ТАБИТ ЖАНА ЖАШОО «ДААМЫ»

Бир караганда, капиталисттик коомдо нарк-насил, пейил түшүнүктөрү эч кимге керексиз болуп, эл жалаң гана пайданы, соода-сатыкты ойлоп калчудай. Бирок бул үстүртөн гана ушундай көрүнөт. Адам баласы адамдык касиетинен айрылбай жашап турганда, рухий азыкка дайыма чаңкай берет. Ырас, ошол азыктын башаты нукура көркөм чыгармачылык болобу же  анын көлөкөсүндөй, туурандысындай бирдеме болобу – бул жагы шык-жөндөмгө, талантка, анан да чыныгы көркөм туундуну баалап-барктап, жетик кабылдай билер окурмандын, көрүүчүнүн, угармандын даярдыгына, табитине да байланыштуу.

Табиттин эзелки мааниси кишинин тамакка көңүлү тартып же, тескерисинче, эч нерсе жегиси келбеген абалына тиешелүү. Күн нуру бакка төгүлүп, куштар түрдүүчө үн салып, бөбөктөр кыткылыктап күлүп ойноп жүрсө да, сыркоолоп калган же бир нерсеге катуу кыжаалат болгон адамдын кабагы ачылбайт. Маанайы чөгүп турганда кишинин баарлашууга, тамаша сөзгө, таттуу тамакка көңүлү чаппайт.

Дүйнөдөгү эң бай кишилердин бири – мунайзат компаниясына ээлик кылган арап таң каларлыктай илдетке чалдыгып, тили даам сезбей калган дешет. Миллиарддаган акчасын сунуштаса да, догдурлар аны айыктыра албаптыр…

*     *     *

Орус тилинде «вкус» сөзү даамды да, табитти да билдирет. Эстетикалык ыңгайдан алганда, көпчүлүк табит деп кийимдин жарашыктуусун, буюмдун коозун, кыздын сулуусун (же жигиттин сындуусун) өз алдынча тандай билүү жөндөмүн түшүнөт.  Мындан да жогорку маанисинде бул сөз көркөм туюмду билдирет. Ушул жагынан караганда бул түшүнүк менен жашоо кумары тыгыз байланыштуу. Анткени угуу, көрүү, туюу, жыт сезүү сезимдери жакшы сакталган, дени карды соо, турмуш-тиричилиги тың болсо деле жашоодон көңүлү калгандар же бул дүйнөгө эмне үчүн келгенин билбей өткөндөр көп. «Жалган дүйнөдөн» кечкендер өз жанын кыйышы, аракка же баңгиликке азгырылышы, кечил (же диний фанат) болуп кетиши мүмкүн. Бирок бул оор маселени чечүүнүн эң алгылыктуу жолу – адамдын бөбөк кезинен эле рухий изденүүгө дилгирлигин колдоп, көркөм табитин өнүктүрүү.

*     *     *

Бул өмүрдө акчага сатылбай, жаралышы менен мурасталышы эч кайсы зор бийликке баш ийбей турган дөөлөттөр бар. Нукура талант, көркөм наркты жетик баалай билген туюм, кеменгер чыгарма  жаратуучу рухий даремет ар бир адамда болот. Сөзсүз эле симфония, роман, философиялык эссе жазбаса да, ажайып сүрөт тартпаса да, өзүнүн кайталангыс шык-жөндөмүнө жараша сонун бак өстүрсө, көргөндү суктанткан көркөм үй курса, кооз буюм жасап, укмуш алет (прибор), техника ж.у.с. ойлоп тапса, же жок дегенде чыныгы көркөм дөөлөттөрдөн куру калбай, окурман, көрөрман, угарман катары жан дүйнөсүн байытып жүрсө болот эмеспи.

Бирок көр тирликтин чаң-тозоңуна көмүлүп, опкоктукка (соргоктукка), утурумдук азгырыкка, напсиге, кур дымакка, байлык, бийлик кумарына жеңдирип отуруп, адамдардын көпчүлүгүнүн көкүрөгү сокур, дили керең, боору таш, тили супсак (же көбүнчө ушак айтуу менен сөгүнүүгө гана ылайыкталган заар) тартып калат окшойт…

*     *     *

Орустун белгилүү акыны Андрей Вознесенскийдин бир ырында акынмын дегендер эсепсиз көбөйүп, бирок ыр окуган, окуганын түшүнгөн киши жок, табити жетик жалгыз окурмандан кол тамга (автограф) алыш үчүн авторлор баары кезекке туруп калды деп элестеткен эле.

