Акындарга берилген үч суроо — акындардын арасында болсун, адабиятчы, сынчылардын арасында болсун, ал тургай катардагы ыр окуучуларга чейин тез эле жандуу реакция туудуруп, газета бетиндеги олуттуу дискуссияга айланып чыга келди. Талкуу азыркы күндөгү кыргыз поэзиясынын абалы, анын проблемалары, мазмун менен форманын, традиция менен новаторлуктук диалектикасы, алардын өнүгүш закон ченемдүүлүктөрү, ж.б. маселелер жөнүндө кененирээк ой жүгүртүүгө, пикир алмашууга шарт түзүп берди. Бирок, берилген жооптордун бардыгында эле тегиз теориялык жактан терең даярдык, калыс объективдүүлүк сезиле берген жок.

Мунун өзү түшүнүктүү — бул жерде ар бир акындын, жазуучунун, сынчынын эстетикалык даярдыгы, табити, маданий деңгээли үч суроого карата берген жообун шарттады. Пикирлердин ар түрдүүлүгү дискуссияга полемикалык курчтук алып келип, эркин өлчөмдөгү ырлардын кыргыз поэзиясындагы орду, тагдыры жана анын традициялык өлчөмдөгү ырлар менен карым-катнашы жөнүндөгү маселе талкуунун башкы темасына айланды.

Албетте, адабияттагы аң-сезимдүү жасалган эксперименттерге, жаңы көрүнүштөргө — алар канчалык талаш-тартыш туудурбасын, бир жолку талкуу бүтүм чыгарып бербеси талашсыз чындык. Талкууга катышкан жолдоштор поэзиянын учурдагы урунттуу маселелерине токтолушуп, орчундуу ой толгоолорун ортого салышты. Анын баарында элдик маданиятты эл турмушунан жана талабынан бөлүп кароого болбой тургандыгы, искусствонун коомдук мааниси ар убакта зор экендиги бир ооздон белгиленди. Бул болсо биздин адабиятчылардын эл алдында өз милдеттерин туура жана жоопкерчилик менен карагандыгына жана иштеринин мындан аркы ийгиликтерине сөзсүз өбөлгө түзмөк.

Азыркы учурдагы кыргыз поэзиясындагы изденүүнүн багыты жөнүндө сөз болгондо талаш-тартыш көбүнесе традициялуу ырлар менен эркин өлчөмдөгү ырлардын айланасында жүрүп жатканынын жөнү бар.

Бейуйкаш ырлар жөнүндөгү талаш 50-жылдардын аягында эле башталса да, 60-жылдарда гана бул үчүн конкреттүү мисалдар басма бетинде пайда болуп, анын биздин поэзиябыздагы орду туурасындагы кайчы пикирлердин такталышы үчүн жана ыр формаларынын изилдениши үчүн шарт түзүлдү. Бул ырлардын муун өлчөмдөрүн, басымдарын, ритмикалык бөлүкчөлөрүн ж. б. аныктап, алардын кыргыз ыр түзүлүшүндөгү алган же ала турган ордун, кыргыз тилиндеги интонация, синтаксистик курулуш закондоруна канчалык деңгээлде шайкеш келерин, же келбесин, деле кыргыз фольклорунан тартып, жазма поэзиябызга чейин эркин ырдын элементи бар, же жоктугун изилдөө аркылуу көптөн бери адабий журтчулугубузда келаткан талаш-тартыштын бир жагын дааналап ачып берүүдө адабиятчы, тилчилерибиз (айрыкча ыр түзүлүшү боюнча атайын изилдөөчүлөр) алиге пассивдүүлүк кылып жатышкандыктарын белгилей кетүү керек.

Мунун натыйжасында макалалардын көпчүлүгүндө дээрлик (терминдин так эместигинен) бир жерде ак ыр делип, бир жерде эркин ыр делип же бейуйкаш ырлар болуп түрдүүчө алынып жүрөт. Ал эми белый стих, свободный стих (же верлибр) жана вольный стихтер бири-биринен кадимкидей айырмаланары белгилүү. Кайсынысы биздин ыр түзүлүшүбүзгө ылайык келип жатат, кимисинин элементтери көбүрөк деген сыяктуу суроолордун бүдөмүк бойдон жатышы окумуштуу адистерибиздин күн тартибиндеги иштеринен болуп калды. Кийинки мезгилде көбүрөк сөз болуп жаткан традиция жана новатордук маселесин чечмелөөдө андай изилдөөлөрдүн мааниси чоң болор эле.

