“Техника өнүксүн, заман өнүксүн, жашоо өзгөрсүн, акылдуулар көбөйсүн. А бирок, жан дүйнөбүздүн согушу болбосун. Адам бойдон калалы… ”

“Өткөндү унутуу – бул акыл-эсинен ажыроо дегендикке жатат. Бул маңкурттук”.

“…Убакыт келип, жазгы каникул башталып, айылга жөнөп калдык. Чоң атам менен чоң энем бетимден өөп, жылуу сөздөрү менен тосуп алышты. Ошол замат баланын таенесинин каргыштары, сөздөрү, кыйкырыктары эсиме түшүп, чоң энем тирүү жана мээримдүү экенине өзгөчө бактылуу болдум”.

Бул Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев демилгелеп, өспүрүмдөр арасында өткөрүлгөн республикалык сынактагы дилбаяндардан үзүндүлөр. “Айтматовдун мен окуган чыгармасы” аталган бул сынак максатына жеткенин үзүндүлөр айтып турат.

Парламентте эл камын ойлогон депутаттарга таңсыктык курч болуп турганда мындай иштер чөлдөгү булактан аккан мөлтүр суу айланасына жан киргизгендей таасир калтырат.

Эл өкүлүнүн мындан тышкары да көп жакшы иштерин угуп келебиз. Пиар деген атайын кызмат тармагы коомдо кенен орун алып, түркүн ишмерлерди шар үйлөп учургандай бир заматта өлкөнүн аяк-башына дүң кылып аткан заманда эл кимиси ким экенин да ажыратууга чамасы келбей калгандай. Мындай шартта элин сүйүп, ак дилден кызмат кылган чыныгы мекенчил уулун таанытуу – ар бир маалымат кызматына парз болушу абзел. “Сени өзүңдүн эмес, өңгөнүн оозу мактасын” деген байыркыдан калган баалуу наркты аздектеп келаткан саналуу асылдарыбызды көмүскөгө калтырбай, көрүнөө коюп үлгү кылуу – биздин милдет. Мына ушул ниет менен Абдывахап Нурбаевди, өткөнүн, азыркысын, жалпы эле ишмердигин окурмандарга кенен тааныштырууну максат кылып, адегенде аны жакындан билген замандаштарыбызга собол салдык.

Алгач окуп бүткөн мектебинин директору Маматалиева Макбурат эжеге кайрылганыбызда, айта берсек сөз бүтпөйт деп, төмөнкүлөрдү ыраазылык менен айтып берди.

Макбурат Маматалиева

Ош шаарындагы №30 Абдураим Алиев атындагы мектеп директору, Эл агартуунун отличниги Макбурат Маматалиева:

Абдывахап Нурбаев биз абдан сыймыктанган бүтүрүүчүбүз. Депутат болгонго чейин эле, ишкерлигин баштаган кезден үзбөй кайрымдуулук иштерин жүргүзүп келет. 90-жылдарда мектеп кышкы суукта жылытылбай, көмүр жакса жылыбай, көмүр да жок, балдар үшүп турган оор абалда классканаларга аристондорду орнотуп, жылуулукту камсыз кылып берген. Ал кезде кичинекей эле ишканада иштечүбүз. Абдывахапты ошондон баштап билебиз. Окуп жүргөндө эле дилгир, мыкты окуучу эле. Биздин көз алдыбызда чоңойгон, жакшы үй-бүлөнүн баласы.

Келечек жаштардын колунда экенине терең маани берет. Өзүнүн ынтызарлыгы менен мектепке келип: “Окугула, келечек окууда, билимде” деп балдарды жакшылыкка үндөп жүрөт. Бул анын зиректиги, дүйнө таанымынын кеңдиги. Кийин депутат болду, ошондон тартып Жапалак айылынын, мектебинин көйгөйүн көтөрүп, көптөгөн жакшы иштерди өткөздү. Анын камкордугунун арты менен мектебибиз шаардык мектептердин деңгээлине жетип, теңтайлаша иштеп атат.

