АҢГЕМЕ

Күндүн нуру тээ алыстан көгүлтүр-бозомтук болуп өркөчтөнгөн тоонун чокусуна мына-мына жашынайын деп калганда, машинабыз айылга жакындады. Жакындаган сайын жүрөгүмдүн согушу тездегендей, өпкөм көөп, көкүрөгүмө батпай калгандай сезилип, бир башкача кубанып барам. Албетте, ким болбосун туулуп өскөн айылына сагынып келгенде ушундай абалда болсо керек. Мына, айылга да кирдик. Айылдын чоң жолуна түшөр замат, бададан кайтып келаткан мал-жандыктар көзгө урунду. Каңылжаарды өрдөгөн тезек аралашкан көк чөптүн жыты мага ушунчалык жагымдуу сезилди. Уйларын айдаган тестиерлер бейтааныш машинаны нары сынагандай, нары таңыркагандай карап коюшат.

Уйлары ого бетер маалкап машинага жол бербей, өздөрүнүн жолун улап баратышат. Айыл узунунан жайылган, башы капчыгайга барып такалган сыяктуу. Биздин үй ошол баш жагында. Акырын жылып отуруп айылдын так ортосунда жайгашкан мектепке да жетип калдык. Эх мектебим, мектебим. Тимеле көзүмө сонун көрүндү. Биз окуп жүргөндө мектептин сырт көрүнүшү таптакыр башкача эле. Биз тиккен бак-дарактар азыр дүпүйгөн бакчага айланыптыр. Сонун көрүнүш. Тигине спорт аянтчасы. Ойлорум сапырылып тээ балалык күндөрүмө кайрылып кеткенсиди. Классташ кыздарым чогулуп спорт аянтчасынын берки бурчунда шаңкылдашып турушкандай. Бала кыял, оюнкараак Нургүл, олоң чач Айжан, созулган Бактыгүл, кыялкеч Гүлбарчын, эркек мүнөз Элнура, шакылдаган Чынара, темир асмаларга жөлөнүп алышып, ырчы Токтоканды, анын кубулжуган ырын өтө кунт коюп угуп турушкандай. Баса, балдар каякта? Алар аскерге чейинки даярдык сабагында окшойт. Болбосо адаттарын калтырбай кыздардын тынчын алып тийишип кетишмек да. Анан кубалашып ойношмок.

Азыр башка класстардын окуучулары нары жакта футбол, баскетбол ойноп жүрүшкөнүнө көңүл бурбастан, Токтокандын мукам үнүн тыңшап турабыз. Эмнеге биз кошулбай, коштобойбуз, кызык? Аа, бул ыр Токтокандын тээ биринчи класстан бери ырдап келаткан ыры турбайбы. «Ак чыны». Кичине кезибизде баарыбыз тең бул ырды жатка билчүбүз. Эмнегедир азыр сөздөрү эсибизде жок. Мүмкүн Токтокан ошо кымындай кезинде эле бул ырды сонун ырдаса керек, анан биз ошого кызыгып кошо жаттасак керек. Эмнеси болсо да, биз Токтокандын ырын өтө берилип угуп жаткандайбыз. Токтокандын атын эстээр замат кандайдыр бир башкача сезим бүткөн боюмду аралап кеткенсиди. Бул кандай сезим — өзүм да бүшүркөп турдум. Балким тээ алыста калган балалыгым Токтокан сыяктуу кайра кайткыс кусалыкпы, сагынычпы же өкүнүчпү, айтор түпкүрдөн удургуп чыккан сезим эле. Таң калыштуусу, өзү жакшы көрүп ырдаган ак чынынын тагдыры — жайдар мүнөз, шаңкылдаган ачык, кабагым-кашым дебестен шар жүргөн бул ак саргыл кызды алдыда күтүп турганы үч уктасак да түшүбүзгө кирбейт болчу. Дал ошол ак чыныдай колдон түшүп, быркырап талкаланары бир жалгыз жаратканга гана маалым болсо керек. Бул шайыр кыздын аянычтуу тагдыры акыр соңуна чейин көз алдымда…

