Жаттым тынч,
Жаздыгым кенч,
Тилим Куран,
Тилегеним – ыйман…
(Элдик айтым).

Ыйман тууралуу сөз кылуу жеңил эмес. Себеби, анын мааниси баарыбызга белгилүү, түшүнүктүү сезилген менен, бул түшүнүктүн төркүнү дин, илим, турмуштук тааным салааларында ар түрдүүчө аңдалып, чечмеленип келет.

Чыгаан аалым, залкар сөз зергери Х.К.Карасаев бул түшүнүккө мындай чечмелөө берет: «Иман арабдын сөзү. Ишенүү, уюу, берилүү деген мааниде… Алла бирөө гана жана Мухаммед Алланын эл ичине жиберген өкүлү деп ишенүү. Алла тааланын бардыгына жана анын периштелеринин бардыгына жана анын асмандан түшкөн китептеринин бар экендигине жана анын эл ичине жиберген пайгамбарлары бар экендигине жана бул дүйнөнүн бүтө тургандыгына жана жакшылык да, жамандык да Алла тааланын буйругу менен боло тургандыгына жана өлгөндөн кийин тирилип суракка бара тургандыгына ишенүү. Мына ушул жогорку келтирилгендердин бардыгы жана ошолорго ишенүү иман деп аталат.

Буларды дүйнөдөн кетип аткан адамга угузат. Муну «иман айтуу» дейбиз. Ишенүүнүн белгиси жогоркуларды тил менен айтып, дил менен ырастоо» (Миң түркүм суроого миң түркүм жооп. – Бишкек, 1998. 95-б.).

Этика-философиялык илимдерде ыйман адамдын жана коомдун рухий-социалдык турмушунун маңызын аныктаган интегралдык түшүнүк катары сыпатталат. Ыйман – адамдын кандайдыр бир улутка, динге, жыныска, топко же социалдык иерархияга таандык эмес, адам болгондугу үчүн чечүүчү мааниге ээ болгон өмүр, эркиндик, бакыт сыяктуу жашоонун универсалдуу дөөлөтүн туюнткан түшүнүк. (Этика. Энциклопедиялык сөздүк. СПб., 2005. 146-б.)

Ыйман адамдарды бири-биринен ажырымдап турган бардык социалдык-корпоративдик чектөөлөрдөн жогору турат. Себеби, ал биринчи орунга жалпы адамзаттык дөөлөттөрдү, бүткүл адам баласынын таламдарын коюп, ага кызмат кылууга умтулат.

Ыймандын туткасы – өзүнүн нарк-беделин урматтай билип, жалпы адамзаттык идеалдар менен универсалдуу императивдердин талаптарына шайкеш келген өзүнүн абийир буйругуна гана кулак төшөгөн эркин адам. Ал – социалдык механизмдин «тетиги», партиянын «жоокери», бийликтин «чабарманы» боло албайт, ал эркин чечим кабыл алып, ал үчүн жоопкерчилик ала билген автономдуу субъект. Ага «бүтүндүн бөлүгү эмес, бүтүнгө барабар бөлүк» деген аныктама туура келет.

Адамзат абалтан эле ар кандай улуттарга, диндерге, коомдорго ж. б. бөлүнүп, эч качан бирдиктүү субъект боло албай келет. Ошол эле учурда ал өзүнүн тарыхый өнүгүү жолунда алардын ортосундагы байланышты орнотуучу жана бекемдөөчү универсалдуу социо-маданий дөөлөттөрдү да жараткан. Ошолордун бири – ыйман. Эне тилибизде анын мааниси «ниет», «пейил» деген түшүнүктөргө кыйла жакын («Ар адам пейилинен табат», «Пейил оңолбой, турмуш оңолбойт»).

Ал эми турмуштук түшүнүм деңгээлинде ыйман «чын-чылдык» («Ыймандай сыр»), «түз сүйлөө» («Ыйманга камчы чаппоо»), «уят-сыйыттуулук» («Ыйманын сактоо») түшүнүктөрү менен маанилеш. Эл бул түшүнүктү көбүнчө жаштарга эмес, жашап калган адамдарга карата колдонот («Жаштарга адеп, карыларга ыйман берсин»).

Ушул жерде эл оозунда айтылып келе жаткан бир икаяны эске түшүрө кетүүнүн жөнү бар. Себеби, анда жогоруда айтылып кеткен үч учурга тең шайкеш келе турган, адамдык мамилелердин ыймандык маңызын баамдоого түрткөн насыят ой бар.