Мектептин материалдык-техникалык базасын толук чыңдаган, алгачкы компьютер, принтерлерди алып келген Абдывахап Нурбаев болду. Андан кийин мугалимдердин компьютердик сабатын жоюуга кам көрдү. Кам көргөндө баштан-аяк кам көрөт. Депутат болгонго чейин эле бош турган кананы капиталдык ремонттон өткөрүп, мектептин чоң залын түзүп, ага 10 миң сомдук китептерди, адабий чыгармаларды берди. Азыр да мектепке келсе, сөзсүз 8-14 томдук баалуу китептерди тартуулайт. Кайда барбасын, “эжеке, ишиңизге көмөктөшө турган китеп деп мага да, мектепке да китеп ала келет. Анткени өзү китеп окуган, китепти сүйгөн, китеп окууга бардыгын үндөгөн, дүйнө таанымы кең адам.

Балдардын билимин арттырууга бир эле мектеп эмес, коом да милдеттүү деген ураан менен иш алпарат. Ушул Жапалактын окуусун андан ары улантып кетүүгө шарты жок жаштарга, бүтүрүүчүлөргө чоң жардамы тийди. 2008-жылдары башталган ЖРТга даярдоо боюнча курстарда ар бир айылдан тандап, тесттен өткөрүп, окууга шарты жок, бирок дилгир, окуй ала турган 50-60 баланын акыларын төлөп окутту. Анан акчасын төлөп койдум, болду дебей, балдар менен байма-бай жолугушуп, окуу менен тарбияны бирге алып кетүүгө шарт түзгөн. Ал балдардын алды иштеп, элге кызмат кылып, ордун таап аткан кези.

Пенде билбесе, Кудай билет, ушул балдардын бактысына жол ачып, жогорку билим алып, элге кызмат кылгыдай даражага жеткирген шарт түзүп берген мына ушул Нурбаев болду.

“Призма” окуу борборунун алгачкы түзүүчүлөрү, мугалимдери: Мелис, Адилет аттуу мыкты балдар менен биргелешип, жаштарды окууга кызыктырып, тарбиялашты. А.Нурбаев тарбиялык иштерге бир эле мектеп эмес, жалпы жамаат катышуусу керек деп, коомчулуктун көңүлүн жаштардын тарбиясына бурду. ЖРТга эле даярдабастан, көптөгөн жакшы иштерге тартышты, жаштар менен карылар үйүнө барышчу. Кечки чайларды уюштурушуп, футбол ойношуп, көчө таптап жүргөн балдарды жакшылыктарга үндөй алды.

2005-2008-жылдары класстан жооп берем деп кол көтөргөн балдарды классташтары шылдыңдап күлүп калышкан. Окуу мааниге ээ эмес, институтту бүтүп алып деле Москвада көчө шыпырып атышат. Андан көрө Россияд иштеп, акча табыш керек деп калышкан. Кээси криминалдык чөйрөнүн адамдарын авторитет тутуп калган. Айыл менен айыл, мектеп менен мектеп болуп чабышып аткан маалда, бир эле мен иштеген Жапалактын мектеби эмес, башка дагы 5-6 мектептин балдарын достоштуруп, ошол кырдаалга да таасир эте алды. Себеби “Призма”, “Секом” окуу борборлоруна барган окуучулардан топ түзүп, ар кандай таймаштарды, КВНдерди уюштуруп, өмүрү сахнаны көрбөгөн балдарга сахнаны көрсөттү. Мындай жагдайлар алардын турмушка көз карашын өзгөрттү. Чоң театрларга акысын төлөп, таймаштарды өткөрүп, ата-энелерди чакырчу. Сонун таймаштар болчу эле. Ошондон уруш-талаш басылып, бүгүнкүгө чейин дос болуп келишет.

