Кыргыз элин башка улуттардан айырмалап турган жана глобализация мезгилинде өздүк аң-сезимин сактап, элдин эл болуп темир казыктай кармалып турушуна манасчылык өнөр түзмө-түз таасирин тийгизбей койбойт. Элдин тарыхы менен маданияты жана өнөрү тамырлаш болуп турганда, өнөрүнүн өзөктүү мааниси жоголсо, маданиятына жана элдин келечегине зыянын тийгизет. Ошондуктан кыргыз элинин ар тармактуу өнөр ээлеринин кош колдоп, аларга талантынын өнүгүшүнө жана ачылышына чоң жардам берүү кажет.

Айрыкча кыргыздын байтүп маданиятын, кылымдарда калыптанган фальсафий дүйнө көрүмүн, жаратылыш таануусун, этика-эстетикалык баалуулуктарын жана кайталангыс каганат башкаруу системасын бир эпопеяга кынаптап киргизген манасчылык деген кайталангыс өнөр жазуу-сызуу, китеп, газета-журнал, телевизор, магнитафон, диктофон, интернет пайда болгон мезгилде кандай өзгөрүүгө дуушар болду, кандай пайда таптык жана эмнелерди жоготтук сыяктуу маселелердин тегеренинде сөз учугу уланмакчы. Айрыкча эгемендик алгандан кийинки мезгилде манасчылык өнөрдүн кандай темп менен өнүккөнүн же деградацияга учураганы каралат.

С.Орозбаков, С.Каралаев, Тоголок Молдо, Багыш Сазанов, Мамбет Чокморов сыяктуу манасчылар деле жазуу-сызуудан түшүнүгү бар, кат-сабаты жоюлган эле адамдардан болгон, бирок, алардын манасчылык өнөрү — жазылган «Манас» китептери менен үйрөнбөстөн, устат-шакирт менен түзмө-түз ооз эки баарлашуу менен өзөктүү нерселерин өздөштүрүп, өздөрү да иштеп чыкканга кеңири саясый-социалдык, турмуштук шарт түзүлгөн. Ал эми эгемендүүлүк мезгилинен тарта өзүлөрүн манасчылык өнөрдүн улантуучулары катары атап жүргөн аткаруучулар да жок эмес.

Бул инсандар да байыркы өнөрдүн мураскерлери катары өздөрүн «манасчы» атап, эпостун канондук сюжетин, айтуучулук өнөрдүн жол-жобосун (ыргак, муун өлчөм, мимика, импровизация) сактап, азыркы илим менен техника заманында кыргыз элине өнөрүн тартуулап жүрүшөт. Мындай көрүнүштөр аткаруучулук чегинде гана турабы же өсүп-өнүгүгө дуушар болдубу? Дал ушул суроого Борбор Азиядагы Америка (АУЦА) университетинин окутуучулар курамы долбоор жазып, азыркы мезгилдеги манасчыларды “Манас” айтырып, тексттерин жаздыруу иштерин колго алышкан. Ал долбоордун максаты — азыркы мезгилдеги манасчылардын айткан бир эле эпизоддорун үч жолу аудио, видеого жаздырып, илимий анализге алуу болгон. Бул долбоордун жыйынтыгы менен азыркы мезгилдеги манасчылык өнөрдүн абалы, мезгил-убакыт кандай таасир берип жатат жана кандай өзгөрүүгө дуушар болду деген суроого жооп ала алмакчыбыз.

Алгачкылардан болуп Шаабай Азизовдун шакирти катары таанылып жүргөн манасчы жана манастаануучу Талантаалы Бакчиевди чакырышып, эпостун каалаган жеринен айтып берүүнү өтүнүп, манасчы өзү «Манастын төрөлүшүн» айтып берүүгө макул болгон. Ошондо биринчи айтканда 966 сап, экинчи айтканда 1117 сап, үчүнчү айтканда 1953 сап ыр көлөмдө айткан. Биринчи жана экинчи айтышын жарым саатка чамаласа, ал эми үчүнчү айтышы бир сааттан ашыгыраак болуп, айтып бүткөндө — чарчап, чаалыкканын билдирген.

Т.Бакчиевдин айткан эпизодунун мазмуну менен тааныштырып, С.Орозбаков жана устаты Ш.Азизовдун варианттары менен салыштыруу илимий иштин жалпы нугу үчүн маанилүү. Башка манасчылар сыятуу Т.Бакчиевде Манас баатырдын төрөлүшүн Каракан өлгөндөн кийин Ороздунун балдарынын башына түшкөн кыйын иш менен байланыштуу баштайт. Алтайга баргандан кийин жети жылдан кийин мал-жандуу болуп, айдап жүргөн качыры тулпар болгондо, ушунча малды кимге калтырам деп, баласыз болгонуна кайгырат. Т.Бакчиев Манастын ата-тегине байыркынын башатына үч айтышында тең кайрылган эмес.

С.Орозбаковдо ата-тегин Мухамбед пайгамбардан төрт жүз жылдан кийинки окуялар менен байланыштырып, кыскача санжыралап айтып келип, күткөн байлыгын кимге калтырарына кабатыр болгонунан баштаган. Жакыптын мазар көрсө, куржунун мойнуна салып зарлаганы, бала көксөп ыйлаганы баяндалат. Т.Бакчиевде Жакыптын зарлап ыйлап мазардан мазар кыдырганы берилбейт. Жөн гана 5-6 сап менен баяндап өтөт. Устаты Ш.Азизовдо Чыйырдынын толгоосу башталып, Каракыз жардам бергенинен башталган.

