АҢГЕМЕ

Кандай гана кызыксыз жашоону жашап жатам…

Жайдын күнү шаарда өтө тажатма; күндүн куйкалаган аптабы кайра айланып таң атмайынча тарабайт. Андыктан кечкисин гана бир аз сейилдегениң болбосо, турмушуң турмуш болгону курусун.

Өмүр бою шаарда жашай турган болсоң далай жашыңды түтүн менен ызы-чуу жейт. Эгер кедей болсоң, сенден өткөн шордуу жок, өзүңдөн өзүң карыйсың.

Шаарда бай болуунун бир эле жолу – бай болуп төрөлүү. А иштеп баюуну көздөгөн адам келесоо. Күндө тапканың күнгө, айда тапканың айга өп-чап жетет.

Бул ойлор мага бир аз мурун уккан пианино үнүнөн улам келип, ал үн угулбай калса да, оюм андан дале үзүлбөй турат. Бул аспаптын кайгырбасты кайгыртаар керемети бар.

Улуттук филармониянын астанасынан аста гана сыртка аттай берип, чукул бурулдум да, дароо турган жеримден чылым түтөттүм. Чылымды ким чыгарса да ырас кылыптыр; албетте, соолукка залалы тиери бар, антсе да ыракаты канча. Айрыкча мен өңдүү башка ыракатка жеталбаган арсыздарга табылбас оокат. Арам ойго батып чарчаганымда түтөтө калып, өпкөгө бир тартып алам; анан өткөн-кеткенди ойлоп, аны түтүн менен кошо буркурата үйлөп коём. Бул дембе-дем тартып, кайра үйлөгөнүм көпкө уланып, өпкөнү кирдетем да, жан-дүйнөнү тазартам. Жинденбесеңиз экен… Ар кимдин өз ыракаты бар.

Түн бир оокум болуп калса да шаар тынчыбай , кымгуут авто-унаалар, ары-бери агылган жөө жүргүнчүлөр көчөдөн үзүлбөйт. А мен аларга үстүртөн көз салып, тамекиме кожоюн болгонума маашыркайм.

“Жалгыз колдуу пианист” – артка кайрылып, дубалга илинген чоң афишаны окуп койдум. Өтө таң каларлык нерседей угулганы менен көрө келгенде тез эле кызыгың тарап, көртирлик аны да унуткарат. Мен да дал ушул “жалгыз колдуу пианисттин” концертинен чыгып келатам жана айтып коёюн, бул угулганындай укмуш эмес. Анын өтө таланттуу адам экени анык. Бирок бир кол менен эки колдууларды ыраазы кылуу оңой-олтоң иш эмес.

Аңгыча эшик ачылып, чубалган эл имараттан чыга башташты. Оюм ошол жерден башаламан боло түштү.

— Жалгыз колу менен эле акча тапканын кара!

— Акча үчүн адам эмнеге гана барбайт?!

— Балким колун ошол үчүн кесип салгандыр.

— Элде абийир калган эмес окшойт… – Эки аял бири-биринен сөз талашып, жаңы гана көргөн концертти сындап баратышты. Алардын түрү өтө аянычтуу көрүндү. Эгер алардын үнү кудайга жетер болсо, жалгыз колдуу пианисттин ийгилигине ээ болуш үчүн колдорунан да баш тартып кетчүдөй.

Музыкант демекчи, бул жолкусу аны менен экинчи ирет жолугушуум. Алгач бул концертке кирип келатканда жөн гана кызыгуу пайда болуп (анын үстүнө элдин баарынын эле айтканы ушул), эски таанышым экени оюма да келбептир. Жалгыз колдуу адам да азыркы заманда бирөөнү таң калтыра алмакпы. Анын үстүнө ал жолугушуу анча көңүлүмө толбой, ал тургай, жакпай да калган. Ошондон улам унутуп койсом керек. Ал убакта мен көргөн жаңы таанышым калаанын ортосуна эл чогултуп концерт берери миң уктасам түшүмө кирмек эмес.

Эми эрксизден эскерип жаткандагым бул…

Анда менин жогорку окуу жайдагы акыркы жылым эле – мындан туптуура үч жыл мурун.

