АҢГЕМЕ

Жарыгы араңдан зорго бөлмөнүн жарымын жарыктандырган шам чырактын билиги да акырындап өчө баштады. Он жетидеги татына кыз биликти алмаштыруу үчүн көпөлөктөй жеңил тура калып, бутунун учу менен үй бурчундагы текчеден жаңы билик издеп баштады. «Оо Кудай, көп эле эмес беле? Ушул эле жерде турчу, кайда кетти эми?” — көздөрү алаңдай, тынчсыздана кетти ал. Билиги түбүнө жетип үлбүрөгөн чырактын жарыгынан бул жупуну үй андан бетер кебетеси келишип турду. Кыз дагы да ийкемдүү кыймылдап, бүт дити менен биликти издеп жатты. Сурмалуу кой көздөрүнө жаш тегеренип, узун кирпиктери суулашып чыкты. Бөлмөнүн ортосунда оорулуу апасын карап жаткан доктур аял,  кыздын ийкемдүү кыймылына таңдана суктанып, бир чети ушундай азаптуу күндөрдө жаштыгын өткөрүп жаткан бул татына кызга боор ооруй көз салып турду. Сол капталга оодарылып,  акырын онтогон үндөн улам, кыз чуркап келди да:

— Апа, жакшы элесиңби? — деди жалооруй.

— Жакшы… жакшымын кызым… Данек, кызым… менин сенден үмүтүм чоң. Башыңа кандай күн түшсө да, максатыңдан тайбагын. Бүт дүйнөгө белгилүү балет бийчиси болом деген максатыңа өжөрлөнө жет. Бул күндөр унутулсун… — дагы бир нерсе айтайын деп тумчуга кетти, тили күрмөөгө келбеди. Кызы ыйлай апасынын көкүрөгүнө баш койду:

— Апа, апоо… аз калды, мени жакында чет өлкөдөгү балет мектебине жөнөтүшөт, анан баары өзгөрөт, мен дүйнөлүк деңгээлге чыгам. Мына ошондо сен экөөбүз башкача жашоодо жашайбыз. Сен эле оорубачы, — деди муңайым. Апасы араң жылмаюуга жарады.

— Бул адам болбойт ко эми, ооруусу катуу, үмүт аз, — деп шыбырады врач аял, жанында олтурган оорулуу аялдын кошунасына. Кошуна аял башын жерге сала оор үшкүрүнүп:

— Байкушум, өмүрү жакшылык көрбөй… Жок дегенде жалгыз кызынын жакшылыгын да көрбөй кетеби? — Нымдаша түшкөн көзүн жоолугунун учу менен аарчый кетти.

— Ошону айпайтсызбы, ушул татына кыздын бактысына дагы бир аз жашап турса болот эле, бирок бул оорунун аягы көпкө жеткирбейт ко, — доктур да кейиди.

— Азыр бул байкуш эмне болот, ооруканага алып кетесиздерби? — деди кошуна аял доктурду суроолуу карап.

— Ооба, тез жардамдын машинасы сыртта турат, сен чыгып ичиндеги медайымдарды чакырчы, биз алып кете берели. А баса, кызы эми эмне болот, жакын туугандары деле жок экен…

— Билбейм эже, азырынча балет мектебинин жатаканасында жашап турса кийин өзүн өзү эптеп кетер.

— Мейли, мунун да айласын табарбыз, сен тигилерди чакырып келе бер.

Көп өтпөй бул күңүрт бөлмөгө эки медайым кирди да оорулууну насилкага салып алып жөнөштү. Ал аңгыча үйдүн эшигинен чыгып узап бараткан апасынын башкача үн чыгарып, солкулдай кеткенинен кыз коркуп, апалап кыйкырып жиберди. Шам чырактын акыркы жарыгы да титирей барып, жалп өчтү.

“Мен ким элем өзү? Ким болдум? Ким болгум келчү эле? Бүт дүйнөгө белгилүү балет ханышасыбы? Же ал айткандай дайыма атак деген кийим кийип,  мансап менен тамактанган, көйрөң балеринабы? Ооба, дал ушундай болгум келчү убагында, болдум дагы. Бирок булар мен каалап, мен эңсеп жүргөн нерселер эмес экен. Албетте, күлкүлүү, кээде мен да ушул үчүн өзүмдү өтө шылдыңдап, бир жыргап күлүп алгым келет. Эгер ушундан пайда чыккан болсо, мен муну алда качан жасайт элем. Ал жазып жаткан күндөлүгүнүн ушу жерине келгенде эмнегедир күлүп жиберди. Анан күндөлүгүнүн бетин жаап, күзгүгө жөнөдү. Өзүн бир сыйра каранып, чачын оңдоп,  атырын септи да, бүгүнкү маанилүү жолугушууга жөнөдү. Бул жолугуу анын буга чейинки өмүрүндөгү жолугушуулардын эң эле маанилүүсү.

