Мо-зынын[1] жашоо убактысы Жоолашкан падышачылыктар дооруна туш келген. Ал кезде Кытай көптөгөн княздыктарга бөлүнүп, өз ара душмандашкан маанай өкүм сүрүп турган. Бул падышачылыктардын эң күчтүүсү жана чоңу Чу болчу, ал эми эң кичинеси Соң княздыгы эле.

Ошол кезде Чу падышалыгында жашаган Гоңшу Баң[2] аттуу чебер уста “Асмандагы тепкич” аттуу шаарларды алууда колдонула турган жаңы курал ойлоп табат. Бул техника ойлоп табылгандан кийин аны иш жүзүндө сынагыча Чу падышалыгы Соң өлкөсүн басып алмай болот.

Бул тууралуу капысынан билип калган Мо-зы дароо эле Чу мамлекетинин борборун карай жөнөйт. Гоңшу Баң менен сүйлөшүп, согушту токтотуш үчүн он күн, он түн жол жүрүп, акыры ага жолугуп мындай дейт:

— Түндүктүк бир киши мени көптөн бери кысымга алып келүүдө, аны өлтүрүш үчүн мага сенин жардамың керек.

Гоңшу Баңга мындай сунушту угуу жагымсыз болчу, бирок ал ички сезимдерин билдирген жок, Мо-зы сөзүн улантты:

— Эгер аны өлтүрсөң, мен сага жакшы төлөп берем.

— Мен акча үчүн адам өлтүрбөйм, — деп жооп берди ал.

Ушундан пайдаланган Мо-зы ага мындай деди:

— Чу — чоң мамлекет, эли көп, ошого жараша аймагы да кең. Анан ушул падышачылык эң алсыз жана кичинекей Соң мамлекетине кол салганы турат. Мындай согуш – адилетсиз. Сен адам өлтүрбөйм деп жатасың, бирок согуш башталганда эч жазыксыз адамдар кырылат, анын баары сенин жаңы ойлоп тапкан куралыңдын айынан жарык дүйнө менен кош айтышат. Бул эмне, адам өлтүрүүгө жатпайбы?

Гоңшу Баң жөндүү сөзгө татыктуу жооп бере алган жок. Бул Чу Ваңынын чечими экенин айтып гана тим болду. Ары-бери кетип, алар акыры падыша сарайын көздөй жөнөштү. Мо-зы Чу өкүмдарына мындай деп кайрылды:

— Падышам, бир суроо берүүгө уруксат этиңиз. Кээ бир кишилерге азыркы кезде өздөрү түшүп жүргөн жаңы жана жакшы арабалар кызыксыз болуп калыптыр, алар бирок кошунасынын кылдыраган жаман чийнесине кызыгышат экен, алар үстүндөгү аземдеп тигилген жаңы кийимин байкашпайт да, кошунасынын күнгө оңуп бүткөн жаман көйнөгүнө көз артышат. Мындай немелерди сиз ким деп ойлойсуз?

Чу падышасы кеп төркүнүнө түшүнбөстөн:

— Ким болмок эле! Алар уурулар да! – деди.

Ошондо Мо-зы учурдан пайдаланып:

— Чу падышачылыгынын аймагы абдан чоң, ал эми Су мамлекети өтө кичине, аны жаман чийне менен жаңы арабага салыштырса болот. Чунун табигый байлыктары өтө мол, Соң болсо жакыр, аларды жыртык кийим менен жаңы көйнөккө салыштырса болот. Эгер Чу падышачылыгы Соң өлкөсүнө кол салчу болсо, бирөөлөрдүн жаман оокаттарын уурдаган кишиге окшоп калат.

Жөндүү сөзгө татыктуу жооп айта албай орой сүйлөдү:

— Сеники туура, бирок Гоңшу Баң ойлоп тапкан куралды сынаш үчүн деле мен Соңго кол салышым керек.

— Бул курал сиз ойлогондой деле күчтүү эмес. Эгер ишенбесеңиз, мен Гоңшу Баң менен согуш оюнун ойноп муну далилдеп берем, — деди Мо-зы токтоо түрдө.

Бул сунушка макул болгон Чу ваңы согуш оюнуна талап кылынган нерсенин баарын даярдоону буюрду. Гоңшу Баң Соң чептери деп аталган дубалдарды жаңы куралы менен кысымга алды, Мо-зы анын мизин майтарды. Согуш оюну бир топко созулуп, акыры жаңы курал иштен чыкты, ал эми Мо-зы коргонуу мүмкүнчүлүгүн жоготподу. Чу-ваңы жаңы куралдын ишенүүгө болбой турганына көзү жетип:

— Мен Соңго кол салбай эле койоюн деп чечтим, — деди.

Ошентип өз айлакерлиги жана тайманбастыгы менен Мо-зы Соң өлкөсүн чоң кырсыктан сактап калган экен.

Орус тилинен которгон Кубанычбек Аркабаев

[1] Мо-зы (бол. Б.з.ч 470-391-ж.ж.) — жалпы сүйүү окуусун түзгөн байыркы кытай философу. Хан империясы коңфузу окуусун мамлекеттик идеология катары кабыл алып, башка философиялык доктриналарды кысымга алгыча бир нече кылымдар бою конфуцийчилик менен атаандашкан бул окуунун диний түрү – моичилик. Мо-зы Коңфузудан кийин төрөлгөн, Сократтын замандашы. Жашоосу кылымдар бою түптөлгөн тынч заман ураган кыйсыпыр кезге туш келген Мо-зы сүйүү менен өз ара сыйлашуунун негизинде жаңы коомдук-саясый ынанымдарды иштеп чыгууга аракеттенген.

[2] Гоңшу Баң (башка аты — Лу Баң; б.з.ч. 507-440-ж.ж.) – инженер, философ, уста, ойлоп табуучу, аскер ойчулу, мамлекеттик ишмер, Мо-зынын замандашы. Кытай уламыштарында усталар менен куруучулардын колдоочусу экени айтылат.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.