Диплом коргоо, жумуш издөө, билимди жогорулатуу деген маселелерден бир аз бошой калганымда айылга, ата-энеме бир көрүнүп коюуга барып, үч күндөн соң кайра тарткам. Нарындагы автобекеттен калаага кетер ылайыктуу авто-унаа издеп калдым. Азыр авто-унаа минбеген адам калбаган окшойт, айтор кол баштыгымды талашып, бекер алып кетчүдөн бетер “мага түш, мага түш” деген эле кишилер. Өзүм ооз ачпаган соң тыңыраагы мени жетелеп кетти.

Авто-унаада жалгыз экенмин. Айдоочу кайра киши издегени кетти. Мен да майдаланбадым; баштыгымды жайгаштырып, сыртка чыктым да, чылым түтөттүм. Шашпай, кана соруп теребелге көз салып, авто-унаага жөлөнүп турдум.

Бир аздан кийин эле айдоочу жигит дагы бирөөнүн баштыгын көтөрүп келип, авто-унаасына салып жатып сүйлөдү:

— Болду, байкеси. Кетебиз. Кийинкисин дагы тартып кетсем соо коюшпайт,        – ал өзүнүн таланттуулугуна сыймыктана кудуңдады. Кишиси артынан эле келатыптыр. Анын түрү сүрдүү көрүндү. Жашы отуздан жаңы гана ашканын божомолдогонум менен, анын ыңгайсыз таралып үксүйгөн чачтары менен чачтарына өңдөш чөгүңкү күрөң көздөрү күмөн санатты. Жаагы шимилип арык болсо да, далылуу.

Жакындап келгенде оң колунун мулуюп, билектен ылдый эч нерсе жогун көрүп, жүрөк “шуу” дей түштү. Ал өз кемчилигинен уялып да, тартынып да койбой, үстүндөгү чаар көйнөгүнүн жеңин түрүп коюптур.

— Эмне жалдырайсың? Ач эшикти! – деди мага ороңдоп. Ошондо гана көзүмдү анын колунан тартып алып, карбаластай эшиктин туткасын табалбай, кулагымдын учуна чейин кызарып кеттим.

— Турчу мындай! – ал мени түртүп жиберип, — Колуңду башкара албай жатып, жардам кылганды эмне кыласың? – деп эшикти шарт ачып, машиненин алдына отуруп алды.

Мен өзүмдү жемелеп, салондун артына отурдум да, капталдагы терезеге тигилип, алдыңкы орундагы жүргүнчүгө карабаганга аракет кылып, ошол бойдон моюн бурбай калдым. Арткы эшик ачылып, жаныма бир жаш жигит отурду да, алдыдагы жалгыз колдуу адам менен сүйлөшүп кирди.

Качан гана айдоочу жигит ордуна отуруп, машине козголгондо кудайдан ак жол тилеп, “бысмылда” дедим. Ошондогу “бысмылда” мурда айтыла жүрчү бардык бысмылдалардын эң көңүлсүзү, кайдыгери болду. Оюмдан жалгыз колдуу адамдын кемчилиги кетпегени кудай экөөбүздүн мамилебизге да таасир эткен.

Жолдо катар ал адам экөөбүз үн катпадык, мен – уялганыман, ал – катаалдыгынан. Айдоочу менен жанымдагы жигит ар нерседен кеп кылып, маеги үзүлбөдү.

Сапар учурунда бир гана жолу тыныгуу кылып, өзөк жалгадык. Анда да ар кимибиз ар кайсы бурчта. Курсак тойгон соң чылым чекмек болуп, сыртка чыктым. Жаңы гана бир-эки ирет дем тартканда жанымда отуруп келаткан жаш жигит басып келип:

— Ширеңкеңиз жок беле? – деп калды. Мен анын да чылымын күйгүзүп, экөөлөп өпкө ыштоого кириштик.

— Агайыма жинденбеңиз, – деди ал капыстан, — Сизге катуу сүйлөп койду окшойт. Адатынча…

Мен унчукпадым. Анын көп сүйлөгөндөрдөн экенин көргөндө эле байкагам. Мен ага жооп бербеген соң кайра сөз баштады:

— Колу бир аз көзүңүзгө одоно учурап жатса керек…

— Мунжуларды мурун көргөн эмес дейсизби? – дедим жактырбай.

— Муну ага айтпасаңыз жакшы болот. Анын эң жаман көргөнү – бирөөлөрдүн ага боор ачытканы. – Ал мага карабай, түтүн үйлөп койду.

— Мен ага боор ачытканым жок. Мунжуну мунжу дебегенде не дейм?!

