Чейрек кылымга аяк басып калды. Кыргыз поэзиясында Алыкул Осмоновдун арааны аябай катуу жүрүп турган убак. Биз, ошондо жаңыдан адабиятка кызыга баштаган, мектеп партасынан чыгып-чыга элек жаштар, акындын ырлары менен ал жөнүндө жазылгандарды, өзгөчө Ш.Үмөталиевдин эмоциялуу макалаларын тим эле жата калып окучубуз. Акыйкатта да сынчы өз маалында Алыкул Осмоновдун атын кыргыз журтчулугуна жакшы пропагандалап, өзү да ошол аркылуу кыйла популярдуу болуп кеткен экен.

Экинчи жагынан, А.Осмоновдун поэтикалык мектебинен таалим алып, анын манерасына салып же ага окшоштуруп жазган жаш акындар бизге эң эле жакын көрүнчү, аларга айрыкча кызыкчубуз. Турмуш деген татаал экен, адабият жолу оор экен, алардын көбү акын болбой калды. Бир даарын көз көрүнөө эле Алыкул «жутуп» салды, ошолордун ичинен өтө чыгаан, сергек изденгичтери гана өзүнчө жол таап, чыгармачылык сапарын оңдуу улантып кете алышты. Бүгүн алардын кыргыз адабиятында кадимкидей орду бар.

Мына, ошол өзүн-өзү ачып чыгып, айта турган өз сөзүн таап алган калемгерлердин тобуна белгилүү сатирик акын Жапаркул Алыбаев да кирет. Аны менен биринчи кездешкен жылдары мага автордун сатирасына караганда лирикасы жакыныраак сезилчү. Кийинчерээк байкаштырып баксам, акындын чыгармаларына карата менде ушундай мамиленин жаралып жатышына дале болсо негизги себепчи Алыкул Осмонов экен. Ошондо, адабияттагы жалган менен чынды жакшылап ажырата элек кезимде, Ж.Алыбаевдин ырларына мен мындан улам кызыгыпмын. Жаш акын ал чыгармаларында Алыкулдун бизге тааныш жазуу манерасы менен интонациясын гана кайталабастан, анын поэтикалык ойлорун да (бул эң негизгиси) кайталап айтып берип туруптур. Көрсө, Ж.Алыбаев аркылуу кайра эле А.Осмонов менен жолугушуп, акындын мурдатан өзүмө тааныш ырларын окуп жүрүпмүн да…

Бул пикиримди мына мындай мүнөздүү бир ырдын мисалында далилдеп берсем болот. Ж.Алыбаевдин мага жаккан лирикасынан «Жалкоолук бар аз гана» – «Ленинчил жашка» чыккан. Анда жаш акын төмөнкү ойду билдирет. Акталаа, сырын тапса, коон, дарбыздан помидорго чейин бышкыдай жакшы эле жер. Айып – көчмөн турмуш шарттарына психологиясы ыңгайлашып калган элдин жалкоолугунда. Аны жашылча-жемиши жайнаган, бактуу-шактуу абат жайга айлантуу керек.

Көрсө, бул Алыкул Осмоновдун айтылуу «Атбашы» деген ырынын кечигип кайталанган бир варианты экен. Болгону, чыгармага тема кылып алынган жердин гана географиялык орун тартиби алмаштырылган. Бир ой бир гана ырда, бир гана жолу жана биринчи ирет айтылганы менен, жаңы да, баалуу да болорун ал кезде мен кайдан билипмин. Алыкул ушинтип жазганы үчүн аябай дуулдап, атак-даңкы чыгып жатпайбы, ошого окшоштуруп жазсак, биз да элге жагабыз дешип, аны аң-сезимсиз туурап адашкан жаш акындардын бири Ж.Алыбаев болсо, Осмоновду кайталаган авторлордун өзүнчөлүгү жок экендигин билбей жактырып, жаңылып жүргөн окурмандардын бири мен турбаймынбы.

