Б. з. X кылымынын башында адатта тунгустардан чыгып, моңгол элементтери[2] менен аралашкан эл деп эсептелген кытайлар Улуу океандан Байкалга жана Тянь-Шанга чейин созулган кеңири империяны негиздешкен. Сулаленин турган жери Түндүк Кытай болгон; кытай тарыхчыларында бул сулале Ляо деп аталат. Кытайдагы өз бийлигинин узакка созулганына байланыштуу Ляонун кан сарайы өзүнө чейинки чет жерлик сулалелерге караганда кытай маданиятынын таасирине көбүрөк дуушар болгон.

1125-ж. башка тунгус эли чжурчжэндер түштүк кытайлык Сун сулалеси менен биригип, кытайлардын бийлигин жок кылган; алардын калдыктары башкаруучу уруунун мүчөлөрүнүн бири Елюй Да-шинин жетекчилигинде батышты көздөй кетип, анда жаңы мамлекет негиздешкен.

Кытайлардын кыймылы эки жолдо өткөн; алардын бир бөлүгү Чыгыш Түркстан аркылуу жөнөгөн, бирок Табгач-хан Хасандын уулу жана Арслан-хан Сулеймандын небереси Арслан-хан Ахмедден жеңилип калышкан. Кытайлардын кол башчысынын өзү курман болгон бул салгылашууну Ибн ал-Асир 522/1128-жылга алып барат; иш жүзүндө ал, болжолу, бир нече жыл кийин болсо керек, султан Санжардын 1133-ж июлда багдаддык өкмөткө жазган катында ал жөнүндө жакында болгон окуя сыяктуу айтылат. Кытай даректери кытайлардын ушул кыймылын гана билишет жана аны менен «батыш Ляо» империясынын түзүлүшүн байланыштырышат. Андыктан кара-кытай мамлекетинин негиздөөчүсү кытай даректериндеги Елюй Да-ши менен чынында эле окшош экендиги күмөндүү болуп калат.

Бардык мусулман даректери мусулман башкаруучуларынын ичинен Баласагун ханы кытайлыктарга биринчи баш ийгендигине өз ара макул болушат. Ибн ал-Асир боюнча, кытайлардын 16 000 түтүндөн турган бөлүгү Жети-Сууга Арслан-хандын (болжолу Сулейман) тушунда эле жайгашышкан. Алар адегенде Кытай менен Караханилердин ээликтеринин чегине жайгаштырылган жана тоо жолдорун коргоого милдеттенишкен; ал үчүн аларга жерлер бөлүнүп берилген жана белгилүү маяна дайындалган. Бир ирет алар бай кербенди токтотушкан жана көпөстөрдөн аларга жакшы жайыттарды көрсөтүүсүн талап кылышкан; көпөстөр аларды Баласагун тарапка б. а. Жети-Сууга багытташкан.

XVI кылымдагы компилятордун бири бул маалыматты кайсы даректен алганы белгисиз, ал боюнча жер которуу хижранын 433-ж. (1041-42-ж.) болгон жана Арслан-хан көчүп келгендердин ислам динин кабыл алуусун талап кылган; алар чечкиндүү баш тартышкан, бирок калган нерселердин бардыгында ханга толук баш ийээрин көрсөтүшкөн, андыктан ал аларды тынч коюуну чечкен. Ибн ал-Асирдин айтуусунда Арслан-хан гана аларга тез-тез кол салып турган жана катуу коркунучта кармаган. Кытайлардын Жети-Сууга жортуулу учурунда көчүп келгендер өз уруулаштарына кошулушкан жана алар менен бирдикте Түркстанды басып алышкан.

Жувейни боюнча кытайлар же аларды мусулман жазуучулары атагандай, кара-кытайлар кыргыздардын жери аркылуу Эмилге чейин жетишкен жана мында шаар курушкан; XIII кылымда анын издери гана калган. Ошентип, алар адегенде азыркы Чугучактын аймагына жайгашышкан. Бул жерде алардын саны 40 000 түтүнгө жеткен.

