АҢГЕМЕ

Кечирээк келип, Ыстамбулда деңиз жээгиндеги беш жылдыздуу отелине жайгашкан соң, анан уйку жакшы болот деп сыртка чыгып, кыргакты бойлой, Түркиянын байрактарын илип алган жүздөгөн чоң, кичине кемелердин каршы-терши кыймылдарына, кайырмактарын сууга салып коюп, балык аңдып жиптеринин булкунушунан көз албай карап турган карт балыкчылардын сабырдуулугуна, ак чардактардын майда чабактарды илип кеткен ыкчамдыгына ыраазы боло бир топ басып келдим.

Жатканым менен уйкум качып туруп алды, анан калса сааттар да алмаша берип, башты айлантты. Учакта да көз жумган менен жакшы уктай албай койдум.

Дагы турдум, жөн эле жата бергенде эмне, хаммамга барып, анын аузунда төбөсүнө чыныгы асманды, жылдыздарды жасап койгон устанын чеберчилигине там бере табияттын өзүндө ошол табияттын бир бөртүкчөсү болуп жалгыз гана мен акырын каалгып сүзүп жүрдүм.

Чарчап келип деле уктай албадым, алдымдагы өтө эле аппак шейшептер, кымбат эмеректер, желдеткичтен чыккан салкын аба, жагымдуу музыка жанымдын жай алышына анчалык деле жардам бербеди. Бир нерсе жетпегендей боло бердим. Телевизордун каналдарын улам алмаштырып атып жадап, акыры түн оой уктап кетипмин…

Уйку-соонун арасында бир үн угулду:

«Аллаху Акбар! Аллаху Акбар! Аллаху Акбар! Аллаху Акбар!

Ашхаду аль-ля иляха илля Ллах…»

Ордумдан атып турдум. Мындай үндү мен бир топ жылдан бери укпай калгам. Дагы башка, дагы башка мечиттерден азан айтылып, Ыстамбулдун бүт абасын таңкы багымдатка чакырган азан аралап кетти…

Балалыкта азан угулганда басып баратсак да, ойноп атсак да, футболдо топ эми бутка тийип, каршылаштын дарбазасына гол киргизе турган абалга келип калсак да, отура калчубуз да, азан бүткөнчө унчукпай чөк түшүп турар элек. Анан азан бүтөрү менен жүзүбүзгө бата тартып, жолубузду, ишибизди, оюнубузду улантып кетээр элек…

Азан демекчи…

*      *      *

… Биздин айыл менен кошуна айыл бир кырдын эки жагына жайгашкан, андыктан да бир айылдын аты Күңгөй болсо, экинчи айылдын аты Тескей. Эки айылга бир көрүстөн: күңгөйлүктөр да, тескейликтер да өз-өзүнчө кыя жол менен сөөктөрүн алып, дөңгө чыкканда топурак салганы эки айылдын тең эркектери жетип барат. Анан ошол көрүстөндүн бир бурчунда мечит бар. Эски мечит. Ошол эски мечиттин бир бөйрөгүндө дагы мечиттей эле эски үй орун алган. Ошол үй азанчынын үйү. Биз, балдар, азанчынын азан чакырып койгон аты бар беле, жок беле, ырасы, билбейбиз, «Азанчы» деп гана атайбыз. Мен дале азырга чейин азанчынын аты ким экенин сурабаптырмын…

Кудайдын куттуу күнү беш убак азанын айтат. Анын ушунчалык жагымдуу үнү өзгөчө орозодо ооз ачарга уруксат берген азанында бизге бир башкача сезилет. Чарчаган куеш уясына жатканы кетери менен эле апабыз «Эми азанды тыңшап тургула» деп эшикке чыгарып койчу. Анан бир убакта азан башталат. Ал киши азанды башкача айтчу, адегенде бир сап айтат да, анан көпкө тыным алат, айтып бүттүбү деп турсаң, дагы уланып кетет. Үнүнүн созулушу, абазынан уккулуктуулугу, айтып атып жасаган тынымдары, ушундай бир жагымдуу, төп келген ыргагы, араб сөздөрүн тактап, баптап айтканы – баары-баары келишип, жарашып турат. Орозодо ошентип азан тыңшаганы чыгып, башталары менен орду-ордубузда отуруп калабыз да, бүтөрү менен жүзүбүзгө бата тартып, үйгө «Азан айтты» деп чуркап киребиз. Оозубуз бекилбей, гөзө болсок да, улуулардын жанында, алардан алдын рамазандын төгүл дасторконуна кол узатабыз.

