2018-жылы Жалал-Абат шаарындагы Университеттин Чыңгыз  Төрөкулович Айтматовдун 90 жылдыгына арналган конференциясына барып калдым. Барганда эле журналисттер интервьюга чакырып калышты. Маселе Чыңгыз Төрөкуловичтин кайсы жерде төрөлгөндүгү жөнүндө болуп жатты.  Жалалабаттыктар бул суроо менен илгери, көзү тирүү кезинде, өзүнө да кайрылышканы эсимде. Жалалабат шаарынын ЗАГСынын  1928-жылкы архивинде Чыңгыздын туулгандыгы тууралуу күбөлүк жазылып берилгени жөнүндө информация бар экен. Ал түгүл Чыңгыз Ысык-Көлдө Каракол шаарында төрөлгөн деген да сөздөр чыккан.

Чыӊгыздын киндигин мен кескемин деген акушерка да болгон.  Конференцияда биздин атабыз Төрөкул Айтматов 1927-жылдын мартынан 1929-жылдын мартына чейин Жалал-Абатта иштеген, а Чыңгыз 1928-жылдын  декабрында төрөлгөн деп да айтып далилдеп жатышты.  Чыңгыз болсо мен Шекер айылында жарык дүйнөгө келгенмин деп дайыма айтып да, жазып да жүрдү. Бул тарыхты айтып отурсаң интервью узакка созулуп кете турган. Анан журналистке кыскача “ооба, Шекерде төрөлгөн, бирок метрикасы Жалал-Абаттан алынган” деп жооп берип  койдум. Бир топ угармандар түшүнбөй калышты окшойт, интернетте ар кандай пикирлер айтылып жатты. Эми түшүнүктүү болуш үчүн ушул макалада баарын майда-чүйдөсүнө чейин айтып берейин деп чечтим.

Биринчиден, биздин үй-бүлөдө төрт эмес, алты бала болгон.  Биздин ата-энебиз 1925-жылдын сентябрында үйлөнүшүптүр (ал жөнүндө кубөлүктүн көчүрмөсү менин архивимде бар). Алардын Риза деген  тун баласы 1926-жылы төрөлүп,  бир же бир жарым жашка чыкканда кандайдыр себептерден, инфекция жукканбы, иши кылып бала чарчап калат. Ал мезгилде Төрөкул Каракол-Нарын окружкомунун (азыркыча обкомунун) секретары болуп иштеген. Сыягы жанагы акушерка ошол баланы Чыңгыз деп алса керек. Жогоруда айтылгандай, архивдик документтерден  биздин атабыз Төрөкул Айтматов   1927-1929-жж.  Жалал-Абат облусунун окружкомунун   секретары болуп иштеген.

Ал кезде кадр маселесин борборубуз Фрунзеде (азыркы Бишкекте) Кыргыз АССРнин обкому чечкен. Кыргызстандын Обкомунун чечими боюнча Төрөкул Айтматовду 1929-жылы өнөр жай жана соода наркомунун, азыркы термин менен айтканда, министринин кызматына которо турган болушат. Ошол маселени чечиш үчүн аны 1928-жылдын ноябрынын  экинчи жарымында  Фрунзеге чакырышат. Менин апамдын айтып бергенине караганда  төрөрүнө аз калып,  ай-күнү жетип турганда  ал борборго  эле барып төрөйүн деп  Төрөкул менен кошо Фрунзеге келет. Бирок Фрунзеге келгенде Төрөкулдун апасы (биздин Айымкан чоң энебиз) катуу ооруп калыптыр деген кабар угуп калышат.

Ал кишинин ахвалын билип келели деп Төрөкул менен Нагима Шекер айылына барышат. Барганда Нагиманын толгоосу башталып, айылдан көз жарат.  Сатий деген шекерлик тууганым менин апам Чыңгыздын киндик энеси деп айтаар эле мага. Ал биздин Тойлубай деген жакын тууганыбыздын аялы – Жумагүл эне болчу. Ал кезде эмес, азыр деле Шекерде баланын туулгандыгы жөнүндө күбөлүк бере турган ЗАГС жок. Ошон үчүн Айтматовдор Жалал-Абатка келгенде балага туулгандыгы тууралуу күбөлүк жаздырып алышат.

