Эскертүү: КРУИАнын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту тарабынандаяр далган “Классикалык изилдөөлөр” аттуу китептен алынган бул макала айрым кыскартуулар менен берилди.

… Өз кезегинде улуттук искусствонун чеберлери Москванын жана Ленинграддын театрларында, концерттик жайларында чыгармачылык отчет берип келишти.

Кыргыз адабиятынын бардык жанрларында жана түрлөрүндө кеңири сөз кылууга татыктуу чыгармалар пайда болду. Бул жагынан айрыкча роман жанрындагы жетишилген ийгиликтер кубандырбай койбойт. Кыргыз романынын текчеси көрүнүктүү романист Сыдыкбековдун «Зайыптар», К.Баялиновдун «Боордоштор», Н.Байтемировдун «Тарых эстелиги», Т.Касымбековдун «Сынган кылыч», У.Абдукаимовдун «Майдан», С.Өмүрбаевдин «Телегей», М.Абдукаримовдун «Жаңырык» аттуу чыгармалары менен толукталды. Ч.Айтматовдун «Кош бол, Гүлсары» аттуу повести коомдук маанилүү маселелерди козгогондугу менен окуучулардын чоң кызыгуусун туудурду.

Драматургияда болсо белгилүү драматургдар Жантөшев К. менен Т.Абдумомуновдун көп жылдык эмгектерин жыйынтыктаган пьесалар жыйнактарынын чыгышы адабий турмушубуздагы окуялардан болуп калды. Мына бул экономикалык, маданий жана адабий турмуштагы элибиздин өткөн жылдагы жетишкен зор ийгиликтеринин фонунда кыргыз поэзиясынын бир жылдык өсүш жолун, анын кээ бир өнүгүш өзгөчөлүктөрүн калыс талдоого алуу пайдалуу пикирлерди жаратар эле деп ойлойбуз.

Макалада 66-жылы жарыяланган ырлардын жана жыйнактардын бардыгына кеңири токтолуу мүмкүн эмес. Анын үстүнө буга умтулуу сөздүн майдаланып кетишине гана алып келиши мүмкүн. Ошондуктан колдон келишинче акындардын кеңири чөйрөсүн сөзгө аралаштырууга аракет жасоо менен бирге, көңүлдү көбүнчө мүнөздүү көрүнүштөргө, башкы тенденцияларга бурабыз.

1966-жылда жарыкка чыккан жалаң гана ыр жыйнактарынын саны 20дан ашып кеткен. Алар А.Токомбаевдин «Кандуу жылдар» романы, К. Маликовдун «Аскадагы үн», А.Токтомушевдин «Эркин саптар», С.Эралиевдин «Жылдыздарга саякат», Б.Сарногоевдин «Тоолор жана тоолуктар», Ж.Садыковдун «Сары Өзөн», С.Жусуевдин «Көңүл күүлөрү», М.Турсуналиевдин «Миңдин бири», Н.Жаркынбаевдин «Жаштык жазы», Р.Рыскуловдун «Ыр чыны» С.Абдыкадырованын «Чырак», Ж.Тынымсеитованын «Соң-Көл дептери» аттуу жыйнактары жана башкалар.

Мындан тышкары журнал жана газеталардын беттеринде акындар Т.Үмөталиевдин, К.Акаевдин, М.Жангазиевдин, Н.Байтемировдун, А.Белековдун, Т.Кожомбердиевдин, М.Абылкасымованын, Ж.Абдыкалыковдун, О.Султановдун, А.Кыдыровдун, Г.Момунованын, М.Буларкиеванын, Т.Молдобаевдин, И.Исаковдун, К.Жуманазаровдун, С.Маймуловдун, К.Рысалиевдин, Ж.Мамытовдун жана көптөгөн башка акындардын сөзгө алууга татыктуу ырлары басылган. Ушул жөнөкөй тизмелөөнүн өзү эле бир жыл ичинде кыргыз акындары аткарган поэтикалык жумуштардын көлөмү жөнүндө түшүнүк бере алат. Бирок кээде акындардын аттарынын молдугу, жыйнактардын көп чыгышы кай бирөөлөргө топон суу каптагандай кырсыктуу болуп көрүнөт окшойт. Мисалы жаш акын Р.Рыскулов ырларынын биринде:

«…Жардам бер, сактап калчы, сакчы турмуш, Туш-туштан жайнап акын келет селдеп» — деп, эмитен эле катуу дүрбөлөңгө түшүп алган. Бул саптарда акындык апыртуунун үлүшү бар экендигин эстен чыгарууга жарабас. Ошентсе да кеп санда эмес, салтанатта. Рыскулов жазгандай «селдеген» акындар болгон күндө да Маяковский эңсегендей алар «жакшы жана ар кыл» болушса, мунун зыяны да жок.

1966-жылдагы кыргыз поэзиясы — бул жок жерден пайда боло калган поэзия эмес. Ал баарыдан мурда белгилүү мезгил ичиндеги өнүгүүнүн табыгый уландысы, үзгүлтүксүз, өтүп жаткан процесстин бир учуру. Мына ушул жагынан алганда 66-жылдагы кыргыз поэзиясы өткөн жылдардагы поэзиянын жакшы салттарын, граждандык пафосун, идеялык-көркөмдүк өзгөчөлүктөрүн сактап жана андан ары байыткандыгы, өрчүткөндүтү байкалат. Биздин оюбузча 1966-жылдын поэзиясында аны мурдагы жылдардын поэзиясынан тиешелүү даражада өзгөчөлөнүп турган айрым белгилер бар.

Муну ырдын ички түзүлүшүндөгү монотондуулуктан кутулууга жасалган аракеттерден, окуяны сүрөттөөнүн формасын, ыкмаларын кеңитүүгө умтулуулардан, мүнөздөрдүн психологиялык мотивдер менен шартталгандыгын далилдөөлөрдөн көрүүгө болот. Бул жаңы белгилердин баары эле өткөн жылкы поэзиядан кадыресе калыптанган түрдө кезигет деп айтуу кыйын. Кээде жаңы ыкманы издеген акындын жакшы ниеттеринен терс натыйжалар келип чыгып жаткандыгын макаланын тиешелүү жеринде белгилей кетмекчибиз.

Поэзиянын бир жыл ичинде ийгиликтери жөнүндө сөз кылганда кээ бир адабиятчыларга окшоп, аларды улуттук поэзиянын узак өнүгүү тажрыйбасына карама-каршы коюп албообуз керек. Өткөн жылкы поэзиянын жакшы жактары, поэзиябыздын ушул кезге чейинки өнүгүү процесси даярдаган топурактан өнүп чыгып олтурат жана анын кемчиликтери да ошол басып өткөн жолдун бөтөнчөлүгү менен шартталып жатат. Поэтикалык чыгармачылыктын, тажрыйбасынын бул сыяктуу муундаштыгына жана үзгүлтүксүздүгүнө аксакал акындарыбыздын ийгиликтүү иштеп жаткандыгы күбө боло алат.

Өткөн жылы Аалы Токомбаевдин «Таң алдында» романынын оңдолуп, толукталган варианты кайрадан басылып, жөндөмдүү художник Б. Жумабаевдин эң сонун кооздоосу менен окуучуларга тартуу кылынды. Ыр менен жазылган көп катмарлуу бул романдын биринчи бөлүмдөрүнүн жарыкка чыкканынан бери отуздан ашык жыл өттү жана бул мезгилдин ичинде ал окуучулардын арасында кеңири белгилүүлүккө ээ болду.

«Таң алдында» романы — идеялык жана образдык түзүлүшү жагынан чыныгы полифониялык чыгарма. Анын көп үндүүлүгү, көп түстүүлүгү трагедиялык сүрөттөр менен комикалык ситуациялардын өзгөчө айкалышта берилишинен, лирика менен драманын, сүйүү менен жек көрүүнүн, эр жүрөктүк менен арамзалыктын кагылышууларынан айрыкча ачылып көрүнөт. Мына ошондуктан роман жалаң гана адабиятчы эмес, философ үчүн да, тарыхчы үчүн да изилдөөнүн объектиси болуп кызмат кыла алат.

Дагы бир айта кетчү нерсе бар «Таң алдында» сыяктуу зор эпикалык полотнону жаратуу үчүн нукура көркөм таланттын болушу аздык кылат. Ал үчүн художник алдыңкы идеяны кан-жанына сиңирип алууга тийиш, элинин духу, ички дүйнөсүн жана мүдөөлөрүн терең билүүгө жана эң негизгиси тарыхый чоң масштабдарда жүгүртө билүүгө тийиш. Бул сапаттардын акын катарында А.Токомбаевде бар экендиги талаш туудурбайт. Мына ошол себептүү «Таң алдында» романы жалаң гана таланттуу художниктин эмес, турмуштук зор өзгөрүүлөрдүн күбөсү болгон гражданиндин да чыгармасы. Романдын идеялык эстетикалык баалуулугу да мына ушунда.

Акын Т.Үмөталиевдин өткөн жылы газета жана журналдарда бир далай ырлары жарыяланган. Булардын ичинен айрыкча «Ала-Тоо» журналына басылган ыр цикли («Ала-Тоо» №5, 1966) окуучулардын көңүлүн бурат. Ал ырларында. Т.Үмөталиев көптү көргөн, көптү башынан өткөргөн художник катары замандаштарына, жаштарга адилет ойлорун айтат, турмуштун жат көрүнүштөрүнө элдешпес мамиле жасоо керектигин эскертет. Мындай идеялар «Ишиң менен», «Чындык ачуу», «Эми кайдан» өңдүү ырларда дурус берилген жана акын курч сезимди, сергек ойду ар ырлардын тамырларына тарта алган.

