(Басылып чыкпаган чыгарманын кириш сөзү)

I

Мени чокундурушкан жана православие дининде тарбиялангам. Мага анын окууларын кичинекей бала кезимде, өспүрүм кезимде анан жаш улан кезимде да окутуп келишти. Бирок, мен 18 жашымда, университеттин экинчи курсун аяктап чыкканда, мага ушул убакытка чейин кулагыма куюп окутуп келаткан нерселердин бирине да ишенбей калдым. Кээ бир эскерүүлөргө караганда, мен бала кезимден эле чоңдор мага үйрөтүп жаткан нерселерге ишенимим анча бекем болбоптур, алардын айткандарына анча деле маани берчү эмес экенмин.

Он бир жашка чыкканымда, көп жыл мурун өлүп калган гимназияда окуган Володия М., дем алыш күнү келип, гимназиядагы акыркы жаңылыкты бизге ачылыш катары айтып бергени эсимде. Анын ачылышынын мааниси мындай экен: кудай жок, бизге жок нерсени окутуп, башыбызды оорутуп жүрүшүптүр (бул 1838-жыл болчу). Бул жаңылыкка кызыгышкан бизден улуу байкелер мени да кеңешке чакырышкан эле. Биз бул жаңылыкты чоң кызыгуу менен кабыл алганбыз, бизге анын чындыгы бардай көрүнгөн.

Дагы эсимде калганы, менин улуу агам Дмитрий университетте окуп жүрүп, өзүнө тиешелүү ышкыбоздугу менен динге баш оту менен кирип, чиркөөдөн калбай анын бардык талаптарын так аткарып, такыба өмүр сүрө баштаган болчу, ошондо биз эле эмес, чоңдор да аны шылдыңдап күлүп, ага эмнегедир Ной деген каймана ат коюп алганбыз. Казан университетинин тарбиячысы Мусин-Пушкин бизди үйүнө бийге чакырып, андан баш тарткандарга тамашалап, сен эмес Давид Нойдун кемесинин жанында бийлеген деп калаар эле.

Ошол кездеги чоңдордун ушул сыяктуу сөздөрүнө ичимден кошулуп, дин китептерин окуш керек, чиркөөгө барыш керек, бирок динге өтө берилип кетпеш керек деген өзүмдүн тыянагымды чыгарып алдым. Өтө жаш кезимде Вольтерди окугам, анын келекелери мени кыжырдантчу эмес, тескерисинче, көңүлүмдү ачар эле. Динден алыстай башташым, азыркы учурда деле билимди мен сыяктуу кабыл алышкан адамдар, динди таштап кетип жатышкан сыяктуу болгон. Бул менин оюмча көпчүлүк учурларда мындайча болот: адамдар тегерегиндеги башка адамдар менен бирдей шарттарда жашашат; ал эми алар диндин окуулары менен эч качан байланышпаган, көпчүлүк учурларда ага карама-каршы көз караштарды карманышат; дин окуулары алардын күндөлүк турмушунда колдонулбайт, жана адамдардын бири-бири менен мамилесинде байкалбайт; жеке жашоодо да анын таасирин сезбейсиң; дин окуулары тээ сыртта, адамдардын жашоосунан тышкары жүрөт; ага жашоого байланышпаган, сырттагы кубулушка мамиле кылгансып, мамиле кыласың.

Азыр деле, мурда деле адамдын жүргөн-турганынан, кылган ишинен анын динге ишенер ишенбесин биле албайсың. Православие динин кармагандар менен ага каршы адамдардын айырмасын карасаң, анда биринчилердин пайдасына чечилбейт. Азыр деле, мурда деле аябай берилип православие динин кармап, өзүн такыбамын деп жүргөндөрдүн көпчүлүгү баштары иштебеген, мээримсиз жана бузуку, өздөрүн кишиге теңебеген текебер адамдар болушкан. Акылмандык, чынчылдык, түз айтып, түз жүрүү, ак көңүлдүк менен ак ниеттүүлүк адатта динге ишенбегендердин сапаты.

Мектептерде дин окууларын окутушат да окуучуларды чиркөөгө жөнөтүшөт; чиновниктерден чиркөөнүн ырым-жырымдарына катышуусун талап кылышат. Бирок, биздин чөйрөбүздөгү окубаган жана мамлекеттик кызматтарда иштебеген адамдар, азыр деле, мурда болсо андан бетер, он жылдар бою бир да жолу христиандардын арасында жашап жатканын жана өзүнүн ошол православие дининде экенин эстебестен жүрө беришет. Ошентип мурда деле, эми деле өз ишеними жана сырттан болгон басым менен кабыл алынган дин окуусу, ага карама-каршы келген билимдин жана жашоо тажырыйбасынын таасири менен акырындап жок болот. Ал эми адам баштагыдай эле, өзүн бала кезинен бери окутушкан диндин изи калбаса да, ал диндин өкүлүмүн деп ойлойт.

Мага С. аттуу акылдуу жана чынчыл адам кантип динге деген ишенимден кеткенин айтып берген. Жыйырма алты жаштар курагында, мергенчиликке барган жерде, бала кезден келаткан адаты боюнча кечинде сыйына баштайт. Чогуу жүргөн агасы чөптүн үстүнө жатып алып, аны карап жаткан. Качан С. өзүнүн сыйынуусун бүтүп, жатууга камданганда агасы сурап калат: “А сен дагы эле муну таштай элексиңби?” Андан кийин алар унчукпай жатып калышты. Ошондон бери, отуз жыл өттү, ал андан кийин бир жолу да сыйынган жок, чиркөөгө да барган жок. Ал агасынын динге ишенбестигин билгени үчүн ага кошулгусу келгенинен, же болбосо анын өзүнүн ишенимин өзгөртүүнү каалаганынан улам эмес, болгону агасынын суроосу кулаганы турган дубалды сөөмөй менен түртүп жиберген сыяктуу бир түрткү болгон; анын суроосу ишеним бар деп жүргөн жерде эч нерсе жок боштук экенин, анын сыйынганы, мойнуна тагынган крестери, башын ийип жүгүнгөндөрү эч мааниси жок аракеттер экендигин көргөзгөн белги болгон. Анын маанисиз экенин билгенден кийин, аны улантыштын кажети жок болуп калган. Көп кишилерде ушундай болгон жана боло бермекчи.

Мен өзүнө-өзү калп айтпаган чынчыл, биздин чөйрөдөгү адамдар жөнүндө айтып жатам, ал эми динди өз максаттарына жетүүнүн куралын айлантып алган адамдар жөнүндө сөз башка (мындай адамдар даана динсиздер, анткени өз максаттарына жетүү үчүн пайдаланылган дин – ал дин эмес). Биздин чөйрөдөгү адамдардын абалы азыр мындай абалда: билимдин жана жашоо нурунун күчү жасалма имаратты кулатты, жана аны байкагандар анын ордун тазалашты, же болбосо азырынча анын ураганын алигиче көрө электери бар.

Бала кезден бери мага сиңирилип келген дин башка адамдардыкы сыяктуу эле менде да жок болду, айырмасы өтө жаш кезимден көп окуп, көп ойлонгондуктан динден кетүүм эрте жана өз эрким менен болду. Он алты жашымдан тартып, чиркөөгө барганды токтоттум жана анын ырым-жырымдарын жасабай калдым. Мени бала кезден бери окуткан нерселерге ишенбей калдым, бирок бир нерсеге баары бир ишенчүмүн. Ишенчүмүн, бирок эмнеге ишенеримди айта алчу эмесмин. Кудайга ишенчүмүн, тактап айтсам, анын бар экенин танган жокмун, бирок кайсы кудайга ишенеримди билчү эмесмин; мен Христоско да, анын окууусуна да каршы чыккан жокмун, бирок анын окуусунун маанисин түшүнө албадым. Азыр ошол кездерди эстесем даана көрчү болдум: менин ишенимим,— жаныбарларга тиешелүү инстинкттен тышкары, менин жашоомду алдыга тарткан,— жапжалгыз ишенимим өзүмдү өстүрүү болуптур. Бирок, ал эмне болгон өсүү, эмнени өстүрүү, анын максаты эмне аны толук айта албайм.

Мен акыл-эс жагынан өсүүгө аракеттендим, – колдон келишинче жашоо алпарып урунткан нерселерди окуп үйрөндүм; эркимди чыңагым келди, – өзүмө эрежелерди түзүп алып, аны сактоого аракеттендим; денемди тың алып жүргүм келди, – өзүмө көп чектөөлөрдү киргизип, ар кандай көнүгүүлөрдү жасап, шамдагайлыкка жана чыдамкайлыкка үйрөндүм. Мына ушуларды өзүмдү өстүрүү деп эсептедим. Албетте, эң башында максатым сөзсүз адеп-аклактык жактан өсүү болчу, бирок, ал жалпы өсүү менен алмашылды, башкача айтканда, өзүм үчүн да, кудай үчүн да өсүү эмес, айланамдагы адамдарга жакшы көрүнүүнү кааладым. Андан көп өтпөй баарынан жакшы көрүнүүгө болгон аракет, баарынан күчтүү болууга, же башкача айтканда баарынан бай, баарынан атактуу болууну саматты.

II

Качандыр бир кездерде өз турмушум жөнүндө, — ошол эт-жүрөктү элжиреткен  жана үлгү болорлук жаштыгымдын он жылы тууралуу айтып берем. Менин оюмча, мындай нерсени бардык эле адамдар башынан өткөрсө керек. Мен жан-дилим менен жакшы адам болууну каалагам; бирок, жаш болчумун, менде ышкыбоздук бар эле, ошол кезде жакшылыкка умтулган жаш адам элем. Дайыма көңүлүмдүн тереңиндеги нерсени: адеп-аклактуу болууну каалаганымды көрсөткүм келгенде, жек көрүүлөр менен шылдыңдоолорго кабылчумун; а качан терс сапаттарымды көрүшкөндө мактап-жактап, кубаттап эле жатып калышчу. Атак-даңкты, бийликти сүйүү, дүнүйөкордук, кур намыс, өч алуу, — бул сезимдер колдоого алынчу. Бул сезимдерге жеңдирип жиберген учурларымда көпчүлүк адамдарга жакканымды сезчүмүн. Мен үйүндө жашап жүргөн ак көңүл, жан-дүйнөсү тунук тай эжем, дайыма күйөөдөгү аял менен байланыш түзүшүмдү аябай каалар эле: «Rien ne forme un jeune homme comme une liaison avec unt femme comme il faut» (жаш адамды абийирдүү аял калыптандыргандай, эч ким калыптандыра албайт); — дечү ал. Андан башка дагы ал менин адъютант, болгондо да падышанын өзүнүн адъютанты болушумду; бай кызга үйлөнүп, ошонун аркасында көп кулдарга ээ болушумду каалар эле.

Ал жылдарды жийиркенүү жана жүрөк оорусуз эстей албайм. Согушка катышып, адам өлтүрдүм, өлтүрүш үчүн дуэлдерге чыктым, карта ойноп уттурдум, дыйкандардын эмгегин жедим, аларды жазаладым, алдадым. Калп айтуу, уурулук кылуу, аракечтик, зордук кылуу, киши өлтүрүү… Мен жасабаган кылмыштуу иштер калган жок, ошол кылгандарым баарына жакчу, мактоого алышчу, теңтуштарым адеп-аклактуу адам катары көрүшчү, алар дагы эле ошондой ойлошот.

Ошентип он жыл жашадым.

Атак-даңкка, дүнүйкорлук менен кур намыстуулукка азгырылып бир нерселерди чиймелеп жаза баштадым. Чыгармаларымда жашоодо эмнени кылсам, ошону жаздым. Даңкка жана чоң акчага жетиш үчүн жакшы нерселерди жашырып, жаман иштерди даңазалап жазуу керек эле. Мен дал ошондой кылдым. Канча жолу көңүл коштуктун, кээ бир учурларда мыскылдын артына менин жашоомдун маңызын түзгөн жакшылыкка умтулуумду жашырганымды айта албайм. Мен каалаганыма жеттим: мен мактоонун үстүндө болдум.

Жыйырма алты жашымда согуштан кийин Петербургга келип, жазуучулар менен аралаштым. Мени өз адамдарындай кабыл алышты, кошомат кылышты. Өзүм байкабай эле алардын таптык-жазуучулук көз караштарын кабыл алып, өзүмдүн башындагы өсүп-өнүгүүмө болгон умтулуумду тебелеп-тепсеп жок кыла баштадым.

Бузулган жашоо, ал жашоону актаган, өзүнө жараша көз караштагы теорияны пайда кылат. Менин калемдештеримдин турмушка болгон көз караштары мындай эле: жашоо бир ордуна турбай өсүп бара жатат, бул өсүүдө биз, коомдун ойлонуучу, алдыңкы бөлүгү, сүрөтчүлөр, жазуучулар, негизги катышуучулар болобуз. Биздин көздөгөн максатыбыз — адамдардын көзүн ачып окутуу.

Мына ушул табигий өнүгүш колдоосуз, чачыранды жүрбөсү үчүн, – менин билгеним эмне, жана эмнени окутушум керектигинин, – бул теориянын негизинде, билиштин кажети жок, а сүрөтчүлөр менен жазуучулар акылга салбай эле окута беришет. Мен мыкты сүрөткер, акындардын катарында элем, ошондуктан бул теорияны өздөштүрүш жөнөкөй нерсе эле. Мен — сүрөткер, акын — эмнеге жазганымды, эмнени окутуп жатканымды өзүм да билчү эмесмин. Мага ал эмгегим үчүн жакшы төлөп беришчү, менин жей турган ашым, эс алуучу бөлмөм, аялдар, коомдо атак-даңкым бар эле. Демек, мен аябай жакшы нерсеге үйрөтүп жүрүптүрмүн.

Поэзиянын күчүнө жана анын жашоонун өнүгүшүнө тийгизкен таасирине ишенүү бул өзүнчө ишеним эле, мен ошол ишенимди жан-дили менен турмушка ашыруучу кечилдеринин бири элем. Кечил болуу пайдалуу жана жагымдуу болчу. Бул ишенимде, анын чындыгына шек кылбай бир топ жылдар болдум. Бирок, экинчи, өзгөчө үчүнчү жылы бул ишенимге да шек саноолорум күчөп, аны чар тараптан изилдей баштадым. Шек саноомдун биринчи себеби, бул ишенимдин кечилдери ар дайым эле бири-бири менен макул боло бербегендиктери болду. Алардын кээ бирлери: биз — эң мыкты жана пайдалуу мугалимдербиз, биз эң керектүү нерселерди үйрөтөбүз дешсе, башкалары аларга макул эмес эле. Башкалары: жок, силер эмес, мына биз чыныгыбыз, силер туура эмес нерселерди окутуп жатасыңар дешип, анан эки тарап болуп алышып бири-бирин сөгүшүп, ушакташып, алдашып, бири-бирине тузак тартышып жаткандарын көрүп турдум. Андан тышкары, алардын ортолорунда, алардын кимисиники туура, кимисиники туура эмес экендиги менен иштери жок, биздин өнөрүбүз менен өздөрүнүн арсыз максаттарына жетүүнү көздөп жүргөн адамдар да бар эле. Ушул нерселер биздин ишенимибиздин чындыгына шектенүүмдү жараткан болчу.

Жазуучулардын жалпы ишенимине шектене баштаганда, анын кечилдерине көңүлүмдү бура баштадым, жана алар,– жазуучулар баштан аяк бузуку, айбан мүнөздүү адамдар экендигине, менин мурдагы согуш жылдарындагы гүүлдөп өткөзкөн жашоомдо жолуктурган адамдардан бир топ ылдый турушарына, – бирок, ошого карабай өздөрүн башка адамдардан, ыйык адамдар же болбосо ыйыктык эмне экенин билбеген адамдар гана сезишкен сыяктуу, өздөрүн өтө бийик сезишип, ал абалдарынан ыракат алышарына көзүм жетти. Бул адамдар аябай тажатып жиберди, өзүмдөн өзүм да тажай баштадым, ошондо, — бул жалган ишеним экенин түшүндүм. Бирок кызыгы, бул ишенимдин жалган ишеним экендигине көзүм жетип, андан четтегеним менен, ал адамдар тарабынан берилген даражасынан,— сүрөткер, акын-жазуучу, мугалим деген атагынан баш тарта алган жокмун. Мен — акынмын, сүрөткермин, ошондуктан элдин баарын өзүм билбеген нерселерге окута берсем болот деп дагы эле турмушта кагылбаган, эрке тажырыйбассыздыгыма салып ойлоп, окутуп да жүрдүм. Бул адамдар менен жакын болуп жүрүп дагы бир чоң кемчилдиктин ээси болдум, бул кемчилик, — жөнөкөй адамдарды теңсинбеген текеберчилик жана өзүм билбей туруп башкаларды окута алам деген жинди кыял эле.

Азыр ал кездерди, ошол кездердеги маанайымды, жана тигил кишилердин маанайларын эстесем (андай адамдар азыр да миңдеп жүрүшөт), мага өкүнүчтүү да, коркунучтуу да жана күлкүлүү да эле, – бул сезимдердин мындай жыйындысын жиндиканадан гана көрө аласың. Ал кезде көбүртүп-жабыртып сүйлөп, жазып бүтүп, сыясы кургай электе басмадан тез чыгарганыбыз канчалык көп болсо, адамзаттын өнүгүшүнө ошончолук чоң салым кошорубузга бекем ишенчүбүз. Биздей болгон миңдеген адамдар бири-бирин сындап, бири-бирин тилдешкенин коюшпай, жазып да, аны китеп кылып чыгарганга үлгүрүшүп, бири-бирине акыл үйрөтүп жатышкан.

Жашоонун эң жөнөкөй суроосуна да оңой менен түшүнбөй турганыбызды өзүбүз да байкабайбыз: эмне жакшы, эмне жаман экенин – биз билбейбиз, баарыбыз, бири-бирибизди укпай бир эле маалда баарыбыз кыйкырып, кээде бири-бирибизди мактап, кээде бири-бирибизге кыйкырышып калабыз, — кадимки эле жиндиканадагыдай. Миңдеген кишилер күнү-түнү акыркы күчтөрүн жумшап иштешип миллиондогон сөздөрү теришип, басып чыгарып жатышты, почта аны Россиянын бардык аймактарына таркатчу, а биз окута бердик, окута бердик, бардык нерселерге үйрөтүп үлгүрө алган жокпуз, ал тургай бизди укпай жатышат деп таарындык.

Аябагандай кызык, бирок, аны эми түшүндүм. Биздин чыныгы оюбуз, мүмкүн болушунча көп акча таап, мактоолорго татыктуу болуу экен. Ал максатыбызга жетиш үчүн гезит менен китеп чыгаргандан башка эч нерсе билчү эмеспиз. Анан ошону кылчубуз. Бирок, ушундай эч пайдасыз ишти жасап жатканыбыз менен, ошол эле убакта маанилүү адам экенибизди далилдей ала турган, биздин бул ишти эмне үчүн жасап жүргөнүбүздү түшүндүргүдөй бир ой жоруулар керек эле. Анан биз мындай деп ойлоп тапканбыз: бул дүйнөдө эмне болсо, бардыгынын орду бар, бардыгы керектүү нерселер. Керектүү нерсенин бардыгы көбөйүп, өсүшү керек. Өсүүнү билим берүү менен камсыз кылынат. Билим берүү китептер менен гезиттердин чыгышына түздөн-түз байланыштуу. А бизге дал ошол китеп, гезиттерди жазганыбыз үчүн акча төлөшөт жана сыйлашат. Ошондуктан биз,— коомго эң керектүү жана мыкты адамдарбыз.

Бул ой менен бардыгы макул болсо абдан жакшы болмок; бирок ар бир айтылган ойго, дайыма карама-каршы айтылган ой болорун билесиңер да. Бул бизди ойго салыш керек эле, бирок биз андай эч нерсе байкаган жокпуз. Биздин партиядагылар мактап жана акча төлөп берип жатышкан,— демек, ар кимибиз өзүбүздүкүн туура деп ойлочубуз. Эми мага жиндикана менен эч айырма болбогону айдан-ачык болду; ошондо эле менде чыныгы жиндилер сыяктуу эле,— биз өзүбүздөн башкаларды жинди катары көрөбүз го, деген шектенүүлөрүм пайда болгон.

Салижан Жигитов: Көркөм сөздүн шаасы

III

Ушул алаңгазар дүйнөдө, үйлөнгүчө дагы алты жыл жашадым. Ошол убактарда чет өлкөлөрдө жашап жүрдүм. Европадагы жашоо, Европадагы алдыңкы көз караштарды карманышкан окумуштуулар жана башка адамдар  менен жолугушуулар, менин өзүмү өстүрүүгө болгон умтулуумду, ага болгон ишенимимди кайра калыбына келтирип бекемдей баштады. Биздин заманыбыздагы көпчүлүк билимдүү адамдар карманган ишеним сыяктуу эле, мендеги ишеним да жөнөкөй форманы алды. Бул ишенимдин аты  «прогресс» болчу. Ал кезде бул сөздүн маанисин жакшы түшүнө алчу деле эмесмин. Кантип жакшы жашоону ойлоп, кыйноо тарткан башка адамдардай эле, прогресске ылайык жашоо деген эмне деген суроого, – деңиз үстүндөгү шамал айдаган кайыктагы адам “Кайсы тарапка баратасың” деген негизги суроого: “Толкун айдап олтуруп, бир жерге алып барат да” деп жооп бергендей эле жоопту бермекмин.

Ал кезде көп байкабаптырмын. Кээде гана, сезимимдин тереңинде, адамдардын бардыгына жалпы боло баштаган болбогон нерсени ырым-жырымдарга айлантып алышып, ошону менен жашоого түшүнүктөрү тайкы экендиктерин жашырып жатышкандарына кыжырым келчү. Алгачкы ирет Парижден көргөн өлүм жазасы прогресске болгон ишенимимди олку-солку кылды. Адамдын денесинен башы жулунуп түшүп, үкөктүн түбүнө тарс этип кулап түшкөндө, мен акылым менен эле эмес, – бүт болгон дүйнөм менен, – кандай гана прогресс болбосун жана учурдагы коомдун акыл-эстүү теориялары бул жорукту актай албасын жана бүткүл дүйнөнүн адамдары кайсы бир теорияга ылайык дүйнөнү жакшыртууга так ушул өлүм жазасы керек деп чыгышса дагы, – мен анын караманча кереги жоктугун, анын жакшы иш эмес экенин билдим, жана жүрөгүм менен сездим.