Караханилер сулалесинен чыккан баласагундук башкаруучу (анын аты айтылбайт), аны кысып турган түрк урууларына, атап айтканда каңлылар менен карлуктарга каршы аларды күрөшкө чакырган; кара-кытайлар Баласагунду ээлешкен жана чабал башкаруучуну четтетишип, Енисейден Таласка чейин созулган өз мамлекетин негиздешкен. Мындан кийин алар каңлы элин баш ийдирген, Чыгыш Түркстанды өзүнө караткан, 1137-ж.[3] Хоженттин алдында Мавераннахрдын башкаруучусу Махмуд-ханды талкалаган. 1141-ж. Катван талаасында (Самаркандын түндүгүндө, Таш-Көпүрө менен Жаңы-Кургандын ортосунда) селлсук султаны Санжардын аскерлерин тыптыйпыл талкалаган. Хорезмди багынтуу үчүн өзгөчө отряд жөнөтүлгөн.

Ошентип, Жети-Суу Түркстан аймагы менен бирге кара-кытай империясынын курамына кирген. Империянын башчысы гурхан титулун алып жүргөн, ал мусулман жазмакерлеринин түшүндүрүүсүндө «хандардын ханы» дегенди билдирген; европалык айрым окумуштуулар Григорьевдин мезгилинен тарта аны моңголдордун гурган (“күйөө бала”) сөзү менен жакындаштырышат; белгилүү болгондой, кийин Тимур жана анын ишин улантуучулар кабыл алган мындай титулду кара-кытайлар чыгыш Ляо сулалесинин туугандары катары алып жүрө алышкан. Бул пикир канчалык деңгээлде негиздүү экендигин жана гурхан менен гурган формаларынын ортосундагы айырма кара-кытайлардын тилинин диалектилик өзгөчөлүктөрү менен түшүндүрүлөбү же жокпу, айтуу кыйын. Ибн ал-Асирдин айтуусунда биринчи гурхан өзүнүн сулуулугу менен айырмаланган, кытай жибегинен кийим кийген жана бул элдин падышаларынын адаты боюнча бетин бүркөнчүк менен жаап жүргөн; дини боюнча ал манихей эле. Ал өзүнүн букараларынын арасында чоң кадыр-барктуу болгон жана өзүнүн аскерлерин катуу тартипте кармаган. Өлкөнү талаптоноого катуу тыюу салынган; кайсы бир шаарды ээлеп алгандан кийин кара-кытайлар ар бир үйдөн бирден динар алуу менен чектелишкен, б.а. Кытайдан өзүлөрү менен эбактан бери келаткан түтүн башынан салык жыйноо системасын ала келишкен. Бирок аялдарды азгырганы (б.а. жергиликтүү калктын үй-бүлөлүк укугун бузгандыгы) үчүн аскерлери жазаланган эмес.

Гурхан өзүнүн жардамчыларына уделдерди таратпаган жана кол астына эч качан жүздөн ашык атчанды берген эмес (албетте, кыска мөөнөттүү жортуулдардан башка учурда). Гурханга моюн сунган жергиликтүү башкаруучулар баш ийгендигинин белгиси катары белине күмүш тактача байланып жүрүүгө тийиш болгон. Мындай вассалдык башкаруучулардын саны кыйла көп болгон. Белгилүү болгондой, Жети-Суунун түштүк бөлүгү, Кулжа аймагы жана Сыр-Дарыя областынын түндүк-чыгыш бөлүгү гурхандын түздөн-түз башкаруусу астында турган; гурхандын башкы ордосу Иленин батыш жагында, Чүйдүн боюнда, мүмкүн Баласагундан алыс эмес жайгашкан жана Хосун-ордо (сөзмө-сөз “Күчтүү ордо”) же Хото (сөзмө-сөз “Үй”) деген атты алып жүргөн.