— Ишениңиз, – деди ал менин оройлугума терикпей, — Агайым алты саны амандардан да күчтүү. – Анын бул сөзү мага сабак айткандай ойлуу чыкты. Мен анын бул сөзүн да жоопсуз калтыргандыктан, ортодогу мамилени кайра эле өзү улады: — Сиз колуңузду, – деди мага карап, көзүн бир аз чоңойто,— өз колуңузду өзүңүз кадимки балта менен чаап сала алат белеңиз? – Мен селт этип, чочуп кеттим.

— Жинди болупмунбу? – дедим ага карап, бирок анын алдагандай түрү жок.

— Кандай эрк керек, туурабы? – деди ал мага даанышмандын жүзү менен.

— Чын эле, – дедим кызыкканымды эрксиз көрсөтүп, — Чын эле ал өз  колун өзү чаап салганбы?

— Балта менен, – деди ал мактангандай. Мен тымтырс боло түшүп, элестете калдым. — Балта менен да бир эле жолу чаап салууга болбойт, – деди баянын улап, — Өзүнүн жаны уюп жаткан колун отун чапкандай, бир канча ирет былчылдата чапкылап, үзүлүп түшкөнчө колунан куралын түшүрбөптүр. Чаап бүткөндөн кийин да жерде жаткан колуна карап койбой, зыңгыраган кейпи менен басып кеткен имиш.

— Ушул да эрдик болчубу? – дедим тигиндеги каармандын жиндилигине айран-таң болуп.

— Эрдик башкада.

— Эмнеде? – Мен мындай мыкаачылыкка баруунун себеби эмне болушу мүмкүн деп, таба албай жаттым.

— Агайым менин жашоомдогу чоң сабак. Анын жашоосу азыркыга чейин оңолбой келет. Балким кежирлигинен. Антсе да шүгүр кылууга болот. Мен анын мурдагы жашоосун эскергим келбейт. Болгону айтарым… – деди мага бурулуп, тамекисинин калдыгын таштанды челекке салып жатып, — колун өзү кескени – өзүн жазалаганы болчу.

— Эмнеге?

— Аны сурабаңыз, – ал ойлуу тарта түштү. Мен аны кыйноого батынбадым. Андыктан башка суроого өттүм.

— Шаарга кандай максат менен баратасыңар?

— Мен, иш таап курсак тойгузганы. А агайымдын өзгөчө максаты бар, – деди ал саал жылмайып.

— Эмне максат? – дедим чыдабай.

— Пианист болгусу бар, – деди ал күлүп, — Кичинекейинен ошонтип кыялданчу имиш.

Мен анын арсыздыгына күлүп жибердим.

— Бул күлгөнүңүз орундуу, – деди ал мага карабай жагымдуу сүйлөп, — Мен да ага күлкүм келет.

Биз түтүндүн жыты саал тарай түшкөндө келип, ордубузга отурдук. Ошону менен калаага чейинки сапарда кайра эле мурдагы көрүнүш болду. Бир гана өзгөрүү – мен терезеге карабай, алдыңкы орунда келаткан колу жок адамга карап жол уладым. Анын кежирлигинен да, колу жок пианист болом дегенине акылым айраң келаттым…

Калаага киргенде эле машинеден жалгыз колдуу адам түшүп калган. Анын арык, кубакай  экенине карабай кубаттуу, сүрдүү тулкусу азыр да көз алдыма элестейт. Айрыкча чала бышкан көмүрдөй күрөң чачтары…

Мына ошол таанышым экенин сахнадан көрүп, алгач кайдан көргөнүмдү эстей албай жатып тааныдым.

Чеккен чылымымды аягына чыкпай ыргыттым да, сүйлөшүп бараткан эки аялдын аркасынан жетип, бирөөсүн каруудан кармап токтотуп, кыйкырдым:

— Билип коюңуз! Бул адам эки колу тең жок болсо да пианист болмок! – Анан дароо аларды таштап, алдыга чуркап жөнөдүм. Мен кыла элек маанилүү бир иш калганын эстеп, өзүмдү жемелеп, бирок шаңдуу бараттым.

Артымдагы эки аял пианистти унутуп, мен жөнүндө сөзгө киришти:

— Акылынан айныган го…

— Мас болсо керек да.

— Жапжаш туруп…

— Элден абийир кеткен тура!

Бара-бара алардын үнү угулбай, ичимдеги үн гана кулагыма жаңырып барат: “Эки колу тең жок болсо да… Билип коюңуз! Ал баары бир пианист болмок!”

Конкурс: Учур адабиятынын жаңы дүбүртү

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.