Кыргызстанга дүйнөнүн төрт тарабы ачык заман болгону менен, орошон таланттарыбыздын көпчүлүгү капиталисттик доордун табиятын түшүнүп-түшүнбөй жашап атыры. Искусство баалуулуктары чегара тоскоолдугун билбейт дегенибиз менен, сүрөт өнөрүнүн айрым таланттуу өкүлдөрү өздөрүнүн гана чеберканасында бекинип, кээси жертөлөдө, кээси үйүнүн чатырында сүрөтүн тартканына каниет этип, рухий ыракаттын кумарынан чыкпаган жайдаң жашоолоруна биресе суктанасың, биресе таңгаласың…

Көңүлүңдү уйгу-туйгуга салат кээси. Биз буудай кууруган тилибиз менен жеткире албаганды кылкалемдин учунан туюнткан касиет-жөндөмгө эгедер замандаштарыбыздын бири Айып Алакунов – табиятынан жулунуп-жулкунбаган, өтө жөнөкөй, өтө кичипейил мүнөздөгү талант. Баарыбыз эле материалдык дүйнөнүн артынан кубалап калган кезеңде, бу жигитибиз телегейи тегиздей, деле ченемсиз байлыкты үй ичи толтура үйүп койгондой ток пейил жүрө берген сүрөтчүлөрдөн десең.

– Башкаларга окшоп сүрөт көрсөтмө уюштуруп, картиналарыңды сатыкка койсоң болбойбу, – дейм ачык тилдей албай.

– Уюштурганда эмне?.. Сатып алчу кардар мени эле карап туруптурбу? – деген кайдыгер жообу даяр экен мага.

– Ала-Тоо аянтындагы сүрөтчүлөрдөй болуп деле, галереяга сатыкка койсоң кантмек? Алардын базары кайнап, картиналары биринин артынан бири сатылат экен го… – дейм намысын козгомокко.

Үндөбөйт… Баш чайкайт муну укса. Басып барчу түрү жок ал жакка. Өз калеминен жаралган эмгектер жеңил-желпи мүнөздөгү картиналардын арасында турушун каалабаганы ушул да дейм ичимден…

Чынында профессионал сүрөтчүлөрүбүздүн көбү ушундай мүнөз келишет бизде.

Айып Алакунов да көркөм сүрөттү баалай билген кардарын гана күткөндөрдүн бири. А тилекке каршы, бизде көркөм сүрөттүн баркын-баасын чындап түшүнгөндөр чанда кезигет.

Сүрөт рыногу жок профессионал художниктер үчүн «РухЭш» сайтында мындан ары таланттуу кылкалемгерлерге арнап галерея ачсакпы дедик. Алардын эмгектерин жамы журтка жайылтып, сайтыбыздын бир бурчуна картиналарын жайгаштырып койсок, каалаган кардарлары чыгып калар дейбиз…

Учурда кыргыз урпагы жүрбөгөн дүйнөнүн кайсы бурч-бурчеги калды? Жер шарынын чар тарабында жүргөн мекендештерибиздин арасында Айып Алакуновго окшогон таланттардын эмгегин баалаган, сүрөтүн сатып алууну каалагандар чыгып калар мүмкүн. Алыста жүргөн мекендештер арасында үйүнүн дубалына же ишкана-кеңселерине улуттук колориттеги сүрөт издегендер чыгып калышы да ыктымал деген үмүт менен Айып инибизди сөзгө ийитип, эпке көндүргөнсүдүк. Береги сүрөттөрү менен таанышкан кээси көркөм сүрөттүн наркына, баркына түшүнсө Айып Алакуновдун өзү менен фейсбук же 0551 442080 номурлу WhatsApp аркалуу байланышабы, айтор, күлүктү күнүндө, тулпарды тушунда сүрөөнү ниет кылгандар чыгып калса дейбиз!

Олжобай ШАКИР

 

2 Replies to “«РухЭште» сүрөтчүлөр үчүн көрсөтмө ачылды (Айыптын галереясы)”

  1. Сонун идеяны которупсунор, ийгилик каалайым, туура эле суротчулор тартып алардын эмгегин аз да болсо реклама кылсанар бир топ эле комок болмок..

    1. Ооба, мындай идеялар колдоого алынса жакшы эле болмок, менин да сүрөтчү досум бар турмушка эпсиз, турмушка кайдыгер. Ошол таланттуу досума мен да боорум ооруйт кээде.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.