Корей эл жомогу: Чылым жөнүндө уламыш

Илгери-илгери дейт, Кытайдын алыскы булуңунда ажарлуу сулуу жашаптыр. Кисэн[1] экен ал. Кийин аны Тамбэ деп аташат. Жер үстүндөгү эркектердин баарын таануу Тамбэнин бирден-бир кыялына айланат. Бирок өмүргө түркүк болуп калган ким бар, Тамбэнин таттуу кыялдары ондогон жылдар бою ишке ашпай жүрүп көзү өтүп кетет. Бирок мүрзөсүнө чөп өсүп чыгат. Ажарлуу кисэндин элесине арнап, ал чөптүн аталышын Тамбэ[2] аташат. Кисэн акыры тамекиге айланып, жер үстүндөгү эркектин баарын таанымак тургай, эркектин баары анын кулуна айланат. Кулуна айланганы шул эмеспи, ырасында эле чылым […]

Осмонакун Ибраимов: Коогалуу жылдар жана согуштан кийинки кыргыз поэзиясы

Эскертүү: КРУИАнын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту тарабынандаярдалган “Классикалык изилдөөлөр” аттуу китептен алынды. Совет адабиятынын тарыхый өнүгүшүнө партиялык жетекчиликтин тийгизген таасири күчтүү болгону баарыбызга маалым. Ырас, кийинки убактарда «жетекчилик» деген сөз бара-бара башкача туюнтмалар, мисалы, «диктат», «көзөмөл», «кийлигишүү» ж.б. менен алмаштырыла баштады. Кайра куруу саясатынын касиети бул чөйрөгө да түздөн-түз таасирин тийгизип, бул же тигил термин же туюнтма түгүл, нечен жылдардан бери баарыбызга жадыбалдай жат болуп калган теориялык аныктамалар, кыйшаюусуз жетекчиликке алынып келген илимий постулаттар, концепциялар кайра каралчудай, ал гана […]

Калвира Акчалова: Сууктагы сулуулук

ЭССЕ — Кош эми,  алдыңа кетейин,  кудай оң жолуңдан берсин! — деп карыган көзүнөн сымаптай мөлтүрөп, бетиндеги бырыштын изи менен кулап келе жаткан жашын жолдон тосуп алып,  чертип жиберди. Бул ажайып бир сулуулук эле. Жаштыктагы сулуулулукту карылык ээлегени менен ошол табигый сулуулук дале калыбында… Мени тиктеген аял абдан сулуу эле.  Бул мүнөттөрдө аалам мага кең кулачын кере жайып,  каректин тээ тереңинде катылган кубаныч,  мээрим толгон сүйүүнү январдын таптаза карларынын бүртүктөрүндөй жаап жатты. Асмандан жарышып,  жерди көздөй тоголонгон жаш кар заматта […]

Түмөнбай Колдошовдун адабият астанасын аттагандагы алгачкы аңгемеси  

Белгилүү обончу Түмөнбай Колдошовдун “Кыштын ызгаар күнүндө” аттуу мыкты аңгемеси 9-класста окуп жүргөн кезинде Ала-Буканын “Айыл акыйкаты” аттуу райондук гезитинде жарык көргөн эң алгачкы аңгемеси болуп чыкты. Ала-Бука районунун Көк-Таш айылынан чыккан таланттуу өспүрүмдүн ошондогу чакан аңгемеси бүгүн “РухЭш” сайтынын окурмандары үчүн өзүнчө чоң табылга экенинен шегибиз жок… Буга дейре биз аны – музыкага мыкты тексттерди кылдат тандай билген таланттуу обончу катары гана таанып келсек, мындан кийин Түмөнбай Колдошовду таланттуу жазуучу катары тааный турганбыз. Себеби сайтыбыздын почтасына жөнөткөн дагы бир […]