Садырбек Турдубек уулунан балдарга базарлык

МАТИЗ Кубантайдын үйүндө, Көп кулун тууду бээлери. «Күлүк ат чыкса булардан, Кубантай сен мин ээ?» — деди. Кубанды досум Кубантай, Кунанды көрүп береги. Ээ ата бизде кулун жок, Эмнени минем мен эми? Машинаңыз же эмне, «Матизди» тууп береби? БУЛУТТАР Калтырып коюп жумушту, Карашты балдар булутту. «Кандай болот болду экен, Коюубу же суюкпу? Анда айтты Жумабек: Мен билем муну мына! — деп. «Тоолордун ары жагында, Дөөлөр от жагат тура.» — деп. «Калп айткан жокмун бүтүндөй, Калбагыла түшүнбөй. Карагылачы булутту, Көрүнүшү түтүндөй.» […]

Абдыкерим Муратов: Тушалуу

Адабий турмуш Адабият партиялуулугу акыры эмне апкелди? Коргол саясий окууга барганда… Танабай партбилеттен өз эрки менен баш тартса эмне болмок? Сын – саясат камчысыбы, же?.. Кылым тогошордо ойлонор нерсе жок эмес. Бар. Ал кандай ой? Бул ой адабиятты саясатташтыруунун, партиялык ишке баш ийдирүүнүн акыры келе турган кесепети тууралуу. Бул жалпы кылымдын, ошол кылымда адабият жаратабыз деп жан алакетке түшкөн көптөгөн сүрөткерлердин бактысыздыгы. Кыргыз адабияты болсо боордош жана орус адабиятын көрүп, ошолордун түздөн-түз таасиринде өөрчүп, бутуна туруп алган менен ээрчиме адабиятка […]

Жолдош Турдубаев: Тактекедей сүзүшкөнгө чейин жеттикпи?

«Азаттык» радиосунун тегерегиндеги ызы-чуу күндөн-күнгө күчөп, кыргыз журналисттери эки жаатка бөлүнүп бараткандай… Коомчулукту эӊ орчундуу маселелерден алаксытыш үчүн журналисттерди тактекедей сүзүштүрүлүп калган жокпу: кайсы бир майланышкан түктүү кол менен? Жаалданып айткан чындык Жанын жеген калпка окшойт. Уильям Блейк (англис акыны, сүрөтчүсү) Нарын Айыпты полемиканын түркүн ыкмаларын мыкты билген публицист, кесипкөй журналист катары тээ 1990-жылдардан бери абдан сыйлачумун. 2017-жылы «Улут абийири» сыйлыгына сунушталганда биринчилерден болуп колдогонума азыр деле өкүнбөйм – анткени ошондо Атамбаевдин «Жаагыӊды бас!» деп кекетип-мокотууга, басып-жанчууга, чынчыл авторлорду каржылык […]

Рысбек Эшматов: Адабий түштөрдүн хронотоптук белгилери

Солдон оңго: адабиятчы Рысбек Эшматов, кинорежиссёр Актан Арым Кубат Түш өзүнө гана таандык мезгилдик-мейкиндик континуумунда жашайт. Демек, мезгилдик, мейкиндик категориялар менен каралууга эгедер көрүнүш. Ошого жараша түштүн дагы психикалык мезгилди, мейкиндикти уюштурар өзүнө гана таандык закондору менен механизмдери бар. Мисалы, психикалык нерселерди сүрөттүү кылып картиналарга айландыра иштеп чыгышы — символ, образ жаратуусу; автоматтык механизмге ээлиги — түштө жомоктогудай болуп бир нерсе экинчи бир нерсеге оңой эле айланып, кубулуп өтүп кете бере турганы; турмушта бири-бирине таптакыр дал келбеген нерселерди түш кыйыштырып, […]

Олжобай Шакир: «Азаттыкка» чабуул кылгандардын артында кимдер турат?

“Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу “Азаттык” журналистти Али Токтакуновдун журналисттик иликтөөсү далайынын башын жаздыкка койдурбай, дагы, дагы тынчын алат көрүнөт. Кыргызстандан чыгарылып кеткен жүз миллиондор туурасында коомчулукка маалымат тараган күндөн тарта буга “5-каналдын” чыгармачыл жамааты эң ыкчам реакция кылды. Эмнеге? Адатта жемкорлук темасына келгенде тиш кайрап келген кесиптештерибиз аталган теманын башкы каарманы катары сыпатталган Матраимовдордун байлыгынын сыры чубалып баштаганда эле “Азаттыктын” иликтөөсүн журналисттик калпыстык катары көрсөтүүгө ашыкканында эмне мандем бар?.. Оболу бул темага мамлекеттин тиешелүү түзүмдөрү эң биринчи жооп кайтарууга […]

Аман САСПАЕВ: Тууган

АҢГЕМЕ Тууган жөнүндөкү түшүнүк, азыр биринде терең, биринде тайыз. Кээ бирөөлөрдүн тууган жөнүндөкү түшүнүгү мүлдө жок. Кантсе да бизде туугандарын кадырлап, бир ирет ичке тарта билет. Белгилүү ченеми менен ысыгына күйүп, суугуна тоңот. Бул биздин элдин эзелтен бери келе жаткан жөрөлгөсү. Бирок, ар кандай ыйык жөрөлгөлөр да коомдук өнүгүү баскычтарына байланыштуу шарттуу өмүр сүрөт эмеспи. Буга эч кандай күч жолтоо боло да албайт. «Кызыл октябрь» совхозунда курама эл жашайт. Алардын кээ бирлери турмушун оңоп алган соң эле тууган издөөгө киришет. […]

Калыс кеп: Жаңы барак

Калыс кептен тайыбайлы. Эгемендикке ээ болгондон бери өлкөбүздө дагы бир саясий окуя жүз берди. Саясий жаңы баракты ачууга Президент Сооронбай Жээнбековдун эрки жетип, эски досу атанган мурдагы президент сөрөй Алмазбек Атамбаевдин өз жазасын бергени болду. Муну албетте, ар ким ар кандай кеп кылганы менен, тарых алдындагы С.Жээнбековдун тырмакча ичиндеги “достукка” болгон мамилеси – өлкө тарыхындагы бурулуш мезгилди жаратты деп санаймын. Мамлекетибиздин келечеги эки адамдын достук мамилесинен өйдө болууга тийиш эле. Дал ушул чындыкты моюнга алгысы келбеген, түшүнгүсү келбегендерге тен берем. […]

Жолболду Султанбек уулу: Өмүр жолум же поэздби, же гүлбү? (конкурска №12)

АЙТЫП БЕРЕР КАЛГАНЫН Өмүр суусу түгөп барат бириндеп, Улам алга жылган сайын жылнаама. Күздө өлүп, жазда кайра тирилген Мен гүлдөрдүн жашоосуна суктанам. Гүлдөр кооз, жаратылыш гүлдөрү, Быйыл соолот, эмки жылы жанданат. А адамдар кетсе келбейт түбөлүк, Кара жердин топурагын жазданып. Жумушуңдун көптүгүнө карабай, Поэзд сымал өтөт өмүр дирилдеп. Багыт алып белгисиз бир калаага Мен да барам вагондордун биринде. Поэзд болсо өчү бардай зуулдап, Ылдамдыгы каршы чыгып тилекке. Барчу жери уктоочу жай кылымга, Же адашпайт, же кечикпейт даректен. Кылган ишим күнүмкү […]

Кыргыз эл жомогу: Алтын куш, ач көз чал

Илгери убакта бир чал-кемпир жашаптыр. Алар өлбөстүн күнүн көрүп, өчпөстүн отун тутантып күн көрүшөт. Чал күн сайын отунга барып, аны алып келип, белендеп үйүнө киргизет. Кемпири болсо үй сарамжалын жасап, тамак жасап, чай кайнатып туруптур. Өтө ынтымактуу жашашат. Чал үйрөнгөн адаты боюнча бир күнү отунга барат. Чытырман токой. Бир чоң даракты кыймакчы болуп, балтасын колуна алат. Ушул кезде дарактардын арасынан алтын куш чыга калып, адамча сүйлөп кирет: – Даракты кыйбагын, айланайын, адамзат!.. Чал буга таң калып, өзү чалкасынан кете жаздайт. […]

