Бүгүн биз кыргыз калкынын арасына өзгөчө кеңири тараган, ал турмак ооздон-оозго көчүп, легенда болуп кеткен, Куйручук менен Шаршендей жалпы элдик сүйүүгө татыктуу болгон табийгаттын жумуру талантынын туулган күнүнүн элүү жылдыгын салтанаттуу белгилеп олтурабыз.

Ал жумуру таланттын аты — Мидин.

Мидин деген сөздү ар бир кыргыз өзгөчө сыймыктануу, кубануу менен айтат. Кыргызстандын кайсы бурчуна барбайлы жаш-карыдан «Мидин айткандай», «Мидин күлдүргөндөй», «Мидин мыскылдагандай» деген эскерүүлөрдү угабыз. Чынында эле Мидиндин чукугандай таамай айткан учкул, куйкум сөздөрү унутулбай элибиздин көкүрөгүндө, элибиздин жүрөгүндө сакталып жүрөт… Ал турмак элибиздин өзү жараткан таамай сөздөрдү да Мидиндики дейт, анткени эл өзүнүн ыйык казыналарынын ээси, сакчысы Мидин өңдүү нукура талант болушун каалайт.

Калкыбыздын Мидинге болгон өзгөчө сүйүүсү кокустук эмес. Анткени Мидин элдин тилинин учунда турган ойду чукугандай таап айткан, сөздүн толук маанисиндеги шайыр болчу. Анын жазган ырлары, поэмалары, достук азилдери, арноолору, фельетондору, бир ууч чөйрөдө куйкум сөздөрү ошол замат элдин арасына чагылгандай таралчу, ылакапка айланчу…

Бирок Мидин Алыбаев мындай элдик сүйүүгө калем шилтээр замат жеткен жок. Ал ар бир кыргыз акын-жазуучуларындай эле чыгармачылыктын балалык доорун баштан өткөрдү. Анын таланты аста секин жетилди. Мидин Алыбаев акын атка конуп, көзү тирүү кезинде беш ырлар жыйнагын басмадан чыгарды. Кээде он жылдап ырлар жыйнагы жарык көрбөй калган учурлары да болду. Анын жалпыга белгилүү себептери бар.

Мидин Алыбаев кыргыз адабиятына отузунчу жылдардын орто ченинде Алыкул Осмонов, Райкан Шүкүрбековдор менен кошо келди. Анын эң алгачкы көзгө тутар жыйнагы 1937-жылы, жыйырма жашында «Бактылуу жаштык» деген ат менен окуучуларга тартууланды.

Мидин АЛЫБАЕВ: Баалуу байпак

Мидин ушул алгачкы балалык жыйнагында эле укмуштай ырлардын автору болду десек чындыктан тайган болор элек. «Бактылуу жаштык» акындын поэзия өлкөсүнүн кең дарбазасын табалбай, али өзүн-өзү изденүү жолунда экендигине далил болот. Акындын бул жыйнактагы көпчүлүк ырлары жаш жеткинчектердин турмушуна арналган. Ырас, жыйнактагы ырлардын бардыгын али колго аларлык дешке болбойт. Анда «Мен 18 жаштамын», «Теңтуштар», «Капчыгайда» деген турмушка өзүнүн мамилесин, көз карашын эргүү менен билдирген, өзүңүн интоннациясы бар ырлары бар.

Теңтуштар, ойлоо керек келечекти,
Балалык, эселек чак эчак кетти.
Теңтуштар, он сегиз жаш оңой эмес,
Тап үчүн кызмат кылар мезгил жетти, — деп бир ырында замандаштарына күйүп-жанып кайрылат.

«Бактылуу жаштыктан» кийин Мидин Алыбаевдин он беш жылдык мөөнөттө дагы үч поэтикалык жыйнагы жарык көрдү, акындын таланты жетилип, чеберчилиги курчуп, даңкы жайылды. Анын кээ бир ырлары ооздон түшпөй айтылып жүрдү.