Жаандан кийинки салкын абада жай басып баратты. Басышы да бир өзгөчө, бийик такалуу туфлиси менен аккуу мойнун койкойтуп басканда тегерегиндегилердин караганы эле ушул болуп калды. Жетер жерине жетип, жолукчу адамын күтүп турду. Негедир жүрөгү опкоолжуп, жанын коёр жай таппай алдастады. Бир кезде күткөн адамы кабинетинен жай басып чыкты да, аны көрөрү менен кайдыгер бут шилтеп жакындады. Жанына келип, тек гана тааныш адамындай жөн жай сурашкандан кийин, ал дароо эле:

‐ Эмне келдиң? ‐ деди жактырбагандай.

— Жөн гана абалыңызды билип,  кабар алып коёюн дегем, — күйөөсүнүн түнт тарткан, токтоо көздөрүн өзүнүн ушунчалык сүйкүмдүү бажырайган көздөрү менен берилип, көз албай карап турду.

— Апам жөнөттүбү? — деди ал кайдыгер.

— Жо-ок. Өзүм, — бакыракай сүпсүйкүмдүү көздөрү менен күйөөсүнө күнөөлүү карады, — Жоодар, жетишер эми, бири бирибизди аябай эле кыйнап жибердик. Айтчы, мени канткенде кечиресиң, — деди көздөрүнө жаш тегеренип.

Эгер анын күйөөсү сиз болсоңуз, анын мындай сүйкүмдүү көздөрү үчүн эле ал эмне күнөө кылган болсо да, кечип жиберер элеңиз. Бирок анын күйөөсү түшүнүксүз адам. Дал ушул убакта бул экөөнүн жанында турсаңыз,  күйөөсүнүн жүрөгү таштан жасалганбы деп да ойломоксуз. Ушундай бир татынакай, сүйкүмдүү аялыңызга кантип эле мындай мамилени ыраа көрмөксүз, албетте, алгач эреркеп кетмексиз да, жүрөгүңүздөгү ага болгон сүйүүдөн улам, аны бат эле кечирмексиз. А анын күйөөсү болсо, аны дагы да жактырбагандай тиктеп:

— Бул теманы козгобочу, апама салам айта бар, жакында аны алып кетем, — деди.

Сүйкүмдүү көздөр чыдабай жаш чыгарып ийди, анан бул көздөрдүн ээси тиги мерез күйөөсүнө:

— Ал менин апам! Бербейм! — деп кыйкырды.

Күйөөсү дендароо боло түштү. Анан өзүнө келип:

— Мен баары бир алып кетем, — деди да, кабинетине кирип кетти. Артынан дагы эле кыйкырып жатты.

— Апам кетпейт! Мени менен калат! Ал менин апам! Анан шолоктоп ыйлап жиберди.

Кандайдыр бир үмүт менен терезеге телмире тигилип, ойго батып турду эне. Бүгүн келини жалгыз эмес, баласы менен мурдагысындай күлүп-жайнап кирип келишин тиледи. Экөөнү өзү баш коштурган. Доктур болуп шаардагы ооруканалардын биринде иштеп жүргөндө, ага ооруусу катуу аялды алып келишкен. Ал аны бир жылдай карады. Бирок ооруусу өтүшүп кеткендиктен айыгууга үмүт аз эле. Оорулуу менен бир топ жакын болуп, ага боор тартып калганда, ал каза болду. Бечаранын эч бир жакын адамы деле болгон эмес экен. Ошондуктан аны өзү жерге берип, жападан жалгыз он жетидеги чүрпөсүн өзүнүн эки кызынан кийин төрөлгөн жалгыз уулуна келин кылып алды. Уулу ошондо он тогузда болчу. Шаардагы беделдүү окуу жайлардын биринде окуган, мүнөзү токтоо бала эле. Үйлөнбөйм деп атып үйлөнүп,  кийин бактылуу жашап кетишти. Баласы жогорку окуу жайда, келини балет мектебинде окуп жүрдү…