Жети-Суунун Иленин түндүк жагындагы бөлүгү карлук ханына тиешелүү болгон, борбор шаары Каялык болгон жана Копалдан бир канча батышта, түздүктө жайгашкан. Мавераннахрды жана Чыгыш Түркстанды Караханилер бийлөөсүн уланткан. Гурхандардын мамлекетинде жок дегенде кийинчерээк, моңголдордун Россияны бийлеп тургандагы тарыхындагыдай эле, империянын башчысына вассалдык башкаруучулар үч деңгээлде көз карандылыкта болгондугун көрөбүз: карлук ханы Самаркандын башкаруучусу сыяктуу эле өзүнүн жанында гурхандын туруктуу өкүлүнүн болушуна чыдоого тийиш болгон; башкаларга, хорезмшах сыяктууларга салык жыйноочулар белгилүү мөөнөткө гана жөнөтүлгөн; акырында, белгилүү убакытка өз колдоруна бийлик топтоого жетишкен бухаралык диний башчылар сыяктуулар кара-кытайлар үчүн өзүлөрү салык жыйноо укугун алышкан.

Ибн ал-Асирдин сөзү боюнча биринчи гурхан 1143-жылдын башында өлгөн; тактыга кызы көтөрүлгөн, бирок ал да тез эле көз жумган; башкаруу анын энесине, гурхандын жесирине жана анын уулу Мухаммедге өткөн. Кытай маалыматтары боюнча империянын негиздөөчүсүнүн уулу гурхан Елюй И-ленин башкаруусу жана энесинин көзөмөлдөөсү эжесинин башкаруусуна чейин болгон; бул XII кылымдын 70-жылдарында кара-кытай мамлекетинин башында гурхандын кызы турган деген Жувейнинин баяндоосу менен далилденет. Елюй И-ле өзүнүн карамагындагы калкты каттоо жүргүзгөн; калктын саны 84 500 түтүн деп аныкталган19; мүмкүн, бул гурхандын карамагындагы көчмөн элдердин санына гана таандык болсо керек. Анын эжесин кытайлар Бусохуань деп аташат; XIII кылымдын башындагы бир мусулман жазмакери ага «хандардын ханы» деген титул берет; Жувейни боюнча анын тушунда чыныгы башкаруучу күйөөсү болгон.

Кытай маалыматтары боюнча каныша өз күйөөсүн өлтүрүп, ойношу менен ачык жашай баштаган; өлтүрүлгөндүн атасы көтөрүлүш чыгарган; козголоңчулар хан сарайын курчоого алган кезде каныша алардын алдына чыккан жана алардын көзүнчө ойношун өлтүргөн; бул анын өмүрүн сактап калган.

Жувейни гурхандын жесири ойношу менен бирге козголоңчулар тарабынан өлтүрүлгөн деп билдирет; мында балким, гурхандын жесири жаңылыш түрдө кызынын ордуна аталса керек, анткени Жувейни кара-кытайлардын тарыхынын баяндамасында аны эскербейт, ошентсе да биз көргөндөй башка жерде, өзү анын башкаруусу тууралуу айтат. Бусохуандын өлүмүнөн кийин тактыга гурхан Елюй И-ленин экинчи уулу Чжэлугу көтөрүлгөн, ал Жувейнинин сөзү боюнча өзүнүн агасын өлтүргөн. Айрым мусулман даректеринде акыркы гурхан Мани, башкаларында Куман деп аталат.

Аялдардын тез-тез болуп турган көзөмөлү жана өзгөчө жети-суулук Мария Стюарттын жеке турмушу бийликтин кадыр-баркын төмөндөтүүгө тийиш болгон; мусулман жазуучуларынын баяндоолору кара-кытайлардын айрым төрөлөрүнүн кубаттуулугу гурхандын өзүнүкүнөн кем болбосо керек деп ойлоого мажбурлайт. Мындай шарттарда биз жогоруда жазган башкаруу тартиби көпкө сакталышы мүмкүн эмес эле, анткени кара-кытай империясы өзүнүн баштагы мекенинде эле өздөштүргөн кытай цивилизациясынын жемиштери башка көчмөн мамлекеттерден кескин айырмаланган. Жувейни белгилегендей, кара-кытай салык жыйноочулары өткөн мезгилге карама-каршы келип, элди өтө кысмакка алган; гурхандын өкүлдөрүнүн бой көтөрүшү вассалдык башкаруучуларды ызаланткан; эң акырында, каапырлардын башкаруусу алардын империясынын калкынын дээрлик теңинен көбүн түзгөн мусулмандардын диний сезимин кордоп турган. Гурхандар кандай динди туткандыгын жана, Ибн ал-Асир ынандыргандай, биринчи гурхан чынында эле манихей болгонбу же аны орто кылымдардын европалык уламыштарындагы «дин кызматкери Иоанн» менен окшоштурган Опперт менен Царнке божомолдогондой христиан болгонбу, кесе айтуу кыйын.