Т.Бакчиевде Чыйырды гана түш көрүп, түшүндө  кудай жолунда жүргөн Бакбергенден (Чыйырдынын атасы) бышкан алма алганын Жакыпка айтат. Ошондо Чыйырды атамдын өлгөнүнө жети жыл өтсө да, курманчылык кылып мал сойгон жокпуз, мал союп арбагын ыраазы кылып коёлу деген сунушу менен кайрылат. Жакып: «Тууп койгон бала жок, туйгуну жок калам деп» жинденип, мал сойбостугун билдирип нааразы болот. Бирок Акбалтаны чакырып, ага нааразычылыгын айтуу менен кайра Карагырдын оюнан курмандыкка жылкы алып келүүсүн буюрат. Дал ушул эле окуя С.Орозбаковдо ишенимдүү берилген. Жакып, Чыйырды, Бакдөөлөттүн түштөрү кеңири айтылып, түштөрдүн уникалдуу сүрөттөлүүсү, мифологиялык ой толгоонун көркөмдөлүшү менен ырга салып көркөмдөгөн.

Башында Жакып Чыйырды менен Бакдөөлөттүн көргөн түштөрдү жооруталы, жакшы саамалык кылып эле жар салалы деген сунушун четке кагып макул болбойт. Меңдибайды издеп чыгып, токойдон кырк баланын руху жолуккандан кийин гана курмандык чалууга каршы эместигин көргөзгөн. Ал эми Ш.Азизовдо түш көрүү, курмандык чалуу деген окуялар жокко эсе. Демек, биринчиден С.Орозбаковдо көргөн түштөрүн туура нукта чечмелетип, элге жар салуу максатында малды курмандыкка чалып жатса, ал эми Т.Бакчиевде Чыйырдынын атасынын арбагынын урматына курмандык чалынып жатат. Экинчиден, Т.Бакчиевде Чыйырдынын курмандык чалалы деген сунушуна нааразычылыгын билдирип келип, эч себепсиз Акбалтаны жылкы алып кел дегенине буйурганы — мурдакы калыпка салынган, сөзсүз түрдө курмандык чалыныш керек деген мотив кайра иштелип чыкпастан туруп, кайталанып жатат.

Т.Бакчиев айткан эпизоддо Жакып Чыйырдынын атасына курмандык чалганда жылкы кумга сиңген суудай кайып болуп кетет. Чыйырды толгоосу башталарын билгенден кийин алты айында багып алган Каракызга булактын түбүндөгү чынар теректен кырк чырпык кыйып кел деп жумшайт. Кара кыз чоң өгүздү минип алып, оң жагына чоң торпоктун чоң чаначын, ал эми сол жагына кырк чырпыкты кыйып келгенде Чыйырды казандын ичиндеги сууга салып коюусун өтүнөт. Мына ушундан кийин толгосу башталып, тогуз күн толготот. Ошол кезде Жакып Карагырга жылкыларына кетип калат. 2-айтышында Чыйырды кыргызда төрөп жаткан катындын жанында күйөөсү болбош керек деген каада менен кетүүсүн өтүнөт. Толгосу тогуз күнгө созулуп, бели бекчейип, буту талып араң төрөйт. Төрөгөндө эсинен танып жыгылат. Дал ушул учурда багып алган Каракыз:

«Өзүң көргөн Каракыз,
Ата-баба арбагың,
Атын айтып чакырып,
Баарын бирден атады.
Айланайын кудурет,
Арбагында колдо,— деп,
Энекем аман калса,— деп,
Мына ошентип суранды,
Доолбасын ургулап,
Өөдө-төмөн жүгүрүп
» (3-айтышы. 1180-1190-саптар) жатып эсине келтирип, Чыйырдыга баласын көргөзөт.

«Ошо кезде Каракыз,
Жерде жаткан баланы,
Ала калып колуна,
Тогуз кездей оромол,
Оромолго бек ороп,
Алып келди эненин,

Дал колуна тапшырып» (3-айтышы. 1108-саптан 1114-саптар) берет. Дал ушул эле окуялар С.Орозбаковдун вариантында кичине башка нукта уланган. Жакып, Чыйырды, Бакдөөлөт эл чакырып, көргөн түштөрүн жорутуп, курмандык чалышат. Чыйырдынын боюна бүткөндө жолборстун жүрөгүнө талгак болуп, Каңгайдан мергендер аткан жолборстун жүрөгүн алдырып, бышырып жеп, талгагы канат. Чыйырдынын толгоосу башталганда, Жакып:

«Каралдым аман туулса деп,
Назырга  айткан канча мал.
Акбоздон бээ союлду», — деп берилет.

Назырга курмандык чалып турганы — толгосу оор болгон сайын Теңир курмандык чалышын талап кылып жатат деп ишенишкен, мына ошондуктан ак боз бээни жара тартып турган.

Ал эми Чыйырды төрөгөндө жанында бүбү, бакшылар жардамдашып турган.

