Белгилүү обончу Түмөнбай Колдошовдун “Кыштын ызгаар күнүндө” аттуу мыкты аңгемеси 9-класста окуп жүргөн кезинде Ала-Буканын “Айыл акыйкаты” аттуу райондук гезитинде жарык көргөн эң алгачкы аңгемеси болуп чыкты. Ала-Бука районунун Көк-Таш айылынан чыккан таланттуу өспүрүмдүн ошондогу чакан аңгемеси бүгүн “РухЭш” сайтынын окурмандары үчүн өзүнчө чоң табылга экенинен шегибиз жок…

Буга дейре биз аны – музыкага мыкты тексттерди кылдат тандай билген таланттуу обончу катары гана таанып келсек, мындан кийин Түмөнбай Колдошовду таланттуу жазуучу катары тааный турганбыз. Себеби сайтыбыздын почтасына жөнөткөн дагы бир нече аңгемелерине көз жүгүртүп отуруп, анын адабиятка болгон камылгасы да, даярдыгы да алда качан бышып жетилип калганын баамдадык.

Буга чейин албетте, Түмөнбайдын чыгармачылыгына күйөрман болуп жүргөндөр анын куйкум сөздүү оозеки аңгемечи, аскиячы экенин билер элек… Ал эми биздин колубузга тийген аңгемелери анын обончулук өнөрү атпай-журтка таанылган мезгилге чейин эле жазылган чыгармалар болуп чыкты.

Кыштын ызгаар күнүндө

АҢГЕМЕ

Кыштын кычыраган суук, ызгаардуу күндөрүнүн бири болчу. Теребелди жука ак кар басып алган. Дарактардын шагын ийип, бийик тоолордогу чеке, карагат, ыргай, ызырык ушуга окшогон өсүмдүктөрдүн бутагын жерге ийип жатат. Кышында мөмө байлаган даракка окшотуп, кар шактарды мажбур жүгүнтөт.

Кыштын ортосу болуп калган. Бул убакты «чилде» дейт.

— Мына бүгүн кырк күндүк чилде аяктайт, – деп аркы-берки сөздөрдөн сүйлөшүп олтурабыз. Баятан бери жаныбыздагы жашы отуз бештердеги Назырбек аттуу жигит үн катпай отура берди. Анын кесиби телемастер экен. Айылдагы телевизор, радио, телефонго окшогон нерселерди оңдойт. Ал шаардан биздин үйгө жакында эле келген. Качан болсо бетине китепти жакын кармап окуп олтурат.

Назырбектин мүнөзү түнт, оор басырык болчу. Бирөө менен чер жазыла күлгөнүн көргөнүм жок. Назырбек узун бойлуу, өңүнө жараша каш-кирпиктери, көздөрү да саргыч, чачы деле боёлгон чачка окшоп кара, жада калса куурчактын чачындай тармал. Бардык турпаты ошол өзүнүн түнт мүнөзүнө жарашкандай суроо берсең да ойлонуп жооп кайтарчу.

Бир күнү экөөбүз сыртта сүйлөшүп олтуруп, мен ага:

— Аскерге баргансызбы? – десем мени бир карап алып,

– Ооба, — деди да, негедир сырдуу күлүмсүрөп, — ээ иним, мен Ооган жергесинде согуш болгон жерде кызмат өтөгөм, – деп кашын өйдө серпип койду. — Анан кайдыгер гана улутунуп, – Сен иним, жакшы адам болом десең, арак ичпегин. Арак жолдон чыгарат, баарын бузат. Шишенин ичинде жөн гана турганы менен, адамдын ичинде туйлайт, кутурат, канкор-мыкаачы кылат, делбе кылат. Мен аракты мына ушундай деп билип калдым. Ошол арактын айынан жалгыз калгам, ошол арактын айынан аскерден кайтаар мезгилде камалып кеттим. Анткени аскерден кайтар мезгилде жакында кетебиз, ажырашабыз деп ичип, мас болдук. Анан мен командирге жолугуп келейин деген мастык кыял менен келатсам, жанымдан тааныш бирөө өтүп калды. Бурула калып, “ээй!” – десем чачымдан мыкчый кармап командирдин жардамчысы турат, – “Сага эмне керек” дейт. Мен эмне дээримди билбей: “Мага командир керек” десем, “Келатат командириң” деп тигиндейрээкте вертолёттон түшүп жаткан адамды көрсөтүп кетип калды. Анын командир экенин жазбай тааныдым. Ал катуу басып келатканда жүрөгүм шуу дей түштү. Бир командир көзүмө төртөө болуп көрүнүп, айтчу сөздөрдү унутуп да жибердим. Капысынан эле ал мен жакка эмес, сол тарапка бурулуп кетти. Ошондогу кубанганымды ай, толкундап жаш баладай энтигип вертолётту көздөй чуркадым. Жетип эшигин шарт эле ачсам ойдогудай эч ким жок. Отура калып ачкычты бурап, көзгө көрүнгөн кнопкаларды туш келди басып, ары-бери кылып жатып от алдырдым.