Шайлоонун чыр оюндары үчүн да айыл менен айыл мушташкан учурлар болгон. Ошону да максаттуу план түзүп, акылдуулук менен, зиректик менен иш кылгандыктан Нурбаев өз нугуна сала алды. Башкалар деле уюштуруп калышат. Бирок Нурбаевдин тушунда өтө маданияттуу, чеберчилик менен өткөрүлчү. Эл баалаган абдан компетенттүү калыстар тандалып, топторго режиссёрлорду да алып келчү. Андан тышкары, команданын ички чыгымына каражат бөлүп берчү. Жеңген командаларга мектептин материалдык базасын чыңдай турган пайдалуу байгелерди коюп, ал аркылуу да жабдып бердү.

Турмуш шарты оор балдарга институттарга киргенден кийин да көз салып, окуусун бүтүрүп, иштеп калганга чейин жардам берип жүрдү. Булак көрсөң көзүн ач дегендей, айрым балдардын мугалим катары биз байкабаган жөндөмдөрүн ачууга багыт берген учурлары болду. Балдарга жолугушууга келгенде: “Окуганда гана ийгилик келет. Мен жакын тууганым болсо да, кесипкөйлүгү болбосо ишке албайм. Себеби капитализм билимдүүлөрдү, кесипкөйлөрдү гана тандайт” деп үндөөр эле. Абдывахап шаардык кеңеште депутат болуп жүргөндө жашоо көркөм, шайыр-шатман өткөнүн эстейбиз. Азыр Жогорку Кеңеште да кылган иштерин, көтөргөн маселелерин сыймыктануу менен баалайбыз. Быйыл мектептин 60 жылдыгын өткөрдүк, бир күн убактысын бөлүп, эртең менен келип, кечинде кайра кетти. Бул мектепке, балдарга, мугалимдерге көрсөткөн ызаатына өтө ыраазыбыз. Окуучулар менен жолугушуп, агай-эжекелерин куттуктады. Биз анын Кудайдан өмүрүн берсин деп тилейбиз.

Өткөн окуу жылында 1-класска балдарды кабыл алууда бир баладан “келечекте ким болосуң?” десем, “Вахап болом” дейт. Абдывахапты айылдагылар бардыгы Вахап дешет. Мен баланын оюн түшүнө коюп, күлбөдүм. Андан ары сурап, “Вахап болуп эмне кыласың” десем, “элге жардам берем, мектеп, бакча, жол салам, ооругандарга жардам берем” дейт. “Аны сен тааныйсыңбы” десем, “жок” дейт. “Вахаптай болосуңбу” десем, “жок, вахап болом” дейт. Ал баланын ооруп аткан тууганына Абдывахап жардам берген. Демек ошол үйдө көп ыраазычылык сөздөрү болгон. Кичинекей бала ал абасы экенин деле билбесе керек, вахап деген бирөөлөргө жардам берген атайын кесип деп түшүнүптүр көрсө. Ушунун өзү эле Абдывахаптын адамкерчилигин, элге көрсөткөн эмгегин даана ачып берет деп ойлойм.

Эки жылдан бери байге фондуна 100 миң сом бөлүп, “Жаш мугалим” сынагын өтө жогорку деңгээлде өткөрүп жатат. Критерийлеринде баса көрсөтүлүп, чыгармачыл, илимий изденүү менен иштеген мугалимдерди таап чыгып атат. Педагогикалык чеберчилик, ошондой эле өз предмети боюнча усулдук чеберчилик жаатында изденген чыгармачыл жаштар тандалууда. Бул алардын өз кесибин андан ары да терең изилдеп, тажрыйба топтошуна шарт түзөр сонун дем Нурбаевдин жумшаган каражаттары сөзсүз максаттуу, натыйжалуу иштерге бөлүнөт. Жөн эле берип койбостон, пайдалуу иштерге каражат жумшайт. Мугалимдерге сынак өткөрүү менен материалдык да, моралдык да колдоо көрсөтүп келет. Алар ушуга муктаж эле, ушуну көрө билгенине баа берем.

