ТАМСИЛ

Мергенчи жаа-жебелерин алып, аңчылыккка чыкты. Теке атып алды. Аны ийнине артып, жолго түштү. Жолдо каманды көрдү да, текени таштап, каманды атып, жарадар кылды. Каман аңчыга жулунуп, мергенчини жара тартты да, өзү өлдү. Кандын жытын сезген карышкыр теке менен каман, адам жана анын жаасы жаткан жерге жетип келди.

Бөрү сүйүнүп кетип, минтип ойлонду: “Курсагым эми көпкө дейре ток болот. Мен булардын баарын дароо эле сугунуп ийбейм. Бат эле  түгөтүп албаш үчүн аз-аздан жеймин. Биринчи катуурагын мүлжүйм, анан жумшагын, андан соң таттуусун тиштейин”. Карышкыр текени, каманды, кишини жыттап көрүп, сүйлөндү: “Булар түгөлү менен жумшак экен, муну кийин жейин да, баарынан мурда  жаанын жиптерин чайнап-жутайын”. Ошентип ал жаанын жибин кемиргенге өттү.

Жаанын жибин  тиштегенде жаа жазылып кетти да бир учу бөрүнү курсакка урду. Карышкыр ошол жерде жан берди. Бөлөк бөрүлөр келип адамды, теке менен каманды да, карышкырдын өзүн да жеп кетишти.

Орусчадан оодарган Ырысбай АБДЫРАИМОВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.