Акыркы божомолдун пайдасына эч бир ишенимдүү маалымат келтирүүгө болбойт; ал гана эмес XV кылымдагы компиляторлордун акыркы гурхандын кызы христиан болгон деп күбөлөндүрүшү кыйла эрте мезгилдеги тарыхый даректер менен бекемделбейт. Ислам куугунтуктоолорго кабылган эмес; мусулман жазуучулары биринчи гурхандардын адилеттигин жана алардын исламды урматтаганын макташат; акыркысы үстөмдүк кылуучу дин абалын эми гана жоготкон жана бул эркиндикти өзүнүн жолун жолдоочуларды көбөйтүү үчүн пайдаланышкан башка диний ишенимдер менен тең укуктуулугуна канааттанууга тийиш болгон.

Несториан патриархы Илья III (1176—1190) Кашкарда митрополия негиздеген; Кашкар митрополити «Кашкардын жана Невакеттин митрополити» деген титулду алып жүргөн, б.а. Кашкар митрополиясынын курамына Жети-Суунун түштүк бөлүгү да кирген. Токмок жана Пишпек көрүстөндөрүндөгү байыркы несториан мүрзөлөрү кара-кытайлар үстөмдүк жүргүзгөн доорго туура келет. Мүмкүн христианчылыктын ийгиликтери мусулмандардын диний сезиминин ойгонушунун бир себеби болгон жана эскертилген саясый шарттар менен бирге Орто Азиянын тарыхындагы эң кеңири жайылган мусулман кыймылдарынын биринин чыгышына алып келген.

Кыязы, гурхан эң башында эле бул кыймылдын бүткүл коркунучун жана анын ала турган көлөмүн түшүнгөн. Кыймыл Хотан башкаруучусунун көтөрүлүшү менен башталган; гурхан ошол замат өзүнүн жакын мусулман вассалы— карлук Арсланхандан шектенген жана андан жардамчы отряд жиберүүнү талап кылган. Муну менен ал аны же ачык түрдө көтөрүлүшкө катышууга, же мусулмандарга каршы согушууга мажбурлагысы келген; акырында ал кандайдыр бир шылтоо менен коркунучтуу вассалдан кутулууга үмүттөнгөн. Хан өзүнүн өкүмдарынын талабын аткарган. Анын кара-кытай төбөлдөрүнүн ичинде Шамур-Табангу аттуу досу болгон; ал ага гурхандын жашыруун ниети жөнүндө эскерткен жана эгер ал ниети ишке ашса гурхан анын уруусун бүт кырарын кошумчалаган; андыктан, эгерде ага укум-тукумунун келечеги кымбат болсо, гурхандан озунуп, өзүн уу ич деген; мындай болгондо мүмкүн такты анын уулуна берилерин эскерткен. Башка жолду таба албаган Арслан-хан бул кеңешти аткарган; Шамур-Табангу чынында эле анын уулун тактыга көтөргөн, ал Каялыкты гурхандын өкүлү менен бирге башкарып калган.