Абдывахап Нурбаев мандатын да эң туура пайдаланган депутат болду. Ага чейин деле, андан кийин деле депутаттар болгон. Мына шайлоо болот дегенде келип, миңдеген долларларды чачкан, андан кийин ошол бойдон көрүнбөгөн депутаттарды көрүп жүрөбүз. “Берип атканымды тарт”, “маалымат бергиле” деп, пиар максатында иш кылган депутаттарды көрүп атабыз. Анан Абдывахапты элдин бактысына жаралган деп чын дилден айта алабыз. Эл үчүн кызмат кылган азаматтардын бири, өмүрүнө береке берсин, ден соолук берсин!

Бекмурза Зулуев

Ош гуманитардык педагогикалык институтунун ректору, педагогика илимдеринин кандидаты, профессор Бекмурза Зулуев:

Абдувахап Нурбаевди мекенчил адам катарында кыргыз элине кызмат кылган, өзүн өтө эле даңазалай бербеген, дайыма эл үчүн ак кызмат кылган адам катарында жакшы билем. Парламент депутаты болгонго чейин эле, шаардык кеңеште депутат болуп турганда, өзгөчө билим берүү чөйрөсүнө көңүл буруп келген. Агай-эжекелерге көп колдоо көрсөтүп, алардын статусун, айлык акысын көтөрүүдө, моралдык жактан колдоо көрсөтүүдө көп иштерди аткарып келатат. Мына акыркы эки жыл ичинде Ош шаарыбызда “Жаш мугалим” сынагын уюштуруп, жаш мугалимдерге шык-дем берип, алардын мындан аркы эмгектенишине чоң өбөлгө түзүп атат. Андан тышкары, карапайым элдин да мүдөөлөрүн угуп, маселелерин чечип берүүдө.

Студенттер менен жолугушууларда баалуу кеп-кеңешин айтып, жакшынакай идеяларын берип, алар менен тынымсыз кызматташып, алардын да ойлорун угуп турат. Ошондуктан айткым келет, мезгил келди: Нурбаев өңдүү мекен үчүн, эл үчүн кызмат кылган инсандарыбыз көп болсо, өлкөбүздүн өнүгүшү үчүн абдан жакшы болор эле.

Нурсултан Назарбаев атындагы университеттин профессору, билим берүү илиминин доктору Дүйшөн Шаматов:

Коомубузда Жогорку Кеңештин депутаттары тууралуу ар кандай пикирлер айтылып келет. Алардын деңгээли, өз кызыкчылыгын гана коргоп калгандыгы, туруктуу саясий багытты алып кетпегендиги кескин сынга кабылууда. Бирок депутаттардын арасында дайыма элдин талабын коргогон, олуттуу суроолорду коюп, керектүү маселелерди көтөргөн депутаттар жок эмес. Алардын бири – Абдывахап Нурбаев.

Анын Жогорку Кеңеште өзгөчө билим, илим, маданият тармагында элге пайдалуу маселелерди көтөрүп келгенин көрүп, абдан ыраазы болом. Өзгөчө сыймыктанганымдын себеби, Абдывахап менен жаш кезден жогорку окуу жайда окуган учурда таанышып, андан кийинки кадамдарыбыз да чогуу болгон. Пикирлеш, дос болуп жанында жүргөн адам катары анын ушунчалык мыкты саясатчы болуп калыптанганына, өнүккөнүнө сүйүнөм.

Нурбаевди жанында жүргөн достору жөн эле Вахап досубуз дейбиз. Анын достугу, досторго кылган мамилеси жөнүндө жана достордун Вахапка болгон урмат-сыйы жөнүндө айткым келет.

