктория театрында көрсөткөн мелодрамадагы куткаруучулардай барып калалы…” Ошентип, үчөөбүз джахилди көздөй жөнөдүк, аңгыча эле артыбыздан тапыраган чуу чыгат… Карасак үч бала чаап келатат. Көрсө, Бхалду шайтан тапшырманы татыктуу ишке ашыруу үчүн шылуун досторунан турган дакайттардын колун чогултуп, чалгычылардын атын минип чаап келатышкан экен. Алар чаап келатышат, күлкүдөн жарылып кетчидей болуп биз чаап келатабыз, ошентип джахилге да жеттик… Кечки абада муңкана озондогон бир үн калкыйт…

(Пивонун таасиринен улам Ортеристин поэтикалык маанайы көтөрүлүп кетти окшойт. Дуэт уланды. Бул жолу да Малвени биринчи баштады).

Аңгыча дакайт Бхалду арабакечке кыйкырып кирди, шылуун балдардын бири лакри (союлу) менен икканын үстүн койгулап баратат, а Бенира Триг: “Караул! Союп атышат!”, — деп озондойт. Бхалду арабекечти түртүп түшүрүп, вожжини өз колуна алып, арабаны куюндаткан бойдон джахилге карай айдап жөнөдү. Арабакеч бизге келип: -“Сахиб коркоонунан гхабара (эсин жоготуп) – жинди болуп калды! Мени эмне деген шойкомдуу ишке аралаштырып атасыңар?” – дейт. “Эч нерсе деле болгон жок, — дейбиз, болгону сахибге дакайттар кол салышыптыр, аны куткарып калалы! Сен өзүңдүн пониңди пакра (алгын) да биз менен жөнө.” Анда арабакеч: “Дакайттар? кайдагы дакайттар? Ал деген бадмаш (бейбаш) Бхалду эмеспи”, — дейт. “Кайдагы Бхалду?- дейбиз. –  Сен эсиңе түйүп кой, алар тоодон түшкөн жапайы баш кесер-патандар. Сахибге сегиз баш кесер-патан кол салыптыр. Ушуну эсиңден чыгарбасаң дагы рупий аласың!” Анан карасак эле икка көлмөгө оодарылып кетти, суунун чалпылдаганы — хлюп-хлюп-хлюп — анан Бенира Тригдин “күнөөмдү кечире көр! — деп боздоп кудайга жалынганы угулат… А Бахалду достору менен сууну сапырып, чуу салып жүрөт, Серпантайндагы[4] балакайлардан айырмасы жок.

Үч мушкетер пивого бирдей киришип, унчукпай калышты.

— И-и, анан эмне болду? – дедим.

— Эмне болмок эле? — деди Малвени оозун жеңи менен аарчып. – Кантип эле солдаттардын үч шылуун баласына лорддор палатасынын сыймыгын тонотуп, джахилде чөктүрүп коймок элек? Биз колонна болуп катар туруп душмандарга чабуулга жөнөдүк. Он минутадай эч нерсе, ал эмес өзүңдүн үнүң өзүңө угулбагандай ызы-чуу. Тат (ат) кишенеп, Банира Тригдин озондогонуна Бхалдунун жоокерлеринин айкырыгы кошулуп, икканын айланасында союл ышкырып, Ортерис икканын үстүн  муштуму менен койгулап, Лиройд: “Алардын бычагынан сак бол!”- деп айкырык салып, мен караңгыда ары-бери чуркап, патандардын армиясын кубалап жүрдүм. Куда-ай айланайын! Ахмед-Кхеле менен Майвендеги согушту бирдей алгандан да катуу салгылаш болду[5]. Бир аздан кийин Бхалда өзүнүн достору менен согуш майданын таштап кетишти. Араңарда өзүнүн керсейме дымагын тереңдиги бир жарым фут[6] ылай сууга жашыргысы келген кадимки, тирүү лордду көргөнүңөр барбы? Кадимки эле бхишти машк (суу куюлган чанач), андан да калчылдап алган. Каракчылар кардын жарып кетпегендигине Бенираны көндүргөнгө;  андан да, икканы көлмөдөн жээкке чыгарганга бир топ убара болдук. Арабакеч согуш бүткөндөн кийин келип, душмандарды талкалаганга кантип салымын кошконун айта берди. Бениранын эси чыккандыгынан араң эле жаны бар. Биз аны араңдан эле кыймылдап, басар-басмаксан болуп аскер шаарчасына чейин узатып койдук. Үшүгөндөн, корккондон Чыгыш кандай болорун сезип алсын дедик да. Сезди! Биздин полктун коргоочу пирине даңк! Чыгыш эмне экендиги лорд Банира Тригдин жүлүнүнө чейин жетти!