Традицияны өткөн искусствонун революциячыл, прогрессивдүү жактарынын, нравалык-эстетикалык идеалынын, көркөм сүрөттөө принциптеринин, көркөм жалпылаштыруу ыкмасынын азыркы мезгил үчүн керек жактарынын уландысы жана өнүгүшү катарында кароо зарыл.

Кыргыз ырларынын, традициялык боёктору бай да, ар кыл да. Бул, баарыдан мурда, кыргыз элинин көркөм ой жүгүртүүсүнүн мезгилден мезгилге келаткан эстетикалык нормалары, улуттук өзгөчөлүктөрү, көркөм кабылдоонун өзүнчө системасы. Негизинен калыптанып калган кыргыздын профессиялык поэзиясынын эң башкы касиети — өз боюна революциянын духун, анын улам өзгөрткүч, жаңыландыргыч күчүн сиңиргендигинде, башка улуттардын маданияты менен диалектикалык карым-катышта турушунда. Эгер кыргыздын традициялуу ырларынын мүнөздүү элементтери катары муун өлчөмдөрүнүн бирдейлигин, зарыл көркөм каражаттардын бири катары уйкаштыкты, көркөм тропторду эле алсак, анда дал ошондой эле форманы пайдалануу аркылуу, маселен, Алыкул Осмонов өзүнүн философиялык ойлорун, классикалык саптарын элге жеткирген, дал ошол ыр формасында эле ал мезгилге жана мейкиндикке эркин чабыттай алган, дал ошол төрт саптарга ал кыргыз деңизинин жар чапчыган толкундары менен албуут стихиясын батыра билген.

Традициялык ырларга карата болгон мындай мамиле сөзсүз жемишин берерин жана изденүүнүн чегин дагы кеңитерин кийинки жылдардагы, көптөгөн чыгармалар улам далилдеп жатат.

Алгач калем кармагандан тартып, кыргыздын элдик поэзиясынын классикалык формасын чыгармачылык менен өздөштүрүп, өнүктүрүп, жаңы мазмун менен байытып келаткан акындар А.Токомбаев, К.Маликов, Т.Үмөталиев, А.Токтомушев, С.Жусуев, Б.Сарногоев, Ж.Садыков, маркумдар Ж.Турусбеков, М.Элебаев, Ж.Бөкөмбаев, М.Алыбаев, Р.Шүкүрбековдордон кыргыз поэзиясындагы эң кызыктуу өз алдынча изденүүлөрдү көрүүгө болот. Андыктан новаторлукка традициялык форма менен эле жетишүүгө болорлугун белгилеген пикирлерге кошулуп, азыркы учурдагы традициялык ырлар өзүнүн кенен мүмкүнчүлүктөрүн ачып жаткандыгын белгилей кетүү керек. Бирок талкуунун жүрүшүндө сынчы К.Укаев туура белгилегендей «…традицияны дайым «пир» тутуп, тамгасын түгөлдөп олтурууга да жарабайт». Традициялык ырларда канчалык деңгээлде ийгилик жаратуу, бул албетте, ар бир акындын изденүүсүнө, эстетикалык маданиятына, талантына, чеберчилигине карай аныкталат.

Традицияны өздөштүрүү менен эпигондуктун, б. а. өткөндүн бардык тажрыйбаларын механикалык түрдө бүгүнкү күнгө көчүрүп келүүчүлүктүн, сокур тууроочулуктун ортосунда кенедей жалпылык жок экенин эске тутуу керек. Кээде традициялык ыр жасоо техникасын өздөштүрүп алып, кургак риторика, жалган пафостогу ырларды биринен сала бирин жарыялаган авторду кокустук көрүнүш эмес, эпигондуктун, адабий дармансыздыктын арабызда жашап жатышы катары кабыл алсак жана анын өзү поэзиянын тагдыры үчүн формалисттик көрүнүштөн кем эмес зыян келтирерин бир саамга да унутпасак дурус болор эле.

