Эскертүү: КРУИАнын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту тарабынандаярдалган “Классикалык изилдөөлөр” аттуу китептен алынды.

Совет адабиятынын тарыхый өнүгүшүнө партиялык жетекчиликтин тийгизген таасири күчтүү болгону баарыбызга маалым. Ырас, кийинки убактарда «жетекчилик» деген сөз бара-бара башкача туюнтмалар, мисалы, «диктат», «көзөмөл», «кийлигишүү» ж.б. менен алмаштырыла баштады. Кайра куруу саясатынын касиети бул чөйрөгө да түздөн-түз таасирин тийгизип, бул же тигил термин же туюнтма түгүл, нечен жылдардан бери баарыбызга жадыбалдай жат болуп калган теориялык аныктамалар, кыйшаюусуз жетекчиликке алынып келген илимий постулаттар, концепциялар кайра каралчудай, ал гана эмес, айрымдары чыныгы илимге эч бир тиешеси жок жалган догмалар катары четке кагыла турган түрү бар.

Эмнеси болсо да совет доорундагы адабияттардын тагдыры жөнүндө сөз болгондо КПССтин бул тармактагы саясатын эске албай, бул же тигил партиялык токтомдун конкреттүү адабий-көркөм процесске тийгизген тикелей таасирин үйрөнбөй туруп сөз козгоо эч бир мүмкүн эмес, анткени советтик коомду тоталитардык система канчалык деңгээлде бурмалоолорго дуушар кылганы азыр талаш туудурбай турган нерсе болсо, көркөм адабияттын өнүгүшүнө партиялык жетекчиликтин эң зор таасир тийгизгени да ошондой эле чындык.

Совет адабиятынын тарыхый жолунда бир катар партиялык токтомдор айрыкча тагдырзаада роль ойногон деп тартынбай айтууга болот. Алар 1932-жылкы ВКП(б) БКнын «Адабий-көркөм уюмдарды кайра куруу жөнүндө» 1946-жылкы «Звезда» жана «Ленинград» журналдары жөнүндө» жана КПСС БКнын «Жеке адамга сыйынуунун кесепеттеринен кутулуу жөнүндө» деген айтылуу 1956-жылкы токтомдору.

Бул документтер жалпы совет адабияты менен маданиятынын тагдырына, өнүгүп-өсүшүнө аябагандай зор таасирин тийгизген. Мен бул жерде бул токтомдор чыгармачылык процесске канчалык денгээлде оң же терс таасир тийгизгенин айтып отургум келбейт, анткени бул өтө чоң тема. Ошондуктан макаланын нугун бир гана партиялык токтомдун, атап айтканда, жогоруда аталган 1946-жылкы токтомдун кыргыз совет адабиятынын согуштан кийинки мезгилдеги профессионалдык өнүгүшүнө тийгизген таасири, жөнүндөгү маселенин тегерегине бурмакмын.

Фашисттик Германияны жеңүү башка совет элдери сыяктуу кыргыз элине да сан жеткис жоготуулардын эсеси катары келди. Бул жеңиш үчүн биздин эл да эбегейсиз зор жоготууларды курмандыкка чалды. Башкасын айтпай, жалаң гана маданият майданында иштеген, адабияттын арабасын тарткан нечен-нечен жаркын адамдарыбыздан согуштун айынан айрылганыбызды эстей келгенде, Улуу Ата Мекендик согуш биз үчүн канчалык кымбатка турганын даана элестетсек болот. Жазма адабиятыбыздын пайдубалын түптөгөн М.Элебаев, Ж.Турусбеков, Ж.Жамгырчиев, X.Эсенкожоев сыяктуу залкар таланттар чыгармачылыгынын гүлдөп турган кезинде душман огунан мерт болушту. Оорукта, командировкада жүргөн кезинде Ж.Бөкөнбаев каза тапты. Жаңыдан телчигип келаткан чакан адабият үчүн бул кандай жоготуу экендигин элестетип көрөлүчү. Элестетели да, согушка чейин эле К.Тыныстанов, С.Карачев сыяктуу кыска өмүрүндө кыргыз маданиятына опол тоодой салым кошкон универсал таланттар сталиндик репрессиянын кандуу тегирменине жанчылганын кошо кетели. Ырасында эле кансыраган адабият эмей эмне?!

