ТОО ЖАНА ТӨӨ

Тоо менен төө окшошот бир-бирине,
Булар туташ элимдин киндигине.
Экөөнү тең кыргыздар минип жүрөт,
Экөөнү тең керектейт тирлигине.

Атан өркөч чокулар кыналышат,
А булуттар чуудадай чубалышат.
Бырыксыган чаң сымал төө үстүнөн
Тоо үстүнөн бырпырап улар учат.

Түтүн чыгат морунан боз үйлөрдүн,
Буулангандай жон тери боз ингендин.
Буркан-шаркан сайлары көбүк чачат,
Бүркүндүсү сыяктуу ошо ингендин.

Көз жашындай куюлган кара нардын,
Көл, дайралар чогулган талаам арбын.
Төөлөр чөксө мейличи ушул күндө,
Тоосу такыр чөкпөсүн бабалардын.

АЙЫЛЫБЫЗ ЧОҢ ТАСМАЛ

Көк сүт мисал дасторконго төгүлгөн,
Көк ирим суу ылдый агат төрүмдөн.
Ар кай жерде додо болгон өң-дөңдөр,
Көмкөрүлгөн чынылардай көрүнгөн.

Талаабызда жуушап жатса тойгон кой,
Көк тасмалга талкан себип койгондой.
Үйлөр болсо чүкөлөрдөй чачылган,
Кичик бала упай ойноп болгондой.

Калың токой чет жакада өрдөгөн,
Дасторкондун четиндеги көлдөлөң.
Ак калпакчан аталарга окшошуп,
Аскар тоолор жерди карайт өйдөдөн.

«Тасмалымдан» тоюнамын өлгөнчө,
Ушул жерге ыраазымын эл көмсө.
Чыны – денем… суу – жаным… түгөнсө…
Көмкөрүлүп  мен да болом – жер, дөңсө.

ТЕМИР ЖОЛ

Суктантат темир жол ой өстүрө,
Сулаган бир гана поэздине.
Тепселбес машина, атка дагы,
Темир жол сымалдар чогу өткүлө.

Темир жол башкага жол болбогон,
Тешилип асфальттай кордолбогон.
Поруму түгөйүн күтүп жашап,
Поэздден бөлөктү ойлонбогон.

Рельсага лирика ырын ырдайт,
Дөңгөлөк тынымсыз шарактаган.
Эң таза сүйүүгө үлгү поэзд,
Эч качан жолунан адашпаган.

Жашоодо бир-бирин сүйгөн жарлар,
Жашайлы темирден үлгү алганча.
Көп күтүп көмүлөт топуракка,
Көмүр кан поэзди жүрбөй калса.

МЕЗГИЛ ЖАНА МЕН

Күнчүлүк жол, эки элге каттаганы,
Күлүк минип, каңдадым ат таканы.
Жетүү үчүн өмүрдүн марасына
Тандамакмын чаалыккан ташбаканы.

Ташбаканы таш жолдо кыбыратып,
Кетер элем кылымдын кырын ашып.
Жашайт элем аттиң-ай үлгү болуп,
Адам билбес ааламдын,
Адам билбес адамдын сырын ачып.

Ойлорумду жазууга чамам жетпей,
Оюм чексиз аалам тар, тар аңгектей,
Үрккөн аттай күн, айым таскак салса,
Үрөй учат сүйрөлгөн чабандестей.

Мейли мезгил мен сага сүйрөлөйүн,
Жанчылууда жашашты үйрөнөйүн.
Токтобогон нерсе жок акыр аяк,
Токтобогун токтосоң бирге өлөйүн.

БИР ТАГДЫР

Өрттөнүп жүрөк, суу себет көз жаш,
Калың эл сезбей кайгырат керт баш.
Кыйнаган тагдыр, ыйлаган жамгыр…
Баратат бирөө дайынсыз, эс-мас.

Муздак жел гана жонунан таптайт,
Аңдыган кускун жолунан качпайт.
Агарган саамай, карарган таалай…
Келмеден башка керек сөз таппайт.

Маңдайда жалгыз куураган чынар,
Маң болгон анын муңдашы чыгар.
Кумсарган куу баш жолоочу сымал,
Куураган чынар бул дагы сынар.