Талкуунун жүрүшүндө көпчүлүк акын-жазуучулар, сынчыларыбыз бүгүнкү күндө «традициянын» даражасын жамынып, идеясы деле, ырдын техникасы деле ордунда тургансыган менен поэтикалык жалындан ажыраган чыгармаларды «байкабай» кетишкени өкүнүчтүү болду.

Поэзиядагы негизги кемчиликти — традицияны сокур тууроочулуктан, эпигондуктан да, «новатор» атында жүргөндөрдөн да көрө билүү керек эле…

*      *      *

Традицияны мезгилден, турмуштун өзгөрткүч, кайра түзгүч күчүнөн бөлүп, аны кандайдыр китептик түшүнүккө алып барып такоого, эволюциянын эрежесинен чыкпай бир калыпта өсүп кете берүүчү нерсе катары кароого, албетте болбойт. Чыныгы новаторлук жок жерден пайда болбойт жана пайда болгон новаторлук кезегинде традицияга айланбай койбойт.

Поэзиядагы ар кандай аң-сезимдүү изденүүнү жалаң гана чыгармачылык лабораторияда түркүн китептердин, адабий авторитеттердин таасири астында жасалып жаткан көрүнүш катары эмес, коомдун экономикалык кубатына жараша болуп жаткан социалдык прогресстин, жаңылануулардын, коомдук психологиядагы, адамдардын аң-сезиминдеги болуп көрбөгөндөй өсүштүн, жаңы адамдардын калыптануусундагы жаңыча көз караштардын, калыптанып калган эстетикалык нормаларга закон ченемдүү кирип жаткан өзгөрүүлөрдүн талабына биздин замандын художнигинин реакциясы, жообу катары карообуз керек.

Дал ушул аспекттен караганда кийинки жылдарда кыргыз профессионалдуу поэзиясындагы талаш-тартышка түшүп олтурган изденүүнүн өзү ар тараптан изилденүүгө жана мезгилдин калыс таразасына коюлууга татыктуу.

Алгач мындай изденүү кыргыз поэзиясында гана жүрүп жаткан, обочолонгон, бирден бир көрүнүш эмес экенин, кийинки жылдарда орус поэзиясында болсун, башка элдердин поэзиясында болсун мазмунду, форманы байытуу, бүгүнкү күндүн темптүү ритмин поэзияда чагылдыруу, фактыларды жөнөкөй санап көрсөтүүдөн терең жалпылоого алуу процесси ийгиликтүү жүрүп жатканын айтуу керек.

Бирок мунун өзү кечээки адабий тажрыйбадан, эстетикалык идеялардан, көркөм ыкмалардан караманча баш тартып, күнүмдүк «модага» кызыгып, «интеллектуалдуу» баш катырмаларды жаратуу дегендик эмес, космос доорунун ритмин, мүнөзүн өздөштүрүү — бул сөзсүз эле ракетаны, жылдыздарды жазып кирүү, атом, кибернетика деп көктү тиктеп калуу эмес, бул дүйнөнүн тагдырын колуна алып, «күн менен жердин ортосунда көпүрө болуп турган Адамдын» (Межелайтис) кайгы менен кубанычын, жеңиш менен жеңилишин, өмүрүн жана сүйүүсүн көркөм жалпылоо дегендик. Бул — баарыдан мурда кечээки менен бүгүнкүнүн, традиция менен новаторлуктун диалектикалык карым-катнашын түшүнүү.

Традицияны урматтап, аны чыгармачылык кудуреттүү талант менен өздөштүрүп, ошол эле эски ыкмада бүгүнкү күндүн эң бир татаал философиялык ойлорун кыйналбай бере билген акындар көп, ошону менен бирге эле эркин ыр формасында тынымсыз изденип жаткандар да аз эмес. Бул эки багыт тең поэзиябыздын горизонтун кеңейтүүгө кызмат кылууда.