Эми Ортерис шашпай, сыймыктануу менен аңгемени улантты:

— Ал бизге — менин эр жүрөк куткаруучуларым, силер Британия аскерлеринин сыймыгысыңар, —  дейт. Анан дакайттардын шайкасы кол салганын айта баштады. Айтымында, алар кырктай адам экен, ал болсо жалгыз, ошондуктан алдырып коюптур; бирок өзүн жоготпой, эч коркпостон алар менен акырына чейин салгылаша бериптир. Салгылаштагы эрдиги үчүн  арабекечке беш рупий  берди, бизди болсо полковник менен сүйлөшүп туруп анан сыйлайм, анткени  силер полктун сыймыгысыңар, -деп салды.

— А биз үчөөбүз болсо, — жылмайып аңгемени улады Малвени, — Бобс бахадур[7] бизди жакшылап эстеп калганга абдан эле аракет кылдык. Жаман деле жигит эмес экен бул Бобс. Калганын, Ортерис сен айтчы.

— Биз ал араң жан байкушту полковниктикиндеги квартирасына жеткирип коюп, “Б” ротасынын казармасына келдик да, Банираны өлүмдөн сактап калдык, эми бейшемби күнү парад деле болбосо керек, — дедик.

Он минуттан кийин бирөө келип үчөөбүзгө бирден конверт карматты. Биздин азамат ар бирибизге бештен англис акчасын – а базарда ал алтымыш төрт монета болот, берип жибериптир! Баш кесер-патандар менен кандуу кармаштан кийин, Бенира бейшемби күнү кечке госпиталда  дарыланып жатты, а “Б” ротасынын жоокерлери болсо взвод-взод болуп стакан кагыштырып жүрдүк. Ошентип бейшембиде кароо өтпөй калды. Биздин эрдигибиз тууралуу уккан полковник: — “Мен бул үчөө бир шойком уюштуруп жибергенин сезип турам, бирок даана биле албай койдум”, — дептир.

— А менин жеке пикиримде, — дейт Малвени столдон туруп, бош стаканды көңтөрүп жатып, — полковник аныгын билгенде деле, муну ачыкка чыгармак эмес. Бейшембиде кароо өткөрүү – кудайга да жакпайт, бул биринчиден, экинчиден, устав боюнча да туура эмес, үчүнчүдөн болсо, андай кылганга Транс Малвенди каршы турмак, — деп салды.

— Туура айтасың, — дейт Лиройд. — Бирок, эй дос, Сиз китепчеңизге эмнелерди жазып жатасыз?

— Тим кой, — деди Малвени, — биз бир айдан кийин погонубузду сөгүп салып үйгө кайтабыз да! Джентельмен бизге өлбөс өчпөс даңк тартуулагысы келип жатат. Бирок биз өзүбүздүн Бобс-бахадур досубуздан алыстап кеткиче жазбай коё тур.

Мен Малвенинин өтүнүчүн так аткардым.

Орусчадан которгон Марсел ИСАКОВ

[1] 1 галлон — 4,5 литр.

[2] Отто фон Бисмарк – Германия империясынын биринчи канцлери (1871-1890).

[3] 1 миля — 1600 метр.

[4] Лондондо Гайд-парктагы атайын балдар үчүн жасалган көлмө.

[5] Ахмед-Кхеле жана Мейвандагы согуш – экинчи англия-афган согушу (1878- 1881). Англис аскерлери жеңилип калган.

[6] 1 фут – 30, 48 см. барабар.

[7] Бобс – 1885-1892-ж. Индиядагы британ армиясынын башкы командачысы Фредерик Роберстин каймана аты.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.