Ала-Тоо жөнүндө жазбаган кыргыз акыны жоктур. Бул закондуу нерсе, Анткени, өз Ата Мекенин сүйбөй, анын тагдырына күйбөй, керек болсо оор жүгүн, азабын көтөрүүгө даяр болбой туруп эч ким көрүнүктүү акын боло албайт. Ошон үчүн, ар бир кыргыз акыны өзүнүн поэтикалык талантына ылайык биздин Ата Мекенибиз Ала-Тоонун кооздугун, асылдуулугун, байлыгын, жер соорусу экендигин күйүп жанып жазышты. Мидин Алыбаев дагы бул жалпы, түбөлүктүү, ыйык темага кайрылды, кайрылганда да өзүнүн бир өзгөчө сүйүүсүн ак пейилде билдире алды.

Карааныңдан кагылайын Ала-Тоо,
Калкып жаткан кандай укмуш эмесиң.
Качан жүрөк кагышынан калганда,
Бир тартылып өтүп кетер элесиң,
Бир тартылып өтүп кетер элесиң.

Бул куплетте сырткы кооздук деле жок, ал жөпжөнөкөй. Бирок анын жөпжөнөкөй ыр саптарынын «артериясында» эмне деген поэтикалык күч буркан-шаркан болуп согууда. Мүмкүн, «Карааныңдан кагылайын Ала-Тоо» деген жалынып-жалбаруу башка акындын ырында супсак, жүрөктү жылытпаган куру кыйкырыкка айланып калар эле. Ал эми Мидин Алыбаев өңдүү алтын зергердин калеминен ал бир керемет поэтикалык табылгага айланып, окуучунун сезимин дүрүлдөттү.

Жогорку куплетти Ала-Тоого арналган, акындын жүрөгүнүн кусалыгынан жаралган чакан шедевр десек да болот. Кыргыз тили жашап турганда, карааныңдан кагылайын Ала-Тоодо эле жашап турганда, Алыбаевдин бул ыры түбөлүккө жашайт, түбөлүккө ар бир окуучунун тунук сезимин козгойт, Ала-Тоого болгон сүйүүсүн арттырат. Акындын поэзиясында Ата Мекенди, туулган жерди эргүү менен жазган ырлар кеңири орунду ээлейт. Дагы бир кыска ырын келтирели.

Шаркырап аккан кашка суу,
Сагындым, сага барсамчы.
Шарпылдап жаткан жээгиңден,
Чаңкадым, жута кансамчы.
Агының менен бир учкан,
Ак чардак болуп калсамчы.

Мындай телегейи тептегиз ырларды чоркок тил менен анализдөөнүн зарылдыгы жок. Анткени, мындай чакта чоркок тил алсыз болот, жөн гана аны окуп, улам эстетикалык моокумуңду кандыруу гана керек. Акындык, жазуучулук жол – татаал жол. Кээ бир акындардын жолу шыдыр болот, ал жаш чагынан эле өзүнүн поэтикалык жолун табат. Ал эми кээ бир акындар бороондуу күнү учу кыйырсыз ээн талаада калып, бет маңдайдан бүлкүлдөп жанган отко умтулган жолоочудай машакатка, азапка туш келет. Анткени көп учурда бүлбүлдөп көрүнгөн от алдамчы болот, ал жакын жерде тургансыйт, бирок ал өтө алыста. Кээ бирөөлөр ошол оттун алыстыгына карабай, улуу аракет жумшап, ага жетет өзүнүн поэтикалык отуна жылынат. Ал эми кээде ошол отко өмүр бою жетпей, ара жолдо калган жолоочу акындар да болот.

Мындайча айтканда, алыста көрүнгөн отко жетүү деген сөз акындын, жазуучунун өзү-өзүн табуу, өзүн ачуу, өзүнүн негизги темасын табуу дегендикке жатат. Көп учурда эң таланттуу акын-жазуучулар да өзүн-өзү таппай, өзүнүн негизги темасын таппай көп убараланышы мүмкүн.

Буга Мидин Алыбаевдин чыгармачылык жолу күбө болот. Чынында Мидин көпкө чейин өзүнүн поэтикалык отуна жетпей жүрдү. Мидиндин өзүн-өзү табышы атактуу «Ак чүчтөн» башталды десек болот. Ага чыныгы чыгармачылык кубанычты, атакты да ушул ыр алып келди. Кыргыз поэзиясындагы газетанын бетинен «Ак чүчтөй» элге бат тараган, ошол замат элдин аң-сезимин бийлеп алган ырлар сейрек учурайт. «Ак чүчтү» эң таланттуу жазылган сатиралык ыр деш аздык кылат, бул ыр акындын көптөн бери эл алдында чүрпөөлөнүп жүргөн поэтикалык бетин жаркыратып ачкан ыр болду.