66-жылы К.Маликовдун «Аскадан үн» аттуу көлөмдүү жыйнагы жарыкка чыкты. Китепте ар түрдүү темадагы ырлар бар. Жыйнакта көп ырлардын өзөгүнөн сызылып чыгып турган бир туруктуу мотив угулат. Автор кээде бөтөн нерсе жөнүндө сөз кылганда да, ошол мотивдин кайруулары жаңырык сыяктуу кулакка чалына калат. Муну Токтогулга арналган ырлардан көрсө болот. «Кайсыл акын», «Сенин элиң» жана башка ырларда, «Аскадан үн» поэмасында Токтогулдун эстелигин урматтоо идеясы негизги өзөк сыяктуу өтөт. Жыйнакта чубалжыбыраак тартып, конкреттүү ой жардамчы образдардын арасында майдаланып кеткен «Билим», «Чыда асман», «Салтанат күнү көл бойлоп…» сыяктуу ырлар да бар.

Китептеги «Аскадан үн» аттуу көлөмдүү поэма Токтогул ГЭСин куруучуларга арналган. Таштанбек, Сергей, Айдай сыяктуу каармандарды акын берилгендик менен сүрөттөйт, окуучуларга алардын ой санааларын, тилектерин билдирүүтө ашыгат. Поэманын мындай жакшы жактары кээде кошумча сюжеттердин, окуяны майдалатып жиберген деталдардын кириши менен бүдөмүктөлүп кетет. Мисалы, Сергейдин тоо арасында адашып жүргөндүгүн сүрөттөгөн мына ошондой.

Кыргыздын белгилүү акындарынын бири Абдурасул Токтомушев «Эркин саптар» аттуу жыйнагында өзүн чыгармачылык диапазону кенен, көп кырдуу акын катары көрсөтө алган. Ырларында ал айрыкча моралдык маселелерге көп көңүл бурат. «Барынан жогу», «Булак туйлайт», «Бир досумдун арманы», «Сүйлөшүү» сыяктуу ырларда моралдык принципти бекем кармаган, өзүнүн кемчиликтерине чоң талаптуулук менен мамиле жасай алган каармандын портрети тартылат. Моралдык проблеманы коомдук идеялардын позициясынан туруп талдоону акын «Мукаш» аттуу поэмасында ишке ашырган. Чыгармада автор жеңил ойлуулукка жеңдирүү чоң кылмыштарга алып келе тургандыгын зордобой эле табыйгый түрдө билдире алган. Трагедиялуу жазмыштын тарыхын баяндаганда да, сезимдин тазалыгын сүрөттөгөндө да акын жалган кыжырланууга, курулай туталанууга жол бербейт. Күнөө кылган адамды беттен алуу, же болбосо ага риторикалык жемелөө менен кайрылуу поэмада жок. Каармандардын жүрүш-турушунан, бири-бирине жасаган мамилелеринен эле кимдин ким экендиги ачык болуп калат. Поэма такшалган жана поэтикалык ойлоосу курч акындын калеминен жаралгандыгын туюу кыйын эмес.

Жыйнактагы А.Токтомушевдин ырларында кээде куплеттин, же бүтүндөй ырдын ритмикалык ыргагынан чыгып калгансыган саптар жолугат. Жыйнактын ушул өңдүү биз байкаган кемчиликтери тилекке жараша аз. Жалпысынан алганда «Эркин саптар» поэтикалык ажары жарык китеп жана анын үлүшүнө 1966-жылкы кыргыз поэзиясынын ийгиликтеринин белгилүү бөлүгү туура келет.

Акын С.Эралиевдин кийинки жылдарда жазган ырлары «Жылдыздарга саякат» аттуу жыйнакка бириктирилген. Китепчени өз убагында кызуу талаштарды тудурган «Жылдыздарга саякат» поэмасы ачат. Айрым кемчиликтерине карабастан, «Жылдыздарга саякат» поэмасы мезгилдин сынынан ийгиликтүү өтө турган чыгармалардын эсебине кирет.

С.Эралиевдин ырларында туруктуу образдар жана мотивдер бар. Ал туруктуу образдардын бири — планетабыз жердин образы. Жер менен адамдардын ажырагыс байланышы, киндиктештиги жөнүндөгү идея көп ырларда кайталанат, ар тараптан талданат. «Жер жана мен», «Жер айланат», «Ныксырашып бир бирине ыкташат», «Жел» деген ырларда адамзаттын жердин сырларын өздөштүрүүдөгү басып өткөн узак жолунун туур картинасы берилген. Акын айткандай адам бир мезгилдерде өзүндөгү «улуулукту ойготуп» алгандан кийин, жер калдайган калың күч эмес, жашоо азыгы экенин түшүнгөн. Эралиевдин ырлары афористтик тактыгы менен айырмаланып турат, алар акын эмес ювелирдин колунан чыккандай. Мисалы, «Аскарлар көктү сайгылап», «Калбай калды карасак», «Июнь. Ысык» деген ырларынын бир да сөзүн, бир да сабын ырдын өзүн бузбастан алып салууга мүмкүн эмес. Акыркы эки ырды келтирип көрөлү:

Июнь, Ысык.
Токой үнсүз шыкалат.
Жалаң аяк басып кирет күн гана.
Башын салып,
Ар жылчыктан шыкаалап.

Токой уктайт,
Токой уктайт, үргүлөп,
Жел акырын кийирип иет шооланы,
Же жалбырак,
Же бутакты түгөлдөп.

Калбасын деп:
Муздак,
Үшүк,
Караңгы.
Түш мезгилде суу жээгине жетти да,
Күн бир азга токтоп чачын таранды.

Калды чачы тулаңдарга чатышып,
Суулар аны толкундарга орошуп,
Баратышат,
Күлүп боору катышып.

*     *     *

Калбай калды карасак,
Каркыралар көктө эрип.
Кайда кетип баратат.
Иңир тоону бөктөрүп?

Үнсүз келип көпөлөк,
Гүлгө жатты көшүлө.
Айды: көл, суу экөөлөп,
Кадап жатат төшүнө.

Желдин токтоп калды ыры,
Балким асман сиңирди:
Жаады жылдыз жамгыры,
Жыртып-жыртып иңирди.

«Жылдыздарга саякат» жыйнагында албетте, талапка жооп бере албаган ырлар да бар. Мисалы «Кыз куумай» деген ыр жеңил-желпи эле жазылып калган. Жыйнакта ал декоративдик кызматты аткарууга гана жарайт. Кээ бир ырларда жер шарын каруселге салыштыруу кайталанат. Бул салыштыруу советтик поэзияда далай ирет пайдаланылгандыктан, өзүнүн оргиналдуу түсүнөн айрыла баштаган образ. Ал эми «Баратам» деген ыр интонациясы, образдык түзүлүшү жагынан «Жылдыздарга саякат» поэмасынын фрагменти сыяктуу кабыл алынат.

Жалпысынан С.Эралиевдин жаңы китеби азыркы кыргыз поэзиясынын кээ бир мүнөздүү жактарын ичине камтыган, акындын өтө жемиштүү изденүүлөрү жана табылгалары жөнүндө түшүнүк бере алуучу жыйнак.

1966-жылы С.Жусуев, Б.Сарногоев, Ж.Садыков сыяктуу окуучуларыбызга кеңири белгилүү акындар кезектеги жыйнактарын чыгарышты. Ал жыйнактардын жана башка акындардын ыр китептеринин чыгышына байланыштуу мындай бир суроо туулат: авторлордун улам кийинки жыйнактары алардын чыгармачылыгындагы алга жылыштар көрсөтө алабы, же конвейрден чыккан буюмдарча санды, эсепти толуктоо менен тим болуп калышабы? Бул суроого жооп берүү азыркы кыргыз поэзиясынын, айрыкча жаштардын поэзиясынын өнүгүшүндөгү кээ бир өзгөчөлүктөрдү байкоого алып келер эле.

Жусуев да, Сарногев да, Садыков да поэтикалык сөздүн сыйкырдуу күчү эмнелерди жаратууга жөндөмдүү экенин жакшы билишкен акындар. ыргактуулук, айтылуучу ойдун тактыгы, образдуулугу үчөөндө тең күчтүү. Албетте, турмушту сүрөттөө манерасындагы кээ бир сырткы окшоштуктар бул акындардын индивидуалдуулуктарын өчүрбөйт. Ж.Садыков чоң көркөм ойду кыйкырыксыз эле, жупунулук жана салмак менен бере алат, күчтүү эмоциялык жарылууга даяр турган сезимдер акындын ыр саптарын салмактантып турат. Бул жагынан Ж.Садыковдун поэзиясы А.Токомбаев менен А.Осмоновдун поэзиясына жакыныраактай. Акындын чыгармачылыгындагы бул өзгөчөлүктү «Биле бер», «Толбойкалды», «Сырдашуу» деген сонун ырлардан табабыз.

Кылдуу учуна муздан кийип шөкүлө,
Чулу таштан калкан таккан төшүнө.
Кыргыз тоосу окшоп кетет байыркы
Жоокер жигит, жоокер кыздын өзүнө.

Мен унутуп тоодо туулган чагымы,
Качан болсо карайм туш-туш жагымы.
Тоолор баатыр… Аккан суулар өңдөнөт,
Анын тынбай соккон күрөө тамыры.

Сен да, окуучу, калыс сөзгө карагын,
Алар камдап жоокерлерче жарагын,
Кас душманга кастар тигип тургансыйт,
Антей болуп жерге тиреп таманын.

Жерге чөгүп, жер таянган буту бар,
Чын-чынында анык Антей ушулар.
Ишенбесең көктүн четин кош колдоп,
Тиреп турган аскалардын учу ал.

Алар жөлөк — тынч асманга тирелээр,
Аны көздөп сугун артса ким эгер,
Тоодо туулуп, тоо таянып жашаган
Тоолук адам не кыларын биле бер.

Ал эми Б.Сарногоев болсо, тескерисинче, поэтикалык дүрмөттөрүн от алып кетер коркунучу бар жакындыкта кармайт, натыйжада анын ырларын окуган адамдын көркөм сезимдери дароо эле жанып кетет. Сарногоевдин поэмалары жана ырлары окуучуларга плакаттуу, элестүү жактарын ыктай берип турат. Акындын чыгармаларынын окуучулар арасындагы популярдуулугунун бир себеби ушунда деп ойлойбуз. Бирок мындай сырткы элестүүлүк, шайдооттук көркөм ойдун тайыздыгын күбөлөбөйт.