Талкуунун көпчүлүк катышуучулары азыр кыргыз поэзиясында эркин өлчөмдөгү ырлардын жашап жаткандыгын, анын келечектүүлүгү, ийгилиги менен катар олуттуу кемчиликтери да бар экендигин калыс белгилеп өтүштү.

Кеп, айрымдар кабыл алып жүргөндөй, эркин өлчөмдөгү ырлар Эралиев же Рыскуловдун эрки менен жарала калган, же болбосо чогулуп туруп кабыл албай койсо, ошо менен жок боло турган бечара эместигинде, мунун үрөнү кыргыз адабиятында баштатан эле бар экендигинде, эртедир-кечтир кыргыз поэзиясында закон ченемдүү пайда боло турган, традициялык ырлардын бай арсеналы өзүнүн диалектикалык бутагы катары өндүрүп чыгара турган көрүнүш экендигинде.

Тескерисинче, кыргыз поэзиясында эркин өлчөмдөгү ырларды жарык дүйнөгө алып келүү ардагын кимдир бирөөгө таңуулаш, пьедесталдын ээсин аныктоого аракет жасоонун өзү натыйжасыз болор эле. Анткени, кыргыз поэзиясынын тарыхы эркин өлчөмдөгү ырлардын касиеттери баштатан эле бар экенин билет. Кыргыздын элдик оозеки чыгармаларында уйкаштык сакталбаганы менен көркөмдүктүн башка каражаттары ордун басып кеткен жорго сөздөр көп. Ал эми Р. Шүкүрбековдун кыйла тамсилдеринде белгилүү даражада вольный стихтин каражаттары бар.

Мына ушундан кийин сөз азыркы эркин өлчөмдө ыр жазуучулардын новатор же новатор эместигинен мурун, алар кыргыз поэзиясынын потенциалдуу мүмкүнчүлүктөрүн канчалык деңгээлде өздөштүрө алышкандыгы жөнүндө болууга тийиш.

Үч суроого берген жообунда А.Токомбаевдин «Изденбеген акынды акын деп эсептебейм» деп кесе айтышы кокусунан эмес. Акындын, сөздүн чыныгы маанисиндеги, изденүүсү — бул анын өзүн өзү таануусу, өзүндөгү ачыла элек мүмкүнчүлүктөрүн ачуусу, өзүн татаал, аң-сезимдүү (асты стихиялуу эмес) эксперименттерде сынап көрүүсү.

Бул багыттан алганда талкууга түшүп олтурган акын Р.Рыскуловдун изденүүсү бир кыйла кызыктуу да, талаш-тартыш да туудуруп жатат. Акындагы ички темперамент, жаштык энергия, оптимисттик дух көп учурда анын чыгармачылык ийгилигин аныктап турат. Анын поэзиясында кыргыздын традициялык ырларынын ыкмасында жаралган жандуу куплеттер эркин өлчөмдөгү ыр саптары менен эриш-аркак, бирин-бири жеришмек турсун, үндөшүп, кайра толуктап, чыгармадагы боёктордун эптүү үндөштүгүн түзүп турганын көрүү кыйын эмес.

Р.Рыскуловдогу башкы кемчилик — анын поэзиясы көпчүлүк учурда чалды-куйду стихияны элестетет, рационалдык жыйынтыктуулукка, ойлуулукка караганда, карандай эмоциядан жаралган ыр түрмөгүнө, поэтикалык жалындуу эргүүнүн башаламан от алуусуна окшоп кетет.

Экинчиден, ар бир акындын эстетикалык көз карашы, адабий түшүнүгү, ички маданияты ойго алынбай калчу, жеңил-желпи нерсе эмес. Бул анын чыгармаларында чагылбай койбойт.

Р.Рыскуловдун үч суроого берген жообунда «Биздеги азыркы кыргыз поэзиясы романтикалык мезгилди башынан кечирүүдө. Реализмге карай алынган багыт али жөнгө салына электиги байкалат» деген пикири кескинирээк айтылганына карабай, бул багытта тереңирээк ойлонуп көрүүгө мажбурлайт. Ошону менен бирге мындай «жобо» кээ бир акын, сынчыларыбыздын эркин өлчөмдөгү ырлардын кыргыз поэзиясындагы жашоосун караманча эле жер тепкилеп танып туруп алганы сыяктуу эле, жөндөмдүү акын кыргыз профессионалдуу поэзиясынын олуттуу бийиктиктерине көз жуумп жаткан жокпу деген ойду да калтырышы мүмкүн.