Дал ушул ырдан Мидин Алыбаевдин акын катарында жаңы сапатта жаралышы башталды. «Ак чүчтүн» мааниси ушуну менен эле чектелбейт, зор граждандык эргүү, күйүп-жануу менен жазылган бул ыр өз учурунда кыргыз поэзиясындагы чөгүп бараткан сатиралык жанрды жандандырды, ага жаңы багыт берди. Ушул күнгө чейин «Ак чүч» өзүнүн поэтикалык күчү жагынан сатиралык ырлардын серкеси болуп турат.

Эгерде ал жалгыз эле «Ак чүчтүн» автору болуп калган учурда, ал кыргыз поэзиясынын тарыхында калууга толук акылуу. Анткени дүйнөлүк адабияттын тарыхында жалгыз китептин, ырлар жыйнактын же жалгыз ырдын авторлорунун ысымдары улуу урмат менен аталып жүргөнү эч кимге жашырын эмес. Тескерисинче, М.Алыбаев шылдыңдаган «шар менен келе жаткан» халтурщиктер ондогон китептердин автору болсун, бирок көзү өтөр менен адабияттын чийининен тышкары калганы да жашырын иш эмес…

Кубанарлык нерсе, Мидин Алыбаев атактуу «Ак чүчтөн» кийин мыкты ырларды, аңгемелерди арбын жазды. Ал өзүнүн мурдагы бошко кетирген чактарынын бөксөө жактарын тезирээк жоюуга аракеттенип, адабий турмушка активдүү катышты. «Курорттогу окуя» деген комедиясы көрүүчүлөр тарабынан жылуу кабыл алынды.

1957-жылы жарык көргөн эң акыркы сатиралык жана лирикалык ырлар жыйнагы акындын чыгармачылыгынын толуп-бышып турганын да күбө болду. Бул жыйнактагы «Сизге айтам», «Чалкан дос», «Кошоматчы», «Бюрократ», «Бардыгын билген короз» өңдүү учурдун эң какшып турган талабына арналып жазылган күйдүргү сатиралык ырлар акындын талантынын жаңы кырлары ачылып, улам анын поэтикалык үнүнүн чыңалып жаткандыгын далилдеди.

Мидиндин сатиралык ырлары учурунда элдин өзгөчө көңүлүн буруп, биздин өсүшүбүзгө жолтоо болуп жаткан жат көрүнүштөрдү күйдүргү сөздөр менен куйкалады. Ал эми жаңыдан ачылган «Чалкан» журналынын да элге ушунчалык кеңири тарашына да Мидиндин элдик куйкум сөздөр менен жазылган чакан фельетондору, ырлары себепчи болду. Ушул күнгө чейин Алыбаевдин «Дүжүр бука», «Осмонаалы лөөкүй» өңдүү миниатюралары, фельетондору эл оозунда айтылып жүрөт.

Мидин Алыбаевдин көп мезгилден берки көкүрөгүндө эркелеткен, өстүргөн чыгармасы «Владимир Маяковскийге акындык отчёт» деген поэмасы болду десек болот. Бүгүн бул бир башкача ээн-эркин кайрылуу менен жазылган поэманы окуп отуруп, бул чыгарма Мидиндин поэтикалык көкүрөк сыры экенин байкайбыз. Советтик поэзиянын эң көрүнүктүү өкүлү Маяковскийге бетме-бет чыгып, ага кыргыз поэзиясынын атынан тайманбай отчет берип, аны менен сырдашып, өзүнүн жүрөгүн эзген ойлорун жашырбай айтуунун өзүндө эле Мидиндин өз поэтикалык талантына ишенгендиги жатат. Ар кандай эле акын Маяковский менен ат салышып, аны менен ийри отуруп, түз кеңешүүгө батынбайт.

