Улутубуздун ар дайым сыймыктанчу «Манас» эпосунда дал ушундай сап кезигет. Бул Манас төрөлгөндө ага аксакалдар ат таба албай, кыйналган учурда чыккан сөз болсо да, бир гана адам атына эмес, жер-суу аталыштарына да тиешелүүбү деген ой кетет. Кандай сапатка ээ экендигин аты эле көрсөтүп турган жерлер ата-бабаларыбыздын бул маселеге жеңил-желпи мамиле кылбагандыгын көрсөтүп турат.

Өтүп бара жаткан ушул айдын башында (7-октябрь) «ZАМАН Кыргызстан» гезитине чыккан «Өздүн да, өзгөнүн да шоруна жаралган анклав» деген чакан макаланы окуган соң пайда болгон ойлор колго калем алууга түрттү. Анда Өзбекстандын Сох анклавында негизинен тажиктер гана жашары сөз болуп, «айланасын жалаң кыргыздар мекендеген бул жерге алар кайдан, кантип келип калгандыгы жөнүндө эч бир алгылыктуу маалымат жоктугу, бирок өздөрүн «түпкүлүктүүбүз, Баткен аймагы биздин мекенибиз болгон» деп жер-суу аттарынын мазмуну менен далилдешери» айтылган.

Эгемендүүлүккө ээ болгон жылдардан бери тажик туугандардын Кыргызстандын айрым жерлерине көз артып, доомат коюп, маал-маалы менен чыр-чатактар чыга калып жүргөндүгү маалым. Түшүнүксүз жери, сохтук тажиктер жерди кимден талашаары белгисиз: кыргыздарданбы же өзбектерденби? Өздөрү өзбекстандык болуп саналышат да, жашаган жери Кыргызстандын аймагында. Тажиктер дегеле бүтүндөй Баткен жергесин илгери өздөрүнө таандык болгон деп эсептешет. Фарс тилинде «бод» — шамал, «кон» – жай, кен маанисинде, б.а. «шамалдын кени» дегенди билдирет. Баткен топонимин окумуштуулар дал ушундайча чечмелеп салышыптыр да, ошону менен тажик туугандардын колуна көзүрдү карматып коюшуптур.

Союз маалында кыргыз окумуштуулары жер аталыштарынын келип чыгуу маанисин аныктоодо көп тил билгендигин же көп окуп, изденгендигин көрсөтүү үчүнбү, өзүбүздүн тилге, элдин уламыш, легенда, жомок, санжыра аркылуу чечмелөөсүнө көп көңүл бурбагандай. Ырас, Баткен чынында шамалдуу жер, бирок анын жогору жагында Айдаркен деген жерибиз бар. Бул жер да шамалдуулугу менен өзгөчөлөнүп турат. Аны ажыдаар менен кармашып жеңип, казынасын таап алган Айдар аттуу жомоктук каарман жигиттин аты менен байланыштырып коюп жүрөбүз.

Кыргыз тилинде айдар шамал деген сөздүн синоними катары колдонулат, айдарым деген сөз да ошол мааниде. Эгин сапыргандар ошондуктан: «Айдар, кел, айдар, кел, тең орток» деп шамалды чакырышкан. Кыргыз мифологиясы боюнча Айдар ал тургай шамалдын пири саналат. Жогоруда аталган эки шаарча тең бир өрөөндө жайгашкан. Мындан улам өрөөн илгери жалпы эле Айдаркен, б.а. «шамалдын кени» аталган, кийин келгин тажиктер жергиликтүү элден (кыргыздардан) маанисин сурап билип, өздөрү жайгашкан жагын өз тилинде кыргызча маанисин сактоо менен Баткен атап алышкан деп чечмелеп коюуга болбойт беле?.. Болмок, болмок түгүл чынында эле ошондой. Баткен топоними деле өзүбүздүн тилибизден жаралган. Азыркы сөздүктөрүбүздө «бат» деген сөздүн крахмал, ундан жасалган желим мааниси гана берилген. Байыркы түрк тилинде ширеси сыгып алынчу нерселердин (мисалы, жүзүм, өрүк ж.б.) тобу, чөбөгөсү бат деп аталган.