Кыргыз поэзиясындагы форма жагынан изденүүлөр жөнүндө сөз болгондо С. Эралиевдин ысмын айтпай коюуга болбойт. С. Эралиевдин эркин өлчөмдөгү жазган чыгармаларына өз учурунда жана талкуунун жүрүшүндө белгилүү деңгээлде объективдүү, калыс сындар айтылганын эскерте кетүү керек. С.Эралиевдин кийинки чыгармалары жөнүндө сөз болгондо көп учурда анын формасынан айып табуучулук, ырлардын сырткы көрүнүшүнөн эле жатыркоолук байкалгансыйт. Бул, албетте, жакшы көрүнүш эмес. Эралиевдеги форма жагынан болгон жетишкендикти, табылгаларды танбаш керек. Бул жерде сөз — турмуш көрүнүштөрүн акындын кандайча жазып жатканы жөнүндө да, эмнени жазып жатканы жөнүндө да болууга тийиш.

С.Эралиев чыгармачылык күчүн жаңы темага — космос темасына бурду жана бул үчүн эркин өлчөмдөгү ыр формасын колдонду. Принципте буга эч ким каршы чыкпайт. Традициялык ыр өлчөмүндө олуттуу ийгилик жаратып келаткан Эралиевдин өз чыгармачылыгында мындай бурулуш жасаганына эмне себепкер эле? Же буга анын индивидуалдык өсүшүнүн жетишээрлик деңгээлдеги бийиктиги, анын традициялык ыкмаларды, стилди терең өздөштүрүп чыгып, андан ары дагы өсүүгө болбой турганын сезүүсү, ички талабы алып келдиби? Же кандайдыр сырткы таасирлердин натыйжасы болдубу? Буга кескин жооп бере салуу, албетте, кыйын. Бирок, акындын чыгармаларындагы бир катар мүчүлүштөр тигиндей суроону да, мындай суроону да коюуга мажбурлап жатканын танбоо керек.

С.Эралиевдин үч суроого берген жообунда: «Алай-дүлөй болуп, шатырата жамгыр куюп, асман-жер бири-бирине төш кысышкан, же болбосо океандын тынымсыз буркан-шаркан түшүп жаткан учурун бүгүнкү китеп окуучунун көз карашы менен берүү үчүн кайсы форма талапка көбүрөк ылайык келер эле?! Менимче эркин ыр» деген пикирди айтуусу, албетте, өз чыгармачылыгына өзү бир жактуу баа бергендикке жатат. Акын айткан табигый стихияны кадимки эле төрт саптуу ырда берүүгө болорлугу небак далилденген нерсе эмеспи.

Учуру келгенде айта кетүүчү нерсе: чыгармадагы лирикалык геройдун «мен» деп, жалпы адамзат атынан сүйлөшү бир катар ыр жазуучулардын чыгармаларында модага айланып бараткансыйт. Бирок бул көбүнчө көрүнгөн эле акындын колунан келе берүүчү нерсе эмес. Адамзаттын атынан сүйлөө бийик да, ар бир художникке чоң жоопкерчилик жүктөй турган ыкма. Биздин айрым акындарыбыздын шыр эле адамзат атынан сөз алып сүйлөшү «менди» абсолютташтырып, мезгилден жана мейкиндиктен бөлүп, улуттук жана социалдык турпагынан ажыратып таштоого чейин алпарып салышы мүмкүн. С.Эралиевдин да «мени» кээде бул дүйнөнү, ааламды, күндүн жашоосун жалгыз өзүнө багындырган духка айланып, дүйнөнү таанып билүүдөгү субъективдүү моменттин ашкере көкөлөөсүнө чейин барган фактылар бар. Мисалы:

Мен токтосом
Жер да айланбай токтолот.
Мен токтосом
Күн да ордунда жок болот.