Өзүнүн козголоңчул мусулман вассалдары менен болгон күрөштө кара-кытай өкмөтү адегенде толук ийгиликке жетишкен; Моңголиядан Чыңгыз-хан сүрүп чыгарган көчмөндөрдүн топтору империянын чыгыш чек арасынан өткөндөн кийин гана абал өзгөрүлгөн; алардын башында батыш-моңгол урууларынын эң кубаттуусу наймандардын акыркы ханынын уулу Күчлүк турган. Бир маалыматтар боюнча, Күчлүк өзү Жети-Сууга келгенден кийин (1209-ж. чен) гурханга ыктыяры менен келген; башкалары боюнча кара-кытайлардын аскерлери тарабынан туткундалган, бирок гурхандын көңүлүн таба алган, андан өз уруусунун чачылган отряддарын жыйноого уруксат алган жана муну өзүнө жакшылык кылганга каршы көтөрүлүшкө чыгуута пайдаланган. Күчлүк менен көтөрүлүшкө чыккан мусулман башкаруучуларынын эң кубаттуусу делген хорезмшах Мухаммеддин ортосунда түзүлгөн келишим жөнүндө Жувейнинин баяндоосу укмуштуудай таң каларлык; бул келишим боюнча Чыгыш Түркстан, Кулжа аймагы жана Жети-Суу ким биринчи болуп гурханды талкаласа ошонун колуна өтүүгө тийиш болгон.

Хорезм сарайынын иштери менен тыгыз тааныш жана Мухаммеддин Күчлүккө жөнөткөн элчилеринин бирин жеке тааныган тарыхчы Несевинин айтымында, Күчлүк Арслан-хандын уулу карлук Мамдухан менен союз түзгөн, б.а. Жети-Суудагы козголоңчул мусулмандардын колдоосунан пайдаланган. Күчлүкгурхандын Өзгөндө сакталган казынасын талап алган; ошол эле мезгилде (1210-ж.) хорезмшах Самаркан ханы Осмон менен биргелешип, Таластын жанындагы Иламиш талаасында кара-кытайларга кол салган; эки тараптын тең оң канаттары талкалангандыктан салгылашуу илең-салаң жүргөн; бирок кара-кытайлардын кол башчысы Таянку-Тараз мусулмандар тарабынан туткундалган жана анын аскери чегинүүгө тийиш болгон. Апыртылып жеткен мусулмандардын бул ийгилигинин таасири астында жакын арада хорезмшахтын келээринен шектенишпеген Баласагундун жашоочулары кара-кытайларды киргизбей дарбазасын бекитип салышкан.

Гурханда кызматта жүргөн оокаттуу мусулман Махмуд-бай аларды багынып берүүгө ынандыра албай убараланган. Шаар он алты күндүк курчоодон кийин алынган жана үч күндүк талоонго дуушар болгон, натыйжада 47 000 мусулман набыт болгон. Ошентип, жети-суулук мусулмандардын хорезмшах жардам берет деген үмүтү акталган эмес; Мухаммед өзүнүн бийлигин Мавераннахрга орнотуу менен чектелген.

Баласагундун жанында кара-кытайлар Күчлүктү да талкалаган; гурхандын казынасы кара-кытай аскерлеринин колуна тийген. Гурхандын бул акчаларды кайтарууну талап кылышы кара-кытайлардын ичинде аскердик көтөрүлүштүн чыгышына алып келген, муну козголоңчу аскерлердин башына туруу үчүн Күчлүк пайдаланган; бардыгы таштап кеткен гурхан өз душманына багынууга тийиш болгон. Күчлүк ага сыртынан сый көрсөткөн жана ага тактыны калтырган, ал аны дагы эки жыл— өз өлүмүнө чейин ээлеп турган; бирок чыныгы бийлик, албетте, Күчлүктүн колуна толук өткөн.

