Бүгүнкү маектешибиз Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев менен анын коом агартуу жаатында жүргүзүп келаткан иштери туурасында кенен маекти сунуштайбыз…

Жетиген Асанбек: Сиздин коом үчүн кылган айрым иштериңиз, бирок аларды эч кимге жар салбай келатканыңыз тар чөйрөдө гана айтылып жүргөнүн билебиз. Сизди билген замандаштарыбызга суроо узатып, маалымат алсак, көрсө биз сиздин ишмердигиңиздин четин эле билиптирбиз. Жакшы иштерди кылууга сизге эмне түрткү берет?

Абдывахап Нурбаев: Биздин эң негизги максатыбыз – адамдарды жамандыктан алыстатып, жакшылыкка чакыруу. Биз дал ушул максат менен жашап, балдарга жаштайынан көп нерсеге үйрөнүүгө, өзүнө сиңирүүсүнө аракет кылышыбыз керек. Азыр заман качан оңолот, коом качан оңолот деп көп талкууланат эмеспи. Анын эң жакшы жолу – балдарды мектептен жакшы нерсеге үйрөтүп, жакшылыкка тарбиялоо. Анткени кичинекейинде жакшылык көргөн адам сөзсүз аны башкаларга кайтарат. Адамдын эң негизги максаты – муктаждарга колдон келген жардамды берүү деп алардын мүнөзүн калыптандыруу керек. Жардам деген сөзсүз эле миллионер болуп, акча берүү эмес. Кээде бир жакшы кеңеш берүү, кыйналып атканды барып башынан сылап, көңүлүн көтөрүп коюу чоң жардам.

Коомдо терс көрүнүштөр басымдуулук кылып кетпедиби: ушак, саясат башаламандыгы ж. б. Булардын бардыгы 7-8-орундагы нерселер. Негизги нерсе – балдарга кичинесинен баштап адеп-аклакты калыптандыруу. Биз улут катары миңдеген жылдар бою адеп-аклак, каада-салт менен сакталып келиптирбиз. Мисалы, бизде дасторкон деген баалуулук бар. Кичинебизде кечинде баарыбыз үйгө келебиз, апабыз колуңарды жууп, дасторконго отургула дейт. Баарыбыз отурабыз да, атаны күтөбүз. Атабыз тамактан эң биринчи болуп ооз тиет, андан кийин анан биз тамактана баштайбыз. Бүткөндө ата менен апа сөзсүз 10-15 мүнөт тарбиялык саат өтөт: аксакалдар менен эки колдоп учурашкыла, бирөөнү түртпөгүлө, кошуналарга жардам берип койгула, карын күрөшүп, суусун ташып, отунун жарып бергиле дегендей насаат сөздөр айтылат. Андан кийин чогуу бата кылып дасторкондон турабыз.

Мына ушул жерде атанын үй-бүлөдөгү ролунун тому турат. Апа даярдайт бардыгын, токтогула, атаңар келсин, ооз тийсин анан ооз тиесиңер деп. Ушуга окшогон жакшы салттар азыркы убакта унутулуп баратат. Бизди апабыз ушундай тарбиялап чоңойткон. Азыр замандаштардын көбүнүн үйүнө барсак, тамак ичип атып бирөө телефон чукулап отурат, бирөө туруп кетет, бирөө дагы башка нерсе кылып аткан болот. Үй-бүлөдө чогуу сүйлөшүп пикир алышуу, баарлашуу жок. Ошондуктан ойлодум, коомду оңдош үчүн мындай баалуулуктарды бала кезден, мектеп жашынан балдарга жеткизишибиз, сиңиришибиз керек. Биздин муун советтик түзүлүштүн учурунда калыптанып калган бирөө кылып бериш керек, мамлекет кылып бериш керек деген түшүнүктө жашап, андан кийин ууру кылуу, бирөөнүн акысына кол салуу деген жаман нерселер орноп калган. Андай түшүнүктөгүлөр менин деле кесиптештеримдин арасында бар. Андай эмес, адам өзүнүн бешене тери менен аракет кылып жасаса, ошол берекелүү болот. Ушуну карап туруп, адамга кичинесинен баштап, эң биринчи нерсе, ар бирибиздин максатыбыз – адамдарга жакшылык кылуу деп үйрөтүп коюу зарыл деген тыянакка келдим.

Ош шаардык кеңешине жаңы депутат болгон кезимде мектепке ата-энелер чогулушуна чакырып калышты. Барсам, мектеп эки айылдын ортосунда жайгашкан экен, эки айылдын балдары урушуп, бир айылдын балдары туалет биз тарапта жайгашкан деп, экинчи айылдын балдарын киргизбейт экен. Абдан таң калдым. Бир мектеп экиге бөлүнүп калыптыр. 25-майда бүтүрүү кечесинде балдар мектеп-мектеп болуп мушташат экен. Эмне кылабыз деп ойлондум. Оштон балдар менен сүйлөшүп, беш мектепти тесттен өткөрүп, күчтүү, лидер балдарды тандап алып, университетке даярдоо курсун ачтык. Отуз баланы окуттук. Ошол жерде балдар бири-бири менен дос болуп, эки жылдан кийин ошол балдар бири-бирин куттуктап калышты. Ошондон кийин балдардан баштаса, өзгөртсө болот экен деген ишеним пайда болду.