Кээде традициялык ыр формасы, ыкмалар механикалык түрдө эскиге, эркин ыр өлчөмүндөгү ырлар жаңыга ыйгарылып, ал эми традиция менен азыркы, айрыкча форма жагынан болгон изденүүнү эски менен жаңынын ортосундагы ынтымагы жок карама-каршылык катары кароочулук байкала калат.

Традиция менен новаторлуктун ортосундагы мамилеге мындай жеңил-желпи карап, «эски», «жаңы» деп чек коюучулардын түшүнүгүндөгү мындай калпыстыкты олуттуу кемчилик катары белгилөө керек. Экинчиден, көптөн бери адабий чөйрөдө «жаңы» дегенде ак ырды түшүнүүчүлүк өкүм сүрүп, ак ырдын биздин поэзиябызда жашаш-жашабас тагдыры жөнүндө талаш болуп келатат. Кээ бирөө ак ыр дегенде азыркы жарыяланып жүргөн эркин өлчөмдөгү ырларды түшүнсө, кээ бирөө ак ырдын өзүнүн тике маанисин кабыл алып, анын биздин ыр түзүлүшүбүзгө ылайык келбестигин жактап жатышат.

Ал эми айрым эркин өлчөмдө жазган акындар «биз кыргыз поэзиясына ак ырды алып келдик, ага жол бергиле, анын багын байлабагыла!» деген дооматты тике же кыйыр түрдө коюп, талашты ого бетер ырбатышууда. Мунун өзү ак ыр дегендин спецификалык өзгөчөлүктөрүн даана түшүнбөй, терминди чаташтыруудан келип чыкканын эскерте кетели. Кесе эле айтуу керек: кыргыз поэзиясында баштан аяк ак ырдын элементтерин, касиеттерин толук сактаган жана мындан ары анын жашоосуна укук алып берчү, далилге алып көрсөтчү азырынча чыгарма жок. Ак ырдын биздин поэзияда өзүнүн туурун таап кетиши, же кетпей калышы — келечектин иши.

Кийинки учурдагы эркин өлчөмдөгү ырларда көбүнчө эркин ырдын (свободный стих) жана кандайдыр деңгээлде ак ыр менен вольный стихтин элементтери бар экенин гана билебиз. Эгер традициялык ырлардын карама-каршысында эпигондук жата турган болсо, бул жерде чыныгы новаторлукту жалган новаторлуктан айра билүү керек. Кээде басма бетине чейин чыга калган, эркин ыр өлчөмү деген маркага жамынган, эч кимдин сезимин жылытпаган ырлар айрым жаңычыл акындарыбыз тарабынан да, аларды «эл дарбыса кошо дарбып», сокур туурап кирген жаңы жазып жүргөндөр тарабынан да жарала калууда.

Чыныгы поэзия — столго олтуруп алып, татаал ассоциацияларды, метафораларды атайлап иштеп чыгуу, өзүнчө болуп көрүнүүгө далбас кылуу, өз стихиясынан өзү адашып, ой-тоого бир урунуу эмес. Поэзияны «интеллектуалдуу чыгарууга» аракет жасоо менен окурмандын интеллектисин ойготууну активдештирүүнүн ортосунда асман жердей айырма бар экенин ар бир изденүүдөгү акын унутпоого тийиш.

Кийинки жылдарда кыргыз поэзиясында пайда болуп жаткан эркин өлчөмдөгү ырлар форма жагынан, белгилүү даражада мазмун, стилдик бөтөнчөлүктөрү жагынан болгон ийгиликтери, жаңылыктары менен катар жасалмалуулукту, айрым учурларда форма куучулукту алып келип жатат.

Кыргыз поэзиясындагы изденүү азыр объективдүү алганда негизинен эки багытта, традициялык ырларды жазууда да, эркин өлчөмдөгү ырларды жаратууда да закон ченемдүү диалектикалык карым-катышта жүрүп жатат. Кеп толук кандуу традициялык ырлардан эпигондукту, чыныгы чыгармачылык изденүүдөн калган новаторлукту калыс айырмалай билиште турат.

