Жумагүл Барктабасова: Акыркы үмүт (шедевр)

(Новелла) Бүгүн дагы көнүп бүткөндөй, жин тийген күндүн бири өттү. Жашоого жетелеген үмүттүн дагы бир шооласы өчтү. Күндө кеч киргенде, ушундай сезим кайталанат. “Эртең да дал ушундай болот” дей берет бул жашоодон тажап. Бала желеге чалынып чыга албаган чиркейдей жанын кайда коёрун билбей буйдалана берди. Таң атса эле бул күн да өтүп кетмек. Күн шооласы анын төшөктөн чыгып калган арык мойнун кытыгылап ойготуп, “ата-энең бүгүн келет, тур, балким, жолдо келаткандыр” деп жаткандай туюлат эле. Бирок, кеч кирип кетсе эле үмүткө […]

Дилазык: Мо-Цзынын акылмандыгы Соң падышалыгын кандайча сактап калганы

Мо-зынын[1] жашоо убактысы Жоолашкан падышачылыктар дооруна туш келген. Ал кезде Кытай көптөгөн княздыктарга бөлүнүп, өз ара душмандашкан маанай өкүм сүрүп турган. Бул падышачылыктардын эң күчтүүсү жана чоңу Чу болчу, ал эми эң кичинеси Соң княздыгы эле. Ошол кезде Чу падышалыгында жашаган Гоңшу Баң[2] аттуу чебер уста “Асмандагы тепкич” аттуу шаарларды алууда колдонула турган жаңы курал ойлоп табат. Бул техника ойлоп табылгандан кийин аны иш жүзүндө сынагыча Чу падышалыгы Соң өлкөсүн басып алмай болот. Бул тууралуу капысынан билип калган Мо-зы дароо […]

Көчкөн Сактанов: Венера

АҢГЕМЕ — Сүйүү — экинчи өмүр, досум, ушуну эсиңе тут,— деди Дакин.— Ал кыз менен эртең эле тааныштырам, макулсуңбу ? — Убара болбосоңчу? — Эч кандай убарачылыгы жок. Эгер ал кызды көрө турган болсоң… Чүрөк тим эле… — А… аты ким? — Венера. — А мүмкүн… а мүмкүн, мен ага жакпай калармын? — Ой, эмнеге жакпайсың. Сени жигит дейт. Тим эле арбап албайсыңбы? 0, ата десе… Дакин кесиби боюнча токарь. Аны менен жан дос болбосом да, алыш-беришим бар жарма досмун. […]

Ашыглык ырга алты ооз сөз

Памирдеги «жүлдү» билбегендер, Кашкардагы Алымканга арналган Токтогулдун ырын «дил» деп бузуп жүрүшөбү? Тоо булбулуна айланган айтылуу ак таңдай акыныбыз Токтогул Сатылгановдун Алымканга арналган тунук махабаттын туу чокусундагы ыры көпчүлүктү тамшандырып гана тим болбостон, түрдүү талкууга жем таштаганын билебиз. Маселен, ырдын өзөгүнө камтылган сөздөргө маани бербегендиктин айынан жана кыргыздын кол эмгегиндеги эң уникалдуу болгон «жүлдү» билбегендиктен – ыр сабындагы сөз бузулуп, жыйынтыгында Алымкан кайсы өрөөндөн чыкканы табышмакка айланып калды. Андан бери Алымкандардын саны көбөйдү. 1-Алымкан: Алымкан Субанкул болуштун кызы деп айтылат. […]