Таттуулардын да желимдей жабышкак келери белгилүү го, азырга чейин таттууну кармап, ширеленип калганда «колум батташып калды» деп айтабыз. Көңүлгө кылт этип Баткендин атактуу өрүктөрү түшө калып, Баткен — «таттуунун кени» деп жар салып ийгиң келет. Андай эмеспи? Ошондой, ал турмак аныгында ошондой.

Мындан алты жыл илгери Ага Хан фондунун «Адамтаануу» проектисине жарыяланган конкурстан өтүп, университеттин үч окутуучусу Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында төрт айлык курстан өткөнбүз. Ошондо тажик жээндерибиздин айрым тарыхый жерлерин, кооз табиятын көрдүк эле. Борбордун жашоочуларынын жайында эс алчу негизги жайы – Вахш дарыясынын бою. Ошол жылдары тажик оппозициясынын шаар ичиндеги штаб-квартирасы да дарыянын аты менен аталган Вахш мейманканасы болчу. Бир күнү жумуштан соң бара жатып тажик коллегалардан бул сөз эмнени билдирерин сурадым. Тилчилер эмес, философтор менен бара жатканбыз, ошондонбу, алгылыктуу жооп бере алышкан жок. Анан мен бир чети тамашага салып эле 16-кылымда калмактар басып киргенде кыргыздардын бир бөлүгү тажик жерине өтүп келгенин, алардын ичинде багыш уруусу болгонун, багыштар жээгин бойлоп мекендегенден улам Багыш дарыя аталып, кийин Вахшка айланып кеткен деп койдум.

Меймандын көңүлү дештиби, күлүп баш ийкешкени менен олуттуу кабыл алышкан окшойт, бир нече күндөн кийин маанисин тактап, байыркы ирандыктардын «Авестасы» менен байланыштырган жооп айтышкандары эсимде. Албетте, жер-суу аттарынын кайсы тилден алынганын карап эле аларды тигил же бул элге карматып коё бербейт дечи. Антсе биз деле жогорудагыдай «Багыш дайрага», Жергеталга, Нуркапка (Мургабды жергиликтүү кыргыздар ушинтип аташат) ж.б. аймактарга доомат коё берсек болмок. Ошентсе да илимий тактык эмес, геосаясий кызыкчылыктар үстөмдүк кылып турган ушул чакта жер аттарынын чечмеленишин кайра карап чыгуу зарылдыгы барбы деп ойлойм.

Улуттук кызыкчылык үчүн, мүмкүн, жасалма түрдө болсо да жасоо керектир. Мындай мисалдар деле бар эмеспи. Иранда YIII-IX кылымдарда негизделген Аббадан шаарынын аталышы арабдын Аббад деген энчилүү атына – ан географиялык суффиксинин уланышынан жаралган экен. Кийин, 1935-жылы эле таза ирандык аталыш катары көрүнсүн үчүн расмий түрдө Абадан болуп өзгөртүлүптүр. Мындан кийин эл аны өздөрүнүн абад – шаар, гүлдөгөн жер маанисинде кабыл алып калыптыр. Бул жагынан алганда улуу манасчы Сагымбай Орозбак уулу тилчи-лексикологдорго караганда келечекке көрөгөчтүк кылыптыр, макаланын башында сөз кылган анклавдын атын да:

Сойлогон жери коо болду,
Барганы Соктун тоо болду,
Тоого барып жоголду,
Ажыдаар сокту деп
Сок атагы шо болду… – деп чечмелеп салган экен.

Экинчи бир улуу манасчы Саякбай Карала уулу да анын көзүнчө кытайлык кыргыздар деп айтып калышса, текестик кыргыздар дебейсиңерби деп жактырчу эмес дешет.