Дүркүрөгөн союз алсырап, алдан тайган кез биздин ак мектеп босогосун аттаган мезгилге туш келди. Биздин үй айылдын эң башында, андан ары буудай аңызы, андан ары жайылып тоолор. Тоо этектеринде аппак болуп малчылардын үйлөрү көрүнүп турар эле. Айыл менен ал үйлөрдүн ортосун төрт-беш чакырым бөлүп турчу. Токтокан да ошол үйлөрдүн бириндеги малчынын үй-бүлөсүндө өскөн чыйрак кыз болчу. Дегинкиси алардын үй-бүлөсү абдан чоң эле, бирок баардык балдары табиятынан көп нерсеге шыктуу, дилгир, мектептин алдыңкы окуучуларынан болушчу. Мектепке айыл четиндеги кыштоодон кабагым-кашым дебей барып-келип окушчу. Биздин аймактарда кыш өтө катаал болуп, белчебизден карды кечип, кара терге түшүп, мектепке араң жетчү элек. Ар күнү Токтокан эже-байкелери менен келатып, мага кайрылчу. Экөөбүз али таптала элек карды жиреп мектепке жөнөйбүз.

Мугалимибиз Ырыс эже ар бирибиздин көк муштум болуп тоңгон колдорубузду ушалап, жылытып, өтүктөрүбүздү чечип, мешке жайып кургактап, селейип тоңгон буттарыбызды да мешке кактатчу. Байкуш эжекебиз кыштын кыраан чилдесинде бизди ушинтип оорудан калкалачу тура. Жылып, бетибизге кан жүгүргөндө гана сабакты баштачу.

Ошондой катаал күндөрдө да ар күнү алты-жети чакырымды басып, таманынан өткөн сызга карабай, керээлден кечке кезерип, окуусунан бир да күн калбай жалаң мыкты бааларга окуган бою кичинекей, ак-саргыл кыздын турпаты алигиче эсимде. Бала болсом да ал кызга суктанчумун. Ал өтө чыдамкай, бышык эле. Суукка моюн берчү эмес, суук тийип, ысытма болуп ооруганын эч көрбөдүм. Мен болсом бир жума мектепке барсам, эки жума ооруп төшөктө жатчумун. Апам дайыма Токтоканды мисал кылчу: “Карачы, кандай бышык кыз”.

Анын дагы бир өзгөчөлүгү, айланасын бир заматта шаңга бөлөп, майрам кылып жиберчү. Ырыс эжекебиз ар бир майрамда ата-энелерибизди чакыртып, бизди ырдатып, бийлетип, концерт уюштурар эле. Андай майрамдарды Токтокансыз элестете алчу эмеспиз. Ортого чыгып мукам үнүн созолонтуп коё берер эле.

Чаңкаганда чай ичкин деп сен мага
Белек кылып бердиң эле жаш сулуу
Колдон түшүп сынып калды капыстан эээй,
Атаганат өмүрүңдүн аздыгы.
Ак чыны, ак чыны,
Атаганат өмүрүңдүн аздыгы.

Шаңкылдап күлүп атып эле, кимдир-бирөө жаңы сызгыч же жаңы калем алып келгенин көрүп калса, меники мындай жок деп шолоктоп ыйлап калган күндөрү да аз эмес.

Жылдар жылга алмашып, биз да мезгил менен тең жарышып, алдыга умтула бердик. Союздун тарашы менен Токтокандар да үй бүлөсү менен жакадагы үйүнө келип, чоң там куруу менен алек болуп калышты. Баягы кымындай балдар бой салып, мырза теректей ыргалып чыга келишти. Чоңойгон сайын көркүнө чыккан классташ курбуларым да эл көзүнө көрүнүп калгандай. Спорт аянтчасында чогулган кыздар шаңкылдашып, сырдана күлкүлөрү эл көңүлүн бурат. Спорт аянтчасындагы ойноп жаткандардын да көздөрү бизде. Мүмкүн алар дагы Токтокандын ырын угуп жатышкандыр. Курбум Нургүл бизден бир жашка улуу бала Токтоканды сураганын айтат. Антсе ал байкуштун эки бети албырып, уялганынан тиги баланы муштап, кубалап жөнөйт. Ошентип ырдын аягы кубалашып ойноого айланат. Бир аздан соң биздин класс жетекчибиз Бейшегүл эже илбериңки басып, колуна класстык журналды көтөрүп жаныбызга келет. Адатынча анча катуу чыкпаган добушу менен акырын сүйлөп баштайт.