*      *      *

Кыргыз адабий илиминде да, «Акындарга үч суроо» боюнча өткөрүлгөн талкуунун жүрүшүндө да фольклор менен профессионал адабияттын ортосундагы карым-катнаш жөнүндөгү маселеге көп көңүл бурулууда. «Фольклор адабий булак катары түбөлүк кызмат өтөй алабы?» деген суроого талкуунун жүрүшүндө негизинен эки пикир айтылды. Биринчи пикирди айтуучулар «фольклор адабий булак катары маанисин түбөлүк сактай албайт» деген ойду кескин түрдө айтып чыгышты.

Экинчилери, кантсе да фольклор жандуу адабий процесске кызмат кылбай койбойт деген пикирди айтышты.

Талкууга биринчилерден болуп катышкан акын Б.Сарногоев фольклордун штамптарынан кол үзүү мезгили келгендигин айтып келип, мындай деди: «Менин бул оюм жалаң фольклордук чыгармаларга эмес, белгилүү башка акындарды туурап калбоого да тийиштүү. Антпегенде оригиналдуулук жөнүндө сөз болушу мүмкүн эмес. Ушундан улам фольклор бара-бара акындык стихияга сиңип гана жашап калабы деп ойлойм».

Акын эмпириялык түрдө болсо да маселенин маңызын, негизин туура түшүнгөн. Анын ою боюнча фольклор таасирин караманча жоготуп жибербейт. Бирок фольклордун, фольклор гана эмес, белгилүү жазуучулардын чыгармачылык салттарына да чыгармачылык эмес мамиле жасоонун аягы ийгиликсиз бүтмөк. Ал эми жакшы салттар художник тарабынан чыгармачылык менен өздөштүрүлсө, анын стихиясына сиңип жашап кете берет жана чыгармачылык процессте оң таасирин тийгизбей коё албайт.

Жалпы эле адабияттын өнүгүшүндө, же тигил же бул жазуучунун эмес, айрым адабий жанрлардын, а түгүл бүтүндөй бир багыттардын калыптанышында да фольклордун ролу чоң экендиги туурасында адабият таануу илиминде көп пикирлер айтылды.

Фольклор менен адабияттын байланышынын мүнөзү ар бир доордогу адабияттын өнүгүшүнүн өзгөчөлүгү жана ар бир жазуучунун индивидуалдуу өзгөчөлүгү менен аныкталат. Маселенин бардыгы кайсы жазуучу жөнүндө сөз болуп жатат — мына ушуга байланыштуу. Сынчы К.Асаналиев талкууга катышкан макаласында белгилегендей, фольклорду ар кандай улуттук адабияттын бир түрү катарында жазуучу өздөштүрүүгө милдеттүү. «Азыркы мезгилде жазуучунун фольклорго карата болгон мамилеси анын чыгармачылык бөтөнчөлүгүнө, көркөмдүк кругозоруна, эң акырында ар бир чыгарманын жекече максатына ылайык түзүлөт».

Адабияттын фольклорго болгон мамилеси ар бир тарыхый мезгилдин мүнөзүнө, муктаждыгына, талабына жараша болот. Адабияттын фольклор менен тигил же бул мамиледе болушуна белгилүү бир тарыхый конкреттүү шарттар, ошол кездин көркөм эстетикалык милдеттери себепкер. Кайсы бир мезгилде адабияттын фольклорго кайрылышы, кийинки мезгилдерге караганда таптакыр башкача керектөөлөр менен шартталат.

Маселен, мурда өнүккөн реалисттик адабий традициялары болбогон адабияттар үчүн профессионалдык кадам жаңыдан шилтенип келаткан мезгилде фольклордук таасир аң-сезимсиз, стихиялуу түрдө жүрөт. Анткени, турмуш курулуштарын чагылдырууда жаңыдан «өнүп» келаткан адабиятка караганда фольклордук салттардын тажрыйбасы көп. Ошондуктан, фольклор өзүнүн арсеналындагы каражаттарынан кайрылышып, тикеден-тике жардамга келет.