Кеңеш айылындагы Вахаптын досторуна кошулуп калганымдын себеби мындай болду: 4-5-курстарда окуп жүргөндө, тажрыйба иши үчүн алардын айылына барып калгам. Ошол жактан алар менен футбол ойночубуз, майрамдарда жолугуп баарлашчубуз. Жакын досум Марс Карабаев аркылуу анын баардык достору менен тааныш болуп калдым. Арасында Вахап дайыма орду менен сүйлөп, тамашаны да өз орду менен айтып, олуттуу көз карашы менен айырмаланчу. Бир нерсени байкаганым: башка бардык достор Вахапты урматтап, баалап турушчу. Вахаптын сөзү салмактуу эле. Биздин лидерибиз деп, баары ага сый менен мамиле кылганы байкалчу. Аны менен ашыкча тамашалашпастан, Вахап айтсын деп, олуттуу жерлерге алдыга салып алышчу. Ал да бой көтөрүп, менменсибестен баарына бирдей мамиле кылчу. Эч кимди кемсинтчү эмес, эч кимди ардантчу эмес. Бирөө кыйналып аткан болсо, эч кимге билдирбей жардам берип, алардын маанайы жарык болсо, өзү да ошого кубанып жүрөр эле. “Оң колуң кылганды сол колуң көрбөсүн” дегенди иш жүзүндө аткарып, кылган ишин эч качан эч кимге мактанбай, даңазалабай, жөн гана жасап койчу.

Дүйшөн Шаматов

Вахаптын ушундай ийгиликке жетишкенинин сырлары – анын табияттан өжөрлүгү жана ата-энесинин жакшылык, соопчулук кылуу менен ийгиликке жетесиң деген тарбиясынан десек болот. Тапканын дайыма жакшылык кылууга жумшаганга аракет кылат. Колунда жоктордон жардамын аянбайт. Мына ушундай иштер менен ийгиликке жетиши мыйзам ченемдүү иш. Жаш муунга ушундай адамдардын өмүр баяны үлгү болушу керек. Вахаптын баскан жолу – мен дагы ушул адамдай баарына түз мамиле кылсам, бирөөнүн акысын жебесем, жакшылык кылсам, өжөрлөнө аракет кылсам ийгиликке жетишем деп туурагыдай жол.

Эгер адам өзүн өнүктүрүп турбаса, жөн эле өжөрлүктөн майнап чыкпайт. Вахаптын мени суктандырган дагы бир касиети – ал убакыт таап, китепти көп окуйт. Башкаларга да пайдасы тийсин деп, өзү окуган китептерди белек кылып турат. Жакшы китеп болсо, келгиле кыргызчага которолу деп, демилге кылган балдарды да дайыма колдоп келатат. Себеби ал китеп аркылуу элди руханий жактан байытып, бакубаттыкты арттырып, эл турмушун оңдоого болот деген пикирде.

Бир топ жылдар, тилекке каршы, Вахап экөөбүз сейрек жолуга турган болуп калдык. Анткени мен чет өлкөдө окуп жүрдүм. Ошол учурда Вахап курулуш тармагында бир топ ийгиликтерди жаратып, көптөгөн жакшы иштерди жүргүзгөн экен. Сырттан келгенде Вахаптан чоң өзгөрүүлөрдү байкадым, ал саясатка кызыга баштаган. Кызыкканда саясаттын керектүү жагын гана тандап алган. Билим берүү тармагына өзгөчө кызыкдар болгондуктан, экөөбүздүн пикирлерибиз дал келип, кайрадан өтө жакын достордон болуп калдык. Байкасам, ал билим берүү аркылуу, же адам ресурстарын өнүктүрүү аркылуу өлкөбүздүн экономикасын, дегеле турмушунун ар кыл багытын өнүктүрсөк, Кыргызстан Сингапур, Финляндия сыяктуу өнүккөн мамлекет болот деп ишенет. Бул Вахаптын жашоо философиясындагы кескин өзгөрүүбү же мен мурда байкабай жүргөмбү, кандай болсо да, мен билим берүү тармагынын адиси болгондуктан, экөөбүз көбүрөк пикир алышып, көбүрөк жолуга турган болдук. Максатыбыз – бала бакчадан баштап, жогорку окуу жайына, илимдин эң бийик тепкичине чейин Кыргызстандын билим берүү сапатын жогорулатуу, дүйнөлүк жогорку сапатка кантип жеткирсе болорлугун аныктоо. Эмнеден артта калдык, саясий эрк менен эмнени өзгөртүшүбүз керек, эмнелерди жаратып, эмнелер керек деген маселелерди көп талкуулачу болдук. Анын билим берүүнү колдогону мени да абдан сүйүндүрөт.