Бир жылдай убакыт өткөн соң келини Франциянын эң мыкты балет мектебинин бирине окууга кетти. Келини өтө өжөрлөнүп,  өз баласынын да сөзүн укпай кете берди. Келини кеткен бойдон жети жыл өткөндөн кийин кайтып келди. Бирок бул мезгилде келини дүйнөнүн эң таанымал балериналары менен тең тайлашып калган эле. Анын баласы экөөнүн алдына келип, «балетти биротоло таштадым», — деп кечирим сурап турганы таңдантты. Өзү жан дили менен кечирген менен,  баласы кечирген жок. Мына ушунусу үчүн да көп күндөн бери келининин үйүндө. Балким ушунтсе баласы келинин кечирип калар деп үмүттөнгөнү болчу мунусу.

Жумушунан үйүнө бараткан жолдо Жоодардын оюна эмнелер гана келбеди. Жубайы экөөнүн жаңы баш кошкондогу күндөрүн эстеди; анда экөө тең өспүрүм курактан али толук кутула элек оюнкарак бала бойдон эле. Экөө бири бирине күлкүлүү ат коюп шылдыңдап, анан ал койгон атка жубайы тултуюп таарына калганын, мындайда анын таарынычын жазам деп көпкө убараланып,  акыры анын жакшы көргөн шокаладын алып берип гана таарынычын жазганын эстеди. Анан эле сүйүктүүсү чет өлкөгө окууга кетем деп чыкты. Албетте, ал буга өтө каршы болду, ал тургай анын кетпеши үчүн бүт аракетин жасады. Бирок жубайы айтканынан кайткан жок, анын «азыр кете турган болсоң биротоло кет, ошол бойдон келбе», — деген сөзүнө карабай бир кездеги максатын орундатуу үчүн аны таштап кете берди.

Ошондо биринчи жолу эркектик кур намысы ойгонду, жубайы менен биротоло мамилесин үзмөк болуп, аны менен такыр байланышпады. Ал кеткен күндөрдөгү кусалык аны бир топ чүнчүтүп, жүдөтүп жибергенине карабай убакыттын өтүшү менен, ал ансыз жашаганга кыйла көнүп баштаган эле. Бирок күтүүсүздөн ал кайра пайда болду. Кайрадан жашоосунун бүт бөлүгүн ээлеп баратты. Кечирейин дейт, бирок өткөндөн калган так аны кечирүүсүнө кедерги болуп жаткансыйт. Ал анын сөзүн сөз катары да көрбөй таштап кеткени дайыма жанына батар эле. Аны кечирүүнү канчалык эңсесе да – эрксиз… Бүгүн анын алдына келип кечирим сураганы аны ыңгайсыз абалга салып койгондой. Эмнегедир жүрөгү, анын кечиримин кабыл албады.

Башаламан ойлордун туткунунан чыга албай келатып, үйүнө кандай жетип келгенин билбей калды. Ойлору чачыраган абалда үйүнө баш бакты. Негедир кийим алмаштырууга да алы келбей, керебетине олтурду. Көптөн бери колу тие элек ноутбугун жандырды. Ноутбук жанары менен башкы экрандан балеринанын апакай көйнөгүн кийип, мойнун койкойтуп, колун эки жакка жайып турган татына жубайын көрсөттү. Дароо жаап салды. Жинин келтирейин деди, бирок келбеди. Негедир жан дүйнөсү аялын дагы бир жолу көрүүнү эңсеп турду. Ал ага баш ийип, ноутбугун ачып көпкө карады да, аны аябай сагынганын мойнуна алды. “Кичинекей көгүчкөнүм. — деди шыбырап. — Келчи. Учуп келе калчы. Көгүчкөнүм… Сен мага алгач ирет учуп келгениңде менде бир башкача өзүмчүлдүк сезим пайда болгон эле. Сени бир гана меники деп эсептеп, сага болгон кызгануу көздөрүмдү тумандатып, жүрөгүмдү бийлетип жиберчү. Ошондуктан мага көздөрүңдү жайнатып сүйлөп берген максаттарыңын баарына тоскоол болуп, сени түбөлүк өзүмдүкү кылгым келчү. Бирок сен бүт дүйнөмдү ээлеп алгандан кийин, бейкапар гана учуп кете бердиң. Менин абалыма бир да кызыктар эмес элең. Мына ушунусу үчүн, сендик болуп калган жүрөгүмдү, сенсиз тарбиялап баштадым. Сени эч качан кабыл албагыдай кылып, эч кандай эрки жок, мерез жүрөккө айлантып бараттым. Ошондо мынчалыкка барбасам болмок экен, сенин артыңдан барып, сени менен, сенин максаттарың менен жашасам болмок экен…”