Айылыбызда бир эмес апталап күндүн көзү түгүл, кайсыл тушта экендиги билинбеген, кең асмандын артынын ачылышынын дайын-дареги көрүнбөгөн, жандыктарды асманга алып чыгып кетчүдөй алай-дүлөй каптаган күндөр болот. Адамдар адашат, сааттар алдыга шашып кетип калат, же ыбырсып артта калат, же түгөнгүрдүн ташынын күнү бүтүп, тык токтойт, эски сааттарды бурап турушту унутасың, дубалдагы күкүк сааттардын кээде үнү чыкпай жым болот. Бирок, асти азанчы адашпайт, такма-так, күн менен түн теңелүүгө, биринен бири жер бетиндеги бийлигин көбүрөк жүргүзүүгө шашып, алмашып отурса азанчы да аларды кууп, намаз убактысын так белгилеп азанын жаңыртып отурат. Айылыбыздын сааты да ушул азанчы эле. Жай ысыган кезде аңыздагы тамеки бышып, үзүү убактысы келгенде, ушул азанды тыңшап жатабыз, азан айтылган соң шап кийинип, үзүүгө жөнөйбүз. Мал базарга баргандар да, мал издегени тоого барчулар да «азанчынын үнү чыгары менен туралы» дешип калчу, же «азанчынын биринчи айтышында келип жаттым» дешет.

Азанчы болсо ысытмасы жанын ала тургандай кыйнап атса да, жөтөлү ичеги-кардын эңшерип чыгып атса да, азанын айтат да, кайра кеселин уланта берет.

«Азан айтууну кайдан үйрөнгөнсүз», — дедим бир жолу анын сүрдү аптине айбыга карап, «Ээ, балам, жети атабыз азан айтып келген, аталарыбызда Кокондон хан ордосуна барып азан айткандар болгон, туулганыбызда аталарыбыз кулагыбызга азанды коюп коёт, күндө тамбашыбызда беш жолудан азан айтылат, анан биз азанчы болбогондо ким азанчы болот», — деп койду.

Айылга ашка-тойго барып калса да, азан маалы жакындаганда, үйгө жете турган убагын чагылап туруп отурган жерден шарт туруп чыгып кетет. Анын кеткенин да бирди-жарым адам өөн көрбөйт. Кете берет. Чай кайнамдан кийин эки айылдын абасын аралай ушунча бир жагымдуу азан үнү дагы бир намаз убактысы келди деп мезгилди тебелеп жыгып, мейкиндикке тарап кеткенин айылыбыздын адаттагы бир көрүнүшү деп сезип, элес дале албай калабыз.

Эл болсо «Жараткан алты жыл азан айткан кишисин суракка албай дароо жаннатка чыгарат», «Азаны канча жерге угулса, ошончо жерден жыйылып келип сообу азанчыгы тийет» деп калышчу.