Алар бири-бири менен достошуп, бир команда болуп, беш мектептин ортосундагы баягы тополоң жок болду. Ошол окуу жайды ачканыбызга он жыл болду. Азыр да окушат. Биринчи бүтүрүүчүлөрдүн арасында эң жакшы окуган бала менен эң жакшы окуган кыз үйлөнүп, мени өкүл ата шайлашып, тоюна чакырышты. Абдан жакшы жөрөлгө болду. Азыр өкүл неберелүү болдум. Бул нерсе дагы да күч-кубат берет.

Саясат саясаты менен, жөнөкөй элдин ортосунда, мектепте, балдардын арасында иш кылсаң, натыйжалуу болот. Ошол окуу жайдын биринчи бүтүрүүчүлөрүнөн Америкага кеткендер болду. Ал курста окугандардын 90%ы бюджеттик окууга кабыл алынышат.

Ж.А.: “Призма”, “Секом” деген эки окуу жайды тең сиз демилгелеп ачкан турбайсызбы?

А.Нурбаев: Бул окутуу борборлорунун мугалимдери менен сүйлөшүп, алар менен бирге биздин аймакта ЖРТга даярдоо курсун ачканбыз.

Бир жолу үйдө отурсам сага рахмат айтканы бир мугалим келиптир. Анткени окуучулар менен биргеликте базардан белек-бечкектерди алып, балдар үйлөрүнө барып, ал жакта тарбияланган балдардан кабар алып, карылар үйүнө барып ата-апалардын ал-акыбалын сурап маектешип, көмөктөшкөн иш-чараларды уюштуруп турат элек. Бул зыяраттардын биринен таасирленген бир бала үйүнө келип, мени таштабай чоңойтконуңуз үчүн рахмат деп апасын биринчи жолу бетинен өөптүр. Апасы ошого рахмат айтканы келиптир. Кечээ силер балдар үйүнө алып барган экенсиздер, балам аябай таасирленип келди. Биринчи жолу бетимен өөп, мени таштабай чоңойтупсуз деди дейт. Балдарга көргөндөрү таасир берет да, ал зыяраттардан алган сабактар да унутулбайт.

Ж.А.: Сиз окуп бүткөн мектептин директору Макбурат эже жакшы үй-бүлөнүн уулу экениңизди айтты. Үй-бүлөңүз тууралуу айтып берсеңиз.

А.Нурбаев: Тогуз бир тууганбыз. Атам иштеп, апам тогуз баланын тарбиясы менен алек болушуп бизди чонойтушту. Ага кошумча алтынчы классыбыздан баштап каникул убагында баарыбыз иштеп, өзүбүз акча табар элек. Айылда талаада помидор, сабиз, картошка ж.б. жашылча-жемиштер эгилчү, үч ай бою иштеп, 17-24 сом алат элек. Ошол жаңы окуу жылына формабызга толук жетчү.

Үйдө мал кармачубуз. Аларды кароо биздин мойнубузга жүктөлгөн. Атам чоң агама, менден кийинки иним жана мен үчөөбүзгө убактысы менен суу берүү, чөп берүү графигин саат-сааты менен бөлүп койчу. Кичинебизден эмгекке үйрөткөн экен ушинтип. Мал бакканда тойбой калса, сүт чыкпай калат деп кыжалат болчу элек. Кийин өзүм да мал кармадым, карасам, балдарым мал тойгон-тойбогонуна кыжалат деле болушпайт. Ошондо ойлодум, көрсө баланы кичине кезинен эмгекке үйрөтүп, акча кайдан келерин көрсөтүп тарбиялаш керек экен.

А.Ж.: Сизди тарбиялаган акылман ата-эне азыр канча жашка келип калышты?

А.Нурбаев: Атам 86 жашта, апам 84 жашта. Тогуз баланы тарбиялап чоңойтушту, үйлөнтүп-жайлантышты. Отуздан ашуун небереси, отуздан ашуун чебереси бар. Ата-энебиздикине азыр чогулсак, кадимки эле бала бакча болот.

Эки күн мурун чоң балам менен сүйлөшүп калдым эле, мен үйдүн улуусумун, бир туугандарымды сиздер сыяктуу ынтымактуу кылып кантип кармашты ойлонуп атам деп, мени сүйүндүрдү. Экинчи балам Америкада окуп-иштеп жүрөт, эми Японияга барам деп атат. Аны айтып, ал көптөн бери алыста жүрүп, алыстап кетпесе экен деп атам дейт. Мен ичимден сүйүндүм. Анткени ал биздин бир туугандар ортосундагы ынтымакты, мамилени көрөт экен. Насыят уккан, китеп окуган башка, үй-бүлөдөн ошону иш жүзүндө өз көзү менен көрсө ошол күчтүү тарбия эмеспи. Экинчи класста окуган Нурсамат деген балам бар. 5 жашар кези эле, кечинде келсем, апасы Нурсамат, кийимдериңди бүктөп анан жат десе, жок бүктөбөйм дейт. Эмнеге бүктөбөйсүң десе, атам бүктөбөй эле жатат ко дейт. Ошондон кийин өзүм да дайыма бүктөп жата турган болдум. Ошентип балам мага өтө чоң сабак берген. Көрсө, балдарга бардык нерсени сөз жүзүндө эмес, иш жүзүндө, кыймыл-аракетиң менен көрсөтүшүң керек экен. Кандай кырдаал болбосун, апасы менен биргеликте балдарыбыздын көзүнчө жакшы мамиле кылуу менен үлгү көрсөтөбүз. Анткени булар аны көрөт, кийин өздөрү да ынтымактуу болушат.