Чынында тактаган жокмун, бирок башка элдин тили менен аталган жерлер баарынан да Кыргызстанда көп болушу мүмкүн. Кайдыгерлигибизден улам совет доорунда кыргыз жери Орусиянын эле аймагындай аталып, сезилип калгандыгы эсте болсо керек.

Александровка, Благовещенка, Октябрск ж.б. сыяктуу аталыштарды азырга чейин кыя албай, кылчаңдап келебиз. Айрымдарынын аты өзгөрүлсө да мурунку тарыхый атына ээ болбой, бурмаланып кетти. Көлдөгү Рыбачье шаары ага 1884-жылы көчүп келген М.И.Бачин аттуу балыкчынын атынан келип чыкканы сөздүктөргө, тарых китептерибизге кирип калган. Эмне, ага чейин аты жок жаткан жер беле? Бабаларыбыз токумдай жерге да өзүнө ылайык ат беришкен. Кийин Балыкчы болуп аталып калса да, балыкчы орустун элеси калгандай таасир калтырат. Балыкчы адам кандай жерди тандап конмок?

Албетте, балыгы көп жайды. Демек, шаар Балыкты болуп аталса логикага туура келмек. Тилибизде заттан сынды жасоочу – лы мүчөсү пассивдүү колдонулуп калган менен анын жашап келгендигин жергебиздеги Арчалы, Аскалы, Алмалы, Алчалы, Бөрүлү, Бүлөөлү, Бүргөндү, Жекенди, Жийдели, Жошолу, Жыланды, Жылгынды, Кайыңды, Карагайлы, Карагатты, Корумду, Мыязды, Чырпыкты, Шилбили ж.б. татынакай жер аттары даана көрсөтүп турбайбы. Азыркы орфографиялык жаңы эрежелерибиз да жер аттарынын маанисинин бурмаланышына алып келип койду. Бир эле мисал: Сузак районунда Кут-Урган аттуу айыл бар эле. Керемет аталыш эле, башкача айтканда кут уруп, даарып кеткен жер маанисинде болчу.

Куттун жалпы түрк элдери үчүн ыйык мааниге ээ экендиги баарыбызга маалым. Эми биригип жазылып, Кутурган, же болбосо кутуруп кеткен айыл маанисине өтүп калды. Баштапкы чечмеленишин унуткан муундар кийин намыстанып, атын өзгөртүп жиберишин толук күтсө болот. Жалпы журт, бүт кыргыз эмес, айылдаштары толук тааныбаган инсандардын ысымдарын көзү тирүү туруп мектептерге, көчөлөргө, айылдарга коюу модасы да жайылып, өлгөндүн үстүнө көмгөн кылып жатат. Биз дегеле жер-суу аттарына ата-бабалардан калган мурас, байлык, табарик катары мамиле кылбай калдык окшойт.

Гезиттердин биринен талаш-тартыштуу жерлерди чечип, мамлекеттик чек араны тактоо үчүн кыргыз өкмөтү тарабынан түзүлгөн комиссия жетекчиси Аламановдун интервьюсунан өзбек тарап толгон архивдик материалдарды, карталарды, алар аз келгенсип жер тарыхын мыкты билген аксакалдарды алып келгенин, бул нерселер бизде жетишпей жатканын окугам. Эмне, кыргыздын тарыхын Адам атадан тартып баштап айткан санжырачы карыларыбыз, жер муздагандан тартып уусун билген кыраакы адамдарыбыз калбай калганбы? Же азыр дүжүрлүктү гана аркалашабы?

Талаштуу жерлер топонимдердин этимологиясы менен эле чечилбей, тарыхый, саясий, экономикалык, демографиялык ж.б. аспектилерден каралары белгилүү. Өз макалабызда биз болгону андай стратегиялык мааниге ээ маселелер чечилип жаткан маалда биз тараптагылардын колунда кандай аспектиден каралса да талашкан тарапка каршы коё турган бардык каражаттар, далилдер болсо деген гана каалообузду айткыбыз келди.

Мурзакметов Абдымиталип — Ош МУнун кыргыз адабияты кафедрасынын ага окутуучусy.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.