Прогресс идеясынын турмушка анча деле пайдасы жоктугун бир тууганым өлгөндө да байкадым. Ал акылдуу, ак көңүл, турмушка олуттуу караган адам эле, жаш кезинде ооруга чалдыгып, бир жылдан ашык кыйналып жүрдү, анан эмнеге бул жашоого келгенин, андан да эмнеге кетип жатканын түшүнбөй, кейиштүү өлүмгө дуушар болду. Бир дагы теория мага да, акырындап жана кыйналып өлгөн бир тууганыма да бул сурообуздун жообун бере алган жок. Бирок, бул анда-мында эле келген олку-солку ойлор эле, мен дагы эле болсо прогресс ишенимин туу тутуп жашап жүрдүм. “Бардыгы алга карай өсүшүн улантышууда, алар менен бирге мен дагы өсүүдөмүн; а эмне себептен эл менен кошо өсүп баратам, аны көрө жатармын”.

Менин ошол кездеги ишенимимди так ушундай сөздөр менен билдирсем туура болмок.

Чет элден келип, айылга көчүп кеттим, ал жерден дыйкандардын балдары окушкан мектепте сабак бере баштадым. Бул ишим мага аябай жакчу, анткени бул жерде адабияттан сабак берип жүргөн кездердегидей оркоюп көрүнгөн, жанын жеген жалган нерселер жок болчу. Бул жерде деле прогресс үчүн иштечүмүн, бирок прогресстин өзүнө сын көз караш менен карар элем. Мен өзүмө, – прогресс айрым жерлерде туура эмес жүргүзүлгөн, жана байыркы коомдун адамдарындай дилдери таптаза боюнча калган дыйкандардын балдарына эркиндик берип, прогресстин каалаган жолун тандап алышына мүмкүнчүлүк түзүп берүү керек, – дечүмүн. Маңызына үңүлсөм, мен баягы эле чечилбес маселенин, — өзүң билбей туруп, башкаларды окута берсе болот деген ойдун тегерегинде айланып жүрүптүрмүн. Адабият чөйрөсүнүн жогорку сферасында эмне окутуп жатканыңды билбей туруп, окутканга болбосу мага айкын эле, ошентсе да мен бардыгы эле бир нерселерди окутумуш болуп жүрүшкөндөрүн, жана бири-бири менен талашып жатышып, өздөрүндөгү билимсиздиктерин жашырып жатышкандарын көрчүмүн; а бул жерде дыйкандардын балдарына билимсиздигиңди көргөзбөй эле, алар эмнени окуш керектигин өздөрүнүн эркине койсо болот деп ойлочумун.

Ошол кездерде көңүлүмдүн тереңинде аларга эч нерсе үйрөтө албасымды, анткени эмнени жана кантип окутууну өзүм билбестигимди билип туруп, аларга бир пайдалуу нерсени үйрөтсөм деп миң алекеткеге түшкөнүмдү эстесем алигиче күлкүм келет. Мектепте бир жыл иштегенден кийин, өзүң билбей туруп, башкаларды кантип окутканды жакшылап үйрөнүп келейин деп кайрадан чет өлкөгө бардым. Бул акылмандуулукту чет өлкөдөн үйрөнүп, дыйкандар боштондукка чыккан жылы Россияга кайтып келип, ортомчулук кылып, билимсиз элди мектепте, билимдүүлөрдү журналдарга чыга баштаган макалаларым менен тарбиялагансып жаттым. Иш жакшы эле жүрүп жаткансыган, бирок, акыл-эсим анча соо эместигин, бул иш көпкө созулбасын сезе баштадым.

Эгерде, алигиче өзүмдү сынап көрө элек жана мени сактап кала турган жашоонун дагы бир жагы: үй-бүлөлүк турмуш болбогондо, элүү жашымда келип такалган үмүтсүздүктүн сазына ошондо эле белчемден батып, чыга албай калмак окшоймун. Жыл бою далдалчылык кылып, мектеп менен журналдын ортосунда жүрө бергенден тажадым, айрыкча чатышкан маселелерди чечкенден, далдалчылык менен болгон күрөш оордогонунан, мектепте эптеп сабак беримиш болуп жүргөнүмдөн жана журналга чыккан маанисиз аңгемелеримден чарчадым, – ушунун бардыгын окуткум келгени менен эмнени окутарды өзүм билбегенимден, денеме караганда жан-дүйнөм оорудан көбүрөк жабыркаганынан болуп жатканын туйдум да, бардыгына колумду шилтеп, башкыр талаасына,— таза аба менен дем алып, кымыз ичип, жаныбарлардын эркин жашоосу менен жашоо үчүн кетип калдым.

Ал жактан кайтып келип үйлөндүм. Үй-бүлөдөгү бактылуу жашоо мени жашоонун маанисин издеп эки жакка чарпылуумду таптакыр эсимден чыгарып салды. Бардык аракетим, күч-кубатым эми үй-бүлөмө, аялым менен балдарыма, жашоого керектүү каражаттарды көбүрөк табууга багытталды. Өсүүгө болгон умтулуум, мурда жалпы өнүгүүгө, прогресске алмашса, эми түздөн-түз үй-бүлөм менен колдон келишинче жакшы жашоого болгон аракет менен алмашты.

Ошентип дагы он беш жыл өттү.

Жазуучулук өнөрдү болбогон нерсе деп эсептесем да, ушул он беш жыл ичинде жазганымды таштаган жокмун. Мен жазуучулуктун азгырыктуу даамын татып калган элем, чоң акчанын азгырыгы, болбогон эмгектер үчүн сыйлыктар менен кол чабуулар, ошондой эле аны материалдык абалымды жакшыртуу каражаты катары жана өз жашоомдун, ошондой эле жалпы адамзаттын жашоосунун мааниси жөнүндөгү жан-дүйнөмдү жай алдырбаган ар кандай ойлорго жол бербөө каражаты катары колдонуу, менин ага сүңгүп кирип кетүүмдүн себеби болчу. Мен өзүм туура көргөн чындыкты, үй-бүлөң менен, мүмкүн болушунча өзүңө жакшы болгудай жашоону даңазалап, ага үндөп жазчумун.

Ошентип жашап жүрдүм, бирок мындан беш жыл мурда бир башкача кызык абалга туш болдум: адегенде бир мүнөттүк түшүнбөстүккө кабылып, негедир жашоо токтоп калгансып, мындан ары кантип жашарымды, эмне кыларымды билбей, өзүмдү жоготуп далдырап калчу адат пайда болду. Бирок, бул бат эле өтүп кетип, кайра эле мурдагыдай жашоомду улантып жүрдүм. Анан мындай мүнөттөр бат-бат кайталанчу болду. Бул учурларда: муну эмнеге жасап жатам? Анын кимге кереги бар? – деген сыяктуу түпөйүл суроолор бүткүл дүйнөмдү ээлеп алчу. Алгач мага бул жөн гана – максатсыз, орунсуз суроолордой сезилчү. Мага бул маселе эчак эле белгилүү, аны каалаган убагымда чечип алам го дечүмүн, жөн гана азыр аны чечкенге убакыт тар, керек убакта ал суроолордун жообун таап алам дейт элем. Бирок, бул суроолор бат-бат кайталанчу болду, жашоо ал суроолорго ыкчам жоопторду талап кыла баштады, бир жерге тамчылаган тамчы сыяктуу ушул жоопсуз суроолор чогулуп келип, түшкөн жеринде бир чоң кара такты пайда кылды.

Ички органдары катуу ооруга чалдыгып, өлүм алдында жаткан адамдын абалына түштүм. Адегенде оорунун белгилерине адам көңүл деле бурбайт, анан уламдан улам ооруган жери күчөп кыйнай баштайт. Кыйналганы күндөн күнгө көбөйүп, адегенде таңазарына албаган болбогон оору, артына кылчайып караганга үлгүртпөй, дүйнөдөгү адам үчүн эң маанилүү, анын өмүрүн алып кетчү ажалга айланганын байкабай калат. Мен да дал ушундай болдум.

Бул жөн эле келген суроо эмес, маанилүү маселе экендигин түшүндүм, эгерде бир эле суроо кайра-кайра келе берсе, анда ага жооп бериш керек. Мен жооп тапканга аракет кылдым. Суроолор мааниси жок, жөнөкөй, кичинекей балдардын суроолорундай туюлду. Бирок, ал суроолорго жооп издей баштаганда биринчиден, бул балдардын акылсыз суроосу эмес, турмуштун эң мааниси терең суроолору экендигине көзүм жетти, экинчиден, канчалык ойлонсом да ал суроолорго жооп бере албасымды түшүндүм. Самарадагы корукту иштетүүдөн, балдарды тарбиялоодон, китеп жазуудан мурда, бул нерселерди эмне үчүн жасап жатканымды билишим керек эле. Чарба иштеримди жасап жатып эле капысынан башыма: “Макул, Самарада 6000 теше жерим бар, 300 жылкым бар, анча жерди, ошончо малды бакканда жетээрим эмне?” деген ой келе калчу. Ал суроого айтар жообум жок далдырап олтуруп калчумун.

Же балдарыма туура тарбия берүү керектигин ойлоп жатып эле “Анын мага кереги канча?” – деген ой келе калат. Же элдин жашоосун канткенде оңосо болот деген талкууга катышып жатсам: “Аны менен менин эмне ишим бар”, же менин чыгармаларым алып келген атак-даңк жөнүндө ойлосом: “Макул дейли, сен Пушкинден да, Шекспирден да, Мольерден да, мейли дүйнө жүзүндөгү бардык жазуучулардан да мыкты болдуң дейли,– атакка жетесиңби, жетпейсиңби анын сага айырмасы барбы!..» – деген суроо туулчу. Бул суроолорго жооп бере алчу эмесмин.

IV

Жашоом токтоп калды. Дем алып, ичип-жеп, уктап жаттым, антпей коё албайт болчумун; бирок, мен үчүн жашоо токтоп калган эле, анткени эмнени жасайын десем да, ал мага керексиз нерседей сезилип, ал иштен көңүлүм кайт болуп туруп алчу болду. Эгерде, бир нерсени кааласам, анын аткарылганы же ишке ашпаганы баары бир эле, анын аткарылганы эч нерсени өзгөртө албайт болучу. Эгерде, бир сыйкырчы келип каалаганыңды айт, аткарам десе, эмне деп айтышты билбейт элем. Ал тургай чындыкты билишти да каалабай калдым, анткени анын эмне экенин болжоп билчүмүн. Жашоо бул, курулай убаракерчилик,— чындык деген мына ушул! Улам бир кыр ашып келип, алды-артымда жолу жок, өлүм күтүп турган туңгуюкка барып кабылгандай болдум. Токтогонго болбойт, артка кайтканга болбойт, көрбөй коёюн деп көзүңдү жумганга да болбойт, алдыңда жалган жашоо, жалган бакыттан жана таптакыр жок болуп талкалангыча күтүп жаткан чыныгы кыйноолор менен чыныгы өлүмдөн башка эч нерсе жок.

Жашоо жадатып жиберди, – кандайдыр бир күч андан кутулууга үндөп, жетелей баштады. Өлөйүн деп деле ойлогон эмесмин. Бирок, жашоодон мени ажыраткысы келген күч, ал каалоодон күчтүү жана кубаттуу эле. Ал күч мурда жашоого кандай умтулсам, дал ошондой, бирок ага таптакыр карама-каршы күч болчу. Мен баарын таштап бул жашоодон кечип кетүүгө даяр элем. Жанымды кыюу жөнүндөгү ой, мага мурда жашоомду жакшыртсам деген ой сыяктуу эле табигий нерсе катары келе баштады. Бул ой аябай азгырып киргенде, өзүмдү өзүм алдап, шашылыш чечим чыгарып албастын амалын кыла баштадым. Ал эми, шашпаганымдын бир эле себеби, бардык күчүмдү өзүм чалынып алган тузактын түйүнүн чечким келди! Ал түйүндү чече албай калсам, өлгөнгө кайсы убакта болсо да үлгүрөм деп ойлодум. Анан, кечинде жалгыз жаткан бөлмөмдөн асынып албайын деп, аркан-жиптин баарын жоготтум, жеңил өлүм деп атынып албайын деп мылтык алып аңчылыкка чыкпай калдым. Эмнени каалаганымды өзүм да билбей калдым: жашоодон коркуп, андан качкым келди, ошол убакта андан бир жакшы нерсени үмтөтүп күтүп жаттым.

Анан калса ушунун баары менин бактылуу дегидей жашап жаткан учурумда болуп жатпайбы: ал кезде элүүгө да чыга элек элем. Ак көңүл, сүйүктүү жана сүйө билген аялым, жакшы өсүп келаткан балдарым, чоң, кирешелүү чарба жүргүзүп жаткан коругум, жакшы көрүп сыйлашкан жакындарым менен жакшы тааныштарым, жакындан таанышпаса да атымды угуп сыйлашкан татыктуу атагым бар эле. Андан тышкары, денемде да, жан дүйнөмдө да жабыркаткан оору-сыркоо жок, тескерисинче, менин курагымдагы адамдарда чанда жолугуучу бекем ден-соолугум боло турган: дыйкандар менен тең тайлашып чалгы чапчумун; чыгармалардын үстүндө сегиз-тогуз саат ордуман турбай иштеп, эч нерсе болбогонсуп туруп кетчүмүн.

Анан ушундай шарттарда жашоодон аша кечип, бирок өзүмө кол салып өлгөндөн чочулап, ар кандай амалдарга барып жаттым. Ошол кездеги жан-дүйнөмдүн абалын кыскача мындай десем болчудай: менин жашоом бул мага кимдир-бирөөлөрдүн көргөзкөн орунсуз жана ачуу тамашасы. Эч кандай мени жараткан “Кимдир-бирөөнү” таанып-билбегеним менен, “Кимдир-бирөөнүн” мени бул дүйнөгө жаратып койгон орунсуз жана ачуу тамашасы,— бул жарыкчылыкка келишимдин табигий себеби эле. Мага жогору жактан “Кимдир бирөө” менин 30-40 жылда кандай жашаганыма, окуганыма, өсүп-өнүп денем жана жан-дүйнөм кантип жетилип жатканына көз салып, эрмектеп турганы, анан, бардыгы алаканга салгандай даана көрүнгөн жашоомдун туу чокусуна чыга келгенде, — бул жашоодо жакшы эч нерсе жок экенин, болбогонун жана болбой тургандыгын түшүнсүн дегенсип, эзели оңолгус жинди адамды туу чокуга алпарып таштап салгандай элес келди. “Ага болсо бул күлкүлүү…” Бирок мени эрмектеп жаткан “Кимдир-бирөөнүн” бары-жогу мага баары бир, анткени аны билгенден мага жеңил болуп кетпейт.

Өмүрүмдө бир дагы маанилүү нерсе жасаганымды эстей албай койдум. Аны эмнеге башында эле түшүнбөгөнүм таң калычтуу эле. Бул бардыгына эчактан бери белгилүү болчу. Бүгүн болобу, эртең болобу, — оору менен ажал сүйүктүү адамдарыма, мага келе башташат (келип да жатат), анан чирик менен курттардан башка эч нерсе калбайт. Кандай гана иштерди жасабайын эртеби, кечпи баары унутулат, ал эмес өзүм да унутулам. Анда адамдар муну кантип көрүшпөйт, эмне үчүн өлбөчүдөй жан талашып жашайбыз? — мына ушул таң калыштуу! Жашоого мас адам гана ушинтип жашай алат; соолуккан соң мунун бардыгы жалган, жасалма экендигине көзүң жетет. Так ошондой — күлө турган, курч айтылган эч нерсе жок, жөн гана ачуу жана одоно айтылган чындык бар.

Илгертен бери жолунан каардуу ач жырткычка кабылган жолоочу тууралуу тамсил айтылып келет. Артынан сая түшкөн жырткычтан качкан жолоочу жандалбастап, суу чыкпай кургап калган кудукка боюн таштайт, бирок, кудуктун түбүндө оозун аңырдай ачып ажыдаар аны жутканга даярданып калган экен. Бечара жолоочу өйдө чыкса жырткыч, ылдый түшсө ажыдаар жутканы турат. Кудуктун жанында өскөн дарактын самсаалаган бутагына жармашып калат. Колдору талып, акыры ажыдаардын оозуна түшөрүн билет. Өйдө жакты караса, ал жабышып турган бутакты бири ак, бири кара эки чычкан алмак-салмак кемирип жатыптыр. Ажалы чындап жеткенин эми даана түшүнөт, бирок, ошондо да үмүтү үзүлбөй эки-жагын алаңдай карап бир илинчек издейт. Ошол убакта, кармап турган бутактын жалбырагынан сыгылып чыгып жаткан бал сыяктуу ширени көрүп, аны жанталашып жалай баштаган экен.

Ошол жолоочу сыяктуу, ажалдын арааны ачылып, мына-мына жутканга даярданып, күтүп даяр турганын билип, бутакка бекем жармашып, бул азапка эмне себептен түшкөнүмдү биле албай салаңдап асылып турдум; мурда ыракаттанып жеген бал, эми мени кубантпайт, — ал эми бутакты кемиришкен ак чычкан менен кара чычкан,—күн менен түн, мен жармашкан бутакты тыным албай кемиришет. Ажыдаардын сөлөкөтүн даана көрүп турам, ал эми балдын даамы мурдагыдай ширин эмес. Мен – азууларынан куткарбас ажыдаар менен чычкандарды көрүп, алардан көзүмдү тартып ала албай жалдырайм. Бирок бул тамсил эмес, талашсыз чындык.

Мурдагы ажыдаардын сүрүн жашырып, жымсалдап турчу жашоонун жыргалдары мени эми алаксыта албайт. Мага: жашоонун маанисин баары бир түшүнбөйсүң, башыңды оорутуп ойлонуп жүрбөй, жашай берсеңчи деп канча айтышпасын, андай кыла албайм. Анткени, мурда далай жолу ошентип көргөм. Эми өлүмүмө жакындатып тынбай жүгүрүп өтүп жатышкан күндөр менен түндөрдү көрбөй коё албайм. Бир нерсени көрүп турам. Ошол нерсе, —  чындык. Калгандарынын баары,— жалган. Ачуу чындыктан бардыгынан мени алыс кылган эки тамчы,— үй-бүлөмө болгон сүйүүм менен мен искусство деп жүргөн жазуучулугум,— эми мага кызыксыз болуп калды.

«Үй-бүлө…» – дейм, өзүмө; бирок, үй-бүлө деген – аялым, балдарым; алар дагы адамдар. Алар деле мен жашаган шарттарда жашашат: алар деле мен сыяктуу калпка малынып же ачуу чындыкты көрүп жашоолору керек. Андай болсо жашап эмне кылышат? Аларды сүйүп, багып өстүрүргөнүмдүн эмне кажети бар? Мен сыяктуу үмүттөрү үзүлгөнчө жүрүшсүнбү же маңыроо чалыш болуп эч нерсеге түшүнбөй жүрө беришсинби! Аларды сүйгөн менен, алардан чындыкты жашыра албайм,— өзүңдү билүүгө койгон ар бир кадамың, – ошол чындыкка алып барат. Ал чындык — өлүм.

«Искусство, поэзиячы?..» Көпкө чейин ийгиликтеримди мактаган адамдардын таасири менен, жаман оюмда өзүм өлсөм деле эмгектерим эл эсинде кала берет деп ишенип алган элем, бирок бул да жалган нерсе экен. Искусство бул жашоону кооздоп, жакшы жашоого үндөп турарын жакшы билчүмүн. Эми жашоо мен үчүн кызыгын жоготуп койгон соң, мен башкаларды ага кантип үндөйм да, ага кантип кызыктырам?

Өзүмдүн жашоом менен жашабай, башкалардын жашоосунун толкунунда бара жатканымда, жашоонун мааниси бар деп ишенип жүргөнүмдө, аны ойдогудай айтып бере албасам да,—жашоону поэзияда жана искусствонун башка тармактарында чагылдыруу мага чоң кубаныч тартуулачу, жашоого жана аны чагылдырган күзгүгө көңүлдүү карачумун; бирок, качан жашоонун маанисин издей баштаганымда, качан өз жашоом менен жашашка туура келгенде, – ал бир чети күлкүлүү, бир чети адамдын кабыргасы кайыштырган кайгылуу, ашык нерсеге айланып, эми андай күзгүнүн мага кереги жок болуп калды. Өзүмдүн ал күзгүдөгү алсыз жана макоо абалымды көрүп, өзүмдү сооротпой койгонго болбойт эле. Көңүлүмдүн тереңинде менин жашоомдун бул турмушта мааниси бар деген ишенимим болгон кезде, мен ага кубанчумун. Ал кезде бул караңгы менен жарыктын оюну күлкүлүү, кайгылуу, эт жүрөктү элжиреткен, керемет, жана үрөйдү учурган турмуш,— көңүлүмдү ачар эле.

Бирок, жашоо мааниси жок жана куту учкан нерсе экенин билип алгандан кийин,—күзгүдөгү жарыктын оюну мени кызыктырбай калды. Жутуп жибергенге даяр ажыдаарды жана менин карманаар талымды кемирип жеп жаткан чычкандарды көргөндө мен үчүн кандай таттуу, кандай ширин бал болсо да, ал таттуулугун жоготмок.

Бирок бул эле эмес. Эгерде, жашоонун мааниси жогун жөн гана түшүнсөм, анда бул менин чекеме жазылган тагдырга жөн эле башымды ийишим керек эле. Бирок, менин жаным ошону менен эле жай алып калган жок. Эгерде, андан чыгууга башка жол жок экенин билип, чытырман токойдо жашасам, анда жашай бермекмин; бирок, мен токойдо адашып, адашып кеткенине кайгырган, кай тараптан келип, кай тарапка барары белгисиз, улам бир жакка жанталашып чуркай бергендиктен, мурдагыдан бетер чатышып, багытынан жаңылган, бирок бир жерде кыймылдабай олтурганга да чыдай албай чабалактап, айласы куруган адамдын абалында элем.

Мына ушул коркунучтуу эле. Ошол коркунучтан кутулуу үчүн өлүүнү чечкем. Мени күтүп турган нерседен коркуп жаттым, – бул коркунуч менин азыркы абалымдан да коркунучтуу экенин билгем, бирок аны кубалап да, келишин чыдамкайлык менен күтө да албадым. Жүрөктүн бир кан тамыры жарылса же дагы бир жериң үзүлүп кетсе, бардыгы бүтөт деп өзүмдү канчалык алдабайын, аягына чейин күткөнгө чыдамым жетпей баратты. Белгисиздиктин сүрү абдан чоң эле, ошондуктан аны күтпөй, ылдам эле моюнга салынган сыйыртмактын же октун жардамы менен кутулууну ойлодум. Мына ушул сезим мени өзүмө кол салууга азгырып турду.