Ж.А.: Сизден үй-бүлөнүн жакшы үлгүсүн көрүп атам, ата-энеңизден алган эң сонун тарбия-таалим балдарыңызга өтүп атканы абдан жакшы жөрөлгө эмеспи. Бекем мамлекет бекем үй-бүлөлөрдөн турат деген сөз бар. Сизди үй-бүлө суроолору боюнча тренингдерге чакырган учурлар болду беле?

А.Нурбаев: Менин 21 өкүл балам бар. Ар кандай суроолорду, чыр-чатактарды чечүүгө жардам берип жүрүп, адис болуп калдык. Өкүл кыздарыбыз кеңеш сурап аялыма келишет, өкүл балдарым мага келишет. Ар кандай учурлар болот. Турмуш ушундай, бул да сыноо, кыйынчылыктан чыдап өтүш керек деп насааттайбыз, жакшы эле тажрыйбалуу болдук. Өкүл ата болуу бул – чоң жоопкерчилик. Ата-энеси ишеним көрсөткөндөн кийин жардам беришибиз керек.

Ж.А.: Жакында өспүрүмдөр үчүн абдан жакшы сынак демилгелеп, байге фондуна каражат бөлдүңүз. Андан тышкары уюштуруу, аткаруу иштерин да каржыладыңыз. Мындан ири да сынактарды каржылап келатасыз. Каражатты кайдан табасыз?

А.Нурбаев: Мен 20 жыл жеке ишкер болуп жүрдүм. 2012-жылы саясатка келгенде бардыгын толугу менен өткөрүп бергем. Өзүмө караштуу имарат бар, анын ижарасынан киреше алып турам. Ошол кирешелеримдин бир бөлүгүн сөзсүз ушундай иштерге бөлөм. Мындай иштер жеке ишкердикти баштагандан баштап, уланып келатат. Таятам чоң молдо болгон, кичинебизде бизди отургузуп алып көп айтар эле, тапкан пайдаңдын бир бөлүгүн колунда жокторго берип жүрсөң ошол сенин мал-мүлкүңдү сактайт дечү. Бул принцип бизде башынан калыптанган. Ишканада жетекчи болуп иштеп жүргөндө жылдын аягында түшкөн пайдадан бир бөлүгүн сөзсүз мектептин оңдолушуна, жылуулугуна ж. б. ар кандай тармактарга бөлөт элек.

Биринчи жолу өзүм окуган мектептин жылуулугун оңдоп бергенбиз. Аябай оор учур эле. Баары бул эмнеге мындай кылды, айыл өкмөт болот окшойт деп ойлошуптур. Анткени мындай иштер жалаң гана саясат үчүн кылынганга эл көнүп калган да. Ишибиз жүрө баштаганда эң биринчи көрсөткөн жардамыбыз ошол болгон. Биринчи жолу сырт кийимибизди чечип сабак өттүк деп мугалимдер ыраазы болушканы эсимде. Пальточон өтүшчү экен. Алла таала деле байлыкты кандай колдонор экен деп, сыноо үчүн берет тура. Мунун жоопкерчилиги бар. Бул биздин кыйындыгыбыздан эмес, бизге насип кылып атат, биз да беришибиз керек.

Ноам Хомский — Образование: кому и зачем? (видео)

Ж.А.: Коомчулукта КСДП партиясынын аброю түшүп кетпедиби. Сиздин кайсы фракциядан экениңиз ишмердигиңизге кедерги болгон жокпу? Деги эле кандайча так ушу партия менен парламентке келип калдыңыз?

А.Нурбаев: 2015-жылы КСДП, “Республика”, “Замандаш” ж.б. төрт партия тизмеге кошулуу үчүн чакырган. Тандоодо өзүбүздүн командабыздагы пикирлеш инилерим бар, ошолор менен кеңештим. Акылдашып көрүп, парламентке келүүгө жогорку мүмкүнчүлүгү бар партия деп, ушул партияны тандаганбыз. Максатым ким менен болсо да келип, жакшы иш кылуу болгон. Парламент – бул көп мүмкүнчүлүк, трибуна, баарына таасир берүү мүмкүнчүлүгү болот деген принцип менен келгенбиз. Буга чейин шаардык кеңештин эки жолку чакырылышында депутат болгом, бирок Жогорку Кеңеш такыр башка экен. Ачыгын айтсам, бир жыл кыйналдым. Бирок өзүмдүн айлана чөйрөм, пикирлештерим бар, алар идея берип, мыйзам жазып, өз иштерибизди көрсөтүүгө мүмкүн болду. Эң биринчи чыгарган мыйзамыбыз – менчик мектептерди салыктан бошотуу болгон. Ага каршы болгондорго айттым, эки менчик мектеп ачылса, мамлекеттин 100 млн сому үнөмдөлөт, курулушунан 60 млн, башка чыгашаларынан дагы 40 млн. Ошол акчаны мамлекеттик мектептердин сапатын өзгөрткөнгө жумшаганыбыз жакшы эмеспи дедим.

