Лев Толстой: Кыз жана каракчылар

ЖОМОК Бир кыз талаада уйларын оттотуп, кайтарып жүргөн. Кайдан-жайдан пайда болгон белгисиз каракчылар аны кармап кетишти. Алар кызды токойдогу үйгө алып барышып, ага үйдү жыйыштырып, кийим-кечелерин жууп-тазалоону, тигүүнү буйрушту. Кыз каракчылардыкында күн өткөрүп жүрдү. Алардын табыштаган ишин аткарганы менен ал жерден кантип жылас болуунун аргасын билген жок. Каракчылар бир жакка жөнөрдө аны үйгө камап коюшчу. Күндөрдүн биринде алар кызды адаттагыдай жалгыз калтырышып, өздөрү ар кайда кетишти. Кыз саман алып келип, андан куурчак жасады да, ага өзүнүн көйнөк-көнчөгүн кийгизип, көчөнү каратып, […]

«РухЭште» сүрөтчүлөр үчүн көрсөтмө ачылды (Айыптын галереясы)

Кыргызстанга дүйнөнүн төрт тарабы ачык заман болгону менен, орошон таланттарыбыздын көпчүлүгү капиталисттик доордун табиятын түшүнүп-түшүнбөй жашап атыры. Искусство баалуулуктары чегара тоскоолдугун билбейт дегенибиз менен, сүрөт өнөрүнүн айрым таланттуу өкүлдөрү өздөрүнүн гана чеберканасында бекинип, кээси жертөлөдө, кээси үйүнүн чатырында сүрөтүн тартканына каниет этип, рухий ыракаттын кумарынан чыкпаган жайдаң жашоолоруна биресе суктанасың, биресе таңгаласың… Көңүлүңдү уйгу-туйгуга салат кээси. Биз буудай кууруган тилибиз менен жеткире албаганды кылкалемдин учунан туюнткан касиет-жөндөмгө эгедер замандаштарыбыздын бири Айып Алакунов – табиятынан жулунуп-жулкунбаган, өтө жөнөкөй, өтө кичипейил мүнөздөгү […]

Олжобай Шакир: Эл жетилбесе, элитаң кайдан чыгат?

«Биз, улут тургай коом катары калыптана албай келебиз». Алым ТОКТОМУШЕВ Кыргызстандын саясатында кадрдык кризис калктын көкөйүнө көк таштай тийип бүткөн эбак. Кайсы бийликтин тушунда болбосун чоңдорго элдин тиши кычырап турат. Ак үй, Көк үйдөгүлөрдөн чекеси жылыбаса да, үмүтү канча жолу сууса да – эл тагдыры ошолорго байланып калгандай… Эмнеге? Кантип? Адегенде элита боюнча түшүнүгүмдү кыргыздын жалпак тилиндеги ачыткы менен аллегориялаштыргым бар. Мүмкүн азыркы жаш муундун көбү ачыткы жөнүндө түшүнүктөн алыстыр. Биз бала кезде азыркы кытай өндүрүшүнүн аркасы менен турмушубузда кеңири […]

Өрнөктүү эл өкүлүнүн коом агартуудагы эмгектерин билесизби?

“Техника өнүксүн, заман өнүксүн, жашоо өзгөрсүн, акылдуулар көбөйсүн. А бирок, жан дүйнөбүздүн согушу болбосун. Адам бойдон калалы… ” “Өткөндү унутуу – бул акыл-эсинен ажыроо дегендикке жатат. Бул маңкурттук”. “…Убакыт келип, жазгы каникул башталып, айылга жөнөп калдык. Чоң атам менен чоң энем бетимден өөп, жылуу сөздөрү менен тосуп алышты. Ошол замат баланын таенесинин каргыштары, сөздөрү, кыйкырыктары эсиме түшүп, чоң энем тирүү жана мээримдүү экенине өзгөчө бактылуу болдум”. Бул Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев демилгелеп, өспүрүмдөр арасында өткөрүлгөн республикалык сынактагы дилбаяндардан үзүндүлөр. […]

Жазгүл Турганова: Ак чыны (конкурска №6)

АҢГЕМЕ Күндүн нуру тээ алыстан көгүлтүр-бозомтук болуп өркөчтөнгөн тоонун чокусуна мына-мына жашынайын деп калганда, машинабыз айылга жакындады. Жакындаган сайын жүрөгүмдүн согушу тездегендей, өпкөм көөп, көкүрөгүмө батпай калгандай сезилип, бир башкача кубанып барам. Албетте, ким болбосун туулуп өскөн айылына сагынып келгенде ушундай абалда болсо керек. Мына, айылга да кирдик. Айылдын чоң жолуна түшөр замат, бададан кайтып келаткан мал-жандыктар көзгө урунду. Каңылжаарды өрдөгөн тезек аралашкан көк чөптүн жыты мага ушунчалык жагымдуу сезилди. Уйларын айдаган тестиерлер бейтааныш машинаны нары сынагандай, нары таңыркагандай карап […]