«Баканды кармап бакырды,
Бакшы менен бүбүдөн
Немесин койбой чакырды»

«Жыгылып кетти сороюп,
«Байбичеге нетти?! –  деп,
Мартуу басып кетти!» –  деп,
Катындын баары чочуду,
Кайта башын көтөрүп» ( 1-китеп. 1620-сап), —  деп берилет. (1-китеп. 1465-1468-сап) деп гана берилет. Ш.Азизовдун вариантында деле бүбү менен бакшынын добулбас көтөрүп бийлегени жолукпайт. Алтымыш келин, кырк кыз гана жанында болуп, төрөт учурунда жардамдашат. Каракыздын деле бүбүлүк касиети жөнүндө сөз кылган деле эмес. Т.Бакчиевдин устатында же С.Орозбаков сыяктуу классикалык варианттын айтуучуларында добулбас көтөрүп, бийлеген бакшылар жолуккан эмес, мүмкүн жеке айтуучу катары кошкон индивидуалдуу өзгөчөлүгү болсо керек. Андан тышкары Т.Бакчиевде Каракыз жаңы төрөлгөн баатыр баланы эч кыйынчылыксыз эле Чыйырдыга көтөрүп барып, колуна карматат. Ал эми С.Орозбаковдо:

“Бакдөөлөт жерден алганы
Бакырып жаткан баланы.
Он бештеги баладай
Көтөргөндө салмагы,
Берген экен кудайым
Берекелүү баланы.
Оромолун колго алып,
Ороюн –  деди баланы,
Ошо күндө бу бала
Оң колун сууруп алганы.
«Ойбой татай нетти!?» –  деп,
Отуздагы жигиттей
Колун сууруп кетти деп” ( 1-китеп.1635-1645-сап.), — сүрөттөлөт. Бул жерде араңдан зорго баланы көтөрүп, оромолго салышат. Ал эми Ш.Азизовдо:

«Чиренип койсо Чыйырды,
Алтымыш келин кырк кызы,
Тоңкоч атып калганы,
Оболу жерде бар эми,
Көрүп койгун тананы” (Ш.Азизов «Манас» 37-б.), — деген сүрөттөөлөр менен берилген. Дегеле Т.Бакчиев менен Ш.Азизовдо окуя кайсы бир деңгээлде үндөшүп кетет. Ш.Азизовдо Чыйырды төрөр алдында Каракызды: «Эки кулач таякты, \ Кыйып ала кел,— деди» деп берилет, ал эми Т.Бакчиевде чынар теректен кырк чырпык кыйып келип берет.

Демек, бул жерде айтылып жаткан ойлорду жыйынтыктасак, биринчиден, С.Орозбаковдо баатырдык эпоско тийиштүү сакралдуу ойлор, баатыр төрөлгөндө эбегейсиз оор болуп эч ким көтөрө албай койгону, баатыр төрөлөрдө арстандын жүрөгүнө талгак болушу сыяктуу окуялар эпоско кушумча көрк берип, Манас баатырдын образынын ачылышына чоң рол ойнот. Ал эми Ш.Азизовдо кичине сакталган жана Т.Бакчиевде баатырдык эпоско тийиштүү талгак болуу, төрөлгөндө жөн гана кичинекей баладай салмагы сыяктуу окуялар эпостун баатырдык маңызынан ажырап, заманбап мааниге өтө баштаганынан кабар берет.

Андан кийинки окуялар Т.Бакчиевде бала төрөлгөндөн кийин Акчайым Акбалтага келип, сүйүнчүгө баруусун буйурат. Акбалта атын минип алып Карагырга жөнөйт. Ал жерге барса, Жакып кула бээни жанында жүргөнүн көрүп балалуу болгонун кабарлайт. Башка классикалык варианттар сыяктуу эле баатырдын аты аны менен кошо төрөлөт. Жакып баласына келип, өзү «Чоң жинди» деп коёт, ал эми ошол эле жерден думана пайда болуп, «Манас» болсун аты деп коюп кетет.

“Бешик боосу бек болсун,
Өмүрү узун болсун уулуңдун», — деп,— ошондо думана,

Аты болсун Манас деп,
Атаганат дүнүйө,
Жердеген жери Талас деп” (Т. Бакчиев 3-айтышы. 1927-1933-с)

Ш.Азизовдун вариантында деле окуя так эле ушундай нукта уланат. Акбалтанын жубайы Акчайым сүйүнчүгө бааруусун айтып жөнөтөт. Кула бээ тууп, Аккуула кошо төрөлөт. Андан Чыйырдыга келип, ачка турган баланы көрүп, тай союп тамактандырат.

Ал эми дал ушул эле окуя С.Орозбаковдо кичине башкачарак уланган. Чыйырды төрөгөндөн кийин Акбалтанын жубайы Зулайка сүйүнчүгө баруусун айтканда, башка кишилер кетти го, мен үлгүрбөй калдым деп баш тартат. Бирок Зулайка мажбурлап жөнөтөт. Акбалта сүйүнчүгө үлгүрүп, кула бээ Аккууланы тууганын көрүп, Жакыпка жолугат. Сүйүнчүсүн алып, экөө Чыйырдыга келет, Жакып колуна жаш баланы алып, мүнөздөмө берет. Анан жалпы элди чыкыртып, чоң той берип, элге жар салат. Дүйнөнүн булуң бурчунан элди чакыртып, ат чабыш уюштуруп, балбан күрөш кылат. Дал ушул мезгилде эл жакшыларынын бары чогулганда балага ат коюусун суранат. Эч бири шашкалактап ат таппай турганда, думана пайда болуп:

«Баш жагына «нем» келсин
Байгамбардын  сүрөтү,
Ортосуна  «нун» келсин.
Олуянын  сүрөтү,
Аягына «сен» келсин
Арстандардын боруму,
Арты кайда кетти экен
Ал үчөөнүн  оруну?»
Окуп билди «Манас!» деп (1-китеп. 2692-2700), — атын коёт. Бул жердеги салыштырууларда жолуккан айырмачылыктар эпостун табияты үчүн чоң мааниге ээ болору шексиз. Билинбестен эле С.Орозбаковдун вариантында жолуккан окуялар акырындап Ш.Азизовдо, андан кийин Т.Бакчиевде ойлор суюлуп баратканына күбө болдук. Кыргыз көчмөн турмушунда эркек баланы жалпы элге тааныштырып, ага мыкты ысымды эл жакшылары ыйгарып коюу каадалардын бири. С.Орозбаковдо байыркы көчмөндүн жыты уруп, чоң той менен элге жар салынып, элге тааныштырып, ат коюлуп жатат.