Ал эми мезгил өткөн сайын профессионалдык жазма адабият өзүнө тийиштүү салттарын, принциптерин топтоп, калыптанып алгандан кийин фольклордун таасири мурдагыдай тикеден-тике болбостон, кыйыр түрдө болот. Ал таасир ошол мезгилде үстөмдүк кылып турган социалдык-эстетикалык нормалар менен жөнгө салынып турат.

Фольклор таптакыр керексиз болуп калат деш, албетте, ката. Айрым жазуучулардын пикирлери боюнча фольклор деген кийин таптакыр кереги жок боло турган, эч ким көңүл буруп үйрөнүлбөй турган нерсе катары көрүндү.

Бирок Максим Горькийдин фольклор жөнүндө башка айтканын мындай койгондо да, «фольклорду билбеген жана сүйбөгөн жазуучу — жаман жазуучу» деп айтканын эстен чыгарып таштоого болбойт.

Кийинки жазуучулар да фольклорду элдик генийдин эстелиги, баа жеткис асыл мурасы катары үйрөнүшөт, изилдешет. Антүүгө милдеттүү да. Элдик чыгармалардын духунан, салтынан ажыроо элден ажыроо менен барабар болор эле. Ал эми үйрөнүү болгон жерде таасирденүү болбой койбойт. Элдик генийдин ошол асыл салттарын чыгармачылык менен өздөштүрүп, ага жаңы түр берип, өз мезгилинин талабына жараша анын жаңы кырларын, ачыла элек жактарын ача билбеген жазуучу да жаман жазуучу.

Албетте, жазуучу өнүккөн реалисттик адабияттын, эстетикалык зор даярдыктын бийиктигинен туруп караганда гана фольклордук салттардын жана жалпы эле адабий салттардын жарактуу жана жараксыз жактарын даана көрө алмак. Фольклордун керектен чыккан жараксыз айрым салттарын түбөлүккө жоготуу жана аларды колдонбоо жазуучулардын түздөн-түз милдети.

Фольклордун эң күчтүү күйөрмандарынан болгон акындарыбыздын бири Т.Үмөталиев фольклор «Акырындык менен жүрүп отуруп, убагы келгенде жоголот», десе, К.Маликов: «Ал эми түбөлүк жашоочу эч нерсе жок экенин да унутпоо керек, достор» — деп жазды.

Бирок, фольклор жоголуп кеткен күндө да анын ошол «жоголуп» кетиши түбөлүктүү эмес экендигин да унутпоо керек. Ырас, адабият өмүр бою фольклордун шакирти, үйрөнчүгү болуп кала албайт, бирок анын жарактуу салттарына кол шилтеп, таптакыр жерип да кете албайт.

Фольклор — улам кийинкилерге адабий традициялардын бири катары жетпей койбойт. Ал эми традиция үйрөнүлөт жана турмушту чагылдырууда өзүнүн мүмкүнчүлүгүнө, кубатына, жарактуулугуна жараша милдет өтөйт. Реалисттик адабият өнүгүп-өсүп калган соң, фольклор таасирин таптакыр токтотот деп кесе айтуу кыйын.

Фольклордун мыкты прогрессивдүү салттары реалисттик адабияттын салттары менен бирге адабий мурас катары түбөлүккө жашай берет. Ошондуктан, традиция менен новаторлуктун диалектикасы жөнүндө сөз болгондо фольклордук традициянын прогрессивдүү жактарынын кыйыр түрдө болсо да таасир этишин такыр танууга болбойт.

[1] Китептен: Токтогулов А. Поэзияга мамиле. — Фрунзе, 1975. — 44-59-6. — Макала К. Каимов, С. Карымшаков менен бирдикте 1968-жылы «Акындарга үч суроо» деген рубрика алдында «Кыргызстан маданияты» газетасы тарабынан уюштурулган дискуссиянын жыйынтыгы иретинде жазылган. Берилген үч суроо, негизинен, кыргыз поэзиясындагы форма жагынан болгон изденүүлөр жана азыркы поэзия менен фольклордун ортосундагы карым-катнаш маселесинин айланасындагы дискуссияны туудурганы белгилүү.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.