V

«Балким, бир нерсени байкабай калгандырмын, бир нерсени түшүнбөй жаткандырмын? – деп өзүмө бир нече жолу суроо салдым. – Үмүтсүз шайтан дешет эмеспи». Бул суроолордун жообун адамдар ушул убакка чейин топтогон билимдерден издеп кирдим. Кыйналып жана узакка издедим, жөн эле кызыккандан же эриккенден, кээде эстей калып издеген жокмун, — кыйналып, күнү-түнү тынбай, — өлүм алдында жаткан адам кантип тирүү калуунун амалын издеп далбастагандай далбастап издедим, бирок, эч нерсе таба алган жокмун. Жана айткандай, болгон билимимди жумшап издедим, издегенимди таппадым, мен сыяктуу издеген адамдар да, мен сыяктуу эле эч нерсе таппагандарына көзүм жетти. Таппай эле калышкан жок, алар да мен сыяктуу үмүттөрү үзүлүп, жашоонун болбогон бир сандырак нерсе экендигин, — бул адамга жеткиликтүү жалгыз илим экенин моюндарына алышты.

Мен бардык жерден издедим, өмүрүмдүн көпчүлүк бөлүгүн илимге арнаганым, илимий чөйрөнүн адамдары менен байланышта болуп, алардын илимдин ар кандай тармактарындагы китептери менен эле эмес, алардын көпчүлүгү менен тааныш болуп, жеке жолугушууларды өткөзкөнүм, мага илим жашоо жөнүндө эмне деп жооп бергенин билишиме өбөлгө болду.

Жашоо маселелерине келгенде илим оңгулуктуу эч нерсе айталбаганына көпкө чейин ишенбей жүрдүм. Илим адамдын жашоосу менен эч байланышпаган, өзүнүн маанилүү жана олуттуу ордун баса көрсөтүп манчыркоосунан улам, көпкө чейин бир нерсени түшүнө албай бүшүркөп жүрдүм. Илимдин алдында өзүмдү алсыз сезип, издеген суроолордун жооптору турмушта болуп жаткан нерселер менен коошпой турганын илимден эмес, өзүмдүн түшүнбөстүгүмдөн көргөн күндөрүм болду; бирок, мен үчүн бул иш оюн же тамаша эмес, жашоомдогу эң маанилүү иш болгондуктан, каалаймынбы, каалабаймынбы, менин суроолорум, – илим аттуунун негизги катары кызмат кыларын, бул суроолорду койгон мен эмес, ал суроолорго жооп кылууга умтулбаган илим күнөөлүү деген көз карашка алып келди.

Элүү жашымда жанымды кыюга түрткөн ушул суроо, макоо баладан баштап, акылман карыянын көңүлүндө жаткан жөнөкөй эле суроо, – мен жон терим менен сезип билгендей, ансыз жашоо болбой тургандай олуттуу суроо болчу. Ал суроо мындай эле: “Менин азыркы кылганымдын, эртеңки кылганымдын, дегеле өмүр бою кылганымдын маңызы, мааниси барбы?” Ошол эле суроону башкача койсок мындай чыкмак: «Жашап эмне кылам, бирдемени каалагандан, жана жасагандан эмне пайда?» Андан да башкача койсок: «Менин жашоомдо сөзсүз келе турган өлүм жок кыла албай турган бир маанилүү нерсе барбы?»

Мына ушул ар кандай формада берилген бир эле суроого жоопту адамдардын илиминен издедим. Бул суроого жооп бере келгенде адамзаттын илими бири-бирине карама-каршы турушкан бири оң, бири терс мааниге ээ, эки жарым шарлардан турарын, бирок эки уюлда тең жашоонун маңыз-маанисин туюндурган жооптун жок экенин таптым.

Бир катар илимдер берилген суроолорду кабыл алышпагандай мамиледе, бирок өздөрү ойлоп табышкан суроолорго так жооптору бар. Бул—тажырыйбага таянган так илимдер, анын ана башында математика турат; кээ бир илимдер сурооңду кабыл алышат, бирок ага бере турган жооптору жок: бул — ой жүгүртүүгө таянган илимдер, анын ана башы – метафизика. Мен жаш кезимден бери эле ой жүгүртүүнү талап кылган илимдерге кызыгып жүрдүм, андан кийин так илимдерге да көңүл коюп, кийин өзүмдүн суроомду кабыргасынан койгуча, ал суроо менин башымда капыстан эле өзү пайда болуп, чечүүнү талап кыла баштагыча, ошол алган билимим берген жасалма жоопторго ыраазы элем.

Так илимдер боюнча өзүмчө мындай жыйынтык чыгарган элем: «Бардык нерсе көбөйөт, өсөт, бири-бирине сиңишет, татаалдашат жана жакшырууга багыт алат жана буларды тескеп иреттеп турган өз мыйзамдары бар. Сен – бүтүндүн бир бөлүгүсүң. Мүмкүн болушунча, бүтүн нерсени жана анын өсүү мыйзамдарын өздөштүрсөң, сен бүтүн нерседеги өзүңдүн ордуңду жана өзүңдүн ким экениңди аңдап көрүп түшүнө баштайсың».

Канчалык уялбайын, моюнума алышым керек, бирок ошол ойго канааттанган күндөрүм да болгон. Ал кездерде менин да өссөм деп далалат кылып жүргөн убагым эле. Булчуңдарым таштай катып, акылым көбөйүп, ойлонуу ыкмаларым менен түшүнүгүм кеңейип, өсүүнүн үстүндө элем. Албетте, өзүмдөгү мындай өсүштү сезгенде ааламдын мыйзамы ушул деп ойлошум табигий нерсе эле, жана ушул мыйзам аркылуу өзүмдүн суроолорумдун чечилишин табам деп ойлогон болчумун.

Бирок, өсүүмдүн токтогон күнү да келди, өсмөк тургай куурай баштаганымды сезе баштадым, булчуңдарым бошоңдоп, тиштерим түштү, – ошондо ал мыйзам эч нерсе түшүндүрө албаганы аз келгенсип, андай мыйзамдын жаратылышта жок экенин, болушу да мүмкүн эместигин көрдүм, а мен мыйзам катары кабыл алган жөн гана жашоонун бир учуру экен. Ал мыйзамды аныктоого башкача көз караш менен карай баштадым; мага чексиз өсүүнүн мыйзамы болбосу айдан ачык болду; эмне айтышты да даана билдим: “чексиз мейкиндикте жана убакытта бардык нерсе өсөт, өнүгөт, бири-бири менен аралашат, кайра бөлүнүшөт, – мунун бардыгы түккө татыбаган нерселер. Булар – мааниси жок сөздөр, анткени чексиздиктин татаалы да жөнөкөйү да, арты да, алды да, жакшысы да, жаманы да жок.”

 Негизгиси болсо, менин суроом жеке өзүмө тиешелүү: эч качан каалоолору бүтпөгөн мен деги киммин? — бул суроом эми жоопсуз калды.

Илимдин кызыктуу жана өзүнө тартып турганын түшүндүм, бирок анын тактыгы жана ачыктыгы жашоонун шарттарына керектүүлүгүнө таптакыр карама-каршы багытта өзгөрөт экен: жашоонунун шарттарына ал канчалык азыраак туура келсе, ал ошончолук так жана айкын, ал эми жашоонун маселелерин чечүүгө канчалык көп салым кошууга аракет кылса, ал ошончолук түшүнүксүз жана кызыксыз боло баштайт.

Эгерде, бул илимдердин жашоонун маңызын чечүүгө аракет кылган тармактарына кайрылсак, – физиология, психология, биология, социология, – дал ушул жерден ойдун таң каларлык деңгээлде, чабал экендигине, маселеге тиешеси жок нерселер менен алектенишип, бир ойчул менен экинчи ойчулдун, кээ бир учурларда ойчулдун өзү менен өзүнүн тынымсыз талашып-тартышкандарына күбө болосуң.

Эгерде, жашоонун сыр түйүнүн чечүүгө тиешеси жок, бирок өздөрүнүн илимий жана атайын маселелерин изилдеген илимдерге көз салсак, адам акылынын курчтугуна суктанып, ага баа бересиң, бирок алдын ала эле, ал жерде жашоонун койгон суроолоруна жооп жок экенин билесиң. Бул илимдер жашоонун суроолорун көрмөксөн болушуп, ага кайрылууну да ойлошпойт. Алар мындай дешет: «Биз сенин ким экениңди, эмнеге жашап жүргөнүңдү билбейбиз, ага жооп бере албайбыз, аны изилдебейбиз. Эгерде, сага жарыктын касиеттерин, химиялык заттардын курамдарын, организмдердин өнүгүү мыйзамдарын, алардын формаларын, сандардын катыштарын же болбосо өзүңдүн акыл-эсиңди өстүрүүнүн жолдорун сурасаң, биз бул суроолоруңа так жана кенен жооп бергенге даярбыз».

Жалпылап айтканда так илимдин жашоо маанисине берген жообун мындайча айтсак болчудай:

Суроо: Мен эмне үчүн жашайм?

Жооп: Учу-кыйырсыз мейкиндикте, баш-аягы жок убакытта, чексиз майда бөлүкчөлөр, чеги жок татаал заттарга айланышат, мына ушул айлануулардын мыйзамдарын түшүнгөндө, сен эмне үчүн жашап жүргөнүңдү түшүнөсүң.

Ал эми ой жүгүртүүнү талап кылган илимдерге таянсам мындай тыянакка келдим: «Адамзат алдыга койгон мүдөөлөрүнүн, жашоого үлгү кылып алган идеалдардын негизинде жашайт жана өсүп-өнүгөт. Ал идеалдарды динден, илимден, искусстводон, мамлекеттүүлүктүн формаларынан табышат. Идеалдарга болгон талап барган сайын өсүп олтуруп, ал адамзаттын жыргалчылыгынын туу чокусуна чейин жетет. Мен – адамзаттын өкүлүмүн, ошондуктан менин талантым менен шыгым адамзаттын идеалдарын таанып, ага умтулуума арналышы керек».

Акыл-эсим жетиле электе мага ушул эле жетиштүү эле; бирок, менде жашоонун маңызы тууралуу маселе көтөрүлгөнү, бул теориянын бир көз ирмемде ышпалдасы чыгып жарабай калды. Бети жоктук кылып маалыматты так эмес бергени аз келгенсип, мындай илим идеалдын маанисин аныктай келгенде ар түрдүү көз караштардын бири-бири менен карама-каршы экендигин айтпаганда да, адамзаттын айрым бир бөлүгүн изилдеп алып, андан жалпы адамзатка тиешелүү тыянак чыгарат.

Бул көз караштын жаңылыштыгы ар бир адам “мен киммин” же “мен эмне үчүн жашап жүрөм” деген суроолорго жооп бериштен мурда, адегенде адам өзүнө: «Октой учкан кыска убакытта, жылт этип өткөн, бир үзүмү эле белгилүү, адамзаттын жашоосу деген эмне болду экен?” – деген суроого жооп таап ала албаганында. Өзүнүн ким экенин түшүнүш үчүн, адам адегенде, өзүндөй эле өздөрүнүн ким экенин билбеген адамдардан турган, бул адамзат деген кандай сырдуу неме экенин түшүнүш керек. Моюнга алуу керек, бир убактарда мен бул нерсеге ишенчүмүн. Ал кездерде менин ойкуштап кесирленишимди актаган, өзүмдүн сүйгөн идеалдарым боло турган, мен ошол ойкушумду адамзаттын мыйзамы катары караган теорияны ойлоп табууга аракеттенчүмүн. Бирок, жашоонун маңызы мага ачыла баштаганда, ал теория чаңга айланып жок болду.

Тажырыйбага таянган так илимдердин ичиндегидей эле бул жерде да  анык илим жана өзүнө тиешеси жок суроолорго жооп берүүгө аракеттенишкен жарым-жартылай илимдер бар экенин түшүндүм. Бул жааттагы жарым-жартылай илимдер — юридикалык билим, социалдык жана тарых илимдери – жалпы адамдарга тиешелүү суроолорду, ар бири өз алдынча, ар бири өз билгениндей чечишет.

Бирок, тажырыйбага таянган илимден мен кантип жашайм деп чын ниетинен сураган адам: учу-кыйырсыз мейкиндикте, баш-аягы жок убакытта, чексиз майда бөлүкчөлөр, чеги жок татаал заттарга айланышат, мына ушул айлануулардын мыйзамдарын түшүнгөндө, сен эмне үчүн жашап жүргөнүңдү түшүнөсүң деген жооп менен канаттанбайт. Бул жааттагы жарым-илимдер андан бетер түшүнбөстүктөргө, каталарга, карама-каршылыктарга толуп, андан оңдуу жооп ала албайсың.

Тажырыйбага таянган илимдердин милдети, кубулуштардын чыгыш себептеринин ырааттуулугун көргөзүү. Бул илим боюнча түпкү себептер жөнүндө суроону койсоң, болбогон бир былжыраган жоопту угасың. Абстрактуу, ой жүгүртүүгө негизделген илимдин милдети, жашоонун маанисиздигин моюнга алуу. Качан бул илим кубулуштардын себептерин изилдей баштаганда, социалдык, тарыхий окуялар болбогон нерселердей көрүнө баштайт.

Тажырыйбага таянган так илимдер түпкү себептер жөнүндө суроого кайрылбаса гана адамзаттын акылын даңазалаган билимге айлана алат. Абстрактуу, ой жүгүртүүгө негизделген илимдер кубулуштардын чыгыш себептеринин ырааттуулугуна көңүл бурбай, адамды түпкү себептердин алкагында караганда гана бийиктикке чыга алышат. Метафизика же абстрактуу, ой жүгүртүүгө негизделген илимдердердин  көз карашы мындай. Бул илим суроону кабыргасынан коёт: Мен киммин, дегеле бул жашоо деген эмне?, бул жашоого эмнеге келдим жана бул жашоонун кимге кереги бар? Бул суроолорго ал ар дайым эле бир жоопту берип келатат. Идея дейби, субстанция дейби, жан же бирөөнүн эрки дейби, айтор философия мендеги жана башка жандыктардагы жашоонун маңызын кандай сөздөр менен айтпасын, философия бир эле нерсени айтып жатат, анын маңызы бар, ал маңыз мына менмин.

Бирок, ал эмне үчүн бул нерсенин жообун билсе, ошондой эле так ойлогон ойчул болсо, билгенин эмне үчүн айтып бере албайт дейм да. Мен өзүмөн сурайм: эмне үчүн мен жашоонун маңызымын? Ал маңыздын бары же жогунан эмне өзгөрөт? Ага философия жооп бере албайт, ал кайра өзүңдөн сурайт.

Эгерде чыныгы философия болсо, анын иши, суроону туура коё алышында. Ал өз милдеттерин жакшы түшүнсө анда : «Мен киммин жана бүткүл жашоо деген эмне?» – деген суроого «ал бар жана жок нерсе»; ал эми: «Бул жашоого эмнеге келдим, бул жашоонун кимге кереги бар?» – деген суроого «билбейм» – деп жооп бермек. Иши кылса, кандай айлантып, ой жүгүртүүгө негизделген илимдердердин  көз карашы менен тегерете караба, жоопко окшогон эч нерсе ала албайсың, — так илимдердегидей менин суроомо көңүл буруп, карабагандыгынан эмес, тескерисинче, бул жерде акыл эмгегинин бардыгы менин суроомдун жообун алууга багытталса да, жооп жок, жооптун ордуна ошол эле суроо татаал формада кайрадан кайталанат.

VI

Жашоонун маани-маңызын издеп жатып, мен токойдо адашып жүргөн адам туюп-билген сезимдерге туш болдум. Токойдун ачык жерин издеп таап, бактын башына тырмышып чыгып чексиз мейкиндикти карадым, бирок ал жерде үйдүн жок экенин, болушу да мүмкүн эместигин көрдүм; чытырман токойго аралап кирип, түнт токойго туш болдум, ал жерде да үйүмдүн жоктугуна ынандым.

Ошентип, адамзат топтогон илимдин токоюнда адашып жүрдүм. Так илимдер мени ачык мейкиндикке алып чыкканы менен, ал жактан менин үйүм болушу мүмкүн эмес эле, ал эми абстрактуу илимдер мени түнт токойго жетелеп, улам арылаган сайын туңгуюкка алып бара жаткан. Илимдин жарык жагына келгенде маселеден четтеп баратканымды түшүнчүмүн. Алар канчалык азгырбасын, өздөрүнүн тереңине канчалык тартпасын, бул илимдер мага канчалык түшүнүктүү боло баштаган сайын, анын мага таптакыр кереги жоктугун, менин суроомо жооп бералбасын түшүнө баштадым. Илимдин бүт аракетин жумшап билгиси келген нерселердин бардыгын жакшы билем дечүмүн өзүмө, жашоонун маани-маңызын бул жол менен барсаң таппайсың.

Ой жүгүртүүгө негизделген илимдерде болсо, илимдин максаты менин койгон суроолорума тике багытталгандыгына карабай, а балким дал ошон үчүнбү, өзүм берген жооптон башка жооп жок:

– Менин жашоомдун маани-маңызы эмне?

–Эч нерсе.

– Менин жашоомдон эмне пайда?

– Эч кандай.

– Бул жашоо эмне үчүн жаралып, эмне себептен жашоо жүрүп жатат, жана мен эмнеге жашап жүрөм?

– Жаратып койсо жашай бересиң да.

Илимдин бир тармагынан көп сандаган өзүм сурабаган суроолордун: жылдыздардын химиялык курамы жөнүндө, күндүн Геркулес топ жылдызына карата кыймылы жөнүндө, чексиз майдаланып кете берчү атомдордун формалары тууралуу, эфирдеги чексиз бөлүкчөлөрдүн касиеттери жөнүндө көп сандаган так жоопторун алдым; бирок, илимдин бул тармагында жашоонун мааниси тууралуу суроомо бир эле жооп болду: сен жашоом деп жүргөн нерсе, — ал өзүңсүң, сен — бөлүкчөлөрдүн кокустан убактылуу кошулушунан жаралган бир жансың. Бөлүкчөлөрдүн чогулуп аракеттениши, алардын айкалышууларынан чыккан өзгөрүүлөр сендеги жашоо деген нерсени пайда кылат. Биригүүлөр бир аз убакытка чейин созулат; анан алардын бири-бири менен байланыштары токтойт, аны менен сенин жашооң да токтойт. Сен – кокустан бири-бирине жабышып калган кесектерден турган бир нерсесиң. Кесектер чирийт. Ошол чиригенин кесектер өзүнүн жашоосу деп эсептейт. Кесектер түгөнгөндө – чирүү да бүтөт, суроолор да бүтөт.

Илимдин жарык жагы эгерде өз негиздерин карманса мындан башкача жооп бералбайт. Көрсө, мындай жооп негизги суроого жооп бербейт экен. Мага өз жашоомдун маанисин билишим керек, анын чексиз нерсенин бөлүгү экениндигин билүү, анын маанисин түшүндүрмөк тургай, болгон маңыз-маанисинин бардыгын талкалап жок кылат.

Тажырыйбага таянган так илимдер менен ой жүгүртүүгө негизделген гуманитардуу илимдердин түшүнүксүз келишим түзүп, “жашоо мааниси анын өсүшүндө жана ошол өсүшкө көмөк кылууда”— деп аныктаган ишенимсиз жоопторун жооп катары эсептешке болбойт.

Илимдин экинчи тарабы, ой жүгүртүүгө негизделген гуманитардуу илимдер, өздөрүнүн карманган жолдорунан тайбаган учурларда, кылымдардан бери бир эле жоопту берип келатат: дүйнө бул чексиз жана түшүнүксүз нерсе. Адамдын жашоосу ошол акылың жетпей турган кең ааламдын, акыл жетпей турган бир бөлүгү.

Мен кайрадан жарым-жартылый илимдерди тең салмактап турган тажырыйбага таянган так илимдер менен ой жүгүртүүгө негизделген гуманитардуу илимдердин түшүнүксүз келишиминин негизинде жаралган юридикалык, саясий жана тарыхый илимдердин жоопторун эсепке албай коюну чечтим. Анткени, бул илимдер деле, өсүп-өнүгүүгө туура эмес аныктама беришет, бир айырмасы – тажырыйбага таянган так илимдерде жалпы өнүгүү жөнүндө сөз болсо, бул жерде адамдардын жашоосундагы өсүштөр жөнүндө сөз жүрөт.

Баягы эле ката: чексиздикте өсүп-өнүгүүнүн максаты да, багыты да жок, жана менин суроомо эч тиешеси жок. Ой жүгүртүүгө негизделген гуманитардуу илимдер, профессор Шопенгауэр айткандай, кубулуштарды профессорлор өздөрү түзүп алышкан тилкелерге бөлүп жазып, аларга жаңы аталыштарды берүүгө кызмат кылган профессорлордун философиясы эмес, чыныгы философия болгон жерде, философ астында жооп берүүгө тийиш суроону көңүлүнөн чыгарбаган учурларда, жооп баягы эле — Сократ, Шопенгауэр, Сулайман пайгамбар, Будда берген боюнча өзгөрүүсүз кала берет.

«Биз жашоодон канчалык аралыкка алыстасак, чындыкка ошончолук  аралыкка жакындайбыз, — дейт Сократ өлүмгө камданып жатып. – анда эмнеге биз, чындыкты сүйүүчүлөр жашоого ошончолук кумарданабыз? Денеден бошонсоң, анын айынан жасалган толгон токой күнөөлөрдөн арыласың. Анда эмне үчүн өлүмдү кубанып тосуп албайбыз?» «Акылман өмүр бою ажалын күтөт, ошондуктан ага өлүм коркунучтуу эмес».