Ал чынар эле бутагын жайган,
Чөлдөгөн жанга кучагын жайган.
Жыгылды адам жанына жетип,
Өмүрү бүттү турары кайдан?

Көздөрү турду мунарык тартып,
Көркөмү кетти ыраңы кайтып.
Отунчу келди… Балтасын жанып,
Чынарды кыйды… Жаназа айтып.

СЕЛСАЯК

Асты картон. Суук өтөт түпкүрдөгү,
Аалам кысат — муң басып үстүндөгү.
Аялдама. Тирүүлөр унаа күтөт,
Ажал күтөт… Таштоого бүт дүйнөнү.
Жакшы жашоо келбеген сыяктанып,
Жадаткандай өлүм да күттүргөнү.

Жарабайбыз төшөктөй төшөлгөнгө,
Жардам берип, ач болуп өзөргөндө.
Сезе албайбыз башкалар сызда жатса,
Сезет сызды ар бир жан өзү өлгөндө.
Жашоо жалгыз, кайгысын жан көтөргүс,
Жарайлы а биз сыз жерден көтөргөнгө.

КЫТМЫР

Оо, куу шумпай! Жанды алдап жайдаңдаган,
Олуяга, көсөмгө кармалбаган.
Тилиң ширин, ким билет дилиң кирин,
Таттуу болот турбайбы балдан жалган.

Көө сүйкөйсүң таптаза адамдарга,
Көзүң күйүп, өрттөнүп кашайганда.
Сага окшогон боордошун кучак жайып,
Самап тосуп алат ко жаханнам да!

Кытмырланып жакшыны жандай баспа!
Кылгылыкты көп кылып армандатпа!
Кара мүртөз сендейге ыйман тилейм,
Каалабаймын жакшылык андан башка!

КЕП ТИШ КИЙГЕН ЖЕР-ЭНЕ

Адам карып, жаңы нерсе жаратат,
Аалам, жерди улгайткансып баратат.
Заман сүрүп жерге кеп тиш кийгизбей,
Адамзатка адам болуу жарашат.

Жаралгандан тамырлары үзүлбөй,
Жашаса не жаратылыш бүтүндөй.
Жер, табият, тоолор, чөптөр, бак-дарак,
Наристенин жаңы чыккан тишиндей.

Тоо, токойду жексен кылып түбүнөн,
Там-таракты куруудабыз дүңүнөн.
Жасалма тиш кийген өңдүү темирден,
Жарашыксыз болуп барат дүнүйөң…

КАРА 

Ай, Күн жокто жалгыз улуу өң эле,
Аалам дагы болгон эмес дегеле…
Башталышы курсагында эненин…
Бүткөн жери каткан кезде Жер-Эне…

Түбөлүктүн анык жүзү кара түс,
Түспөлүнө кайсы боёк салат из?
Учур-учур өзгөртө албас адамдар,
Ушул өңдөй болсок эмне кана биз?..

«Жамандык» деп сактап алып назарга,
Жалаң гана берип болбойт начар баа.
Бир ушул түс символудур чындыктын,
Башкалары кийин чыккан жасалма…

Жаратылыш, жарык Күн, Ай, адам бу,
Жанып кайра өчүү үчүн жаралды.
Жан аттуулар башка жайга көчкөндө,
Жашап калат бул ааламда караңгы…

ЖОЛООЧУ

Түздү басып, кырды да ашып адашам,
түндүн арты көрүнбөйт ко, мала таң.
Көз саламын жылдыздардан жол сурап,
көргөзбөйт жол,  из таба албай баратам…

Жолоочумун көктө Күнүм,  Айым жок,
жок дебесе жарык берер шамым жок.
«Адашканга алтын казык эш»- дечү,
алтын казык жылдызынан дайын жок.

Жарыгымды жандыра алат ким менин,
жалаң гана жарганаттуу түндөмүн,
Баардык жагым караңгылык туюлат,
балким өзүм сокур болуп жүрбөйүн.

ТАЗ

Тоо, токойду токол кылар муун баккан,
Жер жөткүрүп, жанар бүркүп ыр жазган:
«Байыркылар кыйла таза экен го,
Чачы өсүп, жүрсө деле жуунбастан.»

Чынгыз хандай тажаал өткөн тарыхтан,
Чапкынынан миллиондогон жан учкан.
Бул заманда Темучиндер миллион,
Элди эле эмес тоо-ташты да чабышкан.