Буга жаш акындар менен биз сыяктуу окурмандар өздөрү канчалык күнөөлүү болсо, чыгармачылыктагы мындай опурталдуу көрүнүштү оң баалап, пропагандалап, коомдук пикир түзүп турган сабатсыз адабий сын да ошончолук эле даражада айыптуу болгон. Өзгөчө кыргыз поэзиясына ал кыйла оор зыян келтирген. Андан айрым акындардын тарткан жабыры куну төлөнгүс, орду толгус жоготууга барабар.

Алыкул Осмоновдун поэтикалык «айлампасына» биринчи катуу тартылып кеткендерден Н.Байтемиров менен С.Эралиев гана бара-бара суурулуп чыга алышты. Өтө күчтүү эмес, аз-аз туурап ээрчигендерден Б.Сарногоев, С.Жусуев, Ж.Садыковдор эртерээк бошонушту. Ал сыйкырдуу иримге кийинчерээк келип түшкөндөрдүн ичинен О.Султанов амал таап, бөлүнүп чыгып, өзүнчө башка жээкти көздөй сүзүп жөнөдү. Бир даары бөлөк жанрларга өтүп, сактанып калышты. Андан Жапаркул Алыбаев кандай жол менен ажырады экен?

Ошол кезде жаш акындын талант табиятынан байкалган айрым жышаандарга караганда да бүгүнкү чыгармачылык тажырыйбасы берип жаткан жыйынтык-натыйжаларга караганда да, ал баары бир, башка нук алып, башка багытка бурулмак.

Биринчиден, Ж.Алыбаев, жалпысынан, Алыкул Осмоновго таасирленип, маал-маал аны туурап жазып жүрсө да, айрым акындарга окшоп биротоло ага башоту менен жутулуп, ошону менен жашап, ошону менен дем алып калгандардан эмес эле. Эгерде жаратылышы боюнча өзүнө жакыныраак адабий күчтөрдүн таалимине кирсе, Алыкулдан «айнып», туруктуу конушун ошолордун арасынан издөөгө өтмөк. Анын үстүнө Ж.Алыбаев А.Осмоновдун тирикарак шакирттеринин бири эле. Ошол үчүн окурмандарга эртерээк таанылгандардын арасында турган. Жаратылышынан сергек жана адабиятка кантип келип, кимдердин шарданы менен баратканын учурунда сезбей, туура ой-жыйынтыкка келбей коймок эмес.

Экинчиден, Ж.Алыбаевдин чыгармачылык башатында лирика менен сатира тең бүчүр жарып, тең ачылып келаткан. Анда эки стихиянын өзүнчө ички жарышы бар эле. Байкаган окурманга лирикасына караганда табигый өткүрлүк сатирасында күчтүүрөөк да, көрөңгөлүүрөөк да туюлат. Шарты жетилсе, акындын шык-жөндөмүнүн ушул салаасы арымдуу кетип, талантынын ушул жагынан тезирээк көтөрүлүп чыкчудай көрүнөт.

Үчүнчүдөн, Ж.Алыбаев лирикасындагы окурман кызыктуураак кабыл алган ырларында Алыкулду туурап келатса, сатирасында өзү көрүп, билген терс көрүнүштөргө жекече реакция жасап, аларды өз түшүнүгү менен баалап, чыгарган тыянагын айтып жатат. Талашсыз факт, автор али чындап чалкан тилге ээ боло элек, чеберчилиги жетише элек, бирок, мында жасалмалуулук аз, табийгыйлык кадыресе үстөмдүк жүргүзөт.

Ушинтип, Ж.Алыбаевден келечекте башка типтеги акын чыгыш керек (эгерде таптакыр өспөй, бир орунда токтоп, же ыр жазууну таштап койбосо), же андан эч ким чыкмак эмес (өзүн-өзү таппай, бирөөнү сокур сезим менен ээрчип, анын көлөкөсүнө өтүп кетүү жок дегенге барабар эмеспи). Мындан ары карай талапкер канчалык даражада активдүү иш-аракетке кирет, устаттарына чыгармачылык менен аң-сезимдүү мамиле жасай алабы же жокпу, өзүн-өзү издеп, өз табиятын өзү ачабы, жокпу, бардык маселе тикеден-тике мына ушулардан чечилмек.

