Же жери жок, же үйү жок, болгону бир ыркыйган карт эшеги бар кембагал жашаптыр. Ошол кембагал бир күнү өмүрү дегеле эшек көрбөгөн өлкө бар экенин угуп калат.

«Эшегимди ошол жакка алпарсам бекен, – деп ойлонот кембагал. – Мүмкүн бирөө-жарымы сатып алаар».

Ошентип эшегине минет да, жөнөп калат. Ойду-тоону кесип, дарыяларды кечип жүрүп отуруп эшекти өмүрү көрбөгөн, билбеген өлкөгө да туш келет. Анын шаарга келгени элди дүрбөлөң түшүрүп, тиришумдук жаныбарды көрүүгө туш-туштан жүгүрүп келишет. Эшек адатынча айкырат. Анын зоңкулдаган үнүнөн элдин үшү кайтып, качып жөнөшөт. Эшек айкырып-айкырып, какайып туруп калат. Эл да тынчтана түшүп, эшектин жанына келип, кожоюнга суроо жаадырышат:

— Бу эмне деген жаныбар?

— Дүйнөнү багынтар дүрбөлөң, – дейт митайымдана жылмайган кембагал.

Котологон элдин арасында падышанын да жан-жөкөрлөрү жүргөн, алар өз ара күбүр-шыбыр:

— Агер дүйнөнү дүрбөлөң салары чын болсо, муну падышабызга айталы. Мындай жаныбар башкалардын колуна тийбеш керек, – деп кеңешти алар.

Анан кембагалды эшеги менен падышага апкелишет. Кансарайынан каадалана сырттагы жаныбарга көз салат падыша. Эшак да ошол замат моюнун асмандатып, айкырыгын салды эле, падышага өз кансарайынын дубалдары силкине түшкөндөй туюлат. Эшектин зоңкулдаган айкырыгын уккан жылкылар кошкурунуп, чылбырларын үзө, үркүп качышат. Дуу-дуу, күү-күү дүрбөлөң! Кансарайдагылар кирер эшик таппай, карбаластап калышат.

Падыша мунун баарына байкоо салып карап турду. Аны таңгалдырганы – эшектин бейкапар турганы болду. Падышанын оозун ачырды.

— Жаныбар эмес бекен! Эй, чал, дүйнөгө дүң салар жаныбарыңды мага сатасыңбы? — кембагалга суроолуу тигилди.

— Сатса сатам.

— Канча сурайсың?

— Салмагы канча болсо ошончо алтын, күмүшкө сатам.

— Сатып алыңыз, улуу урматтуубуз биздин! Бул сизге дүйнөнүн баарын багынтып берип, өз кунун тез эле актайт! – дешти вазирлер да.

Падышанын буйругу менен эшектин салмагы канча болсо, ошончо көлөмдөгү алтын, күмүштөр чачылды. Дүйнөнү багынтар жаныбарды кантип тоюнтуп, кантип асыроону падышанын кошоматчылары эшектин кожоюнунан сурап калышты.

— Таптаза атсарайда кармагыла, дубалдары сыпсыйда акталган, апапакай болсун. Бийигирек керебет жасап, алдына майда кертилген самандан төшөгүлө да, жүзүм аралаш арпадан кем кылбагыла. Дүйнөнү багынтар жаныбарды ордунан козгобой, сууну атсарайга чака менен ташып бергиле. Падышаңар согуш чыгаргысы келген учурда бул жаныбарды атсарайдан жетелеп чыгып, душман тарапка агытып ийгиле. Ошондо көрөсүңөр, эмне болорун, – деди да кайран кембагал алтын-күмүш колуна тийгенде эшектин ордуна эмне бар, эмне жок деп эки тулпар сатып алды. Алтын-күмүштөрүн куржундун эки көзүнө шыкап, ээрине артынды да, өз мекенине жол тартты.

Дүйнөнү багынтар жаныбар сатып алган падышанын ооматы коңшу өлкөлөргө заматта жетти. Коңшу өлкөлөрдө дүйнөнү багынтар жаныбар багылып жүргөнү жана аны башка өлкөлөрдү басып алууга агытыла турганы маалым болуп, падышалардын бири кооптонду: «Алдын ала чара көрбөсөм болбойт».

Бир эле түндө баардык аскер күчү топтолуп, алар дүйнөнү багынтар жаныбарды сатып алган падышанын шаарын курчоого алышты. Бул шаар бийик дөңсөлүү жерге курулган эле. Шаар эли эртең менен аскерлердин курчоосунда калганын көрүштү. Муну уккан падыша дүйнөнү багынтар жаныбарды атсарайдан чыгарып, душманды көздөй агытууга буйрук берди.

Ага чейин эшек сыртка чыгарылган эмес эле. Аны жүзүм кошулган арпа жана кертилген саман менен гана багып жүрүшкөн. Ордунан жылдырбай, чака менен сугаргандыктан, эшек ушундай бир семирген экен – сыртка жетелеп чыгалы дешсе, атсарайдын каалгасына кыпчылып калбаспы, дубалды талкалоого туура келди.

Падышанын жан-жөкөрлөрү дүйнөнү багынтар жаныбарды шаар капкасына жетелеп келишти акыры. Ноктосун шыпырып, дарбазаны ачып, сыртка коё беришти. Атканадан чыгарылбаган эшек эркиндикти сагынып калган экен, таза абадан башы айланды. Делебеси козголуп, ары басты, бери басты эркинче. Жерге жата калып оонады. Тиги капталынан бул капталына оодарылды, буттары сыраңдап. Айлананы боппоз чаң басып, чаңдын арасында оонаган эшек көрүнбөй да калды. Эшектин бул жоругу душман тараптын үрөйүн учурду. Дүйнөнү багынтар жаныбарды көздөй кыймылдоого эч бири батынбай, ордуларында селейип катышты. Моокуму канганча оонаган эшек ордунан тура калып, котологон элди, аттарды көрүп, булар талаада мал кайтарган адамдар го деп ойлоду.

Көк-жашыл чөптөн ооз тийип ыракаттанган эшек бир убакта тумшугун асманга көтөрүп, катар-катар айкырык салып, кулактары тикчие душман тарапка мөңкүгөн бойдон чуркап жөнөдү. Душман тараптагылардын жүрөктөрү оозго кептелип, артын карабай качып жөнөштү дүйнөнү дүрбөткөн жаныбардан. Ошондон кийин коңшу өлкөлөрдүн эч бир падышасы эшекке кожоюндук кылган падышанын элине опуза көрсөткөнүн коюптур.

Душмандан санаасы тынган падыша да дүйнөнү дүрбөткөн жаныбарды мурункусунан да жакшылап багууну буюруп, жүзүм кошулган арпаны күнүгө эки эсе көбүрөк бере башташат. Эшек анан дардайып семирип, тоголок шардай чатырап, акыры ашыкча тоюттан улам тарс этип жарылып өлүптүр.

Которгон Олжобай ШАКИР

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.