Роза Айтматова: Менин агамдын ата журту – Кыргызстан

2018-жылы Жалал-Абат шаарындагы Университеттин Чыңгыз  Төрөкулович Айтматовдун 90 жылдыгына арналган конференциясына барып калдым. Барганда эле журналисттер интервьюга чакырып калышты. Маселе Чыңгыз Төрөкуловичтин кайсы жерде төрөлгөндүгү жөнүндө болуп жатты.  Жалалабаттыктар бул суроо менен илгери, көзү тирүү кезинде, өзүнө да кайрылышканы эсимде. Жалалабат шаарынын ЗАГСынын  1928-жылкы архивинде Чыңгыздын туулгандыгы тууралуу күбөлүк жазылып берилгени жөнүндө информация бар экен. Ал түгүл Чыңгыз Ысык-Көлдө Каракол шаарында төрөлгөн деген да сөздөр чыккан. Чыӊгыздын киндигин мен кескемин деген акушерка да болгон.  Конференцияда биздин атабыз Төрөкул Айтматов 1927-жылдын […]

Италия эл жомогу: Бир тоголок капуста

Так деӊиздин жээгинде эскилиги жетип кыйшайган жаман там  турган. Ал үйдө андан да карган балыкчы чал-кемпири менен жашады. Алар өтө жакырчылыкта күн көрүшкөн. Абышка балык кармап келет, кемпир балык сорпо жасап, курсактары ток, өмүр өтүп жатат. Бир күнү абышка кечинде он чакты макарелло (деӊиз балыгы) кармап алып үйүнө келди. Кемпир балык сорпого казанын камдай баштаган, бир убакта балык тазалай баштап күңкүлдөп кирди: – Күндө эле балык, балыктан башка билбейбиз. Тажатты го тап-такыр. Капуста жегим келип жаным чыгып  баратат. – Келесоо […]

Франц Кафка: Чындыгында акын адам башкаларга караганда алда канча алсыз

Франц Кафка – немис жазуучусу, ойчулу, XX кылым адабиятынын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири. Жазуучунун эмгектеринин көбү ал дүйнөдөн өткөндөн кийин жарыяланган. Анын көпчүлүк түшүнүүгө кыйын болгон чыгармаларында басымдуулук кылган темалар: обочолонуу, тынчсыздануу, күнөөлүү болуу сезимдери. Кафканы түшүнүү үчүн, Кафкадай ой жүгүртүү, сезим жана тагдыр керек… *     *     * Окшош дартка чалдыккан адамдар гана бири-бирин түшүнөт. *     *     * Жашоо дайым бизди алагды кылат; биз, атүгүл, эмнеден алагды болгонубузду да аңдабай калабыз. *     *     * Китеп биздин ичибизде тоңуп калган деңиз үчүн […]

Абдывахап Нурбаев: Мамлекет кызматкери тарых алдында жоопкерлигин сезсе…

Бүгүнкү маектешибиз Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев менен анын коом агартуу жаатында жүргүзүп келаткан иштери туурасында кенен маекти сунуштайбыз… Жетиген Асанбек: Сиздин коом үчүн кылган айрым иштериңиз, бирок аларды эч кимге жар салбай келатканыңыз тар чөйрөдө гана айтылып жүргөнүн билебиз. Сизди билген замандаштарыбызга суроо узатып, маалымат алсак, көрсө биз сиздин ишмердигиңиздин четин эле билиптирбиз. Жакшы иштерди кылууга сизге эмне түрткү берет? Абдывахап Нурбаев: Биздин эң негизги максатыбыз – адамдарды жамандыктан алыстатып, жакшылыкка чакыруу. Биз дал ушул максат менен жашап, балдарга […]

Кара-Кужур жайлоосунда эко-арт лагери өтөт

2019-жылдын 20-июлунан 28-июлуна чейин Кыргызстандын эң кооз, ак илбирс  уялаган, мамыры  гүлдөрү жайнаган, атактуу —  Кара-Кужур  жайлоосунда 20  өспүрүм катышкан  эко-арт лагери өтөт. Катышуучулар кино, актёрдук чеберчилик, живописти үйрөнүү аркылуу экология тууралуу түшүнүк алышат жана бул боюнча өз ойлорун  айтууну үйрөнүшөт. Кыздар жана балдар  аталган жанрлар боюнча командаларга бөлүнүп иштешет. Аларга ХV Казань  фестивалында гран при, «Ак илбирс» конкурсунун 9 номинациясын жеңип алган, Оскар сыйлыгына көрсөтүлгөн “Дарак ыры”тасмасынын режиссёру Айбек Дайырбеков, Көркөм өнөр искусство илимдеринин кандидаты, Ч.Айтматов атындагы Мамлекеттик Жаштар […]

Теңдик Аскаров: Поэтикалык эстафета[1]

Эскертүү: КРУИАнын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту тарабынандаяр далган “Классикалык изилдөөлөр” аттуу китептен алынган бул макала айрым кыскартуулар менен берилди. … Өз кезегинде улуттук искусствонун чеберлери Москванын жана Ленинграддын театрларында, концерттик жайларында чыгармачылык отчет берип келишти. Кыргыз адабиятынын бардык жанрларында жана түрлөрүндө кеңири сөз кылууга татыктуу чыгармалар пайда болду. Бул жагынан айрыкча роман жанрындагы жетишилген ийгиликтер кубандырбай койбойт. Кыргыз романынын текчеси көрүнүктүү романист Сыдыкбековдун «Зайыптар», К.Баялиновдун «Боордоштор», Н.Байтемировдун «Тарых эстелиги», Т.Касымбековдун «Сынган кылыч», У.Абдукаимовдун «Майдан», С.Өмүрбаевдин «Телегей», М.Абдукаримовдун «Жаңырык» […]