Кыргыз эл жомогу: Чынарбай менен перинин кызы

Өткөн заманда бир жардынын кош бойлуу аялы токойго келип, отун алып жүрчү экен. Бир күнү толуп жаткан чырпыкты көрөт. Аны таңып алып жатканда толготуп, эркек бала төрөйт. Киндигин кесип, баласын ороп алдына алып, чырпыгын аркасына көтөрүп үйүнө келет. Атасы чынар теректин түбүндө төрөлгөндүктөн баласынын атын Чынарбай коёт. Чынарбай бой көтөрүп чоңоё баштагандан тартып, ошол теректин түбүнө ойногонду жакшы көрө турган. Бала жанына ойногон сайын чынар терек күндө узарып өсөт. Анын узарып өскөнүн бала байкап, көзүнө абдан жылуу учурайт. Айылдагылар чынар […]

Дилазык: Куан Жун саткын аткаминерлерди жазалаганы

— Өкүмдарым, Су округунун аткаминерлери жемкорлук илдетине чалдыгып, бузулуп бүтүптүр, алар салыкты эбак төлөшү керек болсо да азыркыга чейин кармап келатышат. Төлөнбөгөн салыктардын өлчөмү миллиондорду чапчыды. Округдун мурдагы башкаруучусу кызматтан алынып, өз жазасын күтүп жатат. Өкүмдарым, бул кызматка ылайыктуу адамды дайындооңузду суранам, — деп мин императору Сүан-зунун таңкы кеңешмесинде министрлердин бири билдирүү жасады. Император бир аз буйдала түшүп сурады: — Кымбаттуу төрөлөр, бул иш боюнча кандай сунуштарыңар бар? — Сиздин кыңк этпес кызматкериңиз Куан Жундун [1]абдан идиректүү башкаруучу экенин уктук […]

Жумагүл Барктабасова: Селсаяк

АҢГЕМЕ Резина өтүктүн ичиндеги үшүк алган бир бутун сүйрөп селсаяк шаардын маршруткасына түштү. Эшикке жакын тургандар ал кирип келери менен жийиркенгендей төрдү көздөй жылып кетишти. Ооруканага жеткенде, ал эптеп ылдый түшүп, бир бутун сүйрөп  ооруп кайрылгандарды кабыл алган бөлмөгө араң жетти. Ал күзүндө кой кайтарткан адам кийгизген резина өтүгү менен жүрө берип, кышында бутун үшүтүп жиберди. Бут кийим сатып алгандай акчасы жок, анын үстүнө арак деген балекет аны кайда гана жаткырбады. Өзү жатып жүргөн көп кабаттуу үйлөрдү жылытуучу жайга жеткирбей, […]

Мидин Алыбаев: Ак чүч!…

I. Рас, Аялдар Биздин коомдо чоң күч. Бирок, Арасында (анда-санда) бар: Аккол «Акчүч». Аккол дейбиз, Ал анткени – Колу тийбейт Оор же кара жумушка. Эзелтеден эби келбейт Кечирээк жатып, эрте турушка. Чоочунча коомай карашат Коомдук жана үй турмушка. Эри «эрксизден» эч нерсе айта албайт. Тарелканы Асманга ыргытып урушса. «Акчүч» дейбиз, Ал анткени – Бир демеге Ачуусу келсе эле, Жата кетет үшкүрүп. Күйөөсү «акчүч, жаным!» деп турат, Кокус калса чүчкүрүп. «Байкуш» эри, Көптөн бери Сырын алдырган – «Музоосунда сүздүрүп»… II. Жолдош […]