Казак эл жомогу: Алдар-Көсөө менен Жээренче

Жээренче дагы бир жолу жолукканда Алдар-Көсөө жүзгө таяп калган эле. Ал мындайча болду: Жээренче айылдын четиндеги дөбөдө отурган. Караса, жолдо таягына сүйөнүп араң баскан абышка келатыптыр. Жакын келип учурашып, жанына отура кетти. Жээренче ошондо Алдарды тааный койду, себеби улгайган кишинин ээгинде бир тал сакалы жок эле. Жээренче кубанып кетип сөз баштады: – Алдар, сен жүзгө чыктың, барбаган жериң, көрбөгөн элиң калган жок, сенин изиң калбаган жол болбосо керек. Көргөн-билгениңден айта отурсаң – мен ыраазы. Алдар-Көсөө эч жооп бербей, унчукпай көпкө […]

ЖЫЛДЫЗЧА: Кайрыкта калган улуу сыр

Кылымдын черткен добушун, Кыргыздын укчу комузун… Элибиздин улуу акыны Алыкул Осмонов комузду: «Өз элиндей жөп-жөнөкөй» — деп айтканын эстеп ой термесек, чексиздиктин көз тунарткан мейкиндигине туш келебиз… Ошол «жөп-жөнөкөй» комуздун улуу сырын анча түшүнө албаган кээ бир замандаштарыңа бооруң ооруса… бирде, ошол көлдөй терең тарыхты, сансыз жылдардын ары жагындагы уламыш-баяндарды: «Кыргыз тукуму болсоң боолголоп түшүнөсүң акыры…» — дегендей, астейдил үч кылга сыйдыра нускап кеткен ата-бабаларга таазим кыласың! Биз комуздан — бир топ жылдар четтеп калганыбыз үчүнбү – улуттук сапаттарыбызды издесек, […]

Камбаралы Бобулов: Жаркын талант[I]

Бүгүн биз кыргыз калкынын арасына өзгөчө кеңири тараган, ал турмак ооздон-оозго көчүп, легенда болуп кеткен, Куйручук менен Шаршендей жалпы элдик сүйүүгө татыктуу болгон табийгаттын жумуру талантынын туулган күнүнүн элүү жылдыгын салтанаттуу белгилеп олтурабыз. Ал жумуру таланттын аты — Мидин. Мидин деген сөздү ар бир кыргыз өзгөчө сыймыктануу, кубануу менен айтат. Кыргызстандын кайсы бурчуна барбайлы жаш-карыдан «Мидин айткандай», «Мидин күлдүргөндөй», «Мидин мыскылдагандай» деген эскерүүлөрдү угабыз. Чынында эле Мидиндин чукугандай таамай айткан учкул, куйкум сөздөрү унутулбай элибиздин көкүрөгүндө, элибиздин жүрөгүндө сакталып жүрөт… […]

Абдыкерим Муратов: Азанчы

АҢГЕМЕ Кечирээк келип, Ыстамбулда деңиз жээгиндеги беш жылдыздуу отелине жайгашкан соң, анан уйку жакшы болот деп сыртка чыгып, кыргакты бойлой, Түркиянын байрактарын илип алган жүздөгөн чоң, кичине кемелердин каршы-терши кыймылдарына, кайырмактарын сууга салып коюп, балык аңдып жиптеринин булкунушунан көз албай карап турган карт балыкчылардын сабырдуулугуна, ак чардактардын майда чабактарды илип кеткен ыкчамдыгына ыраазы боло бир топ басып келдим. Жатканым менен уйкум качып туруп алды, анан калса сааттар да алмаша берип, башты айлантты. Учакта да көз жумган менен жакшы уктай албай […]