«Жашоонун ички маңызын эрк катары таануу менен — дептир Шопенгауэр, – бардык кубулуштарда, жаратылыштын жапайы кара күчтөрүнөн тартып, адамдын акыл-эстүү ишмердигине чейин, бул эрк бар экендигин моюнга алуу менен бирге, ал эркти төгүндөө жана талкалоо аркылуу ошол кубулуштар да жок болушарын, эркин турмуштун бардык баскычтарында, алдыга максатсыз умтулуу жана эс алуулардан турган дүйнөдө, жашоо формаларынын көп түрдүү ырааттуулугун жок кылып алсак, аны менен бирге, жалпы мейкиндикке жана убакытка ээ болгон кубулуштар, анын акыркы формасы—субъект жана объект жок болот. Эрк жокпу, оюн да жок жана дүйнө да жок. Алдыбызда боштуктан башка эч нерсе калбайт. Бирок, майдаланып жок болууга каршы, биздин өзүбүздү жана биздин дүйнөбүздү бекем кармап турган, так ошол биздин жашоого болгон эркибиз (Wille zum Leben). Болбогон майда нерседен коркуу же мынча эмне жашагыбыз келип жатканынын себеби, – биздин өзүбүз ошол каалоонун өзү экенибизди, андан башка эч нерсе билбеситигибизди туюндурат».

«Түйшүк, убаракерчилик, – дейт Сулайман пайгамбар, – бардыгы түйшүк, – бардыгы убаракерчилик! Адамга анын кылган эмгектеринен эмне пайда? Адамдардын бир мууну келет, бир мууну кетет, а жер шары түбөлүккө кала берет. Боло турган нерсе, боло берет, жасала турган нерсе жасала берет; бул дүйнөдө жаңы эч нерсе жок. Кээде мындай болуп калат: “Карасаң, бул нерсе жаңы экен”дешет; бирок, ал эчак эле кылымдар мурда болгон. Мурда болгондор унутулуп калган, азыркы болуп жаткандарды деле, бизден кийинки келчүлөр унутуп коюшат.

Мен, Насаатчы, Иерусалимде Израилдин падышасы элем. Мен бардык өмүрүмдү ушул көк асмандын астында болуп жаткан нерселердин эч нерсесин калтырбай изилдеп, сынап чыгууга арнадым: бул оор жүктү кудай адам баласына түйшүк тартып жүрсүн деп тартуулаган. Бул дүйнөдө мен көрүп, мен билбеген нерсе калган жок, ушунун баары түйшүк жана жан-дүйнөңө келген кур убаракерчилик… Мен чын жүрөгүмдөн минтип ойлочумун: Иерусалимде мага чейин бир да жан жете элек акылмандуулукка жетиштим, көп акылман ойлорду жана илимдерди жүрөгүмдөн өткөзүп тааныдым. Жүрөгүмдү акылмандуулуктун, алаңгазарлыктын, акмакчылыктын сырын ачып берем дегендерге ачып бердим; бул нерселер деле болбогон убара экенин билдим. Анткени, көп акылмандуулукта көп кайгы катылган, ким канчалык көп нерсени таанып билсе,— анын азабы да көбөйө берет.

Мен чын жүрөгүмдөн минтип ойлочумун: жыргалчылыкка батып, өзүмдү көңүл ачуу аркылуу сынап көрөйүнчү; бирок, — бул деле убаракерчилик экен. Күлкү жөнүндө мындай жыйынтыкка келдим, — ал болбогон нерсе, ал эми көңүл ачуу, – дегеле бул жерде анын тиешеси барбы?

Денемди вино менен сугарып, аны ыракатка бөлөп көрдүм, жүрөгүм акыл-эстин жетегинде болсо да акмакчылыгым жанымда коштоп жүрдү, ушул убакытка чейин адам баласына эмне жагарын, аз жашоосунда эмне иштерди кылыш керектигин биле алган жокмун.

Мен көп чоң иштерди жасадым: үйлөрдү салдым, жүзүм өстүрдүм. Жемиш бактарын тигип, бакчага айланттым, кызматчыларды жалдап иштеттим, үй-бүлө күттүм, Иерусалимде мага чейинки жашаган бардык адамдардын малынан көп мал бактым, башка падышалардан жана аймактардан алтын-күмүштөрдү жыйнадым, адам баласынын көңүлүн ача турган ырчы-чоорчуларды чогулттум, музыкалык аспаптарды топтодум. Ошентип, Иерусалимде мага чейинки жашаган адамдардан да эң улуу жана бай адамы болдум; жана акылымды жоготкон жокмун.

Көзүм көрүп, көңүлүм каалагандын баарын жасадым. Анан артыма кылчайып, бардык кылган иштеримди, кылган эмгектеримди карасам, – ошонун бардыгы бекер убара, натыйжасыз түйшүк, курулай тарткан азап болуп чыкты, жана анын бул дүйнөдө алардын эч пайдасы да жок экен. Мен кылчайып, акылмандуулукка, алаңгазарлыкка жана акмакчылыкка көз жүгүрттүм. Бирок, алар бирдей эле тагдырга туш болушарын көрдүм. Мен чын жүрөгүмдөн минтип ойлодум: мени деле кеңкелести күтүп турган тагдыр күтүп турса,— анда мен эмнеге ушунчалык акылмандуулукка умтулдум? Мен чын жүрөгүмдөн минтип ойлодум: бул дагы бекер убаракерчилик. Анткени акылманды деле кеңкелес сыяктуу түбөлүккө эстеп жүрүшпөйт; убакыт баарын унуттурат, акылман кеңкелес сыяктуу эле өлүм менен өлөт!

Кылган иштеримдин баары маанисин жоготуп, жашоону жек көрө баштадым, анткени анын баары болбогон убара, курулай азап экен. Мен, менин артымда адамдарга калтырам деп ойлоп жүргөн эмгегимдин эч бир мааниси жок, бекер убара экенин билген соң ага кайдыгер боло баштадым. Себеби,— күн-түндөрү азап,  эмгеги түйшүк менен бүткөн мааниси жок иштерди кылгандан адамга андан эмне пайда да, анын ага эмне кызыкчылыгы бар? Жада калса ошол эмгегинин үзүрүн көрүү да адамдын өз эркинде эмес… Ким болбосун, эмне болбосун — такыбага да, абийири жокко да, ак көңүлгө да, карасанатайга да, курмандык чалганга да, чалбаганга да, күнөөсүзгө да, кылмышкерге да, анттан корконго да, коркпогонго да баары окшош.

Бул дүйнөдө баарыдан жаманы – бардыгын бир жазмыш күтүп турганына карабай, жүрөктөрүндөгү жамандыгы менен арамдыгын тазалашпай, акыры барып өлгөндөрдүн катарына кошулушат. Өлгөн арстандан көрө тирүү дөбөт жакшы эмеспи, тирүүлөрдөн дагы эле үмүт кылса болот. Тирүүлөр өлөрүн билишет, ал эми өлгөндөр эч нерсе билишпейт, алардын кылыктары эми бааланбайт, анткени алар унутулуп жок болушат; алардын сүйүүлөрү менен жек көрүүлөрү, кызганычтары жок болду, алардын бул дүйнөдө эмне болуп жатканы менен түбөлүккө иштери болбойт.”

Сулайман пайгамбар же анын сөзүн жазып калтыргандар мына ушундай дешкен.

Ал эми Индиянын акылмандары мындай дешет.

Оору, карылык, өлүм жөнүндөгү маалыматтар жашырылып, андай нерселерден түк кабары жок өскөн Сакиа-Муни деген падышанын бактылуу мураскору эс алып жүрүп, тиштери түшүп, бетин бырыш басып, шилекейи чубурган абышканы көрүп калат. Мурда  мындай адамды көрбөгөн мураскор таң калып, арабакечинен бул адам эмне себептен ушундай адамдын боору ооругандай, шүмүрөйгөн, киши карагыс абалга келгенин сурайт. Ал андан бир да адам, ал эмес азыр жапжаш, солкулдап турган өзү сыяктуу мураскор да кутула албас карылык бар экенин таң калуу менен угат да, арабаны кайра артка айдатып, хан сарайга кайтат, жалгыз бекинип алып терең ойго батат. Ойлонуп-ойлонуп өзүн жооткотор бир нерсе тапты окшойт, кайрадан көңүлү ачылып арабасын чакыртып сейилдеп жөнөйт.

Бул жолу алдынан оорулуу адам жолугат. Ал алсырап, шайы кеткен, көздөрү үлүрөйүп, денесин калтырак баскан адам эле. Мурда оору деген сөздү да укпаган мураскор, арабасын токтотуп, тигил эмне адам экенине кызыгат. Ал андан оору деген ушул экенин, андан бир да жан кутула албасын, бүгүн ойноп-күлүп туруп, эртең эле өзү да ушундай абалга туш болорун укканда, көңүлү чөгүп, сейилдөөсүн токтотот. Кайрадан үстүнө киши киргизбейт. Бир топтон кийин өзүнө келип, үчүнчү жолу сейилге чыгат. Бул жолу ал мурда көрбөгөн көрүнүшкө туш болот: топтошкон көп киши жаткан бирөөнү көтөрүп бара жатышыптыр.

– Бул эмне? — деп сурайт мураскор.

– Өлгөн адам.

– Өлгөнү кандай?

Өлдү деген, тигил адамды кандай абалга келип калганын көрдүңбү, өлгөн адам дал ошол абалга келет. Мураскор жакын келип, бетин ачып карап көрдү да, анан суроо салды:

– Муну эми эмне кылышат?

– Анын сөөгүн жерге көмүшөт.

– А эмне үчүн андай кылышат?

– Анткени ал кайра тирилбейт, чирип сасыйт.

– Адамдын баары өлөбү, мен дагы өлөмбү? Мени да көөмп, курттардын тамагына айланамбы?

– Ооба.

– Артка айда, мен мындан кийин сейилге чыкпайм.

Сакиа-Муни ошондон кийин жашоого кызыгы тарап, жашоону — жамандыктын негизги булагы деп эсептей баштады, андан бүт жан дүйнөсү менен бошонуп чыгууну жана башкаларды куткарууга бел байлады. Бошоткондо да, өлүмдөн кийин жашоо кайрадан тутанып жаңырбагыдай, түп тамыры менен жок болгудай бошотууну максат кылды. Индиянын акылмандары дал ушунтип айтышат.

Жашоо мааниси жөнүндөгү суроого адамзаттын алдыңкы сапта турган акылмандары мына мындай түз жоопторду берип келишет.

«Адамдын денедеги жашоосу жамандык менен калптан турат. Ошондуктан ошол денедеги жашоону жок кылуу жана анын жок болушун каалоо жакшы иштердин катарына кирет», – дейт Сократ.

«Жашоо деген болууга тийиш эмес, – ал жамандык, ошондуктан жок нерсеге айлануу жашоодогу эң чоң жыргал», – дейт Шопенгауэр.

«Дүйнөдөгө бардык нерселер, – келесоолук жана акылмандык, байлык жана жакырчылык, шаттык жана кайгы – болбогон убаракерчилик жана түккө татыбаган нерселер. Адам өлгөндөн кийин мунун бири да калбайт. Ушунун өзү акылга сыйбаган нерсе», – дейт Сулайман пайгамбар.

«Жапа чегүүлөрдөн, алсыроолордон, карылыктан жана өлүмдөн кутула албасын билип туруп жашоого болбойт, – өзүңдү жашоодон, жашоонун кандай гана жолдор менен пайда болушунан куткар». – дептир Будда.

Бул улуу акылмандардын айткандарын, аларга окшогон миллиондогон адамдар, айтышкан, ойлошкон жана сезишкен. Мен да ошондой ойлойм жана сезем.

Ошентип, илимдерден аңтарып-теңтерип издеген аракетим, менин жашоого болгон үмүтүмдүн үзүлүшүнөн сактап калмак тургай, кайра аны күчөттү. Бир илим жашоонун маанисин түшүндүрө алган жок, экинчиси менин үмүтүмдүн үзүлүшү жөн эле менин оорулуу сезимимден чыккан кокустук эмес экендигин белгилеп, тескерисинче, менин оюмдун тууралыгын улуу ойчулдардын айткандары менен бекемдеп койду.

Өзүңдү алдагандан пайда жок. Бардыгы – болбогон кереги жок түйшүк, курулай убаракерчилик. Туула электер бактылуу, өлүм өмүрдөн жакшы; андан эртэрээк кутулуш керек.

Салижан Жигитов: Көркөм сөздүн шаасы

VII

Илимден издегенимди таба албаган соң, аны турмуштан, айланамда жашаган адамдарга байкоо салып көрүүнү,— мен сыяктуу эле адамдар кантип жашап жатышат, менин үмүтүмдү үзүүгө алып келген суроого алардын мамилеси кандай экенин изилдегим келди. Жашоо шарттары, алган билимдери, көз караштары меникине жакын адамдарга байкоо жүргүзүп, мындай тыянак чыгардым. Менин абалыма жакын адамдардын түзүлгөн кырдаалдан чыгуу үчүн төрт жолу бар экен.

Биринчи жолу – бул белгисиздик. Анын мааниси жашоо деген болбогон маңызсыз нерсе экенин билбей, түшүнбөй жүрө берүү. Бул топко кирген адамдардын – басымдуу көпчүлүгүн аялдар же жаш, эч нерсени түшүнбөгөн мадыра баштар, – алар Шопенгауэрге, Сулайман пайгамбарга, Буддага белгилүү жашоо сырларын алигиче түшүнүшө элек. Алар ажыдаардан да, асылып турган бутакты кемирип жаткан чычкандардан да кабары жок, жөн гана жалбырактагы балды жалап жатышат. Бирок, алар жалбырактагы балды такай эле жалай беришпейт: кимдир-бирөө алардын көңүлүн ажыдаар менен чычкандарга буруп, аларды көргөзкөндө, – балды жалоо ошону менен бүтөт. Андай адамдардан мага үйрөнө турган эч нерсе жок, билген нерсеңди билбей коё албайсың.

Экинчи жолу – бул Эпикурдун жолуна түшүү. Анын мааниси, жашоонун маани-маңызы жогун билип туруп, болгон мүмкүнчүлүктөрдү коё бербей жашоонун жыргалын көрүү, ажыдаар менен чычкандарды көрүп турса да жалбырактагы балды, бөтөнчө ал жетишерлик көп болсо ыракаттанып жалай берет. Сулайман пайгамбар бул жөнүндө мындай дейт:

«Көңүл ачууну даңазалайм, анткени бул жашоодо ичип-жеп жыргагандан артык иш жок: ал адамга кудайдын берген өмүрүндө анын оор эмгегин дайыма коштоп жүрөт. Ошондуктан жеген наныңды көңүлдүү жеп, жүрөгүңдү кубанткан виноңду шаттанып ич. Сүйгөн аялың менен бул эч нерсеге татыбаган жашоонун ар бир күнүн жыргалга батып жаша, – анткени бул эмгек менен өткөзкөн жашооң үчүн тийген энчиң… Колуңдан келген иштин баарын жаса, анткени көргө киргенде жумуш да жок, илим да жок, акылмандык да жок».

Биздин чөйрөдөгү көп адамдар ушул жол менен жүрүшөт. Алардын кууралынан жыргалы көп жашоо шарттары, аң-сезимдеринин зээнсиздиги, мындай абалдары убактылуу экендигин, ар ким эле Сулайман пайгамбар сыяктуу миң аялдуу, миң хан сарайлуу боло албасын, ар бир миң аялы бар адамга миң бойдок туура келерин, ар бир миң хан сарайды тер төгүп курган миң адам бар экендигин, бүгүн мага Сулайман пайгамбар болууга мүмкүнчүлүк берген жазмыш, эртең эле Сулайман пайгамбардын кулу кылып коёрун унуттуруп салат. Алардын маңыроолугу Буддага тынчтык бербеген – оорунун, карылык менен ажалдын бүгүн болбосо эртең,— ошол бардык жыргалчылыктарды тыптыйпыл кыларын унутууга мүмкүнчүлүк берет.

Алардын кай бирлери өздөрүнүн акылынын мококтугу менен маңыроолугун философия катары көргөзүшөт, бирок алар позитивдүү деп ойлошкон бул нерсе, аларды маанисин түшүнбөй балды жалагандардын катарына коёт. Мен ал адамдарды туурай албайт болчумун: макоо болбогондон кийин, макоолорду ээрчиген жокмун. Мен бардык акыл-эстүү адамдар сыяктуу эле, бир көргөндөн кийин ажыдаар менен чычкандардан көзүмдү албайт элем.

Үчүнчү жол күчтүн жана энергиянын жолу. Анын мааниси жашоонун маанисиз, сандырак экенин түшүнгөн соң аны жок кылуугу аракет кылышат. Бул эрки күчтүү адамдардын колунан келет. Тагдырдын тамашасына кабылганын, тирүүнүн жыргалынан өлгөндөн жыргалы артык экенин түшүнүшкөндө, ал тамашаны дароо токтотууга бел байлашат, анын үстүнө ойлогондорун аткарууга каражаттар да дайыма табылат: моюнга салганга сыйыртмак, чөгүп кеткенге суу, жүрөккө сайганга бычак, темир жолдогу поездер. Биздин чөйрөдө мындай адамдардын саны барган сайын өсүп барат. Мындай кадамга көбүнчө турмуштары эң жакшы убакта, аң-сезими гүлдөп турган мезгилдерде, акыл-эсти талкалай турган адаттар пайда боло электе барышат. Бул жол татыктуу жол экенин көрдүм, өзүм да ошол жолго түшүүнү каалаган элем.

Төртүнчү жол, алсыздардын жолу. Ал жолду тандагандар жашоонун мааниси жок экенин көрүп-билип турса да, алдыда күткөн эч нерсе болбосо да, ал жолдон чыгышпай сапарларын уланта беришет. Алар өлүм тирүүлүктөн жакшы экенин түшүнүшөт, бирок жалган дүйнөнү бир шилтем менен үзө чаап, өлүмгө барыштын ордуна илээлеп жүрө беришет. Алсыздардын кылары дал ушул, болбосо алдыда турган жакшы нерсеге жетүү өз колуңда турганда эмнеге кылчактайсың?.. Мен ушулардын катарында турдум.

Ой-жоруулары мага окшогон адамдар ушинтип оор абалдан төрт жол менен сактанышат. Канчалык эстөөгө аракет кылсам да, мен мындан башка жолду көргөн жокмун. Кайталайм, биринчи жол: жашоонун сандырак, болбогон маңыз-маанисиз, бактысыздык экенин түшүнүүгө аракет кылбай, аны билбей жаша же такыр эле жашабай койгонуң жакшы. Мен бул нерсени билбей коё албайт элем, бир жолу билип алгандан кийин ага көзүмдү жума албайт болчумун. Дагы бир жол: келечек жөнүндө баш оорутуп олтурбай, кандай тагдыр туш келсе ага ыраазы бол. Мен андай да кыла алган жокмун. Сакиа-Муни сыяктуу мен дагы карылык, оору, өлүм жөнүндө билген соң кайрадан сейилге чыга алган жокмун. Менин элестетүүм күчтүү эле. Андан тышкары, үлүшүмө тийген көз ирмемдик жыргалдын капысынан келген мүнөтүнө кубана албайт элем.

Үчүнчү жол: жашоонун маңыз-мааниси жок курулай убаракерчилигин түшүнгөн соң жашоону токтотуп өлүп алуу. Муну түшүнгөн менен эмнегедир өлүүгө шашкан жокмун. Төртүнчү жол: Сулайман пайгамбар, Шопенгаэр сыяктуу – жашоо бул шылдың кылган жазмыштын бир оюну экенин билип турсаң да, жуунуп, кийинип, тамактанып, сүйлөп, ал эмес китеп жазып баары бир жашоону уланта берүү. Бул мага оор жана көңүлүмдү айлантса да дал ошол абалда болууну уланттым. Азыр анда өлүп албаганымдын себебин биле баштадым, ал менин ойлорумдун аныктыгына толук ишенбеген шектенүүмдөн болуптур. Канчалык өзүмдүн жана акылмандардын жашоонун сандырактыгына ишендирген ойлорун айныксыз чындыктай көргөнүм менен, жүрөгүмдүн түпкүрүндө кандайдыр бир шек саноо бар эле.

Ал шектенүүм мындай эле: аң-сезимим жашоонун курулай убаракерчилик экенин тааныды. Эгерде, жогорку аң-сезим жок болсо (ал чынында эле жок, анткени анын бар экенине бир да далил жок), анда менин аң-сезимим, мен үчүн жашоонун жаратуучусу. Аң-сезимим болбосо, жашоом да жок. Анда эмне үчүн өзү жараткан жашоону өзү жокко чыгарат? Башка жагынан карасак: жашоо болбосо, аң-сезимим да болмок эмес демек, аң-сезим жашоонун уулу. Бардык нерсе бул жашоо. Акыл-эс жашоонун мөмөсү, анан кантип ал жашоону танат. Бул жерде бир туура эмес нерсе барын сезип жаттым.

Жашоонун опосуз, жалган экени чындык, – дедим өзүмө. – Бирок мен жашап жүрбөймүнбү, жашай берем, адамзат да жашоосун токтотпой жашап келет. Бул кандай? Жашабай койгонго болсо, анда эмне үчүн жашап жүрөбүз? Эмне, жашоонун мааниси жок, убаракерчилик экенин Шопенгауэр экөөбүз эле билиптирбизби? Опосуз жашоо жөнүндө ар кандай кептерди айтып талкуулоо анча деле акылды талап кылбайт, бул тууралуу илгертеден жөнөкөй эле адамдар айтып да, жашап деле келатышат, жашай да беришет. Анан алар эмне үчүн жашоонун кереги бар-жогуна баш оорутпай эле жашап жүрүшөт? Билимиме, акылмандардын айткандарына таянып, мага бул дүйнөдөгү бардык нерселер, –органикалык жана органикалык эмес заттар, – бардыгы укмуштуудай ойлонуп жасалганын, бир гана менин абалым өзүмдү канаттандырбасын ачтым. А тигил жиндилер, – жөнөкөй адамдардын көпчүлүк бөлүгү, – органикалык жана органикалык эмес заттардын кандайча түзүлгөнү менен иштери да жок, ошондуктан аларга бул жашоо аларга акыл-эс менен курулган нерседей көрүнөт! Анан менин башыма: балким, мен билбеген дагы бир нерсе болуп жүрбөсүн?—деген ой келди.

Билбестик ушундай кылат эмеспи. Билбес билбеген нерсеге жолукса, билбеген нерсесин  келесоолук деп эсептейт. Чындыгында, кызык мына ушунда, жалпы адамзат жашоо маанисин түшүнүп жаткансып жашайт, аны түшүнбөсө ал жашай алмак эмес, а мен жашоо курулай убара деп эсептейм, ошондуктан жашагым келбейт. Шопенгауэр экөөбүзгө жашоону танганга эч ким тыюу салбайт. Андай болсо – өлүп ал, ал тууралуу экинчи сүйлөбөйсүң. Жашоо жакпайбы, өлө бер. Жашап жатып жашоо маанисин түшүнө албасаң, түшүнбөгөнүңдү айтып бутка чалынып жүрө бербей аны токтот. Көңүл ачып жатышкан жерге барып, эмне кылып жатышканын жакшы түшүнгөн, көңүлдүү адамдардын маанайын өзүңдүн турмушка нааразы, үңүрөйгөн кебетең менен бузбай кетип кал.