Мунун бардыгы, болжолдуу түрдө, 1212-ж болуп өткөн. Ага чейин, 1211-ж Жети-Суунун түндүк бөлүгүндө Чыңгыз-хандын аскер башчыларынын бири Хубилай-нойон башкарган моңгол отряды пайда болгон; карлук Арслан-хан (сыягы, жогоруда эскерилген Арслан-хандын уулу жана Мамду-хандын бир тууганы) Каялыктагы каракытай башкаруучусун өлтүрүүгө буйрук берген жана өзүн Чыңгыз-хандын букарасымын деп тааныган. Мусулман кыймылы мезгилинде Кулжа аймагында жаңы ээлик түзүлгөн; алгач каракчылар менен ат уурдоочулардын топторунун атаманы болгон Бузар деген мусулман акырында ушунчалык күчтөнгөндүктөн, ошол жердин башкы шаары Алмалыкты ээлеп алган да, Тогрул-хан титулун алган. Ал ошондой эле өзүн Чыңгыз-хандын вассалымын деп тааныган.

1211-ж. Кытай менен башталган согуш моңголдордун батыштагы ийгиликтеринин басаңдашына, алардын күчтөрүнүн башка жакка алагдыланышына алып келген, андыктан Күчлүк гурхандар империясынын урандыларында өз бийлигин бекемдей алмак. Алды менен ал, биз көргөндөй, мурда өз максаттары үчүн пайдаланган мусулман кыймылдарына каршы күрөшкө чыгышы керек эле. Диний көз карашы жагынан мусулмандар гурхандын башкаруусундай эле Күчлүктүн башкаруусу менен да аз гана келише алышмак. Наймандардын көпчүлүгү сыяктуу Күчлүк адегенде христиан (несториан) болгон; бирок гурхандын мурунку колуктусу, ак сөөк кара-кытай аялга үйлөнгөндөн кийин, ал аял аны идолго сыйынуучулукка (балким, буддизм) азгырып кеткен. Анын үстүнө мусулмандар кыймылынын башкы жетекчиси хорезмшах Мухаммед Күчлүктү хорезмдик аскерлердин кара-кытайлардын үстүнөн болгон жеңишинин жемиштеринен пайдаланды жана мусулмандардан алардын анын олжосун тартып алды деп жалган жеринен айыптаган. Хорезмшахтын элчиликтери Күчлүктү опузалоо менен коштолгон, бирок алардан эч кандай натыйжа чыккан эмес; хорезмшах Күчлүктүн кол астына гурхандар империясынын чыгыш бөлүгүн гана калтырбастан, Сыр-Дарыянын оң жээгиндеги өз ээликтеринен да баш тарткан (айрым чептерден башкасынан) жана алар Күчлүккө тийбесин үчүн өзү талап-тоноп кеткен.

Күчлүктүн Чыгыш Түркстанга өз бийлигин орнотуусуна да Мухаммед жогорудагыдай эле жолтоо кыла алган эмес. Күчлүк бул аймакты биротоло басып албастан, үч-төрт жылы катары менен эгин жыюу учурунда бүлгүндүү жортуул жасаган; жакырланган жашоочулар акыры ага баш ийгендигин билдиришкен. Мусулмандардын өжөрлүк менен каршылашканына байланыштуу жеңүүчү исламга каршы чечкиндүү чараларды кабыл алган жана мусулмандардан алардын христиан же будда динин кабыл алуусун, жок дегенде өз дининен сыртынан баш тартуусун жана кытай кийимин кийип жүрүшүн талап кылган. Бул максатка жетишүү үчүн ал Людовик XIV гугенотторго каршы колдонгон чарага, б.а. жоокерлерин үйлөргө жашатуу ыкмасына кайрылган; Күчлүктүн аскерлери мусулмандардын үйлөрүнө жайгаштырылган жана баш ийбегендердин үстүнөн эң кеңири укуктарды алышкан.

Мусулман дининин ырым-жырымдарын ачык өткөрүүгө жана окутууга толук тыюу салынган. Өз ээлигинин түндүк-чыгыш бөлүгүндө Күчлүк аң уулап жүргөн Бузарды туткундап алган; өзүнүн душманын өлтүрүп, Күчлүктүн аскерлери Алмалыкты курчоого алган, бирок моңголдордун 1217-ж. кайрадан башталган батышка жылышына байланыштуу алар жакындап калгандыктан артка чегинүүгө тийиш болгон. 1218-ж. Жэбэ-нойон башында турган 20 000 адамдан турган отряд Күчлүккө каршы жөнөтүлгөн. Күчлүктүн аскерлери Алмалыкты камалоосун токтоткон жана чегинген; Жэбэ Бузардын уулу Сукнак-тегинди Алмалыкты башкарууга койгон. Күчлүктүн ээлигине кирген моңгол кол башчысы ар бир адам аталары сыйынган динди эркин тутуу укугун аларын жарыялаган; диний ишенимин куугунтуктоочуга каршы мусулман көтөрүлүшүнүн башталышы үчүн ушул эле жетиштүү болгон.