Дал ушул учурда, согуштун жараттары жаңыдан карттана башганда ВКП(б) БК жогорудагы токтомду кабыл алды. Эгерде бул партиялык документтин жалпы эле совет элдеринин, анын ичинде кыргыз элинин адабиятына тийгизген салакасын ченеп-өлчөй келгенде башка токтомдор бир тең, ушул токтом бир тең деп тартынбай эле айтсак болот.

Жогорудагыдай орду толгус жоготууларга учурап, арасы кадимкидей суюла түшкөн адабиятыбыздын авангардына ал кезде А.Осмонов ашкере суурулуп чыгып, көркөм процесс жаңы сапаттык баскычка көтөрүлүүнүн алдында турган. Анын үстүнө согуштун тарыхый жана этикалык, ыймандык сабактары адабиятка анык ышкысы бар ар кандай инсан үчүн аябагандай бай материал болчу. 20-30-жылдарда дүркүрөп өнүгүп кеткен агитациялык-публицистикалык поэзия согуш жылдарында адам жөнүндөгү, анын ички толгонуулары жөнүндөгү ой-санааларга улам көбүрөк орун бошотуп, сырткы чөйрөнү шөкөттөөгө караганда ички дүйнөнү талдоо алда канча кызык да, татаал да экендиги ачык болуп калган эле.

Ушул өткөөл учурда А.А.Ждановдун «Звезда» жана «Ленинград» журналдары жөнүндөгү доклады жана аты аталган токтом басма бетине жарыяланды. А.А.Ахматованын чыгармалары жөнүндө кеп кылып келип, партиянын ал кездеги идеология боюнча баштагы лидери докладында мындай деген бүтүм жасады: «Бул чыгармалар көңүл чөгөттүк менен пас маанай, пессимизм, коомдук турмуштун кычаган маселелеринен качуудан башка, жеке сарсанаалардын тар чөйрөсүнө камалуудан башка эч нерсеге алып келбейт». Ал эми токтомдо советтик «эң эле алдыңкы, эң эле идеялуу» адабияттын алдына турмуштун жактарын көрсөтүү, жеке, индивидуалдуу ой санаалардан качуу милдет катары коюлду.

Бир караганда эки журналдын, эки-үч эле жазуучунун ишмердиги жөнүндө сөз болгонсуп атса да, жогорудагыдай катаал тыянактар миңдеген акын, жазуучуларга тиешелүү заардуу эскертүү эле. Токтом менен А.А.Ждановдун докладынын адабий коомчулук арасындагы резонансы абдан чоң болду. 1937-38-жылдарда өкүм сүргөн өз ара шек саноочулук, чагымчылдык, бири-бирине саясий айып коюу, карандай жерден көө жабуу токтомдон кийин кайра башталды.

1946-жылдагы токтомдун эң эле залалдуу жагы — жаңыдан телчигип келаткан адабияттагы айрым бир келечектүү тенденцияларды, татынакай көркөмдүк-эстетикалык табылгаларды андан ары тамыр жайып, өнүгүп-өрчүп кетишине тоскоол болгонунда эле. Маселен, поэзияны алалы. А.Осмоновдун адам жанынын эң бир аялуу, эң бир кол жеткис «булуң-бурчтарын» көркөм иликтеген ырлары менен поэмалары, Т.Уметалиевдин майданда жазган лирикасы, А.Токомбаевдин сүйүү ырлары андан ары өнүктүрүлүп, жаңы муундун өкүлдөрү тарабынан терең өздөштүрүлүшү тийиш болчу. Жалпы мазмундуу тирадалар, ыксыз патетика жүрөк түпкүрлөрүн изилдеген реалисттик жалпылоого орун бошотушу, көркөм сөз турмушту аңдап-таануунун куралына айланышы негизинен табийгы көрүнүш катары кабыл алынмак жана бул үчүн объективдүү шарттар түзүлүп калган.

