Папуастардын тилин үйрөнгөн саякатчы

Николай Николаевич Миклухо-Маклай (1846-1888) Жаңы Гвинеянын түндүк-чыгышына алгачкы экспедицияга барат. Барганда, таш доорунун деңгээлинде жашаган папуастар найзалары, 1 метрден ашкан жебелери бар жаалары менен тосуп алышкан. Албетте, саякатчы алгач алардан амалдуулук менен кутулган.

Бара-бара Миклухо-Маклай алардын дилин тартып, тилин өздөштүрө баштаган. Папуастардын тилинде сүйлөй баштаган саякатчыга жергиликтүү эл ыраазычылыгын билгизип, жылуу мамиле кыла башташат. Айрымдары достошууга кол сунат. Алардын кыштагынан жарым сааттык алыстыкта жашап турган саякатчыга кокос, банан, тооктун этин ж.б. алып келип тартуулап турушкан.

Ошентип, Миклухо-Маклай Петербургга келип-кетип 3 жолу папуастардын арасына барып, жашап, тилин-дилин толук өздөштүргөн. Андан кийин гана алардын үрп-адаттарын, жашоо-турмуштарын изилдегенге киришкен. Саякатчы алар менен коштошуп, Мекенине жөнөгөн сайын, алар дагы кайрылып келүүсүн суранышып, көз жаш менен узатып турушкан.

Папуастардын тилин үйрөнүп, орус элинин өзгөчөлүгүн, жөнөкөйлүгүн көргөзүп келген Миклухо-Маклайга улуу жазуучу Лев Толстой ыраазы болуп, мына мындай кат жазган экен: «Билишиме караганда, адам баласы бардык жерде бирдей, башкача айтканда, ал мээримдүү мамилечил жан экенин, аны менен замбирек, арак аркылуу эмес, жакшылык, чындык аркылуу гана мамиле түзүүгө мүмкүн жана тийиш экендигин иш жүзүндө биринчи ирет сиз — чыныгы баатырдык менен далилдегениңиз менин жүрөгүмдү элжиретет жана кубандырат».

Николай Николаевич Миклухо-Маклай, антрополог, этнограф жана саякатчы

Миклухо-Маклай папуастардын тилин коркконунан үйрөнгөн эмес! Алардын берген тамактарынан же саго, банан, бамбук дарактарынан мурун — тилин сыйлаган! Тилин сыйлаганы — жергиликтүү элди сыйлаганы!

Биздечи? Бизде…

Бүгүнкү күндөгү эле, эгемендүү кыргыз элибиз ошол кездеги үймөктөй папуастарча жокпузбу??? Өзүбүздүн кооз жерибиз, мамлекеттүүлүгүбүз, кылымдарды карыткан кыргыз тилибиз болсо да так Өз Мекенинде — Өз Тилибиз кор болууда… «Мекендеш» аталган мейман калктар элибиздин бир топ пайызын түзсө да, кыргыз тилинде сүйлөмөк түгүл, уккулары жок… Бирин-серин кыргыз тилинде сүйлөгөндөрүн даңктап жатып калабыз.

Чындыгын айтканда, ал «даңктообуз» айласыздан болуп жаткандай… Керек болсо!.. Алакандай жерибиздин (топурагыбыздын) үстүндө, асманыбыздын алдында, суу, тузубуздун жанында эле — ата-жотосунан бери жашап келаткан арабыздагы башка улуттагы «мекендештер» өзүнүн адамдык абийри үчүн да кыргыз тилин билиши керек эле…

Аргасыздан, кайрадан Гамзатовду эстейсиң…

Союздук, Автономиялуу Республикалар болуп, улуттук тилдер 2-орунда турган кездерде… Дагестан Автономиялуу Республикасынын акыны Расул Гамзатов коркпостон, өзүнүн авар тили жөнүндө күйүп-быша ыр жазып, басма сөздөргө жарыялап, китептерине чыгарып салган! Бир жолу, «кичинекей элдин акыны баары бир кичинекей болуп калат» — деп бир жакын санаалаш адамым айтып калды. Ошондо, мен макул болгон эмесмин. Гамзатов акыл-эсимде турган… Жүрөгү тоодой, намысы тоодон да бийик Расул Гамзатовдун авар тили жөнүндөгү ыры (Качкынбай Артыкбаевдин котормосунда):

Бир шумдуктар кирет экен бул түшкө,
Бир жолу мен түшүмдө өлүп жатыпмын.
Дагестандын өрөөнүндө чак түштө,
Ок жаңылып эч кыймылсыз катыпмын.

Уч-кыйрына көз жетпестей ченемсиз
Өзөндө суу окторулат куланып,
А мен анда болгон өңдүү керексиз
Жер болууга даяр жаттым суналып.

Эч ким туюп өлгөнүмдү билбеди,
Бир дагы адам коштошууга келбеди.
Жалгыз гана элик онтоп көк жондон,
Бүркүт шаңшып көктө канат сермеди.

Дос-тууганым, алган жарым, энекем
Мага казган көр жанында көрүнбөйт,
«Толукшуган чагында өлүп берекем
Томсортту» — деп көз жаштары төгүлбөйт.

Мына ошентип жалгыз өлүп жаттым мен.
Ал аңгыча мага жакын бир жерден
Эки авар баратышты сүйлөшүп,
Өзүм билген, сүйгөн эне тил менен.

Кепке калчап митаамдыгын Гасандын,
Кылыктарын санап Али дегендин.
Маектешти а мен өлүп жатамын
Кызылы өчүп, ысыгы жок денемдин.

Анан кызык… Ошол сүйкүм добуштар
Бой балкытып денеме жан киргизди.
Врач, бакшы даба болбой, болушаар
Эне тилим өзү мени тиргизди.

Баардык тилде касиет бар ойлонсо,
Өз тилимде, бирок, обон саламын.
Эртең тилим жок болору чын болсо —
Анда бүгүн жан кыюуга даярмын.

Эне тилге жаным курман баштатан,
Жарды тил деп айтса мейли, арданбайм.
Ассамблейде сүйлөнбөстүр эч качан,
Бирок мага улуу экенин тана албайм.

Түшүнөм деп акын Махмуд ырларын
Менин уулум котормодон окуйбу?
Аварча ырдап, жазган жазуучулардын
Арты мен деп чындап көөнүм чочуйбу?

Жашоо-өмүр, планетти сүйөмүн
Жерлер көп бейм мен таанышып бүтпөгөн.
Советтердин өлкөсү дейт жүрөгүм
Аны аварча ырдадым бүт күч менен.

Мага кымбат уч-кыйры жок мекеним
Балтикадан Сахалинге созулат.
Ар бурчу үчүн жанды курман этемин,
Бирок сөөгүм туулган жерге коюлат.

Ал анткени Цададагы Гамзаттын
Ордун баскан Расул деп эскерип,
Жердештерим сөзүн сүйлөп авардын
Турушмакчы бейитиме тез келип…
25-апрель. 2005-жыл.

3 Replies to “ЖЫЛДЫЗЧА: Миклухо-Маклай жана Расул Гамзатов”

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.