Түн кирип, асманга сансыз жылдыз жайнап чыкты. Биздин сүйкүмдүү бийкеч терезеден бул жылдыздарга көз жүгүртүп, ушунча жайнаган жылдыздан саналуулары гана өзгөчө жаркырап турганын көрдү. Анан ичинен «адамга сансыз өмүр берилсе да анын саналуу гана мүнөттөрү эсиңде калат, бул да кудум ушу сыяктуу» — деди да, бир нерсени эсине түшүрө калып текчеге барып, андан бир журналды таап чыкты. Бул француз журналында өзүнүн жакында эле берген акыркы маеги бар эле. Мында журналисттин сүйүү тууралуу суроосуна, сүйүү жана сүйүктүү адамына болгон изги сезимдерин туюнтаар жоопторун берген экен. Баарын туура айткан экен. Муну бүгүн сүйүктүүсүнө жолукканда да, жакшылап түшүндү. Ал аны суз кабыл алып, алдында кечирим сурап турганына карабай бул абалынан эч бир өзгөрбөй, кайдыгер гана коштошподубу. Бирок сүйүктүүсүнүн мындай мамилесине карабай, ал андан дагы да үмүт кылат.

Анын өзүн кечириши үчүн аракетин улантат. Анан журналды коюп, күндөлүгүн ачып, адат болуп калган сырларын жазып кирди. «Адам эмне үчүн максат коёт? Албетте, бактылуу болуу үчүн. А мен – түшүнбөйм, балким бир кездеги апам экөөбүздүн кыялыбызды орундаткым келгендир. А бирок, бактылуу болдумбу? Жок албетте, мен кыялымдын баарын орундаткандан кийин, өзүмдү эң бактысыз кемпай сездим. Эмнеге? Анткени мунун баарын ким үчүн, эмне үчүн жасадым, кимдин бактысы үчүн мынчалык кыйналып аракет кылганымды эч түшүнө албадым. Себеби, бактылуулукту сезе албадым. Балет мектебине эми келген кезде, өзүмдүн бактым үчүн деп ойлогом. Ошон үчүн тынымсыз аракет кылып, ошон үчүн жүрөгүмдүн түпкүрүндөгү эң кымбат адамыма болгон кусалыктын кыйноосуна карабадым.

Күн санап ага барчу жолду издедим. Келишим бүтүп, мекениме кайтчу убакыт жакындаганда Жоодарды абдан көп эстей турган болдум. Балким бул менин аны катуу сагынганымдан болуп жүрбөсүн. Чынында да аны ушунчалык катуу сагынган элем. Эч качан маанайы түшпөөчүдөй күлүп турган көздөрүн, чыныгы эркекке мүнөздүү токтоо кыймылын, кылыкжоруктарын,  жагымдуу жылмаюусун. Дагы мындан өткөн кандай бактылуулук керек болду экен мага?”

*     *     *

Түнү менен уктабаган Жоодар таңдын атышы менен оюн толук жыйынтыктагандай болду. Телефонун алып балконго барды да, бүгүнкү таңдын таптаза абасынан кере дем алды. Анан апасынын номерине чалды. Жүзүнө эмнегедир жылмаюу кирип, мындан кийинки жашоосу ушул таң сыяктуу аруу, жагымдуу болоруна күмөнсүз ишенип турду. Анын бул ойлорун «Алло»деген апасынын үнү чачыратып жиберди.

— Алло, апа, экөөңдү алып келүүгө жөнөп баратам…

Конкурс: Учур адабиятынын жаңы дүбүртү

5 Replies to “Айзирек Жигиталиева: Эсирген акыл,  эрксиз жүрөк (конкурска №8)”

  1. Көп сөздүүлүк бар. Баяндоосу супсак көрүндү. Жүрөктү каната турган жерлерди жөн эле кургак баяндап өтүптүр. Адабиятка жеңил мамиле кылган жаштардын арасында мындайлар көп кездешет.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.