Күркүрөгөн добуш менен ары жактан кыйкырык тилдөөлөр угулуп, угулбай вертолёт ордунан козголду. Анча бийик көтөрүлбөй учуп баратты. Бирок мага улам-улам көтөрүлгөндөй сезилип, кандайдыр коркунуч бийлей баштады. Бийиктен вертолёттон авария болгондор көз алдыма элестеп, эми токтотуунун, ылдыйлатуунун жан аракетиндемин. Колумдун манжалары укмуштуудай титиреп, бирде анысын, бирде мунусун басып жатты. Аңгыча вертолёт жерге жакындап учуп калыптыр. Эч жакка карабай эле эшикти ачып секирдим. Шуулдап келип жерге түшкөндөй болдум, бирок дале токтоор эмесмин, суурулуп жылып баратам. Башым айланып, жер көчүп эңги-деңги болуп, айтор, келип жаткан жеримди карасам бир бийик эле жар боорунда экенмин. Вертолёт эсиме түштү. Күркүрөгөн зор неме учуп барып, мен түшкөн жардын ары жагындагы дарыядан өтүп, наржаккы беттеги жарга урунду. Чаң тозоңуна аралаш кур-шар, карс-курс, жаңырык коштоп кетти. Мен козголгон да жокмун, көзүмдү жумуп алдым. Окуяга күбө болгон көпчүлүк вертолётко ачынып жатышты. Ошол… ошентип колума кишен салдырдым да, – деп Назыр байке жылмайып койду.

Баятан бери эң эле кызык жомок уккандай болуп, дагы айтуусун каалап турдум. Күндүн кичине суугун, кылынчу иштеримди да унутуп:

– Анан эмне болду, ата-энеңиз барып сизден кабар алыштыбы? – деген суроом Назыр байкеге өтө, өтө эле оор тийди көрүнөт, бетинин түгү чыгып, каштары түктөйө үстөкө-үстөк чылым тартып, мени көпкө күттүрдү. Эмнеге суроо бердим экен, же башка сөздөн айтсамбы, же кечирим сурасамбы деп мен өзүмчө оңтойсуз абалда калдым.

Оо бир убакта:

– Эми ушунча болду баарын баштан айтайын. Сен кызыктың көрүнөт, — деп кайра күрсүнүп алды да: – Менден эч ким кабар албаган. Эч кимим да жок эле анда. Менин атам – Шакир, өзбек болчу. Ал аялы менен эки-үч жыл жашап ажырашып, өтө эле ичкич болуп кетиптир. Кийин бул жакка келип апама үйлөнөт экен. Ошентип, күндөр өтүп, атам бир мекемеде кароолчу болуп иштеп калып, таптакыр балдарына карабай араккеч болуп кетет.