Бакытка жараша, жаш акын А.Осмоновдун поэтикалык мектебин «тездетилген темпте бүтүрүп», бараткан багытын тууралап алды. Дегинкиси, Ж.Алыбаевдин жалпы эле чыгармачылык сапарында анын үйрөнчүк мезгили узакка созулбаптыр. Кээ бир бечел авторлорчо көпкө эмгектеп барып, анан там-туң басып, «жаш акын» атанып, ар кимге жетелетип, «ай-үй!» дедиртип сүйрөтүп жүрбөй, бат эле баралына келип, активдеги күчтөргө аралашып кеткенин көрөбүз.

Чыгармачылык тагдырда эң татаал нерсе – өз талантын табуу, өзүн-өзү ачуу. Бул жагынан Жапаркул Алыбаев акын катары гана эрте жетилбестен, өзүнүн жекече стихиясы менен өз жанрын да эрте тапты десек болот. Көрсө, ал тубаса сатирик экен. Ж.Алыбаевге сатира керек экен, сатирага Ж.Алыбаев керек экен. Экөө бири-биринин бактысын ачышты. Адабияттын башка салаасында жүрсө, кандай болуп кетет эле, эмнелерге жетет эле, билбейм. Жалаң гана ыр менен алыша берсе, орточо лирик чыкмак. Ал бүтүн кыргыз сатирасында Мидин менен Райкандан кийин келген куйкум сөздүү акындардын ичинен үчтүн бири болуп турат.

Белгилүү го, ар кандай шык-жөндөмдүн ачылып, өзүнчө нук алып калыптанышына жалпы түзүлгөн шарттын ичинде түзүлгөн өзгөчө шарт керек. Жапаркул Алыбаевдин сатиралык талантынын чындап бардык жагынан көрүнүшүнө «Чалкан» журналынын ачылышы, анда Мидин Алыбаев, Айткулу Убукеевдер баш болгон тикенек тилдүүлөрдүн өзүнчө бир тандамал тобу менен чогуу иштеп калышы жаш акынга жаңыдан ийне учундай кылтыйып келаткан эгинди маалында жааган жамгыр кулагынан тарткылап өстүрүп жибергендей эле жардамы тийген. Анын потенцияда жаткан табигый мүмкүнчүлүктөрүн козголоп сыртка алып чыгып, талантынын дартына табылгыс даба болгон.

Ошентип, жаш акын «Чалканда» иштеп, ага кызмат өтөсө, «Чалкан» да ага чоң көмөк көрсөткөн, аны биротоло сатирик акын катары калыптандырып, адабияттагы бирден-бир туура жана айныбас жолуна салган. Негизгиси, ал экөө бири-бирине көп эле милдеткер.

Акыйкатта да Жапаркул Алыбаевдин кыргыз адабиятындагы таанымал аты – сатирик. Ал эми анын сатирасы – акындын өздүк поэтикалык мөөрүн, жекече үнүн алып жүргөн оригиналдуу сатира, аны Жапаркул Алыбаев жазганын автордун атын окубай туруп эле кулак менен угуп ажыратууга болот. Ал жеңил-желпи эрмектин, зериккенде күлкү чыгаруунун же сырттан туруп көз салып сынтагуунун ыры эмес, а чындык менен тикеден-тике туруп беттешкен ачык күрөшчүл, жалтанбаган чабуулчул, нускасынан жазбаган таалимчил сатира.

Акындын үнү – китеп беттеринен тырмалап отуруп сыгып алган, кан-сөлү жок үлдүрөгөн, кабинеттен нары кетпеген жетим күбүр-шыбыр эмес, жандуу турмуштун бакыбат чыккан үнү, калтыраткан каары бар, жагымдуу мээри бар.