— Кечээ Айжан себепсиз келбей койдуң, айтып койбойт белең, и-и сен айылдын наркы башында, мен берки башында жашайт эмесминби, жеткенче күн кирет да ээ? – акырын какшык менен чымчып өтөт.

Эжейибиз абдан назик болгону менен сөздөрдү күтпөгөн жерден чукуп таап, тамаша-чыны какшыктап сүйлөгөн мүнөзү бар адам. Класстагы балдар, кыздардын убайымын бир далай тартты. Баарыбызга энедей камкордук көрсөтүп, өзгөчө кыздарга аябай тартып турар эле.

Бала кезимде кандай болсом, чоңойгону деле ошондой бойдонмун. Көп ооруйм. Шамалдап калсам эле төшөккө жыгылам. Бүтүрүүчү класстарда окуп жүргөндө, көбүнесе ооруп жүрүп, убакыттын кандай өтүп кеткенин да баамдай албай калдым. Кыштын суук күндөрүндө да Нургүл баштаган топ кыздар мектептен үйгө жөн кайтпай, балдар менен кар чачышып ойноп, бүткөн бойлору суу болуп, ал суу кийимдери муз болуп тоңгондо араң кетишчү. Ошол кезде окуучулар арасында «суроо-жооп дептери» өзгөчө шаанилүү. Тимеле укмуш сырды ачкансып кудуңдап толтурабыз. Курбуларым кезек-кезеги менен жооп толтуруп келип, Токтоканга жеткенде эки күн бою бербей жүрүп, анан апкелип мага акырын шыбырады:

— Эч кимге окутпа ээ?

— Кимге окутсам экен я? — мен дагы жөн калбадым. Шаша-буша ичин ачканымда эстелик калтыра турган бетке төрт чарчы кагазды терезе сымал чаптап, ичине өзүнүн паспортко түшкөн сүрөтүн чаптап коюптур.

— Ай кыз, мындан башка сүрөтүң жок беле?

— Башка сүрөт жок экен, — күнөөкөр жылмайды.Сүйүктүү адамыңыз барбы деген суроого үч чоң тамганы жазып койгон экен. Ал үч тамганы ким деп көпкө башым маң болду.

— Эми сүйгөнүңдү ачык эле жазып койбойт белең, каадаланбай, – ага да тийиштим.

— Койчу, кийин билесиң, азыр сыр эле болсун. – шаңкылдап койду адатынча. Ошол сырын билбеген бойдон кала бердим. Деги эле эч ким билбесе керек. Бул кыздын жүрөгүндө түнөк тапкан адам ошол бойдон белгисиз кала берди. Убакыттын өтүшү да ал суроомду унуткарып кеткенин кара. Башка кыздардай болуп шынаарлашып, шыңкылдашып балдар менен сүйлөшүп турганын эч качан, эч жерден көрбөдүм. Курбум Нургүлдүн үйүнө жакын жерде жашашкандыктан, мектепке да чогуу келишчү. Эстегенде Нургүлдөн:

— Токтокан кимди сүйөт, сага айтпайбы? – деп сураганым бар. Антсем аным деле ийинин куушуруп:

— Билбейм ай, андай-мындайларды сүйлөшпөйбүз…

Химия сабагы, узун бойлуу, салабаттуу Солто агай… Токтоканды эстегенде ушул башка сабактарга караганда химия, Солто агай көз алдыма тартылат. Химия сабагын Солто агайдын купулуна толорлук жалгыз Токтокан гана билчү. Башкаларыбыздын жоопторубузга агай ыраазы болбогондой сезилчү. Өзү мектеп мүдүрү болгондуктанбы, өтө сүрдүү, салабаттуу эле (жаткан жери жайлуу болсун). Агайдын жанынан тизелерибизди майда калтырак басып турчу. Көз карашы терең, өтө терең агай Токтоканга эсеп чыгарткан сайын ыраазы боло:

— Касымалиева сен сөзсүз окууңду улантышың керек, сөзсүз жогорку окуу жайга тапшырышың керек! – деп өктөм сүйлөөр эле.