Дүйнө жүзүндө ушундай да. Адамдарда тандоо болушу керек. Кимдир-бирөө мамлекеттик мектепке бергиси келет, дагы бирөө менчик мектепке бергиси келет. Кызыкчылык колдоп атасың дегендер да болду, аларга түшүндүрдүм. Ошол мыйзамдан кийин да бир канча мектеп ачылды, буюрса жакшы.

Мен негизи үч багытта иштөөнү максат кылып алгам: билим берүү, экономика, экология.

Ж.А.: Ооба, сиздин саясий оюндардан такыр алыс болуп, көбүнчө коомдук иштерди кылып атканыңызды байкап келебиз. Иштин сөз менен бекемделишинин жакшы өрнөгүн көрсөтүп атасыз. Иши менен сөзү эки ача адамдардын бедели үбөлөнүп жок болот экен. Сиздин сөзүңүз угулбай, ишиңиз көрүнүп, сөзүңүз ишиңиздин артынан ырастап коюп атканы абдан таасирдүү болууда. Анткен менен сиз парламенттин депутаты болгондон кийин баары бир саясатчысыз да. Парламент жакында экс-президентти макамынан ажыратты. Так ушул иши менен бул парламент легендарлуу болот деген пикирлер айтылды. Сиз кошуласызбы ушул пикирге?

А.Нурбаев: Ооба, бизде азыр демократиялык процесстер жүрүп атат. Эгемендик алганыбызга 28 жыл болду. Демократиянын жолуна түшкөнүбүз менен, демократияны толук үйрөнө элекпиз, парламенттик системага толук өтө элекпиз. Биздин муун, замандаштарыбыз Советтер союзунун чайын ичип калгандыктанбы, эгемендиктин баркына дале жете элекпиз. Бир жагынан алганда, кээ бир мамлекеттер жүз жылда басып өткөн жолду биз 30 жылда өтүп атабыз, бул дагы жакшы көрүнүш. Бизде абал кошуна мамлекеттерге караганда, Кудайга шүгүр, жакшы. Мисалы, мен азыр сиз менен отуруп премьер-министрге же президентке кенен сын айта алам, теле-радиого чыгып айта алам. Алар шыбырашып да айта алышпайт. Бизге өрнөк катары Сингапур, Япония, Түштүк Корея өлкөлөрү болушу керек.

Ар бир жаран, ар бир мамлекет кызматкери кылган иштери үчүн тарых алдында жоопкерлигин сезсе, мен эмес экс-президент да жоопко тартылды деген түшүнүк орносо пайдалуу деп ойлойм. Азыр каалаганымды кылам, эртең менден эч ким сурабайт деген түшүнүк болбош керек. Бул кызмат мага убактылуу берилди, эртеңки күнү кызматтан түшкөндө эл арасында башымды көтөрүп жүрө аламбы деп ойлонгондой болушу керек. Мисалы Р.Отунбаеваны баары сыйлайт, кандай иш-чара уюштурбасын барабыз, анткени учурунда жакшы эмгек өтөгөнгө аракет кылды.

Ж.А.: Депутаттык комиссия негиздүү деп белгилеген алты пункттун ичинен прокуратура бирөөнү анык эмес деп тапты. Ал бийликти өз кызыкчылыгына пайдаланып, саясий оппоненттерине, журналисттерге, ЖМКларга куугунтук көрсөткөнү тууралуу болчу. Менин баамымда, так ошол пункт коомчулукка даана билинген, тангыс пункт. Анткени ал эч кандай жымсалдоосуз ачык кылынып, башкача сыпаттап коюуга да мүмкүн болбой турган иштер эле.

А.Нурбаев: Ооба, Текебаевдин камалышы ошол пунктуна туура келип турат. Кыргызстанда демократиянын атасы, жарандык коомдун өнүгүүсүнө салым кошуп, парламентаризмдин өнүгүшү үчүн күрөшүп келген адам Өмүрбек Чиркешович. Анын негизсиз камалгандыгын коомчулук билип турат. Прокуратура сот чечимдерине таяп койду. Калган беш пункту боюнча иш алпарышат да, байкап туралы. Коомчулук да карап турат. Беш пункттагы коюлган негиздердин баары эми күч органдары тарабынан далилдениши керек.

Ж.А.: Атамбаевдин жерди менчиктештиргенин Текебаев эчак далилдеп койгон да. Прокуратура ошону негиздүү деп тапты.