Жапаркул Алыбаев эмне үчүн сатирик болуп калды экен (ушундай шыгы бар туруп эле кур алакан калгандар толуп жатпайбы), түпкү мурат-максаты кайсы, аны акын кандайча түшүнөт. Биз каягынан келип акмалаганыбыз менен, ал жалгыз сырды автордун өзүнөн ашырып ача албайбыз. Анын өз оозунан уккан жакшы:

Жашоону
Таза тутуш биздин милдет,
Өлкөмө
Жолобосун тумоо, илдет.
Колума
калем берген тууган элим,
Сатирик-дезинфектор болуп жүр деп.
Шыпырып
Ыпыласты соо турмуштан,
Ооруну
Арабыздан жоюп жүр деп!
Акындар
лирикасын жаза берсин.
Сырларын
Бейпил күндүн ача берсин!
Сатирик
Постто турат көз ирмебей,
Анын да
Кубанычы өзүң, сенсиң!

Бул саптар — акындын коом алдындагы граждандык ыйык парзын, бүткүл аң-сезимдүү жашоосунун маңызын, тереңдеги чыгармачылык оюн таамай туюнткан туруктуу эстетикалык принциби. Анын жалпы сатиралык чыгармаларынын башкы пафосу — «соо турмуштан ыпыласты шыпыруу, ооруну арабыздан жоюу». Чалкан тилдүү каламгер дал мына ушул мүдөө үчүн «Постто көз ирмебей туруп» күрөшөт.

Сатирик-акын мейли эки козу туулса, бири көңүлдө деп коюп, бирин каттаган «математик-эсепчи» Ыйсанын кешпирин тартабы, же тирүүсүндө таанылбаган армандуу «гений» жөнүндө жазабы, болбосо жакшы жазуунун жолун айтып сайраган, бирок, «чымчыкты» замбирек менен атып, төөнү суу мылтык менен «жайлаган» ашкере «сыпаа», принциби жок жалган сынчы тууралу жазабы, болбосо жаңы тааныш кошоматчысына кеңеш береби, айтор, кайсы тескери көрүнүш тууралуу жазбасын, ошолордун бардыгында көздөп жатканы түпкүлүгүндө бир гана максат — «жашоону таза тутуш милдети» үчүн күрөш жатат.

Сөз чынынан тайбайт. Жапаркул Алыбаев адабиятка бир учурда кирген тең курбал каламдаштарынын ичинен эртерээк таанылып, эртерээк активге кошулгандардан болсо да (анын аты бат эле чыгышына «Чалканчы» журналисттиги, курч шилтенген сын материалдары, фельетон жанытмалары, юморлуу аңгемелери да чоң өбөлгө түзгөн), ал чыгармачылык жолунда дайыма эле озуп, «чапкан сайын көз чыгарып» жүрүп отурган жок. Удаа-мудаа жаралган жакшы ийгиликтерди ар кандай өксүктөр коштоп келди; чапчаң жана жемиштүү иштей албай калган чактары бар, оңунан көп чыга бербеген, бир окулуп, ошол бойдон калып калчу ортосаар, кээде андан да төмөн турган чыгармалардын (өзгөчө лирикасында) аягына аты коюлуп келген кездери да болду.

Бир жакшы жери – акын маал-маал токтоло түшүп, жайлап калып жатса да, ошол бойдон өзүн «шалак» эттирип таштап жибербей, башкы ориентирин өзгөртпөй, алга жылуу аракети менен жашап келгенин көрөбүз. Жекече окуган, изденген, биротоло сатира тарапка ооп, анын табиятын дагы жакшылап өздөштүрүп, сырларына тереңдеп кирүүгө умтула берген. Улам жашы өйдөлөгөн сайын турмуштук жана чыгармачылык тажырыйбасы да арткан. Бул аралыкта Ж.Алыбаев личность катары да, сатирик катары да калыптанып бүттү.

Сатирик акын айрыкча кийинки жылдары жакшы чыйралып, арымдуу өйдөлөдү, адабияттагы ордун да кыйла эле мыктылап бекемдеп алды. Буга күбө – анын «Күлкү аралаш күйдүргү» аттуу («Кыргызстан» 1983) көлөмдүү поэтикалык жыйнагы. Ал тууралуу өзүнчө жай отуруп, кенен-кесири кеп салса болор эле. Китеп жалгыз гана Ж.Алыбаевдин ийгилик, кемчиликтерин көрсөтпөстөн, азыркы учурдагы кыргыз сатирасынын орчун маселелери жагдайында ойлор айтууга да жакшы жем таштайт. Бир сөз менен айтып, мүнөздөп кетчү сапаты – акындын чыгармаларынын мазмуну улам тереңдеп, форма жактан байып, көркөмдүк күчү артып, оригиналдуулугу дааналанып баратканы.