Сарногоевге мүнөздүү болгон образ сомдоо манерасы турмушту көркөм өздөштүрүүнүн канчалык бай формалары бар экендигин гана айкындайт. Жыйнактагы «Чокулардан көрүнгүн», «Көгүчкөнүм», “Булутка» деген ырлары бул пикирибизди ырастай алат.

С.Жусуев — интонациянын ар түрдүү угулушуна көбүрөк көңүл бурган, кандай ыр болбосун конкреттүү бир ойду ага негиз кылып алууга тырышкан акын. Поэтикалык конкреттүүлүктүн жакшы үлгүлөрү анын «Дарак», «Кол», «Жылуулук» деген ырларында берилген. Айрыкча «Дарак» ойду конкреттүү сүрөттөө жагынан кыйкымсыз иштелген ырларга кошулат.

Жансыз деп кимдер айтат дарактарды,
Жансыз да өсүп турган дарак барбы?
Дарактар адам сындуу билип турат,
Кеч кирип, жылдыз чыгып, таң атканды.
Чилдеде үшүп кетсе ичиркенип,
Силкинип бутагынан кагат карды.

Майданда снаряддар даракты урат,
Жоокердей бир кыйкырып калат сулап.
Башкасы курбусуна башын ийип
Унчукпай аза күтүп карап турат.
Азыр да токойлорду араласаң,
Согуштан мунжу болгон дарак турат.

Даракты кырккан кезде кесип, боёп,
Күн мурун не болорун сезип коёт.
Муңайып балдак болот майыптарга,
Кубанып стол, парта, эшик болот.
Ыйлайт да табыт болот аргасыздан,
Жыргайт да бөбөктөргө бешик болот.

Биз сөз кылып жаткан акындар күндөлүк өтүп жаткан окуяларга өз убагында отклик жасай алышат. Аларда биздин учурдагы маанилүү турмуштук, коомдук маселелерди чагылткан чыгармалар көп. С.Жусуевдин «Сагыныч», «Мамбет», Б.Сарногоевдин «Ачык кат» поэмалары замандаштарыбыздын тагдырлары, сүйүүлөрү жана эмгектери жөнүндө баяндашат. Бул аталган поэмалар жана Ж.Садыковдун «Орусбек» аттуу лирикалык поэмасы азыркы кездеги кыргыз поэзиясындагы ушул жанрдын деңгээли жөнүндө кээ бир түшүнүктөрдү бере алат. Бир кездерде жазылган поэмаларда кездешүүчү көп сөздүүлүк, композициялык жактан боштондук, майда деталдарды терип-тепчимей, логикалык ырааттуулуктун кармалбагандыгы сыяктуу олуттуу кемчиликтер бул поэмалардан көрүнбөйт. Кыргыз акындары азыркы күндө поэма жанрын чеберчиликтин жоктугунан келип чыккан кээ бир артыкбаштыктардан, оорчулуктардан бошотуп, анып канатын серпилүү күчүн арбыта алышты деп айтууга укугубуз бар. Муну айрым жетишпегендиктерине карабастан, ушул поэмалардан да байкоого болот.

Бул айтылгандардын негизинде акындар С.Жусуев, Ж.Садыков жана Б.Сарногоев акыркы ыр жыйнактарында алга кээ бир даражада жылыш жасай алышкан деген тыянакка келебиз. Бирок кептин баары ушул алга жылыш жасады деген сөздө жатат. Анын чыныгы маанисин билүүдөн мурда, бул түшүнүктүн көлөмүн аныктап, конкреттештирип алуубуз керек. Адабият жөнүндө сөз болгондо, биздин пикирибизче, ташбаканын жылышы эмес, сапаттык секирик жасоо мүмкүнчүлүгү жөнүндө ойлошубуз керек.

Анткени жалпы эле советтик кыргыз адабияты ушул бүгүнкү абалга сапаттык, диалектикалык секириктерди жасоонун натыйжасында жетти. Мунун чон, тарыхый маанисине көпчүлүк учурда өзүбүз туура баа бере албай жүрөбүз. Мына ушул факторлорду эске алып, Сарногоев, Жусуев, Садыковдун чыгармаларындагы жылыш жөнүндө сөз козгосок, анда бул авторлордун тилекке каршы көзгө таамай урунарлык сапаттык секирик жасай албай жатышкандыктарын белгилөөгө аргасыз болобуз.

Чындыгында эле иштин ал-жайына назар салып көрөлү. «Көңүл күүлөрү», «Тоолор жана тоолуктар», «Сары өзөн» жыйнактарынан идеялык-көркөмдүк деңгээли жагынан авторлордун мурунку китептериндеги ырлардан ашып кете албаган, ал гана эмес төмөн турган ырларды табуу анчалык кыйынчылыкты туудурбайт. Мисалы, «Тоолук жана тоолуктардагы», «Таалим ал», «Түш көргөндө» деген, «Көңүл күүлөрүндөгү», «Тоо жазы», «Жайлоодон келген кымыз» деген сыяктуу ырларда тема өтө эле жөнөкөйлөтүп чечилет.

Бул ырларда баягы эле миң кайталанган мотивдер кайра коюлат, адамдын учкун сыяктуу жарк этип, кайра тез эле өчүп калуучу утурумдук эмоциялык реакциясы чоң маанилүү көрүнүш катары окуучуларга тартуу кылынат. Акындын чыгармачылыгында алга жылуу ачык байкалбаса, анда бир орунда токтоп калуу коркунучу жаралат. Ал эми бүгүнкү күндө адабиятта бир орунда туруп калуу деген сөз, артка эки кадам кеткендик деген сөз. Анткени художник бир жерде буйдалып калганча, турмуш жана көркөм ойлоо алга жылып кетет. Демек ар бир акын өзүн узакка созулган чыгармачылык эстафетанын катышуучусу катары сезиш керек. Эгер ал ар бир этапта талапка жараша чыгармачылык жүрүшүн уюштура албаса, эстафетадан чыгып калат.

Мына ушулар жөнүндө биздин таланттуу акындарыбыз Жусуев, Сарногоев жана Садыковго ачык айтууга тийишпиз. Азыр алардын чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрүнүн гүлдөп турган мезгили. Окуучулар алардан чыныгы поэтикалык үлгүлөрдүн деңгээлине көтөрүлөр этаптык поэмаларды, ырларды күтүүгө акылуу. Буга жетүү үчүн талыкпай изденүү гана керек.

Биз сөз кылып отурган акындарда сапаттык өзгөрүштөрдүн туюлбай жаткандыгы, балким, алардын изденишпегендиктерине байланыштуудур деген суроо туулуп калышы мүмкүн. Иш жүзүндө андай эмес. Талданган жыйнактарда алардын авторлорунун изденүүлөрү байкалбай койбойт. Бирок азырынча ал изденүүлөр интенсивдүүлүккө, системалуулукка жана чыныгы чыгармачылык кумарга айлана элек. Мына ошол себептүү изденүүлөрдүн издери ал жыйнактардан даана көрүнбөйт.

Бирок бул жерде бизди кубанта турган нерсе бар. Садыковдун, Сарногоевдин жана Жусуевдин ыр китептеринде анчалык байкала бербеген жаңы каражаттарды, ыкмаларды табууга умтулуулар алардын жыйнактарынан кийин жарыяланган поэмаларында жана ырларында жемиштерин бере баштагансыйт. Бул жагынан С.Жусуевдин «Тирүүлөргө» («Ала-Тоо» № 5, 1966-ж.), Б.Сарногоевдин «Уккун мени, чоң ата» («Ала-Тоо» № 7, 1966-ж.) поэмалары жана Ж.Садыковдун жаңы ырлары мүнөздүү. Сарногоев жана Жусуев поэмаларында турмуш кубулушун чагылтуунун жаңы формасын, ыкмасын табууга аракеттенишкен, ырдын ритмикалык кыймылын түрлөнтүү жолдорун издешкен. Мисалы, Жусуевдин поэмасындагы стилдик өзгөчөлүк, образдык системанын акындын чыгармачылыгы үчүн жаңылыгы ошол изденүүнүн натыйжасы экендигинде шек жок. Мындай жаңылыкты ыр саптарынын сындырылып берилгенинен, же верлибрди пайдаланылгандыгынан гана көрбөш керек. Поэмадагы реалдык турмуш менен ирреалдык пландагы көрүнүштөр, окуялардын көп катмарлуу образдык системага куюлушу, жалпы кээ бир түшүнүктөрдөн конкреттүү образдын пайда болушу — мына ушулардын бардыгы чыгарманын идеялык көркөмдүк жаңылыгына тиешелүү штрихтерди кошот.

Поэмадагы курман болгон солдаттын жалган жерден баатырдык наам алган адамды ашкерелөөсү чоң моралдык маселе. Азыр ретроспективдүү көз жүгүртүлүп, өткөндөгү (мунун ичинде согуш учурундагы) көп нерселерди кайра кароо, тактоо процесси жүрүп жаткандыгы баарыга белгилүү. Чыгармада өлүк жоокердин тирүүлөргө кайрылуулары, ой жүгүртүүлөрү бүтүндөй доордун ой-санааларын, мүдөөлөрүн чагылтат. Бул жагынан поэмадагы муундардын өз ара үзүлгүс байланышы, биримдиги жөнүндөгү ой чыгармадагы борбордук ойлордон. Акын полемикалык түрдө азыркы жаштар арак-шараптан башка эч нерсеге кызыкпайт, ата-энелердин революциялык традицияларын эстен чыгарышкан жана улуу муун менен азыркы муундун ортосунда кандайдыр бир карама-каршылыктар бар имиш деген көз карашка солдаттын төмөнкү сөздөрү менен каршы чыгат:

… Бул ушак кеп эп келгис.
Биз силерге таштаганбыз ишенип,
Эл, мекенге сүйүүңөр бар болгондон чектелгис.
Силер шаттуу күлгөндө
эстегиле биздерди —
Ал күлкүнү биздер берип кеткенбиз.
Силер таттуу сүйгөндө эстегиле биздерди,
Ал сүйүүнү биздер берип кеткенбиз…
Уулум! Уулум!
Жер тагдыры, эл тагдыры колуңда — өзүң бүгүн чектесиң.
Сага ишенем, муунуңа ишенем,
Сен эстегин, сенин муунуң эстесин
Биздин чепти, бийик чепти, чоң чепти
Сен бектегин,
Сенин муунуң бектесин.
Сага айтарым:
Биз жумшаган
кайратыбыз —
биздин атак
биз курган жол,
Биздин Жеңиш,
биздин төккөн каныбыз
бекеринен кетпесин!..