Бул сөздөрүн кийинки сабактарда Токтокан тактага чыгып жооп берген сайын кайталачу. Кудум мурунку жолу айтканын эсинен чыгарып койгондой. Мүмкүн кайран көсөм киши бул кыздын тагдырын алдын ала сезген чыгар. Же анын жашоо шартын билгендиктен, атайын шык берип үндөгөнүдүр.

Көөдөнгө толгон сезимдери менен акыркы коңгуроо күнү да келди. Баарыбыздын жүзүбүздө кубаныч, өкүнүч тургандай. Акыркы коңгуроого арналган ырды Токтокан ырдады, ырдап бүтүп, ыйлап да жиберди. Көпчүлүктүн да көздөрүнө жаш айлантты. Ошол көпчүлүк алдына кайра кайрылып келип мукам үнүн созолонтуп ырдабасын… эч ким билген жок да…

Бүтүрүү экзамендерибизди жакшы тапшырдык. Ким кайсы окууга тапшырат, каякка барат — ар ким ар кандай жооп берип жатты. Бир гана Токтокан башын жерге салып, баягы бала кезиндегидей ыйлап жибере жаздап, капалуу жооп берип жатты. Анын келечегин ойлогудай ата-энесинин чамасы жок эле. Колдорунда жок болгондуктанбы, мүмкүн алар да караңгылык кылыштыбы, Токтоканды окууга алып бара албайбыз дешиптир. Бирок менин ата-энемдин деле каражаты жетпейт эле. Ошого карабай окуйсуң, республикалык тестирлөө чыгыптыр, ошого барасың деп чечишти. Мен борбор калаага жөнөп кеттим.

Кийин уксам, биздин мектептин окуучуларын башка районго алпарып республикалык тесттен өткөрүшкөн экен. Өтө тургандар элүү сомдон чогултушуп, машина айдатып барышыптыр. Эх, караң калгыр элүү сом! Токтокандын ата-энеси аны жиберүү үчүн элүү сом табалышпай, ал калып калган экен. Тагдырдын ачуу тамашасы бул жолу Токтоканды катуу калчаптыр. Колдо бар алтындын баркы жок болуп, тестирлөөдөн өтпөй кала берди.

Башкалар баарыбыз ар кайсы окууга өтүп, маңдайыбыз жарыла кубанып жүрдүк. Күзүндө окуу да башталып, биз жаңы жашоо шарданына аралашып, Токтоканды эстегенге чолобуз тийбеди.

Бир күнү Нургүл келип:

— Токтокан иштеп жатыптыр, барып келели, — деп калды.

Туугандарынын батиринде турат экен. Өмүрүндө үйүнөн алыс чыкпаган кыз, чоочун жер, чоочун адамдар менен иштешкенгеби, айтор жүдөп, азыңкы тартып калгандай. Бир-эки сааттай сүйлөшүп, ар нерсени сурамжылагандай болдук. Эсимде калганы — сэндвич өндүргөн жерде иштээрин, ишкана имараттын жер төлөсүндө жайгашканын, ичи абдан ысык экенин божурап берген. Мен тиш доктурга кеттим. Нургүл Токтоканды кайра жашаган жерине жеткирип кайтаарын айтып, жанында калды. Ошондон көп өтпөй Токтокандын турмушка чыкканын уктук.

Классыбызда кичинесинде окуп кеткен кыз бар эле, калаада биз менен байланышып турчу. Нургүл экөөбүз Акылайдын үйүнө да барып, далай жолу мейман болгонбуз. Ошол Акылай аяш атасынын баласына Токтоканды тааныштырып, ал балага дароо жагып, ой-боюна койбой ала качып кетишет. Барган жери да жөнөкөй, жакшы адамдар экенин Нургүл курбум айтып келди. Көрсө, Акылай экөө келиндин курбулары болуп барышкан экен.