Кийинки мезгилдерде жазылып алынган Ш.Азизов менен 2017-жылдары жазылган Т.Бакчиевде ошондой ыргак жоголуп, жөн гана думана пайда болуп ат коюп жатат. Бул деген байыркы коллективдүү көчмөн коомдун отурук-индивидуал коомго өтүп бараткандын элементтери.

Оюбузду толуктап айтар болсок, биринчиден, С.Орозбаковдун варианты 20-кылымдын баш ченинде, Ш.Азизовдуку аяк чендеринде, ал эми Т.Бакчиевдики 21-кылымдын башында жазылып, манасчылык өнөрдүн, «Манас» эпосу ал-абалынын 100 жылдык айырмачылыгы талданып жатат. Т.Бакчиевден жазылган эпизод Ш.Азизовдон (устаты катары) жана С.Орозбаков менен салыштырылып жатканынын себеби да ушунда. Экинчиден, баатырдык эпостун өзүнө тийиштүү белгилери болот: ата-теги, анын төрөлөр алдындагы зар-какшап күтүшү, каармандардын түшү, баатыр төрөлгөндө эл көтөрө алгыс алп болушу, эненин талгак болушу сыяктуу салттык формулалар. Т.Бакчиевде дал ушул өзөгүнөн ажырап, замамбап отурукташкан кыргыздардын ой жүгүртүүсүнө оодарылып калган. Үчүнчүдөн, Т.Бакчиев Ш.Азизовдун шакирти катары   байыркы көчмөн кыргыздардын фольклордук духун сактап калганга канчалык аракеттенбесин, көчүп-конуп жүргөн баатыр кыргыздардын жаратылышка болгон мамилесин, элге-журтка болгон мамилесин, той-ашка болгон мамилесин, баатырдыкка болгон мамилесин азыркы мезгилдин парадигмасынан алып, ырга салып жатат.

Төртүнчүдөн, С.Орозбаковдун вариантында ар бир сүрөттөлгөн окуянын ритуал-сакралдык өзөгү бар экенин байкоого болот, ал эми Ш.Азизовдо акырындан суюлуп отуруп, Т.Бакчиевде андан ритуал-сакралдык кыртыштар жасалма түрдө пайда кылганга аракеттенип жатат. Мисалы, Каракыздын добулбас көтөрүп бийлеткени. С.Орозбаков өзүн курчап турган дүйнөнү жандуу экенин сезип-билген үчүн эпостогу окуяларды эч кыйынчылыксыз сүрөттөп жатат. Ал эми Т.Бакчиев рационализдин, илимдин, модернизимдин өкүлү катары ал нерсени сезе алган жок, жөн гана илимпоздук талантын (илим тармагы менен жүргөн инсан) пайдаланып, жасалма кошконго аракеттенип жаткан сыяктуу.

Кыргыз элинин эпикалык чыгармасы болуп эсептелген «Манас» эпосу кылымдык убакытты башынан кечирип, оңдолуп-түзөлүп жүрүп олтурду. Ар кайсы доордун манасчылары мезгилдин талабына жараша идеологиялык маңызын киргизип, керексиз жерлери катмарланып, бириндеги ойду экинчилери улантып жүрүп олтурду. Эпосто калыптанган эпикалык формулалар менен кошо канондук сюжет өзөгү болуп, ар бир манасчы өз дараметине жараша алымча-кошумчаларды кылды. Дал ушу өзөгүндө жаткан эпикалык формулалар аркылуу эпосту өздөштүрүп, талантынын дарамети менен өөрчүтүп жүрүп, өз вариантын жаратышты. Дал ушул формулалар айтуучу Т.Бакчиев тарабынан кандай сакталганын жана кандай мезгилдик өзгөрүүгө дуушар болду, кандай индивидуал ой толгоодон өткөрүп иштеп чыкканына баам салабыз.

Т.Бакчиевдин айткан эпизодунда эпикалык формуланын сакталышы манасчы Ш.Азизовдун айткандарына окшоп кеткендиги таң калтырган жок, анткени, устаты катары анын каармандары, жер-суу аттары, сюжеттин логикалык уланышы, каармандардын сөздөрү, эпосто жасалган ритуалдары сыяктуу көрүнүштөрдүн кайталанышы устат-шакирт маселесинде кадим эле көрүнүш. Ш.Азизов «Манастын төрөлүшү» эпизодунда жер-суу аттардын сүрөттөлүшү, каармандардын, курал-жарактардын сыпаттамасы сыяктуу эпикалык формулага түшкөн саптарды берген эмес, анын шакирти Т.Бакчиевде да андай сүрөттөөлөр дээрлик жолукпайт. Эпостогу ойлорду бири-бири жамоодо «Деп ошентип турганда» деген сүйлөм менен логикалык ойду улап кетип турган.