Кээде ыкшып жөтөлүп,
Чүчкүрө калып, охулап,
Илимий кеңешмеде Индирбай
Окуп жатса доклад,
Сураган ооздо эмне күнөө,
Угуп отургандардын бирөө
— Ой, мунуңдун айтканы бүт
Академик Аркаровдун
Ою го кечөөгү,
Деги бул өз оюн айтууга өтөбү? —
Десе, жолдошу шыбырайт:
— Өз ою жок болсо,
Өлүп кетеби!
Өзүнүкү ал байкуштун
Жалаң гана жөтөлү!

Бул поэтикалык табылга жападан жалгыз гана Ж.Алыбаевдин калемине таандык. Ыр нукура чеберчиликтин үлгүсү. Проблемалуу десең проблемалуу, мүнөздүү десең мүнөздүү, типтүү десең типтүү, көркөм жалпылоо жогорку даражада. Кыскалыгы менен нускалыгы бап келишип калганын айт. Автор Индирбайды бар болмушу менен келтирип туруп он беш гана сапка батырып берген. Бирок, Индикеңдин түгөйлөрүн сен кеминде он беш жыйындан он беш ирет жолуктурасың. Анын бешенесинен жүздөгөн Индирбайлар өздөрүнүн кешпирин таанышып, таап чыгышат. Так маңдайга чапкандай таамайлыгычы. Таптакыр эле юмор сезими мултуюп, рухий дүйнөсү каңгырап калган адам гана муну кайдыгер окубаса, ким да болсо бир жылмайып, бир «бырс» этип алары айдан ачык ко. Күлүп эле тим болуп калбайсың, андан ачуу ой толгоолорго өтөсүң. Чыгарчу тыянагың – алардан коомду тазартуу милдет!

Активдүү турмуштук позициясы жок, баарына макул, баарына кайдыгер, баарынан четте, добуш-үнү угулбас, «тынч өмүр» сүрүп өткөн айрым типтердин коомдогу орду кайсы, артына түшчү изи кайсы, калкка берчү пайдасы кайсы да, кайра калктан алчу баасы кайсы? Адамдык маңызы эмне менен аныкталат да, өмүр өрнөгү кимге үлгү?

Ак жоолукка көзүн
кыспады.
Камчылууга каршы
чыкпады.
Бирөөгө жаман
айтпады.

Өмүрүндө бирөөнү
какпады.

Өлдү,
ыйлаган жан болбоду.
Көмдү,
мүрзөсүнө гүл койбоду.
Жашап өткөн тим, —
Бул ким?

Бул — киши үлүл, тирүү манекен. «Же күйбөгөн, же жылытпаган, өчүп калбаган, жылтырап от сыяктуу адамды алдаган», мындай сөлөкөттүн алдында чай кайнам турсаң, демиң кысылып, аба жетпей тумчугуп кетесиң. Буга окшогондор коом турмушун нымтыраган көңүлсүз атмосфера менен оордонтуп, алгалоону пассивдештирет. Арзанга түшчү зыян бекен? Эмесе, ал санакка кирип, чыныгы турмуш ээси турчу орунду бекер ээлебесин. Муну да «илимпоз» Индирбай, «математик» Ыйса, «арыз жазган Тоголокторго» кошуп, жолуңдан шыпырып сала бер! Адам дүйнөгө бир жолу келет. «Чычаладай быкшыбай, күйөр болсоң, ак жарык чач». Кызыктуу өмүр сүр; турмушка кумар, ышкың жанып, күрөш, алыш менен жашап өт. Андан тиешелүү шыбагаңды толук өндүрүп, пайдаланып кал, берчүңдү калтырбай, бүт бойдон берүүгө жетиш. Чыгарманын ички пафосу дал мына ушунда.