Айрыкча илгерки цензура менен жаңы чыгармалардын деңгээлин баалап, жарамдуусун жарыкка чыгарууга сунуштаган көркөм кеңештер жоголгон азыркы кезде китептер саман-топондой эле болуп кетти. Эми көркөм чыгармаларды жетик, калыс баалай алат деп ишенгидей адистердин, эксперттердин тизмегин тактап, толуктап, ар кайсы жарышта улам башка топ калыстык кылып тургудай мүмкүнчүлүк түзүш керек. Балким, ар кайсы университеттерден, илимий ж.б. жамааттардан «мына ушул киши бизди уят кылбай калыс иштеп бере алат» деп талапкерлерди сунушташар?

Дагы бир зарыл жумуш – бул мектептерде, ЖОЖдордо адабият сабагын окутуу сапатын кескин жогорулатуу (бул тууралуу кийинчерээк өзүнчө сөз кылалы).

Нарк билгендер өрнөгү

Кыргыздын мамлекеттик туусунун авторлорунун бири Сабыр Иптаров жаңы доордогу карым-катыштар негизин «базар (рынок) экономикасы» эмес, «Нарк экономикасы» десек, жашоонун нукура кыргыз нугуна кыйла шайкеш мааниге ээ болмок дечү. Ал коомубуздагы мамилелер бир гана акча, товар ж.б. менен чектелбей, карым-катыштардын өзөгүндө рухий дөөлөттөр дайым сакталса деп эңсечү. Ушул ыңгайдан алганда, ишкердик, табышкердик, уюштуруучулук даремети күчтүү замандаштарыбыздын арасында байлык, мал-мүлк менен баалангыс дөөлөттөрдү барктай билгендери да бар экендигине ыраазы болобуз.

Жакында улуттук адабиятты байытуу багытындагы дүйнө адабиятынын кыргыз тилине түпнускадан которуу боюнча «РухЭш» сайты уюштурган конкурс жеңүүчүлөрүнө байгелери тапшырылып жатканда, чогулгандарды айрыкча кубандырган сунуштар айтылды. Жогорку Кеңештин депутаттары Садык Шер-Нияз менен Каныбек Иманалиев жазуучулар менен котормочулардын күч-аракетин бириктирип, бирдиктүү максатка жумшоо үчүн эмне кылуу керектигин жакшы түшүндүрүп беришти.

Кыргыз тилине илгеркидей орус тилинен эле эмес, башка тилдерден да түз которгондор чыгып жатканын, эми муну туруктуу нукка салып, котормонун санын да, сапатын да арттыруу зарылдыгын айтышты. Айрыкча кыргыз адабиятын башка элдерге таанытуу үчүн эң мыкты чыгармаларды иргеп, англис, кытай, түрк ж.б. тилдерге которуу жолдорун таап, башкалар менен тыгыз кызматташуу керектигин, бул үчүн чыгармачыл уюм түзүү зарылдыгын баса белгилешти.

Коомдук телерадио корпорациянын «Маданият, тарых жана тил» каналынын продюсери Назира Аалы кызы дүйнөгө белгилүү Пулитцер жана Букер сыяктуу адабий сыйлыктарды ыйгаруу жолу менен гана кыргыз адабиятынын зоболосун өстүрүүгө толук мүмкүн экенин айтты. Ал жыл сайын белгиленип келе жаткан 12-декабрь – Кыргыз адабиятынын күнүнө карата миллион сомдук байгеси бар адабий конкурс уюштурууну сунуштады. Бул демилгени ишке ашыруу толук мүмкүн экендигин ушул талкууга катышкан депутаттар менен катар “Мекен ынтымагы” партиясынын төрагасы Темирбек Асанбеков (ал буга чейин котормо боюнча конкурска 100 миң сом конкурска демөөрчүлүк кылган) жанабул жолку котормочулар конкурсунун сүрөөнчүсү, «Замандаш» партиясынын төрагасы Жеңиш Молдакматов мындан аркы конкурстарга да демөөрчүлүк кылууга даяр экендигин билдиришти.

Котормочулар конкурсуна бул ирет Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков да сүрөөнчүлүк кылды. Адабият менен маданияттын, билим менен илимдин өнүгүшүнө өбөлгө түзүү үчүн буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттары Садык Шер-Нияз, Каныбек Иманалиев, Абдувахап Нурбаев, Алтынбек Жунус уулу, ишкерлер Кылычбек Исамамбетов, Дүйшөмамбет Орозалиев сыяктуу замандаштарыбыз жакшы көмөк көрсөтүп келгендиги белгилүү.

Жоголуп кетчүдөй болгон айтыш өнөрүн кайра жандантып, эң таанымал кылган, кыргыз киносунун жаңы доордо өнүгүшүнө таасир тийгизген Садык Шер-Нияздын эле өрнөгү өзүнчө сөз кылууга арзыйт. Ал эми «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык фондунун ишмердиги – коомдук ишмерлер үчүн зор өрнөк.

*     *     *

Ушул кездешүүдө акчалуу иштин көзүн билген замандаштардын катарында акча менен баалангыс дөөлөттөрдүн баркын билгендер да бар экендигине сүйүндүм.

Жолдош Турдубаев, адабиятчы

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.