Чындыгында, өзүн өзү өлтүрүүгө бел байлап, бирок ага баралбай жүргөн адамдар эң чабал, кайсалактаган, жөнөкөй тил менен айтканда макоо адамдар экенибиз, ал макоолугубузду саймаланган баштык асынган жиндидей, жонубуздан түшүрбөй жүргөнүбүз жалганбы? Биздин акылмандыгыбыз бизге жашоо маңызын түшүндүргөн билим бере алган жок да. Жашоону түзүп турган адамзат, миллиондогон адамдар – жашоонун жалганына ишене беришпейт. Мен билгенден, илгертеден эле мени жашоонун маңыз-мааниси жок деген пикирге алып келген, жашоонун курулай убаракерчилиги тууралуу кеп кылышканы менен, баары бир жашоолоруна кандайдыр бир маани берип жашап келишкен. Адамдардын жашоолору башталгандан бери эле алар жашоо мааниси билишкен, ошол жашоолорун биздин күндөргө чейин өткөзүп келатышат. Мендеги, менин айланамдагы нерселердин бардыгы, – алардын билиминин жемиши.

Дал ушул жашоону сынап-сындап жаткан ой куралдарын мен эмес, ошолор ойлоп табышкан. Мен ошолордун арасында туулуп, ошолордун жардамы менен тарбияланып чоңойдум. Алар темирди казып алып иштетишти, токойдогу дарактарды кыйганды, уйду, жылкыны колго көндүрүп, эгин сепкенди, бирге жашаганды үйрөнүштү; алар мени ойлоп сүйлөөгө машыктырышты. Анан, ошолор багып өстүргөн, билим берген, ойлонууга, сүйлөөгө үйрөтүшкөн мен, – аларды, алардын жашоосун курулай убаракерчилик деп жокко чыгарып жатпаймынбы! “Бул жерде бир нерсе бар – мен бир нерседен жаңылып жатам”— деген ой келе баштады. Бирок, кай жерден жаңылганымды түшүнө албайм.

VIII

Ал кездеги будуң-чаң ойлорумду, шектенүүлөрүмдү эми гана баары түшүнө алгыдай айтып бере алчудаймын. Ал убакта акылмандардын тажырыйбасына таянып айткан жашоонун курулай убаракерчилик экендиги тууралуу ойлорум канчалык логикага туураласам да, анда бир жаңылыштык бар экенин туюп жаткам. Ал ойлорумдун өзүбү же коюлган суроо туура эмеспи, аны билчү эмесмин; көз карашым жетишерлик ишенимдүү болгону менен, ал аздык кылып жатканын сезгем.

Ушул менин ойлорумдан келип чыккан далилдер, мени ошол ойлор түрткөн аракетти жасоого таптакыр ынандыра алган жок, башкача айтканда, мен өлүмгө барган жокмун. Эгерде мен бул чечимге акыл-эсим менен жеттим десем, анда калп айткан болор элем. Албетте, акыл-эсим иштеп жатты, бирок андан тышкары дагы бир нерсе иштеп жаткан, мен аны жашоонун аң-сезими десем болчудай. Менин көңүлүмдү башка нерсеге эмес, ушул нерсеге бурган бир күч иштеп жаткан, дал ошол күч мени үмүтсүз жашоомдон артка кайрып, акыл-эсимди таптакыр башка багытка бурду.

Ошол күч адамзат мага окшогон жүздөгөн адамдардан турбасына, мен адамзаттын жашоосу жөнүндө алигиче эч нерсе билбестигиме көңүлүмдү бурду. Айланамдагы тыкыз курчаган замандаштарымдан мен маселени түшүнө албаган адамдарды, түшүнүшсө да, ал маселени аракечтик менен, алсыздыгын көргөзүп жашоодон үмүттөрүн үзүп, өмүрлөрүн кыюу менен чечкен адамдарды көрдүм. Мен андан башкача аракеттенишкен адамдарды жолуктурган жокмун. Өзүм мүчөсү болгон ушул окумуштуулардан, байлардан, бекерпоздордон турган коом бүткүл адамзатты түзүп, калган жашап өтүшкөн жана жашап жүрүшкөн миллиардаган адамдар, – мындай эле бир нерсе, адамдар эмес, – айбанаттардай сезилчү.

Азыр мага ошол кезде жашоо жөнүндө ой жүгүртүп жатып, айланамдагы адамдардын жашоосун көрүп-билип туруп, менин, Сулайман пайгамбардын, Шопегауэрдин жашоолорун чыныгы жашоо, а калган миллиардаган адамдардын жашоосу көңүл бурууга татыбайт деп катуу жаңылып жүргөнүм түшүнүксүз жана таң калыштуу.Текеберчилигимден улам, биз Сулайман пайгамбар, Шопенгауэр үчөөбүз маселени туура жана так койдук деп ойлогом, миллиардаган башка кишилерди теңиме албай, маселенин тереңине кирип түшүнбөгөн немелердей көрүп, өзүмө бир да жолу: “Дүйнөдөгү жашап жүргөн жана жашап өткөн миллиарддаган адамдар өз жашоолорунун маанисин кандайча түшүнүшөт?”—деген суроону бербептирмин.

Эң либералдуу көз караштагы жана окумуштуу адамдарга мүнөздүү адашкан абалда көпкө жашадым. Бирок, чыныгы жумушчу адамдарды жактырганым, алар биз ойлоп жүргөндөй келесоо эместигин түшүнүп билишим түрткү болдубу же менин жасап көрмөйүнчө, же менин чыныгы ишенимимде асынып өлгөндөн жакшы башка эч нерсе билбестигимденби, айтор, мен жашоонун маңыз-маанисин, жашоого кызыгы тарап, өлгүсү келгендерден эмес, жашоодо биздин жана өзүнүн оор жүгүн эч майышпай көтөрүп өткөн, көтөрүп жүргөн миллиардаган адамдардан издөө керегин сезе баштадым.

Ошол көп сандаган илим-билимден алыс, баш жарган байлыктары жок жөнөкөй адамдарды карап туруп, таптакыр башка нерсени көрдүм. Ошол миллиардаган жашап өткөн жана жашап жаткан адамдар, арасында анда-мында бирөөлөрүнөн башкасы, менин мурда бөлүп караган топтордун бирине да туура келбейт экен, биринчиден аларды жашоо маанисин түшүнбөгөндөрдүн тобуна киргизе албадым, анткени алар ал суроону өздөрү коюп, ага болуп көрбөгөндөй ачыктык менен түшүнүктүү, так жооп беришет. Экинчиден, аларды эпикурчулардын катарына да коё албадым, анткени алардын жашоолору жыргалга караганда, жокчулук менен жакырчылыкта көбүрөк өтөт; үчүнчүдөн, маанисиз жашоону максатсыз жашап жүрүшөт деп айтууга оозум барбайт, анткени алардын жашоосундагы ар бир окуя жана өлүмдөрүнө карата даана, так жооптору бар. Өздөрүнө кол салып, жанын кыюуну алар чоң күнөө деп билишет.

Көрсө, адамзаттын кандайдыр бир мен билбеген жана эч кимдин эркине баш ийбеген жашоо мааниси тууралуу өз илимдери бар экен. Демек, акыл-эстүү илим жашоонун сырын ача албайт, жашоону танат; ал эми миллиарддаган адамдардын жашоосунан келип чыккан жашоонун мааниси кайдагы бир эч нерсени тоотпогон, жалган илимге негизделет экен. Акыл-эстүү илимдердин өкүлдөрү болгон окумуштуулар менен акылмандар жашоонун маанисин жокко чыгарышат, ал эми көп сандаган адамдар, бардык адамзат жашоо маанисин акылга сыйбаган илимге таянып таанып билишет. Ал акылга сыйбаган илим, башында мен чанып, таштап кетпей коё албаган ишеним, ал Кудай, ааламдын алты күндө жаралышы, жин-шайтандар жана периштелер жана мен акыл-эсим толук кезинде кабыл ала албай турган ушул сыяктуу нерселер эле.

Менин абалым өтө оор эле. Мен акыл-эстүү илимдерден жашоо маанисин тангандан башка эч нерсе таба албасам, а динде андан да жаман, акыл-эсти тануудан башка нерсе таба албасымды көрүп-билип турдум. Акыл-эстүү илимдер жашоо бул түйшүгү көп азап экенин, аны адамдар жакшы билишерин, ал жашоодо өмүр сүрүүнү же таштап кетүү адамдардын өздөрүнө байланыштуу экенин, а алар жашоонун курулай убаракерчилигин билишсе да жашап келишкен жана мен сыяктуу эле жашап да жатышканын айтат. Ал эми динде жашоонун маанисин билгим келсе, мен дал ошол маанини билгиси келген акыл-эсимден ажырашым керек экен.

IX

Бул карама-каршылыктын чыгуусуунун эки себеби бар: же мен акыл-эстүү деп жүргөн нерсе, мен ойлоп жүргөндөй акыл-эстүү эмес; же мен акыл-эси жок деген нерсе мен ойлогондой акыл-эссиз эмес. Ошондуктан, акыл-эстүү билимдеги ой жүгүртүүмдүн кадамдарын изилдеп көрүүнү чечтим, жана аны изилдеп көргөндөн кийин анын туптуура экенине көзүм жетти. Жашоонун болбогон нерсе экени жөнүндөгү тыянактан качып кутулууга мүмкүн эмес эле, бирок, ушул жерден катачылыкты таптым. Катачылыктын себеби, мен коюлган суроого жараша ой жүгүртпөй жатыптырмын. Ал эми суроо мындай эле: мен бул жалган жашоодо жашап эмне кылам, башкача айтканда, менин бул дүйнөдөгү жашоомдун эмне мааниси бар? Анан бул суроого жооп алыш үчүн кайра эле ошол жашоону изилдеп жаткам.

Жашоонун бардык боло турган маселелердин чечилиши, мени канаттандырбасы анык болчу, ошондуктан менин маселем, адегенде жөнөкөй сезилгени менен, өзүнө чексиздикке болгон чексиз талаптарды камтыйт. Мен, убакыттан, себептен тышкары, мейкиндиктин сыртындагы жашоомдун мааниси эмне?— деген суроо берип, ага убактылуу, чыгуу себеби бар, мейкиндиктин ичидеги жашоонун мааниси эмне?—деген суроого жооп берип жатыптырмын. Жыйынтыгында, ошончолук акыл эмгегин коротуп берген суроом жоопсуз калды. Мен ой жүгүртүүлөрүмдө дайыма бүткөн нерсени бүткөн нерсе менен, чексиздикти чексиздик менен теңештирчүмүн, башкача кыла да албайт болчумун, ошондуктан бул болор нерсе болчу: күч деген күч, зат деген зат, эрк деген эрк, чексиздик деген чексиздик, жок нерсе жок, андан ары эч нерсе болушу мүмкүн эмес.

Бул математикадагы нерсеге окшош, теңдеме чыгарып жатам деп ойлосоң, теңдеме эмес бирдейликти чыгарып жаткан болосуң. Ой жүгүртүүң туура, бирок аягында башкача жооп чыгат: а=а, же болбосо х=х, же болбосо 0=0. Менин ой жүгүртүүм да ошондой жыйынтык берди. Бүт илимдердин берген жооптору, – коюлган суроону кайталоо, башкача айтканда, илимдин тили менен айтканда бирдейлик эле.

Чындыгында, чегинен чыкпаган, Декарттын акыл-эстүү илими сыяктуу илимдер, бардыгына шектенүү менен карай баштайт, дин сунуш кылган илимди четке кагып, кайрадан бардыгын акыл-эсин жана тажырыйбанын мыйзамына ылайыктайт жана жашоо мааниси тууралуу мен алган жоопту, – белгисиздикти алат. Мага адегенде гана илим оң жооп бергендей көрүнгөн, Шопенгауэр айткандай: жашоонун маңыз-мааниси жок, болгону ал жамандыктын булагы. Бирок, ишти талдап көрүп, жооп терс экенин түшүндүм, менин сезимим аны жөн гана ошондой кабыл алыптыр. Ал эми браминдер, Сулайман пайгамбар жана Шопенгауэрлер берген так жооптор, белгисиздикти билдирет, же болбосо ал бирдейлик: 0=0, мага маңызы жок көрүнгөн жашоонун өзү, – бул жок нерсе.

Философия илими бул маселе боюнча эч нерсени танбайт, ал жөн гана бул маселени чече албасын, ал үчүн маселе белгисиз бойдон каларын кабарлайт. Бул нерсени түшүнгөндөн кийин, мен акыл-эстүү илимдерден өз суроолорума жооп таба албасымды, ал берген жооптор маселени башка өңүттөн караганда: качан ой толгоолорго өлүмдөн кийинки бара турган акыркы жашоонун чексиздиктеги орду жөнүндө маселе коюлганда гана табылып калышы мүмкүн экендигин көрсөтөрүн билдим.

Андан тышкары, дин тарабынан берилген жооптор канчалык маанисиз, теңирден тескери болбосун, ал жооптордун артыкчылыктары бар, анткени ар бир жоопко ансыз жооп алынбай турган, акыркы жашоонун чексиздикке болгон байланышы тууралуу маселени эсепке алат. Суроону кандай койбоюн анын жообу бар: Мен кандай жашашым керек?

Жооп – кудайдын мыйзамы менен.

Бул жашоо мага эмне берет?

Жооптүбөлүк кыйноону же түбөлүк жыргалчылыкты.

Өлүмдүн мааниси эмне? Жооптүбөлүктүү. Кудайдын астына баруу, бейиш.

Ошентип, мурда жалгыз ушул деп жүргөн акыл-эстүү илимден башка, жер жүзүндө жашаган адамзаттын мындан бөлөк, акыл-эске баш ийбеген, жашоого үмүт берген дагы бир илим, диндин бар экенин моюнума алдым. Дин жөнүндөгү пикирим мурдагы боюнча калса дагы, мен анын адамзаттын жашоо тууралуу суроолоруна жооп берерин, ошол себептүү жашоого үмүт берерин моюнума албай коё албайт элем. Акыл-эстүү илим жашоону курулай убаракерчилик экендиги жөнүндө ойго алып келип, андан ары жашоо мааниси жогун көргөзүп, өлүп алгым келген. Айланамдагы адамдарга, бүткүл адамзатка байкоо салып, адамдар жашоо маанисин билишерин, жашоосун токтотууну ойлонуп да койбой жашап жүрүшкөндөрүн көрдүм. Өзүмө көз жүгүрттүм: мен жашоонун маанисин түшүнгөн кезде жашап жүрдүм. Башка адамдарга бергендей эле жашоого болгон мүмкүнчүлүктү мага дин берип жүрүптүр.

Андан ары, башка өлкөлөрдөгү адамдардын азыркы жана илгерки өткөн жашоолорун карасам бардыгы окшош экен. Жашоо кайда болсо, ал жерде дин бар, ишеним бар, адамзат пайда болгону ал ишеним да пайда болгон. Анын негизги белгилери бардык жерде бирдей эле. Кандай жана кимге берилген жооп болбосун, кайсы гана ишенимде болсо да, анын берген жообу адамдын акыркы жашоосуна чексиз маанини, –  кыйынчылыктар, кууралдар менен өлүм жок кыла албаган маанини берет. Демек бир ишенимде эле, – жашоо маанисин, жашоо мүмкүнчүлүгүн тапса болот. Мен анан бир нерсени түшүндүм: ишеним бул кеңири маанисинде “көзгө көрүнбөгөн нерсени ачуу” гана эмес, жаңы ачылыш да эмес (бул ишенимдин бир белгисин сүрөттөп жазуу гана), бул адамдын кудайга болгон мамилеси да эмес (а дегенде кудай аркылуу диниңди издебей, ишенимиңди тактап алып анан кудайга кайрыл), адамга айткандын баарына макул боло берүү да эмес (динди адамдар көбүнчө ушундай түшүнүшөт), ишеним бул адам жашоосунун маанисин билүү, ошонун аркасында адам өзүн талкалап салбай, жашоосун улантат. Ишеним бул жашоонун күчү. Адам бир нерсеге ишенип жашайт. Адам бир нерсеге ишенбесе, анда жашамак эмес. Жан чыккандан кийинки жашоого чындыгына түшүнүп көзү жетпесе да, ал ошол жашоого ишенет; эгерде ал өлгөндөн кийинки жашоо чындыгына ишенсе, анда чексиздикке ишенет. Ишенимсиз жашоого болбойт.

X

Азыр өзүмдүн ички ой жүгүртүүлөрүмдүн кандай жүргөнүн эстесем төбө чачым тик турат. Эми мен жакшы түшүндүм, адам жашаш үчүн, ал чексиздикти көрбөш керек же бүткөн нерсе чексиздикке теңдешкен сыяктуу жашоо маанисин кабыл алыш керек эле.

Андай түшүнүк менде бар эле, бирок мен ал жашоого ишенбей, аны акыл-эсим менен текшерген учурга чейин анын кереги жок болучу. Акыл-эстин тийген жарыгы менен мурдагы түшүнүгүм күм-жам болуп кеткен. Анан акыркы жашоого, өлүмдөн кийинки жашоого ишенбеген күндөрүм болду. Ошол учурда акыл-эс менен топтогон билимдин көмөгү менен жашоо маанисин түшүндүрө алаар ишенимди кура баштадым; бирок, андан эч нерсе чыккан жок. Адамзаттын ичинен чыккан акылмандар менен бирдикте 0=0 деген жыйынтыкка келдим, андан башкача жыйынтыктын келиши мүмкүн эместигин түшүнүп турсам да буга таң калдым.

Жоопту так илимдерден издеп жатканда эмне кылдым? Анда өзүм эмне үчүн жашап жүргөнүмдү билгим келген, ага жоопту ички дүйнөмдөн издебей, сырттагы нерселерди изилдеп жүргөм. Албетте, мен көп нерселерди билдим, бирок анын ичинде мага керектүү нерсе жок экени түшүнүктүү да.

Жоопту философиялык илимдерден издегенде эмне кылдым? Анда мага окшогон эле, эмнеге жашап жүргөндөрүн билбеген адамдардын ой пикирлерин изилдеп, жоопту ошол жактан издедим. Анан ал жактан эч нерсе таба албасымды билгенден башка эч нерсе таба албасым өзүмө белгилүү эле.

Мен киммин? – чексиздиктин бир бүртүгүмүн. Дал ушул эки ооз сөздө бардык маселе камтылган. Эмне бул суроону адамзат кечээ эле ойлоп таптыбы? Чындап эле акыл-эси жаңы ойгонуп келаткан жеткинчектин ар биринин оюна келер ушул жөнөкөй суроону, менден башкалар өздөрүнө беришкен эмеспи? Бул суроо адамзаттын жаралганынан баштап пайда болгон; адамзат жаралгандан бери эле бул маселенин чечиш үчүн өткөн өмүрдү өткөн өмүргө, чексиздикти чексиздикке салыштыруу жетишсиз болгону түшүнүктүү, ошондуктан адамдар пайда болгондон баштап, өткөн өмүрдүн чексиздик менен байланышы табылган жана аныкталган. Өткөн өмүрдү чексиздикке байланыштырган түшүнүктүн баары  жүрүп олтуруп жашоо маанисин чагылдырып, биз кудай, эркиндик, жакшылык деген түшүнүктөрдү акыл-эске салып изилдей баштаганбыз. Бирок, ал түшүнүктөрдү эч кандай сын көтөрө албайт. Бул, билгичтик жана маашыркануу менен, жүрүп турган саатты чачып, пружинасынан оюнчук жасап алып, анан саат эмне жүрбөй калды деп таң калган балдар кандай күлкүлүү болушса, биз да дал ошондой абалга туш болгондой кеп. Өткөн менен чексиздиктин карама-каршылыктарын чечүүдө бизге жашоонун суроолоруна жооп берген, жашоого мүмкүнчүлүк бере турган чечим керек. Бул, биз бардык жерден, бардык элден жолуктурган жалгыз туура чечим, – канчалаган адам өмүрлөрүн соруп жок кылган убакыттан сыгылып чыккан чечим, биздин колубуздан мындан башка буга окшогон нерсе таптакыр келбеген оор чечим, бул суроону берүү үчүн, биз  жеңил ойлуулук менен оңой эле талкалап салган, бардыгына мүнөздүү жообу жок чечимдин дал өзү.

Түбөлүктүү кудай жөнүндө, кудайга тиешелүү жан жөнүндө, адам менен кудайдын ортосундагы мамиле жөнүндө, жакшылык менен жамандыктын аклак-адептүүлүгү жөнүндө түшүнүк, –  бул адамзаттын карт тарыхтагы барактарына катылган түшүнүктүн маңызы, ансыз жашоонун жана менин да болушум мүмкүн болбогон түшүнүктүн маңызы, а мен ошол бүткүл адамзат жасаган иштерди көңүлүмө албай, бардыгын жаңыча, өзүм билгендей жасагым келген. Мен ал кездерде антип деле ойлогон эмесмин, бирок бул ойлордун түйүлдүгү жаралып калган эле.

Менин түшүнгөнүм:

1) Шопенгаур, Сулайман пайгамбар үчөөбүздүн акылмандыгыбызга карабай, начар абалда элек, жашоо жамандыктын булагы экенин билип турсак да жашоону улантып жатканбыз. Бул чынында макоочулук, анткени жашоо жамандык болсо, – а мен акыл-эстүү нерселердин баарын жакшы көрөм, анда жашоону талкалап жок кылуу керек, ошондо аны тана турган эч ким калбайт эле.

2) Биздин ой толголоорубуз аркандалган аттай кагылган казыкты айланып алыс узай албай тегеренип турганын түшүнүп турдум. Канчалык терең ойлонсок да, биз суроолорго керектүү жооп ала албайбыз, жыйынтык дайыма 0=0 болот, демек, биз жаңылыш жолго түшүп алганбыз.

3) Дин берген жооптордо адамзаттын терең акылмандыгы жатканын, андан акыл-эстин негизинде баш тартууга укугум болбогонун, негизгиси жашоо мааниси тууралуу суроого бирден бир жоопту дин гана берерин түшүнө баштадым.