Манасчылык өнөр ооз эки өздөштүрүлүп, адамдын ой жүгүртүүсү менен эс тутумун илгерилетип, ар тармактуу жана масштабдуу, көп кырдуу ой жүгүрткөнгө түрткү болгон сыяктуу. Анткени жөн гана мисал Чыйырдынын түшүн С.Орозбаков алда канча образдуу жана таасирдүү кылып сүрөттөп берет:

«Ак селдеси башында,
Ак сакалдуу бир адам
Келип кирди кашына,
Ыйлап жаткан бакырдын
Ырайымы келди жашына;
Барбардигер бар кудай
«Ыйлаба!» –  деди силерди,
Мени буйруп жиберди.
Аяктай болгон ак алма,
Азелден ширин бал алма,
Алда буюрган алма деп,
Напсиң өлсүн жалма деп,
Кызыл алма кыз деди,
Кызматкербиз биз деди,
Кылган ишиң түз деди,
Мынабу айткан сөзүмдүн
Маанисине түш деди,
Ак амири* күч деди.
Айтканымды бил деди,
Алтымыш кулач ажыдаар
Ат ордуна мин!»  деди.

«Алиги жеген ак алмам
Курсагыма толуптур,
Артымдан чыкты ышкырып,
Ажыдаар болуптур,
Ачууланып оп тартса
Ай-ааламды соруптур.
Көрдүм чочуп нез болуп,
Узарыптыр өз боюм
Бир жүз отуз кез болуп.
Ойгонуп чочуп калганым (С.Орозбаков «Манас» 193-224)

Буга улай эле Т.Бакчиевдин «Чыйырдынын түш көрүшү» берилет:

«Бул түшүмдү жооруучу,
Бул эмине болуучу?
Менин атам Бакберген
Өзү кудай жолунда
Аса-таяк колунда,
Сол колунда атамдын,
Бышкан кызыл алма бар,
Айланайын кызым деп,
Көз жарып алгын аман деп,
Алмасын сунуп турганы,
Сунган алма менде деп,
Айланайын атакем,
Мына ошондо жарыктык,
Бата кылып «оомийин»,
Көздөн кайым болду эле», (Т.Бакчиев. 3-айтышы. 145-160-сап.)

Бир эле окуяны сүрөттөөдө эки башка манасчыдан эки башка ойлор менен берилип жатат. С.Орозбаковдо Чыйырдыга келген карыя кудайдын амири менен келип, берип жаткан алманы жегенде ажыдаар болуп, ай-ааламды соруп, оп тартып жатат. Окуп жаткан адамга таасирдүүлүгү жана элестүүлүгү менен өзгөчөлөнүп жатат. Ал эми Т.Бакчиевдин сүрөттөгөн окуясында арбактын алкоосун алып, берген алмасынан кийин гана боюна бүтүп жатат. Биринчиден манасчы С.Орозбаковдун мезгилинде манас угуучулар көп болуп, бир окуяны кең мазмунда жана образдуу, таасирдүү иштеп чыкканга түрткөн.

Алардын турмуштук шарты, кыргыз элинин жашоо образы алардын талантынын өөрчүшүнө чоң таасир берип келген. Ал эми Т.Бакчиев сыяктуу манасчыларды сөз байлыгы, образдарынын элестүү болбой жаткандыгы, таасирдүүлүгүнөн тайып жатканы алардын жаралган мезгили, жашаган чөйрөсү таасир берип жатат. Азыркы учурда “Манас” уккан кыргыз калкы азайды, анткени руханий азыкты кино, музыка, бий, театр сыяктуу тармактардан алып жатат. Болгондо манасчылар калем-кагаз кармашы, эс-тутумунун, образдуу ой-жүгүртүүсүн тайсалдатып, эс-акылды жалкоо кылып бүтүрдү. Экинчиден, 18-19-кылымдарда кыргыз ой жүгүртүүсү иррационалдуу ой жүгүртүп, өзүн курчап турган дүйнөнү тирүү организимдей сезип келишкен. Ошону менен катар Манас баатырды Теңирдин каалоосу менен элдин бактысына жараткан кут катары сезип, аны аздектеп баалашкан. Ал эми Т.Бакчиевдин айтканында арбактын каалоосу менен жаралышы — жаратылыштын жандуу организимдей кабыл алуудан калып, эпос да модернизацияланып, рационализимдин тамырына акырындап байланып келе жатканыбыздын күбөсү болсо керек.

Азыркы мезгилдин тарыхый шартты, социалдык-экономикалык ал-абалы, илим менен техниканын өсүп-өнүгүшү манасчылык өнөрдүн дээңгелин төмөндөтүп жаткансыйт. Анткени ар бир манасчы устатынан көп убакытта ээрчип жүрүп үйрөнбөгөнү, көкүрөктөн көкүрөккө кабылдабаганы, эл алдына дайыма айтып, талантын курчутпаганы классикалык манасчылардын китеп болуп чыккан варианттарынын текстерди өздөштүрүп, айтууга мажбур кылгандай. Анткени Т.Бакчиевдин айтуусунда жазылган эпизоддун «Акбалтанын сүйүнчүсү» устаты Ш.Азизовдукуна караганда С.Орозбаковдун вариантындагы «Акбалтанын сүйүнчүсүнө» сөзмө-сөз дал келген. Төмөнкү мисал Ш. Азизовдон жазылып алынган текст:

«Ошо кезде Акбалта,
Атына камчы бек салып,
«Ээ, кагылайын бай Жакып,
Чыйырды эркек тууду!» — деп,
Кыйкырып жетип калыптыр,
Угуп тургун бай аке,
Эркек бала тууду деп,
Сүйүнчүнү бек айтты,
«Берди кудай берди» — деп (Ш. Азизов «Манас» 38. Б.2010). Бул жерде Акбалта Жакыпка «Эркек бала тууду» деп гана айтып жатат. Ал эми Т.Бакчиевде:

 

Талпынып айтты бакырып,
«Ой сүйүнчү, сүйүнчү!
Ой-бай Жакып сүйүнчү!
Жоо душманга күйүнчү,
Эриккенде байбичең,
Эрмек тапты сүйүнчү!
Карыганда байбичең,
Кабылан тапты сүйүнчү!
Жоголоордо байбичең,
Жолборс тапты сүйүнчү!
Ой сүйүнчү, сүйүнчү! (Т.Бакчиев 3-айтышы. 1642-1653-сап), — деп, «Карыганда байбиче кабылан тапты, сүйүнчү! \ Жоголордо байбиче жолборс тапты сүйүнчү! \ Эриккенде байбиче, \ Эрмек тапты сүйүнчү!» деп С.Орозбаковдун айтуусундагы окуяга сөзсө-сөз окшош болуп турат. С.Орозбаковдун вариантындагы «Акбалтанын сүйүнчү»

Айтканымды туюнчу,
Арстаным Жакып, сүйүнчү!
Карыганда байбиче
Кабылан тапты, сүйүнчү!
Жобогондо  байбиче
Жолборс тапты, сүйүнчү!
Жоголордо  байбиче
Жолдош тапты, сүйүнчү!
Эриккенде байбиче
Эрмек тапты, сүйүнчү!
Кайгырганда байбиче,
Каралды тапты, сүйүнчү!»

(С.Орозбаков 1-китеп 1856-1869)

Жогорудагы Акбалтанын айткан сүйүнчүсү кээ бир сөздөрүндө гана айырмачылык болбосо, дээрлик көп жагынан окшош экенин көрүп турабыз. Азыркы кездеги манасчылар устаттардан үйрөнсө, аларда жок жерин башка манасчылардан өздөштүрүп жатканын боолголосок болот. Мындай көрүнүш азыркы манасчыларды башка классикалык текстерден жаттап өздөштүрүүгө мезгил-убакыт мажбур кылып жаткандай. Анткени эл кыдырып “Манас” айтып кетейин десе, эл кунт коюп кызыгуусу бир мерчем убакыт менен чектелип, андан көрө музыка, кино көрүп алганга шашат. Экинчиден, материалдык ал-абал үй-бүлө, бала-бакыраны багыш керек деп, башка жумушту кошо өздөштүрүүгө түртөт да, ошол жумуштан башың чыкпай, өнөр калып калып жатат.

Союз мезгилине чейин манасчыларды бай-манаптар атайын чакыртып келип айттырып, үстүнө тон жаап, астына ат миңгизип кетирген. Ал эми Союз мезгилинде ар бир айткан сабына акча төлөп, үй менен камсыз кылып, материалдык шарты дурус болгон. Азыркы мезгилдеги манасчылар кээ бир үзүндү текстерди өздөштүрүп айтып, өзүнүн сөз байлыгын байытып, азыркы кыргыз жаштарына байыркынын өнүрүн тартуулап жатканына ыраазычылык гана айтыш керек.

Т.Бакчиевдин айткан эпизодун үч жолу жаздырып алышкан,  биринчи айтканда 966 сап, экинчи айтканда 1117 сап, үчүнчү айтканда 1953 сап ыр көлөмдөгү ыр жазылып алынган. Айтуучу үч жолу айтса, үч башка көлөм менен айтканы — колунан келишинче өзөктүк ойлорду сактоо менен жеке инвидуал ой-толгодон өткөрүп берип жатат дегенден кабар берет. Бирок канчалык деңгээлде импровизациялап, жеке ой-толгоодон өткөрүп иштеп чыкты деген суроо туулат. Мисалы С.Каралаевдин вариантында бир эле Чынар теректин сүрөттөлүшүн «Каныкейдин жомогунда» (1) бергенин экинчи Семетей Таласка кетип бара (2) жатып, Чынар терекке учураганда башкача сүрөттөгөн.

«Бир бутагы чынардын,
Ала карга ал тууган,
Бир бутагы чынардын
Коко тамак чар тууган.
Бир бутагы чынардын
Самсаалап учкан сары тууган»,
(С.Каралаев «Семетей» 344-б. Б. 2013.(1) )

«Дүнүйөсү шай болуп,
Чымчыктары улардай,
Чынары бар мунардай,
Тоосунда кары бар,
Токоюнда чары бар,
Жан бүткөндүн баары бар»,
(С.Каралаев «Семетей» 518. Б. 2013.(2))

Манасчынын нукура өздүк талантын, өздөштүрүүсүн, аны кайра иштеп чыгуусун баамдасак болот. Анткени бир эле көрүнүштү эпостун бир эле сюжеттин курамында эки башка сүрөттөлүш нукура талантынын чеберчилиги менен ырга салып жатат. Бул жерден жөн гана жаттап алып айтып жатат десек, накта жаңылыштык кетирип жаткан болобуз. Т.Бакчиедин айткан эпизодунда Жакыптын буйругу менен курмандык чалганга мал алып кел деп Акбалтаны Карагырга жөнөтөт. Мына ушул окуянын үч айтышында тең кандай бергенин мисалган келтирем:

