Олжобай Шакир: Улуттук адабиятыбызды өнүктүрүүгө меценаттар кайдыгер эмес

19-июль күнү “Супара” этно-комплексинде “РухЭш” сайты уюштурган улуттук адабиятты байытуу багытындагы дүйнө адабиятынын кыргыз тилине түпнускадан которуу боюнча конкурс жеңүүчүлөрүнүн байгелери тапшырылды! Байге тапшыруу аземине ЖК депутаттары Садык Шер-Нияз, Каныбек Иманалиев менен аталган конкурстун демөөрчүлөрү жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышып, сый тамак үстүндө улуттук адабиятыбызды өнүктүрүү багытында уюшулган семинарда учур адабиятын өнүктүрүүгө меценаттар кайдыгер эместигин билдиришти. Улуттук адабиятыбызды өнүктүрүүдө байге фондун миллион сомго өстүрүү демилгесин көтөргөн белгилүү коомдук ишмер, ЖК депутаты Садык Шер-Нияз учур адабиятын өнүктүрүү максатында атайы уюштуруу […]