Цыган кыздын апасы өлүп калып, ал апасын ойлогон сайын буркурап боздойт. Бир мерте аны тай эжеси щавель[1] терип келүүгө токойго жөнөтөт.

Кыз жолдо баратып, апасын эстеп ыйлайт:

– Жаным апа, сенсиз кантип жашайм? Кантип?..

Күтүүсүздөн бирөөнүн колу ийинине тийгендей болот арттан. Кылчайып, жүрөгү шуу дейт. Маңдайында сакалы аппак, көйнөгү узун, белин кендир жипке жууп алган зор денелүү карыя турат. Анын колдорун түктүү жүн басып кетиптир. Карыя кызга айтат:

– Коркпо менден. Ыйлаба. Апаңдын жанын кыйнайсың. Сенин ыйыңды басууга, мынабул ташты берем. Жөн таш эмес бул, сыйкырдуу таш. Муну тиктеп турсаң, кайгың дароо унутулат.

Кыз тызылдаган бойдон үйүнө качып жөнөйт. Буту үзүлгөнчө жүгүрүп баратып кулап, уктап калат. Үч күн былк этпей уктайт. Төртүнчү күнү ойгонсо – эсинде эч нерсе жок. Уучун ачса, алаканында бир укмуштуу жылмакай таш бар экен, жарыкка да кубулуп турма. Аны көргөн кыз кайгы-муңдун баарын ошол замат унутчу болуптур.

Которгон Олжобай ШАКИР

[1] Щавель – тамак-ашка колдонулган чөп.

One Reply to “Цыган эл жомогу: Токойчунун белеги”

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.