Италиян эл жомогу: Гандзирри көлү

Мессина жерине бир бай келиптир. Ал ушунчалык бай экен, өзүнүн канча байлыгы бар экенин да билбептир. Ал жерден Гандзирри көлүнө сейилдеп чыгат да анын сулуулугуна суктанып, жактырып калат. Эми байлардын бирдемеге кызыкса  аны сатып алгысы келген жаман адаттары бар эмеспи. Сураштыра баштайт: – Бул көл кимдики? – Королдуку, – деп жооп беришет. Бай түз эле королго барат. – Улуу урматтуум, көлүӊүздү мага сатпайсызбы? – Эмнеге сатпайм! – дейт король. – Баасы келишсе сатпагандачы, сатам. – Канчага баалайсыз? – Кымбат деле […]

Темирлан Бейшенов: Бир күнү мен онлайнда болбойм

АҢГЕМЕ Чөккөн, калган, муздаган көңүл мени ушундай ойлорго курчады. Бир күнү мен онлайн болбойм. Сага деген в сети да, жашылым да, жалыным да жанбайт. Интернет желесинде профилим жок болот. Мен сенин жашооңдо жок болом. Жымжырттыкка айланам. Бул жарыкчылыкта түбөлүктүү эч нерсе жок. Баары убактылуу. Бир заматта баарын шамал учургандай, толкун шыпыргандай, кечээ эле жаныңда жүргөн адамдарды ажалга жулдуруп кайсалап таппай, издеп калгандай болосуң. Баары бүгүн бар да эртең жок. Адамдардагы мамиле да, сүйүү да ошондой. Сезим кылдары абдан назик. Бир […]

Садырбек Турдубек уулу: Баардык жагым караңгылык туюлат

ТОО ЖАНА ТӨӨ Тоо менен төө окшошот бир-бирине, Булар туташ элимдин киндигине. Экөөнү тең кыргыздар минип жүрөт, Экөөнү тең керектейт тирлигине. Атан өркөч чокулар кыналышат, А булуттар чуудадай чубалышат. Бырыксыган чаң сымал төө үстүнөн Тоо үстүнөн бырпырап улар учат. Түтүн чыгат морунан боз үйлөрдүн, Буулангандай жон тери боз ингендин. Буркан-шаркан сайлары көбүк чачат, Бүркүндүсү сыяктуу ошо ингендин. Көз жашындай куюлган кара нардын, Көл, дайралар чогулган талаам арбын. Төөлөр чөксө мейличи ушул күндө, Тоосу такыр чөкпөсүн бабалардын. АЙЫЛЫБЫЗ ЧОҢ ТАСМАЛ Көк […]

Айзирек Жигиталиева: Эсирген акыл,  эрксиз жүрөк (конкурска №8)

АҢГЕМЕ Жарыгы араңдан зорго бөлмөнүн жарымын жарыктандырган шам чырактын билиги да акырындап өчө баштады. Он жетидеги татына кыз биликти алмаштыруу үчүн көпөлөктөй жеңил тура калып, бутунун учу менен үй бурчундагы текчеден жаңы билик издеп баштады. «Оо Кудай, көп эле эмес беле? Ушул эле жерде турчу, кайда кетти эми?” — көздөрү алаңдай, тынчсыздана кетти ал. Билиги түбүнө жетип үлбүрөгөн чырактын жарыгынан бул жупуну үй андан бетер кебетеси келишип турду. Кыз дагы да ийкемдүү кыймылдап, бүт дити менен биликти издеп жатты. Сурмалуу […]

Аман Саспаев: Окшобогон тагдырлар

АҢГЕМЕ I Керегеси жерден кулач көтөрүлүп жепирейген төрт там мындан он жылга жуук мурда, Апрель көңтөрүлүшүнөн[1] кийин медреселерден оолак «жаңыча салынган мектеп» деп аталчу. Балдар жуушан тээп, чикит чаап, чүкө ойной берип мектептин тегереги чөп баласы кылтыйгыс болуп тапталган. Эртеден кечке ызы-чууга белчесинен малынган бул мектеп көбүнчө аарынын уюгун элестетет. Мугалимдери жөнүндө айта турган болсок, мектептин кароолчусунан айырмаланбаган төрт-беш жүдөө киши көз көрсөтүп жүргөнү болбосо, адатта булар ээн баш балдар чогулуп ойноп жаткан ээн тамдын ээси өңдөнүп балдарды тыйымыш болуучу […]