X

Аны го түшүндүм, бирок андан мага жеңил деле болгон жок. Эми менден акыл-эсти түздөн-түз танууну талап кылган жалган ишенимден башка, кандай гана ишеним болсо да кабыл алууга даяр элем. Анан буддизди, ислам, бөтөнчө христиан диндери жөнүндө жазылган китептерди окуп, айланамдагы христиан динин карманган адамдардын жашоосуна көңүл буруп изилдей баштадым. Албетте, өз чөйрөмдөгү динге ишенген окумуштуулардан, православия динине кызмат кылган чирөө кызматкерлеринен, улгайып калышкан кечилдерден, ал тургай православия дининдеги жаңы агымдарды карманган адамдардан, алардын жашоонун маңыз-маанисин кандай түшүнүшөрүн, ага ишенер ишенбесин сурамжылай баштадым. Канчалык алар менен талаш-тартыштарга баргандан качууга аракет кылсам да, алардын ишенимдерин кабыл ала албадым, – мен алардын ишенимдери жашоо маанисин түшүндүрбөй эле, аны тумандатаарын, алардын өздөрүнүн айтымында, ишенимди мени динге кайра алып келген жашоо маңызын билүү үчүн эмес, кандайдыр бир мен билбеген максаттар үчүн кармашарын билдим.

Ал адамдар менен болгон көптөгөн жолугушуулардан кийин, кайра-кайра үмүтсүздүккө кайтканым мен үчүн кандай кыйноолорду жаратканы али эсимде. Алар өз диндери жөнүндө канчалык көп айткан сайын, мен алардын жаңылыштыктарын даана көрүп, алардын дининен жашоо маанисин табуудан үмүтүм таптакыр үзүлө баштады. Мага белгилүү христиандардын чындыгына алар өздөрүнүн дининен мага кереги жок көп нерселерди аралаштырып жатышты, – бул мени чочуткан жок; мени алардан көңүлүм кала баштаганы, алардын жашоолору деле меники сыяктуу, айырмасы – алардын дининдеги айтылган нерселер менен жашоолорунун дал келбестигинде эле. Алар өздөрүн алдап жүрүшкөнүн сездим, алар деле мендей болуп жашоого бир келген соң, колго тийгендин баарын алып жашай берем дегенден башка жашоо сыры менен иштери да жок жүрө берерин көрдүм.

Мен аны аларда жетишсиз турмуштан, кыйналуулардан, өлүмдөн коркуу сезимин талкалаган жашоонун маңыз-мааниси болбогондуктан, ал сезимдерден коркуп жашап жүрүшкөндөрүн байкадым. Алар деле биздин арабыздагы динге ишенгендер, мен сыяктуу эле, жакшы турушчу, байлыктарын көбөйтүп, сакташчу, жоготуулардан, кыйналуулардан, өлүмдөн коркушчу, ошондой эле мен жана мен сыяктуу динсиздердей эле адамдык каалоолорун аткарып, динсиздерден ашса ашып, бирок кем эмес жашоо өткөзүшчү. Канчалык аракет кылышса да, алар мени өз диндеринин нака чындык экенине ишендире алышпайт эле. Алар жокчулуктан, оорудан, өлүмдөн коркпогонун көрсөтө алган жашоо маанисин барын далилдеген аракеттери менен гана мени ынандыра алышмак. Биздин чөйрөбүздөгү ар түрдүү динге ишенгендердин мындай аракеттерин көрө алган жокмун. Тескерисинче, андай аракеттерди арабыздагы динге караманча ишенбеген адамдардан жолуктурдум.

Бул адамдардын ишеними, – мен издеген ишеним эмес экен, алардын ишеними ишеним эмей эле Эпикурдун жашоодогу жооткотууларынын бири экен. Мен, бул ишенимдин, Сулайман пайгамбар өлүм алдында жатканда аны жооткотууга эмес, анын кай бир  шек саноолорун таркатууга гана жарай турганын, ал эми адамзаттын,  бирөөлөрдүн эмгегин пайдаланып эс алуу үчүн эмес, жашоону жаратуу үчүн келген эң чоң тобуна таптакыр туура келбесин түшүндүм.

Адамзаттын жашашы, ал жашоосуна маани берип аны улантышы үчүн, алардын, миллиардардын, башка, чыныгы дини болушу керек экен. Бул диндин бар экендигине Сулайман пайгамбар, Шопенгауэр үчөөбүздүн өлүмгө барбай калганыбыз эмес, ушул миллиарддаган адамдардын жашап жатканы жана жашай беришери ынандырды, алар бизди өздөрүнүн жашоо толкундары менен сактап калышты. Мен динге ишенген кедейлер, жупуну, билимсиз, жакыр адамдар, кечилдер, дыйкандар менен жакын боло баштадым. Бул элден чыккан адамдар деле, менин чөйрөмдөгү калп эле динге ишенгендей түр көрсөткөн адамдардай эле, христиан динин тутушчу. Христиан динине туура келбеген көп сандаган ырым-жырымдар аралашып жүрчү, бир айырмасы – ал ырым-жырымдар биздин чөйрөдөгү адамдарга кереги деле жок, ал аларды өз  жашоолорунда колдонушчу эмес, бул аларга Эпикурдун тамашалары сыяктуу бир нерсе; ал эми эмгекчил элдин жашоосунда ал ырым-жырымдар ушунчалык сиңип калгандыктан, алардын жашоосун ал ырым-жырымдарсыз элестетүүгө да болбойт, ал алардын жашоосунун сөзсүз болор шарты. Менин чөйрөмдөгү адамдар бүткүл жашоосу, алар карманган динге карама-каршы эле, ал эми динге ишенген эмгекчилердин жашоосу дин берген жашоо маңызын сактап жашоо болчу. Аларга канчалык көңүлүмдү коюп, алардын жашоолоруна көз кырымды сала баштаган сайын, мен аларда чыныгы ишенимдин бар экендигине, ал ишеним аларга жашоо маанисин, жашоого мүмкүнчүлүк берерине ошончолук көбүрөк ишендим.

Эгерде биздин чөйрөдө динге ишенбей жашай бергенге болсо, миң киши ичинен бир адам динди карманса, тескерисинче, булардын чөйрөсүндө миң кишинин бирөө динге ишенбейт. Биздин чөйрөдөгү бай адамдардын жашоосу, майрам менен, чардап жүрүүлөр, турмуштарына ыраазы болбой наалуулар менен коштолсо, булардын турмуштары оор, узак жана тажатма эмгек кылуу менен өтөт, жашоолоруна анчалык деле нааразычылыктарын айта беришпейт. Биздин чөйрөдөгү бай адамдар тагдырларына жазылган кыйынчылыктарга нааразы болуп, каршылык көргөзүшсө, бул адамдар тескерисинче, чекелерине жазылган жетишсиз жана оор жашоону кыңк этпей, чыдамкайлык менен көтөрүп, тагдырына жазылган нерсени өзгөртө албасын  түшүнүү менен кабыл алышат. Биз өзүбүздүү акылдуу сезсек да жашоо маанисин түшүнбөй, өлүмдү кыйынчылык менен кабыл алабыз, а бул адамдар тескерисинче, кыйналып жүрүп жашашат да, өлүмдү көбүн эсе кубануу менен тосушат. Биздин чөйрөдө өлүмдөн тайманбай, коркуп-үркпөй тосуу жокко эсе болсо, бул адамдарда өлүмгө баш ийгиси келбей тыбырчылган учурлар жок десем жаңылбайм. Мына ошондой, Сулайман пайгамбарыбыз экөөбүз үчүн жашообуздун бирден бир бул дүйнөнүн жыргалы болгон нерселерден куру жалак калышкан, бирок ошол эле учурда өздөрүн бактылуу сезген адамдар – жүздөп-миңдеп саналат.

Мен айланама кенен карай баштадым. Өткөндөрдүн жана учурда жашап жаткан көп сандаган адамдардын жашоолорун изилдеп, карап көрдүм. Жашоо маанисин түшүнгөн, жашай жана өлө билген адамдардын эки, үч, он, жүз эмес, миң, миллион экенин көрдүм. Жүрүш-туруштары, мүнөздөрү, акыл-эстери, билимдери, ээлеген орундары бири-бирин кайталабаган ар түрдүү адамдардын бардыгы жашоонун, өлүмдүн маанисин эч нерсе түшүнбөгөн мага салыштырганда мыкты билип, эч капарсыз эмгектенип, турмуштун ачуу, таттуусун баштарынан кечирип, ошол тарткан түйшүктөрүнөн жакшылыктарды гана көрүп жашап, өлүп жатышкандарын билдим. Мен ал адамдарды сүйүп калдым. Андай адамдардын жашап жаткандарынын да, өлгөндөрүнүн да жашоолоруна сүңгүп кирип, алар жөнүндө окуп, угуп билген сайын, аларды ошончолук жакшы көрө баштадым, анткен сайын өзүмдүн жашоом да жеңилдей баштады.

Ушундай абалда эки жыл жашадым, андан кийин жан-дүйнөмдүн тереңиндеги өзөк-тамыр өсүп чыгып, ыңгайын келтире албай көптөн бери чогулуп, бышып жетилген чоң төңкөрүш болду. Биздин чөйрөнүн – байлардын, окумуштуулардын жашоолору тажатканды мындай кой, көрөйүн деген көзүм жок болуп жек көрүп, алардын жашоосу мен үчүн маанисин таптакыр жоготту. Биздин аракеттерибиз, ой толгоолорубуз, илим менен маданият, – мунун бардыгы баланын оюну сыяктуу көрүнүп калды. Андан маани издөөгө болбосун түшүндүм. Эмгекчи элдин жашоону куруп жаткан аракеттери, мага чыныгы иш экени ачык болду. Ошол жашоодон чыккан маани чындыктын өзү экенин түшүндүм жана аны кабыл алдым.

XI

Ушул эле ишеним менин чөйрөмдөгү адамдар ал ишенимге толук ишенбей кармап жүрүшкөндө ал маанисиз көрүнүп, мени ал ишенимден кетишиме себеп болсо, эми ал ишеним менен жашап жүргөн адамдарды жолуктурганымда кайрадан өз маанисин алып, мени өзүнө тарта баштаганын эстегенимде, – ошол кезде эмне үчүн андан кеткеним жана аны маанисиз деп эсептегеним, а эмне үчүн аны кабыл алып, анын маанисин таанып билгеним түшүнүктүү болду. Мен адашканымды жана кантип адашканымды түшүндүм. Көрсө, туура эмес ойлонгонумдан эмес, туура эмес жашап жүргөнүмдөн адашыптырмын. Көрсө, чындык менин туура эмес, чаташкан ойлоруман эмес, Эпикурдун жыргалчылыктарынын даамын татып, оюма келгендей ойноп-күлүп башыман кечирип жүргөн ырааты жок, ишенимге эч тиешесиз жашоомдон болуптур. Жашоомдун маңыз-мааниси эмне деген суроомо берилген жооп: азап, кыйноо, – бул жооп туура экен.

Туура эмес жери – ал мага гана тиешелүү жоопту, мен жалпы эле адамзатка тиешелүү жооп катары көрүптүрмүн: менин жашоомдун мааниси эмне деп сурадым өзүмдөн жана ага курулай азап, убаракерчилик деген жооп болду. Менин жашоом — көп сандаган каалоолорумдун жетегинде болуп, – мааниси жок, азап-кыйноо менен өтүп жаткан, ошондуктан: “Жашоо азап жана курулай убаракерчилик” деген жооп адамзат жашоосуна тиешеси жок, менин жашоомо гана тиешелүү эле.

Кийинчерээк Евангелиядан тапкан чындыктан мен адамдар жарыкка караганда караңгыны жакшы көрөрүн, ошондуктан жаман иштерге көбүрөк барарын түшүндүм. Себеби жаман иштерди кылган адам жарыкты жаман көрөт, жарыкта элге көрүнүп калгандан коркот. Мен, жашоо маңызын түшүнүү үчүн, адегенде жашоонун өзү маанисиз жана азаптуу болбош керектигин, андан кийин гана аны таанып билүү үчүн аң-сезим керек экенин түшүндүм. Эмне үчүн көз алдымда даана көрүнүп турган чындыкты көрбөй жүргөнүмдү аңдап билдим, эгерде адамзат жашоосу жөнүндө ойлоп же айтуу керек болсо, бир нече жатып ичер жанбактылар жана бирөөлөрдүн эсебинен күн көргөн кан ичерлер тууралуу эмес, ошол жалпы адамзат жашоосу жөнүндө ойлонуп, ошол жөнүндө сүйлөө керек экен. Бул эки жерде эки төрт дегендей эле чындык, бирок ага ишенгим келчү эмес, анткени эки жерде эки төрт экенин мойнума алсам, анда өзүмдүн начар адам экенимди моюнга алууга туура келмек.

Ал эми өзүмдүн мыкты экенимди сезүү, мага эки жерде эки төрт дегенден да маанилүү болчу. Мен жакшы адамдарды жактырып, өзүмдү жек көрө баштадым, чындыкты мойнума алдым. Мага эми бардыгы түшүнүктүү боло баштады. Өмүрүн бирөөлөрдү кыйноо жана баш кесүү менен өткөзкөн желдет, өлүп калган аракеч, же өмүр бою караңгы бөлмөгө камалып сийип-чычып көнүп алып, түрмөдөн чыкса эле өлүп калчудай болгон адамдар: жашоо деген эмне? – деп өздөрүнөн жок дегенде бир жолу сурашты бекен. Алар андай суроону берген күндө да, жашоо – бул азаптын азабы деген жооптон башка жооп ала алышпаса керек; жиндинин берген жообу өзүнө гана туура. Эмне, мен да ошондой жиндинин бириминби? Эмне, биз бардыгыбыз, байлар, окумуштуу адамдар ошондой жиндибизби? Чындап эле, биз так ошондой жиндилерден экенибизди түшүндүм. Мен даана эле жинди болчумун. Канаттуулар учуш үчүн жем издеп, уяларын салыш үчүн жаралышкан, мен алардын кылар жумуштарын аткарып жүрүшкөнүн көргөн сайын, алар кубангандай эле кубанам. Эчки, коён, карышкыр өздөрүнө мүнөздүү жашоо өткөзүшөт, алар тамактанышы, көбөйүшү, балдарын багышы керек, алар бул нерселерди жасап жатканда мен аларды бактылуу жана туура жашап жатат деп ойлочумун. Ал эми адамдарчы? Алар деле айбанаттар сыяктуу турмуш өткөзүшөт, айырмасы, ал жалгыз аракет кыла албайт, ал өзүнө эле эмес бардыгы үчүн кам көрүш керек. Алар да бул нерселерди жасап жатканда мен аларды бактылуу жана туура жашап жатышканына терең ишенем. Мен отуз жылдык акыл-эстүү жашоомдо эмне кылдым? Мен эл үчүн тапканды мындай кой, өзүм үчүн да жыргалдуу эч нерсе кылган жокмун.

Мен, мите курттай бирөөлөрдүн эсебинен жашадым, анан эмнеге жашап жүрөм деген суроону берип, “жөн эле” деген жооп алдым. Эгерде, адамдын жашоосунун маңызы аны жашоонун өзүнөн издеп табуу болсо, отуз жыл бою аны издеп тапмак тургай, өзүмдөгү болгон нерсени талкалап жок кылып, жашоо маңызы курулай убаракерчилик менен кыйноо деген жооптон башка кандай жооп алмак элем? Кандай жашасаң, жообу ошондой да. Бул дүйнөдөгү жашоо бирөөнүн эрки менен болуп, кимдир-бирөө дүйнөдөгү бардык жашоо менен бирге эле биздин жашообузду кандайдыр бир өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланып жаткандай. Ал эрктин маанисин түшүнүш үчүн, адегенде аны аткарып, ал эмнени кааласа ошону жасоо керек. А эгерде, ал жаса деген нерсени жасабай койсом, анда менден, бөтөнчө биздин бардыгыбыздан, бүткүл дүйнө элинен эмнени каалашканы мага таптакыр белгисиз боюнча калмак.

Эгерде, көчөдө жүргөн үй-жайсыз бечараны кармап келип, курсагын тойгузуп, анан кийин бир таякты көргөзүп, аны өйдө-төмөн кыймылдат дешсе, ал байкуш аны эмнеге алып келишкенин, тамактандырышканын жана таякты эмне себептен жылдырыш керектигин сурап жүрбөй эле таякты жылдыр деген жагына жылдырары турган иш. Ал таякты жылдыра баштаса, ал насостун иштегенин, ал сууну соруп огороддогу жашылчаларга суу келип жатканын көрөт; андан кийин суу ичип бышып жетилген, мөө-жемиштерди жыйноону тапшырышканда, ал эмгегинин үзүрүнө кожоюну менен кошо кубанып, улам барган  сайын пайдалуу эмгек жасап жатканын түшүнө баштайт, бул жерге эмне жүргөнүн суроо оюна да келбейт, кожоюнуна аны көчөдөн алып келгенине эч кандай нааразы болбойт. Ошондой эле, биз мал катары санаган билими жок жөнөкөй жумушчулар да өз кожоюндарына унчукпай баш ийип, тапшырылган жумуштарын кыла беришет; ал эми биз, акылмандар, кожоюндун бергенин калтырбай жеп-ичебиз, ал кыл деген иштин бирин кылбайбыз, ал аз келгенсип чогулуп алып аны сындайбыз: “Таякты эмне үчүн кыймылдатышыбыз керек? Бул эми келесоонун иши”. Мына акылыбыздын жеткени. Кожоюнубузду келесоо кылып, өзүбүз акылдуу болуп чыга келдик, бирок эч нерсеге жарабай турганыбызды сезип, өзүңдөн бир жакка качып кеткиң келет.

XII

Акыл-эстүү илимдин жаңылыштыктарын билүү, мени курулай эле акылдысунуудан бошотту. Чындыкты жашоодон гана табууга болот деген ишеним жаралышы менен, өз жашоомду туура жашап жүргөнүмдөн шек санай баштадым; мени сактап калган нерсе, жөнөкөй жумушчулардын чыныгы турмуштарын көрүп, чыныгы турмуштун дал өзү ушул экенин түшүнүп, өзүмдүн өзгөчө адамдардан эместигимди билип, мурдагы жашоомдон кеткеним болду. Эгерде турмушту жана жашоонун маңызын түшүнгүм келсе, анда мите курттай бирөөнүн эсебинен жашабай, чыныгы жашоо менен, адамзаттын жашоого жана анын маанисине болгон көз карашын кабыл алып, аны менен сиңишип жашап, текшерип көрүү керектигин түшүндүм. Ошол кездердеги абалым мындай эле. Жыл бою, оюмдан такыр кетпеген суроону: асылып же атынып өлсөмбү деп жүргөн кезимде, – жанатадан бери айтып жаткан ойлорум, байкоолорум менен катар жүрөгүмдө бир сезим сыртка чыга албай кыйнап турчу. Ал сезимди кудайды издөө сезими деп айтсам туура болчудай. Ооба, ал сезим кудайды издөө сезими, бул менин ой жүгүртүүлөрүмдүн негизинде эмес, тескерисинче, акыл-эске баш ийбеген жүрөктөн чыккан сезим эле.

Бул чоочун жерге барып, артка жол таба албай калган алсыз жетимдин бир нерседен коркуп, бирөөлөрдөн жардам үмтөттүргөн сезими болчу. Кудайдын бар экенин далилдей албасымды билсем дагы (Кант бул нерсени далилдеш мүмкүн эместигин эчак эле мага түшүндүрүп койгон), баары бир мен кудайды издеп жаттым, эски адатыма салып, кайрадан издеп, бирок таба албай койгон нерсеге жалынып сурандым. Көңүлүмдүн тереңинде бирде Кант менен Шопенгауэр айткандай кудайдын барын далилдөөгө мүмкүн эместигине макул болуп, бирде алардын айткандарын четке каккан күндөрүм болду. Анын себеби дедим өзүмө, мейкиндик менен убакыт сыяктуу категориялар менен ойлонуу жарабайт. Эгерде себеп болсо, ал бардык себептердин себеби. Ал бардыгынын себеби, бул кудай деп аталат; мен оюмду ушул нерсеге топтоп, бардык жан-дүйнөм менен ал себепти сезүүгө далалаттандым. Кант менен Шопенгауэрдин кудайдын бар экенин далилддөөгө болбойт дегенин көңүлүмдө кайра-кайра текшердим. Менин үстүмдө мени башкарган кандайдыр бир күч бар экенин түшүнгөнүмдө, жашоого болорун сездим.

Ал жоопторго ыраазы боло албадым, бирок, өзүмдөн: “Бул кандай күч? Кудай менен кандай мамиле түзөм?”— деген суроолорду берип, ага мурдатан белгилүү жоопторду алдым: “Ал – бардык нерселердин жаратуучусу, бардык нерселердин ээси”. Ал жоопторго ыраазы эмес элем, андыктан мендеги жашоого болгон кумар жоголуп баратканын сезе баштадым. Бул мени катуу ойго салып, издеп таппай жүргөн нерсеге сыйына баштадым. Канчалык көбүрөк сыйынган сайын, сыйынганымды эч ким укпасына, кайрыла турган эч ким жок экенине көзүм жете баштады. Кудайдын бар экенине чындап үмүтүм үзүлсө да жүрөгүмдөн: “Оо кудай өзүң сакта! Кудайым, мени туура жолго сал!” –деп кайталадым. Бирок, үнүм эч кимге жеткен жок, мен үчүн жашоо кайрадан токтоп калгандай болду. Кайра-кайра ар тарабымдан келген ой: менин бул жарыкчылыкка жөн эле себепсиз келип калбаганым, өзүм сезип жаткандай уясынан кулап түшкөн канаттары өсүп чыга элек балапан эмес экендигим жанымды жай алдырбады.

Макул, мен ошол уясынан чалкасынан кулап түшүп, тарбалаңдап тура албай жаткан балапан эле болоюн дейли, бирок мен энемдин бар экенин, ал мени канатыныны астына катып үшүтпөй, канаттуга кактырбай, тумшуктууга чокутпай бакканын билем да. Ал энем ким жана каякта? Эгерде мени уядан түртүп салышса ким түрттү? Мени бирөө сүйүп жүрүү үчүн төрөдү да. Ал ким болду экен? Кайра эле кудайбы. “Ал менин кылгандарымдын баарын көрүп-билип турат. Ал бар”— дейм өзүмө. Көз ирмемге келген бул ой, жашоого болгон ынтызарлыгымды көтөрүп, бул жашоонун даамын сызуу кубанычын ойготкондой болду. Бирок, кудайды таануудан, ага болгон мамилемди аныктоого кириштим, кайрадан көз алдыма биздин жаратуучу үч жүздүү кудайыбыз турду. Кайрадан бул дүйнөдөн, менден өз алдынча, тышта жашаган кудай менин көз алдымда жылуу жерде калган муздун сыныгындай эрий баштады, жалтырап өзүнө тарткан эч нерсе калбады, кайрадан жашоо булагы кургай баштады, үмүтүм үзүлүп, бул жашоодон өлүп кутулуудан башка арга калган жок. Баарынан жаманы, мен ал нерсени да кыла албасымды сезгеним болду.