Анан анын намазга азан айткандан башка да Күңгөй-Тескей айылда аткара турган бир вазийпасы бар – бул жаңы туулган балдарга азан чакырып ат коюу. Эргенчи балдар анын үйүнө келип: «Азанчы ата, сиз биздин үйгө келип бөбөгүмө ат коюп берет экенсиз, атамдар айтты», — дейт. «Кимдин баласысың», — деп, барар жерин тактап сурап алат да, үйүнө кирип балага «мына сүйүнчү» деп тапканын карматат, бир жаңгак болсо да берет. Балдардын тирикарактары азанчы атага тике карап, мындай ат коюп бериң, тигиндей ысым коюп бериң деп көбүнчө өзүнүн атына уйкаш аттарды сунуштап да ийет. Дароо эле бешенесинен сылап, баланы ээрчип, алардын үйүнө барат. Чоң атасы кармап турган жарык дүйнөгө жаңы эле келген наристенин жанында кыбыланы карап азанын айтып, анан анын кулагына атын шыбырайт. Мурдалары атты өзү дале коё берчү, анда эркек балдарга Абдиламит, Абдыганы, Абдикарим, Абдырахман, Абдымухтар, Абдимиталип деген ысымдар кайра-кайра коюла берчү. Кийин азанчынын эркине койбой, баланын ата-апалары Нурлан болсун, Бакыт болсун, Космос болсун деп жаңы аттарды койдура баштады. Азанчыга эмне, айткан аттарды баланын кулагына азан менен кошо куя берет. О кийин айрым пенделердин азанчы койгон ошол аттары башкача болуп кубулуп кеткени менен акыретке кетер алдында баягы азанчынын, анын койгон энчилүү ысымын жадына келтиришет.

Эки айылдын адамдарынын ысымынын көбүн ушул азанчы коюп берген.

Анын ат койгондору көп болгону менен өзүнүн балдары жок. Аял токтободу. Бири анын азынчылыгына арданып кетсе, бири уйку бербегенинен жадап эле кетип калды. Дагы бирөө жөн эле кетип калды. Кеткендердин биринин да артынан же өзү барбады, же бирөөнү кайра алып келүүгө жибербеди. Бирөөсү гана күмөндүү кетти. Калгандардан балалуу болбоду. Бүт өмүрүн жалгыз өткөрдү. Анысына ичтен сыздайбы – билдирбейт, бирөөлөр бир нерсе десе – мен ат койгон балдардын баары меники деп кутулат…

*      *      *

Бир жолу колхозго башкарма болуп жаңы киши келет. Башка жактык экен. Келип эле контордо активдер менен таанышып атса, азан үнү жаңырат. Акыр аягына чейин демин ичине катып тыңдап отурат, азан бүткөн соң да мелтиреп отура берет. Өлүү жымжырттыкты буза албай колхоз активдери да оңтойсузданат.

— Бул ким? — дейт жаңы башкарма.

— Азанчы, — дешет активдер бир ооздон.

— Эртең мага алып келгиле!

Эртеси азанчыны алып келишет.

— Азанды канча жолу айтасың? — дейт башкарма жүдөңкү кишинин бүт денесин калтырак басып турганын андан бетер ырбатып.

— Беш убак… — дейт азанчы үнүн араң чыгарып. Анын эки айылды жарып ийчүдөй бакубат үнү раистин идарасында өчүп бараткан шамдай үлбүрөп турду.

— Азаныңдын маанисин билесиңби?

— Ыы, намазга чакырам!

— Сен биздин колхоздун мүчөсүсүң. Колхозго кызмат кылышың керек! – деди башкарма бир аз жоошуп.

Азанчы чынында колхоздун ишин кылчу эмес, колхозго мүчө экенин да билчү эмес. Атасын колхоз кулакка тартып, ошол жакта сөөгү аруу жуулуп, ак кепиндеп көмүлбөй, жаназасы окулбай калды дегенди элден угуп, «колхоз» дегенди уккусу келчү эмес. Кечээ кечинде колхоз башкармасы чакырып атканын айтышкандан кийин да уйкусу качып, сааркы азанын да калтырап атып зорго айткан.

— Мындан ары азаныңдан соң биздин колхоздун жарыясын кыйкырып айтып турасың? – деди башкарма өктөм сүйлөп.

— Жок, аксакал, болбойт, — деди азанчы эси чыгып, — азанга башка сөз кошууга болбойт.

— Болот! Баары болот! Бул дүйнөдө болбогон нерсе жок! Айтасың!

— Айтат! Айтат! – деп чый-пыйы чыгып кетти баятан бери эси чыгып турган азанчынын туугандарынын бири колхоздун бригадирлеринин аксакалы. – Сөздөрүн мен өзүм катчы кызыңыздан алып барып берип турам.