Тилекке каршы, «Звезда» жана «Ленинград» журналдары жөнүндөгү токтом бул процесстерди алда канча жайлатып койду, ошону менен бирге көркөмдүк насили тайкы, күнүмдүк саясий талаптарга ылайыкташкан коньюнктуралык ыр, поэмалар үчүн ушунчалык ыңгайлуу шарт түзүп берди, адабий турмуштун субъекттеринин арасындагы кагылыштарды, өз ара конфликттерди, прогрессчил көз караштар менен реакциячыл позициялардын ортосундагы араздашууну ого бетер күчөттү.

Сыягы 40-50-жылдардагы, адабий күрөштү баштап берген эң алгачкы «залп» М.Алыбаевдин «Маанисиз махабат» деген 1946-жылы 15-сентябрда «Кызыл Кыргызстан» гезитине чыккан макаласы болду окшойт. Макалада автор А.Осмоновдун атактуу «Махабат» жыйнагына окуучулук баа берүүтө аракет кылып, китептин негизги кемчилиги деп акындын өз чыгармачылыгында баарынан мурун жеке турмушунун көйгөйлөрүн лириканын негизги предметине айландырганын, чыгармаларда автор өз керт башынын кайгы-капаларынан алыс кете албай калганын айтат.

Эгерде ар бир акын өз турмушунун гана кайгы-капасын жаза берсе, өзү гана сезип, туйган нерселер жөнүндө жазып отуруп алса, анда поэзия эмне деген поэзия болот деп бушайман болот М.Алыбаев. Башкача айтканда, А.Осмоновдун оппоненти жеке эле «Махабат» жыйнагынын авторуна эмес, чын-чынына келгенде поэзиянын адепки касиетине, негизги өзгөчөлүгүнө каршы туруп, лирикадагы «мендин» дайыма кашкайып көрүнүп турушуна каршы чыгат. Бирок, баарынан кызык жери, Мидин акын катары өз чыгармачылыгында өзү каршы чыккан лирикадагы касиеттерди толугу менен пайдаланат, башкача айтканда, өзүн өзү иш жүзүндө четке кагат.

М.Алыбаев койгон айыптар жөн гана окуучулук каалоо эмес эле. Ошол учурдун көркөм контекстинен алып караганда, жогорудагы токтомдун талабынан алып караганда бул барып турган саясий айып тагуу эле, анткени А.А.Жданов да Ахматованы өзүнүн жеке турмушундагы кайгы-капасын жазган үчүн «өткөн замандын өчүп бараткан жаңырыгы», «майда буржуазиялык идеологиянын жарчысы», «коомдук турмуштун даңгыр жолунан четтөө» деп күнөөлөгөн эмеспи!

Кудай жалгап М.Алыбаевдин макаласы Алыкулдун тегерегиндеги саясий кампанияга себеп боло алган жок, анын үстүнө А.Токомбаев да эмнегедир ортолук позицияны ээлегенге аракет кылды. Ортолук дегеним, «Махаббат» жыйнагы жөнүндө дурус ойлор, атүгүл өтө жогору баалаган пикирлер да пайда боло баштаган эле. Маселен, Т.Үмөталиев 1946-жылдын 1-августунда «Ленинчил жаш» гезитинде «Алыкул Осмонов» деген макала менен чыгып, жыйнактын авторун азыркы учурдун алдыңкы акындарынын катарына коёт, атүгүл Алыкулду И.В.Гетеге салыштырат. Акындын негизги чыгармачылык ийгилиги катары дал сүйүү лирикасын, граждандык темага жазылган ырларын жогору баалайт. Андан бир нече күн мурдараак Кайсын Кулиев менен Ясыр Шивазанын «Алыкул Осмонов» аттуу макаласы орус тилинде «Советская Киргизия» газетасында жарыяланат. Ал да негизинен акындын чыгармачылыгына жогору баа берет. Кыскасы, А.Осмонов кандайдыр бир себептер менен конкреттүү партиялык саясий жазадан эптеп кутулат. Бирок «Махабаттын» тегерегиндеги талаш жазуучулар арасындагы андан кийинки айыгышкан талаш-тартыштардын башаты болуп калат.

ВКП(б) БКнын токтому Алыкулду чоң саясий айыпка жыкканга негиз болсо да, аны сындаганга караганда жактагандардын арбын болуп кеткендигинин конкреттүү-тарыхый себептери да бар экендигин унутпоо керек. Биринчиден, поэзияда көркөм жалпылоонун бирден-бир ыкмасы – дүйнөнү акындык индивидуалдуу көз караш менен кароо экендигин кыргыз акындары да (албетте, алды менен ашкере таланттуулары) түшүнүп калган кез эле.

