Италиян эл жомогу: Кыздын себи

Ойлонуп отуруп, жашым келип калды, багымды табайын деди кыштын кызы Бореа-бороон. Түштүктөн соккон шамал Сирокко – көӊүлүнө толду. Учуп барып тартынбастан маселени кабыргасынан койду. – Дон Сирокко, мага үйлөнгүӊ келбейби? Сирокко эркин жашоого көнгөн неме эле. Кааласа, Африкага учуп барат же деӊиз үстүн чарпый зуулдайт – аялдын эмне кереги бар! Ошондуктан жообу мындай болду: – Э, донна Бореа, эки жакыр бириксе капчыгы толуп бай болбойт. Менде го эч нерсе жок, сен деле жарыган себиӊ бар экенине күмөнмүн. – Кантип мен […]

Миргүл Өмүралиева: Периштелер

АҢГЕМЕ Ымыркайлар жаткан палатада жымжырттык эч качан өкүм сүрбөйт, бирок кээде мемиреп, баары тегиз уктап калышат. Аларга күнбү, түнбү, айырмасы жок да, кааласа уктайт, каалабаса уктабайт, бири курсагы ачып, эмчек эмгиси келсе, бири чычып коюп, өз памперсинен өзү жийиркенип, баркырап ыйлап калат, кыйратып салгансып. Эми жаңы төрөлгөн ымыркайлардын жумушу ошол да, эмчек эммей, уктамай, анан памперстерин булгамай. Ошол кымындай көз ирмемдик тыныгууда алардын жанынан чыкпай капельница коюп, кээсине зонд менен сүт берип, өз милдетин аткарып жүргөн медайым менен нянька чыга […]

Кадыркул Даутов: Таалимчи акын[1]

Чейрек кылымга аяк басып калды. Кыргыз поэзиясында Алыкул Осмоновдун арааны аябай катуу жүрүп турган убак. Биз, ошондо жаңыдан адабиятка кызыга баштаган, мектеп партасынан чыгып-чыга элек жаштар, акындын ырлары менен ал жөнүндө жазылгандарды, өзгөчө Ш.Үмөталиевдин эмоциялуу макалаларын тим эле жата калып окучубуз. Акыйкатта да сынчы өз маалында Алыкул Осмоновдун атын кыргыз журтчулугуна жакшы пропагандалап, өзү да ошол аркылуу кыйла популярдуу болуп кеткен экен. Экинчи жагынан, А.Осмоновдун поэтикалык мектебинен таалим алып, анын манерасына салып же ага окшоштуруп жазган жаш акындар бизге эң […]

Калыс Кенжебаев: Пианист (конкурска №7)

АҢГЕМЕ Кандай гана кызыксыз жашоону жашап жатам… Жайдын күнү шаарда өтө тажатма; күндүн куйкалаган аптабы кайра айланып таң атмайынча тарабайт. Андыктан кечкисин гана бир аз сейилдегениң болбосо, турмушуң турмуш болгону курусун. Өмүр бою шаарда жашай турган болсоң далай жашыңды түтүн менен ызы-чуу жейт. Эгер кедей болсоң, сенден өткөн шордуу жок, өзүңдөн өзүң карыйсың. Шаарда бай болуунун бир эле жолу – бай болуп төрөлүү. А иштеп баюуну көздөгөн адам келесоо. Күндө тапканың күнгө, айда тапканың айга өп-чап жетет. Бул ойлор мага […]