*      *      *

Ошондон кийин биз бир нерсеге аябай эле таң калдык. Беш маал азандан соң азанчынын ушуга окшогон сандаган жарыялары айтылып калды: «Бүгүн саат алтыда контордо чогулуш болот, бардык активдер келип калгыла! Келбегендер партиядан чыгат!»

«Эгемберди, сени башкы инженер чакырып атат, тез машинаң менен келип кет!»

«Аттокур мерген, раис күтүп атат, баягыны качан атып бересиң!»

«Кыйшык Сати, Имар көрдү, Мамаш касамды алып, эртең кырманга өткүлө!»

«Урматтуу коммунисттер, эртең партиялык чогулушка ичпей, чекпей, жасанып келгиле, райкомдон чоңдор келет!»

Ушундай жарыяларга бара-бара көнө да түшкөн экенбиз. Бир күнү башкарма кызматтан кетип, өзү эле кетпей, арабча азандан соң айтылуучу колхоз активдеринин тили менен кыргызча жазылган, азанчы араң-араң эжелеп окуп, анан жаттап алып кыйкырып айтып берген эсеп жеткис жарыяларын кошо ала кеткендей азандан кийинки эл берилип укчу кулактандыруулар түп орду менен жоголду.

Жаңы башкармага Ташкенден партиялык мектепти быйыл эле бүтүргөн жаш жигитти, жигит дале эмес, баланы жөнөтүптүр. Тез эле активдерди бир-бирден пенсияга кетирип, ишинен айдап, партиялык уюмдун секретары кылып да өзүндөй жаш бир досун алып келип койду. Элдер «раис менен парторг – эки достон двойка, куду эле сталиндик тройка» деп ыр чыгарып алган бул экөө колхоздо иш калбай калгансып, азанчыны алдырып, аны келекелеп отуруп, «эскинин саркындысын жайылтуучу», «динди үгүттөөчү» деп каматып ийишти…

Айылыбызда азан угулбай калды. Адамдар намазды да жалгыздап окушка өттү. Орозо кармагандардын оозун кыйнап ачырышты. «Азан үнү угулбай калганда кыямат кайым болот» дешип эскилер кыяматтан коркуп, өз-өзүнө күңгүрөнүп азан айткан болушту…

Ошол кезде караңыз эми, тагдырдын тамашасын – биздин азанчы мамлекеттин чыккынчысындай Сибирге – тайгага түрмөгө айдалат да, ал жерде түрмө башчысы татар жигиттин колуна түшөт. Өлкөдө кайра куруунун, демократиянын сыргак жели дал ошол тайга токойлорунан башталып, абактагылар бир туруп ачарчылык жарыялап, бир туруп кашык-табактарын такылдатышып түрмөчүлөрдүн жанын алып, айласын кетирет. Ошондо татар начальник мусурмандарды топтоп, чоң атасынан үйрөнгөн куран аяттарын, хадистерди айтып, беш убак намаз окугула деп таклип кылып, азанчылыкка ушул биздин азанчы өзүнөн өзү табылган. Түрмөдөгүлөр аны бир гана ишке – азан айтууга чегерип койгон.

Эки жыл өтпөй эски союз ыдырап, абакчылар өз-өз адамдарыңарды алып кеткиле деп мурдагы союздук республикалардын түрмө башчыларына кат жазып, алып кеткендер алып кетип, кыргыздарды жоктоп барар эч ким табылбай, туш тарапка кете бергенде азанчы айылына кайтты.

*      *      *

Аңгеменин башындагы менин Ыстамбулдагы окуям дал ошол жылдарда болгон эле…

*      *      *

Бир таңда эле айылыбызда азан үнү жаңырды.

«Аллаху Акбар! Аллаху Акбар! Аллаху Акбар! Аллаху Акбар!

Ашхаду аль-ля иляха илля Ллах…».