Т.Бакчиев

1-АЙТЫШЫ

Актинтени гана колго алып,
Баягы жетеке келген кунанды,
Төрт аягын гана тең байлап,
Курмандыкка гана эми чалууга
Күн батышты каратып,
Ошондо атадан калган гана Актинте,
Эми моюнга урарда,
Ошо гана кезде бу кунан ой,
Кайып болду көрдүңбү?
Кайда экени көрүнбөй,
Көп түтүн болду көрдүңбү?
Кашыңда турган кара айгыр,
Кайда экени билинбей.
Караса көзгө илинбей,
Жерге гана тамган каны жок,
Кармай турган жаны жок.
Мына ошондо кара айгыр,
Кайда экени билинбей,
Кайып болду көрдүңбү? (1-айтышы 435-453)

2-АЙТЫШЫ

Төрт аягын бек байлап,
Эми курмандыкка чалууга,
Камданып калган чагында,
Ошо кезде сураба,
Ошо кезде сурасаң,
Сага жалган, мага чын,
Көрүп келген бир жан жок.
Атаганат дүнүйө,
Кудай бетин көргөзбө,
Өзүң көргөн гана бай Жакып,
Актинтени баягы,
Кокого гана бир урса,
Кайыбына кабылып,
Кайда экени гана көрүнбөй,
Жерге гана тамган каны жок,
Мунун учуп кеткен гана жаны жок,
Кайда экени билинбей,
Караса гана көзгө илинбей,
Кайып гана болду кара айгыр,
(2-айтышы 384-403)

3-АЙТЫШЫ

Ала калып колуна,
Актинтенин жарыктык,
Мына ошондо бай Жакып,
Ошо кокого эми урган дейт,
Кокуйлатып баягы
Кашында турган айгырды,
Ошо кезде жарыктык,
Бир кишинеп өттү дейт,
Караса көзгө илинбей,
Кайда экени билинбей,
Жерге тамган каны жок,
Мына ошондо Тор айгыр,
Айланайын кудурет,
Кашында турган жылкы жок,
Кайда экени билинбей,
Караса көзгө илинбей,
Кайып болду бул жылкы.
Муну көрүп бай Жакып,
Аң-таң болуп турду дейт…

(3-айтышы 676-694)

Бул мисалга тартылган кичинекей окуяга текстологиялык анализ жасай турган болсок, анда 1-тексте «Актинтени гана колго алып;  Төрт аягын гана тең байлап» баштап жатат, ал эми 2-тексте «Төрт аягын бек байлап; \ Актинтени баягы» жана 3-тексте «Ала калып колуна, \ Актинтенин жарыктык» деп айтылып жаткан ойлордо сөздөрдүн орун алмашуусу менен жүргөн.

Андан ары уласак 1-тексте «Эми моюнга урарда, \ Ошо гана кезде бу кунан ой,\ Кайып болду көрдүңбү? \ Кайда экени көрүнбөй, \ Көп түтүн болду көрдүңбү?», 2-тексте «Кокого гана бир урса, \ Кайыбына кабылып, \ Кайда экени гана көрүнбөй, \ Жерге гана тамган каны жок, \ Мунун учуп кеткен гана жаны жок,\ Кайда экени билинбей» жана 3-тексте « Бир кишинеп өттү дейт,\ Караса көзгө илинбей, \ Кайда экени билинбей, \ Жерге тамган каны жок; \ Кайда экени билинбей, \ Караса көзгө илинбей, \ Кайып болду бул жылкы».

Актинте бычакты колго алып, төрт бутун тушап, кокого урганда жылкынын кайып болуп кеткенин — 3 жолу айттырганда бири-бирине сөз куруу жагынан гана өзгөрүү болбосо, синоним сөздөрдү, образдуу пайдаланган сөз каражаттары, көркөм троп сыяктуу механизимдер дээрлик пайланылган эмес. Бул жерде жөн гана мурда жаратылган ыр саптарын (же жаттаган) ыгына жараша сөздөрдү алмаштыруу менен төкмөлүк, жамакчылык талантты пайдаланып, “Манас” айтуу болуп калган.

Эмне үчүн манасчылык өнөр жана эпос баатырдык мотивдерден ажырап: баатырдын ата-тегинин өзгөчөлүгү, каармандардын сакралдуу түшү, төрөлүшүндө эбегейсиз чоң болуп эч ким көтөрө албай кыйналышы, баатыр төрөлгөндө элден бата алып чакырышы, баатыр төрөлөрдө энесинин талгак болушу жана классикалык варианттарга тиешеси жок окуялардын кириши (Каракыздын добулбас көтөрүп бийлеши) сыяктуу мотивдер менен кошо тексттердин образдуулугунан, көркөм фантазиядан ажырап, үч жолу кайталап айттырса да кичине айырмачылык болгону менен бирин-бири сөздөр алмашып гана калганы болбосо, кескин айырмачылык болбогону кандай түшүндүрсө болот?

