Так деӊиздин жээгинде эскилиги жетип кыйшайган жаман там  турган. Ал үйдө андан да карган балыкчы чал-кемпири менен жашады. Алар өтө жакырчылыкта күн көрүшкөн. Абышка балык кармап келет, кемпир балык сорпо жасап, курсактары ток, өмүр өтүп жатат.

Бир күнү абышка кечинде он чакты макарелло (деӊиз балыгы) кармап алып үйүнө келди. Кемпир балык сорпого казанын камдай баштаган, бир убакта балык тазалай баштап күңкүлдөп кирди:

– Күндө эле балык, балыктан башка билбейбиз. Тажатты го тап-такыр. Капуста жегим келип жаным чыгып  баратат.

– Келесоо болбо, кемпир, ушу балыктын барына тобо кыл.

Улутунуп алды да кемпир очогуна от тамыза баштады. Эми чал кобуранып калды:

– Менин да өлгөнчө капуста жегим келгенин билсеӊ…

– Эми аны кайдан табалы! – кемпир коштоп кетти. Кичине бир огородубуз болсо эмне. …Карачы кошунанын капустасын, тим эле тизилет, топтоголок болуп, торопойдой чоӊоюптур!

– Ал деген кошунаныкы, кемпир! Деӊиз огород эмес, каза албайсыӊ, толкунга үрөн себе албайсыӊ. Эй, эмне сага бирдеме деп башымды оорутам, андан көрө барып торлорумду жайып коёюн.

Абышка үйдөн чыгып, эшик артында ойлонуп калды: «Байкуш кемпиримди аяса да болот. Бир жолу капустага тойгузсам ээ. Балким кошунанын огородуна кирсемби, караӊгы кирип калды, мени ким көрө коёт дейсиӊ». Ушинтип чечкен чал акырын жалгыз аяк жол менен жөнөп калды.

Кемпир да үйдө оюна ар нерсе келет: «Байкуш чалыма боорум ачыйт. Көӊүлүн алып бир жолу капуста бышырып берсем эмне. Кошунанын капустасы быйыл сонун болуптур, бир тоголок капустаны байкабай деле калар». Бул ой башына келген кемпир акырын  кошунаныкына бет алды.

Бир аз убакыттан кийин абышка түнөргөн күзгү деӊиздей кабагын салып үйүнө келди. Артынан шамалга дирилдеген саргарган жалбырак сыяктуу калтырап кемпир келип калды. Абышка кемпирине асылды:

– Сен үчүн уятымдан өлүп кала жаздадым! Капуста жегичин кара мунун! Мен, кары келесоо, бирөөнүн огородуна капустага барбайымбы, эми эле эӊкейсем – бир аял жөөктө жүрөт, кошунанын аялы го, бутум үзүлгүчө артка жүгүрдүм. Сен болбосоӊ ушундайга барат белем!

– Эми мени күнөөлө! Алыӊ жеткениӊ эле мен! Өзүм коркконумдан чала өлүк болуп отурам. Сен үчүн бир капуста алайын десем бир эркек жүрөт, кожоюн го –   жүрөгүм түшүп, эмгиче калчылдап өзүмө келе албай отурам.

Аӊгыча эшик ачылып экөөнү ого бетер коркутуп, огородунда капуста өскөн  кошуна аял кирип келбеспи. Экөө селейип катып калды. Кошуна болсо:

— Күндө эле капуста, тажап да кетет экенсиӊ. Күйөөм экөөбүз аябай балык жегибиз келди. Бизге сорполук балык бере аласыӊарбы? – деди.

Абышкага жан кирип, кубанып кетти.

– Ал, ала гой, бүгүн жакшы макрель кармалды!

Кошуна аял балыкты алып жатып айтты:

– Эми биздин да колду кайтарбагыла, мен силерге капуста ала келдим эле, эӊ жакшы баш тандап келдим.

Чал-кемпир бирине бири карай салды.

Кемпир капустадан укмуштуудай даамдуу тамак жасаптыр. Аны жеп жатып абышка кашыгын коё салды:

– Кемпир, коё тур, коё турчу. Сен огородго кай жагы менен бардыӊ эле?

– Сол жагынан.

– Демек, экөөбүздүн көзүбүз уятыбыздан кашайган экен. Мен огородго оӊ жагынан баргам. Экөөбүз бири-бирибизди тааныбай калган экенбиз. Коркконго кош көрүнөт болуп. Жөн эле барып капуста сурап алсак болмок экен. Кошунабыз бизден акылдуу тура.

Которгон Бек ЖАЙЧЫБЕКОВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.