Муну уккан кары-жаш дебей дааратын алып кырдагы мечитке чубалып жөнөдү. Азанчы менен кучакташып көрүшүп, аны алкап, намазга сапма-сап болуп тизилип, намазгөйлөрдүн саны артып, бели ката элек балдар да имамдын минбарын карап, саждага баш урушту. Айт намазда эски мечитке эл батпай, айылыбыздан чыккан бай балдар арабдарды ээрчитип келип, жаңы мечит салышты. Азанчыга үн күчөткүч коюп берди эле, андан коркуп, сүрдөп, доошун бирөө жулуп кетип аткансып акыры көнбөй койду да, өзүнүн эскиче эле айтуусуна түштү.

Улам жаш балдар ичкери шаарлардан медреселерде, ислам институттарында окуп келип, кыштагыбызда аалымдар көбөйө берди.

Бир күнү райондон чоңдор келди, арасында облустун казысы, имамдар бар, жаш каары балдар да жүрөт. «Мечиттерди текшерип атабыз, аттестация болот» деди келгендер. «Дипломуңузду алып чыгыңыз» деди бирөөсү. Азанчы эски сандыктын бир жеринен эки күбөлүк алып чыкты да, келгендерге сунду. Алар күлкүсүн ичке тыя албай кыткылыктады. «Мунун бири жети жылдыкты бүткөн көбөлүгүңүз экен, экинчиси болсо трактористтердин курсунда окуптурсуз, ошол экен» дешти алгандан бери бети ачыла элек күбөлүктөрдү колдон колго өткөрүп. Азанчы окуусун билбейт эле, айылда тракторчулардын түнкү окуусу ачылып, аны жөн эле жазып коюшкан, ун, чай-чамек, пул-сул да берип ийишчү. Кайран эс-эс-эс-эр кагазын да берген экен да, бирок азанчы трактор айдамак турсун, анын жанына жакын барган киши эмес.

Кыскасы, мечитке сакалы көкүрөгүн жапкан, жашында эле кара сакал болуп алган бирөөнү алып келди да, жаназа, нике-пике эле эмес, азанды да ошол айта баштады. Азанчыга бир нерсе жетпей, уйкусу да качып, санаа басып, элге да чыга албай калды. Бүк түшүп эле жатат. Азан айтала баштаганда кулагын жапырып турат да, ичинен жаңы азанчынын азанына кошулуп өзү да кандай азан айтып ийгенин билбей калат… Бирок анын азаны угулбайт. Өзүнө да угулбайт. Антсе дале азан айткан боло берет…

Ошондой күндөрдүн биринде азанчыбыз «жоголуп кетти». Өмүрүндө айылдан чыкпаган азанчынын «жоголгону» менен көптөрдүн иши дале болбой калган, себеби жаңы азанчы бар, айылдын адамдары иштегени алыс жактарга кетип, калк суйдаң тартып калган. Ошолор менен кетип калдыбы десең – жашы өтүп калган, же бир курулушта, соодада иштей турганга эби жок.

Кийин имиш-имиш болду – биздин азанчы Кокондобу, Ташкендеби, иши кылып бир чоң шаардын бир чоң мечитинде азан айтып жүрүптүр. Анын айткан азанын укканы атайын тегерек-четтен кызыккандар келип кетет экен. Айт күнү айткан азанынын авазына өкмөт кишилери да ыраазы болуптур. Чынбы-калппы, турист болуп келген бир араб өз өлкөсүнө алып кетсемби да деген экен, мечит имамы бербей коюптур да, мечиттин ичинен жакшынакай үй-жай бериптир.

Жыл айланбай дагы кызык болду – азанчыбыз айылыбызга келип калды. Эски мечиттеги эски үйүн да түрттүрүп салган, жаңы мечиттин бир бурчуна корголоду. Ал кыштакка асаттан араң чыккан куурайдай илмийип арыктап, жел учуруп кете тургандай ыргалып араңжан болуп, үнү чыкпай, доошу кызыл өңгөчүндө эле өлүп, сүйлөй албай келди. Ар ким ар нерсе деп айткан менен өзү ушинтип калганын жазып да бере албайт, айтып да бере албайт. Айылдагы билермандар гана бири «атаандаштары тамагына уу кошуп бериптир» десе, бири «көз тийиптир» дешти, дагы бирлери «байып кеткен экен акчасын алгандар ушул акыбалга салып коюптур» деген болду.