Апам он эки баланын энеси. Турмуштун ары татаал, ары түйшүктүү тирилигин мойнуна алып, жалгыз өзү он бир уул, бир кызды багып жүргөн. Мен тогузунчу уул болчумун. Эң кичүүбүз кыз эле. Апам жумушчу болуп иштеп, тапкан акчасын бизге, балдарынын кара курсагы үчүн жумшачу… апам байкуш… — Назырдын жай салмактуу айтылып жаткан сөздөрү ушул жеринен дагы үзүлдү. Алысты, алыс жакты алсыз тиктеп, тээ тоолорго үмүтсүз тигилип, оо анчада күчтүү дем менен үшкүрүнүп алды да: – Апам байкуш аялдардын аялы, асылдардын асылы болчу. Анын көргөн жыргалынан тарткан азабы көп болду. Апакемдин маңдайындагы бар бактысы жүдөө, какоо, корунчаак балдары биз болчубуз. Өзүнүн ата-энеси, эки бир тууганы өз жергесинде бир эле күндө душмандар тарабынан атылып өлгөн экен. Апам чоң энеси менен болгондуктан ата-энесинен, бир туугандарынан ажырап, өзү аман калыптыр. Агасын, анан өтө эле сүйгүнчүк инисин айтып көп ыйлачу. Ошол балалыгындагы бактысыздыгы аздык кылгансып, ушул экинчи өмүрү да азапка айланган экен шордуунун. Эми гана агаларым апама кол кабыш этип, элдин катарына эми кошула баштаганыбызда атам эки эле күндүн биринде мас келип, апам менен чырдаша берчү. Апакемдин бутуна оролушуп, ызылдаган бизди да тоголото тээп, колуна тийсек кичинекей дебестен бурч-бурчка жабыштыра ыргытчу. Мас болбогон күндө да башка аталардай мээр деген таптакыр жок болчу. Биздин эмне жеп, эмне ичип жатканыбыз аны эч кызыктырчу эмес. Ошондуктанбы, айтор биз атамды ишинен келбей эле койсо деп тилечүбүз. Атакелеп жанына жакын да барчу эмеспиз. Ага апам “койгула ошол урса да соксо да атаңар. Атаңарды сыйлагыла, атаңа сал, атаңа бер, атаң ичсин-жесин” деп гана турар эле. Бирок апакемдин мындай мээримдүүлүгү атам тараптан таптакыр бааланган эмес. Анын ордуна сен акмак, сен желмогуз, сен, сен дагы, дагы ушундай сөздөрү эле көп болчу.

Ошол каргашалуу азапка айланган түнү да атам мас келген болчу. Үйдө мен кичүү инилерим жана апам отурганбыз. Агаларым киного кетишкен. Ошол күнү үйгө атам эмей аюу десемби, карышкыр десемби жок, андай да эмес, адам жегич канкор жырткыч киргендей элестетем азыр.

Апам шаша туруп алдына дасторкон жайып, жакшы тамагын узатты. А атам болсо үтүрөйө апамды көзүнүн үстү менен бизди карап коюп, тамак ичип жатты. Шаша тамактанып болуп, жаздыкка сүйөнө кетти. Көзүн жумуп бир аз жатып, кайра чочуган немедей жулунуп туруп:

– Ээ катын! – деди көзүнөн заарын чачып. Үстүндөгү көйнөгүн жакасынан кармап жырта баштады. Көйнөк ылдый карап тыр деп жыртылган сайын, атамдын төшүндөгү түктөрү кыймылдагандай сезилип жатты. Оозунан көбүк чачыратып, канталаган көздөрүн апама кадап, – Мага акча бересиңби, жокпу? – деп күңк этти. Апам бешенесин бырыштырып:

– Акча жок! Деги түшүнөсүңбү? Арак ичкенден көрө тиги балдарыңа бир нерсе ала келсең болбойбу?! – деп күйүнө кетти.

– Мен адамча сураганда бербесең ит аткандай атып салам сени! – деп карындашымды эмизип олтурган апама сөөмөй кезеп сырткы үйгө атып чыкты.

Чоң атам мергенчи болгон экен. Бизге калтырып кеткен мылтыгы өмүр бою ошол үйдүн төрүндө илинүү турчу. Бир убакта сырткы үйдөн атам келип мылтыкты апама карай мээлеп:

– Акчаң барбы же жокпу, аа? – деп сурап жатты. Чамасы атам ок жок деп ойлодубу? Же билбейм, айтор капысынан эле “тарс!” эткен эң заардуу добуш менен апакемдин аянычтуу чаңырыгы удаа жаңырды.