Поэманын көркөмдүк түзүлүшүнө өзгөчөлүк киргизип турган нерсенин бири — бул андагы тирүүлүк менен өлүмдүн ортосундагы чектердин жуулуп кетишинде, экрандагы сыяктуу бирине-бири өтүп турушунда. Чыгармада жоокер өлүмдү карай жол тарткан мүнөттө тылдагы аялынын жана баласынын уйкудан чочуп ойгонуп, жүрөктөрү болк этип, сестенгендиктери жөнүндө айтылат.

Албетте, мында поэтикалык шарттуулуктун үлүшү чоң. Бирок да бири-биринен алыс турган, бул эки көрүнүштүн ортосундагы убакты жактан дал келгендик жана себептик байланыштын болушу телепатиянын (адам оюнун алыс аралыкка берилишин изилдөөчү илим) закон боюнча турмушта кезигүүчү кубулуштардын эле бири. Мына ушул сыяктуу картиналар поэманын образдык системасы өтө ар түрдүү, бирок логикалык көркөмдүк бир бүтүндүккө келтирилген каражаттардан турардыгын аныкташат.

Б.Сарногоевдин поэмасында да жаңы интонация байкалат. Акын мурдагы чыгармаларына мүнөздүү болбогон ритмикалык жана интонациялык бурулуштарга өткөөл жасоого аракеттенген. Аракеттен берекет дегендей, автордун ушул кичинекей умтулуулары да чыгармачылык табылгаларга алып баруучу жолдорду салууга жардам бериши мүмкүн. Бир гана жаман нерсе — акын бир жагынан поэтикалык материалдарды жакшы башкарып турса да, экинчи жагынан риторикага жеңдирип жиберген. Ал эми риторика бар жерде чыныгы поэзия сыйлыгыша берери баарыга белгилүү.

Анын үстүнө Сарногоевдин, Жусуевдин поэмаларындагыдай чоң атага, өткөнгө же өлүктүн тирүүлөргө кайрылуулары биздин азыркы поэзиябызда шаблонго айлана жаздап калды. Абылкасымованын, же Жусуевдин ыкмасын алып, дагы бир акын поэма жазып чыкса, биздин тынчсызданганыбыз эртең реалдуу чындыкка айланат.

Ж.Садыков — өзүнө чоң талап койгон жана поэтикалык ойлоонун чексиз мүмкүнчүлүктөрүнө ишенген акын. «Кыргызстан маданияты» газетасынын экинчи санына жарыяланган анын жаңы ырлары муну далилдей алат. Календалдык жактан ал чыгармалар былтыркы жылдын башына таандык болсо да, 66-жылы жазылган. Ошондуктан автордун жаңы ырлары жөнүндөгү учкай оюбузду өткөн жылкы поэзияга арналган сөзүбүзгө кыстара кетмекчибиз. Ж.Садыков «Ушул бейм» жана «Кышкы терек элеси» деген ырларында поэтикалык образдын картиналуу жана көп катмарлуу болушуна жетишкен. Дүйнө кубулушу менен акындын ассоциациялык ойлоосунан жаралган турмуш сүрөтү өзүнүн күтүлбөгөндөй образдуулугу, мазмунунун кылдатыгы жана байлыгы менен көңүлгө уюп калат. Ал ырлар сезим менен интеллекттин өтө ажаптуу жерден айкалыш түшкөнүнөн бүткөндөй. Алар поэтикалык эргүүнүн заматтык «жарк» этишинен эмес, узак толгонуулардан, убара тартуулардан төрөлгөн чыгармалар.

Анан негизгиси — акындын ушул ырлары поэтикалык жаңылыктарга, оригиналдуулукка алып баруучу алгачкы чыйырлар өңдөнөт. Ал чыйырлар акынды кайсы жерге алып барарын күн мурунтан айтып, олуялык кылар ниетибиз жок. Бирок жайкы саратандай зериктиргич, кансөлү жок кунарсыз поэзиядан акынды дайыма алыс кармаарына кымындай да күмөн санабайбыз. Ж.Садыковдун «Ушул бейм» деген ырын окуучуларга сунуш кылалы:

Турмуш зор көл деп болжосок бир ирет,
Күндүн көзү көлгө дайым тигилет.
Күн — балыкчы, а нурларын билген оң
Кайырмактын көлгө ыргыткан жиби деп.

Аны тоотпой көп жыргалдын бири деп,
Көлгө түшүп сансыз адам киринет.
Өмүр — балык, күн таштаган кайырмак,
Улам кечте тартып кетет бир ирет.

Тартып кетип канча өмүрдү бөксөлөп,
Күндөр айга, айлар жылга өткөрөт.
А адамзат туулуп, өлүп кайра эле,
Көл бетинде жүргөндүгүн көз көрөт.

Күн балыкчы таңда чыгып сапарга,
Өмүрдү артып кайра кечте батаарда…
Адамдын улуулугу ушул бейм,
Кейип койбойт, алып койбойт капарга.

Ж.Садыков «Сырдашуу» деген ырында замандашына кайрылып мындай дейт:

«Айтар сөзүм учкул доордон сызып сал,
Өз жолум таап, өз үнүм таап келбесем».

Акындын бул сөзүнө толук ишенебиз.

Чыгармачылык ийгиликтерге жетиш үчүн азыркы мезгилдин талабын туюп, бүгүнкү күндүн акыны болуш керек. Бүгүнкү күндүн акыны дегенди — ырды учурубузда көп жолугуучу техникалык түшүнүктөр менен жабдууда деп ойлоочулар да жолугат. Алар жаңылык табабыз деген ураан менен кээде чыгармаларга ыгы жок түшүнүктөрдү, образдарды киргизип салышат. Акын М.Турсуналиев мындай акындарды тамсилдеринин биринде:

Карышкыр сайрап токойдон
Аюулар учту асманга — деп, «дастан» жазган Сагызгандын образында таамай пародиялаган.

Кыргыз поэзиясы ушул күнгө чейин кээ бир даражада провинциализмдин туткунунда жаткандыгын айтууга тийишпиз.. Кыргыз прозасынын жалпы драматургиясынын мыкты чыгармалары бүткүлсоюздук аренага, сахналарга кадимкидей чыгып калды. Тилекке каршы, поэзиябыздагы абал өзүбүзгө-өзүбүз ыраазы болуу сезимине алданууга али укук бербейт. Жалпы союздук аренага чыгуу Москвада ыр китептерди басуу менен гана жетишилбейт. Орус тилинде поэтикалык эмгектерди жарыялоо али союздук окуучуга таанылды дегендик эмес. Союздук адабий коомчулукка жана окуучуларга кеңири белгилүү болмоюнча, көркөм сында сөзгө алынмайынча кыргыз поэзиясынын провинциалдуулугу сактала берет. Ушул кезге чейин бул факт биздин акындарды анчалык деле тынчсыздандырбай келе жатат.

Албетте, улуттук поэзиянын масштабын, кулачын кеңейтүүнүн кандайдыр бир даяр рецептерин көрсөтүү мүмкүн эмес. Бирок географиялык чектелүүдөн кутулуунун жолдору жөнүндө кеңири пикир алышууга болот. Биздин адабий чөйрөдөн кээде кыргыз ырынын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү керек дегенге ишенбестик менен жасалган мамилелерди учуратабыз. Бул бир чети ушул талаптын өзүн бир беткей, жөнөкөйлөштүрүп түшүнүүлөргө байланыштуу. Кээ бирөөлөр кыргыз ырынын көркөм арсеналын байытуу керек дегендин маанисин жалаң гана уйкашсыз ырды жазуудан көрүшөт. Чынында бул — иштин бир гана, экинчи даражадагы жагы.

Башкы нерсе традициялуу поэтикалык образдарды орустун жана дүйнөнүн азыркы кездеги поэзиясынын жетишкендиктери менен асылдандырууда турат. Поэтикалык сөздүн ички түзүлүшүн азыркы кездеги көп кырдуу турмушту толук чагылта ала тургандай ийкемдүү кылып иштеп чыгуу — кыргыз акындарынын алдында турган чоң милдеттердин бири. Айта кетчү нерсе — муну жалаң гана уйкашсыз, же эркин өлчөмдөгү ырлар менен ишке ашырууга болот деп ойлоо жаңылыштык. Кадимки эле традициялык поэтика бул жерде да өзүнүн зор тарыхый кызматын дагы бир жолу өтөп бермекчи. Ырдын, поэтикалык образдын ички пластикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жолдорун изилдөө — бул улуттук поэзиябызды жаңы ачылыштарга алып баруучу багыттардын бири.

Поэтикалык каражаттардын жаңырышы ырдын жана тилдин традицияларын танбастан, тескерисинче, аларга тереңдеп кирүүнүн натыйжасында өтөт. Мына ушул шартты жакшылап түшүнгөндө, поэтикалык бири-бирин жокко чыгаруучу көрүнүштөр уйкашсыз ырларды кыргыздын традициялык ырларынан өзгөчөлөнтүп кароо адаттары биротоло жоюлар эле. Кыргыз акындарынын азыркы кездеги чыгармачылык практикасы буга жетишерлик фактыларды берет. Мисалы, жемиштүү изденүүлөрдү баштарынан өткөрүп жаткан акындар С.Эралиевдин, М.Жангазиевдин, С.Жусуевдин, Ж.Садыковдун поэмалары, ырлары бул оюбузду ырастай алар эле.