Анан туугандары уялып пенсияга чыгарып койсок окшойт деп калышты, ары барышты, бери барышты, азанчынын эски колхоз архивинде да, райондун архивинде да эмгек китепчеси да, же бир күн иштегени тууралуу да жазуу жок болуп чыкпаспы.

*      *      *

Кызыгы – азанчынын үнүн абдан таза кылып заманбап студияда жазып алышкан экен, не бир чоң мечиттерде анын азаны үн күчөткүчтөр менен жаңыртылып, интернетте бүт ааламга тарап кетти…

*      *      *

Көп узабай азанчыны да бүт эки айыл узатып аттык. Жаназага жаш-кары дебей туруп берди, келгендер атаган топурагын салып, тирүүлүк парзын аткарып жатканда мүрзөгө шашылып келе жаткан бир машинаны күтүп калдык. Машинадан түшүп эле бери карай жөнөгөн кишини дароо тааныдым. Баягы азандан кийин жарыя айттырган башкарма. Азыр борбордун бир мечитинде имам болуп калган деп уккан элек. Менин жанымда туруп, маркумдун бейитине сала турган бир ууч топурагына кайра-кайра «мени кечир», «азандан кийин айттырган жарыяларым үчүн кечир» деп күңгүрөнүп атканын угуп турдум. Адам деген ушундай экен да, бир күн тазаланышы керек экен: бирөө көп жеп алып, аш кыла албай калган тамактарынан ичеги-кардын, боор-жүрөгүн тазалайт экен, бирөө кимдир бирөөгө жаман сүйлөп алып, ошол сөзүнөн өзүн тазалайт экен, дагы бирөө жаман ниет-тилек кылып, ошол мээсин жей берген жаман ниеттен, жаман тилектен өзүн бошото албай тазаланат экен. Адам жашоосу ушундай тазалануулардан турат тура. Эски башкарма бир кезде кылган күнөөсүнөн тазаланып атканда биз азанчынын астында ага көңүл бурбай койгондон, адам катары мамиле кылбай койгондон тазаланышыбыз керектигин, бирок эми кеч, өтө кеч болуп калгандыгын сезип турдум…

*      *      *

Жай бышкан, коон жыттанган, дарбыз чарт жарылган маалда айылга кеч барып, ыраматылык чоң атам, бейиши болгур атам жатчу сөрүдө бакалардын чардаган доошун угуп уктап кеткен экемин, супа саадак таң сөгүлгөндө азан үнү угулду:

«Аллаху Акбар! Аллаху Акбар! Аллаху Акбар! Аллаху Акбар!

Ашхаду аль-ля иляха илля Ллах…»

Ордумдан ыргып турдум. Тааныш үн, тааныш азан эле. Балалыктын азаны эле.

— Бул ким?! – дедим жанымда жаткан инимдин уулунан.

— Аа… Уктай бербейсизби? Же намазга турасызбы? Илгери бир азанчы киши болгон экен го, мечитте жашаган, ошонун бир небереси табылган. Ошол келген. Ошол азан айтып атат. – деди уйку-соонун арасынан. Анан мындай сөзүн дагы улап койду. – Эми биздин айылга кыямат кайым келбейт ээ, аба, биздин азанчыбыз бар да!..

2019-жыл, июнь

3 Replies to “Абдыкерим Муратов: Азанчы”

  1. Жакшы аңгеме, Стамбулдагы азанга мен да таасирленген элем… Азанды көркүнө чыгара айткан адамдар айтуу керек. Бизде дин башкармалыгы жок дегенде ушул ишти жөнгө сала албайт. Өлүп бараткандай кыркырап айткандар бар. Азанды мыкты айткан киши айтса, анын таасири керемет!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.