Бул суроого орус окумуштуусу Сергей Неклюдов «постфольклор» деген термин сунуштап, илимий талаада анализдегенге аракет кылган. Фольклор айыл жергесиндеги илим менен техникадан кабары жок коллективдүү эл массасынын акылмандуулугу болсо, постфольклор модернизацияланган шаардык адамдардын акылмандуулугу болуп эсептелет. Л.Г.Ядрышкинова өз эмгегинде мындай деп жазат: «Сущесвенной чертой постфольклора является то что он вазникает не в результате преемственности с традиционным фольклорам а в ответ на определенные социокультурные процессы» (Ядрышкинова Л.Г. «Фольклор и постфольклор в культурных практиках повседневности» Е. 2008. 8-б) деп билдирген. Эмне үчүн салттуулуктан алыстап, коомдогу социомаданий процесстерге карата өзүнүн көз карашы менен чыгып калат?

Фольклор пайда болуу башаты байыркы адамдардын дүйнөтаанымынын элдик чыгармачылыкка оодарылган үлгүсү болуп эсептелет. Элдик акылмандуулук мезгил-убакыттын өтүшү менен эл тарабынан оңдолуп-түзөлүп жүрүп олтуруп, классикалык образын жаратат. Ал эми ошону жараткан элдин ой-жүгүртүү парадигмасы өзгөргөндө фольклорго болгон мамиле да өзгөрүп, фольклор мезгилдин талабына жараша кубулуп калат.

Жөнөкөй сөз менен айтканда, архаикалык эпостор элдин жашоо шартынын, социалдык ал-абалынын өзгөрүшү менен талаа маданиятынын духуна оодарылып, баатырдык духтагы эпосторду жарата баштаган. Ал эми жаңы модерн мезгилинде Ядрышкинованын ою менен уласак: «В эпоху Просвешения начинается секуляризация и автоматизация всех сфер культуры. Повседневность понимается как посюсторонняя реальность, в результате традиция питавшая фольклорные творчетсво, прерывается дискретной, это изменение вызвана изменением временной структуры повседневности, время горажанина разделяется на «работу» и «отдых» ассоциируемые с «фабрикой» и «домом», трудовой неделей и выходными, сменой и досуговым вечером» (Ядрышкинова Л.Г. «Фольклор и постфольклор в культурных практиках повседневности» Е. 2008. 8-б) деген көз карашын билдирген.

Биринчиден, фольклор жаңы мезгилде ритуалдык-магиялык касиеттеринен ажырап, сакралдык деп эсептеген ишенимдери жөн гана салттуу ыргак менен шартуу нерсе катары эсептелип калат.  Т.Бакчиевдин чыгармачылыгына келе турган болсок, андагы жогоруда сөз кылган баатырдык мотивдердин жөнөкөйлөшүп, тамырынан ажырап бараткан элементтерин көрүүгө болот. Экинчиден, жаңы рационалдуу ой-жүгүртүүнүн уругу ташталышы менен социалдык-экономикалык жаңы шарт манасчылык өнөргө да жаңыча мамиле кылып калды.

Манасчылар үй-бүлөсүн багыш үчүн «үй-жумуш» болуп иштеп, алардын сөз казынасынын, образдуу ой толгоосунун мурдакы манасчыларга салыштырмалуу жакырланышы социалдык-экономикалык жагдайы таасир эткен. Үчүнчүдөн, С.Неклюдов : «При этом зачастую они были отнюдь небеспочвенными: буквально на глазах собирателей исчезали целые исполнительские школы, устные жанры и традиции. Подобное исчезновение соправаждалось (и даже прямо стимулировалось) появлением фольклорном репертуаре текстов, ранее для него совершенно не характерных. Новации, ражденные меняюшейся реальностю и деформируюшие старые традиции, были связаны исключительно с городской культурой» (С.Неклюдов доклад «Фольклорные традиции современного города» 3-б) деген ойду айткан. Биринчиден, фольклордогу салттуулукту улантууда калыпка салынган нугунан бузулбаш керек деген сакралдуу ойлор жаңы доордо ыйык булагынан ажырап, андагы окуяларга да ритуал-магиялык өзөгүнөн эмес, үстүрт шарттуулук менен мамиле жазап калганынан. Экинчиден, жаңы мезгил коллективдүү ой жүгүртүүдөн, индивидуал-личность катары ой жүгүртүп, ар фольклордук чыгарманын мазмунуна азыркы мезгилдин идеологиялык нугунда жеке өзгөртүүлөрдү киргизе баштаган. Буга Т.Бакчиевдин Каракызды добулбас көтөртүп, бийлеткени ачык далил болуп бере алат.

Демек, оюбузду жыйынтыктай турган болсок, Т.Бакчиевдин айтып берген эпизодунда мазмунундагы классикалык вариантарга караганда бир топ айырмачылыктар жана кайталоолор, ал эми манасчылык өнөрдөгү сөз байлыктын жакырланышы, образдуу-мифологиялык ой жүгүртүүнүн аксашы, окуяларды кайра иштеп чыгууда сөздөрдүн орун алмашуусу болбосо, кайра кайталанышы сыяктуу көрүнүштөр постфольклордук процесс деген жыйынтыкка келсек болот.

КРУИАнын Ч.Айтматов атындагы Тил, адабият институтунун илимий кызматкери Амангелди Сабыртегин

КРУИАнын Ч.Айтматов атындагы Тил, адабият институтунун аспиранты Жеенбекова Алымкан

One Reply to “Илимий анализ: Эгемендүүлүк мезгилиндеги манасчылык өнөр”

  1. Очень интересная, познавательная статья, но наличие грамматических ошибок в русском тексте вызывает большое сожаление.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.