Эки, үч, он жолу бул абал кайталанып жатты, – бирде кубаныч жана жашоого ынтызарлык, бирде үмүт үзүлүп, жашоодон аша кечүү.

Эсимде, эрте жазда токойдун шуулдаганын тыңшап жалгыз жүргөм. Оюмда баягы эле үч жылдан бери жанымды жай алдырбаган нерсе. Кайрадан кудайды издеп жүргөм. “Макул, кудай таптакыр жок дейли, – дейм өзүмө,— менин түшүнүгүмө туура келбеген, бирок, чыныгы турмушта менин бүткүл жашоомдун өзүндөй нерсе болбойт; андай болбойт. Аны кандай укмуш болсо да далилдей албайт, анткени укмуш бул менин түшүнүгүм, ал өзү андан бетер түшүнүксүз нерсе.”

“Бирок, кудай жөнүндөгү түшүнүгүм, ошол мен издеп жүргөн нерсеби? –деп сурадым, өзүмдөн – Ал түшүнүк деги кайдан чыкты?” Бул ой келгенде көңүлүм көтөрүлүп, жашоо толкундары кубанычтуу шарпылдай түшкөнсүдү. Айланам жанданып, бир мааниге ээ боло түштү. Бирок, кубанычым көпкө созулган жок. Акыл-эс өз ишин улантып жатты. “Кудай жөнүндөгү түшүнүк – бул кудайдын өзү эмес. Түшүнүк бул менин мээмде болуп жаткан нерсе, кудай жөнүндөгү түшүнүк болсо, мен өзүмдө ал түшүнүктү кабыл аламбы же кабыл албаймынбы – ошого байланыштуу. Бул мен издеген нерсе эмес. Мен ал болбосо жашоонун өзү да жок нерсени издеп жатам”

Кайрадан айланамда, өзүмдүн жан-дүйнөмдө караңгы түн түшүп, кайрадан өзүмө кол салып өлгүм келди. Кайрадан өзүмө үңүлүп, өз жан-дүйнөмдө эмнелер болуп өткөнүн эстедим; өзүмдөгү жүз жолу кайталанган үмүтсүздүк, андан кайтууларды эсиме салдым. Кудайга ишенген кездерде жашоом мааниге ээ болгонун көрдүм. Мурда деле, азыр деле дедим өзүмө: кудайга ишенгенде жашагым келди, аны тансам өлгүм келди. Бул эмне болгон үмүтсүздүк менен кайра жандануулар? Кудайдын жогун моюнга алганда, жашоом токтоп калып жатпадыбы, эгерде, кудайдын бар экенине жок дегенде үлбүлдөгөн бир үмүт болбогондо эчак өлүп тынмакмын. Мен аны издеп жүргөндө, ага ишене баштаганда жашоом уланып жатпадыбы. Анан эмнени дагы эле темселеп издеп жүрсүң? –деген ички үнүмдү уктум. Мына издегениң. Ал – ансыз жашоого болбой турган нерсе. Кудайды таануу жана жашоо – бул бир эле нерсе. Кудай бул – жашоо. “Кудайды издеп жаша, ошондо кудайсыз жашоо болбойт.”

Болуп көрбөгөндөй жарык айланамды жана жан-дүйнөмдү жаркыратып, ал жарык ошо боюнча өчкөн жок. Өзүмө кол салуу экинчи оюма келген жок. Мындай төңкөрүш качан, кантип болгонун айта албайм. Мендеги жашоого болгон кызыгуу акырындап азайып олтуруп, жашоого мүмкүн эмес деген жыйынтыкка кандай келсем, дал ошондой эле акырындык менен өзүмө да билинбей жашоого болгон кумарым кайтып келди. Кызыгы, жашоого мени кайра алып келген ошол күч мен үчүн жаңы эмес эле, ал эң эски – өмүрүмдүн башталышында мени алга сүрөп жүргөн күч болучу. Мен өзүмдүн илгерки бала кезимдеги, улан учурумдагы сезимдерге кайрылып келдим. Мен мурдагы, мени жараткан жана менден бир нерсе күткөн ишенимге кабылдым; мен өзүмдүн эң негизги жана жалгыз максатыма: жакшы жашоого, башкача айтканда, ишенимге баш ийип жашоого кайтып келдим; мен бул ишенимдин маанисин менден алыс жакта адамзат үчүн иштелип чыккан жетекчиликтен издеп табууга, башкача айтканда, жашоонун маңыз-маанисин берген адеп-аклакты өнүктүрүүдөн,  кудайга ишенүүдөн табууга белсенип кириштим. Бир айырмасы, башында мен бул нерселерди түшүнбөй эле бирөөлөрдү сокурдай ээрчип жүрсөм, эми мен ансыз жашай албасымды билдим. Болжол менен мындай абалда элем: мени кайыкка кайсы убакта салышканы эсимде жок, бир белгисиз жээктен башка жээкти көргөзүп, мурда кармап көрбөгөн калакты колума карматышып, кайыкта жалгыз калтырышып, сууга түртүп жиберишти. Билишимче, калакты шилтеп сүзүп келаттым; кайык улам суунун ортосуна жакындаган сайын, дарыянын агымы күчөп, бара жаткан багытымдан алда канча ылдый агызып алып жөнөдү. Мага окшоп аккандар көбөйө баштады.

Алардын арасында жалгыз, чабак урганды токтотпой аракеттенгени да, калактарын ыргытып жиберип аракет кылбай отурганы да бар эле; чоң кайыктар, элди шыкай баскан кемелер да жолугуп,  улам ылдый агып бараткандарга кошулуп, өзүмдүн бара турган багытымды да жоготтуп алдым. Дарыянын ортосуна жеткенде, кайыктар менен кемелердин ортолорунда кысылышып, барчу жагымды таптакыр аныктай албай калдым, ошол жерден мен да калагымды кайыктын түбүнө ыргыттым. Айланамда көңүлдөрү көтөрүңкү, жүздөрүнөн тагдырларына нааразылыктын изи жок жел кайыкчан, жөн кайыкчан, кемелер, мага мындан башка жол жок экенин айтып биринин артынан бири зуулдап өтүп жатышты. Аларга ишенип мен да аларды ээрчидим. Анан агым мени ушунчалык алыс алып кетти, асты жагымдагы кайыктар чоң таштарга тийип талкаланып жаткан босого жакындап калганымды көрдүм. Эсиме келе түштүм. Көпкө чейин эмне болгонун түшүнө албай дендароо турдум. Алды жагымдагы кайык талкаланганда, мага да аз калганын билип, эмне кыларымды билбей айлам кетти. Арт жагыма кылчайып, күрөштү токтотпой, агымга каршы толкун жиреп бараткан көп сандаган кайыктарды көргөндө, бара турган багытымды, кайыкта жана ыргытып жиберген калактарды эстедим. Эстедим да калактарды алып, болгон күчүм менен жээкти көздөй акырындап сүзүп жөнөдүм. Ал жээк – кудай, багыт – ал жөнүндөгү илим, калактар – бул мага берилген тандоо, жээкке сүзүүгө болгон эркиндигим, жээкке сүзүү – кудайга кошулуум болчу. Ошентип жашоо кумары мага кайра келди, кайрадан жашай баштадым.

XIII

Биздин чөйрөнүн жашоосунан баш тарттым, анткени анын жашоо эмей эле жашоо сыяктуу бир нерсе экенин, биз жашап жаткан бардарчылык жашоо, жашоонун баркын билүүгө тоскоол болорун, ал эми чыныгы жашоо маанисин бизге окшогон мите курттардын жашоосун эмес, жашоо баркын билген, ага маңыз-маани берип жашаган жөнөкөй эмгекчи элдин турмушун издөө керектигин түшүнүшүм керек эле. Менин айланамда орустун жөнөкөй эли, ошолордун жашоосуна кайрылып, алардын жашоого болгон көз караштарына кайрылдым. Анын мааниси кыскача айтканда мындай эле: бардык адамдар бул жашоого кудайдын буйругу менен келген. Кудай адамдарга тандоо бериптир, ал өз жанын сактап да кала алат, же бүлдүрүп жок да кыла алат. Бул жашоодо адамдын милдети, – өз жанын сактап калуу; аны сактап калуу үчүн адам кудайдын мыйзамы менен жашаш керек, кудайдын мыйзамын сакташ үчүн бул жашоонун көп азгырыктарынан баш тартуу зарыл: ак эмгек кылып, чыдамкайлык менен башка салганды көтөрө билип, кайрымдуу болуусу абзел. Бул маанини эл өздөрүнүн ата-бабаларынан бери, муундардан муундарга берилип келаткан, алардын болумуштарында, уламыштарында, макал-лакаптарында  сакталып келаткан дининен алышат. Бул мага аябай түшүнүктүү жана жүрөгүмө жакын эле. Бирок, бул элдик ишеним биздин арасында жашап жүргөн бөлүгүндө кабыл алынган мага жакпаган, иренжиткен, түшүнүксүз нерселер: купуя сырлар, чиркөөдө аткарылуучу  кызматтар, орозо тутуулар, ыйыктарга жана икондорго сыйынуулар менен ажырагыс байланышта эле.

Аларды бири-биринен ажыратуу элдин колунан келбейт болчу, меникинен да келген жок. Кыскасы, элдин ишениминин курамына кирген көп нерсени кабыл алдым, чиркөөгө барып эртең менен кечинде сыйынып, орозо тутуп, кыскасы бардык талап кылынган нерселерди жасап жүрдүм. Адегенде акыл-эсим ага каршылык кылган жок. Мурда болууга мүмкүн эмес нерселер, азыр мага кадимкидей эле көрүнүш. Менин динге болгон көз карашым мурдагыдан такыр башкача болчу. Мурда мага жашоонун өзү маанилүү, ал эми дин кандайдыр бир жашоону коштоп жүргөн, мага түк кереги жок, ашыкча жана жашоо менен байланышы жокток сезилчү. Ошондо бул нерселердин жашоодо мааниси бар болду бекен деп изилдеп көрүп, эч кандай маани таппаганда жараксыз нерсе катары жашоомдон ыргытып салган элем.

Азыр тескерисинче, диндин ошол мен мурда жаратпай койгон шарттары, керексиз эле эмес, турмуштук тажырыйбам көрсөткөндөй, ансыз жашоомдун мааниси жок болуп чыкты. Мурда ал шарттарга караманча болбогон бир нерселерге карагандай карасам, азыр түшүнбөсөм да, анын маанилүү экенин билип калдым, аны окуп үйрөнүүгө, түшүнүүгө аракет жасай баштадым. Менин ой жүгүртүүмдүн жыйынтыгы мындай эле: дин илими бардык эле адамдын акыл-эси сыяктуу бир купуя нерседен чыгат. Адам денесин акыл-эси менен кудай жараткан. Ошол жараткан күндөн тартып, ушул күнгө чейин менин денем, акыл-эсим жана ошондон берки ачылган жашоонун тажырыйбалары жетип олтурат, андыктан ушул убакытка чейин жеткен адамзаттын өнүгүү жолу жалган болушу мүмкүн эмес. Адамдар чындап ишенген нерсенин бардыгы чындык болушу керек; ал ар кандай айтылышы мүмкүн, бирок жалган болбош керек, а эгерде ал мага жалгандай сезилсе, анда ал жөн гана менин түшүнбөстүгүм. Андан тышкары, өзүмчө мындай тыянакка келдим: ар бир ишенимдин негизги күчү, ал жашоого ажалдын да алы жетпеген маанини бере алганында.

Албетте, ишенимдин өлүм алдында жаткан байлыкка чөмүлгөн падышага, турмуштун азабын тартып карылыгы жеткен кулга, оозунан эне сүтү кете элек жеткинчекке, көптү көргөн акылман карыяга, акылынан айнып алжыган кемпирге, бактылуу жаш айымга, кыялы алып учкан жаш жигитке, бардык ар кандай шартта, ар кандай билимдери бар адамдарга “Мен эмне үчүн жаралдым? Өлгөндө кийин эмне болом? – деген түбөлүктүү суроого бере турган жообунун мааниси бирөө эле болсо дагы, ал чексиз көп көрүнүштөргө ээ; жооп канчалык так, канчалык чындыкка жакын, канчалык терең болгон сайын, ар кимдин деңгээли менен билимине жараша түшүнүксүз жана бузулган көрүнүшкө ээ боло башташы табигий нерсе. Бирок, мен үчүн бул, ишенимдин түшүнүп болбой турган жактарын актаган ой жүгүртүүлөр, мага берилген ушул жападан жалгыз жашоодо, ишенимде, өзүм ишенбеген кылык-жоруктарды жасоого баруу үчүн баары бир жетишсиз эле. Мен диндин адатка айланган ырым-жырымдарын аткаруу менен, бүт жан-дилим менен эл менен аралашкым келген; бирок анте алган жокмун.

Мен муну жасасам, өзүмдү алдап, өзүмө ыйык деген нерсеге түкүрүп салгандай сезимде калмакмын. Бул жерден мага кайрадан биздин орустардын ишеним жөнүндөгү жаңы чыгармалары жардамга келди. Ал уламалардын түшүндүргөнү боюнча ишенимдин негизги догмасы чиркөөнүн акыйкаттыгы, анын эч качан жаңылышпастыгы. Бул догманы моюнга алуу менен, чиркөөнүн бардык тобо кылуулары акыйкат экенин тааныйбыз. Чиркөө динге ишенген, бири-бирине сүйүү менен мамиле кылган, ошондуктан чыныгы илимдин ээлери болгон адамдардын тобу катары, менин ишенимимдин негизи болуп калды. Кудайдын акыйкаттыгын жеке адам таанып биле албайт, ал бир гана бири-бирине сүйүү сезими бириктирген адамдардын тобуна ачылат турбайбы дедим өзүмө.

Акыйкаттыкка жетүү үчүн бөлүнбөш керек; а бөлүнбөш үчүн сүйүү, өзүң макул болбогон нерсеге көнүшүң зарыл. Акыйкаттык сүйүүгө койнун ачат, ошондуктан чиркөөнүн ырым-жырымдарын жасабасаң сен сүйүүгө каршы чыкканың, ал эми сүйүүгө каршы болсоң, акыйкаттык сага жабык бойдон кала берет. Мен ал кезде бул ой жүгүртүүлөрдө софизмдин бар экенин көрө алган эмесмин. Мен анда сүйүүгө берилүү, дин уламаларынын Никей символдору аркылуу атайын сөздөр менен берилген чындыгын эмес, улуу сүйүүнү ачарын, сүйүү эч качан акыйкаттыкты биригүүнүн бирден бир шарты кыла албасын билбептирмин. Ал кезде бул ой жүгүртүүлөрдүн катачылыгын көрбөптүрмүн, ошондуктан православдык чиркөөнүн бардык ырым-жырымдарын көпчүлүгүн түшүнбөсөм да аткарып жүрдүм.

Жан-дилим менен талаш-тартыштардан, карама-каршылыктардан качып, чиркөөнүн койгон шарттарын болгон акылыма салып түшүнүүгө далалат кылдым. Чиркөөнүн ырым-жырымдарын аткаруу менен, бүт эркимди жооткотуп, адамзат жараткан уламыштарга баш ийдирдим. Мен ата-бабаларым менен, менин сүйүктүүлөрүм – атам, апам, чоң ата, чоң энелериме жанымды коштум. Алар, мурда жашап өткөндөр: ушул динге ишенишкен, ушул дин менен жашашкан жана мени жарык дүйнөгө алып келишкен. Миллиондогон мен сыйлаган элден чыккан адамдарга кошулдум. Мындан тышкары, бул аракеттердин жаман жактары жок эле (мен өз каалоолорун тыя албагандарды жаман иш кылды деп эсептечүмүн).

Таңдын атышы менен чиркөөгө баратып, өз текеберчилигимди жеңиш үчүн, чоң ата чоң энелериме, замандаштарыма жакындаш үчүн, жашоо маанисин издөө үчүн тынч жашоону курмандыкка чалганым үчүн, бул жашоодо жакшы иш кылып жатканымды билчүмүн. Мындай жакшы нерселер чиркөөдө сыйынуу убагында, жүгүнүп дубаларды окуп жатканымда, башка ырым-жырымдарды аткарып жаткан учурларда да болчу. Булар кичинекей эле курмандыктар болсо дагы, ал жакшылыктар үчүн жасалган курмандыктар.

Үйдө, чиркөөдө сыйынып, орозо кармап, дубаларды окуп жүрдүм. Чиркөөдөгү кызмат кылуу убагында ар бир сөзгө кулак төшөп, анын маанисин түшүнүүгө аракет кылчумун. Түшкү сыйынуу убагында мага эң маанилүү: “Бири-бирибизди сүйөлүк, пикирлеш бололук…”— деген  сөздөр болчу. Андан аркы “Атасы, баласы жана ыйык жанга тобо кылалы”— деген жери кулагымдын сыртынан кетчү, анткени, мен аны түшүнчү эмесмин.

XIV

Мага ул убакта жашоону улантуу үчүн, бир нерсеге сөзсүз ишенишим керек эле, ошондуктан диний окуудагы карама-каршылыктар менен түшүнүксүз нерселерди өз эркимен тышкары, өзүмдөн жашырып билмексенге салып жүргөн экенмин. Бирок, ырым-жырымдардан маани издөөнүн да чеги бар эле. Эгерде, кудайга жалынуунун негизги сөздөрү барган сайын мага түшүнүктүү болсо, кээ бир сөздөрдүн маанисин араң-араң түшүнчүмүн: “Ыйыктардын ыйыгы, биздин улуу өкүмдарыбызды жана бардык олуя-ыйыктарды эстөөчүлөр, өзүбүздү-өзүбүз, бирибизди-бирибиз, бардык жашоочуларды Христос-кудайыбыздын колуна тапшырабыз.” Эгерде, мен падышанын жана анын жакындарына көп кайталанып окулган дубаларды, алардын башкаларга караганда азгырыкка көбүрөк жакын экени, ошондуктан дубага көбүрөк муктажтыгы менен түшүндүрсөм, ал эми душмандар менен митайымдардан сактоо тууралуу дубаларды душман деген эң чоң тозооку экени менен түшүндүрсө болот эле, херувидин купуя сыры жөнүндө жана ушу сыяктуу дубалар, бардык дубалардын үчтөн эки бөлүгү таптакыр түшүнүксүз дубалар болчу, аларга түшүндүрмө издеп жатканда өзүм калп айтып жатканымды, ошол калп менин ишенимимди жоготуп, кудайга болгон мамилемди талкалай баштаганын сезчүмүн.

Ошондой эле сезимди чоң майрамдарды майрамдоо учурунда башымдан өткөзчүмүн. Ишемби күндү кастарлап, башкача айтканда, кудайга кайрылууга бир күндү атайын арнаганы мага түшүнүктүү эле. Бирок, негизги майрам мен чындыгын элесте албаган жана түшүнбөгөн, жекшембиде болгон окуяларды эскерүү болчу. Ар аптанын жекшембиси майрам күн эсептелчү. Ушул күндөрү аткарылчу евхаристия (сыйынуулардан кийин Христостун эти жана каны деп элестетишип, вино ичилип, нан желет) купуясы мага таптакыр түшүнүксүз эле. Христостун туулган күнүнөн башка бардык он эки майрам укмуштарды эскерүү болчу, мен аларга кол шилтеп таштап салбас үчүн, эстебегенге аракет кылчумун. Бул майрамдарды майрамдоо учурунда булар канчалык маанилүү болсо, мага ошончолук терс таасир бергендиктен, ал сезимимди жашырыш үчүн бир нерселерди ойлоп таап же мени азгырган нерсени көрмөксөн болуп койчумун. Мындай сезимдер адаттагыдай эле дайыма аткарылып турчу чокундуруу жана Христостун каны деп вино ичилип, эти деп нан жеп тазалануу учурларында айрыкча күчтүү болор эле. Бул жерде жолуккан түшүнүктүү эле аракеттер, мага жасалмадай көрүнчү, ошондо мен: же калп экенин мойнума алсамбы, же эч нерсе болбогонсуп көңүлүмө албай койсомбу дегендей кызык абалда калчумун.

Көп жылдан кийин биринчи жолу тазаланууга барганымдагы оор сезим алигиче эсимде. Ырым-жырымдарды аткаруу, ыйман сырыңды ачып тобо кылуу, – бул нерселер мага түшүнүктүү болчу, жашоо мааниси мага ачылып жатканына кубанычтуумун. Тазалануунун өзүн Христосту эскерип, күнөөлөрүңдөн арылып, анын окуусун кабыл алуу деп түшүнчүмүн. Бул ой балким жалган, жасалма болсо да, мен анын жасалмалыгын байкаган жокмун. Жөнөкөй эле бир поптун алдында башымды ийип, кетирген бардык күнөөлөрүмдү мойнума алып, шөмтүрөп туруп, ушул дубаларды ойлоп табышкан ата-бабаларыбыз жан-дүйнөбүз менен кошулуп, бир ишенимдеги дин тутуучулар менен бир катарда туруу мен үчүн кубанычтуу эле, ошондуктан менин ойлорумдун жасалма экенин сезген жокмун. Бирок, поп мен билген нерселерди кайталоомду талап кылып, мен азыр жута турган чыныгы дене менен кан экенин айтып ишендире баштаганда жүрөгүмө бирөө сайып алгандай болду; бул жалган болгону аз келгенсип, мындай катуу талапты кайдагы бир чыныгы ишеним деген эмне экенин өмүрүндө билбеген бирөө коюп жатканы жагымсыз болчу. Мен азыр ал жөнүндө мындай дээр элем, ооба, ал катуу талап экенин ал кезде ойлонгон эмесмин, бирок көңүлүм кирдеп, жан-дүйнөм ага каршы чыгып, аябай кыйналып турган эле.