Жогорку Кеңеште билим берүүнүн сапатын көтөрүү, илим жаатында кандайдыр бир маселе көтөрүлгөн болсо, сөзсүз А.Нурбаевдин аты бар, же демилгечи, же өзүнүн олуттуу, салмактуу пикирин, салымын кошот.

Билим тармагында, окуучулар арасында да ар кандай сынактарды демилгелеп келет. Жакында эле “Айтматовдун мен окуган чыгармасы” деген сынак өткөрүп, абдан жакшы жыйынтыктар болду. Мугалимдик кесиптин ардактуулугун белгилеп, артыкчылыктарын даңазалоо максатында “Жаш мугалим” сынагын өткөрүп атат. Бул дагы чоң колдоого ала турган иш чара.

Сөзүмдү Вахаптын досторго кылган мамилеси тууралуу кебим менен аяктагым келет. Ушундай даражага жетсе да, айылына барып, достору менен убакыт өткөргөнү, алар менен рахаттана баарлашканы көз алдымда. Турмуш өйдө-ылдый болот экен, жакын досторубуздан айрылып калдык. Ошол көзү өткөн досторубуздун үй-бүлөсү, балдары үчүн да кам көрүп келгени өзгөчө мактоого татыйт. Андай иштерди Вахап колунда бар адамдын парзы деп гана эсептеп, эч качан айтпайт.

Ушундай кыргыздын эр азамат уулу, айткан сөзү менен жасаган ишинде ажырым болбой, төп келишкен, таза саясат алып жүргөн Абдывахап Нурбаев менен пикирлеш, замандаш, дос болгонума абдан сыймыктанам.

Эркин Европа/Азаттык радиосунун Борбор Азия боюнча кызматынын жетекчиси Венера Жуматаева:

Абдывахап Нурбаев кандай болбосун чечимди он ойлонуп чыгарган салмактуу, салабаттуу саясатчы катары таанылып калды. Убагында башкалар сындагандан корккон Оштогу «чоң муштум» жетекчини ачык сындап чыкканы эсимде. Андан кийин билим берүү, балдарды тарбиялоо маселелеринде алдыңкы ойлорду айтып, мыкты сунуштарды киргизгенин көрдүк. Ыраматылык чынчыл журналистибиз Уланбек Эгизбаев өкүл ата кылып шайлаганда башкалардай болбой өз жердешин, же ашынган байды тандаган жок деп колдогонбуз.

Венера Жуматаева

Абдывахап биздин Улан жанагыдай кайгылуу өлүмгө туш болгондо бир тууган агасындай туруп берди. Кыргыздын түйшүктүү сөөктү узатуу тажыясына баш-көз болуп, Уландын ата-энеси, туугандарынын, калың элдин батасына татыды. Мен ошол окуяларды терең кайгыруу менен, ошол эле учурда чоң жоопкерчилик катары кабыл алган Абдывахапка, анын үй бүлөсүнө терең ыраазычылык билдиргим келип жүргөн, ушул учурдан пайдаланып, баарыбыздын атыбыздан рахмат айткым келет. Туугандын да тууганы, достун да досу болот эмеспи. Абдывахап жакындарына кандай күйүмдүү, камкор мамиле кылса, жалпы элине, мамлекетине да ошондой ак ниет мамиле кылат деп ишенем.