Кээ бир адабиятчылар муну этибарга алышпастан, акындын ийгилигин көбүнчө ырдын тигил, же бул сырткы элементтерин колдонуудан көрүшөт. Мисал катары алар дайыма Расул Гамзатовдун чыгармачылыгын алышат. Бирок ар убак эле Гамзатовдун жардамына кайрылуу бери дегенде эле ыксыз, орунсуз нерсе. Анткени Гамзатовдун чыгармачылык ийгиликтери, басып өткөн жолу бардык учурда эреже катары колдонула турган универсалдык көрүнүш эмес. Гамзатов — уникалдуу, кайталангыс акын. Анын акындык күчү мына ушунда жана чоң чыгармачылык ийгиликтери да ушуну менен түшүндүрүлөт. Акын чыгыш поэзиясынын традициялуу формаларына кайрылганда ырдын ички маанилик ресурстарын жаңылантып, коомдук чоң маселелерди терең идеялык көркөмдүктө бере алган.

Азыркы кыргыз поэзиясында дүйнө кубулуштарын чагылтуудагы образдуулуктун көп кырдуулугунун тереңделиш процесси жүрүп жатат. Бул фактор улуттук поэзиябыздын алга секириктер жасоосуна чечүүчү өбөлгөлөрдөй болуп кызмат кылышы мүмкүн. Эгер кыргыздын жаш акындарынын өткөн жылы жарыяланган ырларына байкоо жүргүзүп көрсөк, аларда бүгүнкү күндүн поэзиясына мүнөздүү штрих белгилердин уламдан улам жышыраак жолугуп жаткандыгын сезебиз. Поэзиянын образдык системасын азыркы учурдун талабына ылайык кеңейтүүгө, байытууга умтулуу жаш акындардын чыгармачылыгында коомдук маанилүү маселелерди партиялык духта чагылтууну сая көздөгөндүк менен айкалыш жүрөт. Демек жаш авторлордун изденүүлөрү – бул курулай эксперимент эмес, ал искусствонун накта чыгармаларын жаратууга багытталган. Мунун өзү кызуу колдоого татыктуу нерсе. Жаш акындар Ж.Абдыкалыковдун, М.Абылкасымованын, Н.Жаркымбаевдин, О.Султановдун, Р.Рыскуловдун, Т.Кожомбердиевдин, Ж.Тынымсеитованын, Ж.Мамытовдун поэмалары жана ырлары бул пикирибизди бекемдейт.

Бул жаш авторлордун чыгармачылыгына мүнөздүү болгон белгинин бири инфантилдүүлүктүн, же башкача айтканда, интеллектуалдык чийкиликтин, ой жүгүртүүнүн жаштык алабармандыгынын жоктугу. Эмне жөнүндө жазышпасын, жаш акындар элдин, коомдун алдында турган өздөрүнүн жооптуулугун жакшы сезишет, ар кандай кубулушка ички дүйнөсү кең гражданиндин көзү менен карашат. Өлкөбүздүн 50 жыл ичинде чогултуп, өнүктүрүп келген көркөм-эстетикалык тажрыйбаларын алар ийгиликтүү өздөштүрүштү. Алардын художниктик көз караштарынын ой жүгүртүүлөрүнүн тереңдиги, жеткилеңдиги ушуну менен да түшүндүрүлөт.

М.Абылкасымова «Сен билесиң мени, Мекеним» («Ала-Тоо» №6, 1966-ж.) аттуу поэмасында революция салттарынын жаңы жеңиштерге элди алып бара жаткандыгын, улуу жана кичүү муундардын ажырагыс байланышын сүрөттөйт. Акын бул чыгармасында «Эстелик сүйлөйт» поэмасында белгиленген кээ бир өзгөчөлүктөрдү, айрыкча поэтикалык ойлоонун эркин агылышын, окуучулар менен пикир алмашуу, аларга көңүл сырларын ачып берүү манерасын андан ары бекемдеген өңдүү. «Быйыл жаздын гүлдөрү көп» аттуу жакшы ырлар жыйнагынан кийинки жарыялаган ырлары жана «Сен билесиң мени, мекеним» поэмасы М.Абылкасымованын дүйнөгө өзгөчөлүү көз карашы бар акын экендигин дагы бир жолу ырастап олтурат. Поэманын образдык, стилдик бөтөнчөлүгү жөнүндө төменкү саптар түшүнүк бере алат деп ойлойбуз:

Ишимде көралбастар жолукканда,
Жашоодо кыйнап ийчү кордук бардай,
Мөгдүрөп басып келип, келип калам Ленинге.
Ал мага адамды сүйгөн көзү менен,
Деп айтат: «Күрөшүп көрчү өзүң менен!»
Кээлер кылган кыянатчылыкка жооп
айталбай,
Ак ниет жүрөк менен, мокоп денем,
Өзүмдүн актыгыма ызаланып,
Ленинге келип калам,
Ал мага
Душманды жеңген көзү менен:
«Кеңешип көрчү, — дейт, — өзүң менен».

Жаш акын О. Султанов «Түнкү жылдыздар» жыйнагынан кийин өткөн жылы бир нече жакшы чыгармаларын окуучуларга тартуулады. Акындын ырлары ачык публицистикалуулугу жана граждандык сезимдин курчтугу менен айырмаланат. Султанов стили жагынан өзгөчөлөнүп турган жаш акындардын бири. Анын салыштыруулары өтө элестүү, күтүлбөгөндөй. Акын ар башка эки көрүнүштү алат да, аларды жанаша коюу, ассоциациялык салыштыруу аркылуу күтүлбөгөндүктү жаратат.

Мисалы: «Киного кетип калдым, Марилина!» деген ырында («Ленинчил жаш», 9-февраль, 1966) мындай саптар бар:

Марилина,
Неге сен келген жоксуң?!
Автобус токтой турган жайдан күттүм.
Кайра-кайра ырдалган ырларга окшоп,
Автобустар өтүп жатты.
Ойлор шыкап ичине.
Фонтандар да атып жатты
Сыр чыгарган кишиче.

Акындын ой жүгүртүүсү кээде стихиялуу кетет, ой түйүнү кайсы жерден байланып, кайсы жерде чечилери ырды окуганда дароо эле түшүнүктүү боло бербейт. Бул бир чети автордун чыгармачылык индивидуалдуулугун түзүп турса да, анын экинчи бир терс жагын эскере кетишибиз керек. Кээде Султановдун ырларында стилдик биримдүүлүк бар болгону менен, ойдун логикалык биримдиги жок болуп калат. Бул – ырды идеялык-көркөмдүк бир бүтүн кубулуш катары кароого бир кыйла тоскоолдуктарды жаратат. Муну «Күтүү» аттуу ырынан байкоого болот.

Р.Рыскуловдун «Ыр чыны» аттуу китепчесинде бир кезде талаш-тартыштардын объектиси болгон жана кийинки бир-эки жыл ичинде жазылган ырлар топтолгон. Арадан минтип убакыт өткөндөн кийин Рыскуловдун ошол ырларына дагы бир жолу кайрылып, шашылбай окуп чыккан киши акындын кээ бир ырларынын айланасында жүргөн талаш-тартыштарда сабырдуу айтылган пикирлерге караганда кызуулуктун, карандай эмоциянын үлүшү басымдуулук болгонун баамдай алат. Чындыгында эле «Ыр чыны» автордун поэтикалык ажарын шаттыктын, куунак көңүлдүн, граждандык сезгичтиктин акыны катарында ачып берет. «Көл жөнүндө баллада», «Суусунум кандыр», «Бул дүйнөдө баары көчөт»… деген сыяктуу ырларда акын жүрөк толкуткан ойлорду билдирүү үчүн таамай сөздөрдү таба алган. «Ленин» деген ырда автор мындайча жазат:

«Ленин жолу караңгыны как жарган,
Айтат ар ким: Ленин менде — сурашса!
Ленин жолу — эртеңине карасам
Жылдыздар аралаган трасса».

Бул макалада Рыскуловдун чыгармачылыгындагы бир өзгөчөлүктү гана белгилеп кетебиз. Акындын стилине эклектикалык мүнөз берген эки нерсе бар. Биринчиден, Рыскулов манерасы, образдык ойлоосу жагынан элдик чыгармачылыкка өтө жакын акын. Ал «Дайыным чыкпай узак жыл…», «Кызыл Туу менин кыштагым» өңдүү ырларда турмуш кубулуштарын варияциялап сүрөттөөнүн нукура элдик ыкмаларын колдонот. Бул өзгөчөлүк автордун көп ырларына мүнөздүү. «Кызыл Туу менин кыштагым» ырынын кээ бир куплеттерин мисалга келтирип көрөлү:

Кызыл Туу, менин кыштагым,
Кынасам сенин кыштарың.
Кырыңда калды балалык,
Кылчактап карап кыздарың.

Кызыл туумун мектеби,
Кылгырып эстен кетпеди.
Кыялы жанга жарашкан,
Кызыңа бир кыз жетпеди.

Кызыл Туу менен Төрткүлдүн,
Кыясын бойлоп көп жүрдүм.
Кылчайбас жаштык өмүргө
Кызыл гүл тандап өстүрдүм.

Эркелеткен, эргиткен,
Энекем өскөн жерим сен.
Элигиң өскөн жерим сен,
Эрте таңда эриксем!

Экинчиден, акындын образ түзүү каражаттары, ыкмалары «Кызыл кнопканын жанында», «Беркелгиле дүйнөлөр» деген ырларда башкача нукта, башка планда жатат. Муну шарттуу түрдө автордун «космостук стили» деп атап койор элек. Акындын ырларындагы минтип, бири-биринен айырмаланган стилдик эки агымдын болушу ички идеялык-көркөмдүк иримдигине кээ бир даражада залакасын тийгизгендей. Жаш автор өзүнүн чыгармаларында стилдик бирдиктүүлүккө жетишүү жагын унутпашы керек.

Жаш акын Т.Кожомбердиев «Ала-Тоо» (1966, №10) журналына жарыялаган «Оттон өскөн кызыл гүл» аттуу поэмасынын фрагменттеринде өткөн күндүн драмалуу картиналарын тартып, духу күчтүү каарманды сүйөт. Поэманын атмосферасы да күрөшчүл дух менен чулганган.