А.Нурбаев: Ооба, Өмүрбек Чиркешович биринчи айтып чыккан. Буюрса, соттор адилеттүү чечим чыгарат деп үмүт кылып атабыз. Деген менен элдин көзү ачылып, коомдо Текебаевдин зоболосу көтөрүлүп атат.

Роза Айтматованын “Тарыхтын актай барактары” китебин окудуңуз беле? А, мен окуп алып кадимкидей ыйладым. Карап көрсөк үркүн, репрессия бизди кыйла эңшерип кетиптир. Төрөкул Айтматов балдарын, Чыңгыз Айтматовду калтырып кеткени да жакшы болуптур. Канчалаган кыргыздын каймактары өлүп кеткен. Байкасак, ортодо туруп оюн ачык, так айткан интеллигенция жок. Кайсы бийлик келсе бардыгы ошого “дүжүр” болуп алат. Азыр эми интеллигенция ирденип келатат. Эмил Үмөталиев, Табылды Эгембердиев, Ишеналы Абдуразаков, Салижан Жигитовго окшогон адамдарыбыз аз болуп атпайбы. Ар дайым өзүнүн калыс пикирин айткан адамдар көп болсо коомдо теңдик (баланс) болот эле, кандай бийлик болсо да алар менен эсептешмек. Биздин максат ошондой интеллигенцияны калыптандырып, чоңойтуу. Жаштардын арасынан көбүрөк чыгат деген үмүт бар.

(Кыргыздын каймагын калпып набыт кылган кандуу репрессиянын кенемтесинин толушу дагы узун тарых болор. Чыгаан мамлекеттик ишмерлер Жусуп Абдрахманов, Төрөкул Айтматов өңдүү мыктылардын, жок дегенде сөөгү жаткан жерин билсек деп зарлаган жакындарынын көксөөсүн сууткан Ата бейиттин сыры каргашадан кийин 53 жылдан кийин ачылган. Ошол сырды убакыт-саатын күтүп, ушунча жыл көкүрөгүнө көтөрүп келген Бүбүйра Кыдыралиева апанын эмгеги, эрдиги эл үчүн, тарых үчүн опол-тоодой эле. Эмнегедир ага мамлекет тарабынан тийиштүү көңүл бурулбай калган. Кийин Бүбүйра апа колдоого муктаждыгын демилгелүү жаштар көтөрүп чыгып, Абдывахап Нурбаевге парламентте ушул маселени кароо боюнча сунуштар айтылган. Сунуш ээсин таап, эл өкүлү бул суроонун олуттуулугуна баа берип, акырына чейин чечүүгө өбөлгө болгон. Өкмөткө кайрылган демилгечи жаштар Бүбүйра апанын үйлүү болушуна А.Нурбаевдин атан төөдөй салымы бар деп келишет. Роза Айтматованын “Тарыхтын актай барактары” аттуу репрессиянын кесепети кенен чагылдырылган китебин басып чыгарууну да Абдывахап Нурбаев каржылаган.  – Редакция).

Ж.А.: Президенттик шайлоонун алдында Атамбаевге коомчулукта нааразылык күчөп турбады беле. Жээнбеков бирок Атамбаевдин ишин улантам деп жүрдү. Иш жүзүндө, бактыга жараша дегенибиз туура болгон атат, экөөнүн жолу таптакыр эки ача кетти. Бул бир чети мамлекетти эл аралык коомчулуктун алдында уят кыла турган көрүнүш болду. Жээнбековдун саясатына жеке бааңыз кандай?

А.Нурбаев: Экономикалык, чарбалык иштер – өкмөттүн мойнунда. Президент көбүнчө тышкы саясатты жүргүзүшү керек. Тышкы саясат, Кудайга шүгүр, мурункуга караганда жакшы болуп калды. Казакстан менен мамилебиз оңолду. Өзбекстан менен мамилебиз жакшы болуп, чек аранын 85%ы чечилип калды. Бул өтө чоң маселе болуп, бир жылда 3-4 жолу атышуу, чатакташуу болуп атты эле. Түркия менен мамиле оңолуп калды. Эми тажиктер менен чек ара маселесин чечип алсак жакшы болгону турат. Президенттин иши ушул маселелер болушу керек. Күч органдарын, укуктук бийлик бутактарын көзөмөлдөйт, ал жактан жылыш бар, ал эми экономикалык жактан өкмөт алсыз, реформаларды кыла албай атат. Андай деген менен ушунча жыл кылынбай келген “коопсуз шаар” ишке кирди, жаманбы-жакшыбы иштеп атат азыр.

Мен автор болуп, “Ачык асман” саясатын киргизген болчубуз. 2003-жылдан бери кабыл алынбай келген, ошону жүгүрүп жүрүп, ушул мыйзамды киргиздик, өкмөт колдоп берди. “Ачык асмандын” негизинде биринчи рейстер ачылып атат (https://www.bbc.com/kyrgyz/kyrgyzstan-45617495), Бишкек-Пекин, Душанбе-Ысык-Көл-Гуанчжоу жана Кореяга бизден рейс ачылып атат. Мына ушул долбоорду өкмөт колдоп берди, жакшы иштерине ушуларды кошсок болот. Негизги автор мен болдум, дагы 19 авторлош депутат болду. Бул авиатармакты либералдаштырып, көп багыттуу авиакаттамдардын ачылуусу менен туризмдин өнүгүшүнө шарт түзүп, экономикага чоң салым болот деген ишеним бар.

