Кызыл кулак еврей каз сатып алмак болот. Кыштакка жөнөйт. Киреше табарына кудуңдап, кыңылдап ырдап барат. Анан эле жолдо семиз үндүк байланып жатканын көрөт.

Еврей үндүккө жакындап, ордунан козгосо, былк этпейт. Көтөрөйүн десе – оор. Араң көтөрдү. Көтөрдү да жолуна түштү.

Бара берди, бара берди еврей. “Бу эмнеси?” деди. Үндүктүн салмагы да ушунча оор болчубу? Улам узаган сайын салмагы сайдын ташындай оорлоду. Дем алып күч жыйнады. Болбоду. Таштайын дейт, үндүктү көз кыйбайт. Көшөргөн бойдон көтөрүп бара берди, бара берди. Шалдайып калды, таштады акыры. Үндүк жерге кулап, ташка айланып калды.

Бу балээ үндүк эмес эле, ээсиз күч экени еврейдин акылына ошондо жетиптир.

Которгон Олжобай ШАКИР

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.