— Өкүмдарым, Су округунун аткаминерлери жемкорлук илдетине чалдыгып, бузулуп бүтүптүр, алар салыкты эбак төлөшү керек болсо да азыркыга чейин кармап келатышат. Төлөнбөгөн салыктардын өлчөмү миллиондорду чапчыды. Округдун мурдагы башкаруучусу кызматтан алынып, өз жазасын күтүп жатат. Өкүмдарым, бул кызматка ылайыктуу адамды дайындооңузду суранам, — деп мин императору Сүан-зунун таңкы кеңешмесинде министрлердин бири билдирүү жасады.

Император бир аз буйдала түшүп сурады:

— Кымбаттуу төрөлөр, бул иш боюнча кандай сунуштарыңар бар?

— Сиздин кыңк этпес кызматкериңиз Куан Жундун [1]абдан идиректүү башкаруучу экенин уктук эле, аны сынап көрүүңүздү суранам.

— Анда ошондой кылалы!

Император тарабынан жогорку кызматка дайындалып, кандай иштерди аткарыш керектиги боюнча көрсөтмөлөрдү алып, Куан Жун Су округуна шашылыш жөнөп кетти. Бирок ал жаңы кызматка отургандан кийин катаал чараларды көрмөк түгүл өзүн эрксиз жана алсыз башкаруучу сыяктуу көрсөтө баштады.

Бир жолу бир кичинекей кызматта иштеген аткаминер атайылап Куан Жунга бир нече туура эмес документтерди алып кирди эле, ал эч нерсеге түшүнбөгөндөй түр менен кол коё салды. Алдамчылыгын оңой эле ишке ашырып, өзүнө да пайда келтирген ал митаам башка аткаминерлерге мактана кетти:

— Бул башкаруучу сөрөйдү мен оңой эле алдадым!

Ошентип жемкорлукка татканган аткаминерлер мыйзамды өздөрү билгендей бузуп, чартаңбай тебе беришти.

Чынында Куан Жун округга келери менен жашыруун түрдө өз алдынча изилдөөлөрдү жүргүзө баштаган. Ал жөнөкөй адамча кийинип эл аралап көп жүрүп, карапайым кишилер менен сүйлөшүп, округдагы мыйзамсыздыктар жөнүндө сураштырды:

— Су жергесинде жаман иштерди жасагандар аз эместигин билем. Элдин кешигин жеген аткаминерлер да толтура болуш керек. Ошолор жөнүндө айтып бергилечи, мен андайларды адилет жазалоонун жолдорун билем.

Анын арам ойсуз максатын, чын дилден сурап жатканын байкаган эл болуп жаткан мыйзамсыздыктар менен өз кызматынан кыянаттык менен пайдаланган аткаминерлердин былыктарын жая салып жатышты. Кечте үйүнө кайтып келгенинде Куан Жун уккандарынын баарын кагазга жазып, алардын арасындагы маанилүү маалыматтарды ишенчиликтүү чабарманынан императорго жөнөтүп жатты.

Ошентип бир ай өткөндөн кийин кол алдында иштеген аткаминерлерди чогултмай болду. Алар округ башчысын тоготпогондуктан, кечигип келгендери аз келгенсип, чогулушта кайдыгер жана камаарабаган түрдө отурушту.  Бирок капысынан эле дайыма элпек жана ак көңүлдөй көрүнгөн Куан Жун катаал башкаруучуга айланбаспы. Кайтпас күндөй кабак түйгөн ал биринчиден сырттан куралчан жоокерлерди чакырып, экинчиден сүрдүү кебете кийүү менен жаңы токтомду окуй баштады. Качан гана “эгер аткаминер өз кызыкчылыгы үчүн жемкорлукка барып, мамлекетке же элге зыян келтирсе, анда ал дароо туткундалат, куралчан сакчылардын айдоосунда борборго жеткирилет!”-  деп токтомду окуп бүткөндө, угуп отургандар корккондон өңдөрү кубарып, титиреген тизелери менен чөгөлөй калып кечирим сурап жиберишти. Ошондо Куан Жун үстөлдү жыгач балка менен катуу уруп, калчылдап отурган аткаминерлердин бирин көрсөттү:

— Баланчанчы айдын түкүнчөнчү күнү сен он миң лян пара алгансың, — деп анан башкасын көрсөтө берип: — Сен дагы баланчанчы бир күнү пара алгансың!

Ошентип Куан Жун дагы он чакты кишинин кылмышын бетине айтканда, аткаминерлердин айласы кетип, калчылдап отуруп беришти. Анан Куан Жун катаал үндө жасоолдорго буйрук берди:

— Азыр эле мен атын атаган адамдарды дароо сыртка алып чыгып, мыйзамда көрсөтүлгөн эң жогорку жазага тарткыла!

Жасоолдор шапа-шупа кыймылдагандыктан күнөөлүүлөр “Жансоого!” деп кыйкырганга да үлгүрөй сыртка сүйрөп чыгарылышты.

Ошондон баштап Куан Жундун укканда иши так эмес аткаминерлердин жүрөгү түшчү болду. Ал эми эл ага “сатылбас Куан” деген лакап ат берди.

Кийинчерээк Куан Жун ишиндеги ийгиликтери үчүн чоң кызматка көтөрүлдү. Ал эми Су жергесинен кетип баратканда Манчең шаарында ал тууралуу ыр жаралды:

Куан – округ башчы, эл атасы.
Чындап келсе элдин анда бактысы.
Жардамы бар жардыларга
Жегичтерге — камчысы!

Орус тилинен которгон Кубанычбек Аркабаев

P.S. “Чыгыш адабияты жана искусствосу” Басма компаниясы тарабынан кытай ысымдары тууралуу баяндаган “Жүз аты-жөн” аталышындагы  кызыктуу китеп кыргызчага которулуп, жарыкка чыгуу алдында турат. Биз “РухЭш” сайтынын окурмандары үчүн кызыктуу болот деген ойдо бул китептен үзүндүлөрдү жарыялап келебиз…

[1] Куан Жун (б.з.ч 720-645-ж.ж.) – Жаз жана Күз доорунда жашап өткөн ойчул жана саясатчы. Б.з.ч 685-жылы Чи падышасы тарабынан премьер-министр болуп дайындалган. Кырк жылдык анын башкаруусу учурунда Чи өлкөсү өз доорундагы эң күч-кубаттуу мамлекет болуп чыга келген. “Жазалануудан корко тургандарды башкаруу оңой” деген  башкаруунун негизги куралы катары жазалоо менен коркутуу ыкмасын Куан Жун биринчилерден болуп сунушташы мүмкүн. Ошондой эле Куан Жун: “Мыйзам мамлекет башчысынын астында эмес анын үстүндө болушу абзел, өкүмдар өзү мыйзамды сакташы керек… мыйзам чек-ченемди билбей ооздуксуздай омуроологон падышадан элди сакташы керек”, – деген.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.