Мүчүлүштүктөрүн атасак, контрабанда жана коррупция менен күрөш алгылыктуу болбой атат. Эл кантип баа берет? Элге түздөн-түз тиешеси болгон жакшы чечим болсо, ошондо ынанат, ошол нерсе жетпей атат. Сентябрда мугалимдердин айлыгын көтөрөбүз дешкени да жакшы жылыш. Бюджетти карап атканда мен Жогорку Кеңешке сунуш берип, колдоду. Өкмөттү милдеттендиргенбиз, сөз берген, буюрса ишке ашат.

Ж.А.: Дилбаян сынагынын жеңүүчүлөрүн кабыл алып, өз колуңуз менен сыйлыктарыңызды тапшырбадыңызбы. Ошондо улам маанилүү насаат айтып аттыңыз, баарын эстеп кала албай, жаздырып албаганыма өкүнүп калдым. Алдыга чоң максаттарды койгула, кичинекей коюп алсаңар кыйынчылыктардан көрүнбөй калат дедиңиз. Анан үч катмардагы адамдар менен мамиле тууралуу айттыңыз эле, ошону кайталап берип коёсузбу?

Өрнөктүү эл өкүлүнүн коом агартуудагы эмгектерин билесизби?

А.Нурбаев: Адам убактысын үчкө бөлүшү керек. Биринчи бөлүгүн жөнөкөй, карапайым адамдар менен өткөрүп, алардын абалын, жашоо-турмушун билип туруу керек. Экинчи бөлүгүн өзүнө тең адамдар менен жолугуп, идеяларды талашып-тартышып, пикир алмашууга бөлүп, талаштан тактык жаралат дейт эмеспи. Үчүнчү бөлүгүн өзүнөн бийик деңгээлдеги адамдар менен жолугуп, алардын ой-пикирин, идеяларын, акыл-насаатын угуп турууга бөлгөнү пайдалуу. Азыркы заманда адам күн сайын жаңыланып турбаса артта калат. Анткени заман өзгөрүп, дүнүйө кичирейип атат. Бүгүнкү алган билимиңиз менен эртең артта каласыз, ошондуктан адам ар дайым жаңыланып, өз алдынча иштеп туруш керек.

Ж.А.: Өзүңүз да айтып өттүңүз, билим маселесин көтөрүп, чечип келаткан эл өкүлүсүз. Мамлекеттик мектептердеги ар бир класста 30дан ашык, 40ка чамалаган бала окуйт. Жыл сайын жаңы окуу жылына кабыл алууда балдардын саны өсүүдө. Бул туруктуу керектөө болуп аткандан кийин, мынча жылда бирден мектеп салынып турушу керек, бюджеттен билим берүү тармагына мынча каражат кошулуш керек деген атайын бир түзүм керек ко дейм. Ушуну кантип иштеп чыкса болот?

А.Нурбаев: Билим берүү тармагы боюнча бир нече мыйзамдын автору болдук. Былтыр мектептерди көз карандысыз аккредитациядан өткөрүү боюнча мыйзам кабыл алганбыз. Анткени мамлекет мектептерге акча берип эле, эмне жыйынтык болуп атканынан жооп албайт экен. Эми беш жылда бирден аккредитациядан өтүп, талапка жооп бербеген мектептердин жетекчилиги алмашып, тиешелүү чаралар каралуусу керек. Аларга акча берилип аткандан кийин, канчалык деңгээлде сапаттуу иш кылып атасыңар деген талап да болушу керек. Мектептерде жалпы республикалык тестирлөө киргенден бери билим берүү тармагында чоң реформа боло элек. Ушул боюнча бир нече депутатка чогуу иштейли десем макул болушту, мектептерге ваучердик система киргизүүнү сунуш кылып атабыз. Мисалы, менин алты балам бар, эки балам азыр мектепте окуйт. Мамлекет мага эки ваучер берет, мен ошону каалаган мектепке алпарам. Акча ошол мектепке барат. Балам мектепке кардар катары болот. Мектеп кардарга ылайыкташууга өтөт. Мисалы 23 млрд сом мектепке кете турган болсо, 10%ын алып калып, 90%ын бала башына бөлөбүз, ошондо бир балага 15-20 миң сомдон туура келет. Бул каражат бала кайсы мектепке барса, ошол мектепке барат. Ошондо директор ар бир бала үчүн күрөшөт. Кайсы мектепке бала барбай койсо, ошол мектеп жабылат да, мыкты мектептердин филиалы кылып өткөрүп берилет. Мына ошондо сапат 2-3 баскычка көтөрүлөт.