«Бир такыба кайырчы падышанын алдынан тосо чыгып: «Оо, улуу даражалуу падышам, мага бир эле теңге садага берип коюңузчу», – деп жалооруйт. Анда падыша: «Сага бир теңге берүү менин даражама ылайык келбейт», – деп жооп кайтарат. Сүйүнүп кеткен кайырчы: «Оо, мээримдүү таксыр падышам, анда 1000 теңге деле бере бериңиз», – деп кудуңдайт. «А бул сенин даражаңа ылайык келбейт», – деп падыша андан кутулган экен.

Коомдо адамдардын ортосундагы өз ара мамилени жөнгө салып турган ушундай нормативдүү, шарттуу, атүгүл, жасалма эрежелер да болот. Булардан айырмаланып, адамдын нукура адамча жашоо-турмушун жөнгө салып, аны кубаттантып, ага олуттуу маани-маңыз берип турган ыймандуулуктун чыныгы принциптери, талаптары, жол-жоболору да болот. Ушул өңүттө ыйманды адамдын адамча жашоо өрнөгү, адамдын адам болуу билими десе болот.

Ошентип, динде ыймандуу жашоо – Жараткан аныктаган эреже – ишеним менен, илимде – коом аныктаган эреже – мыйзам менен, ал эми турмушта өзүң аныктаган эреже – ынаным менен жашоо алгылыктуу деп каралат. Бирок, бул үчөө тең ички байланыштагы, бири-бирин танбаган рухий дөөлөттөр. А балким, чыныгы ыймандуулук – дал ушул үч дөөлөттү жан-дүйнөсүндө жуурулуштуруп, бир бүтүндүккө айландырып: Жаратканга чексиз ишенип, мыйзамдарды бекем сактап, өз ынанымына бекем туруп жашоо болуп жүрбөсүн?! Себеби, ыймандуу жашоо шарттуу ритуалдарды аткарып, акылдуу сөздөрдү жаттап алып, «элдин арасында, көчтүн карасында», «эт менен челдин ортосунда» жашоо менен аныкталбайт.

Ыймандуу жашоонун дагы бир талабы – адамды бу дүйнөнүн ташпиши гана эмес, о дүйнөнүн талабы да тогуз толгонтуп ойлонтуп, акыл-сезимди аруулантып, жан-дүйнөнү жандантып туруусу зарыл. Анткени, ыймандуу жашоонун айныгыс талабы – туура ойлоо, ойлогонуңдай сүйлөө, сүйлөгөнүңдөй жашоо! Мына ошондо гана адамга да, башкаларга да анын ким экени, кандай экени… ачылат. Мына ушундай түйшүкчүл өмүр кечирип, адамча жашоонун өрнөгүн көрсөтүп, нукура турмуштун туткасы болуп жашап өткөн тагдырларды чыныгы ыймандуу тагдырлар десе болот.

Ыймандуу адам ыймандуу кадамдарды жасоо аркылуу гана калыптанат. Мындай кадамдар башкаларды шыктантып, таасирлентүү кудуретине эгедер. Турмуштук ар бир чечкиндүү кадам адамды кыйнап, түйшүккө салса да, ал баары бир анын жашоо жигерин жандантып, күү-демин күчтөндүрбөй койбойт. Адамдын ар бир чечкиндүү кадамы өз элинин, өз өлкөсүнүн рухий-маданий, социалдык-экономикалык ж. б. көйгөйлөрүн чечүүгө канчалык жуурулушуп турса, ал кадамдар ошончолук ыймандуу болот.

Тилекке каршы, учурда өлкөбүздүн саясий-идеологиялык айдыңында да, илимий билимдер жаатында да, диний ишеним жагында да өтө оор, кыйчалыш жагдай түзүлүп отурат. Коомдо руханий түшүнүктөрдүн жалпы адамзаттык маңызы аркылуу өз ара жуурулушуу, жалгашуу, интеграция кубулушу жүргөндүн ордуна окчундоо, тирешүү, конфронтация жолу күчөп баратат. Адамдардын билими менен ишеними, ички дүйнөсү менен тышкы дүйнөсү улам ажырымдалып баратат.

Мисалы, Кыргыз Республикасынын Баш мыйзамы – Конституциясында, ошондой эле Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган бардык мыйзам актыларында «ыйман» деген түшүнүк колдонулбайт. Атүгүл, жакында эле (2008-жылы) кабыл алынган диний уюмдар жөнүндөгү мыйзамда да бул түшүнүк жок.

«Этика боюнча сөздүктө» (Фрунзе, 1983) «ыйман» деген түшүнүк да, термин да жок. Ал «адеп» деген түшүнүк аркылуу берилген (13-19-б.). «Теологиялык сөздүк-маалыматтамада» (Бишкек, 2004) «ыйман» түшүнүгү диний өңүттө гана чечмеленет: «Иман, Ийман (арабча) – мусулман дининин ажырагыс бөлүгү, исламдын аныктыгына болгон ишеним. Мусулман уламалары иманды ички диний ишенимге (итикад), диний ишенимин сөз менен билдирүүгө (икрар) жана кайрымдуулук иштерге (амал) бөлүшөт. Уламалардын айрымдары бул Алланын пайгамбарларынын анык экенин жүрөк менен туюу деп эсептешсе, айрымдары иманды ислам дининин негизги жоболору менен байланыштырышат (65-бет).