1931-1933-жж. атам Араван-Буура районунда иштеген кезде биздин үй-бүлө Ош шаарында жашап калат. Чыңгыз ошо кезде Ош шаарынын №1 бала бакчасына барып тарбияланат. Ошол бала бакчанын тарбиячыларынын ошо кездеги  топ балдар менен түшкөн сүрөтү да бар. Бул маалыматты уккан кээ бир кишилер Чыңгыз Ошто төрөлгөн дешет.

1931-жылы Илгиз деген агам жана 1934-жылы Люция деген  эжем туулат. Эжем  эгиздин түгөйү: эркек балага Рева, кызга Люция деген аттарды коюшат (ушундан деле Төрөкул менен Нагиманын революцияга, социализмдин идеяларына  канчалык  чын дилинен берилгендиктери  көрүнүп турат). Бирок чоң энебизге Рева деген ат жакпай Төрөкулдун досу Эркинбек Эсенамановдун атын коёт (Эркинбек деле революциялык ат дейт өз айтканынан кайтпай) .  Бирок тилекке каршы, Эркинбек алты айлык кезинде суук тийип ооруп, чарчап калат. Ошентип биз алты бир туугандан төртөөбүз калганбыз. Кээде апама  төрт баланы кандай кыйынчылыктар менен бактың, алтообуз болсок кантмексиң деп айтаар элем.  Анда ал ар бир бала өзүнүн ырыскысы менен келет бул жарык дүйнөгө, багат элем, кайра жакшы болмок, көп бир тууган болот элеңер дээр эле.

Кийин, 1935-жылы Москвага көчүп кеткенде апам балдардын, ал кезде колунда  үч баласы бар, туулгандыгы тууралуу метрикаларын ала кетет. Ал күбөлүктөр башка документтер менен бирге атайын папкага салынган болот. Мен Москвада төрөлүп, (1937-жылдын мартында) метрикам жаңы гана алынып, столдун үстүндө жаткан окшойт. Так ошол мезгилде  сталиндик репрессиялар – “эл душмандарын” таап камоолор апогейине жетип, күчөп турган убактысы болот, (1937-1938-жж.).

1937-жылдын 15-августунда НКВД начальниги Ежовдун  “эл душмандарынын” үй-бүлөлөрүнүн мүчөлөрү коомчулук үчүн коркунучтуу,  алар антисоветтик иш-аракеттерге барышы мүмкүн, ошон үчүн алардын аялдарын алыскы лагерлерге сүргүнгө айдап, ал эми балдарын колонияларга өткөрүш керек” деген  оперативдик буйругу  чыгып калат.

Айтматовдор жашаган жатаканадан күнүгө камоолор жана алардын үй-бүлөлөрүн сүргүнгө айдоолор күчөп баштайт. Кандай болсо да балдарды сактап калалы деп апам төрт бала менен шашылыш Шекерге кетип жатканда столдун үстүндө  турган    менин гана күбөлүгүмдү алып, берки папкадагыларды албай калыптыр. Бул 1937-жылдын 25- августунда болгон. Атабыздын тергөө ишиндеги документтеринин арасында 1-декабрда камакка алган  кезде Төрөкул Айтматовдун  үйүн  тинтүүнүн учурунда  документтер жана өз ара жазышкан каттар салынган папка табылганы   жөнүндө айтылат. Ошол папка менен үч баланын туулгандыгы тууралуу  күбөлүктөрү НКВДнын Москвадагы архивине өтүп кетет.