Ырас, кыздын багы ачылыптыр, эгер чын эле барган жери жакшы болсо деген ойдо калдым. Билинбей күндөр өтүп, Токтокандын турмушу унутта калды. Кийинки жазда кыздар-балдар чогулуп, Токтокандын туулган күнүндө жаңы төрөлгөн кызын көргөнү; эки иштен бир иш деп чогулмай болдук. Мен чогулар жерге кечигип барып, мени күтпөстөн кетип калышкан экен. Кийин гана Токтокандын жолдошу дурус жигит экенин, бизди абдан күткөндөрүн, баргандарды жан-алдары калбай сыйлашканын айтышты. Өкүнүп калдым, ошондо барсам кана!

Токтокандын туулган күнү да өзүндөй жаркылдаган март айында болчу. Ошол жаздын каргашалуу болгондугун да кеч билдик. 1-май күнү досторум менен чогуу борбордогу аянтка бет алдык. Эл жык толгон аянттан баш адашат. Атайын даярдалган парад, концерт аяктаган соң, кайтууга камындык. Капилеттен көпчүлүктөн бирөө мени чакырып калды. Карасам, Акылайдын сиңдиси.

— Кандайсың, майрамың менен! — кучактап жүзүнөн өптүм. — Акылай, апаңдар каякта, келиштиби?

— Жо-ок, апамдар ооруканага кетишкен, – мукактана калды.

— Эмнеге, ким жатты эле?

— Уккан жок белең, Токтокан жатат, ошого кетишкен.

Түшүнө бербедим.

— Эмнеге, ага эмне?.. Качан, эмнеси ооруп?

— Мен деле аныгын билбейм, төрөттөн кийин… акыбалы өтө оор дешти, апам барса тааныбай коюптур… – муну укканда бүткөн боюм дүркүрөп кетти.

— Ошончолукпу?.. – өзүмчө сүйлөнө берген экенмин. Суроолорума жооп бербестен бир жакка кечигип жатканын шылтоолоп кетип калды тиги кыз.

Көп өтпөй суук кабар баарыбызга жетти. Көрсө, тээ бала кезден чыйрак өсүп, оору эмне экенин билбей өскөн курбум төрөттөн кийин ичинде тону калып, улам дене табы көтөрүлүп ооруса, ушундай болот окшойт деп жүрө берген тура, кургурум! Акырындап ичиндеги ириң канына тарап, ордунан туралбай калганча, жан кишиге айтпаган тура, таалайсызым! Эс учун жоготуп жыгылганда гана ооруканага апкелишкен экен.

Жоогазындай жадыраган Токтоканыбыз бизди таштап, кайра келбес сапарга аттанып кете бериптир, арман дүйнө.

Али ичине эч нерсе куюлбай, ичинен эч ким моокуму кана чай ичпей, бир чети да кырылбаган аппак чыны капысынан колдон түшүп, быркырап сынып кетти. Сынган сыныктары жүрөгүбүздү тилип, кансыратып кетти. Ак чынысын созолонто ырдабайт эми. Ак чынысындай талкаланып калды кайран кыз. Аттиң жазмыш, кандай гана кыз эле, кандай керемет жан эле.

Мезгил көзгө илешпей зымырап, андан бери далай суу акты, далай жаз өттү. Бүгүн да туулуп өскөн айылыма келатып, мектептин жанынан өтүп баратканымда Токтокандын мукам үнү кулагыма жаңыргандай. Көз алдыма саамайы сеңселген ак саргыл кыздын элеси тартылгандай. Баягыда табылбаган элүү сом болгонунда Токтокандын тагдыры башкача болмок беле?.. Ак чыныны ырдабай койсо башкача болмок беле?..

Кош бол, аппак болгон «Ак чыны». Быркырап сынып кетсең да мукам үнүң кулагыбызда жаңырып кала бермекчи.

Конкурс: Учур адабиятынын жаңы дүбүртү

7 Replies to “Жазгүл Турганова: Ак чыны (конкурска №6)”

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.