Мектептин директору ошондо ар бир бала үчүн күрөшүүгө аргасыз болот. Ал аракет кылбаса, мектебине эч ким барбай коёт. Ата-энеде да тандоо мүмкүнчүлүк болот. Бул система Грузияда ишке кирип, жакшы жетишкендиктерге алып келиптир. Мен Грузиянын мурунку премьер-министринин китебинен окуп, ошондон изилдей баштадым. Мамлекеттик эмес уюмдардын жетекчилери менен жолугуштум. Кимде кандай маалымат бар деп кызыктым, Кыргызстанда бул тармакты билген адамдар аз экен. Буюрса, Грузиянын өзүнө барып да көрүп келебиз. Билим берүү министри менен сүйлөштүм бул темада. Ал чочулап атат, бирок бул билим берүү системасы үчүн өтө маанилүү.

Класстарда окуучунун көптүгү эки шаарда: Бишкек жана Ош шаарларында болуп атат. Райондордо жакшы эле. Эки күн мурун дүйнөлүк банктын өкүлү менен жолуктук. Бишкекке он мектеп, Ошко он мектеп куруу планы бар буюрса. Бишкекте 8 жер тилкесин бериптир. Жакында “Мамлекет – жеке өнөктөштүк” деп жаңы мыйзам кабыл алдык. Дүйнөлүк банк инвестор таап берет. Алар келип заманбап курулуш технологиялары, жабдуулары менен мектепти өзүнүн акчасына курат. Мамлекет акчасын 15 жыл ичинде бөлүп-бөлүп берет. Мындай практикалар дүйнө жүзүндө көп. Биздин өкмөттө ушу багытта иштеген адамдар аз. Дүйнөлүк банк өзү келди, кабыл алып бир сааттай сүйлөштүк. Мен эртең Ошко кетип атам, жер тилкесин таап берсек, болгондо да заманбап мектеп куруп беребиз дешет.

Негизги нерсе – биз мугалимдерге балдарды эки нерсе менен билим-тарбия берүүгө үйрөтүүбүз керек: сүйүү жана ишеним көрсөтүү. Баланы кучактап, бетинен өөп, балам сен кыйынсың, сенин колуңан келет деп башынан сылап койсок, ошол балада ынтызарлык, өзүнө ишенич болот. Класстагы окуучулардын алдында жемелеп, бурчка тургузуп, сенин атаң андай, сен ошо болосуң деген өңдүү сөздөр менен басынтканда баланын психикасы сынат, мугалимге ишеничи жоголот, окууга, кабыл алууга жөндөмсүз болуп калат. Качан мугалимден өзүнө карата сүйүү сезимин көргөндө, аны сыйлап, айтканын аткара баштайт.

Финляндияга барганда көрүп келдик, ойноп, балдарга билимди оюн аркылуу жеткиришет. Мен да кичине балдарымды ар нерсеге ойноп атып үйрөтөм. Ошондо бала бат кабыл алат. Баланы өзүнө ишендирип, сүйдүрүү өтө маанилүү. Чехиядагы бир менчик мектепке барып калдык, эртең менен директор балдарын кучактап, өөп тосуп алып атат. Биздин айылдагы мектептерди карасак, “Эмне үчүн чачыңды кыскартпадың? Бут кийимиң эмне үчүн кир?” деп урушуп тосуп алышат. Тескерисинче, жаманын жашырып, жакшы жактарын чыгарганга аракет кылса, ортодо ишеним пайда болот.

Ж.А.: Мамлекеттик мектептерде ар бир окуучу ай сайын белгилүү бир сумманы мектеп фондуна берип турат. Ага карабай эле айрым мектептерде майда-чүйдө, чака, шыпыргылар боюнча деле маселе пайда боло берет. Ошол мектеп фондуна чогулган акчаны кантип көзөмөлдөсө болот?

А.Нурбаев: Элде Билим берүү министрлиги, өкмөт, депутаттар ж.б. мектепти, мугалимдерди текшерип, көзөмөлдөп туруш керек деген түшүнүк бар. Өткөндө бир айыл өкмөтүнөн депутаттар билим берүү министрине келип жолугуп, мектептин баарына камера коюп, көзөмөлдөгүлө дешкен экен. Силер айылдык кеңештин депутатысыңар, силер текшерсеңер болбойбу дептир. Биз бирөөгө жүктөгөнгө эле машпыз. Акчаны ата-энелер комитети чогултушу керек. Комитетти ата-энелер шайлашат. Ошол укугунан алар пайдаланышы керек. Фондго чогулган акчанын эсебин сурап турууну колго алып, жөнгө салып алса болот. Канча акча чогулду, чыгымдар каякка короду деп керек болсо сайт ачып, таблица түзүп кийирип, баары карап тургудай кылса болот. Анын баарын министрлик, депутаттар же дагы бирөөлөр келип кылып бериш керек деп ойлошот. Алардын өздөрүнүн укугу бар. Бизде ата-энелер чогулушуна араң келишет, анан директор өзүнө керектүү адамды шайлатып алат да, ошону менен иштей берет. Ата-эне кайдыгер болбош керек. Министрлик 2000ден ашуун мектепти кантип текшерет? Ата-эне биринчи кезекте кызыкдар болушу керек балдарынын мектептеги окуусуна. 25 окуучу болсо, 25 ата-эне график түзүп, сабакка катышып турууга убакыт жумшашса, бир айда бир жолу баласы үчүн убакыт бөлүп койсо, мугалим да сабагына жоопкерчиликтүү мамиле кылат, ойлонот эле кантип жакшы өтсөм деп. Муну эки тараптуу караган жакшы.

