Илгери-илгери дейт, Кытайдын алыскы булуңунда ажарлуу сулуу жашаптыр. Кисэн[1] экен ал. Кийин аны Тамбэ деп аташат.

Жер үстүндөгү эркектердин баарын таануу Тамбэнин бирден-бир кыялына айланат. Бирок өмүргө түркүк болуп калган ким бар, Тамбэнин таттуу кыялдары ондогон жылдар бою ишке ашпай жүрүп көзү өтүп кетет. Бирок мүрзөсүнө чөп өсүп чыгат. Ажарлуу кисэндин элесине арнап, ал чөптүн аталышын Тамбэ[2] аташат.

Кисэн акыры тамекиге айланып, жер үстүндөгү эркектин баарын таанымак тургай, эркектин баары анын кулуна айланат. Кулуна айланганы шул эмеспи, ырасында эле чылым чеккен эркектер чанда кезигет ко. Сүйүнгөндөн да, күйүнгөндөн да, эркегиң чылым чегет эмеспи. Аялзаты эмне үчүн тамекини жаман көргөнү да ушундан тура, анткени эркектерди тамбэден кысканышат экен.

Көрсө, өзүнө жаккан эркектерден тамекиңди ташта деп талап кылгандары – кызгануудан келип чыгыптыр. Анткени чылымдын азгырыгы деле чырайлуу зайыптан бетер байлап алат тура эркегиңди.

Которгон Олжобай ШАКИР

[1] Кисэн – ак сөөк саналган эркектердин көңүлүн ачкан аял.

[2] Тамбэ – тамеки деген маанини билдирет.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.