Кожогелди Култегин: Жазуучулук ибарат

 (23 жыл мурдагы ой толгоом экен) Азыр айтар ойду «Таяктын эки учу бар» деген макал эмес, «Медалдын эки бети бар» деген накыл ары таасын, ары элестүү кошточудай. Чынында эле Совет доорунда жазуучулар, айрыкча алардын алдыңкы катары, дал ошол медаль сыңары коомдун көкүрөгүнө ардактала тагылып, анан айныксыз жаркырап-жайнап турбадыбы! Жаркырап-жайнабай анан – бүтүн бир доор ичинде болуп көрбөгөндөй камкордукка бөлөнүп атса! Ар бир сабы – акча, ар кадамы сый, тост, арызданып эле койсо – үй, машине… Эл кыдырып, жер көрүү – […]

Жапар Саатов: Ички «илдеттүү» илимпоз

АҢГЕМЕ Астай солкулдаган жаш жигит эмес, анын ага сакалы ээгине бүткөнүнө көп жылдардын жүзү болду. Гүлнара деген кызы, Мурат жана Кубат аттуу уулдары бар. Жогорку окуу жайын бүткөн чырактай аялы Гүлүмдү да артынан калбай, телмирип жүрүп алган. Бычагын кекиртегине такап, аны эч, ким зордогон эмес. Алар он жылдан ашуун таттуу жашашты. Астай адегенде бакыйган кызыл мугалим эле, андан кийин аны райкомдун аппаратына кызматка алышты. Сыйкы, жогорку билимдүү, жаштык, жалыны бар, балдарды гана эмес, чоңдорду да тарбиялай алат дешип, анын келечегинен […]

Айдана Эрмекбаева: Жоктоо (конкурска №11)

АҢГЕМЕ Келген кеткендер көп. Бардыгы атамды жоктоп ыйлап жатышат. Чоӊ үйдүн өйдө жагында боз үй тигилген. Анын ичинде тизилип отургандары аз эмес. Атүгүл атам өзүнүн сүрөтү илинип турган боз үйгө киргенде ойгонуп кеттим. Лукулдап сокту жүрөгүм. Мүмкүн атам өлгөн жок деген ой учуп өттү. Жанымда эки кичине бала жатыптыр. Сыртта өкүрүк башталганда, учуп өткөн оюмдун калпы чыкты. Караӊгыга карабай келип жаткан кишилердин агымы бүтө электей. Ордуман тура, бирде басылып, бирде өкүрүк чыккан боз үйгө кирип барып апама түшүмдү айттым. Тегерегиндегилер […]

Америка жомогу: Чылым үчүн айып

Чылым чегүүгө тыйуу салган закүн чыгыптыр дейт Бостондо. Бир мерте иш боюнча аталган шаарга Жонатан келет. Өзү янкилерден[1] экен. Шаардын чок ортосунда чычайып чылым түтөтүп, кайкая басып каадаланганын полисмендин көзү чалып калат. – Так, так, чегип аткан экенсиз, – дейт полисмен, – Сизге эки доллар айыппул салам. – Эмне дейсиз, мен чегип атыптырмынбы? – янки жандуу үн катат. – Менин «гаваныман» ооз тийип көрсөңүз! Күйгүзгөнүм жок ко. Полисмен Жонатандын чылымын өз оосуна салып ийлеп көрдү эле, бурулдаган боз түтүн каалгыды […]

Садырбек Турдубек уулунун арзуу ырларынан

МЕНИН СҮЙҮҮМ Азаптардын рахатын татып сүйөм, Аттиң арман мен күткөн бакыт күмөн. Жомогумду жоготуп албайын деп, Жолуккандан сестенип качып жүрөм. Көлдөй көлкүп — балкыткан сүйүктүү жан, Көркөмүңө магдырап ийип турам. Жээкте калган балыктай соолусам да, Ичиңди эмес тышыңды сүйүп турам. Жанашпайбыз жайылбайт тосушчу кол, Жаштар суулап, каректен чок учту мол. Борбор түгүл дүйнөдө салынбаган, Боор тирешип экөөбүз жолукчу жол. КҮҮГҮМДӨ КЕТКЕН СУЛУУГА Бакыт шаарын батырып сезимиме, Бакча куруп сүйүүмдү ага баксам, Күчү жетпей тагдырдын чечимине, Күйүп кетти буйруксуз махабаттан. Кезигербиз […]