Ж.Алыбаевдин сатирасы форма жактан байып, улам көп түрдүүлүккө ээ болуп баратканын анын соңку жылдарда жараткан тамсил, эпиграмма, достук азил, пародиялары жакшы далилдешет. Бирок, автор бардык майда жанрларда эмне жазса, ошонун баары тең эле жаңылык, баары тең эле үлгүгө тартчу чыгармалар дегим келбейт. Өзгөчө көркөм чыгармачыл чөйрөнүн өкүлдөрүнө эмес, башка кесиптин ээлерине арналган достук азилдеринин көпчүлүгү бир окулуп, ошол бойдон унутулчу деңгээлде чыгып калат. Акын, эмнегедир аларга келгенде, жазуучулар менен азилдешкендей, чындап агынан жарылып «азилдеше» албайт.

Анткени менен, бүтүндөйүнөн карап баалаганда, акындын бул багытта бараткан жолу олжолуу. Мыкты делген поэтикалык миниатюраларында тапкычтык жөндөмү, сергек сезими, күйдүргү юмору, шылдыңчыл ирониясы кадыресе бийик деңгээлге көтөрүлүп жетет. Ал гана эмес, анын айрым достук азилдери менен пародияларын эч бир тайманбай туруп эле сатира жаатындагы чакан жанрлардын бүгүнкү күндөгү жетишкен чектерин аныктоочу мисалдардын катарында келтире берүүгө болот.

Адегенде азыраак комментарий. Кедерги маанидеги мүнөздүү бир адабий факт. Поэзияда жадатма трафаретке айланган мындай бир көрүнүш бар. Автордун индивидуалдуу жүзү, чындап ичтен чыккан жекече мамилеси көрүнбөгөн бирин-бири белимчилерден бешбетер тамгалай кайталап туураган «Ала-Букам», «Ак-Өгүзүм», «Кара-Текем», «Көк-Кочкорум», «Кургак-Жарым», «Котурчабым», «Чымкоргонум», «Майлы-Сайым» деген сыяктуу акындын өз айылы тууралуу чыгарган ырлар кеч күздө дүркүрөшүп, кырман түп издеген таранчылардай ушунчалык көбөйүп кетти. Алар жөн эле жазылган эмес, окшош обондорго салынган, кулактын курчун алып, кайта-кайта ырдалып калышканын кантесиң.

Ушинтип, жабалактап эгинди каптап кирген чегирткелердей поэзияга катуу жайылып бараткан (өзгөчө алтымышынчы жылдардын ортосундагы аралыкта) адабий көнүмүшкө каршы күрөштө өз учурунда таасирдүү эффект берген күчтүү дарылардын бири Ж.Алыбаевдин мына бул «Ташбашат» деген пародиясы болгонун да калыстык менен айтып койгонубуз жакшы:

Туулган айлым Ташбашат,
Тууруңда калдым аз жашап,
Ээнбаш балдар көп эле
Эмгегиң качан акташат?
Өктөмдүн таруу бозосу ай,
Өмүраалынын күрпөң козусу ай,
Өтсө да көп жылдар макташат.

Таланттар сенден жаралган
Таң атпай ичип жаланган.
Сайыңда кумар ойношсо,
Багында мастар жай алган.
Швейцария айлансын
Сенин
Шак жыттанган абаңдан!

Селедка жыттуу арагы
Секиде дүкөн аманбы?
Туз жалап, калпак жыттатып,
Туздадың далай адамды.
Өзүңдөн өскөн баягы,
Өтөштүн уулу Баялы,
Базарга салып абийирин,
Багуусуз калды аялы.

Калкыңа өттү эмгегиң,
Канткенде аны таналы.
Ташбашат сендей жер барбы,
Тарыхта калар баяны.
Ташбашат оо! Ташбашат ии!