Бул үзүндүлөр боюнча жыйнактуу пикир айтуу кыйын. Ошентсе да акынга поэманы жазуу учурунда колдон келишинче айтылып, делип калган образдардан, ойлордон алыс болууга аракеттенүүсүн каалар элек. Анткени турмуш сүрөттөрүн мындай кеңири эпикалык планда берүүдө жаш авторду белгилүү үлгүлөрдөн алыс кете албай калуу коркунучу аңдып турушу мүмкүн.

«Ленинчил жаш» газетасына (1966,3-июль, 19-октябрь). Т.Кожомбердиев «Учкан ат абаны как жарып…», «Карарып капчыгайлар үргүлөдү…» деген чыныгы образдуулук менен бекем чырмалган ырларды жарыялаган. Ал ырлар поэтикалык ыргактуулуктун жаңы кырларын таба билүү акындык таланттын күчүнө жараша боло тургандыгын күбөлөшөт. Таза лиризмдик илеби соккон төмөнкү ыр Т.Кожомбердиевдин поэтикалык ой жүгүртүүсү сөздүн маанилик нюанстарын иргештирүүдө чоң ийкемдүүлүккө жетишээрин айкындайт:

Карарып капчыгайлар үргүлөдү,
Катуулап тоо булагы күлдүрөдү,
Качан эми келесиң, Күкүнтайым?
Торгойдун үнүдөгү дилдиреги…

Көрүнүп зоонун араң алп ыраагы,
Капкачан өчкөн кардын жалтырагы,
Толкуткан жүрөгүмдү Күкүнтайым —
Торгойдун үнүндөгү калтырагы…

Утурлап жолун тосом тааныш үндүн,
Бийлиги артып барат коюу түндүн,
Кечиктиң. Мен ишенгем көрөм го деп,
Көзүңдөн кыпкызылын батар күндүн.

Акындын конкреттүү образдарга, картиналарга толгон «Учкан ат абаны как жарып» аттуу ырынын фрагменттерин келтирели:

Учкан ат абаны как жарып,
Айлана күндүздөй жапжарык.
Жылкыдай дүбүрөп асманда
Жылдыздар жаадырат ак жарык.

Сыбызгыйм коктудан, кыядан,
Дем тартып аңкыган миядан.
Укурук жеткидей. Жылдызды —
Чукулап көрсөмбү уядан…

…Үзөнгүм үн салат тынымсыз,
Жылдызга кагышса, шаңгырап…
Жылдыздар мышыктын көзүндөй
Тиктешет туурдуктан-жыртыктан…
Көмкөргөн жылдыздар быкылдайт —
Көзүмдө, чакада, пиялада.

Кыргыз жаш акындарынын чыгармачылыгында поэтикалык масштабдуулукка, арымдуулукка алып баруучу белгилер уламдан-улам көбүрөөк жолугуп жатат дедик. Бул процессти жаш акындар Нурпаис Жаркынбаев менен Жолон Мамытовдун ырларына талдоо жүргүзүү аркылуу байкаса болот. Анткени бул эки жаш акындын чыгармаларында кээ бир даражада жалпы эле азыркы кыргыз поэзиясына, айрыкча жаштардын поэзиясына мүнөздүү болгон жетишкендиктер жана кемчиликтер чагылдырылган.

Н.Жаркынбаевдин «Жаштык жазы» аттуу чакан жыйнагы, андагы топтолгон ырлардын идеялык-көркөмдүгү, интонациялык жана образдык жаңылыгы жагынан жаштардын поэзиясынын өтө элестүү көрүнүштөрүнүн биринен болуп калды деп тайманбай айта алабыз. Жаркынбаевдин акындык жакшы белгилеринин бири бул – турмуш көрүнүштөрүн интеллектуалдык призма аркылуу өткөрүүгө умтулуусунда. Интеллектуалдык десе эле ырларды курулай акылдуусынуу менен же кээ бир белгилүү илимий түшүнүктөр менен толтуруп коюну эсептебеш керек. Жаркынбаевдин ырларындагы интеллектуалдык дух поэтикалык ой жүгүртүүнүн маданиятынан келип чыккан. Жаш акында импровизациялык «угуттун» жокко эсе экендиги, болсо да анын образдык ойлоосунун табиятын аныктап турбагандыгы оңой эле байкалат.

Жаркынбаевдин поэзиясында кыргыз ыры традициялык кээ бир элементтерден айрылган, бирок да ички тереңдикке, ийкемдүүлүккө жана интонациялык эркиндикке ээ болгон. Биз муну менен бул эки нерсени бири-бирине карама-каршы коюп жаткан жокпуз. Жөн гана Жаркынбаевдин образ түзүү манерасы, ой жүгүртүү ыкмасы азыркы кездеги кыргыз поэзиясы беттеген багыттардын биринде тургандыгын белгилейбиз. Акындын образ жаратуу манерасын анын «Ок жана дан» аттуу ыры мүнөздөй алат:

Эгерде…
Атылган ок ээсин таппай,
Таш капса,
Сойлоп жердин кыртышына,
Көмүлөт өз көлөмүн ээлеп гана.
Мелтейип ошо бойдон жата берет,
Же чирип башка үрөнгө жай бошотпой,
Суукка үшүп кетпей же кышында.

Эгерде…
Атылган ок ээсин таап —
Адамдын как жүрөгүн жарып өтсө,
Ошол ок,
курттай болгон кичине ок,
Олчойтуп пайда кылат көрүстөндү.

Эгерде…
Ок көлөмдүү буудай даны,
Дыйкандын саласынан түшсө жерге,
Ал кайра кыртыш жарып, күнгө умтулуп,
Жашоонун жытын себет күзгү желге!

А эгер…
Ок ордуна бир кочуш дан,
Жук болсо өлүм күткөн ашказанга,
Ал адам андан аркы жашоо үчүн,
Күрөшөт.
Күндө кайнап аш казанда!
Мына ушул
Ок менен дан айырмасы.

Ырдын бүтүшү ушул гана. Мында ырдын акырында тамсил сыңары жыйынтыктоочу ой сыйдырылган саптар жок. Бирок ыр ойдун толук айтылгандыгы, бүтүндүгү менен таасир калтырат. Окуучу ырдагы поэтикалык картинанын ачыктыгына суктанат. Жыйнактагы «Күн жана нан» деген ыр да конкреттүү ойду билдирүү менен эсте калат. Күн менен нанды бири-бирине окшоштурган ассоциациялык ойлоонун жүрүшү нерселердин, түшүнүктөрдүн байкалбаган жана күтүлбөгөн жактарын жарыкка алып чыгып отурат.

Тээ бийиктен желе нурлар көнөктөп,
Жерге түшөт.
Жерде ойгонуу башталат…
Айдоолордо муруттанып үрөндөр,
Кыртыш жара күндү карай баш багат.

…Күн кылканы кылканына буудайдын
Ширелишет, шуудураган дан болуп, —
Кийин алар камырлана жуурулуп,
Биз жеп жүргөн күнгө айланат нан болуп.

Н.Жаркынбаев каламбурдук мүнөздөгү уйкаштарды жаратууга шыктуу жана бул жагынан ал С.Эралиевдин рифма жасоо манерасынан үйрөнгөн сыяктуу:

Түшүнгүн: нацизм —
Кур сыймык, кур алдоо.
Максаты: силерди согушка куралдоо
Жук болсо өлүм күткөн ашказанга,
Ал адам андан аркы жашоо үчүн,
Күрөшөт.
… Күндө кайнап ашы казанда!

Китепчеде «Уят каны» аттуу поэма бар. Поэманын композициялык түзүлүшүнө негиз катары киномонтаждын принциптери алынган. Мында каармандын мүнөздөрүн психологиялык талдоого алуу символикалык көрүнүштөрдү жарыш тегиздиктерге коюп айкалыштыруу менен тереңдетилет. Мисалы, Кемелдин моралдык азап чегүүлөрү ар түрдүү пландагы (Эркинде калган баласы жана аялы, «Кыпкызыл нан», «Тоголок дан», түрмө торлору жана башкалар) окуялардын экрандагыча бир кадрга чогултулушу аркылуу таасир берүүчү чоң күчкө ээ болот. «Уят каны» поэмасы образдык системасындагы жаңылыктары менен окуучунун көңүлүн бурат.

Жаркынбаевге мүнөздүү поэтикалык каражаттарды тандап алуудагы тайманбастык, окуучунун ой сергектигине ишенүү, азыркы күндүн үндөрүн туя билүү сыяктуу акынга кымбат касиеттерди жаш акын Ж.Мамытовдун ырларынан жолуктурабыз. Мамытов көптөн бери эле ыр жазып жүрөт. Бирок анын чыныгы поэтикалык үнү «Ала-Тоо» журналынын өткөн жылы №6-санына жарыяланган чоң ырлар циклинде угулду. Эгер Н.Жаркынбаев ырларынын биринде:

«Мезгил да азыр башка баштагыдан
Басууда акыл эстин масштабы улам», — деп мезгилдин пафосун таамай аныктаса, Ж.Мамытов ырларынын биринде:

«Жазбаймын ырларымды көңүл үчүн,
Мезгилдин жетегине көнүү үчүн.
Кубаттуу багыттарга бургум келет,
Элдердин,
Өлкөлөрдүн өнүгүшүн.

Андыктан, поэзиям, сен экөөбүз,
Улуу, зор сапарларга жөнөшөбүз.
Өзүбүз курман болуп жеңиш үчүн,
Кеткенче жер үстүнөн көлөкөбүз» —

деп өзүнүн чыгармачылык прогаммасын билдирет. Элдердин, өлкөлөрдүн өнүгүшү кубаттуу багыттарга бургум келет деп айтыш үчүн акынга жалаң гана сөздөрдү уйкаштыра билүү, ал гана турсун поэзияны сүйүү аздык кылат. Ан үчүн ал гражданин болуш керек жана эң негизгиси, биздин айланабыздагы дүйнөдөн башкача боёкторду, башкача үндөрдү, башкача сезимдерди таап, аларды поэзия жарактарына айландыра билиш керек. Бул Мамытовдун колунан келет. Анын «Үмүткө чакыруу», «Романтика», «Нурлар, нурлар күлүп түшүп бийиктен» деген ырларында романтикалык боёктор менен түстөлгөн буюмдар, адам жүздөрү көзгө ажайып көрүнөт. «Романтика» аттуу ырды толугу менен келтирели:

Бир үңкүр бар тоолордун арасында,
Жомоктогу сулуулар жолугушат.
Жайлоо жакта ат чабым тегиздик бар,
Жомоктогу баатырлар жолугушат.