Анын үстүнө жашоо оңой нерсе деп ойлонбой калган куракта элем; бул ишенимге, ушул ишенимден башка жок болуп кетүүдөн сактап калар эч нерсе таба албаганымдан, ошондуктан аны токтоосуз кабыл алуудан башка арга жогунан баш ийгемин. Ошентсе да жан-дүйнөмдүн тереңинен бул нерсеге туруштук берер сезим таптым. Ал сезим өзүңдү басмырлоо жана баш ийип туруп берүү эле. Мен кың дебей баш ийип, жут деп берген кан менен денесин ал адатты шылдыңдабай, ишенген адамдай жуттум, бирок сокку урулуп калган эле. Андан кийин эмне болорун сезип, кийин кайра кайталап барганга эрким жетпеди. Мен чиркөөнүн ырым-жырымдарын баштагыдай эле жасап жүрдүм, мен карманган ишенимдин акыйкаттыгына ишенчүмүн, башымдан өткөн нерселер мага азыр түшүнүктүү болсо дагы, ал кезде бир башкача сезилчү.

Бир жолу билими жок жер кезип жүргөн кедейге жолугуп, аны менен кудай, ишеним, жашоо, тозок жана бейиш тууралуу сүйлөшүп олтуруп, ишенимдин чыныгы маанисин түшүндүм. Элге жакындап, алардын бул маселе боюнча ой толгоолорун уккан сайын чындыкка ошончолук көзүм ачылды. Ошондой эле нерсени Четьи Миней менен Прологду, менин жакшы көргөн китептеримди окуганда башымдан кечирчүмүн. Сырткы кабыгын алып салып, маанисин чагылдырган мазмунуна көңүл коюп окуу мага жашоонун маанисин түшүнүүгө өбөлгө түзчү. Ал жерде Улуу Макарийдин, падыша мураскору Иосифтин жашоосу, Будданын таржымалы, Иоан Златоустун аңгемелери, кудуктагы жолоочунун сөздөрү, алтын таап алган кечил, мээнеткеч Петр жөнүндө айтылчу; ал жерде мээнетти көп тарткан адамдар тууралуу, өлүм өмүргө каршы эмес деп айткандар; билимсиз, окуу эмне экенин билбеген чиркөө жөнүндө баяндар бар эле. Бирок, динди карманган билимдүүлөр менен сүйлөшө келгенде же алардын китептерин колума алганда эмнегедир менде шек саноолор, ишенбөөчүлүк, талаштуу маселелер жаралчу, алардын айткандарына сүңгүп кирген сайын, чындыктан алыстап, туңгуюкка баратканымды сезчүмүн.

XV

Кедейлердин билимсиздигине, окуу менен иштери жогуна канча суктанбадым дейсиз. Ишенимдин мен кыйкым издеп, сандырактыкты тапкан жерлеринен, алар өздөрүнө жакпаган эч нерсе көрүшчү эмес; алар аны жөн гана кабыл алып, анын чындыгына, мен ишенген эле чындыкка ишенишчү. Бирок, мен байкушка ал чындык жалгандын ичке жиби менен оролушуп турганы ачык көрүнүп, аны ошол калыбында кабыл алыш кыйын эле. Мен бул абалда үч жыл жашадым, башка муш жеген адамдай дендароо болуп, чындыкка акырындап аралашып, алды жактагы жарыкка боолголоп жакындап келатканымда, жогоркудай соккулар мага катуу тийе баштады. Бир нерсеге түшүнбөсөм өзүмө: “Күнөө өзүмдө, түшүнбөгөн өзүм жиндимин да”—дечүмүн. Бирок, канчалык окуп жеткен чындыктарга сүңгүп кирген сайын, алар ошончолук турмуштун негизин түзүп, ал ансайын мен түшүнбөгөн нерселер менен, анткени мен аны түшүнө албайт болчумун, өзүмө жалган айтмайынча түшүнбөй турган нерселердин ортосундагы кагылышуулар оордоп, таасирлүү боло баштады. Олку-солку кыйналганыма карабай, мен православие динин тутуп жүрдүм. Бирок, сөзсүз чечүүнү талап кылган турмуштук маселелер келип чыкты, анын ичинде чиркөө тарабынан чечилер маселелердин мен карманып жүргөн диндин негиздерине карама-каршы ыкмалар менен чечилиши – мени православие дини менен байланышымды  биротоло үзүшүмө себеп болду.

Бул маселелер биринчиден, православие чиркөөсүнүн башка чиркөөлөргө болгон мамилеси, – алар эң биринчи кезекте католиктик чиркөөлөр эле, аларды жик салуучулар деп да атап алышкан. Ошол кезде мен ишенимде жүргөн адам катары, ар кандай динди кармагандар менен таанышып, алар менен мамилем боло турган: католиктер, протестанттар, эски динди кармоочулар жана көптөгөн секталардагы адеп-аклактуу, кудайга чын ниеттери менен ишенген адамдарды билчүмүн. Мен алар менен бир туугандай мамиледе болгум келчү. Анан эмне болду?  Мага бардыгын бир ишеним жана сүйүү менен бириктирип, бир тууган кылууну убада кылган ишенимдин эң мыкты өкүлдөрү, ал адамдарды жалган ишенимде экендигин, алар шайтандын жетегинде жүргөндөр экенин саймердендеп айтып киришти.

Биз менен окшош ишенимди кармабагандардын бардыгын динсиздер деп эсептешерин; католиктер жана башкалар православие дининдегилерди капырлар катары карашарын көрдүм; ал ар кайсы динди тутунгандар бири-бирине душмандай мамиле кылышарын билдим. Анткени, биринчиден, бир адамдын экинчи адамга сен жалган адашкан жашоодо жашап жүрөсүң, мына меники чыныгы ишеним деп айтышынын өзү катуу тиет, экинчиден, өз бир туугандары менен балдарын тетир динге үндөгөн адамга сөзсүз жаман мамиле кылары турган иш да.

Чындык биримдикте деп билген мага, диндин өстүрө турган нерсесин, тамырынан бери кыркып жок кылып жатканы даана көрүнө баштады. Ар кандай диндерди карманган өлкөдө католиктердин православие дининдегилерге, протестанттарга, протестанттардын католиктер менен православие дининдегилерге, дагы башка диндегилерге болгон бири-бирин жактырышпай, көрө алышпай, жамандашкандары бизге окшогон билимдүү адамдарга ачык эле көрүнүп, кармап келаткан диниңди таштап кетүү азгырыгына кабыласың. Бул азгырык канчалык күчтүү болсо да адегенде ойлонбой коё албайсың.

Эгерде эки көз караш бири-бириникин туура эмес деп эсептесе, тигинисинде да, мунусунда да чындык жок болсо, анда эч кандай ишеним болбосун, ушул эң жөнөкөй нерсени адамдар кантип эле көрбөй калсын деп ойлодум. Бул жерде бир нерсе бар. Кандайдыр бир жооп болуш керек деп ойлоп, ал жоопту табыш үчүн бул маселе боюнча китептерди окуп, жолуккан адамдардан сураштырдым. Бирок, Сумдун гусарлары дүйнөдөгү эң мыкты полк Сумдун гусарлары десе, сары уландар — дүйнөдөгү эң мыкты полк сары уландар дегенденден башкача жооп таба алган жокмун. Бардык ишенимдин поптору, алардын эң мыктылары  өздөрүнүн ишеними чыныгы ишеним экенин, калгандары адашып жүргөндөр экенин, алар үчүн дуба кылгандан башка эч нерсе кыла албастарын билдиргенден башка эч нерсе айта алышкан жок.

Мен бул жоопту издеп кимге гана барбадым, бирок бири да оңгулуктуу эч нерсе айтып бере алган жок. Бирөө гана бардыгын түшүндүрүп берди, бирок ушундай түшүндүрдү дейсиң, мен экинчи бул суроо менен башка эч кимге кайрылган жокмун. Мен динге ишенбеген ар бир жан динге кирүүгө ниет кылышса (биздин жаш муундардын бардыгы динге кирүүсү зарыл) анда эң алгач өздөрүнө: эмне үчүн католиктердики эмес, диндин толуп жаткан башка агымдарыныкы эмес, сөзсүз эле православие динин туткандардыкы туура, алардыкы чындык? – деген суроого жооп табуулары тийиш деп айттым. Аларды гимназияларда окутушат, ошондуктан протестант деле, католик деле өз динин эң туура деп эсептерин билими жок дыйкан билбесе да, алар сөзсүз билүүлөрү зарыл. Ар бир ишенимдин өз көмөчтөрүнө күл тартып келтирген тарыхий далилдери жетишсиз.

Окутуунун деңгээлин динге чындап берилген адамдардыкындай, бардык ишенимдердин айырмачылыктарын жок болгондой бийиктикке көтөрсө болбойбу? Эски дин кармангандар менен чогуу, бир жолго түшсөк болбойбу? Алар крест, алтардын тегерегинде басуу бизде алардыкынан башкачараак деп айтышчу. Биз айтсак: силер ишенген Никей белгилерине, жети купуя сырга биз деле ишенебиз. Келгиле, ушул нерсени бирге карманалы, калгандарын өзүңөр билгендей кыла бергиле. Биз негизги нерселер боюнча биригели. Католиктерге, протестантарга деле диндин негизин түзгөн маанилүү жерлеринде чогуу бир маанилүү жерлерден биригип, калган жерлерин өзүбүз билгендей жасайлы десек эмне үчүн болбосун? —дедим.

Ал мени оюма кошулду, бирок мындай чегинүүлөр диний бийликтегилерге ата-бабалардын динин бузуп жатасыңар деген дооматка кабылышат, бул бөлүнүүлөргө алып келет, ал эми диний бийликтегилердин максаты – грек-орус православие динин ата-бабалардан бери кандай келатса, дал ошондой булгабай таза кармоо болуп саналат деди мен аңгемелешкен адам. Мен эми түшүндүм. Ишенимди, жашоонун маанисин издеп жүрсөм, а алар адамдардын алдында милдеттерин аткарыштын эң мыкты жолдорун издеп жүрүшүптүр. Алар ошол адамдык милдеттерин аткарып жатышып, ал иштерге адамдарча мамиле кылышат тура. Кудай алдында алар адашкандарга боор тартып, аларга канча дуба кылышпасын,— адамдардын ишин аткаруу үчүн зордук керек, ал болгон, болуп жатат, жана боло да берет. Эгерде эки ишеним ар бири өзүнүкүн туура десе, бириникин бири жалганга чыгарса, анда өз диндерине тартуу үчүн, алар өз диндерине даабат кыла башташат.

Эгерде, жалган ишенимди, өздөрүн туура жолдомун дешкен чиркөөнүн тажырыйбасы жок уулдары даабат кылып, аны коргоого алышса, алар китептерди өрттөбөй, башка агымдарга кошулам деген уулдарын жок кыла албай коюшпайт. Православиенин ою боюнча, жалгандын жалынында куйкаланганга татыктуу, адамдарды чиркөөдөн азгырып, өздөрүнө тартып  кетип жаткан сектантты эмне кылыш керек? Анын башын алгандан же зынданга салгандан башка чара барбы? Алексей Михайловичтин убагында андайларды өрттөп жиберишчү, башкача айтканда, жазалоонун эң жогорку чарасын колдонушчу; биздин убагыбызда деле жогорку жазаны беришет, – жалгыз камерада олтургузушат. Мен бул нерселер ишеним үчүн аткарылып жатканын көрүп, аябай жаман болдум, акырындап православиеден кол үзүүгө жакындай баштадым.

Экинчи маселе, чиркөөнүн согуштарга жана өлүм жазасына болгон мамилелери. Ошол учурда Россияда согуш жүрүп жаткан. Орустар христиандардын сүйүүсү үчүн, өз бир туугандарын өлтүрүп жатышкан. Бул ойлонбой койчу нерсе эмес. Адамды өлтүрүү кандай гана диндин негиздерине каршы экенин көрбөй коюуга болбойт эле. Ага карабай чиркөөлөрдө биздин жеңишибизди суранып дуба кылып жатышты, муну менен дин окутуучулары адам өлтүрүүнү диндин өзү талап кылып жатканын моюндарына алып жатышкан эле. Согуш маалында эле эмес, согуштан кийинки учурлардагы ар кандай дүрбөлөңдөргө катышып, оң жолдорунан жаңылган ооздорунан эне сүтү кете элек жаш уландарды өлүмгө буйрууну талап кылган попторду, кечилдерди жана башка динди коргоочуларды нечен курдай жолуктурдум. Христиан динин тутунган адамдар жасап жаткан ушундай иштерди көрүп туруп көңүлүм катуу иренжиди.

XVI

Мен эми өзүм карманган динде бардык чындык камтылбаганына шек кылбай калдым. Мурда ишенимдин бардыгы жалган дечүмүн; азыр антип айтканга болбойт. Эл чыныгы ишеним менен жашап жаткан, бул нерсеге эки анжы болбой деле койсо болот, анткени алар ал ишенимсиз жашай албайт болчу. Андан тышкары, мага ишенимдин чындыгы белгилүү болуп калган, мен аны өз башымдан өткөзүп, сезип калган элем; бирок ушул ишенимде жалган нерселер да бар эле. Буга менин көзүм жетти. Мурда мен кабыл албаган нерселер, эми көз алдымда даана тартылып турду. Элдин ишениминде чиркөөдө кызмат кылгандарга караганда аралашмасы аз болсо да, баары бир аларда деле жалган нерсе бар экенин көрдүм. Бирок жалган кайдан чыкты да, чындык кайдан чыкты? Бул эки нерсе тең чиркөө тарабынан чыгып жатпайбы. Жалганы да, чындыгы да ыйык деп эсептелген диний уламыштар менен ыйык китептерден келет эмеспи.

Анан айла жоктон, мурда батына албай жүргөн ошол ыйык китептерди изилдөөгө өттүм. Бир кезде жек көрүп кереги жок деп ыргытып салган дин илимин кайрадан колума алдым. Ал кезде мени курчаган айлана-чөйрөмдөгү жашоо мага түшүнүктүү жана маанилүү көрүнгөндүктөн, анын жанында бул илим мага керексиз нерседей сезилген; ал эми азыр соо башымды оорулуу кылган ашык нерселерден кутулсам кубанмакмын.  Бул ишеним мага ачылган жалпы адамдарга тиешелүү жашоо мааниси тууралуу илимге негизделет же жок дегенде аны менен ажырагыс байланышта турат. Далайды көргөн карт акылымды калчап көрсөм, канчалык акылга сыйбаган нерсе болсо дагы бул – жан-дүйнөңдү сактап калууга болгон үмүт экен. Аны түшүнүш үчүн, мен илимди түшүнгөндөй эмес, бир башкача түшүнүш  үчүн, аябай этияттап, кунт коюу менен кароо керек эле. Ишенимдин өзгөчөлүгүн, мен издебейм, издей да албайм. Мен анын бардыгын түшүнүүгө да аракет кылбайм. Мен анын жообу бардык нерсенин башталышы сыяктуу эле чексиздикке катылганын билем. Бирок, ал жооп мени түшүндүрүүгө болбой турган нерсеге кантип алып келгенин түшүнгүм бар; мага бардык түшүнүксүз нерселер, менин акылымдын жетпегенинен эмес (акылым ордунда экенин жана андан тышкары нерселерди түшүнө албасымды билем), акылым чектелүү болгондуктан, түшүнүксүз боюнча калып жатканын түшүнгүм келет.

Бардык түшүнүксүз нерселерди, текшерүүгө муктаж эмес акыл-эстин бир көрүнүшү катары кабылдаш керектигин түшүнсөм дейм. Ишенимде чындык барынан шегим жок; бирок анда жалган нерсенин бары да талашсыз, мен ошол аралашмадан чындык менен жалганды ажыратып бөлүшүм керек. Мына, эми мен бул ишке кириштим. Бул окуудан жалган жерин, чындыгын кантип тапканым, кандай тыянактарды чыгарганым, бул эмгегимдин кийинки бөлүктөрүндө айтылат, эгерде жазгандарым бир нерсеге жарар болсо, качандыр бир убакта басмадан чыгып да калышы ажеп эмес.

*      *      *

Буларды мен үч жыл мурда жазган элем. Бул жазгандарымдын басмадан чыккан барактарын аңтарып көрүп олтуруп, ошол кездеги сезимдеримди башымдан кайра өткөзкөндөй болдум, анан түш көрдүм. Ал түш менин башымдан өткөзкөн жана мен сүрөттөп жазган нерселерди чогултуп, кысып, кыскартып бир элеске салып койгон сыяктуу, ошондуктан мени түшүнгөндөргө ал түш бул баракта жазылган узун окуяны эске салат деп ойлойм. Эми ал көргөн түшүмдү айтып берейин: төшөктө жатыптырмын. Мага жаман да эмес, жакшы да эмес жөн гана чалкаман жатам. Бир кезде жакшы эле жатамбы деп ойлоно кеттим; эмнегедир буттарым бир нерсе болгонсуйт: тар болуп жатабы же бир нерсе өтүп  жатабы, айтор бир ыңгайсыздыкты сездим; буттарымды кыймылдатып көрүп, ойлоно баштадым, эмненин үстүндө жатам, бул жерге эмнеге жатып алгам, а эмне үчүн бул жөнүндө ушул убакка чейин ойлонгон жокмун деп коём. Жаткан төшөгүмдү карасам, керебеттин каптал кырларына байланган жиптен токулган тасмалардан жасалган төшөкчөлөрдүн үстүндө жатыптырмын.

Бир бутумдун башы ошондой тасма төшөкчөнүн биринде, тизем бүгүлүп экинчи төшөктүн үстүндө болгондуктан ыңгайсыз болуп жатыптыр. Мен ал төшөкчөлөрдү ылдый жылдырса болорун билет экенмин. Бутумды кериле тээп, ылдыйкы төшөкчөнү жылдырмакчы болдум. Ошентсем эле буттарым кенен сунулуп жыргап калчудаймын. Бирок, катуу тээп алдым окшойт, төшөкчө шыпырылып ылдый жылып кетти. Мен буттарым менен кыпчып аны кайра ордуна тартып аларыма ишенген элем; бул мага оңойдой сезилген, бирок буттарымды кыймылдата баштаганда экинчи төшөкчө да ордунан жылып кетип жаман абалда калдым: буттарым ылдый салаңдап жерге жетпей тиземден ылдый жагы салаңдап калды, өйдө болуп оңдоноюн дегиче дагы бир нече төшөкчөлөр шыпырылып түштү, аркамда бир эле төшөкчө калды, ошондой ыңгайсыз абалда, коркунучтан бүт денемди калтырак басып, чалкаман жаткан боюнча ылдый көздөй кулап бараткансыдым.

Ошол учурда менде мурда оюмда жок суроо пайда болду: мен кайдамын, деги эмненин үстүнө жатып алгам? Тегерегимди, эң биринчи кезекте ылдый жагыма көз жүгүртө баштадым, азыр бир нерсенин үстүнө кулап түшөм го дегем. Ылдый карап көргөн көзүмө ишенген жокмун. Бийик мунара же тоодон да эмес, мен элестете да албаган бийиктиктен кулап баратыптырмын. Мен салаңдап илинип турган, өзүнө соруп алууга даяр, түпсүз туңгуюктан бир нерселерди көрө алдымбы, билбейм. Жүрөгүм кысылып, денем дүркүрөдү. Ылдый карагандан заарканам. Карасам эле ошол жакка биротоло кулап, кайра чыга албай өлчүдөймүн. Карагандан корком, карабай койсом андан да жаман ойлор келет. Акыркы төшөкчө алдымдан жылбышса кандай күнгө туш келер экенмин?  Коркконумдан акыркы таяныч болгон төшөкчөдөн акырындап улам ылдыйлап жылмыша баштадым. Бир көз ирмем, анан баары бүтөт.

Ошондо башыма бир ой келди: мындай болушу мүмкүн эмес. Бул болгону түш. Тезирээк ойгонгум келет, бирок ойгоно албай жаттым. Эмне кылыш керек, эмне кылыш керек? – жанталашып өйдө жагымды карайм. Өйдө жакта да чексиз мейкиндик. Чексиз көк асманды карап туруп, асты жагымдагы түпсүз туңгуюкту унуткум келди, анан чынында эле аны унута баштадым. Алдымдагы чексиздик жүрөгүмдү түшүрүп, аны карагандан коркуп жатсам, өйдө жактагы чексиздик өзүнө тартып, мени кулап кетүүдөн сактап турду. Мен акыркы төшөкчөдө илинип турдум; илинип турганымды билип жаттым, бирок, улам өйдө жакты карап, караган сайын коркууну унута баштадым. Түштө боло жүргөндөй бир үн мага: “Ушуну эстеп кал, бул ошол сенин издегениң” –деп айткансыды. Ансайын үстүмдөгү чексиздикке үңүлө карап, караган сайын тынч ала баштадым, болуп жатканын эсиме сактап, эмне болгонун эстедим: буттарымды кантип кыймылдатканымды, кантип туңгуюктун үстүндө илинип калганымды, кандай коркконумду, жогор жакты карап ал коркунучтан кутулганымды эсиме салдым. Анан өзүмдөн сурадым: азыр деле ошол асылган боюнча турамынбы?

Азыр айланамды алактап карабай эле, бүткүл денем менен таянар таянычымды сезип турам. Азыр мен илинип калбай, ылдый кулабай, бекем турганымды көрдүм. Мен кантип мындай абалда турганыма абай салдым, сыйпалап, тегерегимди жакшылап байкасам, тең салмакты кармаган боюнча, алдымдагы калган жападан жалгыз төшөкчөдө асманды тиктеп жатыптырмын. Ошол тең салмактуулук мени кармап турган экен. Мындай неме түш көрүп жаткан кезде болот эмеспи, ойгоо кезде эч мааниге ээ болбогон, мени тең салмакта кармап турган механизм, түшүмдө кадыр эсе жүргөн адаттагы нерседей түшүнүктүү болуп турду. Түшүмдө бул жөнөкөй нерсени мурда эмне түшүнбөй жүргөнүмө таң калдым. Көрсө, менин аң-сезимимдин тереңинде турган бир тирөөч бар экен, бирок, ичке тирөөчтүн бекем таянып турар жери жок болсо дагы, анын бекем турганына эч шек жок экен. Анан ошол тирөөчтөн айласын таап, жөнөкөй эле түйүндү байлап, ал түйүнгө дал ортоңду салып өйдө карап жатсаң, кулайм деп ойлобой койсоң эле болот экен. Бардыгы мага ачык, дайын болуп, кубанып жаттым. Бирөө мага: бул нерсени жакшылап карап эстеп кал деп үн салгандай болду. Ушул жерден ойгонуп кеттим.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.