«Ташбашаттын» жалпы мааниси бир гана сезон милдет өтөө менен чектелип калбайт. Тууган айылдын атын бетине парда тутуп, билинбей поэзияга кирип келген бул халтура деген «уурунун» айыбы ачылып, окурмандарга таанылып бүткөн соң, ал азыркы өң-түсүн өзгөртүп, анча-мынча алаксытып туруп, дагы бир башка ат менен чыгып, адабияттын бөлөк бурчунан сагалап тумшук сала баштайт. «Ташбашат»: «ушунун көзүнө жакшыраак үңүлүп карагылачы, баягынын өзү же түгөйү болуп жүрбөсүн» деп, баарыбызды сергектикке чакырат. Поэзиянын ыйык чек арасын бузуп өтчүлөрдүн жолун тосоттоп, узак убакыттар бизге жакшы сын менен барабар ак кызмат өтөп берет.

Ж.Алыбаев түрдүү темада лирикалык ырлар менен поэмаларды да жазып келе жатат. Акындын ички туюм, сезимдерин, жекече ой толгоолорун билдирген, сыр жашырбас ачыктык менен эркин жазылган бир нече ырлары бар. Алар кадыресе окулат. Мындай сапат көбүн эсе өзүнүн биографиясына байланыштуу жаралган чыгармаларына таандык. Бирок, анын жалпы көркөм тажырыйбасын туташынан алып караганда, лирик Алыбаевди сатирик Алыбаевдин фигурасы тосуп салат. Ушул «таза» акындык жагынан адабий активде турган башка белгилүү каламдаштарынын ичинде да бөлүнүп көрүнө албай, көптүн бири болуп калат…

Иштин жүйөөсү ошондой болгон соң, мен автордун лирикасына атайлап токтолуп, майдалап мүчөлөп-жиликтеп отурбай, сөздүн ток этер жери ушуга келет эмеспи дегенчелик кылып, негизги оюмду жалпылап, тезистетип айтып коюу менен гана чектелгени жатканым окурманга алдын ала сезилип турган чыгар. Эми эки ооз кеп акындын котормочулук өнөрү жөнүндө.

Ж.Алыбаев котормо өнөрүнө биротоло баш-оту менен кирип, аны өзүнүн төл чыгармачылыгы менен бир катар жана үзгүлтүксүз өнүктүрүп, иштеп келаткан акындардан эмес. Ошондой эле азырынча ал которгон В.Большак, Р.Бородулин, М.Кильчичаков, ыр, поэмаларынын ичинде ушул өнөр үчүн нагыз чеберчиликтин үлгүсү делген мисалдарга кошуп, кадыресе кеп-сөз, талаш-тартышка сала тургандары боло элек. Системалуу иштебей, тийип-качып кайрылып, кирди-чыкты мамиле жасап жүрөт. Эң башкысы – талант табиятына жакын таап, тандап алган туруктуу акындары жок. Кимди болсо да колго тийген эле жерден «буйдалбай» которуп кирүү бийик искусствого жасалчу жооптуу мамиленин жышааны эмес, а майда кол өнөрчүнүн (ремесленниктин) иш-аракетин мүнөздөөчү айла-амал.

Чыныгы котормочу көркөм сөз ээси сыяктуу эле чыгармачылык тагдыр күтөт. Нукура орошон поэтикалык туундулардын жөн эле жазыла бербеси анык болсо, анда адабият тарыхында айтылып калчу мыкты котормонун оңой менен жарыкка келе койбосу да талашсыз чындык. Анын да кадимкидей таржымакалы, арып-азап абыгер чегип жүрүп аягында жеткен бийиктиги болот. Ошондуктан көркөм сөз өнөрүнүн бул түрүнө аралашсаң, ага өмүрүңдү сайып таштап, ошону менен жашап өт. Ал «аш тапканча айранга талкан чайып иче турайын» деп, эрмектеп урунчу иш эмес. Классик котормочулар бизге ушундай катаал сабак берет.

Ж.Алыбаев мындан нары жалаң гана сатирасын жазабы же лирикасын кошо ала жүрөбү, котормочулугун улантабы, жокпу, ал жеке өзүнүн иши… Бирок, катардагы лирик, таржымал, тагдырын жасай албаган котормочу болуп жүргөндөн көрө, анын жакшы сатирик болуп, адабий активде турганын мен чын ниетимден макул табам…

1985-жыл

[1] Китептен: Даутов К. Түркүн дүйнө элестеринен. — Б, 2005. – 70-80-б.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.