Бир суу агат тоолордун ичи менен,
Жез кемпирлер жээгинде чач тарашат.
Бир ашуу бар тоолордун өркөчүндө,
Жомоктогу желмаян, аттар ашат.

Кармап алсаң балыгы сүйлөп иет:
«Коё бер, — деп, — эркиме жигит мени».
Атчан өтүп баратсаң, шагылдардан
Салам айтат кайберен бийиктеги.

Жылдыз өсөт кырларга кыркалакей,
Жылдыз минип эр жетет ойноок балдар.
Жылдыз алып келишет кыздарына
Кой тоскону чыгышкан бойдок балдар.

Эркин жашайт ушул эл өз өмүрүн,
Эч жамандык ойлобой башкаларга.
Бир заманда катылган жолбундардын
Сөөгү турат илинип аскаларда…

«Үмүткө чакыруу» деген экинчи бир ырында акын жогорку ырдагы берилген ойду улантат, сезимдин, турмуштун тазалыгын ырдайт: Микробсуз тоолордун абасында
жашайт наристе өңү менен.
Бийик мөңгү, арчалар арасына
Кетесиңби, сулуу кыз, мени менен.

Желге чачпай жалындуу кезибизди,
Көндүрөбүз күн тиктеп көзүбүздү.
Аяздарга тособуз жүзүбүздү,
Жебе огундай курчутуп өзүбүздү.

Денебизде жаштыктын оту барда,
Дал өзүнө укмуштун жолугабыз.
Чыгып туруп эң бийик чокуларга
Жылдыздарга зымырап бой урабыз…

Ж.Мамытов «Поэзия деңизинде сүзүп мен…» деген ырда жүрөк буюрганды жазып, «модернисттик азапты» тарткым келбейт дейт. Анткени сөз менен кылган иштин айырмачылыгы артып, «моралдары чирип бара жаткан» батыш өлкөлөрүндө гана модернизмдин гүлдөшүнө шарттар түзүлгөн. Муну менен акын турмуштук материал акыры келип художниктин чыгармачылык принциптерин аныктай тургандыгы жөнүндөгү оюн билдирген. Ошентип, акындын көз караштары өтө бекем моралдык чектердин ичинде турат. Акын өзү жазгандай «ысык сүйүү, же укмуштай жек көрүү» гана анын коомдук көз караштарынын уюлдарын аныктай алат. Акындын дүйнөгө болгон мамилесинин бул сыяктуу өтө кескин формада эки чекке бөлүнүп кетиши азыркы кездеги моралдык критерийлердин ажырымдалышын чагылтып турат деп ойлойбуз.

Жаркынбаев менен Мамытов жазуу манералары боюнча айрымаланышса да, ырларынын багыты, духу боюнча бири-бирине жакын акындар. Булардын чыгармачылыгындагы кемчиликтер да кээ бир жалпылыгы менен мүнөздүү жана бүгүнкү күндөгү кыргыз поэзиясынын айрым милдеттери да эки жаш акындын ырларынан табылып олтурат.

Мисалы, Жаркынбаевдин айрым ырларында башка акындардын чыгармаларынан келген интонациялык жаңылыктар, сюжеттик өзөктөр, салыштыруулар жана кайрылуулар жолугат. Муну түздөн-түз үйрөнүүнүн же атайылап эле белгилүү образдарды, мотивдерди өзүмдүк кылып алуунун натыйжасы катары карабайбыз. Бул чыгармачылык иштин ички өзгөчөлүктөрүн бурмалагандыкка жатар эле. Биздин максат поэзиябыздагы кээ бир табигый болуп көрүнгөн нерселердин кай бир учурда оркоюп чыгып калганын айтууда турат. Мындай фактыларды жалаң гана Жаркынбаевден эмес, башка көп акындардан да табабыз. «Жаштык жазы», жыйнагында «Эстеликтер» аттуу ыр бар. Ырда солдаттын окко учкан моменти мындай сүрөттөлөт.

«Бак кучактап… Ысып жүрөк туштары,
Мына, мына… шылк эткени баратты.
Чарк айланып теректердин учтары…
Бийик-бийик теректердин учтары».

Бул сонун саптар. Бирок алардын искусстводо прототиби бардай. Атактуу «Летят журавли» фильминин хрестоматияга айланып калгап кадрын эске түшүрөт. Ал фильмдеги башкы каармандын ок тийген учурда жыгылып бара жатып, чарк айланган теректердин учтарын жана балалык кездин элестерин көз алдынан өткөргөнү кимдин болсо да жүрөгүнө бекем орноп калат. Кинофильмдин бир кадры менен акындын ырындагы бул окшоштук кокустуктан жаралгандыр, а балким азыркы кездеги искусство түрлөрүн бири-бирине өтүү, кайчылашуу процессин айгинелээр. Бирок эмнеси болсо да мындай кайчылашуулардын, үндөштүктөрдүн кыргыз поэзиясында өтө эле көбүрөк, системалуу түрдө кездешип жаткандыгы тынчсыздануу сезимин туудурбай койбойт.

Мына ушул белгилүү үлгүлөрдүн, образдардын, поэтикалык ойлордун экинчи бир акындын чыгармаларында башкачараак формада, түстө кайталанышын, же чагылдырылышын поэтикалык рефлексия деп атаар элек. Турмушта бир түстөгү буюмдун көлөкөсү экинчи бир буюмга барып түшкөндө биринчисинин түсү экинчисине өтүп, жарык менен боёктордун өзгөчө бир айкалышы пайда болорун импрессионисттер гана эмес, байыркы грек художниктери да өз доорунда баамдап алышкан. Албетте, ар бир доордун сүрөтчүлөрү түстөрдүн мына ушул рефлективдүү кубулушун өз чыгармачылык принциптерине ылайыктап пайдаланышкан. Бул маселеге азыр тереңдеп кирүүнүн кажети жок. Бизди чындыктагы ушул кубулуштун поэзиядагы өзгөчө формада чагылып көрүнүшүн талдоо кызыктырат.

Дагы эле мисалга кайрылалы. Керез Рысалиевдин «Төрт түркүм түс» («Ала-Тоо» 1966. №3) аттуу ырлар цикли профессионалдык жактан жакшы жазылган. Бирок жаман жери аны окуганыбызда Азербайжан акыны Расул Рзанын түстөр жөнүндөгү белгилүү ырлар цикли көңүлдөн кетпей туруп алат.

Салыштыра келсең мөрөй биздин акындын пайдасына ыйгарылбайт. Анын түс жөнүндөгү ырлары Расул Рзанын ырларында түстөр татаал ассоциациялар аркылуу турмуштун түрдүү кубулуштары менен кесилиш чекиттерин табышса, Рысалиевдин ырларындагы ассоциация эки нерсенин көзгө биринчи эле урунган сырткы белгилерин айкалыштыруу менен чектелет. Мисалы, сары түс жөнүндө кеп башталса, акынга биринчи кезекте күз, бышыкчылык маалы элестейт жана башкалар.

Же болбосо С.Жусуевдин «Көңүл күүлөрүндөгү» «Асмандан жерге көз салып» деген ырын алалы. Бул ыр Ж.Бөкөнбаевдин «Көк менен» аттуу ырынын жаңы интерпретациясы сыяктуу окулат. Эки акын тең самолётто учуп баратып, жерге көз салышат. Жердеги нерселерди да экөө тең бирдей көрүшөт. Салыштыруулары болсо сөздөрдүн синонимдүүлүгү менен гана айырмаланып турушпаса, түбү бир. Мисалы, Бөкөнбаев токойду беттеги түккө окшоштурса, Жусуп сакалга окшоштурат.

Бул эки ырдын айрым куплеттерин салыштырып окуп көрөлү.
Көк асман даңгыр жолго окшойт,
Сур булут чыккан чаңга окшойт.
Үңкүргө дайра киргендей,
Уюлгуп шамал жел боздойт…

Ийрилип аккан чоң өзөн,
Ийнеде учук жипке окшойт,
Чытырман токой калың бак,
Чырымтал бетте түккө окшойт.

Көк тиреп турган катар тоо,
Көшүлүп чөккөн нарга окшойт.
Суналган чөлдө чалкар көл,
Сулууга бүткөн калга окшойт.
(«Көк менен»)

Көрдүм мен терезеден тиктей коюп,
Адырлар жаткандыгын киттей болуп.
Дайралар коргошундан салган жолдой
Булактар ийри жибек жиптей болуп.

Бадалдар карыянын таза кырбай
Апсыйган алкымында сакалындай.
Жалтырайт тоо койнунда майда көлдөр,
Кыздардын төшкө таккан акагындай.
(«Асмандан жерге көз салып»)

Албетте, бул сыяктуу поэтикалык рефлексиялар резинадай чоюлуп, чексиз кетип калышы мүмкүн. Муну эске албасак бир тема боюнча бири-биринен анчалык көп айрымаланбаган вариацияларды жазууну поэзиябызга бекем тамырлатып алабыз.

Поэтикалык рефлексиянын экинчи бир жаман түрү бар. Эгерде жогорку мисалдарда бир ырдын, конкреттүү образдын же ойдун башка чыгармаларда өзгөртүлгөн формада жашашы, кайталанышы мүнөздүү болсо, мында сюжеттик өзөктүн, белгилүү мотивдин бир жазуучунун чыгармаларынан экинчисиникине кыдырма-кыдырып, чексиз жүрө берүүсү мүнөздүү. Жаш акын Ж.Мамытовдун эки куплеттен турган ырына кайрылалы:

«Олтурсам таң атарда көлдү карап,
Күн көлгө сары нурдан көпүрө салат.
Олтурсам күн батарда көлдү карап,
Күн көлгө кызыл нурдан көпүрө салат.
Тиктесем түн ичинде көлдү кырдан,
Ай анда көпүрө салат аппак нурдан.
Мен качан оттуу ырдан көпүрө салам
Элдердин жүрөгүнө өтө турган».