Экинчиден, А.Осмоновдун ырлары менен поэмалары чындыгында эле кыргыз поэзиясындагы жаңылык, кимди да болсо кош көңүл калтырбай турган чыгармалар болчу. Ошол эле мезгилде поэзияны учурдагы ар кыл саясий ураандардын, лозунгдардын үстүрт иллюстрациясы деп түшүнгөн консерваторлор да көп эле, анын үстүнө жогорудагы токтом алар үчүн табылгыс курал катары кызмат өтөп берди.

1948-жылы «Советтик Кыргызстан» журналына (№ 1) жарыяланган белгилүү реакционер Ж.Самагановдун «Бир чыгармага арналган үч макала тууралуу» деген макаласы адабияттагы ички кармашууларга себеп болду. Автор анда эки жыл башта дүрт этип от алып баратып, кайра басаңдай түшкөн талаш-тартыштын жалынын дагы тутантты. Макалада ошол кезде эң эле курч колдонулган сынчыл лексикондун баарын пайдаланат; А.Осмоновдун ырларын аморалдуу ырлар деп таап, өткөн замандарга симпатиясы күчтүү, чыгармаларында скептицизм бар өзү мещандык философияны тутунат деп жарыялайт, акынды сындаган макаладан тыянак чыкпаганына бушайманданат.

Ошол эле Ж.Самагановдун «Тар жол, тайкы багыт» (1948) деген макаласында К.Маликовдун поэтикалык чыгармачылыгы, бир катар ырлары, айрыкча «Балбай» аттуу революцияга чейинки кыргыз элинин тарыхый турмушуна арналган поэмасы аёосуз сынга алынат. Алыкулга карата айтылган дооматтар, саясий айыптардын «букети» бул авторго да толугу менен коюлат. Жедеп мээсин ждановдук реакциячыл көрсөтмөлөргө шыкап алган сынчы атүгүл акын ырларында М.И.Калининди «Манастагы» капилеттен сөз тапкан, караңыда көз тапкан Бакайга «теңеп деп» койгондугу, Ала-Тоонун жигиттерин арстанга, шумкарга салыштырганы үчүн жана өзү жетектеген «Ала-Тоо» журналына ачык айтып, ак сүйлөгөн Т.Саманчин менен А.Убукеевдин макалаларын баскандыгы үчүн айыпка жыгылат, партиянын учурдагы саясатына каршы турган иш кылды деген орчундуу дооматтардын башы чыгарылат.

Натыйжада, акын К.Маликов республиканын борбордук партия комитетинде иши каралып, чыгармачылыгы чоң саясаттын чордонуна айланат. К.Маликов менен бирге аны «мактап-жактаган» А.Убукеев менен Т.Саманчин да партия саясатына «көзү түз эмес» сынчылар катары оркоюп көрүнүп калат. Кийинки сынчы өзүн акташка аракет кылып «Советтик Кыргызстан» журналына (№ 9, 1948) «Адилетсиз апыртмалуу сынга каршы» деген макаласы акты кара деп далилдешке далалат кылган Ж.Самагановдун макаласын канчалык ишенимдүү төгүндөсө да анын аргументин уга турган партия жетекчилери табылбайт.

Улам чалкеш тартып бараткан заманда билмексенге салып кутулуп кетиш мүмкүн эмес экендигин туйган К.Маликов аргасыздан 1949-жылдын майында «Кызыл Кыргызстан» гезитине Ж.Самаганов жапкан «күнөөлөрдүн» баарын мойнуна алып, ачык кат жазат, «фольклордук формаларга ашкере кызыгып» кеткенин, кыргыз элинин феодалдык заманын «идеализациялаганын», Саманчин менен Убукеевдин макалаларын «патриоттук принципиалдуу сынга» каршы экенине карабай журналга жарыяланганын, «эски эпитеттерди» арбын колдонгонун (ырларында) толугу менен мойнуна алат. Ошентип кыргыз адабиятындагы тыныстановдук эпкин кайра башталат.

