19-июль күнү “Супара” этно-комплексинде “РухЭш” сайты уюштурган улуттук адабиятты байытуу багытындагы дүйнө адабиятынын кыргыз тилине түпнускадан которуу боюнча конкурс жеңүүчүлөрүнүн байгелери тапшырылды!

Байге тапшыруу аземине ЖК депутаттары Садык Шер-Нияз, Каныбек Иманалиев менен аталган конкурстун демөөрчүлөрү жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышып, сый тамак үстүндө улуттук адабиятыбызды өнүктүрүү багытында уюшулган семинарда учур адабиятын өнүктүрүүгө меценаттар кайдыгер эместигин билдиришти.

Улуттук адабиятыбызды өнүктүрүүдө байге фондун миллион сомго өстүрүү демилгесин көтөргөн белгилүү коомдук ишмер, ЖК депутаты Садык Шер-Нияз учур адабиятын өнүктүрүү максатында атайы уюштуруу тобун түзүүнү сунуштап, бул демилгесин “Айтыш” коомдук фондун негиздегендеги төкмө ырчылардын чыгармачылыгын кантип өнүктүрүү жолуна салган мисалы менен ырастап берди.

Жеңиш Молдокматов да Садык Шер-Нияздын маданият жаатындагы меценаттык өрнөгүн башкаларга жайылтуу максатында “РухЭш” сайтынын алдында улуттук адабиятты өнүктүрүү багытында меценаттардын башын бириктире турган аянтча керектигин кошумчалап, мындан ары карай адабият жана маданият өкүлдөрүн партия тарабынан финансылык колдоого алып, “РухЭш” сайты уюштулган конкурстарга демөөрчүлүк кыларууга даяр экенин айтты.

Буга кошумчалай акын жана жазуучу, ЖК депутаты Каныбек Иманалиев учурда кыргыз адабиятынын айрым татыктуу өкүлдөрүнүн тандалма чыгармаларын дүйнөнүн башка тилдерине которуп жайылтуу мезгили келгендигин баса белгилеп, бул багытта иш жүргүзүүгө парламент өкүлү катары тийиштүү деңгээлде өз аракеттерин көрсөтө тургандыгын билдирди.

Иш чаранын катышуучусу жана “РухЭш” сайтынын буга чейинки аракеттерин ар дайым маалыматтык колдоого алып келген замандашыбыз, КТРК алдындагы “Маданият, тарых жана тил” каналынын продюсери Назира Аалы кызы улуттук адабиятыбызды өнүктүрүүдө дүйнөгө белгилүү Пулитцер жана Букер сыяктуу адабий сыйлыктарды ыйгаруу жолу менен гана кыргыз адабиятынын зоболосун өстүрүүгө толук мүмкүн экенин белгилеп, андыктан жылыга белгиленип келе жаткан 12-декабрь – Кыргыз адабиятынын күнүнө арналган майрамдык датага карата адабий конкурс уюштуруу демилгесин сунуштады.

Назира Аалы кызы бул багытта “РухЭш” сайты менен бирдикте “Маданият, тарых жана тил” каналы улуттук адабиятыбыздын келечегине кайдыгер карабаган меценаттардын жардамы менен эң татыктуу делген чыгарманын авторун конкурстук негизде аныктап, ага бир миллион сом өлчөмүндө байге тапшыруу жөрөлгөсүн иштеп чыгууну сунуштады. Жана иш-чарага катышып отурган; о.э. буга чейин “РухЭштин” адабий конкурстарын уюштурууга демөөрчү болуп келген “Мекен ынтымагы”, партиясынын төрагасы Темирбек Асанбеков, “Замандаш” партиясынын төрагасы Жеңиш Молдокматов, акын жана адабиятчы, Жогорку Кеңештин экс-спикери, учурдагы депутаты Чыныбай Турсунбековду (Ч.Турсунбеков жүйөөлүү себептер менен келбей калганына байланыштуу байге тапшыруу аземине анын жардамчысы катышты) аталган демилгени колдоого чакырды.