Биз дүйнөнү акыл менен башкарып,
Жыргатарлык нерсе деле таппадык.
Мээбиз иштеп, түшкөн сайын чачыбыз,
Жерди дагы тазга айланта баштадык.

ТАШБАКА

Таштак жолдо алсырап туяк кагат,
Ташбакага тең келбейт чураткан ат.
Ташыркабайт шагылда өмүр сүрсө,
Таш аттуулар тууганы сыяктанат.

Учак окшош учкан куш элесине,
А ташбака сыр катат денесине.
Үлгү болуп жүрбөсүн ойдон күлүк,
Үлгүртпөгөн космостун кемесине.

Кургактыкта балыктар тура алабы?
Көп жандыкты мерт кылат, суу алабы.
Жалгыз гана ташбака кереметтүү,
Жашай алат кургакта, сууда дагы.

Шашып жашап мен андай өнүкпөдүм,
Шаам жетпейт ко заттардын көрүп көбүн.
Табиятты жайлатып дал өзүндөй,
Таамай көрөт эң майда бөлүктөрүн.

СҮРӨТ

Самоор кайнайт ичи толуп жалынга,
Жылаңач уул турат анын жанында.
Самоор сындуу турпаты да, ичи да,
Кыпкызыл өрт айланып тур тамырда.

Торгой конду түндүгүнө боз үйдүн,
Томолок кыз: «Чымчыгы, — дейт, – моо кимдин?»
Анда эжеси: “Чоочундуку ушул куш,
учуп кетет башка жерге, оо сиңдим!”

ЗЫМ

Жөнсүз эмес бул тема!.. Алаарсың жооп,
Жөнөкөй зым ойлонткон… а балким жок?
Жерге орногон жөргөмүш карагайдын
Желесинен ар үйгө таралсын ток.

Улуу от калгандай таш доорунда,
Ушул кезде электр башкы оорунда.
Аңдадыңбы? Зым – турмуш тамырындай,
Анык дөөлөт адамзат факторунда.

Техниканын акыркы маркасын да,
Теске салдык ушул зым аркасында.
Зымдарга эмес сууга айтам рахматымды,
Заманага жарыктык таркатууда.

Бийик үйлөр, техника… күн өнүктү,
Бузулбайт деп ким берет күбөлүктү?
Биз жасаган нерсенин чеги болот,
Бир Кудайдын эмгеги түбөлүктүү.

УУРДАБАГЫН БАЛАМДЫ

Акын ырын кем көрбөйт балдарынан,
Анысы чын ыр чыгат кан, жанынан.
Уу жуткандай өзөгү күйүп кетет,
Уурдап жатса балдарын кайдагы жан.

Ооба, бир ыр акындын дилиндеги,
Ой, идея – жүрөгү, жүлүндөрү.
Түзүлүшү, сюжети – турпат болсо,
Уйкаш, ыргак, сөздөрү – кийимдери,

Күйгөн элем күмүштөй ыр уурдатып,
Күрсүндүм да тим болдум бугум басып.
Аттиң! Бирок ойлорум жаткансыды,
«Ата бизди алпкет » — деп чурулдашып.

Уурдасаңар кийимин уурдагыла,
Уйкаштарын миң экчеп сындагыла.
Суранаарым кол, бутун жула качып,
Балдарымдын жүрөгүн суурбагыла!

ЫҢА

Ыңа-ыңа-ыңа деген ушул үн,
Бүт сөздөрдүн падышасы, башаты.
Ыңаалаган наристенин үнүндөй,
Күйдүргөн да сүйдүргөн,
Бир белгилүү музыканы атачы!?

Ыңаалаган бала үнү жагымдуу,
Мындан ашкан бакыт сөзү барбы ыя!
Бир тил менен баарлашсак эмине?
Бөлүнбөстөн, бөлүшпөстөн бир Жерди,
Бирдей болсо кана адамдык тарбия?

Адам качан адам болот бу заман?
Эх ал күн кайда-а-н?..
Адамдыктын үлгүсү,
Адам ата узаганда узаган…

Мейли негр, мейли монгол рассасы,
Баары бирдей ыңаалашат ааламда.
Анан тили чыкканда,
Айланышып душманга,
Алып барат согуш, акыр заманга.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.