«Кыргызча-орусча сөздүктө» (Москва, 1965) «ыйман»:

  1. Совесть; честность;
  2. Вера (религиозные убеждения);
  3. Символ веры (мусульманской);
  4. «Религиозная обязанность» деп көрсөтүлгөн (930-б.).

«Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгүндө» (Фрунзе, 1969) «ыйман»:

  1. Уят, ынсап, абийирди;
  2. Диндик, дин ишенимдик символду билдирет деп жазылган (744-б.).

Мектептерге киргизилген «Ыйман сабагы» диний-үгүтчүл уюмдардын кысымынан «Адеп сабагы» болуп өзгөртүлдү. Айтор, ыйман тууралуу сөз көп, иш жок.

Ушулардын баары учурда коомдо ыйман дөөлөтүнүн орду өз деңгээлинде эмес экендигин күбөлөп турат. Өлкөбүздү толгон-токой социалдык жана экономикалык көйгөйлөр алкымдап турган кезде биз рухий бийик, көөнөрбөс дөөлөт катары ыйманды дин, илим деп бөлбөй, тескерисинче, анын коомду бириктирүүчү, тазалоочу, бекемдөөчү маанисине таянып, ошону жардасак дурус болор эле.

Ислам диний аалымдары «Курандын биринчи түшкөн аятында эле «Окугун!» деген буйрук болгонун, анда окууга, илим-билимге үндөгөн 375 аят бар экендигин айтышат. Андыктан, ыйманды өз энчисине басып алуу же аны мейли диний, мейли илимий өңүттө тар чөйрөгө камап, бир беткей чечмелөө – натуура көрүнүш. Ушул сыяктуу эле, диндерди, пайгамбарларды, ыйык китептерди элди бириктирүү эмес, бөлүп-жаруу максатында колдонуу Ыйык Куранда да айыпталат (Курани Карим. Арабчадан которгон жана түшүндүрмөлөрдү жазган Алауддин Мансур. – Бишкек, 2001): «256. Бул динде зордоо (тактап айтканда, Ислам динине зордоп киргизүү) жок» (Бакара сүрөсү (2). 36-б.); «150-151. Албетте, Алла менен пайгамбарларына ишенбей турган, Алла менен пайгамбарларынын ортолоруна жарака кетирүүнү каалай турган (башкача айтканда, Аллага ишенип, пайгамбарларын тана турган) жана айрым пайгамбарларга ишенебиз, айрымдарына ишенбейбиз» дей турган, ошондой эле, ара жолду тутууну каалай турган адамдар – дал ошолор – чыныгы каапырлар. Биз алар үчүн кор кылуучу азапты даярдап койгонбуз. 152. Алла менен пайгамбарларына ыйман келтирген, ошондой эле алардын бирин да бөлүп койбогон адамдарга болсо жакында (Алла) тиешелүү сыйлыктарын берет. Алла кечиримдүү, Мээримдүү зат» (Ниса сүрөсү (4). 75-б).

Ыйманды унутуп, байлык, бийлик үчүн баарына барган адамдар муну эске алып коюшса: «177. Жүзүңөрдү Чыгышка жана Батышка бура беришиңер жакшылык – такыбаалык эмес; тескерисинче, жакшы (адамдар) – Аллага, Акырет Күнүнө, периштелерге, Китептерге, пайгамбарларга ыйман келтирген, (көзү кыйбай) жакшы көрүп турса да, байлык-малын тууган-уруктарына, жетим-жесирлерге, бей-бечараларга, жолоочу мусаапырларга, тилемчи-кедейлерге жана кулдарды азат кылуу жолуна берген, намазды толук аткарып (окуп) жүргөн, зекетти берип жүргөн, убадалашышканда өз убадасында туруучу, айрыкча кыйынчылык – оор күндөрдө жана согуш кездеринде сабыр кылуучу адамдар. Дал ошолор чыныгы ыймандуу адамдар жана дал ошолор чыныгы такыбалар». (Бакара сүрөсү (2). 24-б.)

Жаңы кылымдын дини да, илими да, турмушу да ыйман болушу абзел. Атаганат, дал ушул үч башат үч өзөндөн куралып, зор дайрага биригип, Адамзат деген улуу мухитке соолубай куюп турса кана! Ар убак эл тилеги, жан бүткөндүн күдөр үзбөй күткөнү – ошол. А үмүтсүз жашоо – шайтандыкы…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.