Ал эми Мидин Алыбаев бул поэтикалык беттешүүгө чыгып, өз сырын айтат. Ал эми анын мындай тайманбастыгына астыртан күлүшкөндөргө да поэмада токтолуп:

Ансыз деле
Эми эле
Кээ бирөөлөр айтаар:
— Эй, курган Мидин,
Алыңды билгин,
«Казга теңелип,
Буту сынат
карганын».
Мейли,
Сынса, сынсын,
Албай эле коёмун,
Кайсы бир
Халтурщиктердин
Жардамын, — дейт.

Мидин АЛЫБАЕВ: Атталбай калган ок

Акыйкатта, бул поэмасында акын поэзиянын абалына ой жүгүрткөн, кыргыз акындарынын ийгилигине кубанган, ал эми ойду, тоону жамактаган акын сөрөйлөрдү Маяковскийче мыскылдаган. Бул поэма Алыбаевдин эл алдындагы эң акыркы отчёту болду десек болот. Акындын ак пейли менен жасалган отчётун окуучулар кубанып кабыл алды. Алыбаев поэзиянын эң адилет баалоочуларына адамдын тунук сезимдерин козгогон, не бир жаралуу жерлерине дүрт эткен жалын чачкан лирик акын катары да белгилүү.

Мидиндин лирикасы өзгөчө лирика. Ал жөнүндө жазуу өтө кыйын, анткени адамдын эң ыйык, эң асыл сезимин бир көрөрман күч менен берген ырды анализ кылуунун өзү эле «бейбаштык». Мисалы үчүн, Пушкиндии А.П.Кернге арналган ырын кайсы тил менен айтып берүүгө болот. Бул ырды миң жолу кайталап окуй берүү керек, өмүр бою окуу керек. Ошондо да баары бир анын сезимиңди чалкыткан терең күчүнө жетпейсиң… Дал ошондой эле акындын «Сүйгөнүмдүн сүрөтүнө», «Жакаңдагы кызыл гүлдү жыттадым», «Кол жоолук», «Ким жыттабайт сүйүү чиркин гүлүнөн» өңдүү кыргыз лирикасынын чакан щедеврлерин эч бир тил менен айтууга, анализ жасоого мүмкүн эмес. Музыка улам угуп, улам күүлөрүнүн жаңы ыргактарын жүрөгүң менен сезгендей, Алыбаевдин бул ырларын улам окуй берүү керек. Алар мүрөктүн суусу менен сугарылган жайы-кышы көгөрүп турган дарак сыяктуу. Эң өкүнүчтүү нерсе, Мидин талантынын гүлдөп турган кезинде кыргыз адабиятынан кетти.

Алыбаев кыргыз адабиятынан өз ордун ала турган мурас калтырды. Ал мурас эл арасында жашоодо. Бирок ушул убакка чейин таланттуу акындын адабий мурасы этиятык менен топтоло элек. Бизге белгилүү акындын кызыл тыштуу бир томдугунда анын прозалык чыгармалары, фельетондору, адабий макалалары, «Курорттогу окуя» деген комедия негедир жок. Биздин оюбузча, акындын калеминен чыккан бардык чыгармаларды жакын арада кайрадан чыгарууну коомчулугубуз күтүп турат. Бул биздин акындын алдындагы ыйык милдетибиз.

Чыныгы акын эч качан өлбөйт. Анткени, анын эки өмүрү бар. Өзү жок болсо да экинчи өмүрү өлбөс-өчпөс ырларында жашай берет. Бүгүн биз элүү жылдыгын улуу урмат менен белгилеп жаткан Мидин Алыбаев дал ошондой эки өмүрлүү акындардын катарына кирет.

Мидин Алыбаев өзүнүн экинчи өмүрүндө да ишенген, ал Соң-Көлгө арнаган ырында:

Мен өлүп, сени экинчи көрбөсөм да,
Эскирген сары кагазда атым калат, — деген болчу.

Акындын ырлары, аты кагазда гана эмес калың элдин жүрөгүндө сакталып калганына күбө болуп олтурабыз.

Бул акын үчүн чоң сыймык!

P.S. КРУИАнын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту тарабынан даярдалган “Классикалык изилдөөлөр” аттуу китептен алынган макала.

Мидиндин байпакка катылган чындыгы

[I] Китептен: Бобулов К. Адабият жана мезгил. — Фрунзе, 1973. — 157-146-6.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.