Ошол эле Ж.Самаганов орусча которулуп басылган «Космополитизм и рецидивы буржуазного национализма в работах Т.Саманчина» деген макаласында («Советская Киргизия», 10 апрель 1949) деле адабияттагы улуттук белгиге, өзгөчөлүккө катуу чабуул жасайт, өткөн тарыхка кызыгууну, улуттук адабияттын ар түрдүү фактыларын алга карай өсүп-өнүгүүнүн ар түрдүү оош-кыйыштары, жөлөктөрү катары караганды эң бир зыяндуу көрүнүш катары баалайт. Бирок, баарынан кызык жери, Самагановдун макалалары караманча догмачыл, реакциячыл экенин адабий коомчулук көрүп-билип турса да, партиялык жетекчилик дал ошол реакционердин позициясын жактаганы, К.Маликовдун соңунан Т.Үмөталиевди, андан соң А.Токомбаевди бир кездеги К.Тыныстановчосунан моюндарына ботокурун салып, жалпы журтчулуктан кечирим суратканы, жок айыптарды «моюнга алдырышканы» таңгалдырат.

Ждановдун саясатына каршы туруу үчүн ташка тамга баскандай күчтүү аргумент болсо да баары бир алсыз экенин, деле адабият дегенди мезгил талабы таптакыр башкача түшүнүүгө мажбурлап турганын сезген Т.Саманчин К.Маликов сыңары «айыбын мойнуна толугу менен алганын» билдирип ачык кат жазат, өзүнүн бүткүл илимий чыгармачылыгына өз колу менен жараксыз деген өкүм жазат. «Звезда» жана «Ленинград» журналдарынын айыбын чукуган токтомдордун духунда жазылган сын макалаларга, аны ар тарабынан колдоп турган жергиликтүү бийликтердин кысымына чыдабаган Т.Үмөталиев, А.Токомбаевдер өздөрүнүн эң мыкты деген чыгармаларынан баш тартышат, мындан ары ал кемчиликтерден тездеп арылып, партиянын «көрсөтмөлөрүнөн» тайбай иштеше тургандыгын айтышып, убадаларын беришет.

Баса, алардын алды кийинине карабай баш тарткан адабий перзенттери кайсылар эле? Маселен, А.Токомбаев өзүнүн согушка чейин эле эмес, согуштан кийин да андан өйдө көтөрүлө албаган атактуу «Кандуу жылдар» романынан баш тартыптыр… Ушундан эле ВКП(б) БКнын жогорудагы токтому кыргыз адабиятына кандай кыямат күндөрдү алып келгенин боолголосок болот.

Натыйжада, А.Токомбаев өз романын кайра иштеп чыгууга мажбур болду, чыгармадагы көп нерселер жаны редакциясында башкача түргө келди, 1916-жылдын трагедиясы биринчи вариантка караганда алда канча башка көз караш менен баян этилди. Түп-тамырынан өзгөрүлдү десек аша чабаарбыз, бирок көп процесстер мурункуга караганда жасалып-түзөлүп, акценттер алмашып кетти. Токтомдун жеке эле А.Токомбаевге эмес, жалпы кыргыз адабиятына тийгизген «пайдасы» ушундайча болду.

40-50-жылдардагы адабий күрөштүн негизги залалы – учурдун адабий процессин баштагы динамикадан тайытып, жазуучуларды жалган пафосторго азгырылып саясий коньюнктурага ылайык иш узатканга мажбур болгонунда десек жаңылбайбыз. Ошону менен бирге желдирме журналистикадан жол талашкан, гезит беттеринде эмне даңазаланса ошону ырга салган, поэзиянын эртеңкиси менен келечегин эмес, азыркы агып өтүп жаткан сааттын кызыкчылыгы үчүн жашаган убактылуу уйкаш өнөрү деп санаган псевдоакындардын арааны жүрө баштады. Маселен, дал ушул аралыкта эң көп китеп чыгарган автор К.Акаев болду, 1945-55-жылдардын ичинде сегиз ыр китебин чыгарды. Ал эми М.Жангазиев өзүнчө эле рекорд койду десек болот.

