АҢГЕМЕ

Тээ дүйнөнүн түндүгүн кезип бараткан Күн жөнүндө ойлоно берет бала.

Бала дайым коркот: «Күн батып, кайра чыгат… Күн аябагандай баатыр. Болбосо, дайым караңгылыкка сүңгүп кирип, кайра калкып чыкмак эмес! Ооба, ал тээ батыштан – жердин кыйырынан кайдадыр – караңгылыкка чөгүп кетет дайым. Бирок дайым күлүп батып, чыгыштан күлүп чыгат. Күн күн сайын ошентет. Ал караңгыны жарытканды сүйөт! Дүйнөнүн караңгы бетин жарык кылмакка кечте жөнөйт. Бирок Күн кеткенде бизди кайра караңгылык каптайт… Ал бизди көөдөй түн чүмкөп алды деп, санаасы тынбай кайра эле таңда келет! Ал коюу түнгө түбөлүк согуш ачкан! Аны менен кармашканга жаралган!.. Ал экөөнүн кармашы эч качан токтобошу керек!»

Ушинтет бала. Ушинтип коркот. «Бүт дүйнөнү ээлеп алган түнөргөн түндү жалгыз жарыткан Күн» дейт. Мына ошо Күндү караңгылык оп тартып кетпесе экен деп коркот. Антсе да, ишеничи тоодой. Канчалык караңгылык каарын салбасын ошончолук Күн жалбырттап күйө берерине ишенет.

Кайра туруп эле түндү да аяп кетет. Жалгыз дейт. Күндүн достору көп: «Жер анан биз, Ай, жылдыздар! А түн жалгыз. А мүмкүн ал да дос болгусу келип жүрбөсүн. Аны менен, биз менен да.

Түн болбосо Ай менен жылдыздар жалбырттаган Күн илебине чулганып, эбактан чексиздикке төнүп жоголушмак беле?.. Бирок караңгылык ааламдын эзелки энчисидир. Ал бүт дүйнөнү тумчуктуруп алып, капкара куюн оп тартып кетпеш үчүн бир улуу зат жаралышы керек болучу. Ал зат – Күн!»

Бала тээ чексиздикте, адам акылы миң толгонсо да жетпес, ошол уч-кыйырсыз жалган, түпсүз тунгуюктун түпкүрүндө албууттана айланып аткан кара куюнга Күндү каршы коюп келет. Ооба, ошо караңгылык падышасы болгон кара куюнду Күн баатыр өзүнүн бир да асман телосу чыдагыс кубаты менен бир заматта куйкалап салар мезгил келерине ишенет. Ошондо тынымсыз чамгарактап, нечендеген планетти оп тартып келаткан караңгынын каны зор илепке чыдабай чарт жарыла жок болот. Ошондо бүт аалам нурга чалкып бөлөнөт. «Шашпа-а, дал ошо саатта эсебиң табылар! Ага чейин, мейли, чимирилсең чимирил.»

Кара куюн мейкиндиктин кайсы мезгилинде пайда болгонун ким билсин!.. Чамгарактап айланганы чыкылдаган сааттын мерчеми эмес, жалт эткен жарыктын ылдамдыгында ченелчү миллиарддаган убакыт бирдигине тете экенин бүгүнкү окумуштуулар эсептеп көрүшкөн. Ошол кара куюндар кез келгенин оп тартып келатканы да чындык. Ал чок ортосу көөдөй коюу туңгуюкка жык толгон аалам азезилинин жаралуу максаты эмне экенин билбей баш катырышууда.

Бала жайыттан келаткан уйларды тосуп, кашатта кылкылдаган күнгө назар коюп турду. Батышта кыярып, тоо бооруна кептелген булуттарды көз уялткан күлгүн түскө боёп, мелт-калт эте батып бараткан улуу Күндү тиктеп турду.

….ал эми Күн системасынан сансыз мейкин мезгил аралыгында алиги кара куюн албууттана чимирилип, өзүнөн он эсе зор, кайсы бир алп асман телосун өзүнүн тумчуктурган караңгы кучагына имерип жаткан эле…

07.2019.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.