Ж.А.: Шайлоо мөөнөтү жакындап атат. Шайлоо боюнча мыйзамдарга кандай өзгөрүү кирди?

А.Нурбаев: Азыркы мыйзамдар боюнча жергиликтүү кеңештерде аялдарга орун көбөйүп атат. Байкап көрсөк, мектеп, бала бакча, оорукана өңдүү социалдык маселелерди көбүнчө аялдар көтөрөт. Дагы бир маселе – мигранттардын шайлоо мүмкүнчүлүгүн кароо. Россия чоң өлкө, көп аймактарында биздин мигранттар жашайт. Шайлоо жайлары элчиликте гана болуп, мүмкүнчүлүктөрү абдан чектелүү болуп келди. Ошондуктан шайлоо жайларын көбүрөк ачуу каралып атат.

Ж.А.: Билими күчтүүлөр кирип, криминалдык чөйрөнүн, бизнес өкүлдөрүнүн келишине бөгөт боло турган шарт түзүлөбү?

А.Нурбаев: Бөгөт коюу бир гана элдин тандоосуна көз каранды. Акыркы шайлоодо мурдагыдай шайлоо комиссиясын эч ким сатып ала алган жок. Биометрикалык белгилериң менен киресиң, бир гана добушуң бар. Муну эч нерсе кыла алышпайт. Талапкерлер ар бир шайлоочу менен иштей баштады. Адамдар – шайлоочулар өздөрү тандашы керек азыр. Элдин деңгээли жакшы эле көтөрүлдү. 2020-жылдагы шайлоодо эл кызыкчылыгын ойлогон адамдар көбүрөк келет деп ишенгим келет. КТРК көрсөтпөсө деле эл азыр интернет аркылуу көрүп, элге маалымат жетип атат, кайсы депутат эмне кыларын баалап отурат.

Исхак Масалиев менен Жанар Акаев мындай сунуш кылышты: тандаган партияңыздын депутаттарынын ар биринин аты бюллетенде болот. Ошондо сиз депутатты да тандай аласыз. Жакшы болот эле, анткени тизмеде эң артта турган депутатты көп адам шайласа, ал алдына чыгып калышы мүмкүн. Күзүндө каралат, ошондо билинет.

Ж.А.: Акыркы суроом, кандай суроого жооп бергиңиз келет? Ошол суроого жооп берсеңиз.

А.Нурбаев: Журналисттер чөйрөсү билим берүү тармагына көбүрөк көңүл бурса деп каалайм. Биз азыр балдардын тарбиясынан баштасак, 15 жыл кийинкиге жакшы иш баштаган болобуз. Азыркы убакта жаштарга өзүмдүн дайыма айтып келаткан сөзүм бар: ийгиликтүү адам болуп, атаандаштыкка туруштук бериш үчүн беш тилди билиш керек. Манастын тили, Айтматов сүйлөгөн өзүбүздүн кыргыз тили, Толстойдун, Пушкиндин тили болгон орус тили, Шекспирдин тили болгон англис тили, Билл Гейтстин тили болгон компьютердин тили жана ишкердүүлүктүн тили. Жаштар ушул беш тилди билсе, ийгиликтүү боло алат.

Ж. А.: Абдан жакшы маек куруп бердиңиз, убактыңызды бөлгөнүңүз үчүн чоң рахмат, ишиңизге ийгилик, бакубаттык каалайбыз!

Жетиген АСАНБЕК

«РухЭште» сүрөтчүлөр үчүн көрсөтмө ачылды (Айыптын галереясы)

9 Replies to “Абдывахап Нурбаев: Мамлекет кызматкери тарых алдында жоопкерлигин сезсе…”

  1. Бул депутатка да ашыкча мактоолорду айта берип бузуп албасаңар экен. Чоңдорду жалаң кошоматчылар бузчу эле, бул жерге жалаң дүжүрлөр толуп алгансыңарбы))))

  2. Коомдо Абдывахап агайыбыздай бийик адамкерчиликтин үлгүсүн көрсөткөн меценаттар көп болсо билим жогорулайт, маданиятыбыз жогорулайт. Олжобай агай менен Абдывахап агайларды мен чыныгы интеллигенция өкүлдөрү деп санайм!!!

  3. Мамлекетте Нурбаевдей артында таза иши көп адамдар аз. Мектептерге колдоо кылганды колкоо кылгандар көп, бул киши болсо коомго анысын жарыялатпай келсе да Рухештин журналисти айттырып алыптыр. Бирок элге жашкы ишти кылган кишилерди да айтып турган туура

  4. Бул кишинин ар дайым элим-жерим, келечек муун деп күйгөн эң мыкты эл өкүлү экенине дагы бир ирет толугу менен ынанып олтурам…
    Ишиңизге ийгилик

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.