Замандаштарыбыздын жылуу пикирлеринен кийин Абдывахап Нурбаев менен маекке ого бетер куштарлык артты. Эл уулунун иш ордунан элдин аягы үзүлбөстүгү турган иш да. Тынымы жок кабыл алуу, жолугушуу, чогулуш коштогон иш күнүнөн өзүнө мүнөздүү ызат менен бизге да убакыт бөлдү…

(Уландысы бар)

Даярдаган Жетиген АСАНБЕК

«РухЭштин» өспүрүмдөр арасында жарыяланган конкурс жеңүүчүлөрү сыйланды (фоторепортаж)

 

15 Replies to “Өрнөктүү эл өкүлүнүн коом агартуудагы эмгектерин билесизби?”

  1. Эң мыкты ийгиликтерди жараткан эл өкүлдөрүнүн бири мына ушул инсан…
    Ишиңизге ийгилик…

  2. Аттин парламенттеги депутаттардын баары ушундай ой жугуртушсо кана. Кыргызстан эчак онукмок. Япония эн корогоч калк экен эн чон капиталды билим берууго жумшайт. Азыркы коом билимдуу адамды эле эмес, адеп ахлагына кошо суусап турган учур. Сиздейлер кобойо берсин.

  3. Абдывахап агабыздын осуп
    келе жаткан жаш муундарды колдоосу — олкобуздун осушуно кошкон чон салымдардын бири. Ишинизге ийгилик! Тактык, калыстык, чынчылдык сиздин аткарган ишинизге уютку болсун!

  4. Бирөөнүн жакшы сапатын, жетишкендиктерин, кылган ишинин мыктылыгын баалай билүү да инсандын мыкты сапаттарынын бири.Эмнеге пайдалуу жумуштарды аткарып , элдин аялуу катмарын колдоп, колунан келген жардамын берип келе жаткан Абдывахап Нурбаев жөнүндө жакшы сөз айта албайбыз . Агайдын жасаган иштери көбүнчө билим берүү , медицина тармагында болуп, мугалимдердин айлык маянасын жогорулатуу керек деп жан куйдуруп келгени жүрөк жылытат.

  5. Жаштарды колдоп коштоп аларга маралдык матиралдык жардамын аябай эле берип келатканы ырас жана чындык.

  6. Шайлоого карата ушинтип өзүн мактаткандардан эмеспи мунуңар? Баары эле башында кыздын баласындай сопсонун көрүнүп, кийин эле былыктары чыгып калчу эле бизде

    1. Макаланын мазмунун окуп көрүңүз. Бизге эч ким өзүн өзү мактаттыра албайт. Оңой менен мактай койбойбуз ))).

  7. Нуртаевди чыныгы элитанын өкүлү десе болчудай, мура-кийин бул кишинин ишмердигинен кабарым анча жок эле, ушул сайт аркылуу гана балдарыбызга уюштурулган конкурстан кийин көңүл бурсам, чын эле дайыма парламент трибунасынан билим проблемаларын козгоп турат экен. Демек өзү билим тармагынын агартуучусу экенине бул жерден ынандым. Бизде Нарын тараптан чыккан депутаттарыбыз дагы ушул инсандын өрнөгүн кайталаса канакей!!!

  8. Эгер өлкөдө кылмыштуулук азайсын деген саясат жүргүзөөр болсок анда сөзсүз билимге, маданиятка басым коюлуп, так ушул Нурбаевдин жолун туураган ишмердик керек баарыбызга. Элибиздин келечеги бир гана билим жолунда экенин түшүнсөк гана оңолобуз.

  9. Кудай колдосун, эл колдосун Абдывахап мырзаны. Мына ушундай эмгек кылгандарды даңазалап жазбайбы журналисттер. Качан болсо эле жемкорлорду каарман кыла бербестен.

  10. Мен мурда Абдывахап Нурбаевдин мындай иштери жөнүндө эч билген эмесмин, ушул жерден окуп аябай ыраазы болдум бул депутатка. Мына, чыныгы элдик уул ушундай жөнөкөй жол менен келечекке карай баарыбызды үндөйт!

    1. Кыргызстандын аймагында билимдүү келечек үчүн өзүнүн болгон күч аракетин жумшап. Билим берүү тармагында мыкты адистерди жаш мугалимдерге деп күч берип аттын кашкасындай белгилүү боло баштады. Абдувахап агабыздын иштерине ийгиликтерди каалайбыз.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.