Лев Толстой: Карышкыр менен Ит

ТАМСИЛ Илмийген карышкыр кыштакты айланчыктап  жүрүп, күлтүйгөн семиз итти жолуктурду. Бөрү ага суроо салат: — Айтсаң, дөбөт, силер жемди кайдан аласыңар? — Бизге адамдар беришет, — деп жооп берди Ит. — Туура, силер кишилер үчүн оор жумушту аткарасыңар. — Жок, биздин иш оор эмес, — деди Ит. – Биздин жумуш болгону, түнкүсүн короо кайтарыш. — Силерди ошон үчүн эле ушинтип багышабы?- деп сурады Бөрү.-  Анда азыр силердин ишиңерге барсам окшойт. Антпесе, бизге, бөрүлөргө жан багыш, жем табыш кыйын. — Эмне […]

Көзү өтүп кеткен асылдын Оштогу үч кабат боз үйүнө ээлик кылган «автор» чыкты

Сыпайыга сын жок 2019-жылдын 25-июлунда “Азия” телеканалында сүрөтчү Таалайбек Забидиновдун чыгармачылыгына арналган журналист Зинаида Алмазбекова даярдаган программа көрсөтүлдү. Көрсөтүүнүн жүрүшүндө Т.Забидинов мындай деди: “Ош шаарындагы Сулайман тоосунун түбүндөгү 3 кабат боз үйдү куруу идеясын көтөрүп, куруп, Таласта өткөн  “Манас” эпосунун 1000 жылдык мааракесине барып тиккенбиз…” Бул кабарды укканда, төбө чачым тик турду. Тообо! 24 жылдан бери бул  “автор сөрөй”  Т. Забидинов кайда жүргөн, дарегин билдирбей. Эмесе, 3 кабат боз үйдүн таржымалына саресеп салалык. “Манас атанын “Ак өргөө” академиясы” архитектуралык курулушунун […]

Олжобай Шакир: Театрлар сөөк чыккан жайга айланды

Маркумдар үчүн эмнеге мечит эмес, театр жайлары сөөк узатаар ыйык жайдын милдетин аткарууга тийиш?! Өмүрү театрга басып барбаган, өмүрү театр босогосун аттабаган чоңдор көп бизде. Көбү өздөрүн өздөрү “эл жакшысы” эсептешет! Бирок алардын айрымдарынын көзү өткөндө сөзсүз Абдылас Малдыбаев атындагы опера-балет театрынан же Токтоболот Абдымомунов атындагы Улуттук драма театрынан сөөгү чыккан көрүнүштөр арбыды. Бул тенденция бара-бара коомчулукта кадыресе көрүнүшкө айланды. Айтор, искусство храмы эсептелген маданий жайлар “похоронное бюронун” кызматын көрсөткөнүнө көндүм мамиле кылганыбыз туурабы же жокпу – коом талкуусуна сала […]

Аман Токтогулов: Азыркы поэзиябыздын айрым маселелери[1]

Акындарга берилген үч суроо — акындардын арасында болсун, адабиятчы, сынчылардын арасында болсун, ал тургай катардагы ыр окуучуларга чейин тез эле жандуу реакция туудуруп, газета бетиндеги олуттуу дискуссияга айланып чыга келди. Талкуу азыркы күндөгү кыргыз поэзиясынын абалы, анын проблемалары, мазмун менен форманын, традиция менен новаторлуктук диалектикасы, алардын өнүгүш закон ченемдүүлүктөрү, ж.б. маселелер жөнүндө кененирээк ой жүгүртүүгө, пикир алмашууга шарт түзүп берди. Бирок, берилген жооптордун бардыгында эле тегиз теориялык жактан терең даярдык, калыс объективдүүлүк сезиле берген жок. Мунун өзү түшүнүктүү — бул […]

Калвира Акчалова: Чок кармаган жигиттер жана чолпон көздүүлөр

ЭССЕ «Азыркынын алабармандаган балдары ойду-келди аралаштырып,  ала-була урунган төл сөздөр,  чампан тилдүү балдары тантып айткан,  күндө кужурап айтылып-делип аткан көп сөздөр сыңары эле,  ал замандарда,  оболку-оболку аталардын санжыргалуу заманында “ар” деген сөз да башкачараак мааниде айтылчу окшобойбу!? Жан-дүйнөң менен чогуу бүтөлүп-жаралгансып каныңа сиңген,  эзели эси-дартыңдан түшпөгөн,  тилге келгенинде тереңирээк мааниде айтылып,  кулакка курчураак угулган,  айтор,  жүүнү бошто чыйралткан,  мүңкүрөөгө жол бербеген,  мүңкүрөйүн десең да мүңкүрөтпөгөн,  анан да кара башыңды эмес,  калың журтуңду ойлоого түрткөн,  ошол элиңдин кымындай болсо да таламын […]