Бул сонун ыр. Бирок акыркы эки сап ырдын жакшы орнотулган пайдубалын бузуп салган. Акын «(оттуу ырдан көпүрө» салып келатып, бүтүүгө аз калганда үстүнө бир-эки күрөк топурак ыргытып коюп, таштай качкан өңдүү. Анткени, ырдагы жыйынтыктоочу ой кенедей да күч зарп кылууну талап этпейт. Жаш автор мурда бирөө тарабынан ултарылган өтүккө ырдын кош аягын тыга салып чыга берген. Өкүнүчкө жараша, акын бул жерде кыргыз поэзиясында көптөн бери гүлдөп келе жаткан терс көрүнүштүн таасири астында калган. Бизде тарпка айланган бир сюжеттик сызык бар. Ал мындай. Акын токойдон арча көрөт да, менин ырларым да ушул арчадай дайым көгөрүп турса го деген ойду саптарга арчындай коюп, ыр жаза салат. Же болбосо ал кылымдар бою солкулдабай турган мунарага, чепке туш келет. Мында да ыр даяр — ушинтип менин ырларым да кылымдан кылымга сакталса деген жыйынтык ой акындын калеминен өзү эле жаралат. Жаратылышта түбөлүктүү нерселер аз эмес. Демек акындардын да алдында миң вариантын таап, бир эле сюжеттеги ырларды жазуу мүмүкүнчүлүктөрү чексиз.

Натыйжада, бири бирине коёндой окшош ырлардын бүтүндөй армиясы чыга келет. Бул — белгилүү сюжеттердин, мотивдердин кадимки эле инфляциясы. Коомдук турмушта кагаз акчанын эпсиз көбөйүп кетиши экономикага кандай зыян келтирсе, чыгармачылык ойдун бир сюжеттик чечиминин түмөндөп, инфляцияга айланышы да көркөм сезимдерге ошондой эле терс таасирин тийгизет. Анткени көнүмүш нерсеге айланган көркөм каражаттарды окуучуларга кайра-кайра эле тартуулай бериш, бери дегенде эле алардын эстетикалык сезимдеринин мокошуна алып келет. Андыктан поэзиябыздагы бул балекетке каршы күрөштү баарыдан мурда акындарыбыз өздөрү жүргүзүүлөрү тийиш.

Тигил Ж.Мамытовдун ырындагы акыркы эки сапта айтылган жыйынтыктоочу ой жакшы чыкпай калган деген пикирибиздин мааниси мына ушуларда.

Өткөн жылдагы кыргыз поэзиясында мурдатан келе жаткан дагы бир эпидемиянын азайбастан кайра күчөп кеткени байкалат. Ал – кыргыз жаратылышын айрыкча Ала-Тоо көркүн сүрөттөө «эпидемиясы». Чынында кыргыз акындары жаратылыш пейзажын тартуута өтө чебер келет. Бул жагынан элдик эпостордон бери келе жаткан жакшы традициялар бар. Улуу муундагы акындарыбыз болобу, же жаш акындарыбыз болобу, жаратылыштын кайталангыс кооздуктарын элестүү түшүргөн алардын ырлары окуучунун көңүлүндө дайыма унутулбай жүрөт. Ж.Бөкөнбаев өз учурунда калемдеш жолдошуна кайрылып:

«Ырас, курбум, акындыгың ашынган,
Бирок, курбум, ал талантың уялчаак,
Ала-Тоонун аскасына жашынган» —

деп жазган эле. Азыр кыргыз акындарынын талантынын тоо арасынан чыга албай жүргөн мезгили артта калды. Бирок да эмнегедир алар кээде инерция боюнча дагы эле арт жагына кылчак-кылчак карашып, Ала-Тоонун караанынан узай албай жатышкансыйт. Өткөн жылы чыккан ыр жыйнактарынын ар биринде жок дегенде эле он беш-жыйырмадан ыр тообуздун, талааларыбыздын көркүн мактоого арналган. Албетте, пейзаждык ырлардын санынын көп, же аз болушу менен эле жыйнактын көркөмдүк деңгээли аныкталбайт. Кеп санда эмес, сапатта да.

Кыргыз поэзиясында жаратылышты сүрөттөөнүн «эпидемиясы» бар жана бул акындардын чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрүн тарытып жатат деп айтууда биз негизинен төмөнкү үч факторго таянабыз.

Биринчиден, жаз, кыш тоо көркүн сүрөттөөгө көңүлдү оодарып жибергенде, адам жанынын «пейзажын» тартуу жагы экинчи планда калып кала тургандыгы байкалат. Кыргыз акындары пейзаждык лириканын көп эле чокуларына жетип туу сайды десек жаңылышпайбыз. Бирок алардын замандаштарыбыздын ички дүйнө «пейзаждарын» сүрөттөөдөгү жеңиштери али биздин купулубузга толо элек. Мында, географиялык терминди колдонуп айтканда, акындарыбыз өздөштүрө элек дагы эле көп «ак тактар» жатат.

Экинчиден, акындарыбыздын пейзаждык ырларында оригиналдуу образдар, ойлор аз жолугат. Анткени бир темадагы окшош ырлардын бир нече жыйнакта гана эмес, бир эле жыйнакта да кездешкен учурлары көп. Аларды окуганда суусабай туруп суу жуткандай болосуң. Эсте калбайт, бирок убакытты алат. Миң жаман ырдын ордуна бир жакшы ыр берилсе, сөздүн да, убакыттын ысырап болушу жоюлар эле.

Үчүнчүдөн, биздин акындарыбызга тоо-токойдун көркүн сүрөттөө менен бирге эле, азыркы күндүн өнөр-жайлык, техникалык пейзажына чечкиндүү бет бурууга убакыт жетти. Минтип айтуу менен биз тоону, айылды шаардык, же техникалык пейзажга каршы коюп, урбанизмдин жаман үлгүлөрүн жактап жаткан жокпуз. Маселе тереңирээк коюлат. Биздин оюбузча, кыргыз поэзиясында азыркы күндүн ритминин, белгилеринин күрдөөлдүү көрүнбөй жаткандыгынын бир себеби – индустриялык пейзаждын акындардын ырларынан кадимкидей орун ала электигинде.

Экономикалык турмуштун адамдардын аң-сезимине чечүүчү таасир берери белгилүү. Техникалык прогресстин шартында коом мүчөлөрүнүн өз ара мамилелери, дүйнөгө көз караштары өзгөрүүтө дуушар болбой койбойт. Эгер акындар бүткүл дилдери менен өнөр жайлык атмосферага чүмкөлүшсө, индустриянын сүрөттөрүн, добуштарын жаңы каражаттар менен кайра жаратууга чын пейилден киришишсе, анда образдык ойлорунда жаңыча түстөрдүн, интонациялардын жана маанилик бурулуштардын пайда боло баштагандыгын алар дароо туюшар эле.

Техникалык, өнөр жайлык пейзажды жазууга табы тартпаган жана тоодон түшүп, шаарга да кайрыла кет дегенди тоо-таштын сулуулугуна чыккынчылык кылууга үндөө деп түшүнгөн айрым акындардын көңүлүнө мындай бир кызык фактыны сала кеткибиз келет. Философия жана табият илимдеринин ортосунан бутактап чыккан бионика аталган жаңы илим жаратылыштагы жансыз жана жандуу дүйнөнүн кубулуштары менен азыркы техникалык табылгалардын, принциптердин ортосунда өтө терең байланыштар жана окшоштуктар бар экендигин далилдеп жатат. Кийинки изилдөөлөрдүн натыйжасында жаратылыштын конструкциялары, айрыкча өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын дене түзүлүштөрү архитектуралык, инженердик курулуштар үчүн эң сонун даяр үлгү болуп бере тургандыгы аныкталды.

Мисалы, польшалык инженер Карвовский телевизиялык мунаранын проектисин иштеп чыкканда үлгү катары сасык коңуздун бут түзүлүшүп алган.

Демек, жапан жаратылыш менен адам жана техника дүйнөсүнүн ортосундагы байланыштар сырткы кээ бир окшоштуктардын болушу менен гана чектелбейт, ал байланыштардын тамыры чындык көрүнүштөрүнүн түпкү табиятына өтөт. Кыргыз акындары ушуну түшүнүшсө жана индустриялык дүйнөнүн синтездик образын жаратышса, анда алар кыргыз поэзиясы үчүн дагы бир бийиктикти жеңип берген болушар эле, поэзиябыздын образдык түзүлүшүн байытууга салым кошкон болушар эле.

Ошентип, кыргыз поэзиясынын бир жыл ичинде басып өткөн жолу узакка созулган чыгармачылык саякаттын жемиштүү этаптарынын бирине айланган деп жыйынтык чыгарса болот. Бул бир жыл ичиндеги поэзиядан чыккан учурдагы кыргыз поэзиясына мүнөздүү кемчиликтерди да, ийгиликтерди да жолуктурдук. Өткөн жылы жарыкка, чыккан чыгармаларда кыргыз акындары көркөм адабияттын лениндик принциптеринде бекем тургандыктарын айкындашты.

Поэтикалык жыл жөнүндөгү сөздү аяктоодо өтө маанилүү бир учурду эстен чыгарбоо керек. 1966-жыл – бул улуу Октябрь революциясынын 50 жылдык майрамынын босогосу, алдыңкы күнү. Хроникалык жактан чектери бөлүнүп турганы менен 1966-жыл өлкөбүздүн 50-жылы менен куюлушуп кетет. Андыктан кыргыз акындары өткөн жылы улуу доордун тарыхый чектеринде иштегендиктерин зор сыймыктануу сезими менен эскере алышат. Алар муундардан муундарга келе жаткан поэтикалык эстафетанын өткөн жылдын колунан алып, келечекти карай узатып жатышат.

[1] Китептен: Аскаров Т. Эстетикалык жаңы сапаттарга. — Фрунзе, 1980. — 94-126-6.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.