Жээренче дагы бир жолу жолукканда Алдар-Көсөө жүзгө таяп калган эле. Ал мындайча болду: Жээренче айылдын четиндеги дөбөдө отурган. Караса, жолдо таягына сүйөнүп араң баскан абышка келатыптыр. Жакын келип учурашып, жанына отура кетти. Жээренче ошондо Алдарды тааный койду, себеби улгайган кишинин ээгинде бир тал сакалы жок эле. Жээренче кубанып кетип сөз баштады:

– Алдар, сен жүзгө чыктың, барбаган жериң, көрбөгөн элиң калган жок, сенин изиң калбаган жол болбосо керек. Көргөн-билгениңден айта отурсаң – мен ыраазы.

Алдар-Көсөө эч жооп бербей, унчукпай көпкө отурду. Жээренче ал укпай калдыбы деп суроосун кайталады. Анда Алдар мыйыгынан жылмайып айтып турганы:

— Акылман Жээренче, айтканыңдын баары  туура, көптү көрдүм, көптү билдим, эмне кааласам, кайда барбайын оюмдагыны аткара алдым. Узун өмүрүмө улана келгендерди сурапсың, айтып берейин.

Он улак менен жыйырма карышкыр көрдүм. Отуз аюу, кырк арыстан, анан элүүдөй семиз кочкор, артынан байланган алтымыш, тушалган жетимиш ат көрдүм. Сасыткы болгон сексен жумуртка, арасынан ылай суу жылжып аккан токсон коргонду көрдүм. Мына ушуларды көрдүм. Башка эч нерсе көрө алган жокмун. — Ушуну айтып, Алдар-Көсөө акырын туруп, таягына сүйөнгөн боюнча жолун улап кете берди.

Абышканын артынан көпкө көз айырбай карап отурган Жээренче өз ичинен Алдардын сөзүн кайталады. Бирок эмне айтканын түшүнө албады, алжып калганбы деп да ойлонду. Үйүнө келип отурду, чечмелегиси келди. Акырында чыдабай Карачачка жолукканда уккан сөздөрүн айтып берди, Алдардын эмне айткысы келгенин билбегенин мойнуна алды.

Акылдуу Карачач күлө карап айтты:

– Камсанаба, мен анын айтканын таптым го дейм. Мындай чечиш керек. Адам баласы онго чейин улактай секирген ойноок келет. Жыйырмадагы жигит карышкыр сыяктуу жеткенин олжолойт. Отузга чыккан адам, жараткан жалгаса, аюудай күчкө ээ. Кырк жаштагы каарман күчкө толуп, арыстандай алкынып турган кези. Элүү жашка барганда арыстандай айбатын жоготуп, тынчтанып, байлаган  кочкордой семире баштайт. Алтымышта байланып, алыс чыкпай, жетимиште тушалган аттай араң басып калат. Сексендеги адам пайдасы жок, сасыткы жумурткадай, тамакка да жарабайт, тукум да улабайт. Токсонго чыккан карыя айыл четиндеги кара дөбөдөй, ылай суусу көзүнөн тынбай ага берген – жаш. Көрдүңбү, байым, Алдар-Көсөөнүн айткандарын ушундай түшүнө бер.

– Ооба, – деди таң калган Жээренче, — бардыгы туура. Бирок жүз жаш боюнча эмнеге үндөбөй кетти?

– Себеби жүз жаштан кийин сенин жаныңдан туруп кете берген сыяктуу эле бул өмүрдөн кете бере турган убакыт жеткендиги, — деп жооп берди Карачач.

Которгон Бек ЖАЙЧЫБЕКОВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.