Акыркы перзентин эмизип бейкапар эле атпайт ко, жөн эле коркутуп жатат деген ойдо олтурган апамдын ак жоогазын гүлдүү көйнөгүн заматта оргуштаган кан каптап калды. Алактаган кызыл көздөрү менен ызы-чуу түшкөн бизди бир, капкара сулуу көздөрүн жашылдантып жаткан апамды бир караган атам, мылтыкты тарс экиге бөлүп койнуна катып терезени тээп, дүп этип түштү да жок болду.

Биздин апакелеп чыңырып жатканыбызга ачынгандай, өң алеттен кеткен апам эрдин кесе тиштеди. Сыягы ок апамдын төшүнүн оң капталына тийгендей. Эки колу шалдайып, мага акырын бурула карап: “Карындашыңды ал, жак-жакшылап кара…” – деп шыбырады. Мен эч кыймылсыз, үнсүз канга боёлгон карындашымды апамдын төшүнөн алаар замат аманаттан кутулгандай чалкалай кетти.

Биздин чуудан улам кошуналар чогулуп, көп өтпөй оорууканага алып кетишти. Апам менен карындашымды алып кеткен тез жардам машинанын жарыгын узата карап кала бердик. Томсоруп, ээн, ары сүрдүү үйдө биз калдык. Кошуналар сыртта жүрүштү, өздөрүнчө күбүрөп-шыбырашып ачынышып, аянышып. Ансайын биздин жүрөк, боорубуз эзилип, бардыгыбыздын тең оюбуз апам менен карындашым аман эле болсочу, тирүү эле келсе экен деген тилек жүзүбүздөн окулуп турду.

Таң агарып калганда кайрадан ызы-чуу башталды. Опур-топур ызылдаган агаларым, эл кайра апамды алып келишти. Ошондон кийин мен апамды да, карындашымды да көрө алган жокмун. Атамды болсо эки күндөн кийин бирөөнүн пилорамасы турган жерге мышыктай бекинип кыпындынын үстүндө жаткан жеринен кармашыптыр. Ошол төрт-беш күн бизге ажырашуучу күндөр экен. Ошол окуядан кийин бизди, бардыгыбызды машинага салып туш-тушка балдар үйүнө алып барып ташташты. Жалгыз гана апакеме таянып жүргөн биз ошентип биринчи апабызды, анан кала берсе бири-бирибизден түштөгүдөй ажырашып кала бердик.

Кайрадан чылым тутанткан Назырбек ой туманына сүңгүгөндөй болду. Кер сары өңүн бырыштырып, көздөрүн жүлжүйтө:

– Мен үчүн ошол жылдар, ошол айлар, айтор кеч күз болчу. Ошол мезгил бир шумдуктуу кара түн сыяктуу. Айтып сөз, жиркип наалат жеткизе албайм, ошол коогалуу күнгө. Алтындай эч табылгыс жаркын апабыздан, кала берсе бир туугандар… бардыгына бир гана атам айыптуубу же аракпы, билбейм… балким маңдайга жазылган чыгар…

Эми ушул өмүрүмө да каниет кылам. Азыр төрт балам бар. Мен үчүн ошолор бакыт. Бир кызым карындашыма өтө окшоштой сезилет. Окшосун, окшой берсин, ылайым өмүрлүү, бактылуу болсунчу. Агаларым, инилерим да мендей болуп кайсы бир жерлерде жүргөндүр. Мейли, кайда болушса да бар болушсун…

Назырбек эмнегедир жеңил үшкүрүнүү менен сөзүн бүтүрдү. Анын аңгемесинин соңун күтүп эле тургандай акырын бириндеп кар жаай баштады.

 

5 Replies to “Түмөнбай Колдошовдун адабият астанасын аттагандагы алгачкы аңгемеси  ”

  1. Таланттуу адам кай жагынан болбосун өзүнүн ким экенин көрсөтөт деген мына!

  2. төгөрөгү төп келген талант экен. Обондорун жаратып эле жүрсө дечүлөр болушу мүмкүн. бирок проза тармагында да өзүн талант катары көрсөтө берсин

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.