1950-55-жылдардын ичинде тогуз (!) поэтикалык жыйнак чыгарды. Андан кийинки орунга, калыбы Т.Уметалиев чыкты. Ж.Самагановдун сынынан кийин этият болуп калган акын жалаң даңазалоо пафосунда айтылуу «Жеңиш» жыйнагынан кийин (1946) үстү-үстүнө китеп жазды, 1955-жылга чейин сегиз китеп чыгарды. Жыйнактарынын аттары: «Москвага салам» (1947), «Биздин Жер» (1948), «Мекен күүсү» (1949), «Жыргал турмуш ырлары» (1950) ж.б. Маселен, «Биздин жер» жыйнагы жалаң Кыргызстандын түштүгүнүн чоң-чоң кыштактарын, чакан шаарчаларын мактаган ырлардан түзүлдү. Поэзия гезит репортажынын деңгээлине түшүп, адам турмушун, коомдук көрүнүштөрдү аңдап-таануунун кылдат куралы катары кадыры төмөндөдү. Ошол эле Т.Уметалиев өзүнүн «Жеңиш» ырлар жыйнагынын деңгээлине жете албай, негизинен даңаза ырларына, куру пафоско көбүрөөк азгырылып кетти.

Эгерде 50-жылдардын биринчи жарымындагы кыргыз поэзиясын көз алдыга элестетүүнү максат кылып, токтом адабиятка кандай өзгөрүүлөрдү алып келгенине кызыккан адам К.Акаев менен М.Жангазиевдин ырларын окушу керек. Поэзиянын кандай темаларга арналганын ыр китептердин аталышынан эле билүүгө болот: «Бакыт нуру» (1949), «Эмгек шаңы» (1950), «Фрунзе — Кыргызстан борбору» (1954), «Бакыт жөнүндө баян» (1954), «Таалай таңы» (1956) сыяктуу К.Акаевдин китептери, «Бакыт гүлдөрү» (1951), «Тянь-Шандык кишилер» (1955) өңдүү М.Жангазиевдин китептери ж.б. Бул пафоско белгилүү өлчөмдө Н.Байтемиров да, С.Жусуев да, А.Токомбаев да, Э.Узакбаев да кызыгып кетишкенин эскерте кеткен ашык болбойт.

Адабиятта турмуштун оң жактарын гана сүрөттөө, идеализациялоо, жеке адамга сыйынуу күчөгөн. Баса, жеке адамга сыйынуу демекчи, поэтикалык сталиниада болуп көрбөгөндөй күчөгөн. Б.Жоробаевдин «Сталин ата» (1947), Ж.Таштемировдун «Сталин» (1947), Н.Жетикашкаеванын «Ыракмат сага, Сталин» (1948), А.Үсөнбаевдин «Сталинге» (1948), А.Токомбаевдин «Эл атасы» (1949) Т.Шамшиевдин «Сталин — бүгүнкү Ленин» (1948), М.Жангазиевдин «Узак жаша, Сталин» (1949) ж.б. толуп жаткан ырлар буга толук күбө.

Кыскасы, кыргыз поэзиясы 1946-жылдагы жогоруда аталган токтомдон кийин көз-көрүнөө кризис абалына туш келди. Таланттуу деген бир катар акындар узак жылдарга поэтикалык чыгармачылыктан четтетишти. Маселен, адабиятка ишенимдүү келип кирген С.Эралиев «Тууган жер» жыйнагынан (1950) кийин туура тогуз жыл «унчукпай» жүрдү. Ушундай эле узак чыгармачылык пауза М.Алыбаевде, Р.Шүкүрбековдо, Э.Узакбаевде болду. М.Алыбаев 1949-жылы чыккан «Жаңы ырлар» аттуу жыйнагынан кийин араң 1957-жылы атактуу «Ак чүч» сатиралык жыйнагын чыгарды. Адабияттагы изденүү пафосу И.В.Сталин каза болуп, КПСС БК 1956-жылы «Жеке адамга сыйынуунун кесепеттеринен кутулуу жөнүндө» деген токтомун кабыл алгандан кийин гана кадимкидей жанданды. Ч.Айтматов, С.Эралиев, С.Жусуев, Б.Сарногоев, О.Султанов, К.Жусубалиев сыяктуу азыркы адабиятыбыздын аттын кашкасындай таанымал өкүлдөрүнүн чыгармачылыгы 50-жылдардын этегинен баштап гүлдөй баштады.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.