2019-жылдын 20-июлунан 28-июлуна чейин Кыргызстандын эң кооз, ак илбирс  уялаган, мамыры  гүлдөрү жайнаган, атактуу —  Кара-Кужур  жайлоосунда 20  өспүрүм катышкан  эко-арт лагери өтөт.

Катышуучулар кино, актёрдук чеберчилик, живописти үйрөнүү аркылуу экология тууралуу түшүнүк алышат жана бул боюнча өз ойлорун  айтууну үйрөнүшөт. Кыздар жана балдар  аталган жанрлар боюнча командаларга бөлүнүп иштешет. Аларга ХV Казань  фестивалында гран при, «Ак илбирс» конкурсунун 9 номинациясын жеңип алган, Оскар сыйлыгына көрсөтүлгөн Дарак ырытасмасынын режиссёру Айбек Дайырбеков, Көркөм өнөр искусство илимдеринин кандидаты, Ч.Айтматов атындагы Мамлекеттик Жаштар сыйлыгынын лауреаты, белгилүү  сүрөтчү Замир Илипов,  Манастаануу боюнча белгилүү адис Кундуз Жусупбекова,  КР Күрөш боюнча чебери, доцент Максат Оморов  мастер-класстарды өткөрүшөт.

Таза аба,  ажайып кооз жаратылыш койнунда, телефонсуз, интернетсиз  жүргөн  өспүрүмдөр   көӊүлү көтөрүлүп, таланты ойгонуп, чыгарма жазуусуна  шарт түзүлөт. Ошондой эле катышуучуларды ынтымакка бириктирген чогуу оюндар, флешмобдор уюштурулат, ар кандай темаларда  талкуулар болот жана кино көрсөтүлөт.

Өспүрүмдөр ак илбирстер жердеген бийик тоонун жаратылыш шартынын сыноосунан өтүшөт.

Лагерь “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду жана Германиянын жаратылышты коргоо союзу (NABU) тарабынан уюштурулуп жатат.

Байланыш тел.: 0552 85 57 10

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.