Назира Аалы кызынын бул сунушун “Замандаш” партиясынын төрагасы Жеңиш Молдокматов кош колдой тургандыгын билдирип, алдыда жарыяланар конкурска “Замандаш” партиясынын атынан алдын ала 200 миң сом берүүгө даяр экендигин жар салды. Буга улай “Мекен ынтымагы” партиясынын төрагасы Темирбек Асанбеков жана ЖК депутаттары Каныбек Иманалиев, Садык Шер-Нияз да улуттук адабиятты өнүктүрүү долбоорун турмушка ашырууда четте карап турбастыгын айтышты.

Котормо конкурсунун жеңүүчүлөрүнө байге тапшыруу аземи жыйынтыкталары менен бирге мындан ары карай улуттук адабиятыбыздын казынасын байытуу багытында котормочулар ассоциациясын негиздөө сунуштары айтылып, “РухЭш” сайты менен биргеликте багыттуу жана иштиктүү кызматташууларды жүргүзүү планы түзүлдү. О.э. боордош элдердин адабий чыгармаларын кыргыз тилине которуп, тектеш тилдүү элдер менен адабий алакаларды бекемдөө максатында котормочулук өнөрдү колдоо багытында адабий фонд түзүү демилгелери көтөрүлдү…

Котормо боюнча конкурста 1-байгенин жеңүүчүсү Марсел Исаковго «Мекен ынтымагы» партиясынын төрагасы Темирбек Асанбеков диплом жана байге тапшырууда.
Котормо боюнча конкурста 1-байгенин жеңүүчүсү Мээрим Сайдилкановага «Замандаш» партиясынын төрагасы Жеңиш Молдокматов диплом жана байге тапшырууда.
Котормо боюнча конкурста 1-байгенин жеңүүчүсү Азат Жапарбекке ЖК депутаты Чыныбай Турсунбековдун ордуна анын жардамчысы Руслан диплом жана байге тапшырууда.
Котормо боюнча конкурста 2-байгенин жеңүүчүсү Салия Ибраимовага ЖК депутаты Каныбек Иманалиев диплом жана байге тапшырууда.

 

Котормо боюнча конкурста 2-байгенин жеңүүчүсү Миргүл Өмүралиеванын (өзү Италияда жашагандыктан уулу Адилетке тапшырылды) байгесин ЖК депутаты Садык Шер-Нияз тапшырууда.
Котормо боюнча конкурста 3-байгенин жеңүүчүсү Эрмек Шоруковго ЭлТР каналынын аксакал журналисти Бейшенбек Калыков диплом жана байге тапшырууда.
Котормо боюнча конкурста 3-байгенин жеңүүчүсү Арген Шабдановго адабиятчы Жолдош Турдубаев диплом жана байге тапшырууда.
Котормо боюнча конкурста кызыктыруучу байгенин жеңүүчүсү Бакытбек Жунусалиевге Назира Аалы кызы ардак грамота жана байге тапшырууда.
ЖК депутаты Чыныбай Турсунбековго ыйгарылган ыраазычылык анын жардамчыларынын бири Русланга тапшырылды.

 

«Замандаш» партиясынын төрагасы Ж.Молдокматовго ыраазычылык билдирүү.
Конкурста 62 чыгарманын арасынан жеңүүчү деп табылган калемгерлердин айрым мүчөлөрү…
Байге тапшыруу аземинин соңунда.

 

Иш-чара жыйынтыгынан кийинки чылым чеккен сары көйнөкчөндүн ыракаты))))

One Reply to “Олжобай Шакир: Улуттук адабиятыбызды өнүктүрүүгө меценаттар кайдыгер эмес”

  1. Бардыгыңыздарга иштеги, чыгармачылыгы ийгиликтерди каалайм! Байгелер кут болсун!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.