1946-жыл…  Чыңгыз Жамбыл шаарындагы (азыр ал Казакстандын Тараз деген шаары) техникумга  окууга өтөм деп, документтерин даярдаганда паспорт зарыл экени билинет.   Паспорт алыш үчүн туулгандыгы тууралуу күбөлүк керек болот. Ал документти НКВДдан алыш мүмкүн эмес эле, мейли Москвадан болсун, мейли Фрунзеден болсун. Ал түшүнүктүү да.  Жалал-Абатка барып көчүрмөсүн алганга да мүмкүнчүлүк жок. Анткени бул согуш жаңы гана бүткөн оор мезгил эле. Азыркыдай интернет жок, апабыз оорулуу болуп, андай жолго чыга албай турган ахвалда болгон. Барганда деле ЗАГС кызматкерлери аны тоотуп, көчүрмөнү берерин кудай билет эле. “Эл душманынын” аялы деп сүйлөшкөндөн коркуп бербей да коюшу мүмкүн болчу.

Ошонун баарын баамдап, апам Шекердин сельсоветине барып, баламды ушул жерден төрөдүм эле, аны элдин баары билет,  анын үстүнө согуш жылдары силерге иштеп берди эле. Эми балам паспорт алсын, Шекер айылында төрөлгөнү тууралуу справка берип койгула деп кайрылат. Шекерликтер, албетте, андай справканы жазып беришет. Тагдыр ушундай болуп калды. Ал кезде Чыңгыздын келечеги, деги эле  биздин үйбүлөнүн тагдыры кандай болорун ким билиптир. Аны атайылап жасаган эч ким жок.

Ошентип жыйынтыктап айтканда,  Чыңгыз Айтматов Шекер айылында туулган, бирок туулгандыгы жөнүндөгү маалымат Жалал-Абат шаарынын  ЗАГСында катталган. Чынын айтканда, ал Жалал-Абатта болгону 2-3 ай эле жашаган. Андан кийин биздин үй-бүлө Фрунзеге, анан Москвага көчүп кетет. Бирок Чыңгыздын балалыгы, өспүрүм кези, бойго жеткен курагы, адам катары калыптанган мезгили Шекер айылында өттү да. Ошон үчүн анын Шекерде туулуп өскөм дегени туура го деп ойлойм.

Биздин атабыз Кыргызстандын бардык региондорунда иштеген экен. Мен апамдан Кыргызстандын кайсы жери сага  баарынан жакчу деп  сурачу элем. Ошондо ал кубанып,  күлүмсүрөп, кандайдыр жаркырап : “Албетте, Жалал-Абат”- дечү.

Чыңгыз Төрөкулович дагы Жалал-Абат жөнүндө, менин өз шаарым деп сыймыктана айткандары бар. Ошон үчүн бир кезде биздин үй-бүлөнүн жашоосунун эң бактылуу учуру өткөн Жалал-Абат шаары да биз үчүн эң кымбат, жалалабаттыктар да биздин эң жакын туугандарыбыз, баса, таякелерибиз, анткени биздин  чоң-чоң энебиз Аксынын кызы болгон. Ал жагынан да жакынбыз. Жалал-Абатта Нагима Айтматова атындагы аллея, Ачы айылында Төрөкул Айтматов атындагы мектеп бар. Биз алардын  балдары, урпактары дайыма бул сый -урматка  терең ыраазыбыз жана сыймыктанабыз.

Апам Чыңгыз кичине кезинде  аны менен  Ысык-Көлдүн “Арашан”, “Койсары” деген курортторуна барып, эс алгандыктары  жөнүндө көп эскерер эле. Мүмкүн ошону эстеп Чыңгыз кийин улгайган кезде “Ысык көлдү сагынуу” деген ырында “балалыгым эстен чыкпайт, изим калды көл жээгинде” деген сөздөрдү жазды деп ойлойм.

Жалал-Абаттабы, Шекердеби, Караколдобу, Оштобу — кайда төрөлсө да Кыргызстанда төрөлгөнү, кыргыз элинин уулу болгондугу  эсеп да.  Интернетке пикирлерин жазган окурмандардын көбү  ушул ойду туюндурушуптур.  Рахмат, айланайындар, силердин жакшы ниетиңер үчүн. Ылайым, элибиз биримдүү болуп, дайыма бири бирибизди түшүнүп, колдоо көрсөтүп, ынтымакта жашайлы!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.