Жети-Суу аймагындагы тоо жолдорунун биринде Күчлүк моңголдордун мизин кайтарууга аракеттенген, бирок жеңилип калган жана Кашкарга качкан. Кыязы, моңголдор Баласагунду каршылык көрсөтүүсүз эле ээлешсе керек, анткени алардан Гобалык, б.а. жакшы шаар деген аталышты алган; моңголдор мындай аталыштарды жалпы жонунан өз ыктыяры менен багынган шаарларга беришкен. Кашкардагы мусулмандар үйлөрүнө жайгаштырылган Күчлүктүн аскерлерин талкалашкан жана моңголдорду куткаруучу катары тосушкан; моңгол аскеринде өкүм сүргөн сейрек кездешүүчү тартиптин натыйжасында, тынч калк эч кандай зыянга учураган эмес. Күчлүк Сарыколго качкан, ал жерде моңголдор кубалап жеткен жана өлтүргөн.

[1] Кытайлардын чыгыш империясы жөнүндө баарынан кеңири проф. В. П. Васильевдин чыгармасында айтылат: История и древности. Кара-кытай империясы тууралуу кабарлардын жыйындысын түзүүгө жасалган аракетти биз Опперттин жана Царнкенин эмгектеринен табабыз. Баяндоосу Оппертте келтирилген XV кылымдагы компилятор Мирхонд өзүнүн маалыматтарын кара-кытайлар жөнүндө башка мусулман жазуучуларына караганда кеңири баяндаган XIII кылымдагы тарыхчы Жувейниден алган; бирок биз анын баянынан көп карама-каршылыктарды табабыз, андыктан, аларды өтө этияттык менен пайдаланууга туура келет. Мен Императордук Калк китепканасындагы эки кол жазманы пайдаландым (рук.IV, 2, 34 жана рук. Ханыков, 71). Жувейнинин кара-кытайлар тууралуу бабынын французча котормосу д’Оссондун эмгегинин биринчи томунда; кидандар жөнүндө дагы кара: Думан, К истории; Рудов, Кидани. Европа тилдерине которуунун натыйжасында илимий колдонууга киргизилген даректерден кытай саякатчыларынын кытайлар тууралуу баалуу маалыматтарын кара: <А. Г. Малявкин, Материалы по истории уйгуров в IX—XII вв., Новосибирск, 1974; М. В. Воробьев, Чжурчжэнское государство Цзинъ и Централъная Азия.— Страны и народы Востока, вып. XI, М., 1971; Г. Г. Пиков, Некоторые вопросы экономики западных киданей.— Дальний Восток и соседние территории в средние века: История и культура Востока Азии, Новосибирск, 1980. —Ө. К>

[2] Пельо кидан тилин «моңгол тилинин аябай жумшартылганы» катары караган. Азыркы япон окумуштуулары кытайларды жаңылыш түрдө тунгус уруулары катары карашкан жана алардын тили кандай болгондугун аныктоого азырынча мүмкүнчүлүк жок, бирок ал моңголдор менен байланыштуу деп эсептөөгө негиз бар. Кытайлардын тунгустар менен божомолдонгон этникалык байланыштары тууралуу маселе боюнча кара: Залкинд, Кидане; Василевич, К вопросу о киданиях и тунгусах. —В. Р.

[3] Мавераннахрдагы аскердик аракеттер жана биринчи гурхандын инсандык сапаттары жөнүндө Ибн ал-Асир баарынан кеңири айтат (изд. Торнберга, XI, 55—57).

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.