Цыган эл жомогу: Токойчунун белеги

Цыган кыздын апасы өлүп калып, ал апасын ойлогон сайын буркурап боздойт. Бир мерте аны тай эжеси щавель[1] терип келүүгө токойго жөнөтөт. Кыз жолдо баратып, апасын эстеп ыйлайт: – Жаным апа, сенсиз кантип жашайм? Кантип?.. Күтүүсүздөн бирөөнүн колу ийинине тийгендей болот арттан. Кылчайып, жүрөгү шуу дейт. Маңдайында сакалы аппак, көйнөгү узун, белин кендир жипке жууп алган зор денелүү карыя турат. Анын колдорун түктүү жүн басып кетиптир. Карыя кызга айтат: – Коркпо менден. Ыйлаба. Апаңдын жанын кыйнайсың. Сенин ыйыңды басууга, мынабул ташты […]

Жумагүл Барктабасова: Кичинекей фронтовиктер

АҢГЕМЕ Улуу Ата Мекендик согуш жылдары. Эл ачарчылыкка, тартышчылыкка кабылганы аз келгенсип, жакындарынан ажырап кан жутуп турган кез. Ошондой жылдардын биринде көл жээгиндеги кичинекей айылдагы бир нече үй-бүлө катары менен кара кагаз алып боздоп калышты. Биринин атасы, биринин баласы, биринин агасы окко учканы тууралуу кабар келди. Аялдардын “кокуйлап” ыйлаган үнүн угуп тура албайсың. Согуштун азабы жанга батып, бул балакеттүү күндөр качан бүтөт деп аны каргаган эле киши. Бирок, кеч киргенде айылда башка ызы-чуу башталды. Айылдан 9-10 жаштагы алты бала жоголду. […]

ЖЫЛДЫЗЧА: Миклухо-Маклай жана Расул Гамзатов

Папуастардын тилин үйрөнгөн саякатчы Николай Николаевич Миклухо-Маклай (1846-1888) Жаңы Гвинеянын түндүк-чыгышына алгачкы экспедицияга барат. Барганда, таш доорунун деңгээлинде жашаган папуастар найзалары, 1 метрден ашкан жебелери бар жаалары менен тосуп алышкан. Албетте, саякатчы алгач алардан амалдуулук менен кутулган. Бара-бара Миклухо-Маклай алардын дилин тартып, тилин өздөштүрө баштаган. Папуастардын тилинде сүйлөй баштаган саякатчыга жергиликтүү эл ыраазычылыгын билгизип, жылуу мамиле кыла башташат. Айрымдары достошууга кол сунат. Алардын кыштагынан жарым сааттык алыстыкта жашап турган саякатчыга кокос, банан, тооктун этин ж.б. алып келип тартуулап турушкан. Ошентип, […]

Калыс Кенжебаев: Кайырчы

АҢГЕМЕ Күндөн күнгө суук күч алып барат. Шаардагы кыштын кыш болгону курусун: бирде күн жылымдап, жер ала-шалбырт боло түшөт дале, түндөсү аны ызгаар мелтирете тоңдуруп салат да, ошол калыпта жумалап жатканы жаткан. Мындай тоңголокто такалуу атка да оңой эмес. А адам оңой эле сөөгүнө сынык жасап алышы мүмкүн. Ар күнү жумуштан чыкканы үйгө жеткенге чейин дал ушул ойлорду ойлоп, наалыйм. Бул менин күнүмдүк жашоомдун бир бөлүгү болуп калган сымал. Меникиндей жашоосу бар адамдарды тажатма адам деп коюшат. Деги эле жашоом […]